Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, 2027-жылга Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын коллекциялык монеталарынын эскиздеринин долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн сүрөтчү-дизайнерлер арасында төмөнкү талаптар боюнча ачык сынак жарыялайт: 

 

Серия 

Монетанын сюжети 

Номинал 

Металл, пробасы 

Салмагы г 

Өлчөмү / диаметри, мм 

Тарыхый окуялар 

Сомго 35 жыл 

10 сом 

Күмүш 925° 

28,28 

38,61 

Кыргызстандын жаратылышы 

Сары-Челек 

10 сом 

Күмүш 925° 

28,28 

38,61 

Кыргызстандын Кызыл Китеби 

Тянь-шань күрөң аюусу 

10 сом 

Күмүш 925° 

28,28 

38,61 

Кыргыз үрп-адаттары жана ырым-жырымдары 

Бата берүү 

10 сом 

Күмүш 925° 

28,28 

38,61 

Улуттук баш кийимдер 

Ак калпак 

10 сом 

Күмүш 925° 

28,28 

38,61 

 

Коллекциялык монеталардын эскиздеринин долбоорлору берилген тематиканы толук ачып берүүгө жана төмөнкү критерийлерге туура келүүгө тийиш: 

- берилген тематикага шайкеш келүүсү; 

- жогорку көркөм деңгээлде аткарылышы; 

- маданий жана эстетикалык ченемдерге туура келиши; 

- чыгармачылыгынын айырмаланышы. 

 

Сынактын шарттары: 

1. Монеталардын жасалгаларына коюлган талаптар: 

«Сомго - 35 жыл» коллекциялык монетасы: 

- монетанын алдыңкы бетине (аверс) негизги сюжети, монетанын номиналы  

(10 сом) жана «Сомго 35 жыл / Сому – 35 лет» жазуулары; 

- монетанын арткы бетинде (реверс) сюжеттин уландысы берилип, мамлекеттик герб, монетанын чыккан жылы «2028», «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы» деген жазуу түшүрүлүүгө тийиш. 

Монетанын металлы жана сапат белгиси (Ag 925), салмагы (28.28 g) аткаруучунун көз карашы боюнча монетанын алдыңкы бети сыяктуу эле, арткы бетине да жайгаштырылышы мүмкүн.  

 

«Сары-Челек» коллекциялык монетасы: 

- монетанын алдыңкы бетине (аверс) негизги сюжети, монетанын номиналы  

(10 сом) жана «Сары-Челек» жазуулары; 

- монетанын арткы бетинде (реверс) сюжеттин уландысы берилип, мамлекеттик герб, монетанын чыккан жылы «2027», «Кыргызстандын жаратылышы» деген жазуу түшүрүлүүгө тийиш. 

Монетанын металлы жана сапат белгиси (Ag 925), салмагы (28.28 g) аткаруучунун көз карашы боюнча монетанын алдыңкы бети сыяктуу эле, арткы бетине да жайгаштырылышы мүмкүн. 

 

«Тянь-шань күрөң аюусу» коллекциялык монетасы: 

- монетанын алдыңкы бетине (аверс) негизги сюжети, монетанын номиналы  

(10 сом) жана «Тянь-шань күрөң аюусу / Ursus arctos isabellinus» жазуулары; 

- монетанын арткы бетинде (реверс) сюжеттин уландысы берилип, мамлекеттик герб, монетанын чыккан жылы «2027», «Кыргызстандын Кызыл китеби» деген жазуу түшүрүлүүгө тийиш. 

Монетанын металлы жана сапат белгиси (Ag 925), салмагы (28.28 g) аткаруучунун көз карашы боюнча монетанын алдыңкы бети сыяктуу эле, арткы бетине да жайгаштырылышы мүмкүн. 

 

«Бата берүү» коллекциялык монетасы: 

- монетанын алдыңкы бетине (аверс) негизги сюжети, монетанын номиналы 

(10 сом) жана «Бата берүү» жазуулары; 

- монетанын арткы бетинде (реверс) сюжеттин уландысы берилип, мамлекеттик герб, монетанын чыккан жылы «2027», «Кыргыз үрп-адаттары жана ырым-жырымдары» деген жазуу түшүрүлүүгө тийиш. 

Монетанын металлы жана сапат белгиси (Ag 925), салмагы (28.28 g) аткаруучунун көз карашы боюнча монетанын алдыңкы бети сыяктуу эле, арткы бетине да жайгаштырылышы мүмкүн. 

 

«Ак калпак » коллекциялык монетасы: 

- монетанын алдыңкы бетине (аверс) негизги сюжети, монетанын номиналы  

(10 сом) жана «Ак калпак»; 

- монетанын арткы бетинде (реверс) сюжеттин уландысы берилип, мамлекеттик герб, монетанын чыккан жылы «2027», «Улуттук баш кийимдер» деген жазуу түшүрүлүүгө тийиш. 

Монетанын металлы жана сапат белгиси (Ag 925), салмагы (28.28 g) аткаруучунун көз карашы боюнча монетанын алдыңкы бети сыяктуу эле, арткы бетине да жайгаштырылышы мүмкүн.  

2. Эскиздин долбоорлорун тариздөөгө талаптар: 

- А4 форматындагы фото кагаз, барактын жогору жагында монетанын аталышы, монетанын аверс/реверсинин көрсөтүлүшү, рельефтин нукура көлөмдө иштелип чыккан монетанын сүрөтү, чоңойтулган түрдө монетанын сүрөтү (150 мм) көрсөтүлөт;  

- электрондук түрдө эскиздик долбоорлорду JPG форматында; 

Ар бир эскиздин долбооруна сунушталган коллекциялык монетанын дизайнынын маанисинин мазмуну боюнча комментарийлер тиркелиши керек. 

3. Аткаруучу ар бир монета үчүн кеминде 4 (төрт) эскиздик долбоорун иштеп чыгат, анын ичинде: 

- монетанын алдыңкы бетинин эки эскиздик долбоорун; 

- монетанын арткы бетинин эки эскиздик долбоорун. 

4. Коллекциялык монеталардын эскиздеринин долбоорлорун тапшыруу мөөнөтү 2027-жылдын 20-январына чейин. 

5. Монеталардын эскиздеринин долбоорлору «Сынак» (Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгы үчүн) белгисин коюу менен Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Киев көчөсү, 189 дареги боюнча жайгашкан Улуттук банктын 103-иш бөлмөсүнө (экспедиция), ошондой эле электрондук түрдө sabakirova@nbkr.kg жана tmatveeva@nbkr.kg.электрондук даректерине тапшырылат. 

Кошумча маалыматты 0312 66 90 15 (+1313) телефону аркылуу алсаңыздар болот.