Кайта келүү

«Банктар аралык чекене төлөм системалары үчүн камсыздандыруу (камдык) фонду жөнүндө» жобонун долбооруна  

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ  

  

1. Максаты жана милдеттери  

«Банктар аралык чекене төлөм системалары үчүн камсыздандыруу (камдык) фонду жөнүндө» жобонун долбоору (мындан ары Жобонун долбоору) бир же бир нече катышуучунун ликвиддүүлүгү жетишсиз болгон учурда Улуттук банктын ири төлөм системасында клирингдик жана банктык төлөм карттары менен эсептешүү системаларынын негизинде банктар аралык чекене төлөм системаларынын таза позицияларын өз убагында жана кепилденген акыркы эсептешүүнүн кошумча механизмин камсыз кылуу максатында иштелип чыккан. 

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк  

Жобонун долбоору Кыргыз Республикасынын аймагында камсыздандыруу (камдык) фондун түзүү жана анын иш тартибин аныктайт (мындан ары камсыздандыруу (камдык) фонду). 

Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын  

191-беренесинде банк тарабынан төлөм тутумуна же баалуу кагаздар боюнча эсептешүүлөр тутумуна өткөрүлүп берилген, Улуттук банк тарабынан ушундайча таанылган акча каражаттарын жана баалуу кагаздарды которууда жокко чыгарылгыс тапшырмалар юридикалык күчкө ээ жана банкты жоюу жол-жобосу башталган учурда үчүнчү тараптар үчүн милдеттүү болуп саналары каралган. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамынын 15-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык банктар аралык төлөмдөр боюнча улуттук валютадагы акыркы эсептешүүлөр Кыргыз банкынын талаптарына ылайык ачылган төлөм системасынын катышуучуларынын корреспонденттик (учурдагы) эсеби аркылуу жүзөгө ашырылат. Акыркы эсептешүү шартсыз жана кайтарылгыс болуп саналат. 

Банктар аралык чекене төлөм системалары боюнча акыркы эсептешүү Улуттук банктын Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасында (мындан ары ГСРРВ) ишке ашырылат. Ал эсептешүүлөрдү катышуучулардын эсептериндеги кредиттик калдыгынын алкагында гана жүргүзөт, ошондой эле мөөнөттүү жана ири төлөмдөрдү жүзөгө ашырууга, Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында накталай эмес түрүндө ар бир төлөм үчүн токтоосуз жана акыркы эсептешүүнү камсыз кылууга каралган. Банктар аралык чекене төлөм системалары боюнча акыркы эсептешүү, жок дегенде бир катышуучунун акча каражаты тартыш болгон учурда, катышуучулардын көп тараптуу таза позицияларынын файлын бир жолку эсептөөнүн негизинде жүргүзүлгөндүктөн, ГСРРВ системасы файлды толугу менен автоматтык түрдө четке кагат. Ошентип, эсептешүү өз убагында бүтпөйт жана бул банктар аралык чекене төлөм системасынын бардык катышуучулары жогорку финансылык тобокелдикке дуушар болушат. 

Ушуга байланыштуу, төлөм системасынын катышуучулары болгон коммерциялык банктардын же төлөм системасынын операторлорунун каражаттарынан банктар аралык чекене төлөм системаларынын таза позицияларынын ГСРРВда өз убагында жана кепилденген акыркы эсептешүү механизмин камсыз кылуу максатында, Жобонун долбоорун бекитүүнү сунуштайбыз. 

 

3. Социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык жана коррупциялык натыйжаларды болжолдоо  

Долбоордун кабыл алынышы терс социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык натыйжаларга жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.   

 

4. Коомдук талкуунун жыйынтыктары тууралуу маалымат 

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 19 жана 22-беренелерине, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына түздөн-түз тиешелүү, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкууга алынууга жана анын жөнгө салынуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү зарыл.    

Жобонун долбоору боюнча материалдар Улуттук банк Башкармасынын маалымат отурумунун жыйынтыгы боюнча коомдук талкууга сунуштоо үчүн Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында жайгаштырылат.   

  

 5. Мыйзамдарга долбоордун ылайык келүүсүн талдап-иликтөө   

Жобонун долбоору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын ченемдерине каршы келбейт.   

  

6. Каржылоо зарылчылыгы боюнча маалымат   

Жобонун долбоорунун кабыл алынышы камсыздандыруу (камдык) фондун түзүүнүн кайсы варианты ар бир система боюнча макулдалышына жараша же банктар аралык чекене төлөм системаларынын операторлору («Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК, VISA, MasterCard, ж.б.) же коммерциялык банктар кошумча финансылык каражатты бөлүүнү талап кылат.  

Республикалык бюджеттен жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бюджетинен каражаттарды бөлүүнү талап кылбайт.   

 

7. Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү жөнүндө маалымат   

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Ишкердик субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасына ылайык жобонун сунушталып жаткан долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүлгөн (аналитикалык каттын долбоору тиркелет).  

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2021-жылдын «____»_____________ 

№ ______________________ 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

«Банктар аралык чекене төлөм системалары үчүн  

камсыздандыруу (камдык) фонду жөнүндө»  

ЖОБО 

 

 

1-глава. Жалпы жоболор 

1. «Банктар аралык чекене төлөм системалары үчүн камсыздандыруу (камдык) фонду жөнүндө» жободо (мындан ары Жобо) Кыргыз Республикасынын аймагында камсыздандыруу (камдык) фондун түзүү жана анын иштөө тартиби аныкталат (мындан ары камсыздандыруу (камдык) фонду). 

2. Камсыздандыруу (камдык) фонду бир же бир нече катышуучунун ликвиддүүлүгү жетишсиз болгон учурда, Улуттук банктын ири төлөм системасында клирингдин жана банктык төлөм карттары менен эсептешүү системаларынын негизинде банктар аралык чекене төлөм системаларынын таза позицияларын өз убагында жана кепилденген акыркы эсептешүүнү жүргүзүү үчүн кошумча механизмди камсыз кылуу максатында түзүлөт. 

3. Улуттук банкта банктар аралык чекене төлөм системалары үчүн камсыздандыруу (камдык) фондун түзүү милдеттүү.  

