Кыргыз Республикасынын Адилет  

министрлигинде 2004-жылдын 

23-августунда  

№ 93-04 номеринде каттоодон өткөртүлгөн  

 

Улуттук банк Башкармасынын  

2004-жылдын 21-июлундагы  

№ 18/1 токтому менен бекитилген  

 

 

«Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары тарабынан милдеттүү түрдү аткарылууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө" жобо 

 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 23-октябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2004-жылдын 19-ноябрында 132-04 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 26/3; 

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 25-августунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 16-сентябрында 132-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 26/5; 

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 28-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 26-апрелинде 47-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 16/4

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 22-августунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 14-сентябрында 85-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 38/14

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2008-жылдын 16-январында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын 22-февралында 10-08 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 3/2; 

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2009-жылдын 10-июнунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2009-жылдын 10-июлунда 

72-09 номеринде каттоодон өткөртүлгөн №26/2 токтомдору менен бекитилген) 

 

1. Жалпы жоболор 

 

1.1. Бул ченемдик акт Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан. Жобо бардык коммерциялык банктарга (мындан ары текст боюнча - банктар) таркатылат.  

1.2. Банктар тарабынан милдеттүү түрдү аткарылууга тийиш болгон экономикалык ченемдерди жана талаптарды белгилөө, бул жобонун максаты болуп саналат

1.3. Бул жободо белгиленген экономикалык ченемдерди жана талаптарды аткаруу жана тобокелдиктерди төмөндөтүү максатында, банктарга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары текст боюнча Улуттук банк) тарабынан белгиленген максималдуу чектен төмөн жана минималдуу чектен жогору болгон экономикалык ченемдер жана талаптар боюнча ички чектерди белгилөө сунуш кылынат.  

 

2. Бир карыз алуучуга карата тобокелдиктин максималдуу өлчөмү (К 1) 

 

2.1. Банк менен байланыштуу болбогон бир карыз алуучуга карата тобокелдиктин максималдуу өлчөмү төмөндөгү маанилерден ашпоого тийиш

- банктардан тышкары, карыз алуучулар үчүн (К 1.1) 20 %, 

- банктар үчүн (К 1.3) 30 %. 

2.2. Банк менен байланыштуу болгон бир карыз алуучуга карата тобокелдиктин максималдуу өлчөмү төмөндөгү маанилерден ашпоого тийиш: 

- банктардан тышкары, карыз алуучулар үчүн (К 1.2) 15 %; 

- банктар үчүн (К 1.4) 15 %. 

2.3. Банк менен байланыштуу болбогон бир карыз алуучуга карата тобокелдиктин максималдуу өлчөмүн эсептөө тартиби «Кредиттөөдөгү чектөөлөр жөнүндө» нускоого ылайык аныкталат

2.4. Банк менен байланыштуу болгон бир карыз алуучуга карата тобокелдиктин максималдуу өлчөмүн эсептөө тартиби «Банктардын инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» нускоого ылайык аныкталат

 

3. Капиталдын шайкештик стандарттары (К 2) 

 

3.1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленген, капиталдын минималдуу өлчөмү

3.1.1. Банктардын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү. 

3.1.2. Банктардын (өздүк каражаттарынын) капиталынын минималдуу өлчөмү

3.2. Тобокелдиктердин деңгээли боюнча активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди салмактап көрүүгө негизденген капиталдын шайкештик коэффициенттери

- суммардык капиталдын шайкештик коэффициенти (К 2.1) - кеминде 12 %.; 

- Биринчи деңгээлдеги капиталдын шайкештик коэффициенти (К 2.2) - кеминде 6 %. 

3.3. Левераж (К 2.3) кеминде 8 %. 

3.4. Капиталдын шайкештик стандарттары жана аларды эсептөө тартиби Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын шайкештик стандарттарын аныктоо боюнча нускоого ылайык аныкталат

 

4. Ликвиддүүлүк ченеми (К 3) 

 

4.1. Ликвиддүүлүк ченемин 30 % төмөн эмес деңгээлде колдоп туруу зарыл.  

