КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

Улуттук банктын туунду жана ассоциацияланган уюмдарынын  

директорлор кеңештерине талапкерлердин тышкы резервине киргизүү үчүн талапкерлерди ачык тандоо тууралуу жарыялайт 

 

 

Коммерциялык банктардын директорлор кеңештеринин мүчөлөрү кызмат орундарына тышкы резервге киргизүүгө талапкер болгон адамдарга карата коюлган минималдуу квалификациялык талаптар: 

1) жогорку билимге ээ экендигин тастыктаган диплому жана акыркы 10 (он) жыл аралыгында экономика, банк, финансы же юридикалык маселелер чөйрөсүндө кеминде  

3 (үч) жыл иш тажрыйбасына ээ болуу;  

2) акыркы 10 (он) жыл аралыгында банк жана/же финансы системасында жетектөөчү кызмат орундарда кеминде 2 (эки) жыл иш тажрыйбасына ээ болуу*; 

3) кынтыксыз ишкердик абройго ээ болуу; 

4) корпоративдик башкаруу чөйрөсүндөгү билимге ээ болуу жана Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарын билүү;  

5) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын  

8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) токтому менен бекитилген "Банк ишин лицензиялоо жөнүндө" жобонун 4-бөлүгүнүн 20-главасынын шарттарына туура келбөө

 

Кепилдик фонддордун директорлор кеңештеринин мүчөлөрү кызмат орундарына тышкы резервге киргизүүгө талапкер болгон адамдарга карата коюлган минималдуу квалификациялык талаптар: 

1) жогорку билимге ээ экендигин тастыктаган диплому жана экономика, банк, финансы же юридикалык маселелер чөйрөсүндө кеминде 2 (эки) жыл иш тажрыйбасына ээ болуу; 

2) банк жана/же финансы системасында жетектөөчү кызмат орундарда кеминде  

1 (бир) жыл иш тажрыйбасына ээ болуу*; 

3) корпоративдик башкаруу чөйрөсүндөгү билимге ээ болуу жана кепилдик фонддордун ишин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү

4) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын  

9-сентябрындагы № 2019-П-33/47-2-(НФКУ) токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында кепилдик фонддорду түзүү жана каттоо жөнүндө жобонун " 3-главасынын 28-пунктунун шарттарына туура келбөө

 

Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун директорлор кеңештеринин мүчөлөрүнүн кызмат орундарына тышкы резервге киргизүүгө талапкер болгон адамдарга карата коюлган минималдуу квалификациялык талаптар: 

1) жогорку билимге ээ экендигин тастыктаган диплому жана маалыматтык технологиялары, экономика, банк, финансы же юридикалык маселелер чөйрөсүндө кеминде 3 (үч) жыл иш тажрыйбасына ээ болуу, анын ичинен кеминде 2 (эки) жыл жетектөөчү кызматтарда*;  

2) кынтыксыз ишкердик абройго ээ болуу; 

3) корпоративдик башкаруу чөйрөсүндөгү билимге ээ болуу жана банктардын, төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү

4)  соттолгон эмес. 

 

 

*Жетекчи кызмат орду дегенден улам, тиешелүү уюмдун түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисинен төмөн болбогон кызмат ордун түшүнүү зарыл. Мында, иш тажрыйбасына коопсуздук маселелерин жөнгө салууга жана чарбалык ишти жүзөгө ашырууга байланыштуу аталган уюмдун бөлүмдөрүндө иштеген учурлар кошулбайт.  

 

Бардык талапкерлерге карата кошумча талаптар: 

- Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Граждандык кодексин, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө», «Акционердик коомдор жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамдарын билүү

 

Талапкер төмөнкү учурларда сынакка катыша албайт: 

- соттун чечими менен ишке жөндөмсүз/ жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылса; 

-  мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими менен белгиленген мөөнөт ичинде тиешелүү кызмат орундарын ээлөө укугунан ажыратылса; 

- кызмат ордуна карата белгиленген квалификациялык талаптарга дал келбесе; 

- акырына чыгарылбаган сот иши бар болсо. 

 

Улуттук банктын туунду жана ассоциацияланган уюмдарынын директорлор кеңештеринин мүчөлөрүнүн функционалдык милдеттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына жана Улуттук банктын туунду жана ассоциацияланган уюмдарынын ички ченемдик документтерине ылайык аныкталат. 

 

Тышкы резервге киргизүүгө тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу талап кылынат:  

- белгиленген формага ылайык арыз (  (жүктөп алуу)

- белгиленген формага ылайык жеке маалыматтар жана ишкердик кызыкчылыктар тууралуу маалымат (  (жүктөп алуу)

- белгиленген формага ылайык түзүлгөн анкета (  (жүктөп алуу)

- паспорттун көчүрмөсү

- жогорку билимге ээ экендигин тастыктаган дипломдун жана анын тиркемесинин көчүрмөсү

- кошумча билим жана квалификация жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (эгер бар болсо); 

- эмгек китепчесинин иштеген жеринен же нотариустан документтерди тапшырган күнгө чейин 3 (үч) иш күнүнөн эрте эмес датага күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү

Эгерде талапкер Кыргыз Республикасынын резиденти эмес болсо же Кыргыз Республикасынан башка мамлекеттин жарандыгы бар болсо, анда жогоруда көрсөтүлгөн документтерден тышкары, ал тиешелүү мамлекеттин компетенттүү органынын тийиштүү түрдө соттуулугу бар же жоктугу жөнүндө легалдаштырылган документин берет, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мындай уруксатты алуу милдеттүү болгон учурларда, иштөөгө же башка иш-аракеттерге уруксатты сунуштайт. Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган тиешелүү эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга катышкан өлкөлөрдүн жарандары үчүн документтерди легалдаштыруу талап кылынбайт. 

 

Документтерди кагаз папкага көктөп, Улуттук банктын туунду жана ассоциацияланган уюмдарын тескөө бөлүмүнө 2021-жылдын 16-августунда саат 17:00гө чейин Улуттук банктын Бишкек ш., Үмөталиев көчөсү 101 дареги боюнча жайгашкан имаратына сунуштоо зарыл. Бардык суроолор боюнча (0312) 66-92-06, 66-92-07 телефондоруна кайрылсаңыздар болот.