2018- жылдын II чейрегинде Улуттук банктын коммерциялык банктарга карата колдонулган таасир этүүчү чаралары 

 

Улуттук банк тарабынан коммерциялык банктарга карата 2018-жылдын II-чейреги ичинде колдонулган эскертүү чаралары жана санкциялары:  

  

§ 8 (сегиз) эскертүү жөнөтүлгөн;  

§ 1 (бир) жазма буйрук жиберилген;  

§ коммерциялык банктын 2 (эки) кызмат адамына айыптык төлөм салынган;  

§ Көзөмөл боюнча комитеттин 14 (он төрт) отуруму өткөрүлүп, анда коммерциялык банктардын ишине тиешелүү 48 (кырк сегиз) маселе каралган.