4.2. Ликвиддүүлүк ченеми төмөнкү формула боюнча аныкталат:  

К 3 = ЛА / БМ,  

Мында, ЛА ликвиддүү активдер, аларга төмөндөгүлөр кирет

- банктын кассасында турган улуттук жана чет өлкө валюталарындагы нак акча каражаттары

- банктардагы корреспонденттик эсептердеги каражаттар

- төлөө мөөнөтү 7 күндүк банктар аралык депозиттер жана кредиттер

- Кыргыз Республикасынын өкмөтү жана Улуттук банк тарабынан чыгарылган мамлекеттик казына векселдери жана башка жогорку ликвиддүү баалуу кагаздар, ошондой эле ОЭСР өлкөлөрүнүн өкмөттөрү жана Борбордук банктары тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар (мындар ары текст боюнча «жогорку ликвиддүү баалуу кагаздар»). Аталган баалуу кагаздар ликвиддүүлүк ченемин эсептеп чыгууда сыйлыкты (дисконтту) жана реализацияланбаган пайданы (чыгымды) минуска чыгаруу менен эске алынат

- РЕПО-келишими боюнча сатылып алынган жогорку ликвиддүү баалуу кагаздар

БМ банктын милдеттенмелери, ага ликвиддүүлүк ченемин эсептөө үчүн төмөндөгүлөр кирет

- юридикалык жактардын жана жеке адамдардын улуттук жана чет өлкө валюталарындагы талап боюнча төлөөнүүчү депозиттери, ошондой эле эсептердеги акча каражаттары

- банк тарабынан чыгарылган векселдерди жана башка баалуу кагаздарды кошо алганда, кайсыл болбосун башка милдеттенмелер, ошондой эле алар боюнча эсептешүүлөр отчеттук күндөн кийинки 30 күн ичинде келип жеткен баланстан тышкаркы милдеттенмелер.  

4.3. Банктар аралык классификацияланган жайгаштыруулар ликвиддүүлүк ченемин эсептөөдө ликвиддүү активдердин курамына кошулбайт

4.4. Кардарларга берилген активдер боюнча камсыздоо болуп саналган кайсыл болбосун ликвиддүү активдер ликвиддүү активдердин курамынан алынып салынат

4.5. Эгерде банк, кредитти кайтарып берүү мөөнөтү келип жеткенге чейин күрөөнүн алынбастыгын гарантиялаган зарыл болгон жол-жоболорго жана контролдук системасына ээ болгон шартта, банктар тарабынан кабыл алынган жана кардарларга берилген активдер боюнча камсыздоочу болуп саналган депозиттер банктын милдеттенмелеринин курамына кошулбайт

4.6. Ликвиддүүлүк тобокелдигин азайтуу максатында, банктын жетекчилиги активдерди жана милдеттенмелерди күн сайын тескөөгө алып турууга тийиш. Банк, отчеттук мезгилдин (бир ай) ичинде ликвиддүүлүк ченемин орточо жумалык маалыматтардын негизинде сактап туруусу зарыл. Отчеттук мезгил ичинде банк, отчеттук күнгө карата банктын орточо жумалык ликвиддүү активдеринин жана банктын кыска мөөнөттүү милдеттенмелеринин маанисин эсептөөгө тийиш (орточо жумалык маанини эсептөөдө, эсептөөгө жумуш күндөрү гана кирет). Орточо көрсөткүчтөр орто арифметикалык маалыматтарды эсептөө ыкмасы боюнча эсептелинет.  

4.7. Банк ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө саясатын иштеп чыгууга тийиш, ал эң аз дегенде төмөнкүлөрдү камтыйт: 

- каражаттардын агылып кирүүсүн жана агылып чыгуусун күн сайын өлчөө жана аларга мониторинг жүргүзүү, ошондой эле ликвиддүүлүккө күндөлүк муктаждыкты контролдоо үчүн банктын жана милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуу үчүн банктын активдерин жана милдеттенмелерин төлөө мөөнөттөрүндөгү ажырымга ар жумалык мониторинг жүргүзүү

- зарыл болгон ликвиддүүлүктү болжолдоо; 

- депозиттик базанын жана башка карыздык каражаттардын түзүмү жана алардын туруктуулугуна баа берүү; 

