Улуттук банк 1 граммдан 100 граммга чейинки алтындан даярдалган куймаларды сата баштады.
2015-жылдын 7-майынан тартып Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аффинаждалган алтындан даярдалган куймаларды сата баштады.
Алтындын өлчөнгөн куймаларынын бет ачарына арналган пресс-конференцияда чыгып сүйлөп жатып төрага Толкунбек Абдыгулов, Улуттук банк биринчи жолу алтындын өлчөнгөн куймаларын чыгарып жаткандыгын белгиледи. "Алтын куймаларын чыгаруу демилгеси мындан бир жыл мурда пайда болгон. Быйыл өлкө башчынын жана парламенттин колдоосу менен Улуттук банк аны ишке ашырды", - деп билдирди.
Улуттук банктын башчысы жергиликтүү экономикадагы долларлашуунун деңгээлин төмөндөтүүгө, атуулдардын аманаттарында тандоосу үчүн бир гана валюта менен эмес алтын менен да сактоого мүмкүндүк түзүүгө багытталгандыгын билдирди. Мындан тышкары, бул долбоор республиканын зергелик тармагынын өнүгүшүнө шарт түзөт. "Алтындын өлчөнгөн куймалары - бул келечекке ишенимдүү финансылык салым катары инвестициялануучу банктык жаңы продукт болуп саналат. Валюта рыногунда туруксуздук абалы сакталып турган шартта көпчүлүк инвесторлор өз каражаттарын алтындын курсуна таянуу менен туруктуу иш алып барган металл рынокторуна жумшоого аракеттенишет. Валюта курсу төмөндөгөн шартта эрежедегидей эле, алтындын курсу жогорулайт. Мына ошондуктан, баалуу металлдар үчүн каражат салууда бекем ишенимдүүлүк, наркынын жогорулап туруусу сыяктуу өзгөчөлүктөр мүнөздүү. Өлчөнгөн куймалардагы баалуу металлдар- эсте калаарлык баалуу белек катары да пайдаланууга болот", - деп билдирди Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башчысы.
Төрага белгилегендей, 1 граммдан 31 граммга чейинки салмактагы куймалардын биринчи партиясы казакстанда казак алтынынан жасалган, ал эми 100 граммдык куймалар "Кыргызалтын" заводунда кыргыздын аффинаждык алтынынан даярдалган. "Азыркы учурда, заводдун техникалык абалы майда куймаларды өндүрүүгө мүмкүндүк бербейт. Долбоордун экинчи этабында биз ата-мекендик өндүрүштөн алтын куймаларын чыгарууну пландаштырып жатабыз. Ошондой эле күмүштүн өлчөнгөн куймаларын чыгаруу маселеси дагы каралып жатат", - деп маалымдады Т. Абдыгулов.
Алтын куймалары тууралуу кеңири маалыматты Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Шамиль Айдаркулов берди. Анын айтымында, алтындан даярдалган 100 грамм салмагындагы куймалар сертификаты менен кошо, өзүнчө кутучуларга жайгаштырылат. Ал эми салмагы 1, 2, 5, 10 жана 31,1035 граммда өлчөнгөн куймалар сертификаттын кызматын аткаруучу - өзгөчө коргоого алынган бекем желим менен капталып (таңылып) чыгарылат. Капталган желимдин – сертификаттын бүтүндүгү куймалардын аныктыгына кепилдик болуп, аларды кайра сатып алуу учурунда кардар менен дароо эсептешүүнү камсыз кылат. Куйма салынган желим кутуча сырткы таасирлерге дуушарланса же желим менен капталбаган болсо, ошол куйма Улуттук банкта кылдат экспертизадан өткөртүлүүгө тийиш –деп билдирди ал.
"Алтын куймалар аяр мамилени талап кылат. Жогорку сапаттагы металл өтө ийкемдүү келгендиктен, ага сырттан таасир этүүгө дегеле болбойт, анткени, анын үстү бармак же чүпүрөк тийсе эле чийилип калышы мүмкүн. Коргоого алынган кутучаны ачып көрүү металлдын булганышы же бузулушу мүмкүнчүлүгүн шарттайт. Сырткы таасирлерге дуушар болгон куйма баалуулугун жоготуп, металл сыныгы катары бааланып, өз наркынан төмөн баада гана сатылышы мүмкүн. Мына ошондуктан, куйманын кутучасын ачып көрүү сунушталбайт", деп маалымдады Ш.Айдаркулов.
Пресс-конференциядан соң, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү алтын куймалары сатылуучу кассада болушуп, анда Улуттук банктын эксперттери металлдын сапатын жана салмагын аныктай турган атайын жабдыкты көрсөтүштү.
Өлчөнгөн куймаларды кайра сатып алуу жогоруда белгиленгендей эле, кутучасы-сертификаты бузулбаган шартта гана кабыл алынат. Өлчөнгөн куймаларды сатып алуу-сатуу баасы күн сайын улуттук валютада аныкталып, Улуттук банктын расмий сайтынын "Банктык өлчөнгөн куймалар" бөлүгүндө жайгаштырылат.
Өлчөнгөн куймалардын техникалык мүнөздөмөлөрү:
Салмагы (гр.) |
Металлы |
Сапат белгиси |
1 |
Алтын° |
999,9 |
2 |
Алтын |
999,9° |
5 |
Алтын |
999,9° |
10 |
Алтын |
999,9° |
31,1035 |
Алтын |
999,9° |
100 |
Алтын |
999,9° |
Куймаларды сатуу жана кайра сатып алуу ишемби, жекшемби күндөрүнөн тышкары, күн сайын саат 9:00дөн 15:00гө чейин төмөнкү даректер боюнча ишке ашырат.
- Бишкек шаары, Т.Үмөталиев көчөсү, 101, тел. (312) 66-91-41 же 66-92-31
- Ош шаары, Курманжан Датка көчөсү, 119, тел. (3222) 2-12-7 же 2-12-20
Улуттук банк Улуу Ата Мекендик согуштун 70 жылдык Жеңиши менен мурдагы кызматкер-согуштун ардагерин куттуктады.
Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңиш күнүнүн 70 жылдыгын майрамдоону утурлай Улуттук банктын Төрагасы Толкунбек Абдыгулов Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жалпы жамаатынын атынан мурдагы кызматкер, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Григорий Лазаренкону куттуктады.
Т.Абдыгулов, ардагерге жана анын жубайы Александра Лазаренкого кайрылып жатып "Быйыл биз Улуу Жеңиштин 70 жылдыгын белгилеп жатабыз. Жеңиш күнү – постсоветтик мейкиндиктеги бир катар өлкөлөрдүн элдери үчүн ыйык майрам. Ал кездеги окуялар, өз жанын аябаган советтик жоокерлердин эрдиги жана баатырлыктары алтын тамгалар менен тарыхта калтырылды. Биздин милдет Улуу Ата Мекендик согушту, согуш талаасында курман болгондорду эстен чыгарбай, аман калгандарга тынч, ачык асманды тартуулагандыгы үчүн таазим этип жүрүү",-деп билдирди.
Улуттук банктын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда Г.Лазаренко согуш жылдары, Советтик Армиядагы кызмат өтөө, согуштан кийинки мезгил, студенттик жылдар жана СССРдин Мамлекеттик банкынын Кыргыз конторасындагы карьерасынын башталышы тууралуу айтып берди.
Улуттук банктын жалпы жамаатынын атынан Т.Абдыгулов согуштун ардагерине атайын Улуу Согуштун Жеңишинин 70 жылдыгына арналып, өлкөнүн башкы банкы тарабынан чыгарылган эстелик күмүш монетаны тартуулады.
Согуштун ардагери Г.Лазаренкого арналып, "Улуттук банк билдирет" телепрограммасында кыргыз жана орус тилдеринде атайын чыгарылыштар даярдалып, жергиликтүү телеканалдардын эфиринде көрсөтүлдү.
Маалымат үчүн:
Лазаренко Григорий Иванович 1925-жылы Воронеж облусунун Ново-Хоперск районундагы Пыховка айылында төрөлгөн. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, Белорус фронтунун II бөлүмүндө кызмат өтөгөн.
1945-жылдын октябрь айында Советтик Армияда кызмат өтөө аяктаган соң, Ташкенттеги финансы-экономикалык институтка тапшырып, аны 1949-жылы аяктап, "Финансист-экономист" адистигин алып чыккан. Институтту аякатагандан кийин Ысык-Көл облусундагы СССРдин Мамлекеттик банкынын Кыргыз конторасына (азыр Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы) жумушка жөнөтүлүп, ал жерде 2007-жылга чейин эмгектенген.
Г.Лазаренко – тажрыйбалуу устат, банк тармагында бир нече муундарды тарбиялаган; эсептин методологиялык жана нормативдик базасын түзүүгө, эсептик саясат жана жол-жоболорду иштеп чыгууда, ички көзөмөлдү өздөштүрүүдө, иштиктүүлүктү камсыздоо жана операциянын эффективдүүлүгү, алардын банктын саясатына жана жоболорго шайкеш келишине карата активдүү катышкан.
Көп жылдар бою СССРдин Мамлекеттик банкынын системасында жемиштүү иштегендиги үчүн Г.Лазаренко "Эмгек Кызыл Туу" ордени, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин ардак грамотасы, "Мамлекеттик банктын отличниги" төш белгиси, СССР Мамлекеттик банкынын Башкармасынын жана жумушчулардын ЦК профсоюзунун Мамлекеттик мекемесинин ардак грамоталары, ошондой эле көп жылдык ак эмгеги үчүн ал "Эмгек ардагери" медали менен сыйланган.
Төмөнкү алмашуу бюролору лицензияларга ээ болду:
1. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна «Темирчын» ЖЧКсына 2015-жылдын 6-майында № 5261 лицензия берилди. Юридикалык дареги: Баткен областы, Кызыл-Кыя шаары, Асаналиев атындагы көчө номерсиз, "Айбек" базары.
2. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна «Монета плюс» ЖЧКсына 2015-жылдын 6-майында № 5262 лицензия берилди. Алмашуу бюросу №3259 каттоодон өткөн. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Дордой базары, Кожевенная көчөсү 1,Чимкент - унаа токтотуу жайы.
3. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна «Радуга Гапар» ЖЧКсына 2015-жылдын 6-майында № 5263 лицензия берилди. Алмашуу бюросу №3260 каттоодон өткөн. Юридикалык дареги: Бишкек шаары,Тынчтык проспектиси 38.
4. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна «КОЙЛИ-АТА» ЖЧКсына 2015-жылдын 6-майында № 5264 лицензия берилди. Юридикалык дареги: Жалал-Абад обл., Жалал-Абад шаары, Ж. Бакиев атындагы көчө номерсиз, борбордук базар (багыты: "Мариям" бут кийим базары).
5. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна «Билал-Ж» ЖЧКсына 2015-жылдын 6-майында № 5265 лицензия берилди. Юридикалык дареги: Жалал-Абад обл., Жалал-Абад шаары Н. Айтматова атындагы көчө номерсиз, борбордук базар (багыты: мэрия тарабынан киргенде 1-өтмөк сол жагындагы 2-бөлмө).
6. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна «Компания «Кама-Кыргызстан» ЖЧКсына 2015-жылдын 8-майында № 5266 лицензия берилди. Алмашуу бюросу №3261 каттоодон өткөн. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Токтогул атындагы көчө 84, 1-батир.
Төмөнкү алмашуу бюронун лицензиясы кайтарылып алынган
1. Жеке ишкер Ибрагимов Куттубек Керимбаевичке нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2012-жылдын 30-июлунда берилген № 5029 лицензия кайтарылып алынган. Юридикалык дареги: Бишкек шаары Абдрахманов атындагы көч., 150. “Кут” алмашуу бюросу.
Банктар аралык төлөмдөр Банктар аралык төлөмдөр системасынын көрсөткүчтөрү |
|||||||||
|
Банктар аралык төлөмдөр системасы, бардыгы болуп |
Анын ичинде |
|||||||
Клиринг системасы |
Гроссовая система |
||||||||
көлөмү, сом |
саны, даанасы |
көлөмү, сом |
саны, даанасы |
көлөмү, сом |
саны, даанасы |
||||
2015-жылдын 4-майдан 7-майга кошо алган мезгил аралыгындагы көрсөткүчтөр (отчеттук мезгил) |
|||||||||
Абсолюттук мааниси |
25 865 946 277,42 |
41 807 |
1 427 203 115,87 |
37 660 |
24 438 743 161,55 |
4 147 |
|||
Банктар аралык төлөмдөр системасынын төлөмдөрдөгү үлүшү (%) |
100,0 |
100,0 |
5,5 |
90,1 |
94,5 |
9,9 |
|||
анын ичинде (%) : |
|
|
|
|
|
|
|||
Бирдиктүү банктар аралык процессинг борборунун таза позициялары |
0,2 |
1,7 |
3,2 |
1,9 |
0,0 |
0,0 |
|||
БКдан жөнөтүлгөндөр |
15,0 |
11,2 |
25,8 |
12,4 |
14,4 |
0,5 |
|||
БКга түшкөндөр |
12,7 |
44,1 |
12,4 |
48,7 |
12,7 |
2,4 |
|||
СФдан жөнөтүлгөндөр |
0,6 |
2,4 |
11,2 |
2,7 |
0,0 |
0,0 |
|||
СФга түшкөндөр |
0,2 |
5,7 |
4,2 |
6,3 |
0,0 |
0,0 |
|||
Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөр |
|||||||||
Абсолюттук мааниси |
29 047 074 659,51 |
64 969 |
1 831 279 339,17 |
59 130 |
27 215 795 320,34 |
5 839 |
|||
Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрүнөн отчет мезгилиндеги көрсөткүчтөрдү четтетүү |
|||||||||
Абсолюттук мааниси |
-3 181 128 382,09 |
-23 162 |
-404 076 223,30 |
-21 470 |
-2 777 052 158,79 |
-1 692 |
|||
% |
-11,0 |
-35,7 |
-22,1 |
-36,3 |
-10,2 |
-29,0 |
Элкарт системасынын көрсөткүчтөрү |
||
Абалга карата |
30.04.2015 |
08.05.2015 |
Чыгарылган карттардын жалпы саны (ашыкча чыгаргандарды эсепке албаганда) |
408 837 |
410 722 |
Рos-терминалдардын саны - банктарда - соода түйүндөрүндө |
1520 795 725 |
1520 795 725 |
Банкоматтардын саны |
437 |
437 |