Кыргыз Республикасынын «Криптовалюталарды жүгүртүү жөнүндө» мыйзам долбооруна  

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

1. Максаты жана милдеттери 

Улуттук банк 2020-жылдын 22-июнундагы №2020-Пр-144/114-О жана 2020-жылдын 2-октябрындагы №2020-Пр-144/166-O буйруктарга ылайык түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу топтун (мындан ары жумушчу топ) долбоордун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча иштелип чыккан «Криптовалюталарды жүгүртүү жөнүндө» мыйзам долбоорун (мындан ары мыйзам долбоору) сунуштайт.  

Мыйзам долбоору криптовалюталарды жүгүртүү боюнча, криптовалюталарды алмаштыруу кызмат көрсөтүүсү боюнча укуктук негизди түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын аймагында криптовалюталарды жүгүртүүнү жөнгө салууну өзгөртүү/ киргизүү үчүн, ошондой эле Акча каражаттарынын изин жашырууга каршы күрөшүү боюнча финансылык чараларды иштеп чыгуу тобунун (ФАТФ) сунуш-көрсөтмөсүнө ылайык, террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо), капиталдын агылып чыгышы жагында тобокелдиктерди төмөндөтүү жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо максатында иштелип чыккан. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Криптовалюталардын технологиялык өзгөчөлүгү операцияларды / транзакцияларды белгисиз, чек ара аркылуу жана борбордон ажыратылган негизде жүргүзүү мүнөзү менен айырмаланат.  

Мындан тышкары, көпчүлүк криптовалюта бир эле учурда акчанын, мүлктүн, активдердин касиетин, төлөм системаларынын иш өзгөчөлүгүн бириктирет. Бул жагдайлар колдонуучулардын арасында сыяктуу эле (рыноктун катышуучуларынын алдамчылык аракеттери, алмашуу курсунун жогорку деңгээлде өзгөрүлмөлүү болушу), жалпы мамлекет үчүн да тобокелдиктердин (капиталдын чыгышы, кылмыш ишин каржылоо ж.б.) кыйла жогорулашын шарттайт. 

Кыргыз Республикасында калктын криптовалютага инвестициялоо каражатынын бир түрү катары кызыгуу артканы байкалууда.  

Мындан тышкары, криптовалюта рыногу өнүгүп, салттуу финансы түзүмдөрүнө жайыла баштады, тактап айтканда, төлөм кызматтары жана чек ара аркылуу өтүүчү интернет төлөмдөрү жаатына кире баштады (көбүнчө электрондук коммерцияга). Мындай шартта, жок дегенде, төмөнкү көйгөйлөр орун алат: 

1) технологияны жана бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу чөйрөнүн жоктугу; 

2) алдамчылык схемаларынын пайда болушу, террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктери, ошондой эле капиталдын агылып чыгышы; 

3) керектөөчүлөрдүн жана инвесторлордун укуктарын коргоо. 

Мыйзам долбоорунда криптовалюталарды жүгүртүүнүн негизги жоболору каралган: терминдер жана аныктамалар; укуктук режим, криптовалюта рыногунун катышуучулары; криптовалюталарды жүгүртүүнү жана криптовалюталарды алмаштыруу кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоочулардын ишин жөнгө салуу. 

Мыйзам долбоору менен криптовалюталарды жүгүртүүнү жөнгө салуу модели сунушталат, ал криптовалюталарды жүгүртүүгө байланыштуу тобокелдиктерди төмөндөтүүгө багытталат. 

Мыйзам долбоорунда криптовалюталарды алмаштыруу кызмат көрсөтүүлөрүн криптовалюталарды алмаштыруу операторлору иш алып бара тургандыгы каралат, алар юридикалык жак формасында түзүлүүгө жана Улуттук банк тарабынан лицензияланууга тийиш. 

Мыйзам долбоору менен криптовалюталарды жүгүртүүгө катышуу жагында юридикалык жактар менен жеке ишкерлердин укуктарын чектөө каралган, мында криптовалюталарды алмаштыруу операторлору өздөрү; майнинг менен алектенген адамдар жана жарандар эске алынбайт. Криптовалюталарды сатып алуу жана аларды тескөө укугуна жеке адамдарга гана ээ болушат.  

Мыйзам долбоору криптовалюталарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган катары Улуттук банктын ыйгарым укуктарын бекемдейт. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамына өзгөртүү киргизбөө сунушталат, себеби аталган мыйзамдын 17-беренесинин 17-пунктуна ылайык, Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат. 

 

3. Социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык жана коррупциялык натыйжаларды болжолдоо  

Мыйзам долбоору бүткүл өлкө үчүн социалдык-экономикалык оң натыйжаларды берет, анткени бул өзгөртүүлөр тобокелдиктерди төмөндөтүүгө, криптовалюта рыногун өнүктүрүүгө шарт түзүүгө багытталган. 

Мыйзам долбоору укук коргоо, гендердик, экологиялык натыйжаларды чектеген ченемдерди, коррупциялык кесепеттерди камтыбайт. 

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы жөнүндө маалымат 

Мыйзам долбоору аналитикалык каттын долбоору менен чогуу Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жайгаштырылат жана коомдук талкуунун жыйынтыгы боюнча талкууга катышуучулардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен толук иштелип чыгат. 

 

5. Долбоордун мыйзамдарга туура келүүсүн талдоо 

Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын ченемдерине каршы келбейт. 

 

6. Каржылоо зарылдыгы жөнүндө маалымат 

Мыйзам долбоорунун ченемдерин ишке ашыруу мамлекеттик бюджетке кошумча финансылык күч келтирбейт. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө жөнүндө маалымат 

Мыйзам долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө Улуттук банктын 2020-жылдын 22-июндундагы №2020-Пр-144/114-О жана 2020-жылдын 2-октябрындагы №2020-Пр-144/166-O буйруктарынын негизинде түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу топ тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-сентябрындагы №504 токтому менен бекитилген Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун методикасына ылайык жүргүзүлгөн.  

Аналитикалык каттын долбоору жумушчу топтун ишинин жыйынтыгын камтыйт. Анда виртуалдык активдер/криптовалюталар жөнүндө жалпы маалымат берилип, жөнгө салууну өзгөртүү үчүн көйгөйлөр жана негиздер чагылдырылган, каралган жөнгө салуу варианттары баяндалган жана ага баа берилген, ошондой эле криптовалюталарды жүгүртүүнү жөнгө салуунун тандалган варианты «Тандалма жөнгө салуу» - улуттук валютага криптовалюталарды сатып алуу жана сатуу (алмаштыруу) кызмат көрсөтүүсүн сунуштоочулардын ишин жөнгө салуу негизделген. 

 

Урматтоо менен, 

Төлөм системалары башкармалыгынын начальниги Э.В. Лелевкина 

 

МАКУЛДАШЫЛДЫ: 

Төраганын орун басары М.А. Момункулова