- ресурстардын наркы;  

- акча рыногунда карыз алуу жөндөмдүүлүгү;  

- активдердин сапаты

- баланстан тышкаркы милдеттенмелерди аткаруу

- ликвиддүүлүктү кризис келип чыгышы мүмкүн болгон учурга пландаштыруу

- чет өлкө валютасында ликвиддүүлүктү тескөө

- ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө үчүн ички контролдук

- зарыл болгон тескөө отчетун

 

5. Ачык валюта позиция лимити (K 4)  

 

5.1. Ачык валюта позициясы лимити (K 4) төмөндөгү маанилерден ашпоого тийиш

- ар бир валюта боюнча узун/кыска ачык валюта баланстык/баланстан тышкаркы позицияларынын лимиттери (К 4.1) үчүн банктын таза суммардык капиталынан 15 % көп эмес

- узун ачык валюта позицияларынын (К 4.2) суммардык өлчөмү үчүн - банктын таза суммардык капиталынан 20 % көп эмес; 

- кыска ачык валюта позицияларынын (К 4.3) суммардык өлчөмү үчүн - банктын таза суммардык капиталынан 20 % көп эмес. 

5.2. Ачык валюта позициясынын лимиттерин эсептөө «Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктар тарабынан ачык валюта позициясынын лимиттеринин сакталышынын тартиби жөнүндө» нускоого ылайык жүргүзүлөт

 

6. Жеке адамдар алдындагы милдеттенмелер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченеми (К 5). 

 

6.1. Жеке адамдардын мөөнөттүү депозиттери жана алардын алдындагы башка милдеттенмелер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченеми (К 5.1) төмөндөгү формула боюнча эсептелинет

 

К 5.1 = ТСК / СДФЛ * 100 %,  

 

мында, ТСК банктын таза суммардык капиталы

СДФЛ (жеке адамдардын мөөнөттүү депозиттери) векселдерди, сактык (депозиттик) сертификаттарды, облигацияларды, чектерди ж.б. кошо алганда, жеке адамдардын алдындагы мөөнөттүү депозиттердин жана башка милдеттенмелердин суммасы.  

6.2. Жеке адамдардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттери боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченеми (К 5.2) төмөндөгү формула боюнча эсептелинет: 

 

К 5.2 = ТСК / ДВФЛ ЖАТД * 100 %,  

 

мында, ТСК банктын таза суммардык капиталы; 

ЖТДС жеке адамдардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттеринин суммасы.  

6.3. Бул ченемдер, ошондой эле алардын мааниси Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин чечими боюнча конкреттүү банк үчүн өз алдынча белгилениши мүмкүн

6.4. Банк, жеке адамдар алдындагы мөөнөттүү депозиттер жана башка милдеттенмелер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченемин (К 5.1) күндөлүк негизде, ал эми жеке адамдардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттери боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченемин (К 5.2) орточо жумалык маалыматтардын негизинде, отчеттук мезгилдин ичинде (бир ай) сактоого тийиш. Банк отчеттук мезгилдин ичинде жеке адамдардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттеринин орточо жумалык маанисин эсептөөгө тийиш, аларды эсептөөдө эсептөөгө иш күндөрү гана кошулат. Ал эми орточо көрсөткүчтөр орточо арифметикалык маалыматтарды эсептөө ыкмасы боюнча эсептелинет.  

6.5. Банктар жеке адамдар алдындагы мөөнөттүү депозиттер жана башка милдеттенмелер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченемин сактоо жөнүндө акыркы операциялык күндүн акырына карата абал боюнча отчетту 1-тиркемеге ылайык күн сайын 9.00гө чейин Улуттук банкка сунуштоого тийиш.  

Банк жетекчисинин колтамгасы менен күбөлөндүрүлгөн бул отчет кагаз түрүндө Банктык көзөмөл башкармалыгынын Тышкы көзөмөл бөлүмүнө берилет.  

 

7. Күрөө менен камсыз болбогон кредиттер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү 

7.1. Күрөө менен камсыз болбогон кредиттер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү, банктын таза суммардык капитал өлчөмүнүн 50 %нан ашпоого тийиш.  

