> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмүнө мөөнөттүү эмгек келишими боюнча иштөөгө (экспедитордун функцияларын аткаруу үчүн) талапкерлерди тандоо үчүн ачык сынак жарыялайт - 1 бирдик 

 

Функционалдык милдеттери

- келип түшкөн корреспонденцияны кабыл алат жана иштеп чыгат (иргейт, каттайт, конверттерди (пакеттерди) ачат, тиркемелерди текшерет; 

- Улуттук банктын электрондук дарегине келген корреспонденцияны каттайт; 

- кириш документтердин сканерден өткөрүлгөн үлгүлөрүн тиркөө жана минималдуу параметрлерин көрсөтүү менен, кириш документтердин карточкаларын АСЭДде тариздейт; 

- чыгыш корреспонденцияны жөнөтөт (конвертке салат, адресаттарын белгилейт, маркировкалайт, тизмени, реестрди түзөт, чыгыш документтердин карточкасына документ жеткирилгендиги жөнүндө белгилерди коёт); 

- «Почта чыгымдары» жана «курьердин кызматы» статьялары боюнча кирешелердин жана чыгашалардын бюджетин пландаштырат жана даярдайт; 

- ишеним каттарды, каттарды, келишимдерди жана экспедициянын ишине тиешелүү башка документтерди даярдайт; 

- кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү даярдайт, эсеп-фактураларды тариздейт; 

- Улуттук банктын мезгилдүү басылмаларын жөнөтөт (конвертке салат, адресаттарын белгилейт, маркировкалайт, тизмени, реестрди түзөт); 

- Улуттук банктан чыккан тез корреспонденцияны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Президенттин Администрациясына, Министрлер Кабинетине, коммерциялык банктарга жана башка уюмдарга жеткирүүнү камсыз кылат; 

- документтерди Улуттук банктын жетекчилигинин кабылдамасына жеткирет; 

- Республикалык мезгилдүү басылмаларды Улуттук банкка жеткирүүнү камсыз кылат; 

- почта бөлүмдөрүнө Улуттук банк үчүн келген бандеролдорду, баалуу каттарды алып келет; 

- жеткирүү учурунда Улуттук банктын документтеринин сакталышына жеке жоопкерчилик тартат; 

- экспедиция аркылуу өткөн документтердин сакталышын камсыз кылат; 

- бөлүмдүн начальнигинин тапшырмаларын аткарат. 

Квалификациялык талаптар:  

- жогорку билими; 

- 1 жылдан кем эмес жалпы иш стажы; 

- MS Office программасы менен иштөө көндүмүнө ээ болуусу, иште колдонулуучу негизги ченемдик жана нускоо документтерди билүүсү

- мамлекеттик жана расмий тилдерди документтер менен иштөө деңгээлинде билүүсү

 

Кошумча талаптар:  

- жүктөлгөн милдеттерди сапаттуу аткаруу; 

- айкын тапшырмалардын аткарылыш мөөнөттөрүн сактоо; 

- алынган маалыматтарды талдоо жана иштеп чыгуу жөндөмдүүлүгү.  

 

Талап кылынган жеке сапаттар:  

- жоопкерчиликтүү

- ийкемдүүлүк; 

- ишенимге ээ болуу; 

- аракетчил болуу. 

 

Документтер 2024-жылдын 30-майынын саат 17:00 нө чейин тапшырылууга тийиш. 

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл: 

- кадрларды эсепке алуу баракчасы (сүрөтү менен); 

- резюме (кошумча маалыматтар); 

- өмүр баяны;  

- тиешелүү кесиптик билимин, иш тажрыйбасын жана квалификациясын тастыктоочу документтер (билими, квалификациясын жогорулатуу тууралуу документтердин, эмгек китепчесинин көчүрмөлөрү); 

- инсандыгын тастыктаган паспорт же инсандыгын тастыктаган башка документтердин, ошондой эле аскердик-каттоо документтердин (аскерге кызмат өтүүгө милдеттүүлөр жана аскердик кызматка чакырылчу адамдар үчүн) көчүрмөсү жеке өзү тарабынан тапшырылат. 

 

Бардык суроолор боюнча:  

- Бишкек шаары, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Персонал менен иш алып баруу бөлүмүнө (0312) 66-90-18, (0312) 61-10-21 телефондору аркылуу кайрылсаңыздар болот. Дареги: Чүй проспектиси, № 168. 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ  

Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын кассалык операциялар бөлүмүнүн «Борбордук жүгүртүү касса» тобунун экономисти бош кызмат ордуна ачык сынак жарыялайт 1 бирдик 

 

Функционалдык милдеттери: 

- ченемдик талаптарга ылайык кассалык операцияларды жүргүзүү эрежелеринин так сакталышын камсыздоо;  

- кассалык жабдууларды колдонуу менен улуттук валютанын банкнотторун жана монеталарын кайра эсептөө жана сорттоо; 

- эсептелип жаткан накталай акчанын аныктыгын контролдоо; 

- даярдоочу фабрикадан келип түшкөн улуттук валютанын банкнотторун жана монеталарын контролдук партиясын эсептөө жана сапатын контролдоо; 

- өзүнө ишенип берилген баалуулуктардын сакталышы үчүн толук материалдык жоопкерчилик тартат. 

 

Талаптар:   

- билими: орто адистиктеги же жогорку; 

- иш тажрыйбасы: милдеттүү эмес; 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ишин жөнгө салуучу мыйзам актыларын, ушул кызмат ордунун өзгөчөлүгүн аныктаган ченемдик жана нускоо документтерин билүүсү

- мамлекеттик (кыргыз) жана расмий (орус) тилдерин документ менен иш алып баруу деңгээлинде билүү

 

Кошумча талаптар:  

- компьютерди MS Offiсe, MS Excel колдонуучу деңгээлинде иштей билүү

- учурда же өткөн убакта соттолбогон.  

 

Жеке сапаттары:  

- коммуникабелдүүөзүнүн милдеттерин аткарууда ак ниеттик жана адептүүлүк; 

өзүнүн оюн оозеки жана жазуу түрүндө так жана сабаттуу түшүндүрө билүү, команда менен иштей билүү

 

Документтер 2024-жылдын 30-майынын саат 17:00 нө чейин тапшырылууга тийиш. 

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл: 

- кадрларды эсепке алуу баракчасы (сүрөтү менен); 

- резюме (кошумча маалыматтар); 

- өмүр баян;  

- тиешелүү кесиптик билимин, иш тажрыйбасын жана квалификациясын тастыктоочу документтер (билими, квалификациясын жогорулатуу тууралуу документтердин, эмгек китепчесинин көчүрмөлөрү); 

- паспорт же инсандыгын тастыктаган башка документтердин, ошондой эле аскердик-каттоо документтердин (аскерге кызмат өтүүгө милдеттүүлөр жана аскердик кызматка чакырылчу адамдар үчүн) көчүрмөсү жеке өзү тарабынан тапшырылат. 

 

Бардык суроолор боюнча: 

- Бишкек шаары, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Персонал менен иш алып баруу бөлүмүнө (0312) 66-90-18, (0312) 61-10-21 телефондору аркылуу кайрылсаңыздар болот. Дареги: Чүй проспектиси № 168.