Долбоор  

 

«Виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» 

Кыргыз Республикасынын мыйзамы 

 

1-берене. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 1-бөлүгүнө төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

Кодекстин 1-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 50-1-берене менен толукталсын: 

«50-1-берене. Виртуалдык активдер 

1. Виртуалдык актив катары криптография каражаттарын жана компьютердик эсептөөлөрдү колдонуу менен электрондук санарип формасында түзүлгөн маалыматтардын жыйындысы, ошондой эле мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды күбөлөндүрүүнүн электрондук санарип формасы таанылат. 

2. Виртуалдык актив жарандык жүгүртүүнүн өз алдынча объектиси болушу да, ошондой эле мүлктүк же мүлктүк эмес укуктарды, анын ичинде жарандык укуктун башка объектилерине талап кылуу укугун да күбөлөндүрүшү мүмкүн. 

3. Виртуалдык активдер түшүнүгү жана түрлөрү, ошондой эле виртуалдык активдерди жүгүртүү өзгөчөлүктөрү виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.»; 

 

2-берене. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

1. 348-берененин 1-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 15-пункту менен толукталсын; 

«15) криптовалюталарды алмаштыруу операторлорунун кызмат көрсөтүүлөрү». 

2. 349-берененин 2-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 15-пункту менен толукталсын: 

15) криптовалюталарды алмаштыруу операторлорунун кызмат көрсөтүүлөрү 

1 лицензияланган объект 

20000 сом 

 

 

3-берене. «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

Мыйзамдын 5-беренесинин 1-пункту төмөнкү мазмундагы 19-пунктча менен толукталсын: 

«19. криптовалюталарды алмаштыруу операторлору»; 

 

4-берене. «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

1. 2-берененин 4-пунктунун экинчи абзацындагы «турак жай-сактык кредиттик компанияларынын иши жөнүндө,» деген сөздөрдөн кийин «криптовалюталарды жүгүртүү жөнүндө,» деген сөздөр менен толукталсын; 

2. Мыйзамдын 15-беренеси төмөнкү мазмундагы 61-пункту менен толукталсын: 

«61) криптовалюталарды алмаштыруу операторлорунун иши». 

 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти