КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

 

БЕКИТЕМИН 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкынын Төрагасы 

Т.С. Абдыгулов 

____________________  

(кол тамгасы) 

«____» _______________ 

 

 

 

 

«Кыргыз Республикасында инкассациялык иш жөнүндө» мыйзам долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөр 

 

 

Мыйзам долбоорун иштеп чыгууга негиз: 

Улуттук банктын 2016-жылдын 21-сентябрындагы №199-О буйругу 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 18-беренесинин талабын аткаруу максатында иштелип чыккан.  

 

 

Мыйзам долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөр 2016-жылдын 21-сентябрында башталган  

 

 

 

 

 

 

2017-жылдын «___»______ аяктаган 

 

 

 

Жумушчу тобу: 

 

1. 

Сыдыков А.К. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  

 

2. 

Атышова А.К. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  

 

3. 

Джаныбаев Н.С. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  

 

4. 

Калыбеков У.А. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  

 

5. 

Куприянцев П.Б. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  

 

6. 

Исыкеев Н.К

«Кыргыз инкассациясы» ЖАК 

 

7. 

Кылычев К.А. 

«Кыргыз инкассациясы» ЖАК 

 

8. 

Андреева Л.В. 

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги 

 

9. 

Чалов Д.М. 

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги 

 

10. 

Исаков К.Т. 

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги 

 

11. 

Асанкулов Н.К. 

«РСК банк» ААКсы 

 

12. 

Джелдекеев Н.К. 

«Дос-Кредобанк» ЖАК 

 

13. 

Исраилов Ч.А. 

ЗАО «Кыргыз инвестициялык - кредит банк» ЖАК 

 

14. 

Молдакунова А.Ж. 

«Капитал банк» ААКсы 

 

15. 

Омурбаев С. 

«Финка банк» ЖАК 

 

16 

Сматов О.М. 

«Банк Компаньон» ЖАК 

 

 

 

Жооптуу кызматкерлердин байланыш телефондору: 

 

Кылычев Кылычбек Абдыжапарович, «Кыргыз инкассациясы» ЖАК тын Логистика бөлүмүнүн начальниги, тел. 32-03-24, e-mail: kkylychev@rui.kg.  

 

 

 

1. Проблемалар жана мамлекеттки кийлигишүүсүн талап кылган негиздер 

 

Инкассация бул, кардарлардын/буйрутмачылардын нак акча каражаттарын жана баалуулуктарын чогултуунун, ташып жеткирүүнүн, убактылуу сактоонун коопсуз жана жоопкерчиликтүү негизде ишке ашырылган процесси.  

Акча түрүндөгү баалуулуктарды ташып жеткирүү зарылчылыгы акчанын пайда болушу менен бир эле учурда келип чыккан. Ошол убакыттан бери акча каражаты алардын ээси же алар ишеним ыйгарган адамдар тарабынан ташып жеткирилип турган. Албетте, акча каражаттарынын саны көп болгон шартта аларды талап-тоноочулардан коргоого даяр, куралдуу адамдар коштоп жүргөн.  

СССР ыдыраганга чейин республикада инкассатордук кызмат көрсөтүүнү сунуштоо мамлекеттин монополиясы болуп саналуу менен СССРдин Мамлекеттик банкына караштуу Бүткүл союздук чарбалык эсептеги инкассация бирикмесинин курамына кирген Республикалык инкассация башкармалыгы тарабынан ишке ашырылып келген.  

Учурда Кыргыз Республикасында инкассатордук кызмат көрсөтүүнү расмий түрдө коммерциялык банктар, менчик күзөт ишканалары, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгы, «Интерпост» компаниясы жана «Кыргыз инкассациясы» ЖАК (Улуттук банктын туунду ишканасы, 2015-жылы «Республикалык инкассация башкармалыгы» мамлекеттик ишканасынан өзгөртүп түзүлгөн) сунуштап келүүдө, алар кимдир-бирөөгө тиешелүү каражаттарды сыяктуу эле, кардарлардын жана Кыргыз Республикасынын Казыналыгынын жана Социалдык фонддун каражаттарын сыяктуу мамлекеттик каражаттарды жана баалуулуктарды ташып жеткирүүнү ишке ашырат.  

Инкассатордук кызмат көрсөтүү толук мамлекеттик контролдукка жана жөнгө салууга алынбай келгендигине, ошондой эле лицензияланбагандыгына байланыштуу, курал-жарак алып жүрүүгө укуктуу кандай болбосун уюм нак акча каражаттарын жеткирип берүүгө муктаж кандай болбосун чарба жүргүзүүчү субъекттер инкассация келишимин түзө алат.  

Ошону менен катар эле, учурда республикада инкассациялоо кызмат көрсөтүүлөр рыногунун катышуучуларынын жалпы иш алып баруу эрежелери жана талаптар да иштелип чыкпаган. Мындан тышкары, бизнестин ушул түрү үчүн бирдей шарттар да каралган эмес.  

Биринчиден, бул салык алууга тиешелүү. Чарбалык иштин бир түрү сыяктуу эле, инкассациялоодон мыйзам талабына ылайык кошумча нарк жана сатуудан салык алынууга тийиш. Бирок, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгы сыяктуу рынок катышуучусу салыктардын бардык түрүнөн бошотулган болсо, башка катышуучулар (коммерциялык банктар) кардарлардын баалуулуктарын инкассациялоо же ташып жеткирүү кызмат көрсөтүүсүн сунуштоодо инкассациялоону кошумча нарк салыгы жана сатуудан салык алынуучу «финансылык кызмат көрсөтүүлөр» статьясынан бөлүп карашпайт. Бул факторлор кызмат көрсөтүү рыногунда таасирдүү атаандаштыкты өнүктүрүүгө олуттуу таасир этүүдө.  

Экинчиден, нак акча каражаттарын жана баалуулуктарды инкассациялоо менен алектенген компанияларга бул багытта тиешелүү билимге ээ кадрларды тандоо, техникалык жабдылышына карата бирдиктүү талаптардын жоктугу да ташып жеткирүү ишинин коопсуздугун камсыз кылууга түздөн-түз таасир этүүдө.  

Үчүнчүдөн, инкассатордук кызмат көрсөтүүнү сунуштаган уюмдардын бардыгы эле куралдуу кол салуудан, уурдап жок кылуудан улам кардарлар дуушар болгон материалдык жана физикалык жоготуулардын ордун толуктап бере албайт.  

Төртүнчүдөн, мамлекеттик контролдук «Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзам талабына ылайык, ташып жеткирилген акча каражаттарынын суммасына тиешелүү маалыматтардын ачык-айкындуулугун арттырууга өбөлгө түзөт. 

Бул жерде ошондой эле, банктардын жана менчик күзөт ишканаларынын нак акча каражаттарын өздөрүнө таандык автоунаа менен коопсуздук талаптарын сактабастан, ташып жеткирген өкүлдөрүнө кол салып, тоноп кеткен учурлар да көбөйүп жаткандыгын баса белгилеп кетүү зарыл, ушунун өзү акча каражаттарын жана баалуулуктарды (ал эми биз кароого алып жаткан шартта аманатчылардын жана башка кардарлардын каражаттарын) жеткирип берүүгө карата так белгиленген эрежелердин жана талаптардын жоктугу менен шартталган.  

Орун алган бир нече куралдуу кол салуу жагдайларын буга мисал катары келтирүүгө болот: 

- Ички иштер министрлигинин (мындан ары ИИМ) басма-сөз кызматынын маалыматы боюнча 2008-жылдын 19-декабрында «ЭкоБанк» ААКсынын-»Эко-Юг» филиалынын башчысы Р.Х. Горзаева Бишкектеги №6 аманат кассасына кечки убакытта азиат улутундагы 25-30 жаштагы белгисиз 3-5 адам инкассаторлорго кол салгандыгын, ошол эле филиалдын 39 жаштагы айдоочусу И.И. Курганскийге күч колдонуу менен анын Мазда-626 автоунаасынын салонунан 500 000 сом, 150 000 рубль, 20 000 АКШ доллары жана 9000 евро уурдалып кеткендигин маалымдаган.  

- 2014-жылдын 23-сентябрынын кечинде Бишкек шаарынын Панфилов жана Мичурин көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Дельта-Восток» фирмасынын офисинин алдында Түркияга жөнөтүү үчүн «Манас» аэропортуна нак акча каражаттарын жеткирип берүү алдында фирманын кызматкерлерине кол салуу болгон. Анын кесепетинен фирманын директору Николай Гумнов көз жуумп, кызматкерлердин бири оор жаракат алып, 1 миллион 770 миң АКШ доллары уурдалып кеткен. Кылмышкерлер бүгүнкү күнгө чейин изин таптырбай келет.  

- 2014-жылдын 27-декабрында таң эрте Ош аэропортунун аймагында жайгашкан «Асман-Тур» фирмасынын офисинде Үрүмчүгө (Кытай) авиарейс аркылуу нак чет өлкө валютасын жөнөтүү учурунда баскынчылык менен талап-тоноого жол берилген. Натыйжада, 5 миллион 679 миң АКШ доллары уурдалган. Кылдат териштирүүнүн жыйынтыгында кылмышкерлердин бир тобу кармалып, 934 миң АКШ доллары жана 3 миң 200 евро кайтарылган. 

- 2015-жылдын октябрь айынын 7синен 8сине караган түнү «Транс-Сервис KG» туристтик фирмасынын инкассаторун тоноого дуушар болуп, 612 миң доллар уурдалган. Ошол түнү акча каражаты эл аралык «Манас» аэропортуна жеткирилип, андан ары Дубайга (БАЭ) жөнөтүлүүгө тийиш эле. Инкассатор жаракат алган, ал эми кылмышкерлер табылбай калган.  

- 2016-жылдын 1-февралында «Крокус Секьюрити» коргоо агенттигине таандык Кара-Балта Бишкек трассасы боюнча «Газпром нефть Азия» ЖЧКсынын май куюучу станциалынан түшкөн акчаны чогултуп келе жаткан инкассатордук унаага кол салуу болуп, 1,2 млн сом уурдалып кеткен. Териштирүүнүн жүрүшүндө агенттиктин өз кызматкери кол салгандыгы аныкталган. Ошол күнү алып келе жаткан инкассатор белгиленген нускаманы бузуу менен коштоп жүрүүчү эки адамсыз маршрутка өзү жалгыз чыккан.  

Нак акча каражаттарын жана баалуулуктарды инкассациялоо мамлекеттин нак акча жүгүртүлүшү сыяктуу маанилүү иш багытына да түздөн-түз тиешеси бар. Мамлекеттин экономикасынын өнүгүшү менен бирге жүгүртүүдөгү акчанын өсүшү байкалат, демек инкассациялоо кызмат көрсөтүүсү ушул чарбалык иштин маанилүү түрү үчүн укуктук шарттардын зарылчылыгын таңуулоодо. Кароого сунушталып жаткан «Кыргыз Республикасында инкассациялык мыйзам долбоору нак акча каражаттарын инкассациялоо, баалуулуктарды ташып жеткирүү кызмат көрсөтүүсүн сунуштаган чарбалык субьектерге карата минималдуу талаптарды белгилөөгө өбөлгө түзөт, бул түпкүлүгүндө келип ушул чөйрөдө кылмыштуулук тобокелдигин кыскартуу сыяктуу эле, инкассация кызматы рыногунда коопсуздукту арттырып, ишенимдүүлүктү жогорулатат.  

 

Проблема чөйрөсү

Нак акча каражатын инкассациялоо, баалуулуктарды ташып жеткирүү маселеси, айрыкча, жеке адамдардын сыяктуу эле, мамлекеттик органдардын, ишкердикти жүзөгө ашырган субьекттерин кызматкерлеринин өмүрүнүн коопсуздугуна, экономикалык жана аброй коопсуздугуна таасир эткен проблемаларга да тиешелүү.  

