Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 17-октябрындагы  

№ 45\1 токтому 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жоболорун бекитүү жөнүндө  

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө " мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. Төмөнкү жоболор бекитилсин: 

- "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан микрофинансылык компаниялардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" (1-тиркеме); 

- "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан микрокредиттик компаниялардын жана микрокредиттик агенттиктердин мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" (2-тиркеме);  

- "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан кредиттик союздардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" (3-тиркеме).  

2. Токтом 2015-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирет. 

3. Улуттук банктын Банк ишин автоматташтыруу башкармалыгы, Тышкы көзөмөл башкармалыгы 2015-жылдын 1-июнуна чейин мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчеттордун формаларын автоматташтырсын.  

4. Улуттук банктын Юридика башкармалыгы: 

- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

5. Улуттук банктын Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен микрофинансылык компанияларды, микрокредиттик компанияларды, микрокредиттик агенттиктерди, кредиттик союздарды тааныштырсын.  

6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзүгү ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.Д. Орозбаевага ыйгарылсын.  

Төрага Т. Абдыгулов 

Улуттук банк Башкармасынын 

2014-жылдын " 17 " октябрындагы 

№ 45\1 токтомуна карата  

1-тиркеме 

"Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык 

операцияларды жүзөгө ашырышкан микрофинансылык компаниялардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жобо 

1. Жалпы жоболор 

1. Бул жобо, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө", "Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карыз жөнүндө" мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2000-жылдын 5-июлундагы №26/2 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын резиденттеринин чет өлкө банктарында ачылган эсептерин жана аманаттарын каттоо жөнүндө" жобого (мындан ары - мыйзамдарга) ылайык иштелип чыккан жана анда ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан микрофинансылык компаниялардын (мындан ары - МФК) мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетунун (мындан ары - ПРО) бирдиктүү формасы аныкталган.  

2. ПРО бухгалтердик эсеп жана системадан тышкаркы эсепке алуу маалыматтарынын негизинде түзүлөт.  

3. Ушул жободо колдонулган терминдер жана аныктамалар, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында колдонулган терминдерге жана аныктамаларга ылайык келет.  

2. Максаттары жана милдеттери 

4. ПРО төмөнкүлөргө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү максатында түзүлөт: 

а) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) тарабынан мыйзамдарда белгиленген милдеттердин аткарылышынын алкагында МФКлардын финансылык абалына;  

б) компаниялардын жетекчилери ликвиддүүлүктү, төлөөгө жөндөмдүүлүктү жана кирешелүүлүктү камсыз кылуу жагында чечимдерди кошо алганда, тиешелүү чечимдерди кабыл алуусу үчүн МФКлардын ишине.  

5. ПРОнун башкы милдети - ушул жобонун 4-пунктунда көрсөтүлгөн максаттардын аткарылышын камсыз кылуу үчүн МФКлардын экономикалык жана чарбалык иши тууралуу так жана толук маалыматтарды чагылдыруу.  

3. ПРОнун мазмуну жана берүү мезгил аралыгы  

6. ПРО, аныкталган формада, белгиленген мөөнөттө берилүүгө тийиш болгон МФКнын белгилүү бир мезгил ичиндеги иши тууралуу отчетту түшүндүрөт.  

7. ПРО 13 бөлүктөн турат. ПРОнун курамы, кыскача мазмуну жана берүү мөөнөттөрү ушул жобого карата 1-тиркемеде чагылдырылган.  

8. МФКнын ушул жылдын 4-чейреги үчүн ПРОсу жылдык болуп саналат. Акча каражатын тартуу менен иш алып барган МФКлар үчүн декабрь айында сунушталган ПРО жылдык болуп саналат. Жылдык ПРО отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралынан кечиктирилбестен Улуттук банктын кароосуна сунушталууга тийиш.  

4. ПРОну берүү тартиби  

9. Ар бир МФКда ПРОнун мазмунунун толуктугу, мөөнөтүндө берилиши жана туура толтурулушу үчүн жооп берген кызматкер дайындалууга тийиш. ПРОдо камтылган маалыматка тиешелүү бардык суроолор боюнча Улуттук банк менен иш алып баруу жоопкерчилиги да ошол кызматкерге жүктөлөт.  

10. ПРО ушул жобого карата 2-тиркемедеги формада, отчет үчүн белгиленген мөөнөттөрдө кагазга чыгарылган жана электрондук түрдө Улуттук банкка берилет. ПРОнун электрондук версиясы Улуттук банкта белгиленген талаптарга ылайык түзүлүүгө тийиш.  

11. Чүй областында жана Бишкек шаарында жайгашкан МФКлар ПРОну кагазга чыгарып, конвертке салып, чапталган түрүндө Улуттук банкка сунуштоого тийиш. 

12. ПРОнун электрондук версиясы Улуттук банктын Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгынын Статистикалык базаларды техникалык колдоо бөлүмүнө электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт. МФКнын электрондук почтасы жок болсо, отчеттор жаздырып алуучу башка жабдуулар (USB - флэш маалымат сактоочу) аркылуу берилиши зарыл.  

13. Республиканын башка областтарында жайгашкан МФКлар ПРОну кагазга чыгарылган же электрондук түрдө Улуттук банктын тиешелүү областтык башкармалыгына/Баткен областындагы өкүлчүлүгүнө берүүгө тийиш.  

Улуттук банктын областтык башкармалыктары жана Баткен областындагы өкүлчүлүгү ПРОну Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгына агрегирленген түрдө сунушташат. 

14. ПРОдо кандайдыр бир дал келбестиктер, каталар, маалыматтардын толук чагылдырылбашы же анын формаларынын туура эмес толтурулушу аныкталган учурда, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү финансылык отчетто чагылдыруу менен отчетту оңдоо зарылчылыгы тууралуу МФКга маалымдап, оңдолгон отчетту 10 жумуш күнү ичинде берилишин талап кылат.  

Оңдолгон отчеттор МФКнын коштомо каты менен бирге отчет талапка ылайык толтурулбагандыгы тууралуу билдирме жөнөтүлгөндөн кийинки беш жумуш күн ичинде Улуттук банкка кайрадан сунушталууга тийиш. 

15. Улуттук банктын ПРО боюнча сын-пикирлери жок болсо же отчет Улуттук банктын сын-пикирлерине ылайык кайрадан оңдолуп, анын оңдолгондугу жөнүндө Улуттук банк кат жүзүндө билдиргенден кийин гана ПРО Улуттук банк тарабынан кабыл алынган катары эсептелинет.  

16. МФК ПРОну МФКнын башкы кеңсеси жана филиалдар боюнча консолидацияланган негизде беришет.  

17. ПРО белгиленген формада: көктөлгөн, ар бир бөлүктүн беттерине санын көрсөтүү менен номерленип, мөөр басылып, МФКнын ПРОнун түзүлүшү, анын берилиши үчүн жооп берген кызматкерлеринин кол тамгасы коюлуп, сунушталууга тийиш.  

18. ПРОдо отчеттук күнгө карата МФКнын абалы тууралуу так маалыматтар камтылууга тийиш. МФКнын абалынын ар айлык, чейректик жана жылдык ПРОлордо туура чагылдырылгандыгы МФКнын Директорлор кеңешинин Төрагасы же Директорлор кеңешинин Төрага жок учурда аны алмаштырган мүчөсү, МФК Башкармасынын Төрагасы, Башкы бухгалтери жана МФК Башкармасынын ПРОнун даярдалышын түздөн-түз тескөөгө алган мүчөсү тарабынан тастыкталат.  

5. Корутунду жобо 

19. ПРОдо маалыматтардын өз учурунда берилбеши жана/же такталбаган, туура эмес маалыматтардын берилиши, отчеттун толук эмес жана/же туура эмес толтурулушу үчүн МФК Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартат.  

20. Улуттук банкка берилген ПРОнун экинчи нускасы МФКда сакталууга тийиш.  

Улуттук банк Башкармасынын
2014-жылдын 17-октябрындагы № 45/1 токтому менен бекитилген
"Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө
ашырышкан микрофинансылык компаниялардын мезгил-мезгили менен берилүүчү
регулятивдик отчету жөнүндө" жобого карата
1-тиркеме

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан МФКлардын ПРОсунун курамы 

Бөлүгү 

Аталышы 

Мезгил аралыгы 

Берүү мөөнөтү 

Эскертүүлөр же ченемдик укуктук актыларга шилтемелер 

Титулдук барак 

Чейрек сайын 

отчеттук айдан кийинки айдын 20 чейин  

Бөлүктөргө тиркелет  

Банктын Директорлор кеңешинин, Башкармасынын жана Шариат кеңешинин мүчөлөрү тууралуу маалыматтар  

Жыл сайын  

отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин 

Бөлүктөргө тиркелет 

Өзгөртүүлөр киргизилген учурларда 

өзгөртүүлөр кабыл алынгандан кийинки 10 календарлык күн ичинде  

МФКнын айрым кызмат адамдары жөнүндө маалымат 

Жыл сайын  

отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин 

Бөлүктөргө тиркелет 

Өзгөртүүлөр киргизилген учурларда 

өзгөртүүлөр кабыл алынгандан кийинки 10 календарлык күн ичинде 

МФК тууралуу базалык маалымат 

Жыл сайын  

отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин 

Бөлүктөргө тиркелет 

Өзгөртүүлөр киргизилген учурларда 

Өзгөртүүлөр кабыл алынгандан кийинки 10 календарлык күн ичинде  

1-бөлүк 

Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет  

A. Активдер 

Б. Милдеттенмелер  

B. Капитал 

Г. Милдеттенмелерди чечмелөө  

Д. Каржылоо портфелин чечмелөө  

Жыл сайын 

отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин 

Чейрек сайын 

Акча каражаттарын тартуу менен иш алып барган МФКлар үчүн, ай сайын 

отчеттук мезгилден кийинки мезгилдин 20 календарлык күн ичинде  

2-бөлүк 

Чогуу алгандагы киреше тууралуу отчет  

A. Операциялар боюнча алынган кирешелер 

Б. Операцияларды ишке ашыруудан улам чыгымдар  

B. Операциялар боюнча башка кирешелер  

Г. Операциялар боюнча башка чыгашалар  

Д. Операциялык жана административдик чыгашалар  

Жыл сайын 

отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин 

Чейрек сайын 

Акча каражаттарын тартуу менен иш алып барган МФКлар үчүн, ай сайын 

отчеттук мезгилден кийинки мезгилдин 20 календарлык күн ичинде 

3-бөлүк 

Капитал 

A. Капитал түзүмүндөгү өзгөрүүлөр 

Б. МФКнын акциялары жана башка баалуу кагаздары тууралуу маалыматтар  

B. Бөлүштүрүлбөгөн пайдадагы өзгөрүүлөр  

Жыл сайын 

отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин 

Чейрек сайын 

Акча каражаттарын тартуу менен иш алып барган МФКлар үчүн, ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки мезгилдин 20 календарлык күн ичинде 

4-бөлүк 

Мөөнөтүнөн өткөрүлүп жиберилген активдер тууралуу маалымат, активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоо 

A. Мөөнөтүнөн өткөрүлүп жиберилген активдер тууралуу маалымат  

Б. Активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоо  

B. Берилген каржылоо боюнча маалымат  

Г. Областтар боюнча берилген каржылоо тууралуу маалымат  

Д. Каржылоо ыкмалары 

Е. Кардарлар жёнъндё  

Ж. Кыргыз Республикасынын областтары боюнча тобокелдик деңгээлине жараша активдерди классификациялоо  

З. Кыргыз Республикасынын областтары боюнча башка маалыматтар  

И. Проблемалуу кардарлар боюнча маалымат  

К. Үстү-үстүнөн берилген активдер жөнүндө маалыматтар  

Л. Реструктуриза-цияланган активдер 

Жыл сайын 

отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин 

Чейрек сайын 

Акча каражаттарын тартуу менен иш алып барган МФКлар үчүн, ай сайын 

отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 20 календарлык күн ичинде 

5-бөлүк 

Кардарлардын эсептери  

A.Суммалар боюнча бөлүштүрүү менен эсептер  

Б. Отчеттук мезгил ичинде эсептердеги акча каражаттардын жылышы  

B. Төлөө мөөнөттөрү боюнча эсептер 

Жыл сайын 

отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин 

Чейрек сайын 

Акча каражаттарын тартуу менен иш алып барган МФКлар үчүн, ай сайын 

отчеттук мезгил аяктагандан кийинки мезгилдин 20 календарлык күн ичинде 

10 

6-бөлүк 

А. Кирешелүүлүк чендеринин өзгөрүүсүнө карата активдердин жана милдеттенмелердин ийкемдүүлүгүнө талдап-иликтөөлөр (ГЭП-анализ) 

Б. Ордун жабуу мөөнөттөрү боюнча активдерди жана милдеттенмелерди талдап-иликтөө  

Жыл сайын 

отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин 

Чейрек сайын  

Акча каражаттарын тартуу менен иш алып барган МФКлар үчүн, ай сайын 

отчеттук мезгил аяктагандан кийинки мезгилдин 20 календарлык күн ичинде 

11 

7-бөлүк 

РППУдагы өзгөрүүлөр  

А. РППУдагы өзгөрүүлөр 

Б. РППУнун эсебинен эсептен алынып салынган активдер жана баланстан тышкаркы милдеттенмелер жана кайтарылган (мурда эсептен алынып салынган) активдер жана баланстан тышкаркы милдеттенмелер жөнүндө маалыматтар  

Жыл сайын 

отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин 

Чейрек сайын 

Акча каражаттарын тартуу менен иш алып барган МФКлар үчүн, ай сайын 

отчеттук мезгил аяктагандан кийинки мезгилдин 20 календарлык күн ичинде 

12 

8-бөлүк 

А. Ири тобокелдиктер тууралуу маалымат  

Б. Аффилирленген жактар менен операциялар жөнүндө жалпы маалыматтар  

В. Уюштуруучулардан/акционерлерден/катышуучулардан алынган насыялар  

Жыл сайын  

отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин 

Чейрек сайын 

Акча каражаттарын тартуу менен иш алып барган МФКлар үчүн, ай сайын 

отчеттук мезгил аяктагандан кийинки мезгилдин 20 календарлык күн ичинде 

13 

9-бөлүк 

Кызматкерлер менен келишилген бүтүмдөр тууралуу маалымат  

Жыл сайын  

отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин 

Чейрек сайын 

Акча каражаттарын тартуу менен иш алып барган МФКлар үчүн, ай сайын 

отчеттук мезгил аяктагандан кийинки мезгилдин 20 календарлык күн ичинде 

14 

10-бөлүк 

Экономикалык ченемдердин сакталышы тууралуу маалыматтар  

Жыл сайын 

отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин 

МФКнын ишин жөнгө салуунун убактылуу эрежелери 

Чейрек сайын 

Акча каражаттарын тартуу менен иш алып барган МФКлар үчүн, ай сайын 

отчеттук мезгил аяктагандан кийинки мезгилдин 20 календарлык күн ичинде 

15 

11-бөлүк 

Кардарларга сунушталган каржылоо тууралуу маалымат  

Жыл сайын 

отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин 

Чейрек сайын 

Акча каражаттарын тартуу менен иш алып барган МФКлар үчүн, ай сайын 

отчеттук мезгил аяктагандан кийинки мезгилдин 20 календарлык күн ичинде 

16 

12-бөлүк 

Ачып көрсөтүү 

А. Банк менен түзүлгөн агенттик келишим боюнча чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруу боюнча маалымат  

Б. ФКМде ишке ашырылган операциялар жана инвестициялар боюнча чечмелөөлөр 

В. Туунду финансылык инструменттер  

Жыл сайын 

отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин 

Чейрек сайын 

Акча каражаттарын тартуу менен иш алып барган МФКлар үчүн, ай сайын 

отчеттук мезгил аяктагандан кийинки мезгилдин 20 календарлык күн ичинде 

17 

13-бөлүк 

Чет өлкө активдери жана милдеттенмелери боюнча отчет  

Чейрек сайын 

отчеттук мезгил аяктагандан кийинки мезгилдин 20 календарлык күн ичинде 

 Улуттук банк Башкармасынын
2014-жылдын 17-октябрындагы № 45/1 токтому менен бекитилген
"Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө
ашырышкан микрофинансылык компаниялардын мезгил-мезгили менен берилүүчү
регулятивдик отчету жөнүндө" жобого карата
2-тиркеме

Улуттук банк Башкармасынын 

2014-жылдын "17"-октябрындагы 

№ 45\1 токтомуна карата 

2-тиркеме 

"Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан микрокредиттик компаниялардын жана микрокредиттик агенттиктердин мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жобо 

1. Жалпы жоболор 

1. Бул жобо, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө", "Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карыз жөнүндө" мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2000-жылдын 5-июлундагы №26/2 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын резиденттеринин чет өлкө банктарында ачылган эсептерин жана аманаттарын каттоо жөнүндө" жобого (мындан ары - мыйзамдарга) ылайык иштелип чыккан жана анда ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрокредиттик компаниялардын жана микрокредиттик агенттиктердин (мындан ары - МКК жана МКА) мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетунун (мындан ары - ПРО) бирдиктүү формасы аныкталган.  

2. ПРО бухгалтердик эсеп жана системадан тышкаркы эсепке алуу маалыматтарынын негизинде түзүлөт.  

3. Ушул жободо колдонулган терминдер жана аныктамалар, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында колдонулган терминдерге жана аныктамаларга ылайык келет.  

2. Максаттары жана милдеттери 

4. ПРО төмөнкүлөргө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү максатында түзүлөт: 

а) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) тарабынан мыйзамдарда белгиленген милдеттердин аткарылышынын алкагында МКК жана МКАлардын финансылык абалына;  

б) компаниялардын жетекчилери ликвиддүүлүктү, төлөөгө жөндөмдүүлүктү жана кирешелүүлүктү камсыз кылуу жагында чечимдерди кошо алганда, тиешелүү чечимдерди кабыл алуусу үчүн МКК жана МКАлардын ишине.  

5. ПРОнун башкы милдети - ушул жобонун 4-пунктунда көрсөтүлгөн максаттардын аткарылышын камсыз кылуу үчүн МКК жана МКАлардын экономикалык жана чарбалык иши тууралуу так жана толук маалыматтарды чагылдыруу.  

3. ПРОнун мазмуну жана берүү мезгил аралыгы  

6. ПРО, аныкталган формада, белгиленген мөөнөттө берилүүгө тийиш болгон МКК жана МКАнын белгилүү бир мезгил ичиндеги иши тууралуу отчетту түшүндүрөт.  

7. ПРО 6 бөлүктөн турат. ПРОнун курамы, кыскача мазмуну жана берүү мөөнөттөрү ушул жобого карата 1-тиркемеде чагылдырылган.  

8. МКК жана МКАнын ушул жылдын 4-чейреги үчүн ПРОсу жылдык болуп саналат. Жылдык ПРО отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин Улуттук банктын кароосуна сунушталууга тийиш.  

4. ПРОну берүү тартиби 

9. Ар бир МКК жана МКАда ПРОнун мазмунунун толуктугу, мөөнөтүндө берилиши жана туура толтурулушу үчүн жооп берген кызматкер дайындалууга тийиш. ПРОдо камтылган маалыматка тиешелүү бардык суроолор боюнча Улуттук банк менен иш алып баруу жоопкерчилиги да ошол кызматкерге жүктөлөт.  

10. ПРО ушул жобого карата 2-тиркемедеги формада, отчет үчүн белгиленген мөөнөттөрдө кагазга чыгарылган жана электрондук түрдө Улуттук банкка берилет. ПРОнун электрондук версиясы Улуттук банкта белгиленген талаптарга ылайык түзүлүүгө тийиш.  

11. Чүй областында жана Бишкек шаарында жайгашкан МКК жана МКАлар ПРОну кагазга чыгарып, конвертке салып, чапталган түрүндө Улуттук банкка сунуштоого тийиш. 

12. ПРОнун электрондук версиясы Улуттук банктын Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгынын Статистикалык базаларды техникалык колдоо бөлүмүнө электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт. МКК жана МКАнын электрондук почтасы жок болсо, отчеттор жаздырып алуучу башка жабдуулар (USB - флэш маалымат сактоочу) аркылуу берилиши зарыл.  

13. Республиканын башка областтарында жайгашкан МКК жана МКАлар ПРОну кагазга чыгарылган же электрондук түрдө Улуттук банктын тиешелүү областтык башкармалыгына/Баткен областындагы өкүлчүлүгүнө берүүгө тийиш.  

Улуттук банктын областтык башкармалыктары жана Баткен областындагы өкүлчүлүгү ПРОну Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгына агрегирленген түрдө сунушташат. 

14. ПРОдо кандайдыр бир дал келбестиктер, каталар, маалыматтардын толук чагылдырылбашы же анын формаларынын туура эмес толтурулушу аныкталган учурда, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү финансылык отчетто чагылдыруу менен отчетту оңдоо зарылчылыгы тууралуу МКК жана МКАга маалымдап, оңдолгон отчетту 10 жумуш күнү ичинде берилишин талап кылат.  

Оңдолгон отчеттор МКК жана МКАнын коштомо каты менен бирге отчет талапка ылайык толтурулбагандыгы тууралуу билдирме жөнөтүлгөндөн кийинки беш жумуш күн ичинде Улуттук банкка кайрадан сунушталууга тийиш. 

15. Улуттук банктын ПРО боюнча сын-пикирлери жок болсо же отчет Улуттук банктын сын-пикирлерине ылайык кайрадан оңдолуп, анын оңдолгондугу жөнүндө Улуттук банк кат жүзүндө билдиргенден кийин гана ПРО Улуттук банк тарабынан кабыл алынган катары эсептелинет.  

16. МКК жана МКА ПРОну МКК жана МКАнын башкы кеңсеси жана филиалдар боюнча консолидацияланган негизде беришет.  

17. ПРО белгиленген формада: көктөлгөн, ар бир бөлүктүн беттерине санын көрсөтүү менен номерленип, мөөр басылып, МКК жана МКАнын ПРОнун түзүлүшү, анын берилиши үчүн жооп берген кызматкерлеринин кол тамгасы коюлуп, сунушталууга тийиш. 

18. ПРОдо отчеттук күнгө карата МКК жана МКАнын абалы тууралуу так маалыматтар камтылууга тийиш. МКК жана МКАнын абалынын чейректик жана жылдык ПРОлордо туура чагылдырылгандыгы МКК жана МКАнын аткаруу органынын жетекчиси жана башкы бухгалтери тарабынан тастыкталат.  

5. Корутунду жобо 

19. ПРОдо маалыматтардын өз учурунда берилбеши жана/же такталбаган, туура эмес маалыматтардын берилиши, отчеттун толук эмес жана/же туура эмес толтурулушу үчүн МКК жана МКА Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартат.  

20. Улуттук банкка берилген ПРОнун экинчи нускасы МКК жана МКАда сакталууга тийиш.  

Улуттук банк Башкармасынын
2014-жылдын 17-октябрындагы № 45/1 токтому менен бекитилген
"Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине
ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан
микрокредиттик компаниялардын жана микрокредиттик агенттиктердин
мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жобого карата
1-тиркеме

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан МКК жана МКАлардын ПРОсунун курамы 

№ 

Бөлүгү 

Аталышы 

Мезгил аралыгы  

Берүү мөөнөттөрү  

Эскертүү же ченемдик укуктук актыга шилтеме  

1  

Титулдук барак  

Чейрек сайын  

Отчеттук чейректен кийинки айдын 20 чейин  

Бөлүктөргө тиркелет  

2  

Директорлор кеңешинин, Башкармасынын жана Шариат Кеңешинин мүчөлөрү тууралуу маалымат  

Жылдык  

Өзгөртүүлөр киргизилген учурда жыл ичинде  

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин  

Өзгөртүүлөр кабыл алынгандан кийин 10 календарлык күн ичинде  

3  

Айрым кызмат адамдары тууралуу маалымат  

Жылдык отчет 

Өзгөртүүлөр киргизилген учурда жыл ичинде  

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин  

Өзгөртүүлөр кабыл алынгандан кийин 10 календарлык күн ичинде  

4  

Базалык маалымат 

Жылдык  

Өзгөртүүлөр киргизилген учурда жыл ичинде  

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин 

Өзгөртүүлөр кабыл алынгандан кийин 10 календарлык күн ичинде  

5  

1-бөлүк.  

Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет  

А.Активдер 

Б.Милдеттенмелер жана капитал 

В. Баланстан тышкаркы милдеттенмелер  

Чейрек сайын  

Жылдык  

Отчеттук чейректен кийинки айдын 20 чейин  

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин 

6  

2-бөлүк.  

Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет  

Чейрек сайын 

Жылдык  

Отчеттук чейректен кийинки айдын 20сына чейинки мөөнөттө  

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин 

7  

3-бөлүк.  

Активдер тууралуу маалымат  

А. Активдерди тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоо  

Б. Каржылоо ыкмалары  

В. Тармактар жана региондор боюнча бөлүштүрүү  

Г. Сунушталган каржылоо боюнча маалымат  

Д. Проблемалуу кардарлар боюнча маалымат  

Е. Үстү-үстүнөн каржылоо тууралуу маалымат  

Ж. Тармактар жана региондор боюнча берилген каржылоонун көлөмү жөнүндө маалымат  

З. Реструктуризация-ланган активдер 

И. Кирешелүүлүк чендеринин өзгөрүүсүнө карата активдердин жана милдеттенмелердин ийкемдүүлүгүн талдап-иликтөө (ГЭП-анализ) 

К. Активдердин/мил-деттенмелердин ордун жабуу мөөнөттөрү  

Чейрек сайын  

Жылдык  

Отчеттук чейректен кийинки айдын 20 чейин  

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин 

8  

4-бөлүк  

Өз ишине баа берүү боюнча отчет  

Жылдык  

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин 

9  

5-бөлүк  

Чет өлкө активдери жана милдеттенмелери боюнча отчет  

Чейрек сайын 

Отчеттук чейректен кийинки айдын 20 чейин  

10  

6-бөлүк  

Ачып көрсөтүү  

А.Милдеттенмелер  

Б.Каржылоо шарттары боюнча маалымат  

В. МКК жана МКАнын кардарлары жөнүндө 

Г. МКК жана МКАнын персоналы тууралуу  

Д. Банктардын агенттик келишими боюнча чекене банктык кызматтарды көрсөтүү боюнча маалыматтар 

Е. Жайгаштыруу операциялары жана инвестициялар боюнча чечмелөө  

З. Уюштуруучулардан/ 

акционерлерден/каты-шуучулардан алынган насыя  

Чейрек сайын 

Жылдык  

Отчеттук чейректен кийинки айдын 20 чейин  

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин  

 Улуттук банк Башкармасынын
2014-жылдын 17-октябрындагы № 45/1 токтому менен бекитилген
"Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине
ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан
микрокредиттик компаниялардын жана микрокредиттик агенттиктердин
мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жобого карата
2-тиркеме

Улуттук банк Башкармасынын 

2014-жылдын 17-октябрындагы 

№ 45\1 токтомуна карата  

3-тиркеме 

"Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык 

операцияларды жүзөгө ашырышкан кредиттик союздардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жобо 

1. Жалпы жоболор 

1. Бул жобо, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" жана "Кредиттик союздар жөнүндө" мыйзамдарына (мындан ары - мыйзамдарга) ылайык иштелип чыккан жана анда ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан кредиттик союздардын (мындан ары - кредиттик союздар) мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетунун (мындан ары - ПРО) бирдиктүү формасы аныкталган.  

2. ПРО кредиттик союздардын бухгалтердик эсеп жана системадан тышкаркы эсепке алуу маалыматтарынын негизинде түзүлөт.  

3. Ушул жободо колдонулган терминдер жана аныктамалар, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында колдонулган терминдерге жана аныктамаларга ылайык келет.  

2. Максаттары жана милдеттери 

4. ПРО төмөнкүлөргө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү максатында түзүлөт: 

а) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) тарабынан мыйзамдарда белгиленген милдеттердин аткарылышынын алкагында кредиттик союздардын финансылык абалына;  

б) кредиттик союздун жетекчилери тарабынан ликвиддүүлүктү, төлөөгө жөндөмдүүлүктү жана кирешелүүлүктү камсыз кылуу жагында чечимдердин кабыл алынышы үчүн кредиттик союздардын ишине.  

5. ПРОнун башкы милдети - ушул жобонун 4-пунктунда көрсөтүлгөн максаттардын аткарылышын камсыз кылуу үчүн кредиттик союздардын экономикалык жана чарбалык иши тууралуу так жана толук маалыматтарды чагылдыруу.  

3. ПРОнун мазмуну жана берүү мезгил аралыгы  

6. ПРО, аныкталган формада, белгиленген мөөнөттө берилүүгө тийиш болгон кредиттик союздардын белгилүү бир мезгил ичиндеги иши тууралуу отчетту түшүндүрөт.  

7. ПРО 8 бөлүктөн турат. ПРОнун курамы, кыскача мазмуну жана берүү мөөнөттөрү ушул жобого карата 1-тиркемеде чагылдырылган.  

8. Өтүп жаткан жылдын 4-чейреги үчүн берилген ПРО жылдык болуп саналат жана Улуттук банктын кароосуна отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралынан кечиктирилбестен сунушталууга тийиш.  

4. ПРОну берүү тартиби  

9. Ар бир кредиттик союзда ПРОнун мазмунунун толуктугу, мөөнөтүндө берилиши жана туура толтурулушу үчүн жооп берген кызматкер дайындалууга тийиш. ПРОдо камтылган маалыматка тиешелүү бардык суроолор боюнча Улуттук банк менен иш алып баруу жоопкерчилиги да ошол кызматкерге жүктөлөт.  

10. ПРО ушул жобого карата 2-тиркемедеги формада, отчет үчүн белгиленген мөөнөттөрдө кагазга чыгарылган жана электрондук түрдө Улуттук банкка берилет. ПРОнун электрондук версиясы Улуттук банкта белгиленген талаптарга ылайык түзүлүүгө тийиш.  

11. Чүй областында жана Бишкек шаарында жайгашкан кредиттик союздар ПРОну кагазга чыгарып, конвертке салып, чапталган түрүндө Улуттук банкка сунуштоого тийиш. 

12. ПРОнун электрондук версиясы Улуттук банктын Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгынын Статистикалык базаларды техникалык колдоо бөлүмүнө электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт. кредиттик союздардын электрондук почтасы жок болсо, отчеттор жаздырып алуучу башка жабдуулар (USB - флэш маалымат сактоочу) аркылуу берилиши зарыл.  

13. Республиканын башка областтарында жайгашкан кредиттик союздар ПРОну кагазга чыгарылган же электрондук түрдө Улуттук банктын тиешелүү областтык башкармалыгына/Баткен областындагы өкүлчүлүгүнө берүүгө тийиш.  

Улуттук банктын областтык башкармалыктары жана Баткен областындагы өкүлчүлүгү ПРОну Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгына агрегирленген түрдө сунушташат. 

14. ПРОдо кандайдыр бир дал келбестиктер, каталар, маалыматтардын толук чагылдырылбашы же анын формаларынын туура эмес толтурулушу аныкталган учурда, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү финансылык отчетто чагылдыруу менен отчетту оңдоо зарылчылыгы тууралуу кредиттик союздарга маалымдап, оңдолгон отчетту 10 жумуш күнү ичинде берилишин талап кылат.  

Оңдолгон отчеттор кредиттик союздардын коштомо каты менен бирге отчет талапка ылайык толтурулбагандыгы тууралуу билдирме жөнөтүлгөндөн кийинки беш жумуш күн ичинде Улуттук банкка кайрадан сунушталууга тийиш. 

15. Улуттук банктын ПРО боюнча сын-пикирлери жок болсо же отчет Улуттук банктын сын-пикирлерине ылайык кайрадан оңдолуп, анын оңдолгондугу жөнүндө Улуттук банк кат жүзүндө билдиргенден кийин гана ПРО Улуттук банк тарабынан кабыл алынган катары эсептелинет.  

16. ПРО белгиленген формада: көктөлгөн, ар бир бөлүктүн беттерине санын көрсөтүү менен номерленип, мөөр басылып, кредиттик союздардын ПРОнун түзүлүшү, анын берилиши үчүн жооп берген кызматкерлеринин кол тамгасы коюлуп, сунушталууга тийиш. 

17. ПРОдо отчеттук күнгө карата кредиттик союздардын абалы тууралуу так маалыматтар камтылууга тийиш. Кредиттик союздардын абалынын ар айлык, чейректик жана жылдык ПРОлордо туура чагылдырылгандыгы кредиттик союздун төрагасы жана башкы бухгалтери тарабынан тастыкталат.  

5. Корутунду жобо 

18. ПРОдо маалыматтардын өз учурунда берилбеши жана/же такталбаган, туура эмес маалыматтардын берилиши, отчеттун толук эмес жана/же туура эмес толтурулушу үчүн кредиттик союздар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартат.  

19. Кредиттик союздар Улуттук банкка берилген ПРОнун экинчи нускасынын сакталышын камсыз кылууга тийиш.  

Улуттук банк Башкармасынын
2014-жылдын 17-октябрындагы № 45/1 токтому менен бекитилген
"Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине
ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан
кредиттик союздардын мезгил-мезгили менен берилүүчү
регулятивдик отчету жөнүндө" жобого карата
1-тиркеме

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан кредиттик союздардын ПРОсунун курамы 

Бөлүгү 

Формасынын аталышы  

Мезгил аралыгы 

Берүү мөөнөтү 

1.  

Титулдук барак  

Катышуучулардан акча каражаттарын тартуу укугу каралган лицензияга ээ кредиттик союздар үчүн ай сайын  

Чейрек сайын 

Жыл сайын 

Бөлүктөргө тиркелет  

Отчеттук айдан кийинки айдын 12 чейин 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 20 календарлык күн ичинде 1, 2 жана 3-чейректер үчүн отчеттор.  

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралынан кечиктирбестен жылдык отчет (4-чейрек үчүн)  

2.  

1-бөлүк. 

Баланстык отчет  

А. Активдер 

Б. Милдеттенмелер жана капитал 

Катышуучулардан акча каражаттарын тартуу укугу каралган лицензияга ээ кредиттик союздар үчүн ай сайын 

Чейрек сайын 

Жыл сайын 

Очтеттук мезгилден кийинки айдын 12 чейин  

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 20 календарлык күн ичинде 1, 2 жана 3-чейректер үчүн отчеттор  

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралынан кечиктирбестен жылдык отчет (4-чейрек үчүн)  

3.  

2-бөлүк. 

Түшкөн пайда жана кеткен чыгымдар жөнүндө отчет  

4.  

3-бөлүк. 

Каржылоо портфели боюнча маалымат  

А. Мөөнөтү өткөрүлүп жиберилген активдер 

Б. Активдерди классификациялоо 

В. Иджара мунтахия биттамлик операциясын классификациялоо 

Г. Каржылоо портфели 

Д. Иджара мунтахия биттамлик операциясы 

Е. Алынган каржылоо боюнча маалымат 

5.  

4-бөлүк.  

Ири кардарлар жөнүндө маалымат  

6.  

5-бөлүк. 

Ири проблемалуу кардарлар жөнүндө маалымат  

7.  

6-бөлүк. 

Тартуу операциялары боюнча отчет  

8.  

7-бөлүк. 

Башка маалыматтар  

9.  

8-бөлүк. 

Экономикалык ченемдердин сакталышы тууралуу маалымат  