4. Камсыздандыруу (камдык) фонду төмөнкү ыкмалардын бири менен түзүлүшү мүмкүн: 

1) Улуттук банк менен түзүлгөн тиешелүү макулдашуунун негизинде банктар  

аралык чекене төлөм системасынын операторунун (мындан ары оператор) каражаттарынан; 

2) Улуттук банк менен түзүлгөн тиешелүү макулдашуунун негизинде катышуучулардын каражаттарынан банктар аралык чекене төлөм системасынын оператору тарабынан; 

3) Улуттук банкта корреспонденттик эсеби бар жана камсыздандыруу (камдык) фонд боюнча тиешелүү макулдашууга кошулууга Улуттук банкка өтүнүч кат берген банктар аралык чекене төлөм системасынын катышуучуларынын (мындан ары катышуучу) каражаттарынан. Камсыздандыруу (камдык) фондунун эсеби бул учурда ушул ыкмага ылайык камсыздандыруу (камдык) фонду түзүлгөн банктар аралык чекене төлөм системаларынын бардык катышуучулары үчүн кумулятивдик (топтоолуучу) болуп саналат. 

5. Камсыздандыруу (камдык) фондунун каражаттары акыркы эсептешүүлөр жүргүзүлгөн учурга карата катышуучу Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинде зарыл көлөмдөгү ликвиддүүлүктү камсыз кыла албай калган учурда, банктар аралык чекене төлөм системаларынын таза позицияларын акыркы эсептөөнү өз учурунда жана кепилдик алдында жүргүзүүдө гана өзгөчө учурларда колдонулат.  

6. Учурдагы операциялык күнү саат 16.00гө чейин, катышуучу өзүнүн корреспонденттик эсебине клиринг жана төлөм карттары менен эсептешүү системаларынын таза позицияларын акыркы эсептөө үчүн зарыл ликвиддүүлүктүн жетиштүү көлөмүн камсыз кыла албаган учурда, Улуттук банк, акцептсиз тартипте, камсыздандыруу (камдык) фондунун эсебин дебеттейт жана системадагы таза позицияларды эсептөөнү аяктоо үчүн жетиштүү өлчөмдө катышуучунун корреспонденттик эсебин толтурат. 

7. Камсыздандыруу (камдык) фондун түзүү ыкмасы Улуттук банк менен банктар аралык чекене төлөмдөр системасынын операторунун ортосунда акыркы эсептешүү жүргүзүү боюнча эки тараптуу келишимдерде аныкталат. Бул келишимдерде Улуттук банк катышуучулардын эсептериндеги жана камсыздандыруу (камдык) фонддогу каражаттардын жетиштүүлүгүнүн чегинде гана акыркы эсептешүүнү өз убагында жүргүзүүгө кепилдик бериши аныкталышы зарыл. 

8. Камсыздандыруу (камдык) фондунун өлчөмү дем алыш/жумуш эмес/майрам күндөрүн кошо алганда, бир жыл ичиндеги системадагы максималдуу суммардык таза дебеттик позицияны жабуу үчүн жетиштүү болууга тийиш. 

9. Камсыздандыруу (камдык) фондундагы каражаттардын жетиштүүлүгүн камсыз кылуу максатында Улуттук банк ар бир банктар аралык чекене төлөм системасы боюнча катышуучулардын таза дебеттик жана кредиттик позицияларынын өлчөмүн, Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасында (мындан ары ГСРРВ) кезектеги төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн өз убагында жүргүзүлүшүн жана камсыздандыруу (камдык) фондунун каражаттарынын жетиштүүлүгүн туруктуу негизде талдап-иликтейт.  

10. Улуттук банктын жана камсыздандыруу (камдык) фондунун катышуучуларынын корреспонденттик эсептеринде акча каражаттары банктар аралык чекене төлөм системасындагы таза позициялардын файлын жабуу үчүн эсептешүү күнү жетишсиз болгон учурда, Улуттук банк таза позициялардын мындай файлын четке кагып, бул жөнүндө операторго билдирүүгө тийиш. 

 

2-глава. Камсыздандыруу (камдык) фондун оператордун каражаттарынан же оператор тарабынан өз катышуучуларынын каражаттарынан түзүү жана анын иштөө тартиби 

11. Ушул 2-ыкмага ылайык камсыздандыруу (камдык) фондунун өлчөмү оператор тарабынан ушул Жобонун 9-пунктун эске алуу менен өз алдынча аныкталат жана эки тараптуу келишимге ылайык Улуттук банктын эсебине которулат. 

12. Системанын оператору өз катышуучулары менен өз ара иш алып баруу тартибин өз алдынча аныктайт. 

13. Улуттук банк, катышуучунун(катышуучулардын) эсебинде(эсептеринде) каражаттардын жетишсиздиги келип чыккан жана камсыздандыруу (камдык) фондунун каражаттарын система боюнча таза позициялардын файлын акыркы эсептөөсүн аяктоо үчүн колдонгон учурда, бул тууралуу операторго маалымдайт. 

14. Ушул Жобонун 8-пункту аткарылбаса же таза дебеттик позициялардын файлын жабуу үчүн камсыздандыруу (камдык) фондунун каражаттары жетишсиз болсо, Улуттук банк системанын операторуна камсыздандыруу (камдык) фондунун суммасын кайра карап чыгуу жөнүндө билдирет.  

15. Улуттук банк менен оператордун ортосунда түзүлгөн макулдашуу токтотулган учурда, Улуттук банктагы камсыздандыруу (камдык) фондунун эсебине салынган акча каражаттары бардык милдеттенмелердин орду жабылгандан жана оператордон тиешелүү билдирүү алынгандан кийин кайтарылышы зарыл. Каражаттарды кайтаруу улуттук валютада операторду тейлеген коммерциялык банктын корреспонденттик эсебине которуу жолу менен жүргүзүлөт. 

 

3-глава. Катышуучулардын каражаттарынан камсыздандыруу (камдык) фондун түзүү жана анын иштөө тартиби 

16. Камсыздандыруу (камдык) фондун баштапкы түптөө баскычында, оператор Улуттук банкка өткөн календардык жылдагы системанын тике жана кыйыр катышуучуларынын күндөлүк таза позициялары жөнүндө маалыматты талдоо үчүн жөнөтөт.  

