Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында 2024-жылдын 29-апрелинде төраганын орун басары М.Ж. Жакыпов менен Экономикалык маселелер боюнча мамлекеттик катчылыктын (SECO) Макроэкономикалык колдоо департаментинин программалык менеджери Рональд Жиндра мырза жана Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин өкүлдөрү ортосунда жолугушуу болуп өттү.  

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуу маселелерин, финансы секторун өнүктүрүү тенденцияларын жана техникалык кызматташуунун алкагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жолдорун талкуулашты. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары М. Жакыпов SECO менен мындан ары кызматташууга, финансы рыногунун инфраструктурасын, анын ичинде санарип сомду ишке киргизүү, финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө инструменттерин өркүндөтүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын финансы секторун өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашырууда активдүү көмөк көрсөтүүгө ишеним арткан ниетин билдирди.  

Жолугушуунун жыйынтыгында Швейцария тарап Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен мындан ары кызматташууга даяр экендигин билдирди.