Долбоор  

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

 

1-берене 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы  

жөнүндө» мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

 

1) 2-берене: 

төмөнкү мазмундагы үчүнчү, алтынчы, жетинчи жана жыйырма экинчи абзацтар менен толукталсын:  

«Мамлекеттин ички төлөмдөрү Кыргыз Республикасынын аймагында улуттук валютада ишке ашырылган, анын ичинде ар башка төлөм системаларынын Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган банктык төлөм карттарын колдонуу менен жүргүзүлгөн төлөм. 

Клиринг төлөмдөрдү топтоо, иштеп чыгуу, тастыктоо жана системанын катышуучуларынын өз ара милдеттенмелерин эсептөө процесси. 

Эл аралык электрондук акча Кыргыз Республикасынын резидент эместери тарабынан республика аймагынан тышкары өздөрү жайгашкан өлкөнүн мыйзамдарынын чегинде чыгарылган (эсебин жүргүзгөн) электрондук акчалар, электрондук акча каражаттары жана электрондук түрдөгү акчалай милдеттенмелер. 

Эл аралык электрондук акча эмитенти Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары, тиешелүү өлкөнүн мыйзамдарына ылайык эл аралык электрондук акчаны чыгарган (эсебин жүргүзгөн) банк же юридикалык жак, Кыргыз Республикасынын резидент эмеси.»; 

 

2) 3-берене: 

а) төмөнкү мазмундагы 31 бөлүгү менен толукталсын: 

а) «31. Төлөм уюму жана төлөм системасынын оператору тиешелүү лицензиясы болгон шартта бири-биринин ишин же финансы-кредит уюмунун ишин айкалышта аткарышы мүмкүн, ошондой эле алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш багытын камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка операцияларды да жүргүзүүгө укуктуу.»; 

б) 4-бөлүктөгү «төлөмдөр» деген сөз «ошондой эле төлөм системасынын операторунун жана төлөм уюмунун ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон» деген сөздөр менен толукталсын; 

 

3) 4-берененин: 

а) 8-бөлүгүндөгү «укуктуу» деген сөз «тийиш» дегенге алмаштырылсын; 

б) 8-бөлүгүнүн 5-пунктундагы «же экстремисстик иш-аракеттер» деген сөздөр «жана экстремисттик иш-аракеттерди же массалык жок кылуучу курал-жарактарды таркатуу» дегенге алмаштырылсын.»;  

 

4) 13-берене: 

төмөнкү мазмундагы 51 бөлүгү менен толукталсын: 

«51. Улуттук банктын банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиясы болгон юридикалык жактар гана соода-тейлөө ишканалары менен түзүлгөн келишимдердин негизинде банктык төлөм карттарын колдонуу менен ишке ашырылган төлөмдөрдү кошо алганда, төлөмдөрдү кабыл алууга каралган аралыкта орнотулган жабдуулар түйүнүнө (банкоматтар, терминалдар ж.б.) ээ болууга жана аларды тейлөөнү (эквайринг) жүзөгө ашыра алат»; 

 

5) 17-беренин: 

6-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмүндөгү «мекемелер тарабынан» деген сөздөр «уюмдар тарабынан» дегенге алмаштырылсын; 

 

6) 20-берене: 

төмөнкү мазмундагы 31 бөлүгү менен толукталсын:  

«31 Кыргыз Республикасынын аймагында төлөм системаларынын банктык төлөм карттарын колдонуу менен улуттук валютадагы төлөмдөр боюнча финансылык маалыматтарды топтоо, иштеп чыгуу жана сактоо иши (мамлекеттин ички төлөмдөрү) улуттук төлөм системасынын оператору аркылуу ишке ашырылууга тийиш. Мамлекеттик ички төлөмдөр клиринги улуттук төлөм системасынын оператору аркылуу жүргүзүлүүгө тийиш.”; 

 

7) 21-берене: 

төмөнкү мазмундагы 3-бөлүгү менен толукталсын: 

