Кыргыз Республикасынын “Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” 

мыйзам долбооруна карата маалымдама-негиздеме  

 

Кыргыз Республикасынын аталган мыйзам долбоору Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекстин, банктык мыйзамдарга тиешелүү укук бузууга жол бергендиги үчүн администрациялык чара колдонуу, ошондой эле жеке адамдардын жана юридикалык жактардын, банктардын, ФКМдердин жана алардын кызмат адамдарынын иш эрежелерин так сактоосун жогорулатуу жагында жоболорун оптималдаштыруу жана бири-бирине шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан.  

1998-жылы кабыл алынган кодексте белгиленген айыптык төлөм өлчөмдөрү өз актуалдуулугун жоготуп, алдын ала эскертүү чарасы катары милдетин аткара албай калгандыгынан улам, өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы келип чыгууда.  

Алсак, Улуттук банк тарабынан сунушталган статистикага ылайык 2014-жыл ичинде бүтүндөй республика боюнча 1 280 алмашуу бюросуна текшерүү иши жүзөгө ашырылып, анын жыйынтыгында мыйзам талабын бузууга жол бергендерге 233 жазма буйрук, 18 эскертүү жөнөтүлүп, 134 алмашуу бюросунун лицензиясынын аракети токтотулуп, 16 алмашуу бюросунун лицензиясы кайтарылып алынган, ошондой эле администрациялык жоопкерчилик жөнүндө 304 протокол түзүлүп, 208 жеке адам администрациялык жоопкерчиликке тартылган. Республикалык бюджеттин пайдасына өндүрүлгөн айыптык төлөмдөрдүн жалпы саны 317 500 сомду түзгөн. 

2015-жылдын жети айы ичинде жалпы республика боюнча 251 текшерүү ишке ашырылып, мыйзам талабын бузууга жол бергендиги үчүн 5 алмашуу бюросунун лицензиясы кайтарылып алынган, ошондой эле 11 алмашуу бюросунун лицензиясынын аракети токтотулуп, 6 эскертүү жана 52 жазма буйрук жөнөтүлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча бардыгы болуп 85 лицензиясыз иш алып баруу фактысы аныкталып, 81 адамга айыптык төлөм белгиленген. Республикалык бюджетке төлөнүүгө тийиш болгон айыптык төлөмдөрдүн жалпы суммасы 121 500 сомду түзгөн.  

2015-жылы Улуттук банк биргелешип рейддик текшерүү ишин жүзөгө ашырууну уланткан. Бул топко Улуттук банктын, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансылык полиция), Ички иштер министрлигинин, Өкмөткө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, Бишкек шаардык мэриясынын жана “Тазалык” муниципалдык кызматынын кызматкерлери кирген.  

Текшерүү иштери мезгил-мезгили менен жүргүзүлүп, аларга карата таасир этүү чаралары колдонулуп жатса да, мындай иштерге уламдан-улам жол берилүүдө. Айрым алмашуу бюролору өз ишин белгиленген талаптарга ылайык ишке ашыруудан алыс, ал эми лицензияны кайтарып алуу сыяктуу таасир этүү чарасы натыйжа бербей келет.  

Алмашуу бюролорунун тиешелүү лицензия алуусуз ишкердикти жүргүзүүсүн жокко чыгаруу максатында, нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүзөгө ашырган валюта рыногунун катышуучу-субъекттеринин ишин оптималдаштыруу үчүн Улуттук банк Кыргыз Республикасынын “Чет өлкө валютасындагы операциялар жөнүндө”, “Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамдарына жана Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү каралган мыйзам долбоорун иштеп чыккан.  

Бул өзгөртүүлөрдө, жеке адамдар жана юридикалык жактар формасындагы алмашуу бюролорун Улуттук банктан лицензияланган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган субъекттер тизмегинен чыгарып, нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүзөгө ашыруу укугун финансы-кредит мекемелерине (ыйгарым укуктуу банктар, кредиттик союздар, атайы финансы-кредит мекемелери, микрофинансылык жана микрокредиттик компаниялар) калтыруу сунушу каралган. 

Бул, лицензиясыз иш алып барган адамдарды аныктоо жана аларга карата таасир этүү чараларын өз убагында колдонуу мүмкүнчүлүгүн бермек.  

Бирок, Улуттук банктын бул демилгеси Өкмөт тарабынан колдоого алынган эмес.  

Мындан тышкары Улуттук банк лицензиясыз иш алып барууну жокко чыгаруунун алкагында, алмашуу бюросун ачууга карата белгиленген лицензиялык талаптарды төмөндөтүүгө багытталган ченемдик укуктук актыларды кабыл алган, анда юридикалык жактын бир алмашуу бюросун ачууда жүгүртүү каражаттарынын минималдуу суммасы 1 млн сомдон 500 000 (беш жүз миң) сомго чейин төмөндөтүлгөн.  

Бирок Улуттук банк мындай чараны колдонуу менен алмашуу бюролорунун лицензиясыз иш алып баруусун жокко чыгарууга же аны кыскартууга жетишкен жок.  

