«Акча музейи» 

Улуттук банктын Нумизматикалык музейи алгач 1998-жылы улуттук валютанын колдонууга киргизилишинин 5 жылдыгына арналган нумизматикалык көргөзмө катары уюштурулуп, көргөзмөгө келгендердин, өзгөчө студенттер жана чет өлкөдөн келген коноктор арасында кызыгууну жараткан. 

Кыска мезгил ичинде көргөзмөнүн коллекциясы чет мамлекеттердин өкүлдөрү жана жеке адамдар тапшырган банкноттордун, монеталардын жана башка баалуулуктардын эсебинен кыйла толукталып, 1998-жылдын акырында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Нумизматикалык музейи түзүлгөн.  

Нумизматикалык музейдин негизги максаты - Кыргыз Республикасынын нумизматикалык мурасын топтоо, сактоо, көргөзүү, системага салуу жана жалпыга маалымдоо, ошондой эле улуттук валютанын жаралуусу, калыптануусу жана өнүгүү тарыхы жөнүндө документтерди жана материалдарды топтоо саналат. 

Нумизматикалык музей өз ишин кыргыз сомун жүгүртүүгө киргизүү боюнча тарыхый материал катары байыркы унутулгус буюмдарды топтоо жана сактоо гана эмес, алардын илимий жана маданий маанилүүлүгүн жайылтуу принциптеринин негизинде алып барат. Анткени, мамлекеттин борбордук банкы катары Улуттук банк өлкөдө акча жүгүртүү тарыхы боюнча калкка маалымат берүү үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат. 

Азыркы учурда Улуттук банктын Нумизматикалык музейинде төмөнкүдөй экспозициялар менен таанышууга болот: 

- Кыргызстандын аймагында, анын ичинде Улуу Жибек жолу мезгилинде табылган кайталангыс байыркы монеталар; 

- Улуттук банк тарабынан 1995-жылдан тартып чыгарылып келген коллекциялык эстелик монеталар; 

- улуттук валютанын өнүгүү тарыхы, анын ичинде банкнотторду жана монеталарды чыгаруудан тартып жок кылууга чейинки маалымат; 

- чет мамлекеттердин борбордук банктары тарабынан чыгарылган акча белгилеринин ар кандай үлгүлөрү

Мындан тышкары, Нумизматикалык музейден Улуттук банк тарабынан чыгарылган алтын куймалары, белек үчүн даярдалган ар кандай продукциялар менен таанышып чыгууга, ошондой эле Улуттук банктын сүрөт архивин жана “Сом Кыргызстандын жүзү” агартуу иш-чарасына арналган материалдарды көрүүгө болот. 


Нумизматикалык музей күн сайын, дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 10.00дөн тартып 16.00гө чейин иштейт.  

Кирүү акысыз. Экскурсияга төмөнкү телефон номерлери боюнча жазылууга болот: 0312 66 90 08, 0552 66 90 08.