17. Банктар аралык чекене төлөм системаларында катышуунун алкагында өз милдеттенмелерин үзгүлтүксүз аткаруу үчүн, катышуучу Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинде, анын ичинде Улуттук банктын ликвиддүүлүктү камсыз кылуу боюнча акча-кредит инструменттеринин жардамы менен ликвиддүүлүктүн жетиштүү көлөмүн камсыз кылуусу зарыл. 

18. Камсыздандыруу (камдык) фонду алгачкы түзүлгөндө, катышуучунун төгүмү ушул системада жайгаштырылган анын камсыздандыруу депозитинин өлчөмүнүн кеминде 30% түзүүгө тийиш. Эгерде катышуучунун банктар аралык чекене төлөм системасындагы камсыздандыруу депозитинин өлчөмү нөлгө барабар болсо же системада камсыздандыруу депозиттери каралбаса, анда катышуучунун төгүмүнүн өлчөмү дем алыш/жумуш эмес /майрам күндөрүн кошо алганда, катышуучунун өткөн календардык жылдагы максималдуу дебеттик позициясына барабар.  

19. Камсыздандыруу (камдык) фондундагы каражаттардын жетиштүүлүгүн камсыз кылуу максатында, Улуттук банк жылына бир жолу, 15-январга чейин, дем алыш/жумуш эмес/майрам күндөрүн кошо алганда, отчеттук жыл үчүн ар бир система боюнча катышуучулардын таза дебеттик жана кредиттик позицияларынын өлчөмүн, камсыздандыруу (камдык) фондун пайдалануу учурларын, ГСРРВ системасындагы катышуучулардын кезектеги төлөмдөрүн жана эсептешүүлөрдүн өз убагында жүргүзүлүшүн, катышуучунун камсыздандыруу (камдык) фондуна салган төгүмүнүн жетиштүүлүгүн талдап-иликтейт.  

20. Катышуучулардын төгүмүнүн же оператордун каражаттарынын өлчөмү Улуттук банк тарабынан ар бир чекене төлөм системасы боюнча отчеттук жылдагы ар бир система үчүн катышуучунун максималдуу дебеттик позициясынын өлчөмүнө жараша аныкталат. 

21. Катышуучу Улуттук банктан төгүмдүн өлчөмү жана камсыздандыруу (камдык) фондуна каражаттарды которуу зарылдыгы жөнүндө билдирүү алган учурдан тартып 5 (беш) жумуш күндөн кечиктирбестен, ушул Жобонун 8 жана 18-пункттарына ылайык, Улуттук банк тарабынан белгиленген өлчөмдө камсыздандыруу (камдык) фондуна тиешелүү каражаттарды чегерүүгө тийиш. 

22. Системада катышуу токтотулган жана/же Улуттук банк менен оператордун ортосунда түзүлгөн макулдашуу токтотулган учурда, катышуучунун Улуттук банктагы камсыздандыруу (камдык) фондунун эсебине салган төгүмү бардык милдеттенмелердин орду жабылгандан жана системанын операторунан тиешелүү билдирүү алынгандан кийин кайтарылып берилет. Каражаттарды кайтаруу катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине которуу жолу менен жүргүзүлөт.  

23. Камсыздандыруу (камдык) фондунун каражаттарын корреспонденттик эсепти толуктоо үчүн пайдаланган катышуучу бул каражаттарды ГСРРВ системасы аркылуу кийинки операциялык күнү саат 16:00дөн кечиктирбестен мөөнөтүндө төлөө, төлөө жана кайтаруу шартында кайтарууга милдеттүү. Бул учурда, каражаттарды кайтарып берүү толук көлөмдө жүргүзүлүүгө тийиш, каражаттарды бөлүп кайтарууга жол берилбейт.  

24. Катышуучу корреспонденттик эсепти толуктоо үчүн, камсыздандыруу (камдык) фондуна салган төгүмүнүн суммасынан ашпаган өлчөмдө колдонулган камсыздандыруу (камдык) фондунун каражаттарын кийинки операциялык күнү саат 16:00гө чейин акысыз негизде пайдаланат.  

25. Катышуучуга корреспонденттик эсепти толуктоо үчүн камсыздандыруу (камдык) фондунун каражаттары бир календардык күндөн ашык пайдаланылган учурда, камсыздандыруу (камдык) фондуна каражаттар кайтарылбаган ар бир күн үчүн пайыздар чегерилет. Пайыздар ушул Жобонун 30-пунктуна ылайык эсептелет. 

26. Катышуучунун корреспонденттик эсебин камсыздандыруу (камдык) фондуна анын төгүмүнүн суммасынан ашкан өлчөмдөгү каражаттары менен толуктагандыгы үчүн, катышуучуга айыптык төлөм салынат. Айыптык төлөмдүн өлчөмү ушул Жобонун  

29-пунктуна ылайык эсептелет. 

27. Катышуучу кийинки операциялык күнү саат 16:00гө чейин камсыздандыруу (камдык) фондунун каражаттарын кайтарып бербесе, ГСРРВнын оператору катышуучунун корреспондентик эсебин камсыздандыруу (камдык) фондунун эсебинен пайдаланылган суммага (айыптык төлөмдү жана пайыздарды эске алуу менен) акцептсиз тартипте дебеттеп, камсыздандыруу (камдык) фондунун эсебине чегерет.  

28. Камсыздандыруу (камдык) фондуна каражаттарды (айыптык төлөмдү жана пайыздарды эске алуу менен) кайтарууда төлөмдү киргизүү учуруна катышуучунун корреспонденттик эсебинде акча каражаты жетишсиз жана камсыздандыруу (камдык) фондунан каражат тартылган күндү эске алуу менен үч операциялык күн ичинде зарыл акча каражаттар жетишсиз болгон учурда, Улуттук банк келип чыгышы ыктымал болгон финансылык тобокелдиктерди минималдаштыруу жана төлөм системасынын ишинин туруктуулугун камсыз кылуу максатында бул факт жана ушул банкты таза позициялардын файлынан чыгаруу зарылдыгы жөнүндө операторго, ошондой эле Улуттук банктын банктык көзөмөлгө жооптуу түзүмдүк бөлүмдөрүнө маалымдайт.  