Мындай жагдай жол берилген укук бузууларга карата колдонулган айыптык төлөмдөрдүн жана Улуттук банк аткарып жаткан иш натыйжасына алардын шайкеш эместигин мүнөздөйт. Алсак, кодекстин колдонуудагы редакциясында банктык мыйзам талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн айыптык төлөмдөр: жарандардан 2000 сомго чейинкини, ал эми банктардын жана ФКМдердин кызмат адамдарынан 3000 сомго чейинкини түзөт.  

Кодекстин жалпы бөлүгүнүн 30-беренесине ылайык жарандардан өндүрүлүүчү айыптык төлөмдүн максималдуу өлчөмү - жүз, кызмат адамдарынан эки жүз, юридикалык жактардан он миң эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш. Бул мыйзам долбоорунда максималдуу өлчөмдү: жарандардан - 100дөн 1000ге чейинки, кызмат адамдарынан 200дөн 1500ге чейинки эсептик көрсөткүчкө жогорулатуу сунушу каралган.  

Мындан тышкары, бул мыйзам долбоорунда кодекстин 357-беренесинде лицензиясыз банк ишин жүзөгө ашыргандыгы үчүн айыптык төлөм өлчөмүн, 358-беренесинде тиешелүү лицензиясыз акча каражаттарын тартуу үчүн айыптык төлөм өлчөмүн жана 359-беренесинде банктык, микрофинансылык, төлөм мыйзамдардын, кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө мыйзам талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн айыптык төлөм өлчөмүн жогорулатуу сунушу каралган.  

Сунушталган өзгөртүүлөр учур талабына жана республиканын экономикасынын абалына жараша банктык мыйзам талаптары жагында администрациялык укук бузууга жол бергендиги үчүн айыптык төлөм өлчөмдөрүн кыйла жогорулатууга жана аларды такташтырууга багытталган. Алсак, банк мыйзамдарынын талабын бузууга жол бергендиги үчүн жарандардан айыптык төлөм өлчөмүн - 2 000 сомдон 100 000 сомго чейин, кызмат адамдарынан 3 000 сомдон 150 000 сомго чейин көбөйтүү, ал эми юридикалык жактардан банк мыйзамдарын бузгандыгы үчүн айыптык төлөм өлчөмүн 250 000 сомго чейин көбөйтүү сунушталууда. 

Банктык мыйзамдарды бузууга жол бергендиги үчүн өндүрүлгөн айыптык төлөмдөр Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине багытталат.  

Мыйзам долбоорунун кабыл алынышынан улам келип чыгуучу укуктук, социалдык жана экономикалык натыйжалар: 

Укук бузгандыгы үчүн айыптык төлөмдөрдүн көбөйтүлүшү жеке адамдарды жана юридикалык жактарды коюлган талаптарды так сактоого мажбурлайт, ошондой эле Улуттук банктан лицензияланган, иши ал тарабынан жөнгө салынган жана каттоодон өткөрүлгөн банктардын, ФКМдердин кызмат адамдарынын жана башка адамдардын жоопкерчилигин күчөтүүгө өбөлгө түзөт, ошону менен бирге көзөмөл чараларынын жана Улуттук банктын иш натыйжалуулугунун жогорулашына жетишилип, белгиленген жана өндүрүлгөн айыптык төлөмдөрдүн эсебинен республикалык бюджетке түшүүлөрдүн көбөйүшүн камсыз кылат.  

Мыйзам долбоорунда сунушталган жөнгө салуу ыкмалары жана администрациялык чара көрүү жолдору комплекстүү мүнөзгө ээ болуу менен банктык көзөмөлдөө жана жөнгө салуу механизмдерин өркүндөтөт.  

Мыйзамдын кабыл алынышы укукту коргоочулук, гендердик, экологиялык жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт, анткени сунушталып жаткан мыйзам нормаларын колдонууга киргизүү Улуттук банктын банктык мыйзамдарды бузууга жол бергендиги үчүн күнөөлүү адамдарды жоопко тартуу боюнча милдеттерди аткарууга, банктык операцияларды жүзөгө ашырган юридикалык жактардын жана жеке адамдардын талапка ылайык иштөөсүн жогорулатууга жана банк тутумунун туруктуулугун камсыз кылуу боюнча милдеттерди чечүүгө багытталган. 

Бул мыйзам долбоору тиешелүү лицензиясыз банк ишин, анын ичинде нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүзөгө ашырган адамдардын алдамчылыкка жол берүүсүн алдын алууга (жокко чыгарууга) өбөлгө түзөт жана ал Кыргыз Республикасынын Конституциясына, республиканын бардык мыйзамдарына жана белгиленген тартипте ратификацияланган эл аралык мыйзам нормаларына жооп берет.  

Мыйзам долбоорунун регулятивдик таасир этүүсүнө да талдап-иликтөөлөр жүргүзүлгөн. 

Мыйзам долбоорун кабыл алуу өлкө бюджетинен кошумча каржылоону талап кылбайт.