«3. Алуучу өзү көрсөткөн банк эсебине же электрондук капчыкка чегерилген акчалай которууларды алууга укуктуу. Эл аралык жана локалдык акча которуу системаларынын операторлору которулган акчаны банк эсебине же электрондук капчыкка чегерилишин камсыз кылууга тийиш.»; 

 

8) 23-берененин: 

1-бөлүгүндөгү «финансы-кредит мекемелеринен болуп саналат» деген сөздөр «финансы-кредит уюмдарынан болуп саналат» дегенге алмаштырылсын; 

 

9) 24-берененин: 

а) 2-бөлүгүнүн экинчи жана үчүнчү сүйлөмдөрү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Эл аралык электрондук акча оператору/эл аралык электрондук акча эмитенти - Кыргыз Республикасынын резидент эмеси ушул Мыйзамга жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык Улуттук банкта каттоодон өткөн шартта өз ишин жүзөгө ашыра алат. Эл аралык электрондук акча операторуна/эл аралык электрондук акча эмитентине Улуттук банкта каттоодон өтүүсүз иш алып баруусуна тыюу салынат». 

б) 2-бөлүк төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Улуттук банк же ошол процессинг, клиринг борборунун төлөм системасынын катышуучусунан болгон үчүн жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана сунуштоо (процессинг, клиринг) кызмат көрсөтүүсүнө тиешелүү лицензияга ээ, улуттук системанын критерийлерине жооп берген жана ушул Мыйзамга, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык төлөм системасынын ишин камсыз кылган юридикалык жак Кыргыз Республикасынын резиденти улуттук төлөм системасынын операторунан болуп саналат»

в) 5-бөлүк төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5. Төлөм системасынын оператору системанын катышуучуларына ачык-айкын жана бирдей укукта пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган тариф саясатын иштеп чыгат. Төлөм системасынын алкагында тарифтерди жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөлөрдүн башка түрлөрүн кошо алганда, төлөм системасынын эрежелери бардыгы үчүн жеткиликтүү болууга тийиш. Төлөм системасынын эрежелерине жаңы тарифтерди киргизүүнү же колдонулуп жаткан тариф өлчөмүн көбөйтүүнү караган өзгөртүүлөр киргизилген шартта, төлөм системасынын оператору ал тууралуу Улуттук банкка, төлөм системасынын катышуучуларына жана анын кызматынан пайдалануучуларга Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген мөөнөттөрдө жана тартипте маалымдоого милдеттүү.»; 

 

10) 27-берененин: 

4-бөлүгүндөгү «мекемелер» деген сөз «уюмдар» дегенге алмаштырылсын; 

 

11) 28-берененин: 

биринчи абзацындагы «милдетүү» деген сөз «укуктуу» дегенге алмаштырылсын; 

 

12) 31-берененин: 

6-бөлүгүнүн 2-пунктундагы «мекемелер» деген сөз «уюмдар» дегенге алмаштырылсын; 

 

13) Мыйзамдын бүтүндөй тексти боюнча кездешкен, ар түрдүү жөндөмөдөгү «Кыргыз Банкы» деген сөз тиешелүү жөндөмдөгү «Улуттук банк» дегенге алмаштырылсын. 

 

2-берене 

 

1. Мыйзам, Кыргыз Республикасынын аймагында улуттук төлөм системасынын оператору аркылуу банктык төлөм карттарын колдонуу менен улуттук валютадагы төлөмдөр боюнча финансылык маалыматтарды топтоо, иштеп чыгуу, сактоо (мамлекеттин ички төлөмдөрү) жана улуттук төлөм системасынын оператору тарабынан мамлекеттик ички төлөмдөр клирингин ишке ашырууга тиешелүү, расмий жарыялангандан алты ай өткөндөн кийин күчүнө кире турган анын 20-беренесинин талаптарын эске албаганда, расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Улуттук банк өз ченемдик укуктук актыларын ушул мыйзам талаптарына ылайык келтирсин. 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Президенти