КЫРГЫЗ СОМУНА 30 ЖЫЛ! 

1993-жылдын 10-майында Кыргыз Республикасынын бардык аймагында расмий төлөм каражаты болгон улуттук валюта сом жүгүртүүгө киргизилген. Кыргыз сому менен рублдин катар колдонулушуна 5 күн 1993-жылдын 10-майынан 14-майына чейинки мезгил аралыгында гана уруксат берилген.  

1993-жылдын 14-майында сом Кыргыз Республикасынын жалгыз мыйзамдуу төлөм каражаты болуп калды. 

Өзүнүн валютасын жүгүртүүгө чыгаруу чечими өлкөнүн өз алдынча экономикалык саясатты жана Улуттук банктын көз карандысыз акча-кредит саясатын жүргүзүүнүн башаты болуп калды. Бул тарыхый чечим туура кабыл алынгандыгын мезгил ырастады.  

Кыргыз сому мыкты корголгон, туруктуу колдонулган, дизайны боюнча көркөм түзүлгөн жана башка валюталардын арасында татыктуу орун алган валюталардын бири. Кыргызстандын банкноттору акыркы жетишкендиктерге ылайык атайын басып чыгаруу технологиясы менен жасалат жана үч баскычтуу коргоого ээ.  

Ар бир өлкөнүн экономикалык туруктуулугунун маанилүү көрсөткүчү бул улуттук валютанын ишенимдүүлүгү, сатып алуу жөндөмдүүлүгү жана баанын туруктуулугу. Сом жүгүртүүгө киргизилгенден бери өлкөнүн экономикасында жана саясий айдыңында мезгил-мезгили менен болгон өзгөрүүлөргө дуушар болгондугуна карабай, колдонууга жөндөмдүүлүгүн далилдеп, туруктуулугун сактай алды.