Учурда орун алып жаткан көйгөйлөр мыйзамдардын өркүндөтүлбөгөндүгү, ушул иш багытынын лицензияланбагандыгы менен шартталууда, алар төмөнкүлөр:  

1. Инкассатордук кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган уюмдардын иши толук укуктук негизде жөнгө салынган эмес;  

2. Инкассатордук кызмат көрсөтүү рыногунун катышуучулары үчүн бирдиктүү жалпы эрежелер жана талаптар иштелип чыккан эмес; 

3. Инкассатордук кызмат көрсөтүү рыногунда таасирдүү атаандаштык жок;  

4. Көпчүлүк уюмдардын иши брондолгон автоунаалар, жеке коргонуу каражаттары жана курал-жарактар менен жабдылуу сыяктуу коопсуздук чараларын сактоосуз ишке ашырылып келет; 

5. Көпчүлүк уюмдарда, айрыкча мамлекеттик органдар тарабынан кадр потенциалы талаптагыдай текшерүүгө алынбаган менчик күзөт ишканаларында, детективдик-күзөт агенттиктеринде иштин талаптагыдай жөнгө салынбагандыгы байкалууда, бул айрым учурларда мурда кылмыштуу элементтерди жалдап иштетүү сыяктуу жагдайларга алып келүүдө

6. Инкассатордук кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган бир катар уюмдар куралдуу кол салуу, талап-тоноо учурларында кардарларга келтирилген материалдык чыгымдардын, физикалык жоготуулардын ордун толуктап бере алышпайт. 

7. Рыноктун көпчүлүк катышуучулары ташып жеткирилүүчү баалуулуктарды камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу агенттиктеринин жана коомдордун кызмат көрсөтүүсүнөн пайдаланышпайт; 

8. Ишкердиктин бир түрү катары акча каражаттарын инкассациялоо жана баалуулуктарды ташып жеткирүү операцияларынан, кызмат көрсөтүүлөрүнөн салыктардын (КНС жана сатуудан салык) төлөнбөй жатышы учурлары кездешүүдө, бул салык алуунун эсебин жүргүзүүдө операциялардын ушул түрүн жаап-жашыруу болуп саналат; 

9. Ушул иш багытынын ачык-айкындуулугун тастыктаган нак акча каражаттарынын суммасы, баалуулуктардын наркы тууралуу маалыматтардын жоктугу, бул акчанын изин жашырууга жана көмүскө экономикада акча жүгүртүлүшүн арттырууга өбөлгө түзөт;  

10. Техникалык жактан талаптагыдай жабдылбагандыктан жана баалуулуктарды ташып жеткирүү учурунда коопсуздук чараларын сактабагандыктан улам көпчүлүк уюмдар кол салууларга дуушар болушу ыктымалдыгы орун алууда. 

Жогоруда белгиленген проблемалардын чечилбей жатышы, инкассациялоо жана баалуулуктарды ташып жеткирүү чөйрөсүн мыйзамдык негизде талаптагыдай жөнгө салынбагандыгы түздөн-түз экономикалык коопсуздугуна кедергисин тийгизип, кылмыштуулуктун арттышына өбөлгө түзөт. Нак акча каражаттарын инкассациялоо жана баалуулуктарды ташып жеткирүү рыногунда иш алып барган субьекттердин өз ара мамилесин сапаттуу укуктук жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын бүтүндөй экономикасы үчүн олуттуу мааниге ээ. 

Республикада нак акча каражаттарын инкассациялоо жана баалуулуктарды ташып жеткирүү, алардын сакталышын камсыз кылууну коммерциялык банктар, ИИМдин мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгы, «Кыргыз инкассациясы» ЖАК жана юридикалык жак болуп саналган менчик уюмдар ишке ашырып келүүдө. Инкассация кызмат көрсөтүүсү түзүлгөн келишимдин негизинде сыяктуу эле, келишим түзүүсүз эле жеке сүйлөшүп алуу тартибинде, айрым учурда ишкерлердин өз күч аракети менен ишке ашырылып жатат.  

Инкассациялоо кызмат көрсөтүүнү сунуштаган ири жана чакан уюмдардын кызматкерлери курал-жаракка ээ жана аларды колдонуу Кыргыз Республикасынын «Курал-жарак жөнүндө» мыйзамы аркылуу жөнгө салынып келет.  

Мыйзамдарды жана укуктук негиздерди кылдат иликтөөгө алуу кандайдыр-бир кошумча мыйзамдардын же ушул иш багытын жөнгө салган мыйзамга ылайык иштелип чыккан актыларды аныктай албады. Демек, нак акча каражаттарын инкассациялоо жана баалуулуктарды ташып жеткирүү рыногунда иш алып барган уюмдардын иш багыты талаптагыдай мыйзамдык негизде жөнгө салына элек деген тыянак чыгарууга мажбурлайт.  

Тиешелүү ченемдик укуктук базанын жоктугуна байланыштуу жана бул иш багытынын коопсуздугунун камсыз кылуу максатында инкассатордук ишти жөнгө салган мыйзамды иштеп чыгып, кабыл алуу зарылчылыгы келип чыгууда. 

Кароого сунушталып жаткан «Кыргыз Республикасында инкассациялык иш жөнүндө» мыйзам долбоору инкассатордук кызмат көрсөтүүнү сунуштоо жагында негиз түптөгөн принциптерди аныктоо, рыноктун бардык катышуучулары үчүн милдеттердин жана жоопкерчиликтерди, так укуктарды белгилөө, ошондой эле ушул иш багытынын ишенимдүүлүгүн, коопсуздугун жана натыйжалуулугун арттыруу максатын көздөйт.  

 

Эл аралык тажрыйба 

Коңшу өлкөлөрдүн көпчүлүгүндө Кыргыз Республикасындагыдай эле, инкассатордук кызмат көрсөтүү рыногунда СССРдин Мамлекеттик банкына караштуу союздук республикалардын бардыгында мурдагы республикалык инкассация башкармалыгынын базасында түзүлгөн ири уюмдар иш алып барат. Мындан тышкары, өлкөлөрдүн банк тутумунун өнүгүшүнө жараша кошумча инкассациялык коммерциялык кызматтар ачылып, алардын көпчүлүгү менчик баалуулуктарды жеткирип берүү үчүн сыяктуу эле, башка ишканаларга, банктарга жана уюмдарга ушул багытта кызмат көрсөтүүнү сунуштоо максатында ири коммерциялык банктар тарабынан түзүлгөн. 

Россия Федерациясынын Борбордук банкына караштуу «РОСИНКАС» бирикмеси ушул багытта кызматтарды сунуштаган ири ишкананын бири болуп саналат (Россия Банк системасына кирет). Учурда аталган мекеме 508 өндүрүштүк участканы камтыган, Россия Банкынын эсептешүү-кассалык борборлор түйүнүнүн 99 пайызынан көбүрөөгүн тейлөөгө алган (999дун 977син), кредиттик уюмдар жана алардын филиалдар түйүнүн 52,6 пайызын тейлеген (4575дин 2574үн) 17,9 миң адам иштеген 78 аймактык башкармалыктан турат. Стандарттык кызмат көрсөтүүлөрдөн тышкары «РОСИНКАС» бирикмесине баалуулуктарды сактоо, кардарларды кассалык тейлөө (нак акчаны кайрадан эсептеп, иргөө), банкоматтар жана кассалык терминалдарды ремонттон өткөрүп, тейлөө жана транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү ишин жүзөгө ашырууга укук ыйгарылган. Учурда Россияда көпчүлүк ири коммерциялык банктар юридикалык жактарга жана жеке адамдарга инкассациялоо кызматын сунуштаган инкассация кызматына ээ.  

Россия Федерациясынын Борбордук банкы тарабынан «РОСИНКАСС» бирикмеси менен биргеликте «Россия Федерациясында инкассациялоо кызматы жөнүндө» мыйзам долбоору даярдалып, Мамлекеттик Думанын кароосуна сунуштоо үчүн учурда макулдашылып жатат.  

Бул жерде Россиянын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык баалуулуктарды инкассациялоо жана ташып жеткирүү банк операцияларынын тизмесине кире тургандыгын белгилеп кетүү зарыл. Ошондуктан, инкассация уюмдарынын иши Россияны Борбордук банкынын ченемдик актылары аркылуу жөнгө салынат, ал эми банктардын иши Борбордук банк тарабынан лицензияланат.  

Казакстанда нак акча каражатын инкассациялоону 8 уюм ишке ашырат, алардын ичинен үч ири уюмду ТОО «КАЗИНКАС», ТОО «ТИТАН» жана ТОО «HALYK» бөлүп көрсөтүүгө болот. Бардык инкассатордук уюмдар ишканалардын жана фирмалардын түшкөн акчасын топтоп, аларды коммерциялык банктарга жеткирүү, банктардын банкоматтарын тейлөө, филиалдар ортосунда жана банктар ортосунда ташып жеткирүүлөр, жеке адамдар үчүн нак акча каражаттарын жеткирип берүү боюнча стандарттык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштайт. Мындан тышкары, «КАЗИНКАС» жана «HALYK» компанияларына Казакстан Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар ортосунда нак акча каражаттарын жана баалуулуктарын инкассациялоого (нак акчаны ташып жеткирүү жана кассалык операциялар борборуна өткөрүп берүү, баалуулуктарды Казакстан Республикасынын Улуттук банкында сактоо) укук чегерилген. «КАЗИНКАС» компаниясы буга кошумча өз сактоо жайларында баалуулуктарды убактылуу жооптуу сактоого алуу боюнча кызматтарды да сунуштайт.  

Казакстанда инкассация кызматы банк операцияларына кирет, ошондуктан инкассация уюмдарынын иши Казакстан Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары аркылуу жөнгө салынат. 

Ал эми Тажикстанда бул иш багытын Тажикстан Улуттук банкынын Акча жүгүртүү жана кассалык операциялар департаментинин Инкассация башкармалыгы ишке ашырат. Инкассация башкармалыгы Улуттук банктын каражаттары сыяктуу эле, коммерциялык банктардын жана ишканалардын баалуулуктарын бүтүндөй республика боюнча ташып жеткирүүнү ишке ашырат. Бул департаменттен тышкары, ушул иш багытын аркалаган эч кандай башка уюмдар жок. Тажикстан Улуттук банкы жакынкы жылдары инкассация башкармалыгын туунду ишканасы катары өз курамынан чыгарууну пландаштырууда. Учурда бул өлкөдө инкассация иш багытын жөнгө салган мыйзамдык актылар да жок.  

Армения рыногунда «АРМИНКАССАЦИЯ» ЖАК иш алып барат, анын акциясынын 100%ы ушул өлкөнүн Борбордук банкына таандык. Компания 11 аймактык бөлүмдөргө ээ, алар 14 банкты жана алардын филиалдарын, ошондой эле башка уюмдарды тейлөөгө алат. Аталган жабык акционердик коом сунуштаган кызмат көрсөтүүлөрдө кардарлардын нак акча каражаттарын инкассациялоо жана ташып жеткирүү, бул иш багытын курал-жарак менен коштоо, атайы почтаны жана баалуу кагаздарды жеткирип берүү, нак акча каражаттарын жана баалуулуктарды убактылуу сактоо кызматтары камтылат.  

Арменияда инкассациялоо иш багыты 2004-жылы кабыл алынган «Инкассациялоо жөнүндө» мыйзам аркылуу жөнгө салынып, Армения Борбордук банкы тарабынан «Лицензиялоо жөнүндө» мыйзамга ылайык берилген лицензиянын негизинде ишке ашырылат.  

Европа биримдигине кирген өлкөлөрдө инкассациялоо жана баалуулуктарды жеткирип берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган мамлекеттик жана менчик ишканалар иш алып барат.  

