Банк секторунун өнүгүү тенденциялары 

(2019-жылдын 31-мартына карата1

2019-жылдын 31-мартына карата абал боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында (Пакистан улуттук банкынын Бишкектеги филиалын кошо алганда) 25 коммерциялык банк жана коммерциялык банктардын 321 филиалы иштеп турган. 

2019-жылдын 31-мартына карата банк секторунун суммардык активдери жыл башынан тартып 0,4 пайызга кыскарып, 221,2 млрд сомду түзгөн (2018-жылдын акырында 222,0 млрд сом). 

Банк секторунун кредит портфелинин көлөмү2 2019-жылдын 31-мартына карата абал боюнча жыл башынан 2,1 пайызга өсүү менен 130,6 млрд сомду түзгөн (2018-жылдын акырында 127,9 млрд сом), анын ичинде: 

өнөр жайына берилген кредиттер 11,3 млрд сомду түзгөн (2,2 пайызга азаюу менен); 

• айыл чарбасына берилген кредиттер 24,5 млрд сомду түзгөн (3,6 пайызга өсүү менен); 

• соода чөйрөсүнө кредиттер 36,0 млрд сомду түзгөн (3,0 пайызга өсүү менен); 

• курулушка берилген кредиттер 11,8 млрд сомду түзгөн (4,6 пайызга өсүү менен); 

• ипотекага берилген кредиттер 12,6 млрд сомду түзгөн (2,4 пайызга өсүү менен); 

• керектөө үчүн берилген кредиттер 13,6 млрд сомду түзгөн (1,3 пайызга азаюу менен); 

• жана башкалар боюнча берилген кредиттер 20,9 млрд сомду түзгөн (2,2 пайызга өсүү менен). 

Банк тутумунун кредит портфелиндеги классификацияланган кредиттердин үлүшү 2019-жылдын 31-мартына карата 7,9 пайызды же 10,2 млрд сомду түзгөн (2018-жылдын акырында 7,5 пайыз же 9,6 млрд сом). 

Банк секторунун жалпы милдеттенмелеринин көлөмү 2019-жылдын 31-мартына карата абал боюнча жыл башынан 1,2 пайызга кыскарып, 184,3 млрд сомду түзгөн (2018-жылдын акырында 186,6 млрд сом). 

Банк секторунун жалпы депозиттик базасы3 жыл башынан тартып 0,5 пайызга өсүп, 133,8 млрд сомду түзгөн (2018-жылдын акырында 133,1 млрд сом), алардын ичинен: 

· юридикалык жактардын депозиттери 45,0 млрд сомду түзгөн (1,1 пайызга азаюу менен); 

· жеке адамдардын депозиттери 73,7 млрд сомду түзгөн (3,1 пайызга өсүү менен); 

· бийлик органдарынын депозиттери 3,7 млрд сомду түзгөн (24,0 пайызга азаюу менен); 

· резидент эместердин депозиттери 9,9 млрд сомду түзгөн (1,9 пайызга өсүү менен); 

· башка финансы-кредит уюмдарынын депозиттери 1,4 млрд сомду түзгөн (4,1 пайызга азаюу менен). 

Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдерди эсептөө үчүн колдонулган банк тутумунун таза суммардык капитал көрсөткүчү жыл башынан бери 4,2 пайызга өсүү менен 2019-жылдын 31-мартына карата 38,0 млрд сомду түзгөн (2018-жылдын акырында таза суммардык капитал 36,5 млрд сом). 2019-жылдын 31-мартына карата банк секторунун капиталында чет өлкөнүн катышуусунун үлүшү банк секторунун төлөнгөн уставдык капиталынын 43,9 пайызын же 11,1 млрд сомду түзгөн. 

2019-жылдын 31-мартына карата абал боюнча банк тутумунун суммардык капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) коэффициенти (12 пайыз ченеминде) 24,7 пайыз чегинде катталган (2018-жылдын акырында 23,7 пайыз), ал эми левераж коэффициенти (8 пайыз ченеминде) 17,2 пайызды түзгөн (2018-жылдын акырында 16,5 пайыз). 

2019-жылдын 31-мартына карата абал боюнча банк тутумунун ликвиддүүлүк коэффициенти (45 пайыз ченеминде) 68,3 пайызды түзгөн (2018-жылдын акырында 66,9 пайыз). 

Банк секторунун активдеринин кирешелүүлүгү (ROA) 0,7 пайызды (2018-жылдын акырында 1,4 пайыз), ал эми салынган капиталдын кирешелүүлүгү (ROЕ) 4,4 пайызды (2018-жылдын акырында 9,5 пайыз) түзгөн. 

Финансылык ортомчулуктун (активдер/ИДӨ) жалпы деңгээли 39,5 пайызды түзгөн. 

 

1 Банктар тарабынан мурдагы мезгилдерге киргизилген оңдоолорду эске алуу менен алдын ала алынган маалыматтар. 

2 Банктарга жана башка финансы-кредит уюмдарына берилген кредиттерди эске албаганда. 

3 Банктардын депозиттерин эске албаганда.