 

8. Инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен операциялар боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү  

 

8.1. Инсайдерлердин жана/же аффилирленген жактардын банк алдында чогуу алгандагы карыздарынын өлчөмү катары берилген инсайдерлер жана/же аффилирленген жактар менен операциялар боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү банктын таза суммардык капитал өлчөмүнүн 60 %нан ашпоого тийиш.  

9. Ар бир банктык эмес уюмга кайсыл болбосун инвестициялардын максималдуу өлчөмү 

9.1. Ар бир банктык эмес уюмга кайсыл болбосун финансылык салымдарды жана кредиттерди кошо алганда, кайсыл болбосун инвестициялардын максималдуу өлчөмү банктын таза суммардык капитал өлчөмүнүн 20 %нан азыраакты түзүүгө тийиш.  

9.2. Мындай инвестициялардын жалпы өлчөмү банктын таза суммардык капитал өлчөмүнүн 60 %нан ашпоого тийиш.  

9.3. Эгерде коммерциялык банк кайсыл болбосун банктык эмес уюмдун капиталына анын таза суммардык капиталынан 10% ашык өлчөмдө инвестициялоону (акцияларды сатуу максатында эмес, узак мөөнөттүү инвестициялоо максатында) ниеттенсе, анда мындай учурда банк инвестициялоону баштаганга чейин 40 календардык күн ичинде жазуу түрүндө төмөнкү документтерди/маалыматтарды тиркөө менен Улуттук банкка билдирүүгө милдеттүү

1) инвестициялоонун максаты жана шарттары жөнүндө;  

2) кийинки эки жыл ичинде инвестициялоонун кирешелүүлүгүн эсептөө;  

3) уюм жөнүндө жалпы маалымат (аталышы, жайгашкан орду, уюштуруу-укуктук формасы, ишинин түрү, кайсы убакыттан бери рынокто иштейт, менчик ээлери жана жетекчилери жөнүндө маалымат); 

4) банктык эмес уюмдун жана инсайдерлердин же аффилирленген жактардын ортосунда жалпы кызыкчылыктардын болушу тууралуу маалымат

5) бир убакытта банк тарабынан бул уюмга берилген кредиттер жана каржылоонун башка түрлөрү жана алардын төлөнүшү жөнүндө маалымат;  

6) акыркы эки жыл ичинде уюмдун (тышкы аудитор тарабынан күбөлөндүрүлгөн) финансылык отчету

Улуттук банк өз функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык кайсыл болбосун кошумча маалыматты талап кылууга укуктуу

9.4. Банк каражаттарды инвестициялагандан кийин Улуттук банк болжолдонгон инвестициялоо башталганга чейинки 10 күн ичинде аны токтотуп туруу, ошондой эле төмөнкү учурлар орун алган шартта, кайсыл болбосун мезгилде инвестициялоону токтотуу жана чектөө жөнүндө талапты жөнөтүүгө укуктуу

акыркы инспектордук текшүрүүнүн же болбосо тышкы көзөмөлдүктүн чегинде алынган маалыматтын жыйынтыктары, банктын финансылык туруктуулугу жана ишенимдүүлүгү же аманатчылардын жана банктын башка кредиторлорунун кызыкчылыктары коркунучта экендигин көрсөтсө;  

инвестицияларды жүзөгө ашыруу банктык мыйзам актыларды, Улуттук банктын жазма буйруктарын же банктын Улуттук банк менен жазуу жүзүндө келишимдерин бузуу менен банкты анын операцияларды ишенимсиз жана алгылыксыз тажрыйба жүргүзүүгө тартуу менен байланыштуу болот

банк кандайдыр бир себептерден улам бул инвестицияга мониторинг жүргүзө албайт;  

Улуттук банкка банктык эмес уюмдун жана/же анын кызмат адамдарынын талапка жооп бербеген ишкердик аброюн тастыктаган фактылар, ошондой эле банктык эмес уюмдун жана/же анын кызмат адамдарынын мурдагы иши кандайдыр бир юридикалык жакты банкроттукка же олуттуу финансылык чыгымдарга дуушар болушуна түрткү берген фактылар маалым болсо;  