Ушул биримдикке мүчө болгон өлкөлөрдүн тең жарымына жетпегенинде инкассация иш багытына юридикалык аныктама берилген эмес. Бул иш багыты кесипкөй уюмдар, камсыздандыруу келишимдери, жамааттык келишимдер жана жалпы мыйзамдар аркылуу жөнгө салынган Австрия жана Германиядан тышкары, айрым учурларда инкассация түшүнүгү коопсуздукка тиешелүү жалпы мыйзамдарда камтылган. Бельгия, Франция, Италия, Испания, Люксембург герцогу жана Нидерланддар өз мыйзамдарында инкассация түшүнүгүнө өзүнчө аныктама беришкен. Бирикмеге кирген айрым өлкөлөрдө инкассация ар кандай мыйзам актылары аркылуу жөнгө салынгандыгын, бирок жалпы максатты жана милдетти көздөгөндүктөн алардын ортосунда эч кандай карама-каршылык келип чыкпайт.  

Жалпысынан алганда, инкассация «кымбат баадагы товарларды жеткирип берүүгө карата үчүнчү тараптын атынан ишке ашырылган кесипкөй иш».  

Көпчүлүк өлкөлөрдө бизнес жүргүзүүгө карата сыяктуу эле, Соода регистрине чагылдыруу же айрым бир иш багыттарынан жана кесиптерден пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө карата талаптар белгиленген. Айрым өлкөлөрдө бул иш багыты атайы лицензияны талап кылат. Соода боюнча мыйзамдарга, өнөр жай кодексине жана Кредиттик система жөнүндө мыйзамга негизденген лицензияны талап кылган Германияда бул иш багытына карата катуу талап коюлган.  

Европа биримдигине кирген айрым өлкөлөрдө инкассатордук ишти аркалган компаниялардан лицензия талап кылынат. Мында, лицензиялоонун төмөнкүдөй үч түрү жөнгө салынган: 

- коммерциялык жана корпоративдик мыйзамдардын негизинде лицензиялоо; 

- транспорт каражаттарына тиешелүү мыйзамдардын негизинде лицензиялоо; 

- коопсуздук маселелерине тиешелүү мыйзамдардын негизинде лицензиялоо; 

Үч деңгээлде лицензиялоого жол берилет: компаниянын деңгээлинде, компаниянын башчысынын/менеджеринин деңгээлинде, кызматкерлер деңгээлинде. 

Лицензиялар улуттук, регионалдык же жергиликтүү деңгээлде берилет жана чектөөлөргө ээ. Лицензиялардын колдонуу мөөнөтү 3 жылдан 5 жылга чейин. Мамлекеттик лицензиялоочу органдар негизинен, Юстиция министрлиги, Ички министрлиги жана полиция бийлиги.  

Мында, мамлекеттик органдар тарабынан инкассация уюмдарынын ишине контролдук өтө таасирдүү, айрыкча Германияда белгиленген талаптарды сактабагандык лицензияны алып коюуга чейинки көп сандаган санкцияларга (административдик жана кылмыш жаза) алып келиши мүмкүн.  

Данияда, Грецияда, Ирландияда, Швецияда, Нидерландда жана Британияда ок атуучу куралга ээлик кылууга жана аны пайдаланууга тыюу салынган. Германияда, Францияда, Италияда, Люксембургда жана Испанияда инкассаторлор кесиптик милдетин аткарууда ок атуучу куралды алып жүрүүгө тийиш. Австрияда, Бельгияда жана Финляндияда инкассатордук операциялар учурунда ок атуучу куралды алып жүрүүгө жол берилет.  

Бардык өлкөлөрдө брондолгон унааларда гана баалуулуктарды ташып жеткирүүгө тиешелүү милдеттүү талап, ал эми Европа биримдиги өлкөлөрүндө брондолгон унааны колдонуу жагында мыйзамдык көрсөтмөлөрдүн топтому колдонулат. 

Биримдиктин бардык өлкөлөрүндө GPS сыяктуу атайы унаалардын кай жерде тургандыгына, кетип бара жаткандыгына туруктуу контролдоого өбөлгө түзгөн жана/же опурталдуу жагдайларды дароо каттаган көз салып туруу системасын орнотуу талап кылынат. Адатта, бул айрым өлкөлөрдү эске албаганда, компания менен тыгыз байланыштуу камсыз кылынат. 

Ошентип, Европа биримдигинин нак акча каражаттарын инкассациялоо жана баалуулуктарды ташып жеткирүү маселеси боюнча жөнгө салынган иш өңүтүнө ылайык, аларда ушул багыт боюнча атайы кабыл алынган мыйзамдык акт жок экендиги, ал эми ушул чөйрөдө иш алып барган уюмдардын иши өзүнөн-өзү жөнгө салынып келингендигин белгилеп кетүү зарыл. Баалуулуктарды ташып жеткирүү боюнча кызматтарды сунуштаган уюмдардан милдеттүү түрдө сактоону талап кылган көп сандаган ченемдик укуктук актылар (нускоолор, жоболор жана башкалар) бар, аларда сырттан кызматкерлерди тартууга, брондолгон автоунааларды, куралдарды, коргонуу каражаттарын, көз салуу системасын, жүктөрдү камсыздандырууга карата минималдуу талаптар белгиленген. Европа биримдигинде ушул рынокто иш алып барган юридикалык жактарды жана кызматкерлерди лицензиялоо тажрыйбасы колдонулат жана алардын иши мамлекеттик органдар же борбордук банк тарабынан милдеттүү түрдө контролдукка алынат.  

 

2. Кесепеттерди жөнгө салуу жана ага баа берүү боюнча мамлекеттин варианттары  

 

Төмөндө жөнгө салуунун үч варианты кароого алынган: 

1 вариант «кандай болсо ошондой калтыруу өзүн-өзү жөнгө салуучу мамиле». 

2 вариант инкассациялык ишти лицензиялоо менен Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында инкассациялык иш жөнүндө» мыйзамын кабыл алуу»

3 вариант инкассациялык ишти лицензиялоосуз «Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында инкассациялык иш жөнүндө» мыйзамын кабыл алуу»

4 вариант Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен биргеликте чыгарылган мыйзамдан келип чыгуучу актылардын жардамы менен «либералдык жөнгө салуу». 

 

1 вариант «кандай болсо ошондой эле калтыруу».  

Бул учурда, акча каражаттарын инкассациялоо жана баалуулуктарды ташып жеткирүү рыногунун катышуучулары (коммерциялык банктар, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгы, «Кыргыз инкассациясы» ЖАК жана менчик күзөт уюмдары) мамлекет же ыйгарым укуктуу орган тарабынан жетишсиз контролдукка алуу шартында ишти улантышат. 

Контролдукту жана текшерүүнү талап кылган, бирок азыркы учурда жок же алгылыксыз болгон инкассациялык иштин негизги аспектилерин бөлүп көрсөтүү зарыл.  

- Курал-жаракты колдонуу үчүн контролдук; 

- Даярдыктан өткөн персоналдын жана корголгон автоунаанын болушу; 

- Кардарга келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүү жөндөмдүүлүгү - (камсыздандыруу); 

Нак акча жүгүртүү чөйрөсүндө ачык-айкындуулукту камсыз кылуу. 

Учурда, эгер коммерциялык банктардын жана «Кыргыз инкассациясы» ЖАКтын инкассатордук кызматтарынын ишине менчик ээлери тарабынан кандай болсо да контролдук жүзөгө ашырылып келсе, анда менчик күзөт уюмдардын иши дээрлик контролдукка алынган эмес. Акыркы 2 жыл ичинде мындай уюмдардын саны 115тен 463кө чейин көбөйгөн. Иши атайы каражаттарды жана курал-жаракты сатып алуу, сактоо, көтөрүп жүрүү жана колдонуу менен байланышкан жеке күзөт ишканаларына лицензия берүүнү 2013-жылы жокко чыгаруудан улам жүргөн. Буга чейин 2009-жылы акча каражаттарын жана баалуулуктардын инкассациялоо жана ташып жеткирүү ишин лицензиялоо жокко чыгарылган. Ошондой эле Күзөт уюмдары жөнүндө мыйзамда атайылап жасалган кылмыш үчүн мурда сот жообуна тартылган жарандарга, соттуулугу алып салынган же жоюлгандан учурда менчик күзөт иш, анын ичинде баалуулуктарды ташып жеткирүү менен иштөөгө укук берген түзөтүүлөр киргизилген.  

Айрыкча, бул республикада жана дүйнө жүзү боюнча террористтик коркунучтардын курч алышынан улам, курал-жаракка ээлик кылуу жана баалуулуктарды ташып жеткирүү менен байланыштуу уюмдарга мамлекеттин контролдук жүргүзүү зарылчылыгы актуалдуу болууда. Акыркы бир нече жыл ичинде Кыргызстандын бир катар жарандары кармалган, алар Сирияда жана Египетте окутуудан өткөндөн кийин республиканын аймагында теракттарды жасоого даярдык көрүп жатышкан. Аларга Сирияга жана Иракка джихадисттерге акча каражаттарын жөнөтүү үчүн ар кайсы обьекттерге кол салуу үчүн Кыргызстанга баруу көрсөтмөсү берилген.  

Ошентип, «кандай болсо ошондой калтыруу» учурунда, ушул долбоорду кабыл албаган шартта акча каражаттарын инкассациялоо жана баалуулуктарды ташып жеткирүү рыногунда орун алган жагдай мурдагы деңгээлде эле калып, жетиштүү деңгээлде коопсуз болбойт, бул алдын ала айтууга болбогон кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Кыргыз Республикасында инкассациялык кызмат көрсөтүүлөр рыногу мамлекет тарабынан жетиштүү контролдоого алынбай келет жана чет өлкө өлкөлөр менен салыштырганда иштин ушул чөйрөсүндө колдонулган технологиялар боюнча кыйла артта калат. 

 

Мамлекеттик жөнгө салуунун максаты  

Республикада инкассациялык ишти уюштурууну ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын лицензиясынын негизинде өркүндөтүү мамлекеттик жөнгө салуунун негизги максатынан болуп саналат. Лицензиялоо инкассациялык уюмдарга карата коюлуучу коопсуздук, курал-жаракка контролдук талаптарын, ошондой эле «Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик менен экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамды аткаруунун алкагында талаптардын аткарылышына контролдукту камсыз кылат. Инкассациялык уюмдар үчүн кадрларды тандоо жагында талаптарды күчөтүү зарыл. Учурда атайы текшерүүдөн «Кыргыз инкассациясы» ЖАКтын кызматкерлери гана өтүүдө. Мындан тышкары, инкассациялык уюмдардын кардарларынын укуктарын коргоо зарыл. Ташып жеткирилүүчү баалуулуктар милдеттүү тартипте тиешелүү камсыздандыруу уюмдарында толук көлөмдө камсыздандырылууга тийиш. 

 

Максаттарга жетүү индикаторлору: 

- лицензиянын чегинде инкассациялык иш алып барууга уруксат берүү;  

- курал-жаракка ээлик кылууга жана аны колдонууга контролдукту камсыз кылуу; 

- акча каражаттарын инкассациялоодо жана баалуулуктарды ташып жеткирүүдө коопсуздукту жогорулатууну камсыз кылуу; 

- кардарларга ташып жеткирилүүчү баалуулуктардын сакталышы кепилдигин берүү

 

Сапаттуу индикаторлорго курал-жаракка ээлик кылуу жана баалуулуктарды ташып жеткирүү менен байланыштуу уюмдардын ишине андан ары контролдук, инкассатордук иштен салыктык түшүүлөргө контролдук, ошондой эле терроризмди каржылоого жана акча каражаттардын изин жашырууга каршы аракеттенүү боюнча ченемдик укуктук актыларды аткаруу кирет.  

Сандык индикаторлорго бюджетке чегерилүүчү салыктык төлөмдөрдү кошумча нарк салыгын төлөө жана акча каражаттарын инкассациялоо жана баалуулуктарды ташып жеткирүү ишине сатуудан салыкты көбөйтүү жана лицензия үчүн төлөө кирет.  