29. Катышуучуга камсыздандыруу (камдык) фондунун каражаттарын өз төгүмүнүн суммасынан ашкан өлчөмдө пайдалангандыгы үчүн айыптык төлөмдү чегерүү, камсыздандыруу (камдык) фондунун каражаттарын иш жүзүндө пайдаланган мезгили үчүн катышуучунун төгүмүнөн ашыкча пайдаланылган сумманын 1 (бир) пайызы өлчөмүндө бир жылдагы 360 күндүн санына жараша жөнөкөй пайыздар формуласы боюнча аныкталат: 

 

P = (S C) x I х Т, мында: 

 

Р  айыптык төлөм суммасы;  

 камсыздандыруу (камдык) фонддон пайдаланылган каражат (сом);  

С  катышуучунун төгүм суммасы (сом);  

 бир күндүк пайыздык чен (%);  

Т камсыздандыруу (камдык) фондунун каражаттарын пайдалануу мөөнөтү (календардык күндөрдө). 

 

30. Катышуучу камсыздандыруу (камдык) фондунун пайдаланылган каражаттарын  

кийинки операциялык күнү саат 16:00гө чейин кайтарып бере албаган учурда, катышуучу камсыздандыруу (камдык) фондунун каражаттарын пайдаланган ар бир календардык күн үчүн камсыздандыруу (камдык) фондунун пайдаланылган каражаттарынын суммасынын 1 (бир) пайызын төлөйт. Мында, катышуучунун төгүмүнө көз карандысыз, пайдаланылган каражаттардын бүтүндөй суммасынан төлөм кармалат жана ал төмөнкү формула боюнча эсептелинет:  

P = S  x I x T /100, мында:  

Р  пайыздардын суммасы;  

 камсыздандыруу (камдык) фондунан пайдаланылган каражат (сом);  

 күндөлүк пайыздык чен (%);  

Т  камсыздандыруу (камдык) фондунун каражаттарын пайдалануу мөөнөтү (календардык күндөрдө).  

31. Катышуучу камсыздандыруу (камдык) фондунун каражаттарын пайдаланган мезгил ичиндеги айкын күндөрдү эсептөөгө мыйзамдарда белгиленген же Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети тарабынан жарыяланган дем алыш жана майрам күндөрү кирет. 

32. Жобонун 29 жана 30-пункттарына ылайык камсыздандыруу (камдык) фондунун каражатын пайдалангандыгы жана/же өз учурунда кайтара албагандыгы үчүн айыптык төлөм жана пайыз түрүндө топтолгон каражаттар Улуттук банктын өзүнчө эсебинде эсепке алынат жана камсыздандыруу (камдык) фондунун каражатынан жыл ичинде колдоно албаган катышуучулар ортосунда салынган каражаттар  үлүшүнө жараша жылына бир жолу бөлүштүрүлөт. 

 

5. Корутунду жоболор  

33. Төлөм системасынын ишине көзөмөлдүктүн (оверсайт) алкагында Улуттук банк ГСРРВ системасына жана катышуучулардын камсыздандыруу (камдык) фондунун каражаттарын пайдалануусун кошо алганда, системадагы төлөмдөр менен эсептешүүлөрдүн өз убагында жүргүзүлүшүнө мониторинг жүргүзөт.  

34. Катышуучу ушул жобонун талаптарын сактабаган шартта, Улуттук банк ага карата өз ченемдик укуктук актыларында каралган таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.  

 

АНАЛИТИКАЛЫК КАТ 

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

 

БЕКИТЕМ 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкынын 

төрагасы 

Абдыгулов Т.С. 

____________________ 

(кол тамгасы) 

2021-жылдын «____» ____________ 

 

 

«Банктар аралык чекене төлөм системалары үчүн камсыздандыруу (камдык) фонду жөнүндө» жобонун долбоорунун  

жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө долбоору  

 

Иштеп чыгуу үчүн негиз: Улуттук банктын 2021-жылдын 26-мартындагы  

№ 2021-Пр-142/65-О буйругу 

Жөнгө салуучу таасирин талдап-иликтөө мөөнөттөрү

(башталышы) (аякташы) 

 

Жумушчу топ: 

1. 

Э.В. Лелевкина 

 

Улуттук банктын төлөм системалары башкармалыгынын начальниги, жумушчу топтун жетекчиси 

2. 

М.Ш. Акулуева 

 

Улуттук банктын төлөм системалары башкармалыгынын төлөм системасынын методологиясы, анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн начальниги 

3. 

А.Б. Абылгазиева 

 

Улуттук банктын бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук башкармалыгынын эсепке алуу жана методология бөлүмүнүн начальниги 

4. 

С.А. Арстанбекова  

 

Улуттук банктын төлөм системалары башкармалыгынын төлөм системасына көзөмөлдүк жана контролдоо бөлүмүнүн башкы адиси 

5. 

А.С. Солтобаева 

 

Улуттук банктын банктык эсептешүүлөр башкармалыгынын гросстук эсептешүүлөр бөлүмүнүн башкы адиси 

6. 

Р.Р. Рустамов 

 

Улуттук банктын төлөм системалары башкармалыгынын төлөм системасына көзөмөлдүк жана контролдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси (жумушчу топтун катчысы) 

7. 

А.З. Мамбеталиева 

 

Улуттук банктын төлөм системалары башкармалыгынын төлөм системасынын методологиясы, анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси 

8. 

К.С. Ниязалиев 

 

«Банктар аралык процессинг борбору» жабык акционердик коомунун пландаштыруу жана бюджет түзүү бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча) 

9. 

А. Сабыракун 

 

«Банктар аралык процессинг борбору» жабык акционердик коомунун продукттарды иштеп чыгуу жана жайылтуу бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча) 

10.  

Е.О. Таирова 

 

«Кыргыз Инвестициялык Кредит Банкы» жабык акционердик коомунун башкармасынын мүчөсү (макулдашуу боюнча) 

11. 

Г.Э. Кыдыралиева 

 

«Дос-Кредобанк» ачык акционердик коомунун башкы бухгалтеринин орун басары, эсептешүүлөр башкармалыгынын начальниги (макулдашуу боюнча) 

12. 

Р.А. Мирбакиев  

 

«Оптима Банк» ачык акционердик коомунун карттык бизнес департаментинин карттык бизнести коштоо башкармалыгынын начальниги (макулдашуу боюнча) 

13.  