банк документтерди/маалыматтарды толук эмес көлөмдө сунуштаса же болбосо берген маалыматтары так эмес болсо

9.5. Банк тарабынан караштуу же туундуу компания түзүлгөн же сатып алынган учурда, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамынын 49-2-статңясынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптары аткарылууга тийиш, алар банктын туунду же караштуу компаниянын түзүү же сатып алуу тартибин аныктайт

 

10. Банктык жайларга (негизги каражаттарга) инвестициялардын максималдуу өлчөмү

 

10.1. Банктык жайларга (негизги каражаттарга) инвестициялардын максималдуу өлчөмү банктын төлөнгөн уставдык капиталынын 100 % өлчөмүнөн ашпоого тийиш

10.2. Бул жобонун максаттары үчүн банктык жай дегенден улам, банкка тиешелүү же финансылык ижара келишими боюнча банктын карамагында турган жана негизги каражат катары колдонулуп жаткан/колдонула турган (курулуп жаткан/орнотулган кыймылсыз мүлктү кошо алганда) кыймылсыз мүлктү түшүнсө болот.  

10.3. Банктык жайларга (негизги каражаттарга) инвестициялардын максималдуу өлчөмүн эсептөөдө бардык банктык жайлар, (операциялык жана/же финансылык ижара келишими боюнча) ижара менчигин жакшыртууга капиталдык салымдар, ошондой эле банктын жайларын ээлеген ишкананын акцияларына же облигацияларына же ушуга окшогон башка карыздык милдеттенмелерге кайсыл болбосун салымдар, жана ушундай ишканаларга жана/же алардын акциялары менен камсыз болгон берилген бардык кредиттер камтылууга тийиш. Бардык көрсөтүлгөн активдер (финансылык ижара келишими боюнча банктык жайлардан тышкары) алардын баланстык наркы боюнча эсептөөгө кошулат.  

Финансылык ижара келишими боюнча банктын карамагындагы банктык жайлар, бул ижара боюнча банктык жайларга (негизги каражаттарга) инвестициялардын максималдуу өлчөмүн эсептөөгө милдеттенмелердин күндөлүк өлчөмүн алып салуу менен баштапкы нарк боюнча кошулууга тийиш.  

10.4. Банк, кызматкерлеринин ишине жана эс алууга аранлаган банктык жайларга (негизги каражаттарга) инвестициялардын максималдуу өлчөмүн эсептөөдө мындай мүлктүн баланстык наркын кошуу шартынан улам, кызматкерлерге иштөө шарттарын түзүүгө жана алардын эс алуу күндөрүнө арналган кыймылсыз мүлккө ээ болуусу мүмкүн.  

10.5. Банктык жайлардын наркына кайрадан баа берүү учурунда, анын натыйжасында банктык жайларга (негизги каражаттарга) инвестициялардын максималдуу өлчөмү бузулса, анда банк Улуттук банкка кайрадан баа берүү учурунан тартып 12 ай ичинде банктык жайларга (негизги каражаттарга) инвестициялардын өлчөмүн Улуттук банктын талаптарына ылайык келтирүү жөнүндө кат-милдеттенме сунуштайт

10.6. Банк тарабынан берилген кредиттер боюнча карыздарды төлөө үчүн алынган мүлк, мыйзам актыларынын талабын сактоодон жана төмөнкү шарттарды аткаруудан улам, негизги каражат катары кабыл алынышы мүмкүн

- мүлктү негизги каражат катары кабыл алуу банктык жайларга инвестициялардын максималдуу өлчөмүнүн бузулбашына алып келбесе

- мындай мүлк банк ишинин максаттары үчүн колдонулат

- аны колдонууга киргизүү мөөнөтү 18 айдан ашпоого тийиш

Берилген кредиттер боюнча карыздарды төлөөгө алынган мүлк, эгерде кабыл алынып жаткан мүлктүн наркы таза суммардык капиталдан 10% ашса, анда Директорлор кеңешинин чечиминин негизинде гана ал негизги каражат катары кабыл алынышы мүмкүн.  

 

11. Концентрациялануу тобокелдигин тескөө боюнча талаптар  

 

11.1 Банк, концентрациялануу тобокелдигин идентификациялоого жана тескөөгө тийиш. Концентрациялануу тобокелдиги банктын финансылык абалын олуттуу начарлатып, утурумдук операцияларды жүргүзүүнүн мүмкүн эместигине алып келген потенциалдуу жоготуулар мүмкүндүгү, бул белгилүү бир жактар, белгилүү бир инструменттердин, активдердин жана пассивдердин белгилүү бир түрлөрү менен экономика тармагы, регион жана өлкө менен иш алып баруусуна байланыштуу келип чыгышы мүмкүн. Концентрациялануу тобокелдиги бул, банктык тобокелдиктин өзгөчөлөнгөн түрү эмес, ал жалпыланган жана төмөнкү банктык тобокелдиктердин элементтерин өзүнө камтышы мүмкүн: кредиттик, тармактык, өлкөлүк (регионалдык), булар ишти операциялардын айрым түрлөрүнө же каржылоонун айрым булактарына топтошуруунун натыйжасында келип чыгат.  

11.2 Банк, концентрациялануу тобокелдигин кошо алганда, тобокелдиктерди тескөө боюнча саясатты иштеп чыгууга тийиш. Концентрациялануу тобокелдигин тескөө боюнча саясатта (мындан ары- саясат) төмөндөгү маселелер эске алынуусу зарыл

- жеке кардар (жеке адам же юридикалык жак) менен иш алып барууда банк өз ара байланыштуу жактардын топторун бир кардар катары жана өз ара байланыштуу топко берилген банктын ар кайсы түрдөгү активдеринин бардык суммасын суммалаштырып, бирдиктүү актив катары кароого тийиш;  

- акча каражаттарды тартууда банк, өз ара байланыштуу жактардын тобун бирдиктүү кардар катары кароого тийиш (бир кардардан тартылган каражаттын концентрациялануусу банктын ишине терс таасирин тийгизиши мүмкүн). Банк саясатта каржылоо булактарына тиешелүү маселелерди чагылдыруусу зарыл жана өзүнүн ички документтеринде депозиттерди жана милдеттенмелердин (мындан ары депозиттер) башка түрлөрүн кабыл алуу шарттарын белгилөөгө, ар кандай депозиттер суммаланууга жана бирдиктүү депозит катары каралууга тийиш болгон учурда ири депозиттердин өлчөмдөрүн жана критерийлерди аныктоого тийиш

- банк акча каражаттарын экономиканын ар кайсы тармактарына салууда, экономиканын ар кайсыл тармактарынын өз ара байланышын эске алууга тийиш. Экономиканын айрым тармактарында, областарда жана өлкөлөрдө өз ишин жүзөгө ашырган учурда банк, ар кандай тобокелдиктердин түрлөрүнө дуушар болот. Экономиканын аталган тармактарында, областарында жана өлкөлөрдө абалдын начарлашы банкты тиешелүүлүгүнө жараша, банктын жайгаштырган жана тартылган акча каражатынын кайтарылып берилбей калуусу жана агылып чыгуусу үчүн жоготуу тобокелдигине дуушарлантат. Мындай чыгымдардын өлчөмүнө көз каранды болгон критерийлердин бири болуп концентрациялануу тобокелдигинин деңгээли саналат

- күрөөнүн ар кайсы түрлөрүнүн өлчөмү банк тарабынан бааланууга тийиш. Тобокелдик концентрациясы банкта кредиттер боюнча күрөөлүк камсыздоонун бир түрү топтолушунда келип чыгат. Мында, күрөөнүн наркы жана кардардын бизнесинин абалы бири-бири менен такыр байланышта болбошу мүмкүн

- банк, жоготууларга келиши мүмкүн болгон өзүндө алып жүргөн ар кайсы түрдөгү тобокелдиктерди анын мүнөздүк өзгөчөлүктөрүн аныктоо үчүн ар бир финансылык инструментке анализдөө жүргүзүүгө тийиш

- ар кайсы түрдөгү тобокелдиктердин өз ара байланышы жана алардын концентрациялануу тобокелдигине таасир этүүсү банк тарабынан бааланууга тийиш. Ар кайсы түрдөгү тобокелдиктердин өз ара аракеттенүүсүндө концентрациялануу тобокелдиги жогорулашы мүмкүн (мисалы, кардар-импортердун улуттук валютасынын девалңвациясы анын кайтарылбай калуу тобокелдигин жана мамлекеттик тобокелдикти жогорулатышы мүмкүн жана бүтүндөй алганда, концентрациялануу тобокелдиги жогорулайт); 

- концентрациялануу тобокелдигин тескөөдө банк өз ишинин диверсификациясынын эффективдүүлүгүн баалоого тийиш.  

11.3 Банктын Директорлор кеңеши жана Башкармасы банктын ишинин бардык түрлөрүнүн концентрациялануу тобокелдиги жөнүндө маалыматка ээ болууга тийиш. Концентрациялануу тобокелдигин өлчөө системасы, банктын ишинин ар кандай түрлөрүндө келип чыккан концентрациялануу тобокелдигине дуушар болуучулукту бириктирип турууга тийиш. Банк тарабынан кабыл алынган концентрациялануу тобокелдигин аныктоо үчүн банк, эң аз дегенде төмөндөгү позицияларды өлчөөгө тийиш

а) банктын каражаттарынын салымдарынын өлчөмдөрү

- активдердин белгилүү бир түрлөрүнө;  

- банк менен байланыштуу болгон жана банк менен байланыштуу болбогон бир карыз алуучуга

- экономиканын белгилүү бир тармагына

- республиканын областына (регионуна)

- өлкөгө

б) милдеттенмелердин белгилүү бир түрлөрүнүн өлчөмдөрү;  

в) күрөөнүн ар кандай түрүнүн өлчөмдөрү.  

11.4. Банк тарабынан, банк үчүн концентрациялануу тобокелдигин жетиштүү жол берилген өлчөмүн сандык жактан аныктоого мүмкүндүк берген концентрациялануу тобокелдигин чектөө системасы белгиленүүгө жана бул система мезгил-мезгили менен кайрадан каралып турууга тийиш. Банк тарабынан эң аз дегенде концентрациялануунун төмөндөгү чектөөлөрү белгиленүүгө тийиш

- айрым финансы инструменттериндеги концентрациялануу менен байланыштуу чектөөлөр

- бардык активдердин суммасынан салыштырмалуу салмактагы активдердин белгилүү бир түрлөрү

- бардык пассивдердин суммасынан салыштырмалуу салмактагы пассивдердин белгилүү бир түрлөрү

- таза суммардык капиталдан салыштырмалуу салмактагы банк менен байланыштуу болгон бир карыз алуучунун кредиттери жана карызынын башка түрлөрү. Банк тарабынан белгиленген чектөөлөрдүн маанилери ушул жобо тарабынан белгиленген ченемдердин маанисин бузбоого тийиш

- таза суммардык капиталдан салыштырмалуу салмактагы банк менен байланыштуу болбогон бир карыз алуучунун кредиттери жана карызынын башка түрлөрү. Банк тарабынан белгиленген чектөөлөрдүн маанилери ушул жобо тарабынан белгиленген ченемдердин маанисин бузбоого тийиш

- активдердин бардык түрүнөн салыштырмалуу салмакта бир областка салынган инвестициялар, кредиттер жана аларга теңдештирилген активдер

- активдердин бардык түрүнөн салыштырмалуу салмакта бир өлкөгө салынган инвестициялар, кредиттер жана аларга теңдештирилген активдер

- активдердин бардык түрүнүн салыштырмалуу салмагында экономиканын бир тармагына салынган инвестициялар, кредиттер жана аларга теңдештирилген активдер

- банк тарабынан берилген бардык кредиттердин салыштырмалуу салмагында банктын өз кардарларына берилген он эң ири кредиттери жана аларга теңдештирилген активдер

- банк тарабынан берилген бардык кредиттердин салыштырмалуу салмагында банктын өз инсайдерлерине жана аффилирленген компанияларга берилген он эң ири кредиттери жана аларга теңдештирилген активдер

- жеке адамдардын бардык тартылган депозиттердин салыштырмалуу салмагындагы депозиттери

- банк тарабынан экономиканын бир тармагынан банктын бардык милдеттенмелеринин суммасынан салыштырмалуу салмакта тартылган, милдеттенмелердин белгилүү бир түрлөрү

- банктын бардык милдеттенмелеринин суммасынан салыштырмалуу салмактагы банктын каржылоосунун эң ири он булагы

- бардык күрөөлүк камсыздоонун суммасынан салыштырмалуу салмактагы кредиттер боюнча күрөөлүк камсыздоонун белгилүү бир түрлөрү.  

- Экономиканын тармагы, бир түрдүү продукцияны (товарды же кызмат көрсөтүүнү) алууга алып келген чарба жүргүзүүчү субүектин экономикалык ишкердигине жараша аныкталат. Банк экономиканын тармактары боюнча концентрациялануу тобокелдигине чектөөлөрдү белгилөөгө тийиш.  

11.5 Банк, эң аз дегенде ай сайын анын бардык пайда болуу формасында концентрациялануу деңгээлин көзөмөлгө алып турууга, учурдагы абалга анализдөө жүргүзүүгө жана тобокелдикти тескөө боюнча ишти пландаштырууга (аналитикалык отчеттор, таблицалар, графиктер жана диаграммалар) жана мунун бары банктын жетекчилигине берилүүгө тийиш. Банктын жетекчилиги концентрациялануу тобокелдигин тескөө саясатын мезгил-мезгили менен кайрадан карап чыгууга тийиш

11.6 Концентрациялануу тобокелдигин тескөө боюнча маалымат, банк тарабынан кабыл алынган концентрациялануу тобокелдигинин өлчөмүнөн сандык көрсөткүчүн кошо алганда, финансылык отчетту жарыялоо учурунда максималдуу түрдө ачык көрсөтүлүүгө тийиш. 

 

12. Экономикалык ченемдерди аткаргандыгы жөнүндө отчетту жарыялоо тартиби жана аны берүү мөөнөттөрү  

 

12.1. Банктар (ликвиддүүлүк ченеминен жана жеке адамдардын талап боюнча төлөнүүчү депозитери боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченеминен тышкары) бардык экономикалык ченемдерди күндөлүк негизде сактоого тийиш. Ликвиддүүлүк жана жеке адамдардын талап боюнча төлөнүүчү депозитери боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченемдери отчеттук мезгил ичинде (бир ай) сакталат.  

Банктар тарабынан күндөлүк/жумалык негизде эсептелинүүгө тийиш болгон экономикалык ченемдердин жана талаптардын сакталышын текшерүү кайсыл болбосун күнгө карата абал боюнча бухгалтердик баланстын негизинде жүргүзүлүшү мүмкүн.  

12.2. Экономикалык ченемдерди аткаргандыгы жөнүндө отчет мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчеттун курамында, ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык Улуттук банкка берилет.  

12.3. Экономикалык ченемдерди аткаргандыгы жөнүндө отчет республикалык маанидеги жалпыга маалымдоо каражаттарында мамлекеттик жана/же расмий тилде, ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык жарыяланууга тийиш.  

12.4. Отчет ар бир чейрек аяктаган учурдан тартып 30 күн аралыгында жарыяланууга тийиш.  

12.5. Банк, аны пайдалануучуларга кеңири жана жеткиликтүү жеткирүүнү камсыз кылуу максатында, жалпыга маалымдоо каражаттарын тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ

12.6. Жарыяланган материалдын көчүрмөсүн тиркөө менен ал тууралуу маалымат Улуттук банкка жарыялангандан кийинки үч жумуш күн ичинде берилүүгө тийиш

 

13. Корутунду жоболор  

 

13.1. Банк тарабынан экономикалык ченемдер жана талаптар сакталбаган, маалымат берилбеген же болбосо айкын эмес жана/же толук эмес маалымат берилген, ошондой эле экономикалык ченемдерди аткаргандыгы жөнүндө отчеттун жарыялоо мөөнөттөрү сакталбаган учурларда, Улуттук банк банкка карата Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык чараларды жана санкцияларды колдонууга укуктуу