 

2 вариант Кыргыз Республикасынын «Лицензиялык-уруксат берүү иш жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү менен «Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында инкассациялык иш жөнүндө» мыйзамын кабыл алуу» 

 

а) Жөнгө салуу ыкмасы 

Инкасация маселелери боюнча ченемдик-укуктук базанын жоктугуна байланыштуу, ошондой эле нак акча каражаттарын ташып жеткирүүдө коопсуздукту камсыз кылуу үчүн бүтүндөй алганда инкассациялык иш субъектилерине карата талаптарды аныктаган «Кыргыз Республикасында инкассациялык иш жөнүндө» мыйзамды кабыл алуу зарыл. Акча каражаттарын инкассациялоо жана баалуулуктарды ташып жеткирүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган юридикалык жактар үчүн иштин ушул түрүн лицензиялоо киргизилүүдө.  

 

б) Жөнгө салуучу таасир 

Күтүлүүчү кесепеттер:  

Инкассациялык иш субъекттерин жөнгө салуу:  

- ташып жеткирүү маршруттарында колдонулган автоунаанын сапатын жогорулатууга;  

- персоналдын криминалдуулугун төмөндөтүү менен инкассатордук кызматтардын кадрдык курамын сапаттуу жогорулатууга;  

- кардарга баалуулуктарды жоготуп алуу камсыздандыруу учуру келип жеткен шартта келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга; 

- акча каражаттарын инкассациялоодо жана баалуулуктарды ташып жеткирүүдө коопсуздук шарттарын кыйла жогорулатууга; 

- нак акчанын жүгүртүү чөйрөсүнүн ачык-айкындуулугун жогорулатууга; 

- Кыргыз Республикасында рыноктун ушул сегментинин бардык катышуучулары үчүн бирдей атаандаштык шарттарын түзүүгө мүмкүн кылат. 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында инкассациялык иш жөнүндө» мыйзамын кабыл алуудан күтүлүүчү алгылыктуу натыйжалар (пайдалар) төмөнкүлөр менен көрсөтүлөт: 

- инкассатордук кызмат көрсөтүүлөр рыногунун бардык катышуучулары үчүн бирдиктүү талаптарды белгилөө жана бирдей иш шарттарын камсыз кылуу; 

- инкассатордук кызмат көрсөтүүлөр рыногунда атаандаштыкты жогорулатуу жана монополия болушун алдын алуу; 

- сунушталуучу инкассатордук кызмат көрсөтүүлөр сапатын жогорулатуу; 

- акча каражаттарынын жана баалуулуктардын коопсуз ташып жеткирилишин жана сакталышын жогорулатуу; 

- мамлекеттик бюджетке инкассациялык уюмдардан алынган кирешелердин жана жыйымдардын түшүүсүнүн өсүшү;  

- көмүскө экономика деңгээлинин төмөндөшү

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында инкассациялык иш жөнүндө» мыйзамын кабыл алуудан күтүлүүчү терс натыйжалар төмөнкүлөр менен көрсөтүлөт:  

Мыйзамды кабыл алуу инкассациялык уюмдардын техникалык кайра жабдылышына кеткен чыгымдардын көбөйүшүнө алып келиши мүмкүн, бул тарифтердин жана баалардын өсүшүнө, демек кардардын сарптоолорунун өсүшүнө да алып келет.  

 

Таламдар тобуна күтүлүүчү натыйжалар: 

Мамлекет үчүн:  

- республикада криминогендик жагдайдын төмөндөшү

- экономиканын көмүскө секторунун азайышы; 

- мамлекеттик бюджетке салыктык түшүүлөрдүн артышы; 

- камсыздандыруу кызмат көрсөтүүлөр рыногунун өнүгүшү

- жана башкалар. 

 

Инкассациялоо кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануучулар үчүн  

- тейлөө сапатынын жогорулашы; 

- жол жүрүп баратканда баалуулуктарды жоготуп алган учурда зыяндын ордун - толтуруп берүү мүмкүнчүлүгү

- жана башкалар. 

 

в) Ишке ашыруу тобокелдиктери  

Акча каражаттарын инкассациялоо жана баалуулуктардын ташып жеткирүү кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо боюнча уюмдардын иши алар үчүн гана мүнөздүү эмес, кызмат көрсөтүүлөрдүн түпкү керектөөчүлөрүнө да тиешелүү бир катар тобокелдиктер менен коштолгон. Иштин ушул чөйрөсүндө орун алган негизги тобокелдиктерден болуп төмөнкүлөр саналат: операциялык, аброй жана укуктук. 

Операциялык тобокелдикти алдын алуу инкассациялык уюмдардын ишине лицензиялык орган тарабынан контролдукту жүргүзүү, ташып жеткирүүлөрдү коргоо системаларын өркүндөтүү, ташып жеткирүү боюнча өзгөчө эрежелерди жана нускоолорду сактоо, маалыматты коргоо аркылуу жүзөгө ашырылат. 

Аброй тобокелдиги аталган уюмга карата коомдо терс ой-пикир жараткан ташып жеткирүүчүнүн сыяктуу эле, үчүнчү жактардын да иш-аракеттеринин натыйжасында мүмкүн болуучу чыгымдар менен байланыштуу. Чыгымдар уюмдун тике акча жоготуулар менен сыяктуу эле, кардардык базасынын кыскарышы аркылуу кыйыр жоготуулар менен да көрсөтүлүшү мүмкүн.  

Укуктук тобокелдиктин келип чыгышына өбөлгө түзгөн факторлорго инкассациялык уюмдарда колдонулган эрежелердин жана ченемдик укуктук актылардын колдонуудагы мыйзамдарга ылайык келбеши же болбосо инкассациялык уюм же алардын кардарлары тарабынан колдонуудагы мыйзамдардын бузулушу кирет.  

г) Укуктук талдап-иликтөө 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында инкассациялык иш жөнүндө» мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык укук нормаларына каршы келбейт, кароого алынып жаткан мыйзам башка мыйзамдарды кайталабайт жана иштеп чыгуучулар тарабынан инкассациялоо ишин жөнгө салуу жана Кыргыз Республикасында инкассатордук кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүн андан ары өнүктүрүү максатында сунушталган.  

Сунушталып жаткан мыйзам долбоору документтин мындай түрүн иштеп чыгуу талаптарына жооп берет, башка ченемдик укуктук актыларга, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана эл аралык укук нормаларына каршы келбейт.  

 

Мыйзам долбоорунун текстинде ченемдик укуктук актылардын ишке ашырылган талаптары 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 4-беренесинде менчиктин жеке, мамлекеттик, муниципалдык жана башка түрлөрү таанылат жана корголот. 

Менчик кол тийгис. Эч ким өз мүлкүнөн жөндөн-жөн ажыратылбайт, менчик ээсинин эркинен тышкары аны алып коюуга соттун чечими менен гана жол берилет. 

Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 222-беренесине ылайык, менчик ээси өзүнө таандык мүлккө карата мыйзамдарга каршы келбеген жана башка жактардын укуктарын жана мыйзам тарабынан корголгон таламдарын бузбаган ар кандай аракеттерди жасоого укуктуу.  

«Кыргыз Республикасында инкассациялык иш жөнүндө» мыйзам долбоорунда белгиленген нормаларды ишке ашыруу үчүн «Кыргыз Республикасында лицензиялык-уруксат берүү системасы жөнүндө» мыйзамында тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгын көрсөтүүгө тийиш, атап айтканда:  

15-берене төмөнкү мазмундагы 61-пункт менен толукталсын: 

«61) акча каражаттарын жана баалуулуктарды инкассациялоо жана ташып жеткирүү боюнча иш.» 

 

д) Экономикалык талдап-иликтөөнүн негизги тыянактары  

Улуттук банктын маанилүү иш багытынан болуп республиканын экономикасынын нак акчага керектөөсүн өз учурунда камсыз кылуу саналат.  

Жүгүртүүдөгү акчанын жалпы суммасы 2016-жылдын 1-октябрына карата 70 605,7 млн сомду түзгөн.  

Акыркы беш жыл ичинде жүгүртүүдөгү акчанын жалпы суммасы 63,1%га өскөн, бул республиканын экономикасын тейлөө үчүн нак акчага болгон жогорку керектөө тууралуу тастыктап турат. 2011-2016-жылдар аралыгындагы жүгүртүүдөгү акчанын өзгөрүү динамикасы төмөнкү таблицада келтирилет: 

млн сом 

2011-жыл 

2012-жыл 

2013-жыл 

2014-жыл 

2015-жыл 

2016-жыл 

43 290,3 

49 866,9 

58 252,2 

66 954,1 

57 074,6 

70 605,7 

 

Экономикада байкалган акчанын өсүшүнүн жалпы тенденциясы экономиканын нак акчага болгон туруктуу муктаждыгы менен гана эмес, социалдык топтом боюнча мамлекеттик төлөөлөрдүн туруктуу жогорулашы менен шартталган.  

Нак акчанын коммерциялык банктардын кассаларына келип түшүүсү 2015-жыл үчүн 1 036,7 млрд сомду түзгөн, бул 2014-жылдагыга караганда 1,8 пайызга көп, коммерциялык банктардын кассаларынан нак акчаны берүү 2,8 пайызга өсүп, 1 041,0 млрд сомду түзгөн.  

Жүгүртүүдөгү акчанын өсүшү жана андан улам коммерциялык банктардын кассалары аркылуу өтүүчү нак акчанын жүгүртүлүшүнүн жыл сайын көбөйүшү аларды ташып жеткирүүдө жана инкассациялоодо керектөөсүнүн өсүш динамикасына алгылыктуу таасир тийгизет.  

 

Бизнеске кеткен чыгымдарды эсептөө

Ченемдик укуктук актынын сунушталып жаткан долбоорун кабыл алган учурда бизнестин күтүлүүчү чыгымдары төмөнкүчө болот: 

- Тике чыгымдар төмөнкүлөрдөн турат: 

- лицензияны алуу боюнча 300 сом өлчөмүндө чыгашалардан; 

- камдык фондуну түзүү инкассациялык ишти жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу органдын лицензиясын алуу шарттарынын бири болуп саналгандыктан, зыянды калыбына келтирүү боюнча минималдуу камдык (камсыздандыруу) фондун түзүү үчүн 10 млн сом өлчөмүндө чыгымдардан;  

- уставдык капиталды түзүү үчүн 10 млн сом өлчөмүндө чыгашалардан. 

- ыйгарым укуктуу органдын белгиленген талаптарына дал келген атайы транспорттук каражаттарды сатып алууга кеткен чыгымдардан; 

- Кыргыз Республикасынын «Курал жөнүндө» мыйзамына ылайык атайы курал-жарак сатып алууга кеткен чыгымдардан; 

- байланыш каражаттарына жана жеке коргоо каражаттарына (радиостанциялар, ок өтпөс жилеттер жана башкалар) кеткен чыгымдардан;  

- жүктү жана кызматкерлердин өмүрүн камсыздандыруудан. 

- Кыйыр чыгымдар жана башка ушундай эле чыгашалардан турат. 

а) Инкассациялоо бөлүмүнүн кызматкерлеринин өмүрүн жана ден соолугун коргоо, нак акча каражаттарын жана баалуулуктардын аларды ташып жеткирүүдө жана инкассациялоодо сакталышын камсыз кылуу ыкмаларынын бири болуп атайы брондолгон транспорттук каражаттарды пайдалануу саналат.  

Атайы брондолгон транспортту сунуштоо кызмат көрсөтүүлөр рыногунда даярдоочу ишканалар тарабынан автоунааларды брондоонун төмөнкүдөй түрлөрү сунушталат:  

Заводдук брондоо автоунааны брондоо процесси түздөн-түз автоунааны даярдаган заводдо (Форд, Мерседес, Фольксваген, Тойота, Ауди ж.б.у.с) жүргүзүлөт. Мында, автоунаа атайы кузов менен жабдылат, ал негизинен ашыкча жүк көтөрүү үчүн каралган жана тирөөчү конструкция болуп саналат, брондолгон автоунаа үчүн каралган, сериялуу автоунаанын тетиктеринен айырмаланган атайы агрегаттар жана тетиктер орнотулат. Автоунаа текшерүүнүн толук комплексинен өтүп, ишенимдүүлүктүн зор эксплуатациялык ресурска ээ. Анын кемчилигинен болуп төмөнкүлөр саналат: наркынын, анын ичинде сервистик тейлөө жана ремонттоо наркынын жогору болуусу. Бузулгандардын ордуна түздөн-түз даярдаган заводдон агрегаттарды жана тетиктерди сунуштоого буюртманы жайгаштыруу зарылчылыгынан улам, оңдоо иштеринин узактыгы.  

Заводдон кийинки брондоо бардык брондолгон элементтер (каалгалар, маңдайкы жана каалга терезелери) менен атайы брондолгон капсула, кайсы болбосун маркадагы сериялуу автоунаага кузовдун ички жагынан орнотулат. Мында, сериялуу автоунаанын кузову брондолгон капсулага жана анын салмагына каралган эмес, кузовдун салмагын жогорулатууга алып келген аны жеткире иштеп чыгуу иши жүргүзүлүүдө. Заводдон кийинки брондолгон автоунаа заводдук брондолгондон кыйла төмөн наркы, автоунаалардын брондолуучу моделдеринин олуттуу ассортименти, брондоо мөөнөтү аз болушу, брондоо үчүн материалдарды тандоо мүмкүнчүлүгү жана коргоо классы, комплектацисыя жана кайра жабдылышы менен айырмаланат.  

Анын кемчилигинен болуп төмөнкүлөр саналат: Эксплуатациялык ишенимдүүлүк ресурсунун төмөн болушу, базалык сериялуу автоунаанын илмегинин жана трансмиссиясынын штаттык түйүндөрүнүн ашыра жүктөлүшүнөн улам негизги түйүндөрүн, тетиктерин жана агрегаттарын бат-баттан сервистик тейлөө жана оңдоо. 

Автоунаанын салмагынын көбөйүшү жана андан улам кузовго жана башка маанилүү тетиктерге жүктөмүнүн жогорулашы, туруктуу негизде тейлөөгө жана ремонттон өтүшүн талап кылган кузовдун күч элементтеринин металлынын эскилиги жетишинен улам, брондолгон автоунаанын эксплуатациялык ресурсу сериялуу автоунаанын ресурсунан 25-30%га төмөн экендигин эске алуу менен кардарларды нак акчаны инкассациялоо жана баалуулуктарды ташып жеткирүү боюнча натыйжалуу жана үзгүлтүксүз тейлөө үчүн инкассациялык уюм резервдик брондолгон автоунаага ээ болуусу жана аны техникалык жактан тейлөөгө алынышына (күтүүгө) кеткен олуттуу чыгашаларды пландаштыруусу зарыл.  

Нак акчаны инкассациялоо жана баалуулуктарды ташып жеткирүү кызмат көрсөтүүлөрүнө карата тарифтерди белгилөөдө инкассациялык уюм тарифке брондолгон автоунааны амортизациялоого, техникалык тейлөөгө жана оңдоого кеткен чыгашаларды киргизүүгө мажбур болот, мында, банк тарабынан эгер ал инкассациялоо кызмат көрсөтүүсүн сунуштаган болсо, нак акча каражаттарын иргөөгө карата тарифтерди көбөйтүшү мүмкүн. Мындан тышкары, учурда инкассациялоо кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоодо тарифте кызматтык курал-жаракты амортизациялоого, инкассаторлорду күтүүгө жана даярдоого кеткен чыгашалар камтылат.  

Бишкек шаары боюнча кызмат көрсөтүүлөргө карата тарифти эске албаганда, инкассация бөлүмүн жана транспорттук каражаттарды күтүү наркын эсептөө

 

1) Сериялуу автоунаада жабдылган инкассатордук транспорттук каражатты пайдаланууда:  

 

№ п.п. 

Чыгашалардын аталышы 

Транспортко, персоналдыкүтүүгө кеткен чыгашалар  

Бирдиктердин саны 

Мезгил, ай 

Наркы, сом 

Бир айда жумуш сааттарынын саны  

1 жумуш саат үчүн баасы, сом 

Автоунааларды амортизациялоо 

1 400 000 

29 167 

160 

182,29 

Автоунааларды ремонттоо 

40 000 

  

12 

40 000 

20,83 

Машина майы, 1 л 

450 

  

450 

2,81 

Гаражды ижарага алуу 

1 500 

  

1 500 

9,38 

Айдоочунун эмгек акысы  

30 000 

30 000 

187,50 

Инкассатордун эмгек акысы  

30 000 

60 000 

375,00 

Курал-жаракты амортизациялоо  

26 000 

2 167 

13,54 

 

Жыйынтыгында чыгашалар: 

  

  

  

  

  

791,35 

 

1 жумуш сааты үчүн бензинди эске албаганда чыгашалар, сом 

791,35 

Узактыгы, час 

1,30 

Бензинди чыгымдоо (35км*13,50л/100км*38,0сом), сом 

179,55 

Жыйынтыгында, сом: 

1 208,31 

Бардыгы болуп бир айда (20 рейс), сом: 

24 166,21 

 

2) Брондолгон автоунаада жабдылган инкассатордук транспорттук каражатты пайдаланууда: 

 

№ п.п. 

Чыгашалардын аталышы  

Транспортко, персоналдыкүтүүгө кеткен чыгашалар 

Бирдиктердин саны 

Мезгил, ай 

Наркы, сом 

Айына жумуш сааттарынын саны  

1 жумуш саат үчүн баасы, сом 

Автоунааны амортизациялоо 

3 400 000 

70 833 

160 

442,71 

Автоунааны ремонттоо 

60 000 

  

12 

60 000 

31,25 

Машина майы, 1 л 

650 

  

650 

4,06 

Гаражды ижарага алуу 

1 500 

  

1 500 

9,38 

Айдоочунун эмгек акысы  

30 000 

30 000 

187,50 

Инкассатордун эмгек акысы  

30 000 

60 000 

375,00 

Курал-жаракты амортизациялоо 

26 000 

2 167 

13,54 

 

Жыйынтыгында чыгашалар: 

  

  

  

  

  

1063,44 

 

 

1 жумуш сааты үчүн бензинди эске албаганда чыгашалар, сом 

1 063,44 

Узактыгы, час 

1,30 

Бензинди чыгымдоо (35км*25,00л/100км*38,0сом), сом 

332,50 

Жыйынтыгында, сом: 

1 714,97 

Бардыгы болуп бир айда (20 рейс), сом: 

34 299,38 

 

Брондолгон автоунааны эксплуатациялоого кеткен чыгашалар инкассациялык уюмдун географиялык жайгашуусун, сервистик тейлөөнүн абалын, инкассация кардарынын алыстыгын эске алуу менен эсептелинет, ал эми ремонттор аралык мезгил жол кыртышынын абалынан көз каранды, мунун бардыгы тарифтин белгиленишине таасир этет. Мында, сериялуу автоунааны белгилүү бир капиталдык ремонт иштерин жүргүзгөндөн кийин 10 жылга чейинки мөөнөткө, ал эми брондолгон автоунааны бардык ремонт иштерин натыйжалуу жана өз убагында жүргүзгөн учурда 5-7 жылга чейин пайдаланууга болорун эске алуу зарыл. Аны андан ары пайдалануу же сатуу дээрлик мүмкүн эмес. 

Инкассатордук транспорттук каражат катары сериялуу брондолбогон автоунаанын ордуна брондолгон автоунааны пайдалануу үчүнчү жактар тарабынан жасалган укукка каршы аракеттерден улам, инкассаторлордун өмүрү жана ден соолугуна коркунуч келтирүү, ташып жеткирилүүчү баалуулуктардын сакталышы тобокелдиктерин кыйла азайтат. Бирок, мында инкассатор жана автоунаадан кассага чейинки (же тескерисинче) жөө бара жаткан учурда ал алып бара жаткан нак акча каражаттары кол салуунун негизги объектисинен болгон жана болуп кала берет. Автоунаадан түшүрүүдө же автоунаага салууда жана жөө басып бара жатканда инкассатордун жана ал алып бара жаткан нак акчанын коопсуздугуна тиешелүү бир катар талаптарды аныктоо анын негизги милдетинен болуп саналат.  

Проблема: Инкассатордук транспорт каражаты катары брондолгон автоунааны пайдалануу:  

- инкассациялык уюмдун (коммерциялык банктын) аны сатып алууга, техникалык жактан тейлөөгө жана ремонтко кеткен чыгашалар көбөйөт;  

- нак акча каражаттарын инкассациялоо жана баалуулуктарды ташып жеткирүү кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоодо Бишкек шаары боюнча, региондордо тарифтер кеминде 30 % жогорулайт, мында калкты кассалык тейлөөгө карата тарифтер көтөрүлөт; 

үчүнчү жактар тарабынан жасалган укукка каршы аракеттерден улам, инкассаторлордун өмүрүнө жана ден соолугуна, ташып жеткирилүүчү баалуулуктардын сакталышына коркунуч келтирүү тобокелдигин азайтат; 

Проблеманы чечүү: Брондолгон автоунаанын баасы жогору болгондуктан, инкассатордук кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүнүн катышуучулары үчүн техникалык каражаттарды кайра жабдууга жеңилдетилген мезгил берүү зарыл. Акырындык менен так аныкталган убакыт аралыгында кеминде 5 жыл мөөнөттө брондолбогон автоунааларды брондолгон автоунааларга алмаштырууну ишке ашыруу зарыл. Бул мезгилде кардарлар жана уюм үчүн зыян келтирүүсүз инкассатордук транспорттук каражаттар паркын брондолгон автоунаага алмаштырса болот.  

в) Учурда акча каражаттарын инкассациялоо жана баалуулуктарды ташып жеткирүү ишин төмөнкүлөр ишке ашырып келет:  

- «Кыргыз инкассациясы» ЖАК нак акча каражаттарын инкассациялоонун жана ташып жеткирүүнүн акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрүн коммерциялык банктарга, финансы-кредит мекемелерине сунуштап келет

- Коммерциялык банктар жеке нак акча каражаттарын ташып жеткирүү үчүн инкассациялоонун акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоосуз эле, түзүмдүк бөлүмдөрдүн (филиалдардын) бекемдөө алуусун камсыз кылуу максатында;  

- Коммерциялык банктар жеке нак акча каражаттарын ташып жеткирүү үчүн ар кандай уюмдарга инкассациялоонун акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрүн кошумча сунуштоо менен түзүмдүк бөлүмдөрдүн (филиалдардын) бекемдөө алуусун камсыз кылуу максатында;  

- Ички иштер министрлигинин мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгы, менчик күзөт агенттиктери келишимдин жана «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө» мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 20-июлундагы №538 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгы жөнүндө» жобонун, Жеке күзөт агенттигинин уставынын негизинде коммерциялык банктын, финансы-кредит мекемесинин, уюмдун баалууктары менен куралдуу кайтаруу жана кассирди (кызматкерди) коштоо аркылуу.  

Проблема:  

- Учурда Инкассация нак акча каражаттарын бир пункттан экинчи пунктка күзөт жана куралдуу коштоо аркылуу пломбаланган инкассатордук сумкада, так аныкталган маршрут жана график боюнча атайы транспорт каражатында кадимки транспортировкалоо (ташып жеткирүү) катары кароого алынууда.  

- Инкассатор нак акча каражаттарынын коопсуздугун жана сакталышын, акча салынуучу баштыктарды кабыл алууну жана өткөрүп берүүнү камсыз кылуу милдети менен куралдуу сакчы катары кароого алынат.  

