Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын ишин көзөмөлдөө башкармалыгы 

 

Улуттук банктан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган банк эмес финансы-кредит уюмдарынын туруктуулугун камсыз кылуу, аманатчылардын жана башка кредиторлордун таламын коргоо, алардын ишинде орун алышы ыктымал болгон тобокелдикти аныктоого багытталган көзөмөлдү жүзөгө ашыруу аркылуу ак ниеттүү атаандаштыкты камсыз кылуу боюнча Улуттук банктын милдеттерин ишке ашырат, ошондой эле банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө методологиясы, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарында жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган талаптарга ылайык, банк эмес финансы-кредит уюмдарын тиешелүү лицензиялоо режими менен камсыз кылат.