Н.Г. Муслимова 

 

«Бай-Түшүм» Банкы ачык акционердик коомунун төлөм карттары башкармалыгынын начальниги (макулдашуу боюнча) 

14. 

А.Э. Сопукеева  

 

«Керемет Банк» ачык акционердик коомунун төлөм кызматтары башкармалыгынын эсеп бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча) 

15. 

А.Б. Ускембаев  

 

«Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН» ачык акционердик коомунун банктык карттар башкармалыгынын эмиссия жана дооматтар менен иш алып баруу бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча) 

 

Жооптуу адам менен байланышуу үчүн маалымат: Р.Р. Рустамов, Улуттук банктын төлөм системалары башкармалыгынын төлөм системасына көзөмөлдүк жана контролдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси (жумушчу топтун катчысы), тел. 66-91-09, e-mail: psoversight@nbkr.kg. 

 

Көлөмү: ________ б.  

1. Жөнгө салууну өзгөртүү үчүн проблемалар жана негиздер 

 

1.1 Проблемаларды чагылдыруу  

Бүгүнкү күндө чекене төлөм системаларынын жигердүү өнүгүүсү байкалууда. Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын  

191-беренесинде банк тарабынан төлөм тутумуна же баалуу кагаздар боюнча эсептешүүлөр тутумуна өткөрүлүп берилген, Улуттук банк тарабынан ушундайча таанылган акча каражаттарын жана баалуу кагаздарды которууда жокко чыгарылгыс тапшырмалар юридикалык күчкө ээ жана банкты жоюу жол-жобосу башталган учурда үчүнчү тараптар үчүн милдеттүү болуп саналары каралган. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамынын 15-беренесинин  

6-бөлүгүнө ылайык банктар аралык төлөмдөр боюнча улуттук валютадагы акыркы эсептешүүлөр Кыргыз банкынын талаптарына ылайык ачылган төлөм системасынын катышуучуларынын корреспонденттик (учурдагы) эсеби аркылуу жүзөгө ашырылат. Акыркы эсептешүү шартсыз жана кайтарылгыс болуп саналат. 

Банктар аралык чекене төлөм системалары боюнча акыркы эсептешүү Улуттук банктын айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасында (мындан ары ГСРРВ) жүзөгө ашырылат, ал эсептешүүлөрдү катышуучулардын эсептериндеги кредиттик калдыгынын чегинде гана жүргүзөт, ошондой эле мөөнөттүү жана ири төлөмдөрдү жүзөгө ашырууга, ар бир төлөмдүн накталай эмес түрүндө Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында тез арада жана акыркы эсептешүүсүн камсыз кылууга каралган. Банктар аралык чекене төлөм системалары боюнча акыркы эсептешүү катышуучулардын көп тараптуу таза позицияларынын файлын эсептөөнүн негизинде жүргүзүлгөндүктөн, жок дегенде бир катышуучуга акча каражаты жетишпеген учурда, ГСРРВ автоматтык түрдө күндөлүк операциялык күнүндөгү файлды толугу менен четке кагат. Ошентип, ушул күнү клиринг сессиясы аягына чыкпайт, натыйжада эсептешүү өз убагында аяктабай, банктар аралык чекене төлөм системасынын бардык катышуучулары финансылык тобокелдиктин жогорулашына дуушар болушат. Эгерде мындай факт орун алса, анда акыркы алуучуларга өз убагында акча каражаты чегерилбей олуттуу кесепеттерге алып келет. 

Өз кезегинде, ГСРРВнын башка катышуучусунда акча каражаты жетишпесе, Улуттук банк ГСРРВнын кайсы болбосун катышуучусунун таза дебеттик позицияларынын ордун жабуу милдеттенмесин ала албайт, анда төмөнкүлөргө ылайык: 

1) Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 47-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Улуттук банк мамлекеттик органдарга, кайсыл болбосун жеке жана юридикалык жактарга кандай формада жана кайсыл максаттарга болбосун насыяларды же башка финансылык же болбосо материалдык жардамдарды көрсөтүүгө укугу жок; 

2) Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 53-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Улуттук банкка овердрафт түрүндө насыяларды берүүгө тыюу салынат.  

Мындан тышкары, Тобокелдиктерди тескөө саясатынын 18.2-пунктуна ылайык, кризистик жагдайларга бөгөт коюу максатында, төлөм системасынын катышуучулары жыйынтыктап эсептешүү аяктаган учурда ликвиддүүлүктү тескөө инструменттерин, анын ичинде эсептерде ликвиддүүлүктү тескөө инструменттерин пайдалануу менен Улуттук банктагы өз эсептерин зарыл ликвиддүүлүк менен камсыз кылуулары тийиш. Бул үчүн ликвиддүүлүк пулун жана Улуттук банкта түзүлгөн камсыздандыруу фондун да колдонууга болот, анын өлчөмү Улуттук банктын регламентинде белгиленген таза позициялар боюнча жыйынтыктап эсептешүү учурунда Улуттук банктагы корреспонденттик эсептер боюнча көбүрөөк орточо статистикалык бир күндүк дебеттик сальдо суммасынын ордун жабууга тийиш. Ошондой эле ушул Саясаттын 8.8-пунктуна ылайык Банктар аралык чекене төлөмдөр системасынын операторлору тарабынан катышуучулардын каражаттарынын жетиштүүлүгүнө баа берилип жана акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн механизмдер (камсыздандыруу фонду, депозит ж.б.) ишке ашырылууга тийиш.  

Ошондой эле, Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-2-(ПС) токтому менен бекитилген «Төлөм системасындагы штаттан тышкаркы жагдайлар жөнүндө» жобонун 5-пунктуна ылайык, үзгүлтүксүз ишин колдоого алуу үчүн, төлөм системасы эсептешүүлөрдүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана келишим шарттарында белгиленген мөөнөттө өз учурунда ишке ашырылышын гарантиялоону камсыз кылууга тийиш. 

2018-жылы эл аралык төлөм системаларынын карттары аркылуу өлкө ичинде эсептешүүлөрдү улуттук валютада жүргүзүүнүн алкагында, таза позицияларды жыйынтыктап эсептөөдө катышуучулардын милдеттенмелерин өз учурунда аткарылышын камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында төлөм карттары менен эсептешүүлөрдүн эл аралык системалары үчүн камсыздандыруу (камдык) фондун түзүү жана алардын иштөө тартибин аныктоо максатында (мындан ары камсыздандыруу (камдык) фонду) Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 14-февралындагы  

№ 2018-П-14/5-3-(ПС) токтому менен «Төлөм карттар менен эсептешүүлөрдүн эл аралык системалары үчүн камсыздандыруу (камдык) фондусу жөнүндө» убактылуу жобо (мындан ары Камсыздандыруу фонду жөнүндө убактылуу жобо) бекитилген. Азыркы учурда камсыздандыруу (камдык) фондунун каражаттары Улуттук банкта корреспонденттик эсеби бар жана Улуттук банк менен тиешелүү келишим түзгөн коммерциялык банктардын төлөм карттар менен эсептешүүлөрдүн эл аралык системаларынын тике катышуучуларынын (принципалдар) (мындан ары  катышуучу) каражат эсебинен улуттук валютада Улуттук банкта өзүнчө эсепте эсепке алынат. Камсыздандыруу (камдык) фондунун каражаттары эсептешүүлөр жыйынтыкталган учурга карата катышуучунун/катышуучулардын Улуттук банктагы корреспонденттик эсептеринде зарыл көлөмдөгү ликвиддүүлүктү камсыз кыла албай калган учурда, төлөм карттары менен эсептешүүлөрдүн эл аралык системаларынын таза позицияларын жыйынтыктап эсептөөлөрдү өз учурунда жана кепилдик алдында жүргүзүү үчүн өзгөчө учурларда гана колдонулат.  

Жогоруда айтылгандарга байланыштуу, банктар аралык чекене төлөм системаларында ликвиддүүлүк тобокелдигинин пайда болушун болтурбоо, ошондой эле колдонуудагы Камсыздандыруу фонду жөнүндө убактылуу жободогудай таза позицияларды өз убагында жана кепилденген акыркы эсептөөнүн кошумча механизмин камсыз кылуу максатында «Банктар аралык чекене төлөм системалары үчүн камсыздандыруу (камдык) фонду жөнүндө» жобонун долбоору (мындан ары Камсыздандыруу фонду жөнүндө жобо) иштелип чыккан. Камсыздандыруу фонду жөнүндө жобонун долбоорунда камсыздандыруу (камдык) фондун түзүү каралууда: 

- Улуттук банкта корреспонденттик эсеби бар жана Улуттук банк менен тиешелүү келишим түзгөн банктар аралык клиринг системасынын жана төлөм карттар менен эсептешүү системаларынын катышуучуларынын (мындан ары катышуучу) каражаттарынан; 

- Улуттук банк менен түзүлгөн тиешелүү келишимдин негизинде банктар аралык чекене төлөм системаларынын операторунун (мындан ары оператор) каражаттарынан; 

- оператор тарабынан Улуттук банк менен түзүлгөн тиешелүү келишимдин негизинде катышуучулардын каражаттарынан. 

Камсыздандыруу фонду жөнүндө жобонун долбоору бекитилген учурда Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 14-февралындагы № 2018-П-14/5-3-(ПС) токтому менен бекитилген «Төлөм карттар менен эсептешүүлөрдүн эл аралык системалары үчүн камсыздандыруу (камдык) фондусу жөнүндө» убактылуу жобо күчүн жоготот. 

 

1.2. Проблемалардын масштабы 

Жалпысынан Улуттук банктын ченемдик укуктук базасынын алкагында, ликвиддүүлүктү камсыз кылуу зарылчылыгына талаптар коюлган.  

Бирок, жогоруда баяндалган проблемаларды эске алуу менен, банктар аралык чекене төлөм системаларындагы таза позициялардын өз убагында жана кепилденген акыркы эсебин алуунун кошумча механизмин түзүү сунушталууда. Төмөндө «проблемалар тарамы» келтирилген. Анда чечүүнү талап кылган негизги проблемалар (кичи проблемалар) көрсөтүлгөн: 

 

«ПРОБЛЕМАЛАР ТАРАМЫ» 

1.3. Кызыкдар тараптын пикирин талдоо  

Ченемдик укуктук актынын долбоору катышуучулар жана төлөм системаларынын операторлору менен коомдук талкуудан өтөт. 

Ошол эле учурда, Улуттук банкка жөнгө салуучу таасирдин талдоосу жөнүндө билдирүү процессинде ушул ченемдик укуктук актынын долбоору боюнча комментарийлер келип түшкөн эмес. 

Коомдук талкуунун алкагында төлөм системаларынын катышуучулары жана операторлору менен ченемдик укуктук актынын долбоорун макулдашуу учурунда кызыкдар тараптардын ой-пикирлерине кененирээк талдоо жүргүзүү пландаштырылууда. 

1.4. Эл аралык тажрыйба  

Россия Федерациясы. Россия Федерациясынын 2011-жылдын 27-июнундагы  

№ 161-ФЗ «Улуттук төлөм системасы жөнүндө» федералдык мыйзамында тобокелдиктерди тескөө ыкмаларынын бири төлөм системасынын кепилдик фондун түзүүсү аныкталган  

(28-беренесинин 5-бөлүгүнүн 2-пункту). Ушул Мыйзамдын 29-беренесинде көрсөтүлгөндөй, төлөм системасынын эрежелеринде төлөм системасынын оператору тарабынан же анын тапшырмасы боюнча борбордук төлөм клирингдик контрагент же кепилдик фонддун эсептешүү борбору тарабынан төлөм системасынын катышуучуларынын каражаттарынын (кепилдик төгүмдөрдүн) эсебинен төлөм системасынын түзүлүшү каралышы мүмкүн. Кепилдик төгүмдүн өлчөмүн аныктоо тартиби төлөм системасынын эрежелерине ылайык белгиленет.  

Тажикстан Республикасы. Тажикстан Республикасынын 2017-жылдын  

24-февралындагы № 1397 «Төлөм кызматтары жана төлөм системасы жөнүндө» мыйзамында төлөм системасынын кепилдик фонду төлөм системасынын операторуна, борбордук төлөм клирингдик контрагентине же төлөм системасынын катышуучусуна ачылгандыгы белгиленген. Төлөм системасынын кепилдик фондунун эсеби Тажикстандын Улуттук банкында ачылат. Кепилдик төгүм төлөм системасынын катышуучусу тарабынан мындай милдеттенмелер боюнча талаптарды канааттандыруу үчүн милдеттенмелерди аткарбаган (талаптагыдай аткарбаган) учурда колдонулат. 

2. Мамлекеттик жөнгө салуунун максаты жана милдеттери  

Каралып жаткан маселени жөнгө салуунун максаты коммерциялык банктар-төлөм системаларынын катышуучуларынын (тике жана байланышкан) же төлөм системаларынын операторлорунун банктар аралык чекене төлөм системаларынын таза позицияларын ГСРРВда өз убагында жана кепилденген акыркы эсептешүүлөрүнүн механизмин камсыз кылуу болуп саналат. 

Максаттарга жетүү үчүн төмөнкү милдеттерди аткаруу зарыл: 

- банктар аралык чекене төлөм системалары боюнча эсептешүүлөрдүн жыйынтыкталышын камсыз кылуу чаралары жагында ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү

- банктар аралык чекене төлөм системаларынын таза позицияларын өз убагында жана кепилденген акыркы эсептешүүлөрүнүн эсебинен банктар аралык чекене төлөм системаларынын төлөмдөрүнүн өткөрүлбөй калуу тобокелдигин минималдаштыруу; 

- Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына төлөм системасындагы ликвиддүүлүк тобокелдигин жана кредиттик тобокелдикти азайтуу жагында өзгөртүүлөрдү киргизүү

- Кыргыз Республикасынын төлөм системасын натыйжалуу көзөмөлдөө (оверсайт) үчүн ченемдик укуктук базанын сапатын жогорулатуу. 

Максатка жетүү индикаторлоруна төмөнкүлөр кирет: 

- ГСРРВ системасында ликвиддүүлүк тобокелдигинин келип чыгуусун төмөндөтүү

- Төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнүн керектөөчүлөрүнүн укуктарын коргоо; 

- Кыргыз Республикасынын төлөм системасына натыйжалуу көзөмөл жүргүзүү (оверсайт). 

3.  Жөнгө салуунун каралган варианттары 

3.1. № 1 вариант. «Өзгөртүүсүз калтыруу» жөнгө салуу варианты; 

3.2. № 2 вариант. Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын нормаларын сактоо жана төлөм системасындагы ликвиддүүлүк тобокелдигин жана кредиттик тобокелдикти азайтуу максатында Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү

3.3. № 3 вариант. Либералдык ыкмада жөнгө салуу. 

3.1. «Өзгөртүүсүз калтыруу» жөнгө салуу варианты 

3.1.1. Келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктер  

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 191-беренесинде банк тарабынан төлөм системасына же баалуу кагаздар боюнча эсептешүүлөр системасына өткөрүлүп берилген, Улуттук банк тарабынан ушундайча таанылган акча каражаттарын жана баалуу кагаздарды которууда жокко чыгарылгыс тапшырмалар юридикалык күчкө ээ жана банкты жоюу жол-жобосу башталган учурда үчүнчү тараптар үчүн милдеттүү болуп саналат. Ошентип, банктык төлөм карттар менен эсептешүү системаларында жана банктар аралык клиринг системасында болгон бардык төлөмдөр жана транзакциялар ушул төлөмдөргө ээлик кылган банк банкрот болгон учурда дагы аягына чыгышы керек. 

Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 14-февралындагы № 2018-П-14/5-3-(ПС) токтому менен бекитилген «Төлөм карттар менен эсептешүүлөрдүн эл аралык системалары үчүн камсыздандыруу (камдык) фондусу жөнүндө» убактылуу жобого ылайык камсыздандыруу (камдык) фонду финансылык тобокелдиктерди алдын алуу жана бир же бир нече катышуучунун ликвиддүүлүгү жетишсиз болгон учурда мамлекеттин ичиндеги төлөмдөр боюнча төлөм карттары менен эсептешүүлөрдүн эл аралык системаларынын таза позицияларын жыйынтыктап эсептөөлөрдүн өз учурунда жана кепилдик алдында ишке ашырылышы үчүн төлөм системасында ликвиддүүлүктү тескөөнүн кошумча механизмин жөнгө салуу максатында түзүлөт. Бул Жобо коммерциялык банктардын банктар аралык клиринг системасынын жана жалпысынан төлөм карттары менен эсептешүү системаларынын катышуучуларынын корреспонденттик эсептериндеги акча каражаттарынын жетишсиздигине байланыштуу тобокелдиктерди жаппайт. 

ГСРРВ системасында «бардыгы жана эч нерсе» принцибин ишке ашырууну эске алуу менен, ошондой эле банктар аралык чекене төлөм системалары үчүн жыйынтык эсептешүү катышуучулардын көп тараптуу таза позицияларынын файлын бир жолку эсептөөнүн негизинде жүргүзүлө тургандыгын эске алуу менен, жок дегенде бир катышуучуга акча каражаты жетишпеген учурда, ГСРРВ автоматтык түрдө файлды толугу менен четке кагат. Ошентип, эсептешүү өз убагында бүтпөй калат, жана банктар аралык чекене төлөм системаларынын бардык катышуучулары финансылык тобокелдиктин жогорулашына дуушар болушат. 

3.1.2. Укуктук талдап-иликтөө  

Бул вариант Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү талап кылбайт. Бирок, «Элкарт» банктык төлөм карттары менен эсептешүү системасы, ошондой эле Кыргызстандын рыногунда Пакеттик клиринг системасы, банктар аралык клиринг системасы же ыкчам төлөм системалары пайда болгон учурда Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 191-беренесинин нормасы толук сакталбайт. 

3.2. «Төлөм системасындагы ликвиддүүлүк тобокелдигин жана кредиттик тобокелдикти кыскартуу боюнча талаптарды өркүндөтүү максатында Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү» жөнгө салуу варианты.   

