Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Банктар аралык чекене төлөм системалары үчүн камсыздандыруу (камдык) фонду жөнүндө» жобонун долбоорун коомдук талкууга сунуштайт.  

Жобонун долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында «Мыйзам алдындагы актылардын долбоорлору» / «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтому» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Кызыкдар болгон жактар Жобонун долбоору боюнча сунуш-пикирлерин Улуттук банкка 2021-жылдын 9-июлунан кечиктирбестен, ошондой эле psoversight@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.