- Нак акча каражаттарын инкассациялоону ишке ашырган, нак акча каражаттарын жана коопсуздукту камсыз кылуу чараларын уюштуруу боюнча талаптарды жана эрежелерди аныктаган уюмга карата жалпы талаптарды жөнгө салган жана аныктаган ченемдик документтер иштелип чыга элек;  

Инкассация кайсы иштин түрүнө кире тургандыгы боюнча так түшүнүк жок. 

Проблеманы чечүү

Эгерде инкассациялоону куралдуу коштоо жана кайтаруу менен нак акча каражаттарын транспортировкалоо (ташып жеткирүү) жана инкассаторду куралдуу сакчы катары гана кароого ала турган болсок, анда «Кыргыз Республикасында менчик детективдик жана күзөт иши жөнүндө», «Курал-жарак жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө» мыйзамдары гана жетиштүү.  

Негизинен, инкассация бул, соода түйүндөрүнүн, ошондой эле ишканалардын, уюмдардын кассаларынын, коммерциялык банктардын, финансы-кредит уюмдардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн нак акча каражаттарын, касса калдыктарын (ашыгын) банктардын кассаларын кийинчерээк алардын эсебине чегерилиши менен так аныкталган эрежелер боюнча кабыл алуу (өткөрүп берүү). 

Эгерде нак акча каражаттарын инкассациялоо боюнча айта кетсек, анда ал нак акча жүгүртүлүшүнүн колдонуудагы системасынын бөлүгү болуп саналат. Анткени, нак акча каражаттарын инкассациялоодо тараптардын бири банк же финансы-кредит мекемеси милдеттүү түрдө катышат. 

Нак акча каражаттарын инкассациялоону бир нече баскычтарга бөлүп көрсөтсө болот: акча каражаттарын инкассациялоого (өткөрүп берүүгө) даярдоо, кайра эсептөө жана таңгактоо, коштомо чыгыш-кассалык документтерин даярдап, инкассаторго (ишканага) өткөрүп берүү, ташып жеткирүү, банктын (кредит мекемесинин) кассасына кабыл алуу, тиешелүү банктык эсепге чегерүү. Банктын (кредиттик мекеменин) кассасы ошондой эле өткөрүп берилүүчү нак акчаны кайра эсептөө боюнча операцияларды жүргүзүп, коштомо документтеринин маалыматтарынын дал келүүсүн, өткөрүп берилүүчү купюралардын аныктыгын жана бүтүндүгүн текшерип, бракка чыгарууну жүргүзүп, кириш кассалык документтерди тариздейт жана кардардын тиешелүү эсебине чегерет. Мында, банк (кредит мекемеси) өз кардарларынын таламдарын эске алуу менен түздөн-түз инкассацияны уюштуруу боюнча иш алып барып, аны жүргүзүү тартибин жана графигин, ошондой эле коопсуздукту камсыз кылуу чараларын жана тиешелүү эсепке алынышын аныктайт. 

Тыянак:  

Инкассацияны уюштуруунун негизги катышуучусунан болуп банк саналат жана ал кассалык иш менен бирге кароого алынууга тийиш, ал эми инкассациялык уюм катары банктан тышкары, нак акчанын сакталышын камсыз кылуу боюнча тиешелүү талаптардын аткарган айрым кассалык операцияларды ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ уюм боло алат.  

Инкассаторду ок атуучу куралды колдоно билүү көндүмдөрүнөн тышкары, кассалык иш боюнча ченемдик документтерди билген кассалык кызматкерлердин бири катары кароого алуу зарыл;  

«Кыргыз Республикасында инкассациялык иш жөнүндө» мыйзам кабыл алынган учурда инкассацияны уюштурууга, нак акчаны ташып жеткирүүдө, сактоодо коопсуздукту жана сакталышын камсыз кылуу талаптарын аныктаган ченемдик документтерди иштеп чыгуу; кассалык иш боюнча ченемдик документтерге каршы келбеген инкассация эрежелерин аныктоо зарыл.  

Инкассацияны жогоруда айтылгандардын негизинде иштин бир түрү катары так түшүнүгүн аныктоо баарыдан мурда, банк тутуму үчүн мүнөздүү болгон кассалык (техникалык) тейлөөгө киргизүү зарыл. Күзөт ишканалары Ички иштер министрлигинин мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгы жана ЧОПтор инкассация менен иш алып барууга тийиш эмес, алар кардарларды баалуулуктары менен коштоо жана баалуу жүктөр боюнча гана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштай алат.  

Тобокелдиктерди талдап-иликтөө: Инкассатордук транспорт каражаты катары сериялуу брондолбогон автоунаанын ордуна брондолгон автоунааны пайдалануу үчүнчү жактар тарабынан укукка каршы жасаган аракеттеринен улам, инкассаторлордун өмүрүнө жана ден соолугуна, жеткирип берилүүчү баалуулуктардын сакталышына коркунуч келтирүү тобокелдиктерин азайтат. Бирок, ошондой эле автотранспорттон кассага чейин (же тескерисинче) жөө басып бара жаткан учурда инкассатор жана ал алып бара жаткан нак акча каражаттары кол салуунун объектисинен болгон жана болуп кала берет. Автоунаага салган/автоунаадан алып жаткан жана жөө басып бара жаткан учурда, инкассатордун жана ал алып бара жаткан нак акча каражаттарынын коопсуздугуна тиешелүү бир катар талаптарды аныктап алуу негизги милдеттен болууга тийиш.  

Нак акча каражаттарын инкассациялоодо ыйгарым укуктарынан аша чабуусунан жана кызматтык милдеттерин кыянаттык менен пайдалануудан улам, уурдоолор орун алышы мүмкүн. Инкассация маршруту жана графиги, кирүү жолдорунун абалы, жүктөө (алып түшүрүү) жерин, кассалык түйүндөр тууралуу маалыматтарды иштеп жаткан жана мурдагы кызматкерлер тарабынан таратуудан улам да болушу мүмкүн.  

Проблеманы чечүү:  

Банктын (кредит мекемесинин) кассалык түйүнүнө түздөн-түз туташкан кирүү жолдорунун, инкассатордук кирүү жолдорун, ар түрдүү жабык шлюздарды милдеттүү түрдө жабдуу жөнүндө техникалык бекемдүүлүгү талаптарын белгилөө

Жумуш берүүчү инкассаторлор, анын ичинде топ менен материалдык жоопкерчилик жөнүндө келишимди түзүүсү зарыл.  

Инкассация маршруту жана графиги тууралуу маалыматтарды коммерциялык сырды түзгөн маалыматтарга киргизүү, аталган маалыматтардын сактоо шарттарын камсыз кылуу, ушул маалыматтардын таркалып кетиши үчүн жоопкерчилик чарасын аныктоо зарыл. 

Сунушталып жаткан ченемдик укуктук актыны кабыл алууда бизнестин пайдасы акча каражаттарын жана баалуулуктарды ташып жеткирүүгө байланыштуу тобокелдиктердин төмөндөтүүдө, ошондой эле кардарлардын, аманатчылардын каражаттарынын ишенимдүү сакталышын камсыз кылууда, ошондой эле кардарлардын жана банктардын мүмкүн болуучу жоготууларын алдын алууда турат.  

Мамлекеттин чыгымдарын эсептөө 

Ченемдик укуктук актынын ушул долбоору кабыл алынган учурда мамлекеттин тике жана кыйыр чыгымдары бир аз эле болот, анткени документтерди кароого алуу жана лицензия берүү, ошондой эле лицензиянын талаптарынын жана шарттарынын сакталышы үчүн көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине өткөрүп берүү сунуш кылынууда. «Курал-жарак жөнүндө» мыйзамга ылайык, курал алып жүрүүгө тиешелүү уруксат берүү боюнча милдеттер Ички иштер министрлигине жүктөлгөн, кылмыштардын жана соттолгон адамдардын картотекасы жүргүзүлүүдө, Ички иштер министрлигинин Патрулдук милициянын башкы башкармалыгы атайы автоунааларга контролдукту жүргүзөт. Иш жүзүндө нак акчаны ташып жеткирүүгө жана инкассациялоого тиешелүү бардык маселелер Ички иштер министрлигинин компетенциясына кирет, бул акча каражаттарын инкассациялоо жана баалуулуктарды ташып жеткирүү боюнча иштин лицензиары катары аны белгиленишин божомолдойт.  

Ички иштер министрлигинде иштин ушул түрүн лицензиялоо ишин Коомдук коопсуздук башкы башкармалыгы жүзөгө ашырат, бул иштерди аткаруу кандайдыр-бир штаттык бирдиктерди ачууну талап кылбайт, бул министрликтин, демек, мамлекеттин кошумча чыгым болбоосуна өбөлгө түзөт.  

Ички иштер министрлигинин инкассациялык иштин лицензиары милдетин алуудан баш тарткан учурда, инкассациялык иштин лицензиарынын милдетин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берүү вариантын карасак болот. Бул учурда республиканын бюджетинен эч кандай чыгым болбойт, анткени бардык чыгашалар Улуттук банктын бюджетинен жүзөгө ашырылат.  

Мамлекеттик пайдасын эсептөө 

Ченемдик укуктук актынын сунушталып жаткан долбоору кабыл алынган учурда, мамлекеттин узак мөөнөттүк мезгил ичинде күтүлүүчү пайдасы төмөнкүдөй болот: 

- банктардын, ишканалардын, уюмдардын жана жеке адамдардын акча каражаттарынын жана баалуулуктарынын жеткирип берүү жана сакталышы коопсуздугун камсыз кылуу; 

- мамлекеттин акча каражаттарын инкассациялоону жана баалуулуктарды ташып жеткирүү ишин жүзөгө ашырган юридикалык жактардын салыктык чегерүүлөрүнүн өсүшүнүн эсебинен кошумча киреше алуусу, атаандаштыктын өнүгүүсү жана андан улам кызмат көрсөтүүлөрдүн ушул түрүн сунуштоо сапатынын жогорулашы.  

Атаандаштыкка таасир этүүсүнө талдап-иликтөө 

Мыйзам долбоорун кабыл алуу атаандаштыкка тике таасир этпейт, анткени инкассатордук кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүнүн бардык катышуучулары үчүн бирдей шартта иш алып барууга шарт түзөт. 

Коомдук талкуулоонун натыйжалары 

Нак акча каражаттарын инкассациялоого жана баалуулуктарды ташып жеткирүүгө байланыштуу маселелерди изилдөө №1 бөлүктөгү көрсөтүлгөн проблемалар көпчүлүк өлкөлөрдө орун алган жана булар чечилүүчү көйгөйлөр. Инкассациялык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүнүн ишин учурда укуктук вакуумда турат жана ал алдыңкы өлкөлөрдүн деңгээлинин жок дегенде минималдуу деңгээлине ылайык келтирилүүгө тийиш. Бул үчүн ченемдик укуктук актыларды жана тиешелүү документтерди эл аралык стандарттарга жана сунуш-көрсөтмөлөргө ылайык келтирүүсү зарыл. 

 

3 вариант: «Инкассациялоо иш багытын лицензиялоону колдонууга киргизүүсүз « Кыргыз Республикасында инкассациялык иш жөнүндө» мыйзамды кабыл алуу 

а) Жөнгө салуу ыкмасы 

Инкассация маселелери боюнча ченемдик укуктук базанын жоктугунан улам, ошондой эле нак акча каражаттарын ташып жеткирүүдө талаптагыдай коопсуздукту камсыз кылуу үчүн бүтүндөй инкассация иш багыты менен алектенген субъекттерге карата минималдуу талаптарды аныктаган «Кыргыз Республикасында инкассациялык иш жөнүндө» мыйзамды кабыл алуу зарыл. Мыйзам кабыл алынгандан кийин Улуттук банк менен Ички иштер министрлиги тарабынан биргеликте иштелип чыккан жана бектилген «Кыргыз Республикасында инкассациялык иш жөнүндө» жобо түрүндөгү мыйзамдык ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу талап кылынууда. Аталган жобо акча каражаттарын инкассациялоо жана баалуулуктарды ташып жеткирүү ишин жүзөгө ашырган юридикалык жактар үчүн мыйзам менен катар эле негизги документ болуп саналат. Улуттук банк менен Ички иштер министрлигине бул жобо тиешелүү уюмдардын ишине талап кылынган көзөмөлдүктү жүзөгө ашырууга өбөлгө түзөт. Улуттук банк анын негизинде коммерциялык банктардын ишине, ал эми министрлик ушул рынокто иш алып барган чарба жүргүзүүчү калган уюмдарга көзөмөлдүктү жүзөгө ашырат. 

б) Жөнгө салуучу таасир 

Мыйзамдын кабыл алынышынан улам, күтүлүп жаткан натыйжалар: 

Инкассациялык ишти аркалаган субъекттердин ишин жөнгө салуу төмөнкүлөргө өбөлгө түзөт: 

- ташып жеткирүүнү ишке ашырган автоунаалардын сапатын жакшыртууга;  

- инкассация кызматынын кадраларынын кесипкөйлүүгүн жогорулатуу аркылуу криминалдык элеметтерге жол бербөө;  

- баалуулуктарды жоготуп алуунун камсыздандыруу учурлары келип жеткен шартта кардарга чыгымдын ордун төлөп берүүнү камсыз кылуу; 

- акча каражатын инкассациялоо жана баалуулуктарды ташып жеткирүүдө коопсуздук шарттарын камсыз кылуу; 

- Кыргыз Республикасында рыноктун ушул сегментинин бардык катышуучулары үчүн бирдей атаандаштык шарттарын түзүү

Мыйзамдын кабыл алынышынан улам, күтүлүп жаткан алгылыктуу натыйжалар төмөнкүлөр аркылуу туюндурулат

- бирдиктүү талаптарды белгилөө жана рыноктун бардык катышуучулары үчүн иш алып барууну камсыз кылуу; 

- атаандаштыкты арттыруу жана ушул рынокто монополияга жол бербөө

- сунушталып жаткан инкассатордук кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу; 

- акча каражаттарынын, баалуулуктарды ташып жеткирүүнүн жана аларды сактоонун коопсуздугун чыңдоо. 

Мыйзамдын кабыл алынышынан улам, келип чыгышы ыктымал болгон кесепеттер төмөнкүлөр аркылуу туюндурулат:  

Мыйзамдын кабыл алынышы инкассациялык уюмдардан техникалык жабдууларга сарптоолорду артырууга алып келиши мүмкүн, бул тарифтердин жана эсептөөлөрдүн өсүшүнө, демек кардарлардын сарптоолорунун көбөйүшүн шарттайт.  

Мамлекет үчүн күтүлүп жаткан натыйыжалар: 

республикада орун алып жаткан криминогендик жагдайды басаңдатуу; 

- камсыздандыруу кызмат көрсөтүү рыногун өнүктүрүү

- ж.б. 

Инкассация кызмат көрсөтүүсүнөн пайдалануучулар үчүн күтүлүп жаткан натыйыжалар: 

- тейлөө сапатынын жогорулоосу; 

- ташып келе жатканда баалуулуктардын жоголуп кетишинен улам келип чыккан чыгымдардын ордун толуктап берүү мүмкүнчүлүгү

- ж.б. 

в) Орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктер  

Акча каражттарын инкассациялоо жана баалуулуктарды ташып жеткирүү кызматын сунуштаган уюмдардын иши бир эле аларга эмес, түпкү пайдалануучуларга да таасирин тийгизген бир катар тобокелдиктер менен коштолот. Операциялык, аброй тобокелдиги жана укуктук тобокелдик ушул иш чөйрөсүндөгү негизги тобокелдиктен. Ушул вариантта операциялык тобокелдикке бөгөт коюу ташып жеткирүүнү коргоого алуу системасын өркүндөтүү, өзгөчө эрежелерди жана нускоолорду так сактоо, маалымат коопсуздугун камсыз кылуу арыклуу ишке ашырылат.  

Аброй тобокелдиги ташып жеткирүүчүнүн өзүнүн сыяктуу эле, үчүнчү жактардын ошол уюмга карата коомдук терс пикирди жараткан алгылыксыз иш аракетинин натыйжасында келип чыгышы мүмкүн. Чыгымдар акчалай жоготуу түрүндө сыяктуу эле, уюмдун кардар базасынын кыскарышы аркылуу кыйыр жоготуу түрүндө чагылдырылышы мүмкүн. 

Инкассация уюмдары өз ишинде таянган эрежелердин жана ченемдик укуктук актылардын колдонуудагы мыйзамдарга ылайык келбеши же икассация уюму же алардын кардарлары тарабынан мыйзам талаптарын бузууга жол берилиши укуктук тобокелдиктин келип чыгышын шарттаган фактордон болуп саналат.  

 

г) Укук чегинде талдап-иликтөөлөр  

Кароого сунушталып жаткан мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана эл аралык укук нормаларына каршы келбейт. Мыйзам долбоору башка мыйзамдарды кайталабайт жана иштеп чыгуулар тарабынан республикада ушул кызмат көрсөтүү чөйрөсүн андан ары өнүктүрүүгө дем берүү максатында сунушталган.  

Мыйзам долбоору ушул түрдөгү документти иштеп чыгуу талаптарына жооп берет жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, колдонуудагы мыйзамдарына, эл аралык укук нормаларына каршы келбейт.  

 

Мыйзам долбоорунда ченемдик укуктук актылардын камтылышы. 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 12-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасында менчиктин ар кандай түрлөрү таанылат жана жеке, мамлекеттик, муниципалдык жана башка менчик түрлөрүн тең укуктуу корголушуна кепилдик берилет. Менчик кол тийгис. Эч ким өзүм билемдик менен мүлкүнөн ажыратылышы мүмкүн эмес. Менчик ээсинин эркинен тышкары мүлктү алып коюуга соттун чечими менен гана жол берилет 

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 222-беренесинде менчик ээси өзүнө таандык мүлк менен мыйзамдарга каршы келбеген, башка жактардын укуктарына жана мыйзамдуу таламдарына кедергисин тийгизбеген кандай болбосун аракеттерди ишке ашыруугу укуктуу экендиги белгиленген..  

 

д) Экономикалык талдап-иликтөөнүн негизги тыянагы  

Республиканын экономикасынын нак акча каражатына болгон керектөөсүн өз учурунда камсыз кылуу Улуттук банктын маанилөө иш багытынын бири болуп саналат.  

2016-жылдын 1-октябрына карата абал боюнча жүгүртүүдөгү акчанын жалпы суммасы 70 605,7 млн сом чегинде катталган. 

Акыркы беш жыл аралыгында жүгүртүүдөгү акчанын жалпы суммасы 63,1% өскөн, бул экономиканы тейлөө үчүн нак акчаны керектөө жогору экендигин тастыктайт. Төмөндө келтирилген таблицада 2011-2016-жылдар аралыгында жүгүртүүдөгү акчанын өзгөрүү динамикасы айкын чагылдырылган:  

млн сом 

2011-ж. 

2012-ж. 

2013-ж. 

2014 -ж. 

2015-ж. 

2016-ж. 

43 290,3 

49 866,9 

58 252,2 

66 954,1 

57 074,6 

70 605,7 

 

Экономикада акчанын байкалып жаткан жалпы өсүш тенденциясы экономиканын нак акчага болгон туруктуу керектөөсүнөн гана эмес, социалдык маселелер боюнча мамлекеттик төлөөлөрдүн улам артышы менен шартталган.  

Коммерциялык банктардын кассасына 2015-жыл ичинде нак акчанын түшүүсү 1 036,7 млрд сомду түзгөн, бул 2014-жылга салыштырганда 1,8 көп, ал эми кассалардан берүүлөр 2,8 пайызга өсүп, 1 041,0 млрд сом чегинде катталган.  

Жүгүртүүдөгү акчанын артышы жана коммерциялык банктардын кассасы, демек ишканалар жана чарба жүргүзүүчү уюмдардын кассасы аркылуу өткөн накталай жүгүртүүнүн жыл сайын көбөйүүсү аларды жеткирип берүүгө жана инкассациялоого болгон керектөөнүн артышына алгылыктуу таасир эткен.  

 

Бизнеске кеткен сарптоолорду эсептөө

Сунушталып жаткан ченемдик укуктук актынын кабыл алынышы учурунда бизнес төмөнкүдөй сартпоолорго дуушар болот: 

- тикелей сарптоолор төмөнкүлөрдөн турат: 

- келип чыккан чыгымдын ордун толуктоо боюнча минималдуу камдык (камсыздандыруу) фондусун түзүү үчүн 10 млн сом өлчөмдөгү сарптоолор. Камдык фондуларды түзүү инкассация иш багытын жүргүзүүнүн негизги шарттарынын бири болуп саналат; 

- 10 млн сомдукөлчөмдө уставдык капиталды топтоо үчүн сарптоолор; 

- мыйзам долбоорунда белгиленген талаптарга ылайык атайы транспорт каражаттарын сатып алууга сарптоолор; 

- Кыргыз Республикасынын «Курал-жарак жөнүндө» мыйзамына ылайык атайы курал сатып алууга сарптоолор; 

- байланыш каражаттарын жана коргонуу каражаттарын сатып алууга сарптоолор (радиостанцияларды, бронежилеттерди ж.б.); 

- ташылып келе жаткан жүктөрдү жана аларды коштогон кызматкерлердин өмүрүн камсыздандыруу. 

- кыйыр сарптоолор бардык коштогон чыгымдардан турат. 

Бизнестин бардык сарптоолорун эсептөө «инкассациялык иш багытын лицензиялоо» менен жөнгө салууну караган 2-вариантта келтирилген эсептөөлөрдөй эле ишке ашырылат. 

 

Ченемдик укуктук актынын кабыл алынышынан улам, бизнестин тапкан пайдасы акча каражаттарын инкассациялоо жана баалуулуктарды ташып жеткирүүгө байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди басаңдатуу, кардарлардын, аманатчылардын каражаттарынын ишенимдүү сакталышын камсыз кылуу, ошондой эле орун алышы ыктымал болгон жоготууларга бөгөт коюу аркылуу туюндурулат.  

 

Мамлекеттин сарптоолорун эсептөө  

Ченемдик укуктук актынын кабыл алынышынан улам, мамлекет иш жүзүндө эч кандай тике же кыйыр түрдө сарптоолорго дуушар болбойт же сарптоолор минималдуу болушу мүмкүн. Анткени мыйзам долбоорунун өкмөттүк органдар тарабынан кароого алынышы андан соң парламентте бекитилишине тиешелүү сарптоолор келип чыгышы мүмкүн.  

 

Атаандаштыкка карата таасирге талдап-иликтөөлөр 

Мыйзам долбоордун кабыл алынышы атаандаштыкка түздөн-түз терс таасирин тийгизбейт, анткени инкассатордук кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө бардык катышуучулар үчүн бирдей ишкердик шарттары сунушталат. 

 

Коомдук талкуулоо жыйынтыгы 

Нак акчаларды инкассациялоого жана баалуулуктарды ташып жеткирүүгө байланыштуу маселелерди изилдөөдөн улам, №1 бөлүктө көрсөтүлгөн проблемалар көпчүлүк өлкөлөрдө кездешип, аларды чечүүгө боло тургандыгы тастыкталган. Азыркы учурда укуктук вакуумда турган инкассатордук кызмат көрсөтүүлөр алдынкы өлкөлөрдүн ишкердик деңгээлине чейинки минималдуу ченге ылайык келтирилүүгө тийиш, бул үчүн ченемдик укуктук актыларды жана тиешелүү документтерди эл аралык стандарттарга жана сунуш-көрсөтмөлөргө ылайык келтирүү зарыл. 

 

Бул блок коомдук талкуудан кийин толтурулат 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 23-беренесине ылайык, бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайттарында коомдук талкууга сунуштоо үчүн жарыяланууга тийиш (_______). Сын-пикирлер жана сунуштар эске алынган. 

Бул мыйзам долбоору тиешелүү талаптарга жооп берет жана ал социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык жана коррупциялык кесепеттердин орун алышына алып келбейт жана республикалык бюджеттин каражаттарынан кошумча чыгашаны талап кылбайт. 

Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөр, анын курамына айрым коммерциялык банктардын адистери, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү кирген жумушчу тобунун алкагында иштелип чыккан.  

 

4 вариант «Улуттук банк тарабынан кабыл алынган мыйзам актыларынын негизинде либералдык жөнгө салуу» 

 

Бүгүнкү күндө көпчүлүк өлкөлөрдө акча каражаттарын инкассациялоо жана баалуулуктарды ташуу, кардардын транспорттук компанияга карата ташып жеткирилүүчү баалуулуктарды камсыздандыруу шарты каралган «өз алдынча жөнгө салуу» принцибинде ишке ашырылат. Мисалы, кардар банкка/банктан акча каражаттарын жеткирүүгө тийиш. Мында кардар ташып жеткирүү талаптарынын бири катары ташып жеткирилүүчү баалуулуктарды камсыздандыруу шартын көрсөтүү менен инкассациялык (транспорттук) компанияга кайрылат. Камсыздандыруу компаниясы ташып жеткирүүчүгө карата төмөнкүдөй өз шарттарын белгилейт: зарыл лицензиялардын, брондолгон транспорттун, курак-жарактын, иш тажрыйбасынын ж.б. болушу. Ошентип, «өз алдынча жөнгө салуу» термини колдонулган учурда да, белгилүү бир лицензияга ээ болушу, камсыздандыруу жана кайталап камсыздандыруу компаниялары менен өз ара мамиле түзүү зарылчылыгы аркылуу жетишерлик катуу жөнгө салуу процесси ишке ашырылат. Бул процессте камсыздандыруу компаниясы артыкчылыктуу болуп эсептелинет. 

 

а) Жөнгө салуу ыкмасы 

Улуттук банк тарабынан кабыл алынган мыйзам актыларынын алкагында нак акчаны инкассациялоо жана баалуулуктарды ташып жеткирүү ишин либералдуу ыкмада жөнгө салуу төмөнкүлөрдүн жокко чыгышына алып келет: 

- бул кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн бардык катышуучулары үчүн мындай ишкердикти ишке ашырууда жалпы укуктук чектин; 

- финансы-кредит мекемеси же банк болуп саналбаган, мындай кызмат көрсөтүү түрүн сунуштаган уюмдардын ишин так жөнгө салуунун. 

Мындай вариант тандалган учурда Өкмөт жана Улуттук банк тарабынан кандай чаралар көрүлөт. 

Кыргыз Республикасынын «Курал-жарак жөнүндө» мыйзамына ылайык, мындай кызмат көрсөтүү түрүн сунуштаган уюмдар жана ишканалар, Өкмөттүн курал-жарактарынын пайдаланылышы үчүн жооптуу орган болуп саналган Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинен курал-жаракты сактоого, алып жүрүүгө жана колдонууга расмий түрдө уруксат алууга тийиш.  

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамдын 18-беренесинин 4-пунктуна ылайык, банктарга карата нак акчаны сактоо, ташып жеткирүү жана инкассациялоо боюнча жалпы талаптар белгиленген.  

Ушуга байланыштуу Улуттук банк, акча каражаттарын инкассациялоо жана баалуулуктарды ташып жеткирүүдө мамилелерди жана тартипти жөнгө салган нускоолорду жана жоболорду кабыл алат. 

Акча каражаттарын инкассациялоо жана баалуулуктарды ташып жеткирүү боюнча башка кылдат иштелип чыккан ченемдик укуктук актылар республикада жок. 

Ошентип, жеке адамдарга жана коммерциялык ишканаларга мындай кызмат көрсөтүү түрүн сунуштаган жеке күзөт ишканаларынын, детективдик-күзөт агенттиги сыяктуу башка банктык эмес уюмдардын иши жөнгө салынбай келет.  

Кыргыз банкынын иш максатына (же негизги максатына) жетүүсүнө өбөлгө түзгөн негизги милдет катары улуттук валютанын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгүн колдоого алуу, республиканын узак мөөнөттүү келечекте экономикалык өсүшүнө дем берүү максатында, республиканын банк жана төлөм системаларынын натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу саналат. Улуттук банк өз кезегинде, коммерциялык банктар жана финансы-кредит мекемелери үчүн акча каражаттарын инкассациялоо жана баалуулуктарды ташып жеткирүү чөйрөсүн өркүндөтүү үчүн ташып жеткирүүдө техникалык коопсуздукту жана коргоого алынышын камсыз кылуунун минималдуу талаптарын, орун алган тобокелдиктерди жөнгө салуу боюнча белгилүү бир чараларды белгилейт.  

 

б) Жөнгө салуучу таасири 

Күтүлүп жаткан натыйжалар: 

Бул ыкма акча каражаттарды инкассациялоо жана баалуулуктарды ташып жеткирүү боюнча операциялардын коопсуздугун толук камсыз кыла албайт. Финансы-кредит мекемелеринен тышкары, Өкмөт, Улуттук банк тарабынан көзөмөлдүккө алынбаган көпчүлүк компаниялар бар (акча каражаттардын эске алынбаган инкассациялоосу жана баалуулуктардын ташып жеткирилиши нак акча каражаттардын жана баалуулуктардын жүгүртүлүшүнө тике таасир этет, алар көбүнэсе көмүскө рыногун тейлейт). Тажрыйба көрсөткөндөй эле, дал ушул чөйрөдө иш тартибинин жетишсиз регламентациясынан жана минималдуу талаптардын болушунан улам, көпчүлүк учурда кол салуу, тоноо жана кээ бирде өлүмгө алып келүүчү башка кылмыш аракеттери да байкалууда.  

Конкреттүү иш-аракеттерди чагылдыруу: 

 

Мында, төмөнкү топторго белгилүү бир таасир этүү чаралары келип чыгышы мүмкүн: 

Мамлекетке: 

- банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнө карата толук ишенбестиги; 

- көмүскө экономикасынын жогорку деңгээлде сакталышы; 

- республикадагы криминогенддик жагдайга таасир этүүсү

- чогултулган салыктардын жана социалдык чегерүүлөрдүн жетишсиз көлөмү

- акча каражаттарды инкассациялоо жана баалуулуктарды ташып жеткирүү чөйрөсүнүн жакшы өнүкпөшү

- ж.б. 

Пайдалануучуларга: 

- акча каражаттардын жана баалуулуктардын ташып жеткирүү учурунда толук коргоого алынбашы; 

- акча каражаттарды жана баалуулуктарды тоноо же жолдо келе жатканда жоготкон учурда аларды калыбына келтирүү гарантияларынын болбошу; 

- пайдалануучулардын ишенимсиз ташып жеткирүүчүлөрдүн алдамчылык операцияларына кабылышы; 

- ж.б. 

Жыйынтыктоого баа берүү индикаторлору. 

- жогорку операциялык тобокелдиктер; 

- камсыздандыруу кызмат көрсөтүүлөрүнүн толук пайдаланылбашы; 

- аталган кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн бардык пайдалануучулары жана катышуучулары жөнүндө так маалыматтардын жоктугу; 

- ташып жеткирилген нак акча каражаттардын жана баалуулуктардын көлөм жөнүндө маалымат отчетунун сунушталбай жаткандыгы. 

 

Сунушталып жаткан жөнгө салуу (тыянактар) 

Жөнгө салуучу таасирдин талдап-иликтөөлөрүнө жыйынтыктарды чыгарууда инкассатордук кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүн Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында инкассациялык иш жөнүндө» атайы мыйзамын кабыл алуу аркылуу сыяктуу эле, Улуттук банк тарабынан бекитилүүчү адистештирилген ченемдик документтерди чыгарып, либералдык жөнгө салуу аркылуу жөнгө салуу мүмкүн экендигин белгилеп кетүүгө болот.  

«Кандай болсо, ошондой калтыруу» деген 1 вариантта «Мамлекеттин кийлигишүүсү үчүн көйгөйлөр жана негиздер» деп аталган 1-бөлүктө көрсөтүлгөн көйгөйлөр чечилбейт жана инкассатордук кызмат көрсөтүү чөйрөсү Республикада ансыз да жогорку деңгээлде турган криминалдык жагдайды күчөтүү менен өтө жай арымда өнүгүүдө.  

4 вариантта альтернативдүү вариант инкассатордук кызмат көрсөтүү чөйрөсүн өнүктүрүү үчүн көйгөй жараткан бир катар тобокелдиктер камтылган. Инкассация кызмат көрсөтүүнү сунуштаган башка жеке ишканалар жана уюмдар контролдукка алынбай, республика экономикасынын көмүскө рыногун көбүрөөк тейлөө менен примитивдүү иш шартында ишин уланта беришет. Эч кандай акыйкат атаандаштык тууралуу сөз кылууга болбойт. Бул вариант ушул кызмат көрсөтүүдөн пайдалануучулардын тобокелдиктерин басаңдата албайт жана мамлекеттик максатка толугу менен жетүүгө өбөлгө түзбөйт.  

2 жана 3 варианттардын негизинде «Кыргыз Республикасындагы инкассациялык иш жөнүндө» мыйзам долбоорун кабыл алуу болжолдонгон. Мында 2 вариант инкассациялык ишти милдеттүү түрдө лицензиялоо шартына негизденген, ал эми 3 вариант нак акчаны инкассациялоо жана баалуулуктарды ташуу үчүн минималдуу талаптарды милдеттүү түрдө камсыз кылуу шартында, лицензиясыз ишти камсыз кылууга негизденет.  

Инкассациялык ишти лицензиялоо каралган «Кыргыз Республикасындагы инкассациялык иш жөнүндө» мыйзамды кабыл алуу боюнча сунушталган 2 вариант мамлекеттик максатка толугу менен жетүүгө, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги же Улуттук банк тарабынан лицензияланышын киргизүү аркылуу инкассатордук уюмдардын ишине контролдуктун жана көзөмөлдүктүн талап кылынган деңгээлин камсыз кылууга өбөлгө түзөт. Мыйзам кабыл алынгандан кийин Улуттук банк менен Ички иштер министрлиги тарабынан биргеликте талап кылынган кошумча ченемдик укуктук актылар иштелип чыгат жана аларда инкассатордук кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү ишканалардын техникалык жактан жабдылышы жана кадр менен камсыз болушу, резервдери жана отчёт берүүлөрү боюнча негизги талаптар аныкталат.  

Инкассациялык ишти лицензиялоо механизми каралбаган «Кыргыз Республикасындагы инкассациялык иш жөнүндө» мыйзамды кабыл алуу боюнча 3 вариант да алгылыктуу болуп саналат. Мында нак акчаларды инкассациялоо жана баалуулуктарды ташуу боюнча кызматтарды сунушташкан юридикалык жактар үчүн минималдуу талаптар аныкталат, аларды аткаруу менен мамлекеттик максатка жетүүгө болот. Мыйзам кабыл алынгандан кийин Улуттук банк менен Ички иштер министрлиги тарабынан биргеликте талап кылынган кошумча ченемдик укуктук актылар иштелип чыгат жана аларда инкассатордук кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү ишканалардын техникалык жактан жабдылышы жана кадр менен камсыз болушу, резервдери жана отчот берүүлөрү боюнча негизги талаптар аныкталат. 

Акыркы жылдарда мамлекет республикадагы жеке ишкерлердин жана ишканалардын ишин жеңилдетүү максатында, лицензиялануучу иштин түрлөрүнүн санын азайтууга аракет кылып жаткандыгын эске алганда, 3 варианттын кабыл алынышы минималдуу зарыл укуктук статусту жана инкассациялык ишти жөнгө салуу механизмин камсыз кылууга тийиш.