3.2.1. Жөнгө салуу ыкмасы  

Сапаттуу ченемдик укуктук база бул Кыргыз Республикасынын төлөм системасына натыйжалуу көзөмөлдү жүзөгө ашыруунун негизги шарттарынын бири болуп саналат. Демек, иш жүзүндө талаптарды бирдей түшүнүү жана колдонуу боюнча көйгөйлөр болбошу үчүн, ченемдик укуктук база бардык зарыл талаптарды болушунча чагылдырышы керек. 

3.2.2. Жөнгө салуу таасири  

Учурдагы талаптарды тактоо ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүгө жардам берет. 

Ошентип, банктар аралык клиринг системасы жана банктык төлөм карттары менен эсептешүүлөр системасы сыяктуу Улуттук банктын ири төлөмдөр системасында бир же бир нече катышуучулардын (тике жана байланышкан) арасында ликвиддүүлүктүн жетишсиздигине байланыштуу банктар аралык чекене төлөм системаларынын таза позицияларын өз убагында жана кепилденген жыйынтыктап эсептешүү механизмин камсыз кылуу тартибин өркүндөтүү сунушталууда. 

3.2.3. Ишке ашыруудагы тобокелдиктер  

Сунушталган өзгөртүүлөрдү киргизүү Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын  

16-декабрындагы № 206 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 191-беренесинин нормаларын аткарууга жана төлөм системасындагы ликвиддүүлүк тобокелдигин жана кредиттик тобокелдикти кыскартууга багытталган. Бирок, сунушталып жаткан жөнгө салуунун субъектилери үчүн бөлүнгөн каражаттар түрүндө кошумча чыгымдар болушу мүмкүн: 

- камсыздандыруу (камдык) фондун түзүү

- ири төлөмдөр системасындагы каражаттарды резервге коюу (жергиликтүү банктар аралык чекене төлөм системаларынын операторлору, Улуттук банк жана алардын катышуучулары менен түзүлгөн келишимдин негизинде ири төлөмдөр системасына катышуучулардын корреспонденттик эсептериндеги каражаттарды резервге/бөгөт коюу жөнүндө тапшырма жөнөтөт, анын чегинде оператор катышуучулардан төлөмдөрдү кабыл алат). 

Ошол эле учурда, төлөм системаларынын бир же бир нече катышуучулары (тике жана байланышкан) менен ликвиддүүлүк көйгөйлөрү бар экендигине карабастан коммерциялык банктар жана төлөм системасынын операторлору үчүн пайда бул банктар аралык чекене төлөм системаларындагы таза позициялардын өз убагында жана кепилденген жыйынтыктап эсептелишине байланыштуу финансылык тобокелдиктерди минималдаштыруу.  

3.2.4. Укуктук талдап-иликтөө  

Бул вариант Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбейт.   

3.2.5. Экономикалык талдап-иликтөө  

Учурда экономикалык талдап-иликтөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, VISA системасы боюнча банктар-принципалдар үчүн максималдуу жалпы күндөлүк дебеттик позициясы болжол менен 117,0 млн сомду, MasterCard боюнча 4,1 млн сомду, «Элкарт» системасы боюнча 295 млн сомду түзөт. Катышуучулардын ликвиддүүлүгүнүн жетишсиздиги бир нече күнгө созулушу мүмкүн экендигин жана ушул тартыштык бир эле учурда бир нече катышуучулардын арасында байкалышы мүмкүн экендигин эске алганда, VISA, MasterCard жана «Элкарт» системалары үчүн камсыздандыруу (камдык) фондунун болжолдуу жалпы көлөмү болжол менен 600 млн сомду түзөт. 

3.2.6. Коомдук талкуулоонун натыйжалары  

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 19 жана 22-беренелерине, ошондой эле «Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына түздөн-түз тиешелүү, ошондой эле ишкердик ишин жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкууга алынууга жана анын жөнгө салынуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү зарыл.  

Буга байланыштуу токтом долбоору коомдук талкууга сунуштоо үчүн Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына жайгаштырылат (koomtalkuu.gov.kg).    

 

3.3. Либералдык ыкмада жөнгө салуу  

3.3.1. Жөнгө салуу ыкмасы  

Улуттук банк кошумча кийлигишүүсүз эсептешүүлөрдө ликвиддүүлүктү тескөө инструменттерине жалпы талаптарды белгилейт. 

3.3.2. Келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктер   

Өз алдынча жөнгө салуу принцибине негизденген либералдык ыкмада, банктар аралык чекене төлөмдөр системаларындагы таза позицияларды өз убагында жана кепилденген жыйынтыктап эсептешүүгө байланыштуу учурдагы көйгөйлөр сакталууда. Төлөм системаларынын операторлору Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын  

16-декабрындагы № 206 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын нормаларын аткарууга, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын жана анын төлөм системасындагы ликвиддүүлүк тобокелдигин жана кредиттик тобокелдикти кыскартууга толугу менен жооп беришет. Улуттук банк, эсептешүү банк катары, катышуучулардын эсептеринде жетиштүү акча каражаттары болгондо гана таза позициялык файлдарды эсептөөнүн жыйынтыгына кепилдик берет. Мындан тышкары, келип чыккан кесепеттер төлөм кызматтарын керектөөчүлөрдүн укуктарына дагы, банктардын өзүлөрүнө дагы таасирин тийгизиши мүмкүн, бул банктар аралык чекене системаларда жүргүзүлгөн төлөмдөр боюнча акча каражатын өз убагында алышпайт. 

3.3.3. Укуктук талдап-иликтөө  

Бул вариант Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү талап кылат. 

 

4. Жөнгө салуунун артыкчылыктуу вариантын тандоонун негиздемеси  

«Төлөм системасындагы ликвиддүүлүк тобокелдигин жана кредиттик тобокелдикти кыскартуу боюнча талаптарды өркүндөтүү максатында Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү» варианты боюнча жобонун долбоорун кабыл алууга сунуштоо зарыл, анткени ал төмөнкү аспекттердин ишке ашырылышын камсыз кылат: 

- банктар аралык чекене төлөм системалары боюнча эсептешүүлөрдүн жыйынтыкталышын камсыз кылуу чаралары жагында ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү

- банктар аралык чекене төлөмдөр системаларындагы жана алардын катышуучуларындагы финансылык жана операциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу, төлөм системаларында катышуу формасына карабастан, бардык катышуучулардын ортосунда өз убагында жана кепилденген акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүү