Вернуться назад

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Методологиялык комиссиясынын  

2016-жылдын 13-июлунда кабыл алынган чечими менен бекитилген 

 

Утверждено решением Методологической комиссии  

Национального банка Кыргызской Республики  

от 13 июля 2016 года 

 

№ 

п/п 

Терминдер 

Термины 

Терминдердин түшүндүрмөсү 

Разъяснения значений терминов 

кыргыз тилинде 

на кыргызском языке 

орус тилинде 

на русском языке 

кыргыз тилинде 

на кыргызском языке 

орус тилинде 

на русском языке 

1.  

Авторизация (Authorization) 

Авторизация 

(Authorization) 

Белгилүү бир адамга (жакка) кандайдыр бир аракеттерди көрүүгө укук берүү процесси. 

Маалымат технологияларында авторизациялоо аркылуу ресурстардан жана маалыматтарды иштеп чыгуу системаларынан пайдалануу укугу белгиленет жана ишке ашырылат. 

Финансылык чөйрөдө авторизациялоо банктык төлөм карттарды, кредиттик жана башка карттарды пайдалануу учурунда жүргүзүлөт. Авторизациялоо бул, эмитенттин карт ээсине банктык төлөм картын пайдалануу менен операцияны жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктарын же авторлугун тастыктоо жол-жобосун түшүндүрөт, анын натыйжасында жогоруда аталган эмитенттин картын пайдалануу менен түзүлгөн эсептешүү документтерин аткаруу жагында эмитенттин эквайер алдындагы милдеттенмелери келип чыгат. Авторизациялоо автоматташтырылган (терминал аркылуу) жана добуш (телефон байланышы) аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн. Эгерде банктык төлөм картын пайдалануу менен ишке ашырылып жаткан операция боюнча эмитент жана эквайер бир эле жак болуп саналса, авторизация эмитенттин кардарга ошол операцияны ишке ашырууга уруксаты катары эсептелинет.  

Процесс предоставления определенному лицу прав на выполнение некоторых действий.  

В информационных технологиях посредством авторизации устанавливаются и реализуются права доступа к ресурсам и системам обработки данных. 

В финансовой сфере авторизация проводится при использовании банковских платежных, кредитных и иных карт. Авторизация означает процедуру подтверждения эмитентом полномочий или авторства держателя карты на проведение им операции с использованием банковской платёжной карты, в результате которой возникает обязательство эмитента перед эквайером исполнить расчётный документ, составленный с использованием карты вышеуказанного эмитента. Авторизация может быть автоматизированной (посредством терминала) и голосовой (посредством телефонной связи). В случае если по совершаемой с использованием банковской платежной карты операции эмитент и эквайер являются одним и тем же лицом, то авторизация является разрешением, предоставляемым эмитентом клиенту на совершение данной операции.  

2.  

Авторизациялык талап (банктык төлөм карттары үчүн) (Authorization request) 

Авторизационный запрос (для банковских платежных карт) (Authorization request) 

Эквайердин карт эмитентине системанын белгиленген эрежелери боюнча транзакцияны ишке ашырууга уруксат алуу талабы 

Запрос эмитенту карты на получение разрешения на проведение транзакции от эквайера по установленным правилам системы. 

3.  

Автоматташтырылган өзүн-өзү тейлөө терминалы (Cash-in) 

Автоматизированный терминал самообслуживания (Сash-in) 

Кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын дарегине төлөмдөрдү нак жана нак эмес түрдө өткөрүүнү кошо алганда, банк кардарларынын, карт ээлеринин, сервистен пайдалануучулардын нак акча каражаттарын депондоштуруу (кабыл алуу)/берүү үчүн каралган терминал.  

Терминал, предназначенный для депонирования (приема)/выдачи денежных наличных средств клиентами банков, держателями карт, пользователями сервисов, включая проведение платежей в наличной и безналичной форме в адрес поставщиков услуг. 

4.  

Электрондук акча агенти (дистрибьютор)  

(E-money agent (distributor)) 

Агент (дистрибьютор) электронных денег (E-money agent (distributor)) 

Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык, электрондук акчаны чыгарган банк менен түзүлгөн агенттик келишимдин негизинде электрондук акчаны нак же нак эмес акча каражаттарына алмаштырган, электрондук акчаны жайылтууну ишке ашырган юридикалык жак же жеке ишкер.  

Юридическое лицо или индивидуальный предприниматель, который производит погашение (обмен) электронных денег на наличные или безналичные денежные средства, распространяет электронные деньги, на основании заключенного агентского договора с банком, выпустившим электронные деньги, в соответствии с законодательством Кыргызской Республики . 

5.  

Акча топтому 

(Monetary aggregate) 

Агрегат денежный 

(Monetary aggregate) 

 

Ликвиддүүлүк деңгээли боюнча классификацияланган акча массасынын аныктамасы: М0; М1; М2; М2Х. Ар бир өлкөдө акча топтомдорун аныктоонун өз алдынча критерийлери колдонулат.  

Определение денежной массы, классифицированной по степени ликвидности: М0; М1; М2; М2Х. В каждой стране существуют собственные критерии определения денежных агрегатов.  

6.  

М0 акча топтому 

(Monetary aggregate M0) 

Агрегат М

(Monetary aggregate M0) 

 

Банктардан тышкаркы нак акча Нак акча аныктамасын карагыла.  

Кыргыз Республикасында: Улуттук банктын жана коммерциялык банктардын кассаларында турган нак акча суммасын эске албаганда, Улуттук банк тарабынан жүгүртүүгө чыгарылган нак акча. 

жүгүртүүдөгү акча минус коммерциялык банктардын кассаларындагы улуттук валютадагы банкноттор жана монеталар (Банктардан тышкаркы акча аныктамасын карагыла).  

Наличные деньги вне банков. См. деньги наличные. 

в Кыргызской Республике: Выпущенные в обращение Национальным банком наличные деньги, исключая суммы наличности, находящиеся в кассах Национального банка и коммерческих банков.  

деньги в обращении минус банкноты и монеты в кассах коммерческих банков в национальной валюте. (См Деньги вне банков).  

7.  

М1 акча топтому, “тар” мааниде колдонулуучу акча 

(Monetary 

aggregate M1) 

Агрегат М1, узкие деньги 

(Monetary 

aggregate M1) 

М0 акча топтому плюс резиденттердин улуттук валютадагы которулма депозиттери (Которулма депозиттерди карагыла) 

Денежный агрегат М0 плюс переводные депозиты резидентов в национальной валюте (см. Депозиты переводные

8.  

М2 акча топтому, кеңири мааниде колдонулуучу акча 

(Monetary 

aggregate M2, 

Broad money) 

Агрегат М2, широкие деньги 

(Monetary 

aggregateM2, 

Broad money) 

М1 акча топтому плюс резиденттердин улуттук валютадагы мөөнөттүү депозиттери.  

Денежный агрегат М1 плюс срочные депозиты резидентов в национальной валюте.  

9.  

М2Х акча топтому, кеңири мааниде колдонулуучу акча 

(Monetary 

aggregate M2Х, Broad money) 

Агрегат М2Х, широкие деньги 

(Monetary 

aggregate M2Х, Broad money) 

М2 акча топтому плюс эсептешүүүндөлүк) эсептер жана резиденттердин чет өлкө валютасындагы депозиттери. 

Денежный агрегат М2 плюс расчетные (текущие) счета и депозиты резидентов в иностранной валюте.  

10.  

“Кеңири мааниде колдонулуучу акча” топтому 

(Broad money) 

Агрегат «широкие деньги» 

(Broad money) 

Төлөм жана топтоо каражаты катары колдонулушу мүмкүн болгон финансылык активдер. M2, М2Х акча топтомдоруна ылайык келет. 

Финансовые активы, которые могут использоваться в качестве средства платежа и накопления наиболее полное определение денежной массы. Соответствует агрегатам M2, M2X

11.  

Капиталдын шайкештиги 

(Capital 

Adequacy) 

Адекватность капитала 

(Capital 

Adequacy) 

 

Депозиттик мекемелердин капиталынын шайкештигин өлчөөгө мүмкүндүк берген, ошондой эле депозиттик мекемелердин секторунун ишенимдүүлүгүнө жана анын туруктуулук деңгээлине жалпы баа берүүнү чагылдырган индикатор. Ал ченемдик капиталдын активдерге карата катышы катары эсептелинет. 

Индикатор, который измеряет адекватность капитала депозитных учреждений, а также отражает общую оценку надежности сектора депозитных учреждений и степень его устойчивости. Рассчитывается как отношение нормативного капитала к активам. 

12.  

Ички контролдук шайкештиги 

(Adequacy of the internal control) 

Адекватность внутреннего контроля 

(Adequacy of the internal control) 

 

Бул, тобокелдиктерди тескөө натыйжалуу жүзөгө ашырылып жаткандыгына бекем ишенимди камсыз кылган контролдук. Ал эми уюмдун максаттары жана милдеттери эң эле алгылыктуу жана экономикалык жактан өзүн-өзү актай алган ыкмаларда аткарылат.  

Это контроль, обеспечивающий разумную уверенность в том, что управление рисками осуществляется эффективно, а цели и задачи организации будут выполнены наиболее эффективным и экономически оправданным способом. 

13.  

Аккредитив 

(Letter of credit) 

Аккредитив 

(Letter of credit) 

 

Белгилүү бир акча суммасын жеке адамга же юридикалык жакка ушул документте көрсөтүлгөн шарттарга ылайык төлөп берүү тапшырмасын камтыган документ. Акчалай аккредитивдер жеке өзүнө берилген болуп саналат; ал аккредитивде көрсөтүлгөн сумманы белгилүү бир мезгил ичинде толугу менен же бөлүп-бөлүп алууга өбөлгө түзөт. 

Денежный документ, содержащий поручение о выплате определенной суммы денег физическому или юридическому лицу в соответствии с условиями, указанными в данном документе. Денежные аккредитивы являются именными; они позволяют получить указанную в аккредитиве сумму полностью или частями в течение определенного периода времени. 

14.  

Активдер 

(Assets) 

Активы 

(Assets) 

 

(латын тилинен алынган activus деген сөз таасирдүү). 1) бул аларга ээлик кылуучулардын, ээ болгондордун каражаттары жумшалган, чарба жүргүзүүчү субъектке тиешелүү мүлктөрдүн жана акча каражаттардын (имарат, курулма, машиналар жана жабдуулар, материалдык запастар, банктык аманаттар, баалуу кагаздарга салымдар, патенттер, автордук укуктар ж.б.) жыйындысы. Активдер материалдык (көзгө көрүнгөн) жана материалдык эмес (көзгө көрүнбөгөн) болуп бөлүнөт. Материалдык эмес активдерге интеллектуалдык эмгектер, патенттер, башка чарба жүргүзүүчү субъекттердин карыздык милдеттенмелери, ресурстарды пайдаланууга өзгөчө укуктар кирет; 2) баланс активи бул, чарба жүргүзүүчү субъектке тиешелүү акча түрүндөгү материалдык жана материалдык эмес баалуулуктарды, алардын курамын жана жайгаштырылышын чагылдырган, ишкананын бухгалтердик балансынын бөлүгү; 3) финансылык талап же нарктын сакталып турушун камсыз кылган каражат катары кызмат кылган менчик үлүшү.  

(От лат. activus действенный) 1) совокупность имущества и денежных средств, принадлежащих хозяйствующему субъекту (здания, сооружения, машины и оборудование, материальные запасы, банковские вклады, вложения в ценные бумаги, патенты, авторские права и др.), в которые вложены средства владельцев, хозяев. Активы принято делить на материальные (осязаемые) и нематериальные (неосязаемые). К последним относятся интеллектуальные продукты, патенты, долговые обязательства других хозяйствующих субъектов, особые права на использование ресурсов; 2) актив баланса часть бухгалтерского баланса предприятия, отражающая в денежном выражении материальные и нематериальные ценности, принадлежащие хозяйствующему субъекту, их состав и размещение; 3) финансовое требование или доля собственности, служащие средством сохранения стоимости. 

15.  

Кредиттерге теңештирилген активдер 

(Assets equal to credits) 

Активы, приравненные к кредитам. 

(Assets equal to credits) 

Кредиттерге теңештирилген активдер бул, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган, сом түрүндө сыяктуу эле, чет өлкө валютасындагы активдер, ошондой эле баланстан тышкаркы милдеттенмелер.  

Активы, приравненные к кредитам, это активы, а также забалансовые обязательства, как в сомах, так и в иностранной валюте, которые несут в себе кредитный риск. 

16.  

Тобокелдик 

боюнча салмактанып алынган активдер 

(Risk-weighted assets) 

Активы взвешенные по риску 

(Risk-weighted assets) 

Тобокелдикке дуушарлануу деңгээлин жана дефолт орун алышы ыктымалдуулугун чагылдырган төмөндөтүүчү коэффициенттерди пайдалануу менен эсептелинген активдер. 

Активы, рассчитанные с использованием понижающих коэффициентов, отражающих уровень их рискованности и вероятность дефолта. 

17.  

Ликвиддүү активдер 

(Liguid assets) 

Активы ликвидные 

(Liguid assets) 

Нак акча, алтын, талап боюнча төлөнүүчү эсептердеги каражаттардын калдыгы, депозиттер (1 айга чейинки мөөнөттөгү), мамлекеттик баалуу кагаздар, коммерциялык векселдер жана банктын нак акчага жеңил айландырылуучу башка каражаттары.  

Наличные деньги, золото, остатки средств на счетах до востребования, депозиты (сроком до одного месяца), государственные ценные бумаги, коммерческие векселя и другие средства банка, легко конвертируемые в наличные деньги. 

18.  

Акция 

(Share) 

Акция 

(Share) 

 

Акционердик коомдун капиталына белгилүү бир үлүштүн салынгандыгын тастыктаган жана акция ээсине акционердик коомдун пайдасынан дивиденддер түрүндө пайданын бөлүгүн, ошондой эле акционердик коом жоюлган шартта, мүлктүн бөлүгүн алууга укук берген баалуу кагаз. 

Ценная бумага, свидетельствующая о внесении определенной доли в капитал акционерного общества и дающая право владельцу акции на получение части прибыли акционерного общества в виде дивидендов, а также части имущества при ликвидации акционерного общества. 

19.  

Акцепт 

(Accept) 

Акцепт 

(Accept) 

 

Төлөөчүнүн акча жана товардык документтерге төлөөгө макулдугу. Акцепт товарлар, кызмат көрсөтүүлөр жана аткарылган иштер үчүн эсептөөлөрдө колдонулат. Мында төлөм, товар жана кызматтарды сунуштоочулар жазып берген эсептешүү документтери боюнча төлөөчүнүн макулдугу (акцепти) менен ишке ашырылат. 

Согласие плательщика на оплату денежных и товарных документов. Акцепт применяется при расчётах за товары, услуги и выполненные работы, при которых платёж производится с согласия (акцепта) плательщика по расчётным документам, выписанным поставщиком товаров и услуг. 

20.  

Электрондук акча акцептанты 

(E-money acceptor) 

Акцептант электронных денег  

(E-money acceptor) 

Агент же электрондук акча чыгарган эмитент-коммерциялык банк менен түзүлгөн келишимге ылайык, электрондук акча менен операциялар ишке ашырылгандыгын тастыктаган документтерди тариздөө менен товарлар же кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн электрондук акчаны кабыл алган юридикалык жак же жеке ишкер. 

Юридическое лицо или индивидуальный предприниматель, который в соответствии с заключенным договором с агентом или коммерческим банком-эмитентом электронных денег принимает электронные деньги для оплаты товаров или услуг с составлением документов, подтверждающих совершение операций с электронными деньгами. 

21.  

Андеррайтер 

(Underwriter) 

Андеррайтер 

(Underwriter) 

Андеррайтер: 1) баалуу кагаздарды жайгаштыруунун гаранты; 2) камсыздандыруу тобокелдигин өзүнө алган жак.  

Андеррайтер: 1) гарант размещения ценных бумаг; 2) тот, кто принимает на себя страховой риск. 

22.  

Андеррайтинг 

(Underwriting) 

 

Андеррайтинг 

(Underwriting) 

 

Андеррайтинг 1) андеррайтер менен түзүлгөн келишим шарттарында рынокко баалуу кагаздарды алгачкы жайгаштыруу; 2) камсыздандырууда: тобокелдикке баа берүү.  

Андеррайтинг 1) первичное размещение ценных бумаг на рынке на условиях договора с андеррайтером; 2) в страховании: оценка риска.  

23.  

Аннуитет 

(Annuity) 

Аннуитет 

(Annuity) 

 

(Латын тилинен Annuitas ар жылдык төлөм)  

узак мөөнөткө алынган насыянын (займ) түрү, кредитор ал боюнча карыздын капиталдык суммасы менен кошо пайыздардын улам төлөнүп турушун эске алуу менен белгиленген, белгилүү бир өлчөмдөгү кирешени (рентаны) жыл сайын алып турат;  

белгиленген мезгил ичинде бирдей убакыт аралыгында ишке ашырылып турган бирдей өлчөмдөгү төлөмдөр. Компенсациялык келишимдер боюнча кредиттин ордунун мезгил-мезгили менен жабылып турушун, амортизациялык фонддун түзүлүшүн, камсыздандыруу боюнча төлөмдөрдү, карыздын төлөнүшүн ж.б. мындай төлөмдөргө чегерүүгө болот; 

бирдей өлчөмдөгү төлөмдөр менен камсыздандыруу полиси. 

(От позд-лат. Annuitas ежегодный платеж)  

вид долгосрочного займа, по которому кредитор ежегодно получает определенный доход (ренту), устанавливаемый с расчетом на постепенное погашение капитальной суммы долга вместе с процентами по нему;  

равновеликие платежи, которые производятся (получаются) в равные промежутки времени в течение датированного временного периода. К таким платежам относятся переодические погашения кредита по компенсационным соглашениям, создание амортизационного фонда, взносы по страхованию, выплаты долга и т.д.;  

страховой полис с равновеликими платежами. 

24.  

Арбитраж 

(Arbitrage) 

Арбитраж 

(Arbitrage) 

Баа айырмасынан пайда көрүү максатында, ар кайсы рыноктордо валюталарды, баалуу кагаздарды же товарларды бир эле учурда сатып алуу жана сатуу. 

Одновременная покупка и продажа валюты, ценных бумаг или товаров на различных рынках с целью получения прибыли от разницы цен. 

25.  

Банктын ассоциацияланган компаниясы 

(Associated company) 

Ассоциированная компания банка 

(Associated company) 

 

Банктын ассоциацияланган компаниясы бул, банк добуш берүү укугу менен төлөнгөн акцияларынын 10%дан 50%га чейинкисине тике же кыйыр түрдө ээлик кылган жана банк ага олуттуу таасир эте алган компания.  

Ассоциированная компания банка это компания, в которой банк прямо или косвенно владеет от 10 до 50% оплаченных акций с правом голоса и по отношению к которой банк имеет значительное влияние.  

26.  

Аудит 

(Audit) 

Аудит 

(Audit) 

Бул, чарба жүргүзүүчү субъекттердин отчетторунун, эсепке алуу системасынын тактыгын, алардын толук камтылышын жана колдонуудагы мыйзамдарга жана белгиленген ченемдерге ылайык келүүсүн аныктоо максатында, алардын бухгалтердик жана финансылык отчетторунун документтерине, баштапкы документтеринин, финансылык жана чарбалык ишине тиешелүү башка маалыматтардын эсепке алынышына көз карандысыз иликтөөлөрдү жүргүзүү. Аудит тышкы, ички, маалымат технологияларына жүргүзүлгөн аудит, адистештирилген аудит болушу мүмкүн. 

Это независимое исследование документов бухгалтерской и финансовой отчетности, учета первичных документов и другой информации о финансово-хозяйственной деятельности хозяйствующих субъектов с целью определения достоверности их отчетности, учета, его полноты и соответствия действующему законодательству и установленным нормативам. Аудит может быть внешним, внутренним, информационных технологий, специализированным. 

27.  

Аудитор 

(The auditor) 

Аудитор 

(The auditor) 

Сертификатка ээ адис, ал стандарттарга ылайык аудитордук ишти жүзөгө ашырат жана аудитордук уюмдун аудит жүргүзүүсү үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат. 

Сертифицированный специалист, осуществляющий аудиторскую деятельность согласно стандартам и несущий ответственность за проведение аудита аудиторской организацией. 

28.  

Аудитордук иш 

(Auditor activity) 

Аудиторская деятельность 

(Auditor activity) 

 

Аудиторлор/аудитордук уюмдардын бухгалтердик (финансылык) отчетторго, төлөм-эсептешүү документтерине, салык декларацияларына ж.б. финансылык милдеттенмелерге көз карандысыз текшерүүлөрдү жүзөгө ашыруу, ошондой эле башка аудитордук кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо иши. 

Осуществление аудиторами/аудиторскими организациями деятельности по осуществлению независимых проверок бухгалтерской (финансовой) отчетности, платежно-расчетной документации, налоговых деклараций и других финансовых обязательств, а также оказанию иных аудиторских услуг. 

29.  

Аудитордук уюм 

(Audit company) 

Аудиторская организация 

(Audit company) 

Аудитордук ишти гана жүргүзгөн жана эгерде бул мамлекеттин мыйзамдарында белгиленген болсо, белгиленген тартипте ушул ишти жүзөгө ашырууга лицензия алган уюм. 

Организация, ведущая исключительно аудиторскую деятельность и получившая в установленном порядке лицензию на осуществление этой деятельности, если это установлено законодательством государства.  

30.  

Аудитордук тапшырма 

(The auditor task) 

Аудиторское задание 

(The auditor task) 

Белгиленген планды аткаруу максатында, коюлган тапшырманын чегинде аткарылууга тийиш болгон аудит үчүн тапшырма. Мисалы, ички аудит, ички контролдук системасына баа берүү боюнча баяндама, алдамчылык фактыларына иликтөөлөрдү жүргүзүү, консалтинг. Аудитордук тапшырма ошондой эле, өз ара байланыштуу бир катар максаттарга жетишүүгө багытталган бир нече тапшырмалардын дароо аткарылышын карашы мүмкүн.  

Задача для аудита, которая подлежит выполнению в рамках задания в целях выполнения плана задания. Например, внутренний аудит, обзор оценки системы внутреннего контроля, расследование фактов мошенничества, консалтинг. Аудиторское задание также может предусматривать выполнение сразу нескольких задач, направленных на достижение целого ряда взаимосвязанных между собой целей. 

31.  

Аудитордук далилдөөлөр 

(Auditor evidences) 

Аудиторские доказательства 

(Auditor evidences) 

Аудитордун пикири негизденген, анын корутундуларын тастыктаган маалымат. Баштапкы документтер жана финансылык отчеттун негизинде камтылган бухгалтердик жазуулар, ошондой эле башка булактардан алынган маалыматтар аудитордук далилдерге кирет.  

Информация, подтверждающая выводы аудитора, на которой основывается мнение аудитора. К аудиторским доказательствам относятся первичные документы и бухгалтерские записи, лежащие в основе финансовой отчетности, а также иная информация, полученная из других источников. 

32.  

Финансылык отчет жөнүндө аудитордук корутунду 

(The auditor conclusion about the financial statements) 

Аудиторское заключение о финансовой отчетности 

(The auditor conclusion about the financial statements) 

Аудитордун белгиленген формада чагылдырылган бухгалтердик отчеттордун аныктыгы жана бухгалтердик эсепти жүргүзүү тартибинин белгиленген талаптарга ылайык келүүсү тууралуу пикирин камтыган документ. Аудитордук корутунду жылдык финансылык отчеттун ажырагыс бөлүгү болуп саналат. 

Документ, содержащий выраженное в установленной форме мнение аудитора о достоверности бухгалтерской отчетности и соответствии порядка ведения бухгалтерского учета установленным требованиям. Является неотъемлемой частью годовой финансовой отчетности. 

33.  

Аудитордук кызмат көрсөтүүлөр 

(Auditor services) 

Аудиторские услуги 

(Auditor services) 

Уюмдун ишине текшерүүлөрдү жүргүзүү, бул мыйзам актыларынын жана айрым ченемдик укуктук документтердин нормаларынын бузулушуна алып келиши ыктымал болгон чарбалык жана финансылык ишке байланыштуу каталарды аныктап, табууга мүмкүндүк берет.  

Проведение проверок в организации, благодаря которым можно обнаружить ошибки, связанные с учетом хозяйственной и финансовой деятельности, наличие которых может привести к нарушению норм законодательных актов и отдельных нормативных правовых документов. 

34.  

Аукцион 

(Auction) 

Аукцион 

(Auction) 

 

 

 

 

 

 

Ачык тооруктун бир түрү, мында тоорук предмети сатуучунун көз карашы боюнча эң жогорку бааны жана/же эң эле алгылыктуу шартты сунуштаган жакка сатылат. Анда сатып алуучулар сыяктуу эле, сатуучулар да өз ара атаандашкан ушул рыноктук тоорукту уюштуруу ыкмасы адилет нарктын белгиленишин камсыз кылат. Мисалы: мамлекеттик баалуу кагаздар аукциону. 

Разновидность публичного торга, при котором предмет торга продается тому, кто предлагает наивысшую цену и/или наилучшие с точки зрения продавца условия. Этот способ рыночной организации торговли, при котором как покупатели, так и продавцы конкурируют между собой, обеспечивает установление наиболее справедливых цен. Например, бывает аукцион государственных ценных бумаг. 

35.  

Маалыматты аутентификациялоо (Authentication) 

Аутентификация информации (Authentication) 

Документте камтылган маалыматтын аныктыгын жана бүтүндүгүн тастыктоо. Аутентификация документтин түзүмүнүн жана мазмунунун же анын реквизиттеринин негизинде сыяктуу эле, маалыматты өзгөртүүнүн криптографиялык алгоритмдери аркылуу жүзөгө ашырылат. Маалыматты далилдөө аутентификациясы, кагаз түрүндөгү документтердеги кызмат адамдардын кол тамгасына же мөөрлөрүнө талдап-иликтөөлөрдү (экспертиза) жүргүзөт же болбосо электрондук цифралык кол тамганын тууралыгын текшерет. 

Подтверждение подлинности и целостности информации, содержащейся в документе. Аутентификация может осуществляться как на основе структуры и содержания документа или его реквизитов, так и путем реализации криптографических алгоритмов преобразования информации. Доказательная аутентификация информации осуществляется анализом (экспертизой) подписей должностных лиц и печатей на бумажных документах или проверкой правильности электронной цифровой подписи (ЭЦП). 

36.  

Маалымат базасы 

(Data base) 

База данных 

(Data base) 

1) Талдап-иликтөөлөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө колдонулган маалыматтардын жана/же көрсөткүчтөрдүн сандык маанисинин жыйындысы; 2) колдонмо программалык системаларда колдонулган перманенттик (туруктуу сакталуучу) маалыматтардын айрым бир топтому.  

1) Совокупность данных и/или числовых значений показателей, используемых при анализе и расчетах; 2) некоторый набор перманентных (постоянно хранимых) данных, используемых прикладными программными системами. 

37.  

Базистик пункт 

(Reference point) 

Базисный пункт 

(Reference point) 

Пайыздын жүздөн бир бөлүгү. Мындай бирдиктерде айырманы пайыздык чендерде өлчөө, мүнөздөө зарыл. Мисалы, эгерде пайыздык чен 6,3% - 6,5% чейин жогоруласа, ал 20 базистик пунктка өзгөргөн болот.  

Сотая часть процента. В таких единицах принято характеризовать, измерять разницу в процентных ставках. Например, если ставка процента повысилась с 6,3 до 6,5%, то она изменилась на 20 базисных пунктов 

38.  

Базалык мезгил 

(Reference period) 

Базовый период 

(Reference period) 

Өсүш арымына, өзгөрүү чегине, экономикалык индекстерди ж.б. көрсөткүчтөрдү аныктоодо баштапкы база катары кабыл алынган мезгил (жыл, чейрек, ай). 

Период (год, квартал, месяц), принимаемый за начальную точку отсчета (базу) при определении темпов роста, динамики изменения, экономических индексов и др. показателей 

39.  

Баланс 

(Balance, balance sheet) 

Баланс 

(Balance, balance sheet) 

Эки бөлүктөн турган сандык катыш, алар бири-бирине дал келүүгө тийиш, анткени ал бирдей сандагы акчанын, товардын келип түшүүсүн жана чыгымдалышын түшүндүрөт. Мисалы, товарлардын экспорту жана импорту бирдей болуп, алардын запасы сакталып турган шартта, белгилүү бир мезгил ичинде аларды өндүрүү менен керектөөнүн тең салмакта экендиги (балансы) байкалат. Баланс физикалык өлчөө жана акча формасында (нарктык өлчөө) түзүлөт. Ар түрдүү баланстар бүтүндөй өлкөнүн чарбалык ишине (бюджеттик баланс, төлөм балансы, тармактар аралык баланс), фирманын чарбалык ишине (бухгалтердик баланс, негизги каражаттар балансы, финансылык баланс), үй чарбаларына (үй-бүлөнүн кирешелери жана чыгашалар балансы, керектөө бюджети) талдап-иликтөлөрдү жүргүзүү, эсепке алуу, пландаштыруу максатында колдонулат. Эгерде, келип түшүүлөр төлөмдөр көлөмүнөн артып кетсе баланс активдүү катары эсептелинет, б.а. алгылыктуу калдык байкалат, мындай деңгээлге жетишилбесе баланс пассивдүү катары саналат. 

1) Количественное соотношение, состоящее из двух частей, которые должны быть равны друг другу, т.к. представляют поступление и расходование одного и того же количества денег, товара. Например, при равенстве экспорта и импорта товаров и сохранении их запасов наблюдается баланс их производства и потребления в течение определенного периода времени. Балансы составляются в натуральной форме (в физическом измерении) и в денежной форме (в стоимостном измерении). Самые разнообразные балансы используются в целях анализа, учета, планирования хозяйства всей страны (бюджетный баланс, платежный баланс, межотраслевой баланс), хозяйства, фирмы (бухгалтерский баланс, баланс основных средств, финансовый баланс), домашнего хозяйства (баланс доходов и расходов семьи, потребительский бюджет). Баланс считают активным, если поступления опережают и превышают платежи, т.е. наблюдается положительный остаток. В противном случае баланс называют пассивным. 

40.  

Баланстык отчет 

(Balance sheet) 

Балансовый отчет 

(Balance sheet) 

Фирманын белгилүү бир мезгил ичиндеги активдери, пассивдери жана өздүк капиталынын таза наркы тууралуу жыйынтыкталган отчет; фирманын бухгалтердик балансы. 

Сводный отчет об активах, пассивах и чистой стоимости собственного капитала фирмы на определенный период; бухгалтерский баланс фирмы. 

41.  

Банкноттор (нак акча) 

(Banknote) 

Банкноты (наличные деньги) 

(Banknote) 

(англис тилинен bank-note) - өлкө мыйзамдарына ылайык жүгүртүүгө чыгарылган банктык билеттер, ар кандай нарктагы акча белгилери. Жасалма акча жасоочулук үчүн мыйзам боюнча жазаланат. Банкоттор жана монеталар борбордук банктын шартсыз милдеттенмеси катары таанылат жана анын баардык активдери менен камсыз кылынат.  

(англ. bank-note) банковские билеты, денежные знаки разного достоинства, выпускаемые в обращение согласно законодательству страны. Их подделка и противоправное изготовление преследуются по закону. Банкнота и монета признаются безусловными обязательствами центрального банка и обеспечиваются всеми его активами. 

42.  

Банктык кепилдик 

(Bank guarantee) 

Банковская гарантия 

(Bank guarantee) 

Банк-гаранттын өз кардарынын акчалай милдеттенмесин аткаруусу үчүн кепилдиги; кардар мөөнөтүндө төлөбөй койсо, ал үчүн банк төлөөгө тийиш. Кепилдик тиешелүү камсыздоо алдында берилет. 

Поручительство банка-гаранта за выполнение денежных обязательств своего клиента; при неуплате клиентом в срок это сделает банк. Выдается под соответствующее обеспечение. 

43.  

Банктык кредиттер 

(Bank credit) 

Банковские кредиты 

(Bank credit) 

Кайтарып берүү жана кредиттик пайыздарды төлөө шарттарында банк тарабынан белгилүү бир мөөнөткө сунушталган акча каражаттары.  

Денежные средства, предоставленные банком на определенный срок на условиях возвратности и оплаты кредитного процента. 

44.  

Банктык депозит 

(Bank deposit) 

Банковский депозит 

(Bank deposit) 

Финансы-кредит мекемеси тарабынан төлөөгө жөндөмдүүлүк, мөөнөтүндө төлөө жана кайтарып берүү шарттарында келишим боюнча алынган акча каражаттарынын суммасы.  

Сумма денежных средств, получаемая финансово-кредитным учреждением по договору на условиях платности, срочности и возвратности. 

45.  

Банктык аманат 

(Bank deposit) 

Банковский вклад 

(Bank deposit) 

Финансы-кредит мекемеси тарабынан төлөөгө жөндөмдүүлүк, мөөнөтүндө төлөө жана кайтарып берүү шарттарында башка жактардан келишим боюнча кабыл алынган акча каражаттарынын суммасы. Аманаттар мөөнөттүү жана талап боюнча төлөнүүчү болуп бөлүнөт. Талап боюнча төлөнүүчү аманаттар сактоо мөөнөтүн көрсөтүүсүз, ал эми мөөнөттүү аманаттар белгилүү бир мөөнөткө салынат.  

Сумма денежных средств, принятая финансово-кредитным учреждением по договору от другого лица на условиях возвратности, платности, срочности. Вклады бывают срочные и до востребования. Вклады до востребования вносятся без указания срока хранения, а срочные вклады на определенный срок. 

46.  

Банк тутуму 

(Banking system) 

Банковская система 

(Banking system) 

Бири-бири жана тышкы чөйрө менен өз ара иш алып барган, иши тиешелүү мыйзамдар аркылуу жөнгө салынган банктардын ж.б. кредиттик мекемелердин топтому. 

Совокупность банков и других кредитных учреждений, взаимодействующих друг с другом и внешней средой и регулируемых соответствующим законодательством

47.  

Банктык операциялар 

(Banking operations) 

Банковские операции 

(Banking operations) 

Банктар тарабынан акча каражаттарын, баалуу кагаздарды тартуу жана жайгаштыруу, эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу боюнча жүргүзүлгөн операциялар. Алар төмөнкүлөргө бөлүнөт: а) банктар алар аркылуу колдо болгон финансылык ресурстарды жайгаштыра алган активдүү операцияларга, б.а. кредит берүү, баалуу кагаздарды сатып алуу; б) банктар алар аркылуу финансылык ресурстарды топтогон пассивдүү операцияларга, б.а. аманаттарды тартуу, кийинчерээк активдүү каражаттар катары колдонуу үчүн баалуу кагаздарды сатуу; в) кызматтарды сунуштоо, тапшырмаларды аткаруу, ортомчулук операцияларын жана мыйзамдарда жол берилген башка кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоолор. 

Операции, проводимые банками по привлечению и размещению денежных средств, ценных бумаг, осуществлению расчетов. Различают: а) активные операции, посредством которых банки размещают имеющиеся у них финансовые ресурсы, т.е. предоставление кредита, покупка ценных бумаг; б) пассивные операции, посредством которых банки формируют финансовые ресурсы, т.е. привлечение вкладов, продажа ценных бумаг для последующего использования в качестве активных средств; в) оказание услуг, выполнение поручений, посреднические операции и др. услуги, разрешенные законодательством. 

48.  

Банк-банкрот 

Банк-банкрот 

Белгиленген тартипте банкрот катары таанылган банк. 

Банк, признанный в установленном порядке банкротом. 

49.  

Банкроттук 

Банкротство 

Юридикалык жактын төлөөгө жөндөмсүздүгү, б.а алган милдеттенмелеринин ликвиддүү активдерден ашып кетиши кесепетинен бюджетке жана бюджеттен тышкаркы фондуларга милдеттүү төлөмдөрдү камсыз кыла албаган жагдайды кошо алганда, өз кредиторлорунун акчалай милдеттенмелери боюнча негиздүү талаптарын мыйзамда жана келишимдерде белгиленген мөөнөттөрдө канааттандырууга жөндөмсүздүгү

Неплатежеспособность юридического лица, т.е. неспособность в полном объеме в установленные законом или договором сроки удовлетворить обоснованные требования своих кредиторов по денежным обязательствам, включая неспособность обеспечить обязательные платежи в бюджет и внебюджетные фонды, вследствие превышения взятых на себя обязательств над его ликвидными активами. 

50.  

Жөнөтүүчү банк 

(Settlement bank) 

Банк-отправитель 

(Settlement bank) 

 

Төлөм системасынын катышуучусу болуп саналган жана төлөм документтерин же билдирүүлөрдү демилгелеген банк. 

Банк, являющийся участником платежной системы и инициирующий платежный документ или сообщение. 

51.  

Алуучу банк (Beneficiary bank) 

Банк-получатель (Beneficiary bank) 

Төлөм системасынын катышуучусу болуп саналган жана төлөм документтерин же билдирүүлөрдү алуучу банк. 

Банк, являющийся участником платежной системы и получающий платежный документ или сообщение. 

52.  

Төлөөчү банк (Payer bank) 

Банк-плательщик (Payer bank) 

1) Системанын каттодон өткөрүлгөн катышуучусу, ал кардардын көрсөтмөсү боюнча акча каражаттарын бул банкта ачылган анын эсебинен акча каражаттарын алуучунун эсебине которууну жүзөгө ашырат. 

2) Аталган алуучудан тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүгө төлөм документтери келип түшкөндө төлөөчүнүн банк эсебинен акча каражаттарын алып салуу аркылуу тике дебеттөө формасында төлөмдөрдү өткөрүү жөнүндө төлөөчү менен макулдашма (келишим) түзгөн төлөөчүнүн эсеби ачылган банк. 

1) Зарегистрированный участник системы, осуществляющий по указанию клиента перевод денежных средств с его счета, открытого в этом банке, на счет получателя денежных средств. 

2) Банк, в котором открыт счет плательщика, заключивший соглашение (договор) с плательщиком о проведении платежей в форме прямого дебетования путем списания денежных средств с банковского счета плательщика при поступлении платежных документов на проведение платежей в форме прямого дебетования от указанного получателя.  

53.  

Банк-корреспондент 

(Correspondent bank) 

Банк-корреспондент 

(Correspondent bank) 

Банк-резиденттин тапшырма берүү келишиминин негизинде атайы ачылган корреспонденттик эсеп же банк-корреспонденттердин үчүнчү банктагы эсептери аркылуу төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырган банк. 

Банк, выполняющий на основе договора поручения банка-резидента, платежи и расчеты через специально открытые корреспондентские счета или через счета банков-корреспондентов в третьем банке

54.  

“Ислам терезесине” ээ банк 

Банк, имеющий «исламское окно» 

Талапка ылайык лицензиясы болгон шартта, тиешелүү бөлүмдүн («ислам терезесинин») алкагында ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган банк. 

Банк, предоставляющий услуги в соответствии с исламскими принципами банковского дела и финансирования в рамках соответствующего подразделения («исламского окна») при наличии соответствующей лицензии. 

55.  

Банктык төлөм карты (карт) (Bank payment card (card)) 

Банковская платёжная карта (карта) 

(Bank payment card (card)) 

Терминалдар же башка жабдуулар аркылуу товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу, улуттук жана чет өлкө валюталарында нак акча каражаттарын алуу боюнча операцияларды жүргүзүүгө анын ээсине мүмкүндүк берген төлөм инструменти, ошондой эле анын ээсине банктык эсепте турган акча каражаттарын тескөө, анын ичинде карт ээси менен эмитент ортосунда түзүлгөн келишимге жана Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык, эмитентте ачылган, ээси көрсөтүлбөгөн металл эсебинде жайгаштырылган баалуу металлдарды эсепке алуу жана алар менен операцияларды ишке ашыруу үчүн банктык эсептен пайдалана алуу каражаты. Карт эмитент тарабынан пластик карты сыяктуу эле, электрондук түрдө чыгарылат (интернет аркылуу коопсуз сатып алууларды ишке ашыруу үчүн каралган виртуалдык карт). Карт менен операциялар, банктык эсепте (дебеттик) турган өздүк акча каражаттар боюнча калдыктардын же болбосо банктык эсепте акча каражаттар жетишсиз болгон шартта же жок учурда (овердрафт, кредиттик) банктык эсеп келишимине ылайык эмитент тарабынан сунушталган кредиттин чегинде карт ээси тарабынан ишке ашырылат. Карт эмитенттин менчиги болуп саналат, ал карт ээсине келишим шарттарына ылайык колдонууга берилет.  

Банктык төлөм карттар төмөнкүчө классификацияланат: 

жүргүзүлгөн эсептешүүлөрдүн түрлөрү боюнча: кредиттик жана дебеттик карттар; 

колдонуу мүнөзү боюнча: өздүк жана корпоративдик; 

маалыматтарды картка жазуу ыкмасы боюнча: магниттик жана смарт-карттар; 

аймактык таандыгы боюнча: банктар тарабынан бир нече мамлекеттердин аймагында тейленген эл аралык карттар; бир мамлекеттин бардык банктары тарабынан тейленген улуттук карттар; бир мамлекеттин бир же бир нече банктары тарабынан тейленген локалдык карттар. 

Платежный инструмент, позволяющий ее держателю проводить операции по покупке товаров, услуг, получению наличных денежных средств в национальной и иностранной валютах, через терминалы или иные устройства, а также средство доступа к банковскому счету для управления ее держателем денежными средствами, находящимися на банковском счете, в том числе для учета и совершения операций с драгоценными металлами, размещенных на обезличенном металлическом счете, открытом у эмитента, в соответствии с законодательством Кыргызской Республики и договором между держателем карты и эмитентом. Карта может быть выпущена эмитентом как на физическом носителе, так и в электронном виде (виртуальная карта, не имеющая физического носителя и предназначенная для совершения безопасных покупок в интернете.). Операции по карте производятся держателем карты в пределах остатка собственных денежных средств, имеющихся на банковском счете (дебетовая), или кредита, предоставляемого эмитентом в соответствии с договором банковского счета при недостаточности или отсутствии на банковском счете денежных средств (овердрафт, кредитная). Карта является собственностью эмитента и предоставляется в пользование держателю карты в соответствии с условиями договора. 

Банковские платежные карты классифицируются: 

по виду проводимых расчетов: кредитовые и дебетовые карты; 

по характеру использования: персональные и корпоративные; 

по способу записи информации на карту: магнитные и смарт-карты; 

по территориальной принадлежности: международные, обслуживаемые банками на территории нескольких государств; национальные, обслуживаемые всеми банками одного государства; локальные, обслуживаемые одним или несколькими банками одного государства. 

56.  

Банктык агенттик түйүн (Banking agent net) 

Банковская агентская сеть (Banking agent net) 

Өзүндө эсептешүү банкын жана алар ортосунда түзүлгөн агенттик келишимдин негизинде банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым түрлөрүн сунуштоо боюнча ишкердикти жүзөгө ашырган чекене агенттерди камтыган система. 

Система, включающая в себя расчетный банк и розничных агентов, осуществляющих деятельность по предоставлению отдельных видов банковских услуг на основании заключенных между ними агентских договоров.  

57.  

Банк эсеби 

(Banking account) 

Банковский счет (Banking account) 

Депозитти (банктык аманатты) кабыл алуу жана/же кредит берүү, ошондой эле банктык тажрыйбада иш жүгүртүүнүн багыттары колдонулган жана Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында, банктык эсепти тейлөө боюнча келишимде каралган кардарды тейлөөгө байланыштуу банк тарабынан операцияларды ишке ашыруу боюнча банк менен кардар ортосунда келишимдик мамилелерди чагылдыруу ыкмасы. 

Способ отражения договорных отношений между банком и клиентом по приему депозита (банковского вклада) и/или выдаче кредита, а также по совершению банком операций, связанных с осуществлением банковского обслуживания клиента, предусмотренного договором по обслуживанию банковского счета, законодательством Кыргызской Республики и применяемыми в банковской практике обычаями делового оборота. 

58.  

Электрондук акчаларды эсепке алуу боюнча банктык эсеп  

(Banking account of E-money accounting) 

Банковский счет по учету электронных денег  

(Banking account of E-money accounting) 

Банк тарабынан ачылган эсеп, ал чыгарылган электрондук акча боюнча акча каражаттар суммасын чегерүү жана электрондук акчанын ордун жабуу үчүн аларды эсептен алып салуу операцияларын ишке ашырууда гана пайдаланылат.  

Счет, открытый банком, который используется только для проведения операций по зачислению суммы денежных средств по выпущенным электронным деньгам, и по списанию денежных средств для погашения электронных денег.  

59.  

Банктык терминал/ Банктык төлөм карттарын кабыл алуу үчүн терминал 

(Bank terminal/ Terminal for bank payment card acceptance) 

Банковский терминал/ Терминал для приема банковских платежных карт (Bank terminal/ Terminal for bank payment card acceptance) 

Карттан маалыматтарды чечмелеп көрүүгө, аларды топтоштуруп, жөнөтүүгө жана тиешелүү төлөм системасынын карты боюнча ишке ашырылган операциялар тууралуу маалыматтарды кабыл алууга өбөлгө түзгөн электрондук жабдуу. 

Электронное устройство, позволяющее считывать информацию с карты, формировать, отправлять и принимать сообщения об операциях с картой в (из) соответствующей платежной системе.  

60.  

Банкомат (Automatic teller machine (ATM)) 

Банкомат 

(Automatic teller machine (ATM)) 

Нак акча каражаттарын берүү жана/же кабыл алуу, акча каражаттарын картка жазуу, карт ээси тарабынан өткөрүлгөн транзакциялар боюнча маалыматтарды алуу, нак эмес төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу жана өткөрүлгөн транзакциялардын бардык түрлөрү боюнча карт-чектерди берүү үчүн каралган аппараттык-программалык комплекс. Банкомат банктык жабдуу болуп саналат жана ал коммерциялык банктын ыйгарым укуктуу кызматкеринин катышуусуз эле, карт ээсинин картты колдонуу менен операцияларды өз алдынча ишке ашыруусу үчүн каралган. 

Аппаратно-программный комплекс для выдачи и/или приема наличных денежных средств, записи денежных средств на карту, получения информации по совершенным транзакциям держателем карты, осуществления безналичных платежей и выдачи карт-чека по всем видам произведенных транзакций. Банкомат является банковским оборудованием и предназначен для самостоятельного совершения держателем операций с использованием карты без участия уполномоченного работника коммерческого банка. 

61.  

Банктык топ 

(Banking group) 

Банковская группа 

(Banking group) 

Кыргыз Республикасындагы банктык топ, бул: 

- Улуттук банктан лицензия алган банктан, анын туунду жана/же караштуу компанияларынан, ошондой эле алардын аффилирленген жактарынан турган топ; 

- Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн банктык холдингдик компаниялардан, Улуттук банктан лицензияланган банк болуп саналган туунду жана/же караштуу компаниялардын биринен турган топ; 

- банкты кошо камтыган, банк жана/же финансылык ишкердикти жүргүзүшкөн юридикалык жактардын тобу. Бир эле юридикалык жак же жеке адам өз алдынча же башка жактар менен биргелешип аларга контролдукту жүзөгө ашырат.  

Банковская группа в Кыргызской Республике: 

- группа, состоящая из банка, лицензируемого Национальным банком, и его дочерних и/или зависимых компаний, а также их аффилированных лиц; 

- группа, состоящая из банковской холдинговой компании, созданной на территории Кыргызской Республики, одной из дочерних и/или зависимых компаний которой является банк, лицензируемый Национальным банком; 

- группа юридических лиц, занимающихся банковской и/или финансовой деятельностью, которая также включает банк, контроль над которыми осуществляет одно и то же юридическое или физическое лицо, единолично или совместно с другими лицами. 

62.  

Банктык холдинг 

(Banking holding) 

Банковский холдинг 

(Banking holding) 

Банктык холдинг банктардын (туунду кредиттик уюмдардын) акцияларынын контролдук топтомуна ээлик кылган жана кабыл алынып жаткан чечимдерди аныктоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон акционердик коом (негизги кредиттик уюм). 

Банковский холдинг это акционерное общество (основная кредитная организация), владеющее контрольным пакетом акций банков (дочерних кредитных организаций) и обладающее возможностью определять принимаемые ими решения 

63.  

Кыргыз Республикасындагы банктык холдингдик компания 

(Banking holding company) 

Банковская холдинговая компания в Кыргызской Республике 

(Banking holding company) 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, башкы компания банктык холдингдик компания болуп эсептелет. Ал эми банк анын туунду компаниясынан же туунду компаниясынын биринен болуп саналат. 

Согласно законодательству Кыргызской Республики банковской холдинговой компанией считается материнская компания, дочерней компанией или одной из дочерних компаний которой является банк. 

64.  

Баалуу кагаздардын документсиз формасы 

(Paperless securities) 

Бездокументарная форма ценных бумаг 

(Paperless securities) 

 

Баалуу кагаз формасы (түрү), эмиссиясы жана аларга ээлик кылуу укугу кагаз жүзүндө тастыктоону чыгаруусуз, эсептерде жазуу жүзүндө чагылдырылат. Мындай баалуу кагаздардын ээси баалуу кагаздарга ээлик кылуучулардын реестриндеги жазуулардын, ал эми баалуу кагаздарды депондоштуруу учурунда депо эсеби боюнча жазуулардын негизинде аныкталат. 

Форма ценных бумаг, эмиссия и право владения которыми фиксируется в виде записи на счетах, без выпуска каких-либо подтверждений в бумажном виде. Владелец таких ценных бумаг устанавливается на основании записи в реестре владельцев ценных бумаг, а в случае депонирования ценных бумаг на основании записи по счету депо. 

65.  

Нак эмес акча 

(Non-cash) 

Безналичные деньги 

(Non-cash) 

Банктык эсептердеги акча каражаттары. 

Денежные средства на банковских счетах

66.  

Нак эмес төлөм 

(Non-cash payment) 

Безналичный платеж (Non-cash payment) 

Төлөөчүнүн банктык эсептен өлкөнүн мыйзам актыларында белгиленген формада акча каражаттарын которуу жолу менен акчалай милдеттенмесин аткаруусу

Исполнение денежного обязательства путём перевода плательщиком с банковского счета денежных средств в форме, установленной законодательством страны

67.  

Нак эмес эсептешүү 

(Non-cash settlement) 

Безналичный расчет 

(Non-cash settlement) 

Акча жүгүртүү формасы, мында акча каражаттарды жүгүртүү нак акчаны пайдалануусуз, сунушталган төлөм документине ылайык төлөөчүнүн эсептешүү эсебинен эсептеп алып, алуучунун эсептешүү эсебине чегерүү аркылуу жүзөгө ашырылат. Эсептешүү төлөмдү жыйынтыктоочу катары саналат. 

Форма денежного обращения, при которой движение денежных средств происходит без участия наличных денег, путём списания денежных средств с расчётного счёта плательщика и зачисления их на расчётный счет получателя согласно представленным платежным документам. Расчет является завершением платежа. 

68.  

Эталондук портфель (Бенчмарк) 

(Benchmark Portfolio 

Benchmark) 

Эталонный портфель (Бенчмарк) 

(Benchmark Portfolio 

Benchmark) 

Эталондук инвестициялык портфель бул, эл аралык камдарды тескөөнүн нейтралдуу теориялык портфели, ал инвестициялардын реалдуу түрлөрүндө түзүлүп, рынокто оңой ишке ашырылат. Эталондук портфель инвестициялык активдер үчүн түзүлүп, активдердин (инвестициялардын түрлөрүнүн) топтомун жана түзүмүн ошондой эле, инвестициялык актив үчүн максималдуу мөөнөттүүлүктү жөнгө салат. Айрым учурда эталондук портфелдин ордуна бенчмарк колдонулат. 

Эталонный инвестиционный портфель это нейтральный теоретический портфель управления международными резервами, который построен на реальных видах инвестиций и является легко реализуемым на рынке. Эталонный портфель создается для инвестиционных активов и регламентирует набор и структуру активов (видов инвестиций) и максимальную срочность для инвестиционного актива. Иногда вместо эталонного портфеля используется бенчмарк.  

69.  

Биржа 

(Exchange) 

Биржа 

(Exchange) 

Дайыма иштеп турган дүң рыногунун негизги формасы. 

Основная форма регулярно функционирующего оптового рынка. 

70.  

Бонддор 

(Bonds) 

Бонды 

(Bonds) 

Макулдашылган мөөнөттө (айрым учурда акыркы мөөнөт макулдашылбай да калат) финансылык ресурстарды алуу үчүн чыгарылган, белгиленген пайыздык чендеги жана номиналдык наркы боюнча төлөнүүчү карыздык баалуу кагаздар (облигациялар). 

Долговые ценные бумаги (облигации) с фиксированной процентной ставкой, выпущенные для получения финансовых ресурсов на оговоренный срок (иногда конечный срок не оговаривается) и погашаемые по номинальной стоимости. 

71.  

Брокерлер 

(Brokers) 

Брокеры 

(Brokers) 

Инвесторлордун, кардарлардын финансылык активдер менен операцияларын уюштурган, аткарган жана сатып алуучулар менен сатуучуларды бири-бирине көздөштүргөн агенттер. 

Агенты инвесторов, которые организуют, исполняют операции клиентов с финансовыми активами и сводят между собой покупателей и продавцов. 

72.  

Бэк-офис 

(Back Office) 

Бэк-офис 

(Back Office) 

 

Уюмдун финансы рынокторунда ишке ашырылган операциялар боюнча эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруучу түзүмдүк бөлүмү

Структурное подразделение организации по осуществлению расчетов по операциям на финансовых рынках. 

73.  

Бэк тестирлөө 

(Back-testing) 

Бэк тестирование 

(Back-testing) 

 

Иликтөөгө алынып жаткан жагдайдын (валюта курсу, пайыздык чендер ж.б.) өзгөрүүсүн мурдатан топтолуп келген маалыматтар боюнча тесттен өткөрүү аркылуу түзүлгөн үлгүнүн шайкештигин текшерүү процесси. 

Процесс проверки адекватности построенной модели путем тестирования по историческим данным динамики изучаемого признака (курсов валют, процентных ставок и т.д.). 

74.  

Бюджет 

(Budget) 

Бюджет 

(Budget) 

Экономикалык субъекттин белгилүү бир мезгил ичиндеги, адатта жыл ичиндеги кирешелер жана чыгашаларынын ведомосту. Көпчүлүк учурда бюджет колдо болгон жана чыгымдалуучу акча каражаттарынын санын, алардын өз ара ылайык келүүсүн эсепке алуу үчүн түзүлөт. Мындан тышкары, берилген жана кеткен убакыт салыштырылган убакыт бюджети да түзүлөт. Бюджет, балансташууну, экономикалык ресурстардын кириш жана чыгыш бөлүгүнүн дал келүүсүн текшерүүнүн негизги инструменти болуп саналат. Экономикалык субъектке, анын акча каражаттарына жараша бюджет түзүлөт. Бюджеттер мамлекеттик, регионалдык, жергиликтүү (муниципалдык), үй-бүлө (керектөө) бюджеттерине бөлүнөт. Бул жерде ишканалардын, фирмалардын кирешелер жана чыгашалар балансынын формасында түзүлгөн бюджеттери да эске алынган. 

Ведомость доходов и расходов экономического субъекта за определенный период времени, обычно за год. Чаще всего бюджет составляется для учета количества располагаемых и расходуемых денежных средств и их взаимного соответствия, но существуют и бюджеты времени, в которых сопоставляется располагаемое время и расходуемое. Бюджет является основным инструментом проверки сбалансированности, соответствия прихода и расхода экономических ресурсов. В зависимости от экономического субъекта, применительно к денежным средствам которого составляется бюджет, различают государственный, региональный, местный (муниципальный), семейный (потребительский) бюджеты. Правомерно говорить и о бюджете предприятия, фирмы, составленном в форме баланса доходов и расходов. 

75.  

Мамлекеттик бюджет 

(State budget) 

Бюджет государственный 

(State budget) 

Мамлекеттик кирешелердин келип түшүү булактарын жана каражаттардын чыгымдалышы багыттарын көрсөтүү менен белгилүү бир мезгил аралыгына, көбүнчө бир жылга түзүлгөн, мамлекеттин кирешелер жана чыгашалардын расмий күчкө ээ болгон сметасы. Мамлекеттик бюджет өкмөт тарабынан түзүлүп, жогорку мыйзам чыгаруу органы тарабынан кабыл алынат.  

Имеющая официальную силу смета доходов и расходов государства на определенный период времени, чаще всего на год, составленная с указанием источников поступления государственных доходов и направлений расходования средств. Государственный бюджет составляется правительством, утверждается и принимается высшими законодательными органами. 

76.  

Бюджет тартыштыгы 

(Budget deficit) 

Бюджетный дефицит 

(Budget deficit) 

Бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн киреше бөлүгүнөн ашып кетиши. 

Превышение расходной части бюджета над доходной. 

77.  

Бюджет профицити 

(Budget surplus) 

Бюджетный профицит 

(Budget surplus) 

Бюджет боюнча кирешелердин чыгашадан артышы.  

Превышение доходов по бюджету над расходами.  

78.  

Дүң капиталдык салымдар 

(Gross capital investment) 

Валовые капиталовложения 

(Gross capital investment) 

Өнөр жайы, айыл чарбасы жана өндүрүштөн башка тармактын жаңы ишканаларын куруу жана иштеп жаткан ишканаларды реконструкциялоо, кеңейтүү жана техникалык кайра жабдуу аркылуу негизги фондуларды өзгөртүп түзүүгө инвестиция жумшоо. 

Вклад инвестиций в воспроизводство основных фондов путем строительства новых и реконструкции, расширения и технического перевооружения действующих предприятий промышленности, сельского хозяйства и отраслей непроизводственной сферы. 

79.  

Ички дүң өнүм (ИДӨ

(Gross domestic product) 

Валовый внутренний продукт 

(Gross domestic product) 

Мамлекеттин аймагында экономиканын бардык тармактарында колдонулган өндүрүш факторлорунун улуттук тиешелүүлүгүнө көз карандысыз керектөө, экспорттоо жана топтоо үчүн жыл ичинде өндүрүлгөн бардык түпкү товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн (б.а. түздөн-түз керектөө үчүн каралгандардын) рыноктук наркы. ИДӨнү эсептөөдө төмөнкүдөй үч ыкма колдонулат: 1) экономикадагы бардык кирешелерди: эмгек акыны, капиталга пайыздарды, пайданы жана рентаны суммалоо аркылуу; 2) бардык өндүрүштүк чыгашаларды: керектөөнү, инвестицияларды, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды, ошондой эле таза экспортту суммалоо аркылуу; 3) бардык кошумча наркты суммалоо аркылуу эсептелинет.  

Рыночная стоимость всех конечных товаров и услуг (то есть предназначенных для непосредственного употребления), произведённых за год во всех отраслях экономики на территории государства для потребления, экспорта и накопления, вне зависимости от национальной принадлежности использованных факторов производства. Существует три метода расчета ВВП: 1) путем суммирования всех доходов в экономике: заработной платы, процентов на капитал, прибыли и ренты; 2) путем суммирования всех произведенных расходов: потребления, инвестиций, государственных закупок товаров и услуг, а также чистого экспорта; 3) путем суммирования всех добавленных стоимостей.  

80.  

Дүң тышкы карыз 

(Gross external debt) 

Валовый внешний долг 

(Gross external debt) 

Бул, резиденттердин белгилүү бир күнгө карата резидент эместер алдында орун алган шартсыз милдеттенмелеринин төлөнбөгөн суммасын түшүндүрөт. Ал келечекте белгилүү бир учурда (учурларда) пайыздардын жана/же негизги карыздын карыз алуучу (карыз алуучулар) тарабынан төлөнүшүн талап кылат.  

Представляет собой невыплаченную сумму текущих безусловных обязательств резидентов перед нерезидентами на определенную дату, который требует выплаты (выплат) заемщиком (заемщиками) процентов и/или основного долга в определенный момент (моменты) в будущем

81.  

Валюта 

(Currency) 

Валюта 

(Currency) 

1) Өлкөнүн акча бирдиги; 

1) Денежная единица страны;  

82.  

Улуттук валюта 

(National currency) 

Валюта национальная 

(National currency) 

Мамлекет тарабынан чыгарылган, биринчи кезекте ошол мамлекеттин аймагында жүгүртүлгөн валюта. 

Валюта, выпускаемая данным государством и имеющая хождение в первую очередь на территории данной страны. 

83.  

Чет өлкө валютасы 

(Foreign currency, Foreign exchange) 

Валюта иностранная 

(Foreign currency, Foreign exchange) 

Башка өлкөнүн акча бирдиги. 

Денежная единица другой страны. 

84.  

Валюта биржасы 

(Exchange) 

Валютная биржа 

(Exchange) 

Валюта рыногунун чет өлкө валютасында тооруктарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча утурумдук жана жөнгө салынган кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган субъекти. 

Субъект валютного рынка, предоставляющий на регулярной и упорядоченной основе услуги по организации и проведению торгов иностранной валютой. 

85.  

Валюта куржуну 

(Currency basket) 

 

Валютная корзина 

(Currency basket) 

 

Белгилүү бир катыштагы валюталар топтому, алар айкын улуттук же эл аралык жамааттык валюталардын валюта курсун аныктоо үчүн колдонулат. 

Набор валют в определенной пропорции, который используется для определения валютного курса конкретной национальной или международной коллективной валюты. 

86.  

Валюта позициясы 

(Currency position) 

Валютная позиция 

(Currency position) 

Талаптар жана милдеттенмелер ортосунда ар бир валюта боюнча суммалардагы айырма. Валюта позициясы ачык жана жабык болушу мүмкүн. 

Разница между требованиями и обязательствами по суммам в разрезе каждой валюты. Валютная позиция может быть открытой и закрытой.  

87.  

Валюталык интервенция 

(Currency intervention) 

Валютная интервенция 

(Currency intervention) 

Өлкөнүн борбордук банкынын чет өлкө валюталарын сатып алуу же сатуу аркылуу валюта рыногуна жана валюта курсуна максаттуу таасир этүүсү

Целенаправленное воздействие центрального банка страны на валютный рынок и валютный курс, осуществляемое путем продажи или покупки банком иностранной валюты. 

88.  

Валюталык котировка 

(Currency quotation) 

Валютная котировка 

(Currency quotation) 

Колдонуудагы мыйзам нормаларына жана калыптанган тажрыйбага ылайык, чет өлкө валюталарынын курсун белгилөө

Установление курса иностранных валют в соответствии с действующими законодательными нормами и сложившейся практикой. 

89.  

Валюталык опцион 

(Currency option) 

Валютный опцион 

(Currency option) 

 

 

 

 

Белгилүү бир мезгил аралыгында катталган курс боюнча валюталардын мерчемдүү суммасын сатып алуу же сатууга укук берген контракт. Опциондо катталган курс аткаруу баасы деп аталат. Бул, опциондун сатып алуучусу/сатуучусу валютаны сатып алуу же сатуу укугуна ээ болгон курс.  

Контракт, дающий право купить или продать фиксированную сумму валюты по фиксированному курсу в течение определенного периода времени. Курс, зафиксированный в опционе, называется ценой исполнения. Это тот курс, по которому покупатель/продавец опциона имеет право купить или продать валюту. 

90.  

Валюталык операциялар 

(Exchange operations) 

Валютные операции 

(Exchange operations) 

 

Чет өлкө валюталарын нак жана нак эмес формада пайдалануу байланыштуу операциялар. Валюталык операциялар валюталарды дароо берүү (“спот”) шарттарында жана мөөнөттүү бүтүмдөр формасында, б.а. келечекте валюталарды бүтүмгө келишилген учурда орун алып турган курс боюнча (“форвард”) сатуу менен ишке ашырылат.  

Операции, связанные с использованием иностранной валюты в наличной и безналичной форме. Валютные операции осуществляются на условиях немедленной поставки валют («спот») и в форме срочных сделок, т.е. поставка валюты в будущем по курсу, существовавшему на момент заключения сделки («форвард»). 

91.  

Валюталык тобокелдик 

(Currency risk) 

Валютный риск 

(Currency risk) 

 

Курстун өзгөрүүсүнүн натыйжасында активдердин/милдеттенмелердин чет өлкө валютасында туюндурулган наркынын өзгөрүүсүнөн улам чыгымдардын келип чыгышы тобокелдиги. 

Риск получения убытков вследствие изменения стоимости активов/обязательств, выраженных в иностранной валюте, в результате изменения курсов. 

92.  

Валюта рыногу 

(Foreign exchange market) 

Валютный рынок 

(Foreign exchange market) 

Чет өлкө валюталарын сатып алуу/сатуу боюнча операциялар ишке ашырылган рынок. Экономикалык маңызы боюнча бул валюта сыяктуу өзгөчө товарга карата талап менен сунуш салмактанган акча рыногунун сектору. Багыты жана уюштуруу формасы боюнча бул суроо-талап менен сунуштун негизинде улуттук жана чет өлкө валютасын эркин сатуу-сатып алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган атайы институттардын жана механизмдердин өз ара аракеттенүүсүнүн жыйындысы. 

Рынок, на котором осуществляются операции по покупке/продаже иностранных валют. По экономическому содержанию это сектор денежного рынка, на котором уравновешиваются спрос и предложение на такой специфический товар, как валюта. По своему назначению и организационной форме это совокупность специальных институтов и механизмов, которые во взаимодействии обеспечивают возможность свободно продать-купить национальную и иностранную валюту на основе спроса и предложения. 

93.  

Валюталык своп 

(Currency swap) 

Валютный своп 

(Currency swap) 

 

 

Негизги сумманы жана пайыздарды эске алуу менен макулдашылган мөөнөттө бир валютадагы акча агымын башка валютадагы эквиваленттүү суммага алмашуу боюнча операцияларды жүргүзүүгө тараптарды милдеттендирген финансылык контракт. 

Финансовый контракт, обязывающий стороны произвести операции по обмену на оговоренный срок денежного потока в одной валюте на эквивалентную сумму в другой валюте с учетом процентов и основной суммы. 

94.  

Валюталык своп-операция 

Валютная своп-операция 

Бир валюта белгилүү бир убакыттан кийин бүтүмгө келишилген учурда катталган курс боюнча ошол эле суммада аны кайтара сатып алуу шарттарында сатылган операция.  

Операция, в которой одна валюта продается на условиях ее обратного выкупа в той же сумме через определенное время и по курсу, зафиксированному в момент сделки. 

95.  

Валюталык эсептер 

(Currency swap) 

Валютные счета 

(Currency swap) 

Жеке адамдардын, юридикалык жактардын жана мамлекеттик мекемелердин чет өлкө валюталары жайгаштырылган банктык эсептер.  

Банковские счета, на которых размещается иностранная валюта физических и юридических лиц, государственных учреждений. 

96.  

Валюта курсу 

(Exchange rate) 

Валютный курс 

(Exchange rate) 

Бир өлкөнүн акча бирдигинин башка өлкөнүн акча бирдигинде туюндурулган баасы 

Цена денежной единицы одной страны, выраженная в денежных единицах другой страны 

97.  

Варрант 

(Warrant) 

Варрант 

(Warrant) 

Белгилүү бир мезгил аралыгында финансылык инструменттердин катталган суммасын сатып алуу/сатуу укугуна кепилдик берген баалуу кагаз. 

Ценная бумага, гарантирующая право купить или продать фиксированную сумму финансовых инструментов в течение определенного периода. 

98.  

Верификациялоо 

(Verification) 

Верификация 

(Verification) 

 

 

Верификациялоо 1) текшерүү, контролдоо, мисалы, бухгалтердик отчетторду баштапкы документтер менен салыштырып текшерүү, кардарлар менен такташуу аркылуу банктык жазуулардын тууралыгын текшерүү; 2) аныктыгын же тууралыгын тастыктоо. 

Кыргыз Республикасынын “Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдашытрууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамына (мындан ары ПФТ/ОД) ылайык, верификациялоо дегенден улам, тактоо же ички контролдукту жүзөгө ашыруу максатында маалыматтарды берген жактар аркылуу ишке ашырылган идентификациялоонун текшерилүүгө тийиш болгон натыйжаларын тактоо жана текшерүү боюнча иш-чараларды түшүнүү зарыл. 

Верификация 1) проверка, контроль, например, сверка бухгалтерской отчетности с первичными документами, проверка правильности банковских записей путем контактов с клиентами; 2) подтверждение подлинности или правильности. 

В соответствии с Законом КР «О ПФТ/ОД под верификацией понимаются мероприятия по уточнению или надлежащей проверке результатов идентификации, осуществляемые лицами, представляющими сведения, в целях осуществления внутреннего контроля. 

99.  

Аманатчы 

(Depositor) 

Вкладчик 

(Depositor) 

 

Аманатчы бул, банк менен тиешелүү келишимди түзгөн жана банкка акчалай сумманы салган же анын атына үчүнчү жактан банкка акчалай сумма келип түшкөн адам. 

Вкладчик это лицо, которое имеет соответствующий договор с ФКУ и внесло денежную сумму в банк или на имя которого поступила денежная сумма в банк от третьего лица. 

100.  

Мөөнөттүү аманаттар 

(Time deposit) 

Вклады срочные 

(Time deposit) 

Юридикалык жактардын жана жеке адамдардын алдын ала белгиленген, бирок, эрежедегидей эле 1 айдан кем болбогон мөөнөткө жайгаштырылган акча каражаттары.  

Денежные средства юридических и физических лиц, помещенные на хранение на заранее определенный срок, но, как правило, не менее одного месяца. 

101.  

Баалуу кагаз ээси 

(Holder of securities) 

Владелец ценной бумаги 

(Holder of securities) 

Баалуу кагаз менчик укугунун негизинде таандык болгон адам. 

Лицо, которому ценная бумага принадлежит на праве собственности. 

102.  

Электрондук цифралык кол тамганын ээси (Owner of electronic digital signature) 

Владелец электронной цифровой подписи (Owner of electronic digital signature) 

Электрондук цифралык кол тамгасы аркылуу өз укугун тастыктаган жеке адам же юридикалык жак. 

Физическое или юридическое лицо, подтверждающее электронной цифровой подписью свои права.  

103.  

Маалымат ээси 

(Accessibility of information) 

Владелец информации (Accessibility of information) 

Маалымат алуу, берүү жана аны пайдалануу укугун аныктаган маалымат ээси. 

Собственник информации, который определяет права доступа, передачи и использования информации.  

104.  

Эсеп ээси  

(Account holder) 

Владелец счета 

(Account holder) 

Өлкөнүн мыйзам актыларына ылайык банктык эсеп келишимин түзгөн жеке адам же юридикалык жак, жеке ишкер.  

Физическое или юридическое лицо, индивидуальный предприниматель, заключивший договор банковского счета в соответствии с законодательством страны.  

105.  

Тышкы карыз 

(External debt) 

Внешний долг 

(External debt) 

Белгилүү бир күнгө карата чет өлкө кредиторлорунун алдында өздөштүрүлгөн жана төлөнбөгөн тышкы насыялардын (займ) жана башка карыздык милдеттенмелердин суммасы (капиталда катышууга байланыштуу милдеттенмелерден жана туунду финансылык инструменттерден тышкары). 

Сумма освоенных и непогашенных внешних займов и других долговых обязательств перед иностранными кредиторами на определенную дату (кроме обязательств, связанных с участием в капитале, и производных финансовых инструментов). 

106.  

Жалпы тышкы карыз 

(Total External Debt) 

Внешний долг общий 

(Total External Debt) 

Экономиканын бардык секторлорунда кредиттер жана насыялар (займ) боюнча айкын милдеттенмелердин орду жабылбаган калдыгы.  

Остаток непогашенных фактических обязательств по кредитам и займам всех секторов экономики. 

107.  

Сырттан карыз алуу 

(Foreign (external) loan) 

Внешние заимствования 

(Foreign (external) loan) 

Резидент эместерден толук же жарым-жартылай алынган карыздык каражаттар. 

Заимствование средств, получаемых полностью или частично от нерезидентов. 

108.  

Офистен тышкары банкинг 

(Branchless banking) 

Внеофисный банкинг 

(Branchless banking) 

Банк жана агент ортосунда түзүлгөн агенттик келишимдин негизинде чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым түрлөрүн банктын атынан сунуштоо ыкмасы, ал банктарга өз кызмат көрсөтүүлөрүн банктын имаратынан тышкары да сунуштоого өбөлгө түзөт. 

Организованный на основании агентского договора между банком и розничным агентом способ предоставления от имени банка отдельных видов розничных банковских услуг, позволяющий банкам предлагать свои услуги вне помещений банков.  

109.  

Финансылык отчетко тышкы аудит 

(External audit of the financial statements) 

Внешний аудит финансовой отчетности 

(External audit of the financial statements) 

 

Уюмдун бухгалтердик эсепке алуусуна жана финансылык (бухгалтердик) отчетуна аудитордун (аудитордук уюмдун) көз карандысыз текшерүүнү жүргүзүүсү. Финансылык (бухгалтердик) отчеттун тактыгы жана анын бухгалтердик эсеп боюнча мыйзамдарда белгиленген стандарттарга ылайык жүргүзүлгөндүгү тууралуу пикирди билдирүү тышкы аудиттин максаты болуп саналат.  

Независимая проверка бухгалтерского учета и финансовой (бухгалтерской) отчетности организации аудитором (аудиторской организацией). Целью внешнего аудита является выражение мнения о достоверности финансовой (бухгалтерской) отчетности и соответствии ведения бухгалтерского учета установленным законодательством стандартам. 

110.  

Ички аудит 

(Internal audit) 

Внутренний аудит 

(Internal audit) 

Уюмдагы ички контролдук системасынын шайкештигин текшерүү жана баа берүү үчүн уюмдун ичинде жүзөгө ашырылган көз карандысыз эксперттик функция. 

Независимая экспертная функция, осуществляемая внутри организации для проверки и оценки адекватности системы внутреннего контроля организации. 

111.  

Ички контролдук 

(The internal control) 

Внутренний контроль 

(The internal control) 

 

Башкаруу процессинин бардык деңгээлиндеги чаралар системасы, ал уюм алдыга койгон максаттарына натыйжалуу жетише тургандыгына жана бардык ченемдик-мыйзамдык актыларды сактаган шартта, алдыга коюлган тапшырмаларды чече алышына бекем ишенимди камсыз кылат. Тобокелдиктерди тескөө жана алдыга коюлган максаттарга жана милдеттердин аткарылышына жетишүү ынанымын бекемдеген жетекчиликтин ж.б. тараптардын кандай болбосун көргөн аракеттери.  

Система мер на всех уровнях процесса управления, который обеспечивает разумную уверенность в том, что организация эффективно достигнет своих целей и решит поставленные задачи при соблюдении всех нормативно-законодательных актов. Любые действия руководства и других сторон по управлению рисками и повышению вероятности достижения поставленных целей и выполнения задач. 

112.  

Улуттук банктын бир күндүк кредити 

(IntradaycreditofNBKR) 

Внутридневной кредит НБКР 

(Intraday credit of NBKR) 

 

Улуттук банк тарабынан коммерциялык банктарга төлөм системасынын иш үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу үчүн зарыл акча каражаттарын берүү максатында операциялык күн ичинде, бир нече саатка күрөө алдында улуттук валютада пайызсыз негизде берилген кредит. 

Кредит Национального банка в национальной валюте на беспроцентной основе, в течение операционного дня на несколько часов под залог в целях предоставления коммерческим банкам необходимых денежных средств для обеспечения бесперебойности работы платежной системы. 

113.  

Кайтарымдуулук 

(Reflexivity) 

Возвратность 

(Reflexivity) 

Бул, финансылык принцип, акча аркылуу ишке ашырылган мамилелер принциби. Ага ылайык карыз алуучу убактылуу пайдаланууга алган акча каражатын милдеттүү түрдө өз учурунда кредиторго, каражат ээсине кайтарып берүүгө тийиш. 

Принцип финансовых, денежных отношений, согласно которому кредитные средства, полученные заемщиком во временное пользование, подлежат обязательному и своевременному возврату кредитору, владельцу средств. 

114.  

Өзгөрүлмөлүүлүк 

(Volatility) 

Волатильность 

(Volatility) 

Алмашуу курсу, пайыздык чендер, биржалык котировкалар сыяктуу рыноктук индикаторлордун өзгөрүү деңгээли 

Степень изменчивости рыночных индикаторов, таких как обменный курс, процентные ставки, биржевые котировки 

115.  

Кайтарым төлөм 

(Chargeback) 

Возвратный платеж 

(Chargeback ) 

Анын корреспонденттик эсебине жаңылыш чегерилген сумма боюнча жыйынтыктоочу эсептешүүнү жүргүзүүдөн кийин банк-алуучу тарабынан кайтарылган төлөм.  

Платёж, возвращаемый банком-получателем платежа после проведения окончательного расчёта по ошибочно зачисленной сумме на его корреспондентский счёт.  

116.  

Көмөкчү финансылык компаниялар 

(Financial Auxiliaries) 

Вспомогательные финансовые компании 

(Financial Auxiliaries) 

Резидент болуп саналган, негизинен финансылык ортомчулукка тыгыз байланыштуу иш менен алектенген, бирок өздөрү ортомчу ролунда иш алып барбаган квазифинансылык компаниялар. 

Квазифинансовые компании, являющиеся резидентами, которые в основном занимаются деятельностью тесно связанной с финансовым посредничеством, но сами не выступают в роли посредника. 

117.  

Баалуу кагаздардын экинчилик рыногу 

(Secondary market of securities) 

Вторичный рынок ценных бумаг 

(Secondary market of securities) 

Баалуу кагаздардын биринчилик рыногуна мурда чыгарылган баалуу кагаздар жүгүртүлгөн рынок, башкача айтканда бул рынокто кайсы бир убакта сатып алынган баалуу кагаздар сатылып алынат жана сатылат

Рынок, на котором обращаются ценные бумаги, ранее выпущенные в обращение на первичном рынке ценных бумаг, то есть на этом рынке покупаются и продаются уже купленные однажды ценные бумаги. 

118.  

Пайда алуучу 

(Beneficiary) 

Выгодоприобретатель 

(Beneficiary) 

Пайда алуучу 1) бенефициар, кандайдыр бир нерседен пайда көргөн, кандайдыр бир киреше алган адам; 2) ишенип берилген менчиктен киреше алган адам; 3) анын пайдасына аккредитив ачылган адам; 4) камсыздандыруучу тарабынан камсыздандыруу суммасын алуучу катары белгиленген адам.  

Кыргыз Республикасынын “Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (изин жашырууга) каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамынын чегинде пайда алуучу (бенефициардык менчик ээси) катары, акча каражаттарына же мүлккө менчик укугуна ээ жана кардар тарабынан анын атынан жана/же анын эсебинен акча каражаттары же мүлк менен операцияны (бүтүм) ишке ашырган же болбосо түпкүлүгүндө келип анын пайдасына акча каражаттары же мүлк менен операция (бүтүм) ишке ашырылган адам таанылат. 

 

Выгодоприобретатель 1) бенефициар, лицо, пользующееся выгодой от чего-либо, получающее какие-либо доходы; 2) лицо, получающее доходы с доверительной собственности; 3) лицо, в пользу которого открыт аккредитив; 4) лицо, назначенное страхователем на случай своей смерти в качестве получателя страховой суммы по личному страхованию. 

В рамках законодательства Кыргызской Республики по противодействию финансирования терроризма и легализации (отмыванию) доходов, полученных преступным путем, выгодоприобретателем (бенефициарным собственником) признается лицо, обладающее правом собственности на денежные средства или имущество, и от имени и/или за счет которого клиентом совершается операция (сделка) с денежными средствами или имуществом, либо лицо, в пользу которого в конечном итоге совершается операция (сделка) с денежными средствами или имуществом.  

119.  

Гарант 

(Guarantor) 

Гарант 

(Guarantor) 

Башка жактардын карызы же аткарылбай калган милдеттенмелери үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган жак. Гарант, башкы карызгер берген негизги гарантиядан айрымаланып, орун алган карыз же башка жактардын жол берген аракети үчүн кошо жоопкерчилигин тартат.  

Лицо, принимающее на себя ответственность за долги или невыполнение обязательств другими лицами. Гарант несет вторичную ответственность за долги или действия других лиц в отличии от основной гарантии, которую, главным образом, предоставляет основной должник 

120.  

Гиперинфляция 

(Hyperinflation) 

Гиперинфляция 

(Hyperinflation) 

 

Өтө жогорулап кеткен инфляция, ал коомдук өндүрүшкө кыйратуучу кесепетин тийгизип, өлкөнүн экономикалык туруктуулугун коркунуч алдында калтырат.  

Чрезвычайно высокая инфляция, которая оказывает разрушительное воздействие на общественное производство и начинает угрожать экономической стабильности страны. 

121.  

Мамлекеттик карыз 

(Public debt) 

Государственный долг 

(Public debt) 

Мамлекеттин тышкы жана ички кредиторлор алдындагы карызынын суммасы, ал тышкы мамлекеттик карыз жана ички мамлекеттик карыз болуп бөлүнөт.  

Сумма задолженности государства внешним и внутренним кредиторам. Различают внешний государственный долг и внутренний государственный долг. 

122.  

Мамлекеттик казына векселдери 

(Treasury Bills) 

Государственные казначейские векселя 

(Treasury Bills) 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана башка мамлекеттердин мамлекеттик кыска мөөнөттүү дисконттук баалуу кагаздары.  

Краткосрочные государственные дисконтные ценные бумаги Правительства Кыргызской Республики и других государств

123.  

Мамлекеттик казына облигациялары 

(TreasuryObligations) 

Государственные казначейские облигации 

(Treasury Obligations) 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана башка мамлекеттердин пайыздык кирешеси (купону) менен документсиз сыяктуу эле, документ (кагаз) формасында чыгарылган мамлекеттик узак мөөнөттүү баалуу кагаздары.  

Долгосрочные государственные ценные бумаги Правительства Кыргызской Республики и других государств с процентным доходом (купоном), выпускаемые как в бездокументарной, так и документарной (бумажной) формах.  

124.  

Мамлекеттик баалуу кагаз 

(Government security) 

Государственная ценная бумага 

(Government security) 

Мамлекеттин ыйгарым укуктуу органдары анын эмитенти катары иш алып барган баалуу кагаз.  

Ценная бумага, эмитентом которой выступают  

уполномоченные органы государства. 

125.  

Мамлекеттик ишкана 

(Public Enterprise) 

Государственное предприятие 

(Public Enterprise) 

Мамлекеттик башкаруу органдарынын контролдугу астында турган финансылык эмес же финансылык ишкана катары аныкталат. Мында ишканага контролдук шайлоо жолу аркылуу, ал эми зарылчылык келип чыкса, тиешелүү директорлорду дайындоо менен ишкананын жалпы саясатын белгилөө жөндөмдүүлүгү катары аныкталат.  

Определяется как нефинансовое или финансовое предприятие, которое находится под контролем со стороны органов государственного управления, при этом контроль над предприятием определяется как способность устанавливать общую политику предприятия путем выбора, при необходимости, соответствующих директоров.  

126.  

Мамлекеттик тышкы карыз 

(Public External Debt) 

Государственный внешний долг 

(Public External Debt) 

Өлкөнүн мамлекеттик башкаруу секторунун жана акча-кредиттик жөнгө салуу органдарынын ссуда жана насыялар (займдар) боюнча иш жүзүндө төлөнбөгөн милдеттенмелеринин калдыгы.  

Остаток непогашенных фактических обязательств по ссудам и займам сектора государственного управления и органов денежно-кредитного регулирования страны. 

127.  

Мамлекеттик сектор 

(Public Sector) 

Государственный сектор 

(Public Sector) 

Буга мамлекеттик башкаруу сектору, борбордук банк, мамлекеттик ишканалар жана уюмдар болуп саналган депозиттик мекемелер секторунун ж.б. секторлордун курамындагы түзүмдөр кирет, алар мамлекеттик ишкана жана уюмдар болуп саналат.  

Включает сектор государственного управления, центральный банк и те структуры в составе сектора депозитных учреждений и других секторов, которые являются государственными предприятиями и организациями. 

128.  

Грант 

(Grant) 

Грант 

(Grant) 

Бекер берилген финансылык же техникалык жардам. Мында акча же башка сарптоолор жардам алуучу тарабынан кайтарылбайт.  

Финансовая или техническая помощь, предоставляемая в виде дара, когда деньги или другие затраты не подлежат возмещению получателем помощи.  

129.  

Грант-элемент 

(Grant Element) 

Грант-элемент 

(Grant Element) 

Кредиттин/насыянын (займдын) жеңилдетилген шарттарда берилгендигинин көрсөткүчү, ал кредиттин/насыянын (займдын) номиналдык наркы менен карызды тейлөө боюнча карызгерден кармалып калуучу болочоктогу дисконттолгон төлөмдөрдүн суммасы ортосундагы айырманын, насыянын (займдын) номиналдык наркына карата катышы катары эсептелинет.  

Показатель льготности кредита/займа, рассчитываемый как отношение разности между номинальной стоимостью кредита/займа и суммой дисконтированных будущих платежей по обслуживанию долга, причитающихся с заемщика, к номинальной стоимости займа. 

130.  

Валюталоо күнү 

(Value date) 

Дата валютирования 

(Value date) 

Келишилген бүтүм боюнча эсептешүү күнү

Дата расчетов по заключенной сделке

131.  

Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы 

(Real-time gross settlement system) 

Гроссовая система расчетов в режиме реального времени (Real-time gross settlement system) 

Банктар аралык мөөнөттүү жана ири төлөмдөрдүн өткөрүлүшүн, ошондой эле айкын убакыт ыргагында жеке негизде ар бир төлөм боюнча жыйынтыктоочу эсептешүүнүн жүзөгө ашырылышын камсыз кылган жол-жоболордун, эрежелердин, технологиялардын жана техникалык инфраструктуранын жыйындысы. 

Совокупность процедур, правил, технологий и технической инфраструктуры, обеспечивающая проведение межбанковских срочных и крупных платежей и осуществление окончательного расчета по каждому платежу на индивидуальной основе в режиме реального времени. 

132.  

Карызды төлөө күнү 

(Maturity date (final)) 

Дата погашения долга 

(Maturity date (final)) 

Түзүлгөн келишимге ылайык карыздык милдеттенме төлөнүүгө тийиш болгон күн.  

Дата, на которую долговое обязательство должно быть погашено согласно заключенному соглашению. 

133.  

Төлөм системасында иштеп чыгуу күнү (Processing Date) 

Дата обработки в платежной системе 

(Processing Date) 

Төлөм системага кабыл алынууга тийиш болгон күн. Эгерде, иштеп чыгуу күнү төлөм сунушталган күндөн кийин белгиленсе, төлөмдү иштеп чыгуу күнү келип жеткенге чейин ал системада контролдук алдында сакталып турат. Эгерде бул күн төлөмдө көрсөтүлбөсө, анда система бул күндү төлөм берилген күнгө барабар катары кароого алат.  

Дата, в которую платеж должен быть принят в платежную систему. В случае если дата обработки следует после даты представления платежа, то система хранит платеж под контролем до наступления даты обработки. Если эта дата не указана в платеже, то система рассматривает эту дату как равную дате представления платежа. 

134.  

Эсептешүү күнү (Settlement Date) 

Дата расчета (Settlement Date) 

Акыркы эсептешүү жүргүзүлүүгө тийиш болгон күн

Дата, в которую должен быть проведен окончательный расчет. 

135.  

Бүтүм күнү 

(Settlement date) 

Дата сделки 

(Settlement date) 

Бүтүмгө келишилген күн. 

День, в который происходит заключение сделки. 

136.  

Баалуу кагаздардын эмиссия күнү 

(Date of securities emission) 

Дата эмиссии ценных бумаг 

(Date of securities emission) 

Баалуу кагаздарды жүгүртүүгө чыгаруу күнү

День выпуска ценных бумаг в обращение.  

137.  

Капиталдын кош леверажы (левериджи) 

(Double Leveraging of Capital) 

Двойной левераж (леверидж) капитала 

(Double Leveraging of Capital) 

Байланыштуу экономикалык субъекттер тарабынан капиталды биргелешип пайдаланышы, мисалы бир депозиттик мекемеге ошол эле топко кирген башка депозиттик мекеменин капиталына үлүштүк катышуу инструменти тиешелүү болсо, анткени эки түзүм тең капиталдын ошол эле бир фондусуна таянуу менен иш алып баргандыктан, капиталдын кош леверажы орун алган катары эсептелинет.  

Совместное использование капитала связанными экономическими субъектами. Например, если одному депозитному учреждению принадлежат инструменты долевого участия в капитале другого депозитного учреждения той же группы, считается, что имеет место двойной леверидж капитала, поскольку деятельность обеих структур опирается на один и тот же фонд капитала. 

138.  

Дебеттик банктык төлөм карты (Debit card) 

Дебетовая банковская платежная карта (Debit card) 

1) Ал боюнча операциялар банктык эсептеги каражаттар калдыгынын чегинде карт ээси тарабынан ишке ашырыла турган карт.  

2) карт ээсине анын депозиттик мекемедеги эсебинде турган акча каражаттардын эсебинен түздөн-түз сатып алуулар үчүн төлөөгө мүмкүндүк берген карт. 

1) Карта, операции по которой производятся держателем в пределах остатка средств, имеющихся на банковском счете. 

2) карта, дающая возможность держателю оплачивать покупки напрямую за счет денежных средств на его счете в депозитном учреждении. 

139.  

Дебеттик-кредиттик банктык төлөм карты (Debet-credit card) 

Дебетно-кредитная банковская платежная карта (Debet-credit card) 

Ал боюнча операцияларды карт ээси эмитент тарабынан сунушталган кыска мөөнөттүү кредиттин чегинде жүзөгө ашырган карт, ал кардарга анын эсебиндеги суммадан жогору суммага, ошондой эле эмитент менен карт ээси ортосунда түзүлгөн келишимде аныкталган суммага жана шарттарда төлөмдөрдү жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берет.  

Карта, операции по которой производятся держателем карты в пределах предоставления эмитентом краткосрочного кредита, который дает возможность клиенту осуществлять платежи сверх суммы, имеющейся на счете клиента, в пределах сумм и на условиях, определенных договором между эмитентом и держателем карты. 

140.  

Дебеттик төлөм (Debit payment) 

Дебетовый платеж (Debit payment) 

Акча каражаттарын алуучу демилгечи болуп саналган төлөм. 

Платеж, инициатором которого является получатель денежных средств. 

141.  

Банк эсебин ачуусуз акча которуу 

(Money transfer without opening of bank account) 

Денежный перевод без открытия банковского счета (Money transfer without opening of bank account) 

Акча каражаттарын которуу, улуттук же чет өлкө валюталарында нак акча каражаттарды жеке адамдан кабыл алуу жана Кыргыз Республикасында же анын чегинен тышкары акча которуу системасы аркылуу көрсөтүлгөн жеке адамга (алуучуга) өткөрүп берүү жолу менен банк тарабынан жүзөгө ашырылган банктык операция 

Перевод денежных средств, банковская операция, которая осуществляется банком путем принятия от физического лица наличных денежных средств в национальной или иностранной валюте и дальнейшей передачи указанному физическому лицу (получателю) в Кыргызской Республике или за ее пределами через систему денежных переводов. 

142.  

Дебитордук карыз 

(Accounts receivable) 

Дебиторская задолженность 

(Accounts receivable) 

Карызгер болуп саналган башка ишканалардан, фирмалардан, ошондой эле жарандар тарабынан ишканага, фирмага, компанияга, уюмга төлөнүп берилүүчү карыздын суммасы. 

Сумма долгов, причитающихся предприятию, фирме, компании, организации со стороны других предприятий, фирм, а также граждан, являющихся их должниками. 

143.  

Девальвация 

(Devaluation) 

Девальвация 

(Devaluation) 

 

Улуттук валютанын чет өлкө валюталарына карата же катталган валюта курсу ыргагында эл аралык валюталык бирдиктерге карата курсунун төмөндөөсү

Снижение курса национальной валюты по отношению к иностранным валютам или международным валютным единицам при режиме фиксированного валютного курса. 

144.  

Акча 

(Money) 

Деньги 

(Money) 

Бул мамлекеттин аймагында таанылган мыйзамдуу төлөм каражаты. Ал, жүгүртүү каражаты, топтоо каражаты жана эсепке алуу бирдиги катары колдонулушу мүмкүн.  

Законное средство платежа, признанное на территории государства. Используется в качестве средства обращения, накопления и единицы учета. 

145.  

Нак акча 

(Cash, Currency) 

Деньги наличные 

(Cash, Currency) 

Кагаз акча (банкноттор) жана монеталар түрүндөгү акча каражаттары. 

Денежные средства в виде бумажных денег (банкнот) и монет. 

146.  

Нак эмес акча 

(Quasi money, Near money) 

Деньги безналичные 

(Quasi money, Near money) 

Депозиттерди тартууга лицензияга ээ банктардагы жана банктык эмес финансы-кредит мекемелериндеги депозиттер, ошондой квазиакчалар (мисалы, векселдер, депозиттик сертификаттар). 

Депозиты в банках и небанковских финансово-кредитных учреждениях, имеющих лицензию на привлечение депозитов, и квази-деньги (векселя, депозитные сертификаты).  

147.  

Акча базасы 

(Monetary base) 

Денежная база 

(Monetary base) 

Жүгүртүүдөгү акча плюс депозиттик корпорациялардын борбордук банктагы улуттук валютадагы камдары. 

Деньги в обращении плюс резервы депозитных корпораций в центральном банке в национальной валюте

148.  

Өлкөнүн акча бирдиги 

(Monetary unit) 

Денежная единица страны 

(Monetary unit) 

Өлкөдө мыйзам негизинде белгиленген акча белгиси, өлкөнүн акча системасынын акчалай өлчөө бирдиги болуп саналган негизги элементи. 

Законодательно установленный в стране денежный знак, основной элемент денежной системы страны, являющийся единицей денежного измерения.  

149.  

Акча системасы 

(Monetary system) 

Денежная система 

(Monetary system) 

Өлкөнүн акча белгилеринин, акча бирдиктеринин, акча эмиссиясынын эрежелеринин жана жүгүртүү формаларынын, өлкөдө мыйзамдык негизде белгиленген акча мамилелеринин жыйындысы. 

Совокупность денежных знаков страны, денежных единиц, правил эмиссии и формы обращения денег, денежных отношений, законодательно установленных в стране. 

150.  

Акча каражаттары 

(Monetary funds) 

Денежные средства 

(Monetary funds 

Мамлекеттин, ишканалардын, калайык-калктын нак жана нак эмес формадагы акчалары.  

Деньги государства, предприятий, населения в наличной и безналичной формах.  

151.  

Акча мультипликатору 

(Monetary multiplier) 

Денежный мультипликатор 

(Monetary multiplier) 

Акча-кредит системасына салынган аманаттардын көбөйүүсүнүн же кыскарышынын натыйжасында акча сунушунун бир акча бирдигине канчалык өсөрүн же кыскарышын көрсөткөн сандык коэффициент. Акча мультипликатору акча массасынын акча базасына карата катышы катары эсептелинет. 

Числовой коэффициент, показывающий во сколько раз возрастет либо сократится денежное предложение в результате увеличения либо сокращения вкладов в кредитно-денежную систему на одну денежную единицу. Денежный мультипликатор рассчитывается как отношение денежной массы к денежной базе. 

152.  

Жүгүртүүдөгү акча 

(Currency in circulation) 

Деньги в обращении 

(Currency in circulation) 

Өлкөнүн мыйзамдык негизде аныкталган эмиссиялык борбору тарабынан чыгарылган банкноттор жана монеталар. Кыргыз Республикасында бул Улуттук банктын жүгүртүү кассасындагы банкнотторду жана монеталарды эске албаганда, Улуттук банк тарабынан чыгарылган банкноттор жана монеталар. 

Банкноты и монеты, выпущенные законодательно установленным эмиссионным центром страны. В Кыргызской Республике это выпущенные Национальным банком КР банкноты и монеты минус банкноты и монеты в оборотной кассе Национального банка КР.  

153.  

Банктардан тышкаркы акча (М0) 

(Money outside banks (М0)) 

Деньги вне банков (М0) 

(Money outside banks (М0)) 

Жүгүртүүдөгү акча минус коммерциялык банктардын кассаларындагы улуттук валютадагы банкноттор жана монеталар. 

Деньги в обращении минус банкноты и монеты в национальной валюте в кассах коммерческих банков.  

154.  

Чегериле элек акча каражаттары 

(Funds afloat) 

Деньги в пути 

(Funds afloat) 

Ошол ишканага тиешелүү, бирок анын эсептешүү эсебине чегериле элек акча каражаттары. 

Денежные средства, принадлежащие данному предприятию, но еще не зачисленные на его расчетный счет. 

155.  

Акча рыногу 

(Money Market) 

Денежный рынок 

(Money Market) 

Катышуучулар чөйрөсү алкагында кредиттер жана баалуу кагаз түрүндө кыска мөөнөткө каражаттарды берүү жана алуу ишке ашырылган рынок. 

Рынок, на котором имеет место предоставление и получение средств в форме кредитов и ценных бумаг на короткий срок в пределах круга участников. 

156.  

Акча рыногу 

Денежный рынок  

(Money market) 

Кредиттер жана баалуу кагаздар формасында кыска мөөнөттүү ресурстар рыногу  

Рынок краткосрочных ресурсов в форме кредитов и ценных бумаг  

157.  

Акча-кредит саясаты 

(Monetary policy) 

Денежно-кредитная политика (ДКП) 

(Monetary policy) 

Борбордук банктын акча сунушун, банк тутумунан экономикага келип түшкөн кредиттик агымдарды жана акча рыногундагы пайыздык чендерди жөнгө салуу аркылуу анын негизги максатына жетишүү үчүн багытталган саясат. 

Политика центрального банка, направленная на достижение своей основной цели посредством регулирования предложения денег, кредитных потоков, поступающих из банковской системы в экономику и ставки процента денежного рынка. 

158.  

Депозиттик мекемелер 

(Deposit Takers) 

Депозитные учреждения 

(Deposit Takers) 

Борбордук банкты эске албаганда, негизги иши депозиттерди кабыл алуу менен аларды өз атынан андан ары жайгаштыруудан көрүнгөн финансылык корпорациялар. 

Финансовые корпорации, за исключением центрального банка, основная деятельность которых заключается в приеме депозитов и последующем размещении этих средств от своего имени. 

159.  

Депозиттер 

(Deposits) 

Депозиты 

(Deposits) 

Финансы-кредит мекемеси тарабынан башка жактардан өз учурунда кайтаруу, төлөөгө жөндөмдүүлүк, мөөнөтүндө төлөө шарттарында келишим боюнча кабыл алынган акча каражаттардын суммасы. Депозиттер мөөнөттүү жана талап боюнча төлөнүүчү депозиттерге бөлүнөт. 

Сумма денежных средств, принятая финансово-кредитным учреждением по договору от другого лица на условиях возвратности, платности, срочности. Депозиты бывают срочные и до востребования. 

160.  

Депозит (аманат) 

(Deposit) 

Депозит (вклад) 

(Deposit) 

Депозит бул, финансы-кредит мекемеси тарабынан убагында кайтаруу, төлөөгө жөндөмдүүлүк, мөөнөтүндө төлөө шарттарында башка жактардан келишим боюнча тартылган акча каражаттарынын суммасы. Депозиттер мөөнөттүү жана талап боюнча төлөнүүчү болуп бөлүнөт. 

Депозит это сумма денежных средств, принятая финансово-кредитным учреждением по договору от другого лица на условиях возвратности, платности, срочности. Депозиты бывают срочные и до востребования. 

161.  

Депозиттик база 

(Depositorybase) 

Депозитная база 

(Depository base) 

Жеке адамдардын жана юридикалык жактардын атынан коммерциялык банктарда талап боюнча төлөнүүчү депозиттерге жана мөөнөттүү депозиттерге жайгаштырылган, ошондой эле депозиттерди тартуу укугуна ээ башка финансы-кредит мекемелериндеги депозиттерге салынган каражаттардын жыйындысы. 

Совокупность средств, размещенных в коммерческих банках от имени физических и юридических лиц в депозиты до востребования и срочные депозиты, а также депозиты других финансово-кредитных учреждений, имеющих право на привлечение депозитов. 

162.  

М2Х камтылуучу депозиттер 

(Deposits included in M2X) 

Депозиты, включаемые в М2Х 

(Deposits included in M2X) 

Өкмөттүн жана резидент эместердин депозиттерин эске албаганда, жеке адамдардын жана юридикалык жактардын, ошондой эле башка финансы-кредит мекемелеринин депозиттери. 

Депозиты физических и юридических лиц, а также депозиты других финансово-кредитных учреждений, при этом исключаются депозиты Правительства и депозиты нерезидентов. 

163.  

Талап боюнча төлөнүүчү депозиттер 

(Demand deposits) 

Депозиты до востребования 

(Demand deposits) 

 

 

Бул, финансы-кредит мекемесинде аманат келишими боюнча акча каражаттарын сактоо жана топтоо үчүн ачылган жана эсеп ээси ишкердикти жана/же үчүнчү жактар менен мына ушундай эле иш чөйрөсүн жүзөгө ашыруусуна байланыштуу эсептешүүлөр үчүн каралбаган депозит. Талап боюнча төлөнүүчү депозиттин каражаттары аманатчынын биринчи эле талабы боюнча төлөнүп берилет. 

Депозит до востребования это депозит, открытый в финансово-кредитном учреждении для хранения и накопления денежных средств по договору вклада и не предназначенный для расчетов, связанных с осуществлением владельцем счета предпринимательской и/или подобной деятельности, с третьими лицами. Средства с депозита до востребования выплачиваются по первому требованию вкладчика. 

164.  

Которулма депозиттер 

(Claim deposits) 

Депозиты переводные 

(Claim deposits) 

Төлөмдөрдү жүзөгө ашырууда түздөн-түз колдонулушу мүмкүн болгон, айыптык төлөм төлөөсүз жана кандайдыр бир чектөөлөрсүз баштапкы талап боюнча номиналга ылайык алмаштырыла турган депозиттер (эсептешүү эсептериндеги акча каражаттар). 

Депозиты (денежные средства на расчетных счетах), которые могут быть непосредственно использованы при осуществлении платежей и могут быть обменены по номиналу по первому требованию без уплаты штрафов и каких-либо ограничений  

165.  

Мөөнөттүү депозиттер 

(Time deposits) 

Депозиты срочные 

(Time deposits) 

Банк тарабынан белгилүү бир мөөнөткө же кайтарып берүүнүн башка шарттарында кабыл алынган депозиттер. 

Депозиты, принимаемые банком на строго определенный срок или на иных условиях возврата. 

166.  

Депозитарий 

(Depositary) 

Депозитарий 

(Depositary) 

 

Баалуу кагаздарды эсепке алуу, сактоо, ага менчик укугунун өтүшүн каттоо жана тастыктоо боюнча кызмат көрсөтүүнү сунуштоого байланыштуу иш. 

Деятельность, связанная с оказанием услуг по учету, хранению ценных бумаг, регистрации перехода и подтверждения прав собственности на ценные бумаги. 

167.  

Депозиттер менен иш алып баруу 

(Depositary activities) 

Депозитарная деятельность 

(Depositary activities) 

Акча-кредит саясатынын каражаты (инструменти), ал Улуттук банктын мөөнөттүү депозит эсебине кайтарымдуулук, төлөөгө жөндөмдүүлүк жана мөөнөтүндө төлөө шарттарында улуттук валютада акча каражаттарын тартуу аркылуу, банк тутумунан үстөк ликвиддүүлүктү алып салуу максатында колдонулат. 

Инструмент денежно-кредитной политики, используемый с целью изъятия избыточной ликвидности из банковской системы путем привлечения денежных средств в национальной валюте на срочные депозитные счета в Национальном банке на условиях возвратности, платности и срочности. 

168.  

Улуттук банктын депозиттик операциялары 

(Deposit operations  of NBKR) 

Депозитные операции НБКР 

(Deposit operations of NBKR) 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайтарымдуулук, төлөөгө жөндөмдүүлүк жана мөөнөтүндө төлөө шарттарында улуттук валютадагы акча каражаттарын убактылуу алып салуу. Аталган операциялар банк тутумунан үстөк ликвиддүүлүктү алып салуу максатында ишке ашырылат. 

Операции по временному изъятию Национальным банком Кыргызской Республики денежных средств в национальной валюте на условиях возвратности, платности и срочности. 

Данные операции проводятся с целью изъятия избыточной ликвидности из банковской системы. 

169.  

Депо эсеби 

(Depo account) 

Депо-счет (счет депо) 

(Depo account) 

Эсепке алуу жана сактоо максатында депозитарий регистринде ар бир баалуу кагаз боюнча чагылдырылган жазуу жана жазуулардын жыйындысы. 

Запись или совокупность записей в регистрах депозитария, создаваемая для каждой ценной бумаги в целях учета и хранения. 

170.  

Дериватив (туунду финансылык инструмент) 

(Financial Derivatives) 

Дериватив (производный финансовый инструмент) 

(Financial Derivatives) 

Наркы базистик активдин негизинде камтылган активдин баасы аркылуу аныкталган финансылык инструмент, б.а. ал ошол активдин баасынан улам келип чыгат. Фьючерстер, варранттар, опциондор, своптор, форварддар, депозитардык тил каттар туунду инструменттердин мисалы болуп саналат. Туундуу финансылык инструменттер ар кандай максаттарда, анын ичинде тобокелдикти тескөө, хеджирлөө, арбитраждык операцияларды жана алып сатарлыкты жөнгө салууда колдонулат. Туунду финансылык инстурументтер менен операциялар, алар байланыштуу болушу мүмкүн болгон базалык операциялардын наркынын курамдык бөлүгү катары эмес, өз алдынча ишке ашырылган операция катары каралууга тийиш. 

Бул, туунду финансылык инструментке контрактынын негизин түзгөн жана төлөмдөрдү же түшүүлөрдү эсептөө үчүн зарыл болгон, бирок ошол эле учурда алмашуу предмети болбой калышы мүмкүн болгон сумма туунду финансылык контракттын шарттуу (номиналдык) суммасы болуп саналат. 

Финансовый инструмент, стоимость которого определяется ценой актива, лежащего в его основе (базисного актива), т.е. является производной от цены этого актива. Примерами производных инструментов являются фьючерсы, варранты, опционы, свопы, форварды, депозитарные расписки. Производные финансовые инструменты используются в различных целях, включая управление рисками, хеджирование, арбитражные операции и спекуляции. Операции с производными финансовыми инструментами должны рассматриваться в качестве самостоятельных операций, а не как составная часть стоимости базовых операций, с которыми они могут быть связаны. 

Сумма, которая лежит в основе контракта на производный финансовый инструмент и которая необходима для расчета платежей или поступлений, но которая может и не быть предметом обмена является условной (номинальной) суммой производного финансового контракта. 

171.  

Банктык карт ээси 

(Card holder) 

Держатель банковской карты (Card holder) 

Банктын кардары, анын ичинде юридикалык жак/жеке ишкер эсеп ээси тарабынан ыйгарым укук чегерилген, эмитент менен келишимдин негизинде картты колдонуу менен операцияларды жүргүзүү укугуна ээ жеке адам. 

Клиент банка, физическое лицо, в том числе уполномоченное юридическим лицом/индивидуальным предпринимателем - владельцем счета, имеющее право совершать операции с использованием карты на основании договора с эмитентом. 

172.  

Электрондук акча ээси  

(E-money holder) 

Держатель электронных денег (E-money holder) 

Электрондук акчаларды тескөө укугуна ээ жана аларды акцептанттар тарабынан сунушталган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууда пайдаланган адам. 

Лицо, распоряжающееся электронными деньгами и использующее электронные деньги при осуществлении расчетов за предоставленные товары и услуги акцептантов. 

173.  

Дефицит 

(Deficit) 

Дефицит 

(Deficit) 

(Латын тилинен deficit тартыштык). Мурда белгиленген, пландаштырылган же зарыл болгон деңгээлге салыштырганда каражаттардын, ресурстардын жетишсиздиги. Тартыштык күндөлүк эсеп, соода балансы, мамлекеттик бюджет болуп бөлүнөт.  

(От лат. deficit не достает) Недостаточность средств, ресурсов в сравнении с ранее намечавшимся, запланированным или необходимым уровнем. Дефицит бывает: текущего счета, торгового баланса, государственного бюджета. 

174.  

Дефлятор 

(Deflator) 

Дефлятор 

(Deflator) 

 

1) Аларды өткөн мезгилдеги баа деңгээлине ылайыкташтыруу максатында, акчалай туюндурулган, экономикалык көрсөткүчтөрдү эсептөөдө колдонулган коэффициент; 2) ички дүң өнүмдүн компоненттерин салыштырмалуу баада кайрадан эсептөө үчүн жана баа динамикасынын жалпыланган көрсөткүчтөрүнүн жыйындысына мүнөздөмө берүүдө колдонулган ар кандай индекстердин жыйындысы.  

1) Коэффициент, используемый для пересчета экономических показателей, исчисленных в денежном выражении, с целью приведения их к уровню цен предыдущего периода; 2) Совокупность различных индексов, используемых для пересчета компонентов валового внутреннего продукта в сопоставимые цены и для характеристики совокупности обобщающих показателей динамики цен. 

175.  

Дефолт 

(Default) 

Дефолт 

(Default) 

 

Өз милдеттенмесин аткарууга жөндөмсүздүк же андан баш тартуу. Дефолт юридикалык жак сыяктуу эле, мамлекеттин өкмөтү тарабынан жарыяланышы да мүмкүн.  

Неспособность или отказ исполнять свои обязательства. Дефолт может быть объявлен как юридическим лицом, так и правительством государства

176.  

Диверсификациялоо 

(Diversification) 

Диверсификация 

(Diversification) 

Капиталдан жана андан алынуучу кирешеден мүмкүн болуучу жоготуулар тобокелдигин басаңдатуу максатында, инвестициялануучу акча каражаттарын ар кандай объекттер ортосунда бөлүштүрүү.  

Распределение инвестируемых денежных средств между различными объектами вложений с целью снижения риска возможных потерь капитала или доходов от него. 

177.  

Дивиденд 

(Dividend) 

Дивиденд 

(Dividend) 

(Латын тилинен dividendus бөлүштүрүлүүгө тийиш болгон) акционердик коом акционерлер (акцияга ээлик кылуучулар) ортосунда бөлүштүрүүгө тийиш болгон пайданын бөлүгү. Алар акциялардын наркын эске алуу менен колдо турган акцияларга ылайык жыл сайын төлөнүп турат.  

(От лат. dividendus подлежащий разделу) часть прибыли акционерного общества, которую оно распределяет между акционерами (обладателями акций) и выплачивает им ежегодно в соответствии с имеющимися у них акциями с учетом достоинства акций.  

178.  

Дилер 

(Dealer) 

Дилер 

(Dealer) 

 

 

1. Рынокто өз атынан жана өз эсебинен операция жүргүзгөн юридикалык жак же жеке адам. 

2. Финансы рынокторунда операцияларды жүргүзүүгө адистешкен банк кызматкери. 

1. Юридическое или физическое лицо, которые оперируют на рынке от своего имени и за собственный счет. 

2. Сотрудник банка, специализирующийся на проведении операций на финансовых рынках. 

179.  

Дилинг 

(Dealing) 

Дилинг 

(Dealing) 

финансылык же сырьелук рыноктордо бүтүмдөргө келишүү процесси.  

процесс заключения сделок на финансовых или сырьевых рынках. 

180.  

Дисконт 

(Discount) 

Дисконт 

(Discount) 

(Англис тилинен discount жеңилдик) 1) Товар сапатынын стандарт шарттарына же келишим талаптарына ылайык келбешинен улам анын баасынын төмөндөшү; 2) карыздык баалуу кагаздын номиналы анын рыноктук баасынан же ал рынокко баштапкы жайгаштыруу баасынан ашкан сумма; 3) рыноктун абалын эске алуу менен баанын төмөндөтүлүшү; 4) пайыздарды жана чыгашаларды эсептөө менен банк тарабынан баалуу кагаздардын эсепке алынышынын негизинде ишке ашырылган банктык атайы кредиттик операция. 

(Англ. discount скидка) 1) снижение (скидка) цены на товар вследствие несоответствия его качества условиям стандарта либо договора; 2) сумма, на которую номинал долговой ценной бумаги превышает ее текущую рыночную цену или цену, по которой она была первоначально размещена на рынке; 3) скидка с цены с учетом состояния рынка; 4) специальная банковская кредитная операция на основании учета банком ценной бумаги с расчетом процентов и расходов. 

181.  

Дисконт (баалуу кагаздар боюнча) 

(Discount (for securities)) 

Дисконт (по ценным бумагам) 

(Discount (for securities)) 

Карыздык баалуу кагаздын номиналынын анын утурумдук рыноктук баасынан же ал рынокко баштапкы жайгаштырылган баасынан артып турган суммасы.  

Сумма, на которую номинал долговой ценной бумаги превышает ее текущую рыночную цену или цену, по которой она была первоначально размещена на рынке

182.  

Дисконттук баалуу кагаздар 

(Discount 

Securities) 

Дисконтные ценные бумаги 

(Discount 

Securities) 

Дисконт менен сатылып алынган жана аракеттенүү мөөнөтүнүн бүтүшү менен номинал боюнча төлөнүүчү баалуу кагаздар. 

Ценные бумаги, которые приобретаются с дисконтом к номиналу и погашаются по номиналу по истечении срока действия. 

183.  

Аралыктан банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөр (аралыктан банкинг)  

(Remote banking and payment services (remote banking)) 

Дистанционные банковские и платежные услуги (дистанционный банкинг)  

(Remote banking and payment services (remote banking)) 

Программалык-техникалык жана телекоммуникациялык каражаттарды колдонуу менен пайдалануучунун өз банктык эсебин же болбосо электрондук капчыгын тескөө үчүн сунуштоочунун буйруунун негизинде пайдалануучуга аралыктан (интернет-банкинг, үй-банкинги, мобилдик банкинг ж.б.) кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоосу, ошондой эле ишке ашырылган операциялар жана акча каражаттарынын калдыктары жөнүндө маалыматты алуу. 

Услуги, оказываемые поставщиком пользователю на основании распоряжений последнего, передаваемых поставщикам услуг удаленным способом (интернет-банкинг, домашний-банкинг, мобильный банкинг и другие) для управления пользователем своим банковским счетом либо электронным кошельком, с использованием программно-технических и телекоммуникационных средств, а также получение информации о проведенных операциях и остатках денежных средств. 

184.  

Электрондук акча дистрибьютору  

(E-money distributor) 

Дистрибьютор электронных денег (E-money distributor) 

Электрондук акчаны нак же нак эмес акча каражаттарына алмаштырууну жүзөгө ашырган жана электрондук акча эмитенти менен түзүлгөн келишимдин негизинде электрондук акчаларды кардарларга жайылткан уюм.  

Организация, которая производит обмен электронных денег на наличные или безналичные денежные средства и которая распространяет электронные деньги клиентам на основании заключенного договора с эмитентом электронных денег. 

185.  

“Узун” валюта позициясы 

(Long currency position) 

Длинная валютная позиция 

(Long currency position) 

Белгилүү бир күнгө карата тиешелүү валюталардагы талаптардын милдеттенмелерден артышы.  

Превышение требований над обязательствами в соответствующих валютах на определенную дату.  

186.  

Мүлктү ишеним боюнча тескөө 

(Trust managing (entrusted administration)) 

Доверительное управление имуществом 

(Trust managing (entrusted administration)) 

 

Мүлктү ишеним боюнча тескөө келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат, ага ылайык бир тарап (тескөөнү уюштуруучу) башка тарапка (ишеним боюнча тескөөчүгө) белгилүү бир мөөнөткө мүлктү ишеним боюнча тескөөгө өткөрүп берет, ал эми башка тарап ошол мүлктү тескөөнү уюштуруучунун же ал көрсөткөн адамдын (пайда алуучунун) таламында тескөөнү жүзөгө ашырууга милдеттенет. 

Доверительное управление имуществом осуществляется по договору доверительного управления, согласно которому одна сторона (учредитель управления) передает другой стороне (доверительному управляющему) на определенный срок имущество в доверительное управление, а другая сторона обязуется осуществлять управление этим имуществом в интересах учредителя управления или указанного им лица (выгодоприобретателя). 

187.  

Баалуу кагаздардын документ түрүндөгү формасы 

(Documentary form of securities) 

Документарная форма ценных бумаг 

(Documentary form of securities) 

Бул, баалуу кагаздардын формасы, мында анын ээси мыйзамдык тартипте таризделинген баалуу кагазды, баалуу кагаздар сертификатын көрсөтүүнүн негизинде аныкталат. 

Форма ценных бумаг, при которой владелец устанавливается на основании предъявления ценной бумаги, сертификата ценной бумаги, оформленных в установленном законодательством порядке. 

188.  

Банктын кызмат адамы 

(Bank official) 

Должностное лицо банка 

(Bank official) 

Бул, банктын саясатын аныктаган жана/же чечим кабыл алууга, ал акысыз негизде иштейби же болбосо сый акы алабы ага көз карандысыз, банк саясатын түптөгөн анын негизги операцияларына катышууга ыйгарым укуктуу же иш жүзүндө катышкан адам. 

Должностное лицо банка лицо, которое определяет политику банка и/или имеет полномочия принимать решения, участвовать или реально участвует в основных операциях банка, формирующих политику банка, независимо от того, работает ли это лицо на безвозмездной основе или получает вознаграждение. 

189.  

Субординациялан-ган карыз (Subordinated duty) 

Субординированный долг (Subordinated duty) 

Субординацияланган карыз бул, эмитенттин башка милдеттенмелерине салыштырганда кыйла төмөнкү статустагы милдеттенме. Эмитент банкрот абалда калган учурда, эмитенттин акцияларына ээлик кылуучулардын талаптары канааттандырылганга чейин бардык кредиторлор жана аманатчылар толук тейлөөгө алынып, алардын талаптары канааттандырылгандан кийин гана алардын орду жабылууга тийиш. 

Субординированный долг это обязательства с более низким статусом по сравнению с другими обязательствами эмитента. В случае банкротства эмитента погашаются после полного обслуживания и удовлетворения требований всех кредиторов и вкладчиков, но до удовлетворения требований держателей акций эмитента. 

190.  

Карыздык баалуу кагаздар 

(Debt security) 

Долговые ценные бумаги 

(Debt security) 

Баалуу кагаздардын ээлери алдындагы эмитенттин милдеттенмелерин тастыктаган баалуу кагаздар. 

Ценные бумаги, удостоверяющие обязательство эмитента перед держателем ценной бумаги. 

191.  

Карыздык инструмент (инструменттер) 

(Debt instruments) 

Долговой инструмент (инструменты) 

(Debt instruments) 

Карыздык инструменттер, эрежедегидей эле, келишимдик мамилелердин негизинде келип чыгат, ага ылайык бир институционалдык бирдик (карызгер) башка институционалдык бирдик (кредитордун) алдында пайыздары менен же пайыздарды төлөөсүз негизги сумманы кайтарып берүүгө же негизги сумманы кайтарып бербестен пайыздарды төлөөгө шартсыз милдеттенмени өзүнө алат. Карыздык баалуу кагаздар, кредиттер жана насыялар, соодалык кредиттер, ошондой эле нак валюта жана депозиттер мына ушундай инструменттердин катарына кирет. Карыздык инструменттер ошондой эле, мыйзам нормаларын аткаруу аркылуу (эң оболу бул, салыктарды төлөө же башка милдеттүү төлөмдөр боюнча милдеттенмелерге кирет) же жакын арада кредиторго төлөм төлөө милдеттенмесинин карызгер тарабынан алынышын шарттаган укуктардын жана милдеттердин негизинде да келип чыгышы мүмкүн. 

Долговые инструменты, как правило, возникают на основе договорных отношений, в соответствии с которыми одна институциональная единица (заемщик) несет перед другой институциональной единицей (кредитором) безусловное обязательство возвратить основную сумму с процентами или без уплаты процентов, или выплачивать проценты без возврата основной суммы. В число таких инструментов входят долговые ценные бумаги, кредиты и займы, торговые кредиты, а также наличная валюта и депозиты. Долговые инструменты могут создаваться также посредством приведения в исполнение норм закона (прежде всего, это относится к обязательствам по уплате налогов или других обязательных платежей) или на основании прав и обязанностей, влекущих за собой принятие заемщиком обязательства о производстве в будущем платежа (платежей) кредитору. 

192.  

Узак мөөнөттүү тышкы карыз 

(Long-term external debt) 

Долгосрочный внешний долг 

(Long-term external debt) 

Төлөө мөөнөтү бир жылдан ашкан тышкы карыз. Төлөө мөөнөтү баштапкы мөөнөткө же төлөөгө чейинки калган мөөнөткө жараша аныкталышы мүмкүн (төлөөгө чейинки калган мөөнөттү карагыла). 

Внешний долг сроком погашения свыше одного года. Срок погашения может определяться, исходя из первоначального срока или остаточного срока до погашения. (См. также Остаточный срок до погашения). 

193.  

Долларлашуу 

(Dollarization) 

Долларизация 

(Dollarization) 

Өз улуттук валютасына ээ өлкөнүн ички акча жүгүртүүсүндө АКШ долларынын кеңири колдонулушу. 

Широкое применение доллара США во внутреннем денежном обращении страны, имеющей собственную национальную валюту.   

194.  

Үй банкинги (Home-banking) 

Домашний банкинг  

(Home-banking) 

Банктын компьютердик түйүнүнө үй же кеңсе терминалдарды (өздүк компьютер, стационардык телефон) туташтыруу аркылуу, «үйдө» аралыктан банктык тейлөө жана банктардын кардарларга (жеке адамдарга жана юридикалык жактарга) чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо ыкмасы.  

Способ удаленного банковского обслуживания "на дому" и предоставления банками розничных услуг клиентам (физическим и юридическим лицам) посредством подключения домашних или офисных терминалов (персональный компьютер, стационарный телефон) к компьютерной сети банка.  

195.  

Үй чарбасы 

(Household) 

Домашнее хозяйство 

(Household) 

Чогуу жашап, биргелешип чарба жүргүзүшкөн, кирешелерин жана мүлктөрүн толугу менен же анын бөлүгүн бириктирген, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым бир түрлөрүн биргелешип керектеген (айрыкча турак жайды жана тамак-ашты) жеке адам же адамдар тобу. Үй чарбалары кандай болбосун экономикалык ишкердикти, анын ичинде өндүрүштү жүргүзө алат.  

Физическое лицо или группа физических лиц, которые проживают совместно, ведут совместное хозяйство, объединяют полностью или частично свои доходы и имущество и совместно потребляют определенные виды товаров и услуг (главным образом жилье и продукты питания). Домашние хозяйства могут осуществлять любую экономическую деятельность, в том числе производство

196.  

Жетиштүү контролдук 

(The sufficient control) 

Достаточный контроль 

(The sufficient control) 

Уюмдун алдыга койгон максаттарына жана милдеттеринин аткарылышына натыйжалуу негизде жетише тургандыгына бекем ишенимди камсыз кылган контролдук. 

Контроль, обеспечивающий достаточную уверенность в том, что цели и задачи организации будут достигаться рационально и экономично. 

197.  

Аудитордук далилдердин жетиштүүлүгү 

(Sufficiency of auditor evidence) 

Достаточность аудиторских доказательств 

(Sufficiency of auditor evidence) 

Аудитордун пикири негизденген тыянакты чыгарууга мүмкүндүк берген аудитордук далилдөөлөрдүн сандык жана сапаттык чаралары.  

Количественная и качественная мера аудиторских доказательств, позволяющая формулировать выводы, на которых основывается мнение аудитора. 

198.  

Кошумча банктык төлөм карты 

(Additional card) 

Дополнительная банковская платежная карта 

(Additional card) 

Ишенимдүү адамды анын банктык эсеби боюнча операцияларды эмитент менен банк эсебинин ээси ортосундагы келишимде белгиленген сумманын чегинде жана шарттарда жүргүзүүгө банк эсебинин ээсине ыйгарым укук берген карт. Мында, банк негизги жана кошумча карттар боюнча каражаттардын жылышын эсепке алууну ар бир карт боюнча өзүнчө жүргүзөт.  

Карта, использование которой позволяет владельцу банковского счета уполномочивать доверенное лицо проводить операции по его банковскому счету в пределах сумм и на условиях, установленных в договоре между эмитентом и владельцем банковского счета. При этом учет движения средств по основной и дополнительной картам банк ведет отдельно по каждой карте.  

199.  

Ээликте турган мезгил аралыгында финансылык активдин кирешелүүлүгү 

(Holding period assets return) 

Доходность финансового актива за период владения 

(Holding period assets return) 

Инвестициялоо инструментинин белгилүү бир мезгил ичиндеги кирешелүүлүгү, ал ошол учурда алынган кирешенин жана активге ээлик кылып турган мезгилде алынган капиталдын (же чыгымдын) өсүшү суммаларын инвестициялардын баштапкы наркына бөлүү аркылуу эсептелинет. 

Доходность инструмента инвестирования за определенный период, которая вычисляется путем деления суммы текущего дохода и прироста капитала (или убытков), полученных в течение периода владения активом, на первоначальную стоимость инвестиций. 

200.  

Баалуу кагаздар кирешелүүлүгү 

(Security yield) 

Доходность ценных бумаг 

(Security yield) 

Баалуу кагаз боюнча жылдык кирешенин анын рыноктук баасына карата катышы; баалуу кагаздын ээси алган пайданын нормасы. 

Отношение годового дохода по ценной бумаге к ее рыночной цене; норма прибыли, получаемой владельцем ценной бумаги. 

201.  

Туунду банк 

(Subsidiary bank) 

Дочерний банк 

(Subsidiary bank) 

 

Туунду банк бул башка банк же башка юридикалык жак (башкы компания) тарабынан контролдукка алынган банк. Туунду банктын туунду банкы да башкы компаниянын туунду банкы катары каралат. 

Дочерний банк это банк, контролируемый другим банком или иным юридическим лицом (материнская компания). Дочерний банк дочернего банка также рассматривается как дочерний банк материнской компании. 

202.  

Дюрация 

(Duration) 

Дюрация 

(Duration) 

 

Инвестициялык инструменттерди төлөөгө чейинки орточо салмактанып алынган мөөнөт, ал активдердин пайыздык чендердин өзгөрүүсүнө таасирленүү чегин аныктоодо колдонулат.  

Средневзвешенный срок до погашения инвестиционных инструментов, который используется при определении меры чувствительности активов к изменению процентных ставок. 

203.  

Бирдиктүү банктар аралык процессинг борбору (ББПБ) (Single interbank processing center) 

Единый межбанковский процессинговый центр (ЕМПЦ) (Single interbank processing center) 

Кыргыз Республикасынын “Элкарт” улуттук төлөм системасынын аппараттык-программалык комплекси, ал “Элкарт” улуттук банктык төлөм картын, ошондой эле Бирдиктүү банктар аралык процессинг борборунун системасына интеграцияланган башка системалардын карттарын колдонуу менен ишке ашырылган транзакциялардын процессинги үчүн каралган.  

Аппаратно-программный комплекс национальной платежной системы Кыргызской Республики "Элкарт", предназначенный для процессинга транзакций, совершенных с использованием национальных банковских платежных карт "Элкарт", а также карт других систем, интегрированных с системой ЕМПЦ. 

204.  

Рыноктун сыйымдуулугу 

(Market Depth) 

Емкость рынка 

(Market Depth) 

Рыноктук ликвиддүүлүк аспектилеринин бирин мүнөздөгөн жана рыноктун баага олуттуу таасир этүүсүз эле, сатып алуу-сатуу операцияларынын ири көлөмүн жүзөгө ашыруу жөндөмдүүлүгүн чагылдырган көрсөткүч.  

Показатель, характеризующий один из аспектов рыночной ликвидности и указывающий на способность рынка к осуществлению крупных объемов операций купли-продажи без значительных последствий для цен. 

205.  

Баланстан тышкаркы операциялар 

(Off-balance sheet transactions) 

Забалансовые операции 

(Off-balance sheet transactions) 

Банктын балансында чагылдырылбаган баланстан тышкаркы эсептер боюнча операциялар. Мындай операцияларга баалуу кагаздар инкассосу, банктык отчеттордун жана баалуу кагаздардын сакталышын, акча каражатын жана баалуулуктарды сактоо боюнча операцияларды (кампа операцияларын) кошууга болот.  

Операции по забалансовым счетам, не отражающимся в балансе банка. К таким операциям относятся инкассо ценных бумаг, хранение банковской отчетности и ценных бумаг, операции по хранению денег и ценностей (складские операции) и др. 

206.  

Баланстан тышкаркы эсеп 

(Off-balance account) 

Забалансовый счет 

(Off-balance account) 

Белгилүү бир шарттарда ишке ашырылышы мүмкүн болгон акчалай укукту же милдеттенмени чагылдырган эсепке алуу эсеби. Баланстан тышкаркы эсеп баланста камтылбайт, анын активдеринде жана пассивдеринде чагылдырылбайт.  

Учетный счет, отражающий денежные права или обязательства, которые могут реализоваться при определенных условиях. Забалансовый счет не включается в баланс, не отражается в его активах и пассивах 

207.  

Баланстан тышкаркы милдеттенмелер 

(Off-balance liabilities) 

Забалансовые обязательства 

(Off-balance liabilities) 

 

Банктын баланстык эсептеринде тиешелүү учурда чагылдырылбаган келишимдик шарттуу милдеттенмелер, бирок алар кабыл алынган милдеттенмелердин келечекте аткарылышына, б.а. акча каражаттарынын агылып чыгышына алып келиши мүмкүн. 

Договорные условные обязательства, не отраженные на данный момент на балансовых счетах банка, но которые могут привести к выполнению принятых обязательств в будущем, т.е. к оттоку денежных средств. 

208.  

Карыздык каражаттар 

(Borrowed funds) 

Заемные средства 

(Borrowed funds) 

Карыз алуучу тарабынан мөөнөтүндө төлөө, убагында кайтаруу жана төлөөгө жөндөмдүүлүк шарттарында карыздык каражат/кредит түрүндө алынган акча каражаттары.  

Денежные средства, полученные заемщиком в виде займа/кредита на основе срочности, возвратности и платности. 

209.  

Карыз алуучу 

(Borrower) 

Заемщик 

(Borrower) 

Карыз алуучу карыздык каражат келишимин түзгөн тараптардын бири, кредит, насыя (займ) алуучу, алынган каражаттын кайтарылышын, сунушталган кредиттин төлөнүшүн гарантиялаган милдеттенмени өзүнө алган жак.  

Заемщик одна из сторон договора займа, получатель кредита, займа, принимающий на себя обязательство, гарантирующее возвращение полученных средств, оплату предоставленного кредита.  

210.  

Шартталган займдар (насыялар) 

Займы обусловленные 

Эки тараптуу негиздеги, карыз алуучу өлкөнүн кредитор өлкөдөн товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуусуна байланыштуу келип чыккан насыялар (займдар).  

Займы на двусторонней основе, привязываемые к закупкам товаров и услуг страной-заемщиком у страны-кредитора. 

211.  

Күрөөлүк (ипотекалык) баалуу кагаздар 

(Mortgage backed securities) 

Закладные (ипотечные) ценные бумаги 

(Mortgage backed securities) 

Ипотека (күрөө) менен камсыздалган баалуу кагаздар, кредитор тарабынан чыгарылган карыздык баалуу кагаздар, ипотека же кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюу алдында алар тарабынан мурда берилген кредиттердин ипотекасынын (күрөөсүнүн) пулу (жыйнагы). 

Ценные бумаги, обеспеченные ипотекой (закладными). Долговые ценные бумаги, выпускаемые кредитором, в обеспечении у которого находится ипотека или пул ипотек (закладных) под ранее выданные им кредиты под залог недвижимости. 

212.  

Жабык валюта позициясы 

(Close currency position) 

Закрытая валютная позиция 

(Close currency position) 

Белгилүү бир күнгө карата тиешелүү валюталардагы талаптардын жана милдеттенмелердин бирдейлиги.  

Равенство требований и обязательств в соответствующих валютах на определенную дату. 

213.  

Электрондук цифралык кол тамганын жашыруун ачкыч (Private key) 

Закрытый ключ электронной цифровой подписи (Private key) 

Электрондук цифралык кол тамганы иштеп чыгуу үчүн каралган жана кол тамга ээсине гана белгилүү болгон белгилердин ырааттуулугу. 

Последовательность символов, предназначенная для выработки электронной цифровой подписи (ЭЦП) и известная только подписывающему лицу.  

214.  

Күрөө 

(Mortgage) 

Залог 

(Mortgage) 

 

 

 

Карыздык милдеттенмелерди карыз алуучунун мүлкүн кредиторго сунуштоо аркылуу аткарылышын камсыз кылуу формасы. Карызгер милдеттенмесин аткарбай койгон учурда, кредитор күрөөлүк мүлктү сатып өткөрүүдөн түшкөн каражаттардан кредиттин суммасын кайтарып ала алат. Мында, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк күрөө предметинен болушу мүмкүн. 

Форма обеспечения исполнения долговых обязательств посредством предоставления кредитору имущества заемщика. В случае неисполнения должником обязательства кредитор может вернуть себе сумму кредита из средств от реализации заложенного имущества. Предметом залога может быть движимое и недвижимое имущество. 

215.  

Күрөө коюучу 

(Mortgagor) 

Залогодатель 

(Mortgagor) 

 

Бул, күрөө предметине карата менчик укугуна же башка мүлк укугуна ээ болгон адам. Күрөө менен камсыздалган милдеттенме боюнча карызгердин өзү же болбосо бул милдеттенмеге катышпаган үчүнчү жак күрөө коюучу болушу мүмкүн. 

Залогодатель лицо, обладающее правом собственности или иным вещным правом на предмет залога. Залогодателем может быть сам должник по обязательству, обеспеченному залогом, или третье лицо, не участвующее в этом обязательстве. 

216.  

Күрөө кармоочу 

(Mortgagee) 

Залогодержатель 

(Mortgagee) 

 

Бул, күрөө менен камсыздалган милдеттенме боюнча кредитор. Карызгер милдеттенмесин аткара албай калган шартта ал өз талабын күрөөлүк мүлктүн наркынан канааттандырып алууга укуктуу.  

Залогодержатель кредитор по обеспеченному залогом обязательству. В случае неисполнения должником его обязательства имеет право получить удовлетворение из стоимости заложенного имущества.  

217.  

Корпоративдик башкаруу көз карашынан олуттуу таасир этүү 

(Significant influence) 

Значительное влияние с точки зрения корпоративного управления 

(Significant influence) 

 

Олуттуу таасир этүү бул, контролдукту жүзөгө ашыруу жана уюмдун саясатына жана ишине таасир этүү мүмкүнчүлүгү.  

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акционердик коомдун добуш берүүгө укук чегерген акцияларынын (кайсы болбосун түрдөгү) он же андан көбүрөөк пайызына ээ болгон катышуучу олуттуу таасир этиши ыктымал. 

Значительное влияние возможность осуществлять контроль и влиять на политику и деятельность организации. 

Значительное влияние осуществляется значительными участниками, которые согласно законодательству Кыргызской Республики владеют десятью и более процентами голосующих акций (любого типа) акционерного общества. 

218.  

Электрондук капчыктын идентификациялык номери 

(Identification number of 

electronic wallet/purse) 

Идентификационный номер 

электронного кошелька (Identification number of electronic wallet/purse) 

Система тарабынан генерирленген жана алар системада алгачкы каттоодон өтүү учурунда ыйгарылган электрондук капчык эсебинин уникалдуу номери. Электрондук капчыктын идентификациялык номери аркылуу анын ээси электрондук акчасы боюнча акча каражаттарынын жылышы жана капчыктагы калдык акча каражаттары жөнүндө маалымат алуу, ошондой эле зарылчылык келип чыккан учурда капчыкты блокировкалоо мүмкүнчүлүгүнө ээ.  

Уникальный номер счета электронного кошелька, который генерируется системой и присваивается при их первоначальной регистрации в системе. По идентификационному номеру электронного кошелька держатель имеет возможность получить информацию о движении денежных средств по его электронным деньгам и остатке в его кошельке, а также производить блокировку кошелька в случае необходимости.  

219.  

Өздүк банктык 

төлөм карты 

(Personal card) 

Индивидуальная банковская платежная карта (Personal card) 

Эмитент тарабынан эсеп ээсине-жеке адамга аны менен түзүлгөн банктык эсеп келишиминин жана/же кредиттик келишимдин негизинде берилген карт. 

Карта, выдаваемая эмитентом владельцу счета физическому лицу на основании заключенного с ним договора банковского счета и/или кредитного договора. 

220.  

Импорт 

(Import) 

Импорт 

(Import) 

Импорт төмөнкүлөрдү өзүндө камтыган түшүнүк: (1) чет өлкөдө өндүрүлүп, алынып келинген жана ички рынокто сатылган товар, бул чет өлкө валютасынын өлкөдөн агылып чыгышын шарттайт; (2) чет өлкө өндүрүүчүлөрү тарабынан сатып алуучу-өлкөгө сунушталган же өлкө ичинде ишке ашырылган (банктык кызматтар, камсыздандыруу кызматтары) же болбосо чет өлкөлөрдө (мисалы туризм) сунушталган кызмат көрсөтүүлөр, бул да чет өлкө валютасынын чыгымга учурашына алып келет; (3) баалуу кагаздар топтому, мүлккө жана банктык депозиттерге тике чет өлкө инвестициялары формасында өлкөгө инвестицияланган капитал (капитал импорту). 

Включает в себя следующие составляющие: (1) товар, который произведен за границей, а затем ввезён и продан на внутреннем рынке, что приводит к оттоку иностранной валюты из страны (видимый импорт); (2) услуга, предоставляемая стране-покупателю иностранными производителями либо внутри страны (банковские услуги, страхование), либо за границей (например, туризм), что также приводит к расходованию иностранной валюты (невидимый импорт); (3) капитал, инвестированный в страну в форме пакета ценных бумаг, прямых иностранных инвестиций в физическое имущество и банковские депозиты (импорт капитала). 

221.  

Импринтер (Imprinter) 

Импринтер 

(Imprinter) 

Карттын рельефтик реквизиттеринин жана соода-тейлөө ишканаларынын реквизиттеринин оттискасын кагазга (слип) көчүрүү менен транзакцияларды тастыктоо үчүн каралган механикалык жабдуу. 

Механическое устройство, предназначенное для подтверждения транзакций путем переноса оттиска рельефных реквизитов карты и реквизитов торгово-сервисного предприятия на бумажный носитель (слип). 

222.  

Инвестициялар (финансылык) 

(Financial investments) 

Инвестиции (финансовые) 

(Financial investments) 

Пайда алуу же капиталда катышуу же болбосо катышууну көбөйтүү түрүндө финансылык пайда алууга жетишүү максатында активдерди сатып алуу. 

Приобретение активов в целях получения финансовой отдачи в виде прибыли, участия или увеличения участия в капитале. 

223.  

Инвестор 

(Investor) 

Инвестор 

(Investor) 

Өз каражаттарын, карыздык же тартылган каражаттарды баалуу кагаздарга же активдердин башка түрлөрүнө салууну жүзөгө ашырган юридикалык жак же жеке адам.  

Юридическое или физическое лицо, осуществляющее вложение собственных, заемных или привлеченных средств в ценные бумаги или другие виды активов. 

224.  

Инвестициялык киреше 

(Investment income) 

Инвестиционный доход 

(Investment income) 

Баалуу кагаздарга жана финансылык активдерге инвестициялоодон алынган киреше (пайыздар, дивиденддер). 

Доход (проценты, дивиденды) по инвестициям в ценные бумаги и другие финансовые активы. 

225.  

Инвестициялык стратегия 

(Investment strategy) 

Инвестиционная стратегия 

(Investment strategy) 

Уюмдун инвестицияларды өздөштүрүү жагында стратегиялык максаттарын, эрежелерин, принциптерин жана чектөөлөрдү аныктаган документ. 

Документ, определяющий стратегические цели, правила, принципы и ограничения деятельности организации в области управления инвестициями. 

226.  

Инвестициялык портфель 

(Investment portfolio) 

Инвестиционный портфель 

(Investment portfolio) 

Баалуу кагаздар, депозиттер жана колдонуу мөөнөтү жана ликвиддүүлүгү ар түрдүү башка инструменттердин жыйындысын түшүндүргөн, бир бүтүн катары тескөөгө алынган финансылык инвестициялар топтому. 

Набор финансовых инвестиций, представляющий собой совокупность ценных бумаг, депозитов и других инструментов разного срока действия и разной ликвидности, управляемый как единое целое. 

227.  

Инвестициялык фондулар 

(Investment funds) 

Инвестиционные фонды 

(Investment funds) 

Финансылык активдерге ээ болуу максатында инвесторлордун каражаттарын топтогон институционалдык бирдиктер. 

Институциональные единицы, которые объединяют средства инвесторов с целью приобретения финансовых активов.  

228.  

Инвестициялык эсептер (ислам банкингинде) 

Инвестиционные счета (в исламском банкинге) 

Банк тарабынан мудараба келишиминин негизинде тартылган каражаттар чагылдырылган кардарлардын эсептери. Инвестициялык эсептер төмөнкү түрлөргө бөлүнөт: 

чектелбеген инвестициялык эсептер бул, кардарлардын эсептери, аларда чектелбеген/жалпы мудараба келишиминин негизинде банк тарабынан тартылган каражаттар чагылдырылат. 

чектелген инвестициялык эсептер бул, кардарлардын эсептери, аларда чектелген/атайы мудараба келишиминин негизинде банк тарабынан тартылган каражаттар чагылдырылат. 

ачык инвестициялык эсептер бул, кардарлардын эсептери, аларда мудараба келишиминин негизинде тартылган каражаттар чагылдырылат, алардын шарттарына ылайык инвестор мударибден ал сунуштаган акча каражаттарын мөөнөтүнөн мурда (биринчи талап боюнча) алууга укуктуу. 

жабык инвестициялык эсептер бул кардарлардын эсептери, аларда мудараба келишиминин негизинде тартылган каражаттар чагылдырылат, алардын шарттарына ылайык инвестор келишимде аныкталган мөөнөт келип жеткенден кийин мударибден сунушталган акча каражаттарын алууга укуктуу. Бул учурда инвестор келишимде аныкталган пайданын бөлүгүн алууга укугу бар. 

 

Счета клиентов, на которых отражаются средства, привлеченные банком  на основе договора мудараба. Инвестиционные счета делятся на следующие виды: 

неограниченные инвестиционные счета - это счета клиентов, на которых отражаются средства, привлеченные банком  на основе договора неограниченная/общая мудараба; 

ограниченные инвестиционные счета - это счета клиентов, на которых отражаются средства, привлеченные банком  на основе договора ограниченная/специальная мудараба; 

открытые инвестиционные счета - это счета клиентов, на которых отражаются средства, привлеченные банком  на основе договора мудараба, по условиям которой инвестор вправе досрочно (по первому требованию) получить у мудариба предоставленные им денежные средства. 

закрытые инвестиционные счета - это счета клиентов, на которых отражаются средства, привлеченные банком  на основе договора мудараба, по условиям которой инвестор вправе после наступления срока определенного договором получить у мудариба предоставленные им денежные средства. В этом случае инвестор вправе получить часть прибыли определенную договором.  

229.  

Чогуу алгандагы киреше индекси 

(Total Return Index) 

Индекс совокупного дохода 

(Total Return Index) 

Кароого алынып жаткан мезгил ичинде карыздык милдеттенмелердин жыйындысынын толук наркынын өзгөрүүсүн чагылдырган, рыноктук индексте камтылган көрсөткүч (айкын нарк плюс топтолгон пайыз). 

Показатель, отражающий изменение полной стоимости совокупности долговых обязательств, входящих в рыночный индекс (чистой стоимости плюс накопленный процент) в течение рассматриваемого периода. 

230.  

Херфиндаль индекси 

(Herfindahl Index) 

Индекс Херфиндаля 

(Herfindahl Index) 

а) тармакта концентрациялануу көрсөткүчү. Индекстин мааниси тармактагы бардык компаниялардын рыноктук үлүшүнүн квадраттык суммасын түшүндүрөт. Кыйла жогорку маани көбүрөөк концентрацияланууну чагылдырат. 100 компаниянын ар бири бир пайыз өлчөмүндөгү бирдей рыноктук үлүшкө ээ болгон концентрациялануу орун албаса, Н=100 мааниси келип чыгат; бир компания рынокто 100 пайыздык үлүшкө ээ болгон абсолюттук концентрациялануу шартында Н=10000 келип чыгат; 

б) Херфиндаль-Хиршман (Herfindahl - Hirshman index) индекси рыноктогу сатуучулардын концентрациялануу деңгээлин чагылдырган көрсөткүч. Ал рыноктогу фирмалардын жалпы санына жараша эсептелинип, салыштырмалуу өлчөмдөрүнө жараша бөлүштүрүлөт (жалпы тармактан үлүш). 

а) Показатель концентрации в отрасли. Значение индекса представляет собой сумму квадратов рыночных долей всех компаний отрасли. Более высокие значения указывают на большую концентрацию. При отсутствии концентрации, когда каждая из 100 компаний имеет одинаковую рыночную долю в размере одного процента, значение Н=100; при абсолютной концентрации, когда одна компания имеет 100-процентную долю рынка,Н=10000; 

б) индекс Херфиндаля-Хиршмана (Herfindahl - Hirshman index) показатель степени концентрации продавцов на рынке, рассчитываемый исходя из общего числа фирм на рынке и распределения их относительных размеров (доли от общеотраслевого выпуска). 

231.  

Ласпейрес индекси 

(Laspeyres Index) 

Индекс Ласпейреса 

(Laspeyres Index) 

Белгиленген базистик мезгилден катталган салмакты пайдалануу аркылуу баа индексин эсептөө ыкмасы. 

Метод расчета индекса цен с использованием фиксированных весов из установленного базисного периода

232.  

Номиналдык эффективдүү алмашуу курсунун индекси (НЭАК) 

(Nominal Effective Exchange Rate (NEER)) 

Индекс номинального эффективного обменного курса (НЭОК) 

(Nominal Effective Exchange Rate (NEER)) 

Номиналдык алмашуу курстарынын орточо салмактанып алынган маанисин түшүндүрөт. Анда кароого алынып жаткан өлкөдөгү баанын соода боюнча өнөктөш өлкөлөрдөгү баага карата өзгөрүү тенденциялары эске алынбайт. 

Представляет собой взвешенное среднее значение номинальных обменных курсов, которое не учитывает тенденций изменения цен в рассматриваемой стране по отношению к ценам в странах-партнерах по торговле. 

233.  

Керектөө баа индекси (КБИ) 

(Concumer Price) 

Индекс потребительских цен (ИПЦ) 

(Concumer Price) 

Өндүрүштөн башкага пайдалануу үчүн кадимки эле керектөөчүлөр тарабынан сатылып алынган товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркынын өзгөрүүсүн чагылдырат. Бул көрсөткүч калк керектеген негизги товарлар куржунунун ошол товарларды чогуу керектөөнүн салыштырма салмагына ылайык таразаланган бааларды салыштырууга негизденген инфляцияны өлчөөчүлөрдүн бири болуп саналат. 

Отражает изменение стоимости набора товаров и услуг, приобретаемых типичным потребителем для непроизводственного пользования. Данный показатель является одним из измерителей инфляции, основанный на сравнении цены корзины основных товаров, потребляемых населением, взвешенных в соответствии с удельным весом этих товаров в совокупном потреблении. 

234.  

Реалдуу эффективдүү алмашуу курсунун индекси (РЭАК) 

(Real Effective Exchange Rate (REER)) 

Индекс реального эффективного обменного курса (РЭОК) 

(Real Effective Exchange Rate (REER)) 

Номиналдык эффективдүү алмашуу курсунун соода боюнча өнөктөш өлкөлөрдөгү баанын тиешелүү салыштырмалуу өзгөрүү өлчөмүнө корректировкаланган орточо салмактанып алынган маанисин түшүндүрөт. РЭАК өлкө валютасынын соода боюнча алдыңкы өнөктөш өлкөлөрдүн валюталарына карата салмактанып алынган реалдуу алмашуу курсун эсептөө аркылуу аныкталат.  

Представляет собой взвешенное среднее значение номинальных эффективных обменных курсов, скорректированных на величину, соответствующую относительному изменению цен в странах-партнерах по торговле. РЭОК определяется из расчета взвешенных реальных обменных курсов валюты страны по отношению к валютам ее ведущих торговых партнеров. 

235.  

Баа индекси 

(Price index) 

Индекс цен 

(Price index) 

Белгилүү бир мезгил ичиндеги товарлар баасынын өзгөрүүсүнүн орточо арымын мүнөздөгөн көрсөткүч. 

Показатель, характеризующий средний темп изменения цен товаров за определенный период. 

236.  

Өндүрүүчүлөрдүн өнөр жай продукциясына баа индекси 

(Producer Price Index on Industrial Production) 

Индекс цен производителей на промышленную продукцию 

(Producer Price Index on Industrial Production) 

Сатып өткөрүү учурунда товарлар топтомунун наркынын өзгөрүүсүн чагылдырган көрсөткүч. Айкын бир буюмду же негизги сапаттык параметрлери, чийки заты, материалы жана аны өндүрүү учурундагы технологиялык процесстери боюнча бири-бирине окшош келген продукциялардын бир түрдүү тобун товарлардын топтому катары түшүнүү зарыл. Индекс, базалык баанын өзгөрүүсүн же ички өнөр жай өндүрүшүнүн алкагында өндүрүүчүлөр баасынын өзгөрүүсүн чагылдырат. 

Показатель, отражающий изменение стоимости набора товаров-представителей при ее реализации. В качестве товаров-представителей принимаются конкретные изделия или однородные группы продукции, близкие по основным качественным параметрам, используемому сырью, материалу и технологическому процессу при ее производстве. Индекс показывает изменение базовых цен или цен производителя в рамках внутреннего промышленного производства. 

237.  

Айыл чарба продукциясын сатып өткөрүү баасынын индекси 

(Producer Price Index on Agricultural Products) 

Индекс цен реализации сельскохозяйственной продукции 

(Producer Price Index on Agricultural Products) 

Бир түрдүү продукциялардын топтору боюнча алынган көрсөткүч. Баа индекси отчеттук мезгил ичинде базистик учурга салыштырганда аларга баанын өзгөрүүсүнөн улам, сатып өткөрүлгөн продукциянын наркынын өзгөрүүсүн чагылдырат жана отчеттук мезгил ичинде сатып өткөрүлгөн продукциялардын көлөмүнө жана отчеттук жана базистик мезгил ичинде сатып өткөрүү баасына жараша эсептелинет. 

Показатель исчисляющийся по группам однородной продукции. Индексы цен отражают изменение стоимости реализованной продукции вследствие изменения цен на нее в отчетном периоде по сравнению с базисным и исчисляются исходя из объемов продукции, реализованной в отчетном периоде, и цен реализации отчетного и базисного периодов. 

238.  

Банктын инсайдерлери 

(Insiders) 

Инсайдеры банка 

(Insiders) 

 

Банктын инсайдерлери банк Башкармасынын мүчөлөрү, Директорлор кеңешинин мүчөлөрү, Шариат кеңешинин мүчөлөрү, башка кызмат адамдары, олуттуу катышуучулар жана жогоруда көрсөтүлгөн адамдар менен жалпы кызыкчылыкта байланыштуу болгон кайсы болбосун башка адамдар. 

Инсайдеры банка члены Правления, члены Совета директоров, члены Шариатского совета, другие должностные лица, значительные участники и любые другие физические лица, связанные с указанными лицами общими интересами.  

239.  

Институционалдык инвестор 

(Institutional investor) 

Институциональный инвестор 

(Institutional investor) 

Мыйзам талаптарына ылайык, аларды кийинчерээк активдердин ар кандай түрлөрүнө жайгаштыруу үчүн жеке адамдардан жана юридикалык жактардан акча каражаттарын тартууга укуктуу инвестициялык, пенсиялык фондулар, камсыздандыруу компаниялары жана башка финансылык мекемелер.  

Инвестиционные, пенсионные фонды, страховые компании и другие финансовые учреждения, имеющие в соответствии с законодательством право привлечения денежных средств физических и юридических лиц для последующего их размещения в различные виды активов. 

240.  

Институционалдык бирдик 

(Institutional unit) 

Институциональная единица 

(Institutional unit) 

Активдерге ээлик кылууга укуктуу, өзүнө милдеттенмелерди алып, чарбалык ишкердикти жүргүзгөн жана башка чарбалык бирдиктер менен операцияларды ишке ашырган чарбалык бирдик. Ар бир институционалдык бирдик активдер жана милдеттенмелер боюнча баланстык ведомостторду кошо алганда, чарбалык ишкердиктин эсебин жүргүзүүгө же аны зарылчылыкка жараша ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш. Институционалдык бирдиктердин эки түрү бар: жеке адамдар же үй чарбаларында алектенген адамдардын тобу жана корпорацияларды, коммерциялык эмес уюмдарды жана мамлекеттик мекемелерди түшүндүргөн юридикалык жактар. Институционалдык бирдик-резидент экономиканын беш секторун түптөйт: финансылык эмес корпорацияларды, финансылык корпорацияларды, мамлекеттик мекемелерди, үй чарбаларын, үй чарбаларын тейлеген коммерциялык эмес уюмдарды. 

Хозяйственная единица, которая имеет право владеть активами, принимать на себя обязательства и заниматься хозяйственной деятельностью и операциями с другими хозяйственными единицами. Каждая институциональная единица должна либо вести учет хозяйственной деятельности, включая балансовые ведомости по активам и обязательствам, либо иметь возможность вести его по мере необходимости. Существуют два вида институциональных единиц: физические лица или группы лиц, занятые в домашних хозяйствах, и юридические лица, представляющие корпорации, некоммерческие организации и государственные учреждения. Институциональная единица-резидент образуют пять секторов экономики: нефинансовые корпорации, финансовые корпорации, государственные учреждения, домашние хозяйства, некоммерческие организации, обслуживающие домашние хозяйства. 

241.  

Акча-кредит саясатынын инструменттери 

(Monetary and credit policy instruments) 

Инструменты денежно-кредитной политики 

(Monetary and credit policy instruments) 

Борбордук банк тарабынан акча-кредит саясатын жүзөгө ашыруу үчүн колдонулган ыкмалардын, каражаттардын жыйындысы. Мисалы, ачык рыноктогу операциялар, эсептик чен, милдеттүү камдык талаптар ж.б. 

Совокупность методов, способов и средств, используемых центральным банком для осуществления денежно-кредитной политики. Например, операции на открытом рынке, учетная ставка, обязательные резервные требования и др.  

242.  

Интеграциялангантобокелдик-менеджменти 

(Integrated risk management) 

Интегрированный риск-менеджмент 

(Integrated risk management) 

Тобокелдиктерди тескөөнүн бир бүтүн системасын калыптандыруу үчүн тобокелдиктерди тескөө системасынын уюмдун бизнес-процесстерине интеграцияланышы. 

Процесс интеграции системы управления рисками в бизнес-процессы организации для создания целостной системы управления рисками. 

243.  

Интернет-банкинг (Internet banking) 

Интернет-банкинг (Internet banking) 

Кардардын интернетти пайдалануу аркылуу өз банктык эсептерин аралыктан тескөөсү

Дистанционное управление клиентом своими банковскими счетами с использованием Интернет. 

244.  

Интерфейс (Interface) 

Интерфейс 

(Interface) 

Маалымат алмашуу максатында, эки же бир нече технологиялык модулдардын өз ара иш алып баруу каражаты/түзүлүшү

Средство/устройство взаимодействия двух или нескольких технологических модулей с целью обмена информацией. 

245.  

Маалымат системасы (Information system) 

Информационная система 

(Information system) 

1) Электрондук маалыматты киргизүү, иштеп чыгуу, берүү жана сактоо боюнча автоматташтырылган система. Маалымат системасына электрондук маалыматты кагазга басып чыгаруу функциясы да кирет.  

2) Коюлган максатка жетүү үчүн маалыматтарды сактоо, иргөө жана берүүгө колдонулган каражаттардын, ыкмалардын жана персоналдын өз ара байланыштуу жыйындысы. Маалымат системасы өзүндө маалыматтарды сактоонун, иштеп чыгуунун жана берүүнүн автоматташтырылган жана автоматташтырылбаган процесстерин камтыйт. 

1) Автоматизированная система ввода, обработки, передачи и хранения электронной информации. К информационной системе также относится функция печати электронной информации на бумажном носителе. 

2) Взаимосвязанная совокупность средств, методов и персонала, используемых для хранения, обработки и выдачи информации для достижения поставленной цели. Информационная система содержит автоматизированные и неавтоматизированные процессы хранения, обработки и выдачи информации. 

246.  

Маалыматтык терминал (Information terminal) 

Информационный терминал (Information terminal) 

Эсептердин жана күндөлүк төлөмдөрдүн абалына көз жүгүртүү, өз компетенциясынын чегинде эсептер боюнча кыскача көчүрмөлөрдү алуу, банктан кардардын эсебине каражаттарды чегерүү боюнча документтердин электрондук көчүрмөлөрүн алуу үчүн каралган аппараттык-программалык комплекс. 

Аппаратно-программный комплекс (устройство), предназначенный для просмотра состояния счёта и текущих платежей, получения выписок по счетам в пределах своей компетенции, получения из банка электронных копий документов по зачислению средств на счета клиентов. 

247.  

Инфляция 

(Inflation) 

Инфляция 

(Inflation) 

 

Белгилүү бир мезгил ичинде баалардын жалпы деңгээлинин өсүш тенденциясы, ал кадимки үй чарбаларынын керектөө чыгашаларынын түзүмү боюнча салмакталып алынган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр куржунунун наркын эсептөөнүн негизинде өлчөнөт. Кыргыз Республикасында керектөө бааларынын индекси инфляция деңгээлин мүнөздөгөн көрсөткүч болуп саналат.  

Тенденция роста общего уровня цен за определенный период времени, который измеряется на основе расчета стоимости корзины товаров и услуг, взвешенной по структуре потребительских расходов типичного домашнего хозяйства. В Кыргызской Республике показателем, характеризующем уровень инфляции, является индекс потребительских цен.  

248.  

Базалык инфляция 

(Coreinflation) 

Инфляция базовая 

(Coreinflation) 

Баалардын кыска мөөнөттүк, түзүмдүк жана сезондук өзгөрүүсү эске алынбаган инфляция: мында сезондук, тышкы факторлордон жана административдик жол менен белгиленген тарифтерден улам товарларга баанын өсүшү инфляция көрсөткүчүн эсептөөдө эске алынбайт. 

Инфляция, исключающая кратковременные, структурные и сезонные изменения цен: из расчета показателя инфляции исключается прирост цен на товары, обусловленный сезонными, внешними факторами и административно-устанавливаемыми тарифами. 

249.  

Чыгымдар инфляциясы 

(Cost-push inflation) 

Инфляция издержек 

(Cost-push inflation) 

Продукциянын бирдигине кеткен өндүрүштүк орточо чыгымдардын жогорулашынан жана/же товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн чогуу алгандагы сунушунун төмөндөшүнөн улам, баалардын жалпы деңгээлинин өсүшү

Рост общего уровня цен вследствие повышения средних издержек производства на единицу продукции и/или снижения совокупного предложения товаров и услуг. 

250.  

Суроо-талап инфляциясы 

(Demand-pull inflation) 

Инфляция спроса 

(Demand-pull inflation) 

Толук иш менен камсыз болгон шартта, ашыкча чыгашаларга (товарлар жана кызмат көрсөтүүлөргө чогуу алгандагы талап) жол берүүдөн улам, баалардын жалпы деңгээлинин өсүшү.  

Рост общего уровня цен вследствие избыточных совокупных расходов (совокупного спроса на товары и услуги) в условиях, близких к полной занятости

251.  

Инфляциялык күтүүлөр 

(Inflation expectations) 

Инфляционные ожидания 

(Inflation expectations) 

 

Экономикалык агенттер тарабынан келечекте орун алышы мүмкүн болгон инфляцияга баа берүүлөр. Алар төмөнкүчө бөлүнөт: 

- шайкеш инфляциялык күтүүлөр (adaptiveinflationexpectations экономикалык агенттер тарабынан келечекте орун алышы мүмкүн болгон инфляцияга баа берүүлөр, ал ошол учурда өткөндөгү баа динамикасынын негизинде калыптанат; 

- рационалдуу инфляциялык күтүүлөр (rationalinflationexpectations) экономикалык агенттер тарабынан болочоктогу инфляцияга баа берүүлөр, ал алынган маалыматтардын толук топтомуна талдап-иликтөөлөргө жараша ошол учурда калыптанат.  

Оценка экономическими агентами будущей инфляции. Различают:  

- адаптивные инфляционные ожидания (adaptiveinflationexpectations) оценка будущей инфляции экономическими агентами, которая формируется в текущий момент времени, исходя из динамики цен в прошлом;  

- рациональные инфляционные ожидания (rationalinflationexpectations) оценка будущей инфляции экономическими агентами, которая формируется в текущий момент времени, исходя из анализа полного набора информации

252.  

Ипотека 

(Mortgage) 

Ипотека 

(Mortgage) 

 

 

Бул, кыймылсыз мүлккө менчик укугунун же башка мүлк укугунун күрөөсү астында акчалай же акча формасында туюндурулган милдеттенмелердин аткарылышын камсыздоо ыкмасы. Ипотека келишими боюнча бир тарап, ипотека менен камсыздалган милдеттенме боюнча (негизги милдеттенме) кредитор болуп саналган күрөө кармоочу ошол милдеттенме боюнча карызгерге карата өзүнүн акчалай талаптарын күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлктүн наркынан же башка тараптын күрөө коюучунун мүлктүк укугунан (ипотека предметинен) канааттандырып алууга укуктуу. 

Ипотека способ обеспечения исполнения денежного или выраженного в денежной форме обязательства под залог права собственности или иного вещного права на недвижимое имущество. По договору об ипотеке одна сторона залогодержатель, являющийся кредитором по обязательству, обеспеченному ипотекой (основному обязательству), имеет право получить удовлетворение своих денежных требований к должнику по этому обязательству из стоимости заложенного недвижимого имущества или вещных прав (предмета ипотеки) другой стороны залогодателя преимущественно перед другими кредиторами залогодателя за изъятиями.  

253.  

Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн казына милдеттенмелери 

(Treasury obligation of the Government of Kyrgyz Republic) 

Казначейское обязательство Правительства Кыргызской Республики 

(Treasury obligation of the Government of Kyrgyz Republic) 

Казына милдеттенмелери - Финансы министрлиги тарабынан чыгарылган мамлекеттик баалуу кагаздар жана алар жеке өзүмдүк, документ түрүндөгү баалуу кагаз болуп саналат. 

Казначейские обязательства - государственные ценные бумаги, выпускаемые Министерством финансов и являются именными, документарными ценными бумагами. 

254.  

Тобокелдиктер картасы 

(Risk map) 

Карта рисков 

(Risk map) 

Анда орун алышы мүмкүн болгон тобокелдиктер “келип чыгуу ыктымалдыгына жоготуулардын мүмкүн болуучу деңгээлине” жараша жайгаштырылган график. 

Двумерный график, на котором риски располагаются в пространстве координат «вероятность наступления риска возможный уровень потерь». 

255.  

Карт-чек 

(Card check) 

Карт-чек 

(Card check) 

Терминалда, банкоматта же башка жабдууда иштелип чыккан, транзакцияларды өткөрүүдө транзакциялар боюнча эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн негиз болуп саналган жана транзакциялардын өткөрүлүшүн тастыктаган кагаз жана/же электрондук түрдөгү документ. Алдамчылык тобокелдигин басаңдатуу максатында, карт-чекте анын номери жөнүндө маалымат толук эмес болууга тийиш, анда системанын коопсуздук эрежелерине ылайык, карт ээсинин номери жөнүндө маалымат жарым-жартылай чагылдырылышы мүмкүн.  

Документ на бумажном носителе и/или в электронном виде, сформированный терминалом, банкоматом или иным устройством при проведении транзакции с использованием карты, являющийся основанием для осуществления расчетов по транзакции и служащий подтверждением ее совершения. Для снижения риска мошенничества карт-чек не должен содержать в явном виде всю информацию о номере карты и может содержать частичную информацию о номере карты держателя в соответствии с правилами безопасности системы.  

256.  

Кассалык терминал 

(Cash dispenser) 

Кассовый терминал 

(Cash dispenser) 

Банктык эсептен нак акча каражаттарын карттын жардамы менен алуу үчүн каралган жабдуу. 

Устройство для снятия наличных денежных средств с банковского счёта с помощью карты 

257.  

Кастодиан 

(Custodian) 

Кастодиан 

(Custodian) 

Баалуулуктарды ишеним боюнча сактоону, кирешелерди инкассациялоону жүзөгө ашырып, трасттын буйруучусунун тапшыруусу боюнча мүлк менен ар кандай операцияларды жүргүзүп, отчетторду даярдаган, бирок активдер портфелин тескей албаган агент. 

Агент, осуществляющий доверительное хранение ценностей, инкассацию доходов, выполняет по поручению распорядителя траста различные операции с имуществом, подготавливает отчетность и не управляет портфелем активов

258.  

Капитал 

(Сapital) 

Капитал 

(Сapital) 

Капитал 1) үстөк наркты шарттаган нарк; 2) милдеттенмелерди алып салгандан кийинки активдердин жалпы наркы; 3) материалдык жана акчалай каражаттарды экономикага, өндүрүшкө капиталдык салуу. 

Капитал төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт: 

Акционердик капитал бул, акционердик коомдун акцияларды чыгаруу жана сатуу аркылуу түзүлгөн капиталы. Акционерлердин жеке капиталдарын бириктирген жыйындыны түшүндүрөт; 

Бул, наркынын жогорулап кетиши шартында, негизги каражаттарды кайра баалоонун эсебинен, өздүк акцияларды сатуудан келип чыккан айрыманын (акциялардын сатуу баасынын анын номиналдык наркынан артышы), ошондой эле негизги капиталды алгылыктуу негизде кайра баа берүүнүн эсебинен түзүлгөн капитал.  

Капитал 1) стоимость, приносящая прибавочную стоимость; 2) общая стоимость активов за вычетом обязательств; 3) капитальные вложения материальных и денежных средств в экономику, в производство. 

Различают следующие виды капитала: 

Акционерный капитал это капитал акционерного общества, образуемый посредством выпуска и продажи акций. Представляет совокупность объединенных индивидуальных капиталов акционеров; 

Дополнительный капитал банка это капитал, образующийся за счет переоценки основных средств при увеличении их стоимости, за счет разницы от продажи собственных акций (превышение продажной цены над номинальной стоимостью акций), а также положительной переоценки основного капитала. 

259.  

Банктын ордун жабуучу (регулятивдүү) капитал 

(Regulatory capital of the bank) 

 

Капитал банка регулятивный 

(Regulatory capital of the bank) 

 

Банктын ордун жабуучу (регулятивдүү) капитал бул, жөнгө салуучу органдардын талаптарына ылайык, уюмдар тобокелдиктердин орун алышынан улам, келип чыгышы мүмкүн болгон жоготуулардын ордун жабуу үчүн ээ болууга тийиш болгон капитал.  

Мындай капиталга төмөнкүлөр кирет:  

Банктын өздүк капиталы банк ээлеринин менчиги болуп саналган ар кандай багыттарга жумшалуучу жана банк ишинин экономикалык өз алдынчалыгын жана туруктуулугун камсыз кылган каражаттар жыйындысы. Банктын өздүк капиталына уставдык капитал, камдык капитал, уюштуруучулардын пайдасы, кошумча капитал кирет

Банктык көзөмөл боюнча Базель комитетинин стандарттарына ылайык, капиталдын шайкештик коэффициенттерин эсептөө үчүн банктын капиталы: биринчи деңгээлдеги жана экинчи деңгээлдеги капитал болуп бөлүнөт. 

а) Биринчи деңгээлдеги капиталдын түзүмүнө: төлөнгөн уставдык капитал, номиналдан үстөк салынган капитал, кошумча капитал, банктын келечектеги керектөөлөрү үчүн камдар, өткөн жылдарда бөлүштүрүлбөгөн пайда (чыгымдар) кирет. Биринчи деңгээлдеги капиталдан материалдык эмес активдерди эсептеп алып салуу аркылуу, биринчи деңгээлдеги таза капиталды алууга болот.  

б) Экинчи деңгээлдеги капиталдын түзүмүнө: өтүп жаткан жылдын пайдасы, активдер боюнча потенциалдуу жоготуулардын жана чыгымдардын ордун жабууга жалпы камдар, сатууга боло турган жана төлөөгө чейин кармалып туруучу баалуу кагаздарды алгылыктуу кайра баалоо боюнча камдар жана чет өлкө валюталарын алгылыктуу кайра баалоолор, субординацияланган карыз кирет. 

в) Биринчи деңгээлдеги таза капиталдын жана экинчи деңгээлдеги капиталдын суммасынан банктын туунду уюмдарына, башка банктарга жана финансы мекемелерине инвестицияларды (акция же капиталга үлүштүк катышуу түрүндөгү) эсептеп алып салуу аркылуу таза суммардык капиталды алууга болот. 

Биринчи деңгээлдеги таза капиталдын жана таза суммардык капиталдын мааниси банктын капиталынын шайкештигин жана башка экономикалык ченемдерди эсептөөдө колдонулат.  

Капитал банка регулятивный капитал, которым должна располагать организация в соответствии с требованиями регулирующих органов для покрытия возможных потерь, способных возникнуть вследствие принимаемых рисков. 

К регулятивному капиталу относятся: Собственный капитал банка совокупность различных по назначению средств банка, являющихся собственностью владельцев банка, и которые обеспечивают экономическую самостоятельность и стабильность его функционирования. Собственный капитал банка включает: уставный капитал, резервный капитал, учредительскую прибыль, дополнительный капитал. 

Согласно стандартам Базельского комитета по банковскому надзору для целей расчета коэффициентов адекватности капитала банковский капитал делится на: капитал Первого уровня и капитал Второго уровня.  

а) В структуру капитала первого уровня включается: оплаченный уставный капитал, капитал, внесенный сверх номинала, дополнительный капитал, резервы для будущих потребностей банка, нераспределенная прибыль (убытки) прошлых лет. Путем вычета из капитала первого уровня нематериальных активов находится Чистый капитал первого уровня. 

б) В структуру капитала второго уровня включается: прибыль текущего года, общие резервы на покрытие потенциальных потерь и убытков по активам, резервы по положительной переоценке годных для продажи и удерживаемых до погашения ценных бумаг и положительной переоценке иностранной валюты, субординированный долг. 

в) Путем вычета из суммы чистого капитала первого уровня и капитала второго уровня инвестиций (в виде акций или долевого участия в капитале) в дочерние организации банка, другие банки и финансовые учреждения находится Чистый суммарный капитал. 

Значения чистого капитала первого уровня и чистого суммарного капитала используются для расчета адекватности капитала и других экономических нормативов банка.  

260.  

Уставдык капитал 

(Authorized capital) 

Капитал, уставный 

(Authorized capital) 

 

Уставдык капитал уюштуруучулар жана башка катышуучулар өз ишин баштап, андан ары улап кетүү үчүн акционердик коомго салган капиталдын суммасы. Капиталдын өлчөмү уюштуруу келишиминде же уставда аныкталат.  

Капитал уставный сумма капитала, которую вкладывают учредители и другие участники в акционерное общество для начала и его последующей деятельности. Размер определяется учредительным договором или уставом.  

261.  

Капиталдаш-тырылган 

пайыздар 

(Capitalized Interest) 

Капитализирован-ные проценты 

(Capitalized Interest) 

Капиталдаштырылган пайыздар бул, эсептелинген пайыздык чыгашаларды же келечектеги пайыздык төлөмдөрдү жаңы карыздык инструментке же кредитор менен түзүлгөн макулдук келишиминин негизинде карыздын негизги суммасына конверсиялоо. Пайыздык чыгашаларды карыздын негизги суммасына же айкын карыздык инструментке тиешелүү ачык макулдашуунун негизинде же карызды кайра тариздетүү келишиминин алкагында реинвестициялоо - капиталдаштыруунун эң эле кеңири тараган формасынан болуп саналат. Карызды кайра тариздетүү келишиминин алкагында пайыздардын төлөө мөөнөтү консолидациялоо учуруна туура келген айрым бир бөлүгү, кредитор менен макулдашуунун негизинде көпчүлүк учурда карыздын негизги суммасына кошулат. 

Капитализированные проценты это конверсия на численных процентных расходов или будущих процентных платежей в новый долговой инструмент или в основную сумму долга на основе договорного соглашения с кредитором. Наиболее распространенной формой капитализации является реинвестирование процентных расходов в основную сумму долга либо на основе явной договоренности относительно конкретного долгового инструмента, либо в рамках соглашения о переоформлении долга. В рамках соглашения о переоформлении долга определенная часть процентов, срок выплаты которых приходится на период консолидации, нередко причисляется к основной сумме долга на основе договоренности с кредитором

262.  

Капиталдык трансферттер 

(Capital Transfers) 

Капитальные трансферты 

(Capital Transfers) 

Негизги каражаттарга менчик укугун кайтарып албастан өткөрүп берүү же эгерде, анын ордуна эч кандай компенсация ала албаса, өз ара макулдук боюнча кредитордун карыз алуучунун финансылык милдеттенмелерин кечиши.  

К капитальным трансфертам относится безвозмездная передача права собственности на основные средства или прощение финансового обязательства заемщика кредитором по взаимному согласию между ними, в случае, если кредитор не получает взамен никакой компенсации

263.  

Классификатор 

(Сlassifier) 

Классификатор 

(Сlassifier) 

 

Объекттердин (продукциялардын, товарлардын) системага салынган тизмеги, алардын ар бирине өзүнчө шифр, код ыйгарылат. Көпчүлүк учурда продукциялардын, товарлардын, ишкердик түрлөрүнүн, төлөм багыттарынын классификаторлору колдонулат.  

(От лат. classis разряд и facere - делать) Систематизированный перечень объектов (продукции, товаров), каждому из которых присвоен определенный шифр, код. Чаще всего применяются классификаторы продукции, товаров, видов деятельности, назначения платежей

264.  

Кредит портфелин классификациялоо 

(Classification of loan portfolio) 

Классификация кредитного портфеля 

(Classification of loan portfolio) 

Бул, кредиттердин сапатына кредиттик тобокелдик позициясынан (тобокелдик боюнча салмактап алуу) баа берүү.  

Классификация кредитного портфеля это оценка качества кредитов с позиций кредитного риска (взвешивание по риску). 

265.  

Классификациялануучу кредиттер 

(Classified loans) 

Классифицируемые кредиты 

(Classified loans) 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жөнгө салуучу талаптарына ылайык, классификациялануучу кредиттерге төмөнкүлөр кирет: 

1) Субстандарттык кредиттер бул: 

- төлөө мөөнөттөрү узартылган (30 күнгө чейин) кредиттер

- кредиттик келишимге ылайык, пландык төлөмдөрү кредиттин мөөнөтү бүткөнгө чейин (60 күнгө жана андан ары) узартылган кредиттер, 

- кредиттин мөөнөтү бүткөндөн кийин анын пайыздары жана негизги суммасы боюнча төлөм мөөнөттөрүн узартуу менен (30 күнгө чейин); 

2) Шектүү кредиттер бул:  

- карыз алуучу финансылык абалынын начарлоосунун кесепетинен кредит боюнча пайыздарды гана эмес, анын негизги суммасы боюнча да пландык төлөмдөрдү төлөй албай калган кредит, 

- мөөнөтү бүткөндөн кийин да 90 күндөн ашыгыраак убакыт төлөнбөй калган кредит, 

- пролонгациялоону кошо алганда, бир нече жолу реструктуризацияланган кредит, 

- кардардын жоготууларын жана чыгымдарын улам көбөйткөн кредит, 

- күрөөнүн рыноктук наркы төмөндөп, сапаты начарлап, анын ликвиддүүлүгү шектенүүнү жараткан кредит, ал эми күрөөнү баштапкы баада сатуу кыйынга турган кредит; 

3) Жоготуу катары классификацияланган кредиттер бул, төмөнкү бир же бир нече мүнөздөмөлөргө ээ болгон кредиттер: 

карыздын 90 күндөн ашыгыраак убакыт төлөнбөй узарып кетиши; 

3 жолудан көбүрөөк пролонгацияланышы (узартылышы); 

күрөөнүн жоктугу же рыноктук жагдайлардан улам аны сатуу мүмкүн эмес болсо; 

кардардын карызды төлөөгө жөндөмсүздүгү, андан баш тартышы, же болбосо айкын ордун жабуусуз эле төлөп берүү ниетин билдириши жана активдин ордун жабуу үчүн экинчи каражат алуу булагынын жоктугу; 

кардардын банк менен кызматташууга ниеттенбеши же болбосо кардар менен байланышуу мүмкүн эмес болсо; 

кардардын бизнесинин токтотулушу же анын банкрот абалда калышы. 

Мында, жоготуу катары классификацияланган активдердин наркы өтө төмөн болгондугунан улам, алар банктын балансында нөлдүк наркта чагылдырылат. 

Классифицируемым кредитам с точки зрения регулятивных требований Национального банка Кыргызской Республики относятся: 

1) Субстандартные кредиты это кредиты: 

- с продленными сроками выплаты (до 30 дней), 

- с просроченными плановыми платежами (60 дней и более) согласно кредитному договору, до истечения срока кредита, 

- с просроченными платежами (до 30 дней) по процентам и основной сумме после окончания срока кредита. 

2) Сомнительные кредиты это кредиты по которым: 

- заемщик перестал производить плановые платежи не только по процентам, но и по основной сумме в результате ухудшения финансового состояния, 

- длительность просрочки кредита составляет более 90 дней, после окончания срока кредита, 

- имеет место неоднократная реструктуризация кредита, включая пролонгацию, 

- увеличиваются потери и убытки клиента, 

- снижается рыночная стоимость залога, ухудшается качество, ликвидность залога является сомнительной, залог труднореализуемым по цене первоначальной оценки. 

3) Кредиты, классифицируемые как потери это кредиты, которые обладают одной или несколькими из следующих характеристик: 

просроченная задолженность более 90 дней; 

пролонгация более 3-х раз; 

отсутствие залога или невозможность его продажи из-за отсутствия рынка; 

неспособность, отказ клиента погасить задолженность, либо намерение оплаты без осуществления реального погашения, и отсутствие вторичного источника для погашения актива; 

нежелание клиента сотрудничать с банком либо отсутствие клиента; 

прекращение работы бизнеса клиента либо объявление его банкротом. 

При этом, активы, классифицированные как потери, имеют такую низкую стоимость, что отражаются на балансе банка по нулевой стоимости. 

266.  

Төлөөчү кардар (Payer) 

Клиент-плательщик 

(Payer) 

Анын акча каражатынын эсебинен эсептешүүлөр жүзөгө ашырылган банк кардары. 

Клиент банка, за счет денежных средств которого осуществляется расчет.  

267.  

Алуучу кардар (Recipient) 

Клиент-получатель (Recipient) 

Эсептешүүлөрдүн натыйжасында анын пайдасына акча каражаттары келип түшкөн банк кардары. 

Клиент банка, в пользу которого поступают денежные средства в результате расчёта.  

268.  

Клиринг  

(Clearing) 

Клиринг 

(Clearing) 

1) Төлөмдөрдү топтоо, иштеп чыгуу, тастыктоо жана системанын катышуучуларынын өз ара талаптарын эсептөө процесси. 

2) Төлөмдөрдүн баланстык шарттарынын негизинде, өлкөлөр, банктар, компаниялар, ишканалар ортосунда бири-бирине сунушталган, сатылган товарлар, баалуу кагаздар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн утурлама милдеттенмелер боюнча нак эмес эсептешүү системасы. 

3) Банктык клиринг дегенден улам, бири-бирине барабар төлөмдөрдүн өз ара чегерилишине негизделген банктар аралык нак эмес эсептешүүлөр системасын түшүнүү зарыл.  

4) Валюта клиринги бул, өлкөлөр ортосунда бирдей нарктагы товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөрдүн өз ара чегерилишине негизделген, клирингдик валютада макулдашылган баада эсептелген, эл аралык эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартибин түшүндүрөт.  

5) Баалуу кагаздар клиринги баалуу кагаздар боюнча тооруктарды өткөрүү учурунда рынок катышуучуларынын өз ара милдеттенмелерин эсептөө процесси. 

1) Процесс сбора, обработки, подтверждения платежей и подсчета взаимных обязательств участников системы. 

2) Система безналичных расчетов по встречным обязательствам между странами, банками, компаниями, предприятиями за поставленные, проданные друг другу товары, ценные бумаги и оказанные услуги, исходя из условий баланса платежей. 

3) Банковский клиринг представляет собой систему межбанковских безналичных расчетов, основанных на взаимном зачете равных платежей друг другу.  

4) Валютный клиринг представляет порядок проведения международных расчетов между странами, основанный на взаимном зачете платежей за товары и услуги, обладающие равной стоимостью, исчисленной в так называемой клиринговой валюте по согласованным ценам. 

5) Клиринг ценных бумаг - процесс подсчета взаимных обязательств участников рынка при проведении торгов по ценным бумагам 

269.  

Клирингдик күн (Clearing day) 

Клиринговый день (Clearing day) 

Системада белгиленген убакыт аралыгы, ал мезгил ичинде клиринг жүзөгө ашырылат. Клирингдик күн бир же бир нече клирингдик сессияны камтышы мүмкүн

Установленный в системе период времени, в течение которого осуществляется клиринг. Клиринговый день может состоять из одной или более клиринговых сессий. 

270.  

Клирингдик сессия (Clearing session) 

Клиринговая сессия  

(Clearing session) 

Системада белгиленген убакыт аралыгы, ал мезгил ичинде клиринг жүзөгө ашырылат. Клирингдик сессия системанын катышуучуларынын таза позициялары боюнча акыркы эсептешүүлөр менен жыйынтыкталат. 

Установленный в системе период времени, в течение которого осуществляется клиринг. Клиринговая сессия завершается окончательным расчетом по чистым позициям участников системы. 

271.  

Клирингдик борбор 

(Clearing house) 

Клиринговый центр 

(Clearing house) 

1) Клиринг жүзөгө ашырылуучу мекеме.  

2) клиринг системасынын катышуучулары ортосунда нак эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүү учурунда ортомчулук кызматтарды сунуштаган уюм. Клирингдик борбор төлөм документтерин алмаштырууну, төлөмдөрдү топтоону жана иштеп чыгууну, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген эрежелерге жана жол-жоболорго ылайык, өз ара талаптарды чегерүү жолу менен клиринг системасынын катышуучуларынын таза позициясынын эсебин жүзөгө ашырат.  

1) Учреждение, в котором осуществляется клиринг. 

2) организация, оказывающая посреднические услуги при проведении безналичных расчетов между участниками клиринговой системы платежей. Клиринговый центр осуществляет обмен платежными документами, сбор и обработку платежей и расчет чистых позиций участников клиринговой системы путем зачета взаимных требований согласно правилам и процедурам, установленным Национальным банком Кыргызской Республики. 

272.  

Ко-бейджинг банктык төлөм карты (Co-badge card) 

Ко-бейджинговая банковская платежная карта (Co-badge card) 

Эки төлөм системасынын алкагында чыгарылган карт.  

Карта, выпущенная в рамках двух платежных систем. 

273.  

Кобрэндинг 

(Co-branding) 

Кобрэндинг 

(Co-branding) 

Долбоордун катышуучуларынын брэнддик аталыштарын жана соодалык аталыштарын бириктирген, продукттарды же кызмат көрсөтүүлөрдү биргелешип жайылтуу боюнча маркетингдик иш-чаралар топтому. 

Комплекс маркетинговых мероприятий по совместному продвижению продуктов или услуг, которые объединяют их брэндовые имена и торговые имена участников проекта. 

274.  

Ко-брендинг банктык төлөм карты (Co-branding card) 

Ко-брендинговая банковская платежная карта (Co-branding card) 

Коммерциялык банк жана кайсыл болбосун уюм/уюмдар тарабынан биргелешип чыгарылган карт. 

Карта, совместно выпущенная коммерческим банком и какой либо организацией/ми. 

275.  

Артыкчылык берүү коду  

(Priority code) 

Код приоритетности (Priority code) 

Төлөм системасында төлөм документтерин иштеп чыгуу кезегин аныктоочу код. Артыкчылык берилген код төлөм документине төлөмдү жөнөтүүчү тарабынан ыйгарылат. 

Код, определяющий очередность обработки платежных документов в платежной системе. Код приоритетности присваивается платежному документу отправителем платежа. 

276.  

Ички аудиторлордун этика кодекси 

(The code of ethics of internal auditors) 

Кодекс этики внутренних аудиторов 

(The code of ethics of internal auditors) 

Ички аудиторлордун эл аралык институтунун этика кодекси, анда ички аудит кесибине жана иш тажрыйбасына тиешелүү принциптер, ички аудиторлор так сактоого тийиш болгон эрежелер камтылат.  

Кодекс этики международного Института внутренних аудиторов, который включает Принципы, относящиеся к профессии и практике внутреннего аудита, и Правила поведения, описывающие поведение, ожидаемое от внутренних аудиторов

277.  

Конверсиондук валюталык операциялар 

(Exchange transactions) 

Конверсионные валютные операции 

(Exchange transactions) 

Бир валютаны башка валютанын ордуна сатып алуу/сатуу боюнча валюталык операциялар

Валютные операции, связанные с покупкой/продажей одной валюты в обмен на другую

278.  

Конвертирленүүчү валюта 

(Convertible currency) 

Конвертируемая валюта 

(Convertible currency) 

Башка валюталарга эркин жана чектөөлөрсүз алмаштырылуучу валюта, алар конвертирленүүчү, жарым-жартылай конвертирленүүчү жана конвентирленбөөчү валюта болуп бөлүнөт. 

Валюта, свободно и неограниченно обмениваемая на другие валюты. Различают конвертируемые, частично конвертируемые и неконвертируемые валюты

279.  

Карыз конверсиясы 

(Debt Conversion) 

Конверсия долга 

(Debt Conversion) 

Карызды карыздык эмес милдеттенмеге (мисалы, капиталга катышуу инструментине) же улуттук валютадагы эквиваленттүү каражатка (мисалы, айкын долбоорду, программаларды же башка иш-чараларды каржылоого багытталышы мүмкүн болгон каражаттарга) алмашуу. 

Обмен долга на недолговое обязательство (например, на инструменты участия в капитале) или на эквивалентные средства в национальной валюте (например, на средства, которые могут быть направлены на финансирование конкретного проекта, программы или других мероприятий)  

280.  

Консолидацияланган баланс 

(Сonsolidated balance sheet) 

Консолидированный баланс 

(Сonsolidated balance sheet) 

Жыйынтыкталган бухгалтердик отчет; бир нече компаниядан турган ассоциацияланган корпорациялардын интеграцияланган чогуу алгандагы балансы; башкы компаниянын жана туунду компаниялардын, филиалдардын ишинин финансылык натыйжалары жөнүндө отчет. 

Сводная бухгалтерская отчетность; интегрированный совокупный баланс ассоциированной корпорации, состоящей из нескольких компаний; отчет о финансовых результатах деятельности головной компании и дочерних компаний, филиалов

281.  

Банктын консерватору 

(Bank conservator) 

Консерватор банка 

(Bank conservator) 

 

бул, мыйзам талаптарына ылайык банкта консервация жол-жобосун жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу квалификациялуу адис.  

Консерватор банка это квалифицированный уполномоченный специалист, осуществляющий процедуру консервации банка согласно законодательству.  

282.  

Банкта консервация чарасын киргизүү 

(Bank conservation) 

Консервация банка 

(Bank conservation) 

Банкта консервация чарасын киргизүү бул, кредиторлордун жана аманатчылардын таламында банктын активдеринин, бухгалтердик китептеринин жана жазуулардын сакталышын камсыз кылуу, ошондой эле андан-аркы иш багытын аныктоо үчүн банкта түптөлгөн айкын жагдайды иликтөөгө алуу ниетинде банк ишине контролдукту орнотуу максатында, мыйзамдарга ылайык колдонулган таасир этүү чарасы. 

Консервация банка это мера воздействия, применяемая согласно законодательству в целях установления контроля над банком для обеспечения сохранности активов, бухгалтерских книг и записей банка в интересах кредиторов и вкладчиков, а также изучения реального положения дел в банке для определения его дальнейшей деятельности. 

283.  

Рынок конъюнктурасы 

(Market situation) 

Конъюнктура рынка 

(Market situation) 

(латын тилинен conjungere байланыштыруу) бул, рынокто түптөлгөн экономикалык жагдай, ал суроо-талап жана сунуш деңгээли, рыноктук жигердүүлүк, сатуу баасы, көлөмү, пайыздык чендердин, валюта курсунун, эмгек акынын, дивиденддердин өзгөрүүсү (жылышы), ошондой эле өндүрүш жана керектөө динамикасы менен мүнөздөлөт. 

(От лат. conjungere связывать) Экономическая ситуация, складывающаяся на рынке, характеризуемая уровнями спроса и предложения, рыночной активностью, ценами, объемами продаж, движением процентных ставок, валютного курса, заработной платы, дивидендов, а также динамикой производства и потребления 

284.  

Банктын 

контролдугу 

Контроль банка 

Бул, банктын же башка финансы-кредит мекемесинин ишин тескөөгө, анын ичинде Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн көпчүлүгүн шайлоого таасир этүү жөндөмдүүлүгү.  

Контроль банка способность оказывать влияние на управление банком или другими финансово-кредитными учреждениями, в том числе путем влияния на выбор большинства членов Совета директоров. 

285.  

Тобокелдикти контролдоо 

(Risk control) 

Контроль риска 

(Risk control) 

Тобокелдиктин келип чыгуу ыктымалдыгын төмөндөтүүгө, аны жокко чыгарууга же ага жол бербөөгө аракет кылууга, ошондой эле мындай жагдайлар келип чыккан шартта, тобокелдик кесепеттеринин олуттуулугун басаңдатууга багытталган тобокелдиктерди тескөө системасынын элементи. 

Элемент системы управления рисками, направленный на снижение вероятности возникновения риска, исключение или попытку его избежать, а также уменьшение серьезности последствий риска в случае его наступления 

286.  

Контролдук чөйрөсү 

(The control environment) 

Контрольная среда 

(The control environment) 

 

Өзүндө этикалык баалуулуктарды, башкаруу философиясын жана маданиятын, уюштуруу түзүмүн, ыйгарым укуктарды жана жоопкерчиликти бөлүштүрүүнү, персоналдын компетенттүүлүгүн камтыган контролдук элементтердин жыйындысы. 

Совокупность элементов контроля, включающих в себя этические ценности, философию и культуру управления, организационную структуру, распределение полномочий и ответственности, компетентность персонала

287.  

Таламдардын каршы келип калышы 

(Сonflict of interests) 

Конфликт интересов 

(Сonflict of interests) 

Бул, укук менен корголгон, таламдар ортосунда келип чыккан карама-каршылыкты түшүндүргөн, жалпы кабыл алынган атоо. 

Жеке адамдардын айрым бир категориясынын чектелбеген чөйрөсүнүн (кредиторлор, акционерлер, инвесторлор ж.б.) таламдарын кошо алганда, коргоого алынган таламдар катары жеке сыяктуу эле, жалпы таламдар да болушу мүмкүн. Мисалы, банктарда келип чыккан таламдардын каршы келип калышы банктык мыйзамдар аркылуу жөнгө салынат. 

Конфликт интересов это общепринятый термин, обозначающий противоречие между интересами, которые защищены правом.  

Защищаемыми интересами могут быть как частные, так и публичные интересы, включая интересы неограниченного круга определенной категории частных лиц (кредиторы, акционеры, инвесторы и т.д.). Например, случаи возникновения конфликта интересов в банках регулируются банковским законодательством. 

288.  

Корреспонденттик эсеп 

(Correspondent account) 

Корреспондентский счет 

(Correspondent account) 

Бир финансы-кредит мекемеси тарабынан корреспонденттик келишимдин негизинде, башка финансы-кредит мекемесинин тапшыруусу боюнча жана анын эсебинен ишке ашырылган эсептешүүлөрдү чагылдырган эсеп. 

Счет, на котором отражаются расчеты, произведенные одним финансово-кредитным учреждением по поручению и за счет другого финансово-кредитного учреждения на основе корреспондентского договора. 

289.  

Корпоративдик банктык төлөм карты 

(Corporate card) 

Корпоративная банковская платежная карта (Corporate card) 

Карт ээсине, жеке адамга операцияларды эсеп ээси, юридикалык жак/жеке ишкер тарабынан ага сунушталган ыйгарым укуктарга ылайык, картты пайдалануу менен операцияларды ишке ашырууга мүмкүндүк берген карт. Акча каражаттарын эсептен алып салуу операциялары ошол юридикалык жактын/жеке адамдын корпоративдик эсебинен жүзөгө ашырылат.  

Карта, использование которой позволяет держателю карты, физическому лицу, совершать операции с использованием карты в соответствии с полномочиями, предоставленными ему юридическим лицом/индивидуальным предпринимателем, владельцем счета. Операции по списанию денежных средств осуществляются с корпоративного счета данного юридического лица/индивидуального предпринимателя. 

290.  

Котировка 

(Quotation) 

Котировка 

(Quotation) 

 

Рынок коньюнктурасына ылайык, белгилүү бир күнгө карата чет өлкө валюталар курсун, баалуу кагаздар наркын же рыноктогу товарлардын баасын белгилөө

Установление курсов иностранных валют, стоимости ценных бумаг или цен товаров на рынках на определенную дату, в соответствии с рыночной конъюнктурой 

291.  

Монетизациялоо коэффициенти 

(Monetization factor) 

Коэффициент монетизации 

(Monetization factor) 

Акча массасынын (нак акча каражаттары жана ишканалардын жана калайык-калктын банктардагы эсептерде турган акча каражаттары) ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) көлөмүнө карата катышы. Ал, төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү ишке ашыруу, эмгек акыларды, жөлөк пулдарды, стипендияларды ж.б. төлөө үчүн зарыл болгон акча каражаттары менен экономиканын камсыз болуу деңгээли жөнүндө түшүнүк берет.  

Отношение денежной массы (наличные деньги и денежные средства на счетах предприятий и населения в банках) к объему Валового внутреннего продукта (ВВП). Дает представление о степени обеспеченности экономики деньгами, необходимыми для осуществления платежей и расчетов, выплаты заработной платы, пособий, стипендий и др.  

292.  

Жүгүртүү коэффициенти 

(Turnover Ratio) 

Коэффициент оборачиваемости 

(Turnover Ratio) 

Кеңири мааниде алганда, белгилүү бир мезгил ичинде жүгүртүү каражаттары менен ишке ашырылган жүгүртүүлөрдүн санын чагылдырат. Тар мааниде алганда, рыноктук ликвиддүүлүктүн аспектилеринин биринен болгон рынок сыйымдуулугу көрсөткүчү болуп саналат. Ал соода жүргүзүп жаткан мезгил ичинде сатылып алынган жана сатылган баалуу кагаздардын санынын соода ишке ашырылган, ошол мезгилдин баш жагына жана акырына карата орду жабылбаган баалуу кагаздардын орточо санына карата катыш катары эсептелинет.  

В широком определении представляет собой количество оборотов за определенный период, сделанных оборотными средствами. В узком определении является показателем емкости рынка, одного из аспектов рыночной ликвидности. Он рассчитывается как отношение количества ценных бумаг, купленных и проданных в течение периода торговли, к среднему количеству непогашенных ценных бумаг на начало и на конец данного периода торговли 

293.  

Карызды тейлөө коэффициенти 

(Debt-Service Ratio) 

Коэффициент обслуживания долга 

(Debt-Service Ratio) 

Жыл ичинде карызды тейлөөнүн (төлөөгө каралган пайыздарды жана негизги сумманы) салыштырмалуу көрсөткүчү, ал ошол жылдагы экспорттон (эрежедегидей эле товарлар жана кызмат көрсөтүүлөрдөн) же жыл ичиндеги бюджет кирешесине карата пайыздарда туюндурулат. Келечекте карызды тейлөө коэффициентин эсептөө үчүн экспорттук же бюджеттик түшүүлөргө алдын ала баа берүү зарыл. Бул коэффициент өлкөнүн карыз оорчулугунун маанилүү көрсөткүчү болуп эсептелинет.  

Относительный показатель обслуживания долга (причитающиеся к выплате проценты и основная сумма) в течение года, выражаемый в процентах от экспорта (как правило, товаров и услуг) за этот год, либо к доходам бюджета за год. Для вычисления коэффициентов обслуживания долга на перспективу необходимы определенные прогнозные оценки экспортных или бюджетных поступлений. Этот коэффициент считается важнейшим показателем бремени задолженности страны 

294.  

Шарп коэффициенти 

(Sharp ratio) 

Коэффициент Шарпа 

(Sharp ratio) 

Тобокелдик бирдигине туура келген, инвестициялоодон алынган кирешелердин өлчөмүнө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн колдонулган тобокелдиктерге сандык баа берүү көрсөткүчү. Тобокелдик бирдиги дегенден улам, адатта инвестициялоодон күтүлүп жаткан кирешеден четтөөлөрдүн бир пайызын түшүнүү зарыл.  

Показатель количественной оценки рисков, используемый для анализа величины доходности от инвестирования, приходящейся на единицу риска. Под единицей риска обычно понимают 1% отклонения в ожидаемой доходности от инвестирования. 

295.  

Кыска мөөнөттүк карыз 

(Short-Term Debt) 

Краткосрочный долг 

(Short-Term Debt) 

Төлөө мөөнөтү бир жылды жана андан азды түзгөн карыз. Мында, төлөө мөөнөтү төлөөгө чейинки баштапкы мөөнөттүн же калган мөөнөттүн негизинде аныкталышы мүмкүн. 

Долг, срок погашения которого составляет один год и менее. Срок погашения может определяться на основе первоначального срока или остаточного срока до погашения 

296.  

Кредиттик банктык төлөм карты (Credit card) 

Кредитная банковская платежная карта 

(Credit card) 

1) Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөгө, ошондой эле карттын эмитенти сунуштаган банктык кредиттин эсебинен банктык эсептен акча каражаттарын алууга каралган карт. 

2) карт ээсине банк тарабынан белгиленген лимиттин чегинде нак акчаны чыгарууга же сатып алууну жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берген карт. 

1) Карта, предназначенная для оплаты товаров и услуг, а также для получения денежных средств с банковского счёта за счёт банковского кредита, предоставляемого эмитентом карты. 

2) Карта, дающая возможность держателю совершать покупки или снимать наличность в пределах установленного банком лимита. 

297.  

Кредиттик төлөм 

(Credit payment) 

Кредитовый платеж 

(Credit payment) 

Банктын төлөөчүнүн тапшыруусу боюнча анын эсебинен акча каражаттарын алып, аларды алуучунун эсебине которуу боюнча төлөм. 

Платеж, осуществляемый банком по поручению плательщика о списании денежных средств со счета плательщика и зачисление их на счет получателя. 

298.  

Кредит 

(Credit) 

Кредит 

(Credit) 

Кредитор тарабынан карыз алуучуга өз учурунда кайтаруу, мөөнөтүндө төлөө жана төлөөгө жөндөмдүүлүк шарттарында берилген каражат. Кредиттер төмөнкүдөй негизги формаларга бөлүнөт: а) ишканалардын, фирмалардын жүгүртүү каражаттарын топтоо үчүн каралган, бир жылга чейинки мөөнөткө берилген кыска мөөнөттүк кредит; б) инвестициялык капитал катары пайдаланылган, бир жылдан ашкан мөөнөткө берилген узак мөөнөттүү кредит; в) кепилдик, камсыздоо алдында берилген гарантиялык кредит; г) мамлекет карыз алуучу катары, ал эми мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алышкан жеке адамдар жана юридикалык жактар кредитордун ролунда иш алып барган мамлекеттик кредит; д) банктар тарабынан акчалай формада сунушталган банктык кредит; е) товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөргө сунушталган жана керектөө муктаждыктарын канааттандыруу үчүн колдонулган керектөө кредиттери; ж) карыздык милдеттенмелер боюнча юридикалык жактар жана жеке адамдардын бири-бирине берген же сатуучулар тарабынан сатып алуучуларга товардык формада сунушталган (бөлүп төлөө шартында сатуу) коммерциялык кредиттер; з) сатып жаткан тараптын товарларын сатып алуу үчүн сатуучу тарабынан сатып алуучу тарапка аванс формасында сунушталган эл аралык (чет өлкө) кредиттер; и) кыймылсыз мүлктү күрөөгө алуу менен берилген ипотекалык кредит. 

(От лат. credit он верит) 1) Средства, предоставляемые кредитором заемщику на условиях возвратности, срочности и платности за их использование. Различают следующие основные формы кредита: а) краткосрочный, выдаваемый на срок до года, предназначенный для формирования оборотных средств предприятий, фирм; б) долгосрочный, предоставляемый на срок свыше года и используемый в качестве инвестиционного капитала; в) гарантированный, предоставляемый под гарантию, под обеспечение; г) государственный, в котором в качестве заемщика выступает государство, а в роли кредитора физические и юридические лица, приобретающие государственные ценные бумаги; д) банковский, предоставляемый банками в денежной форме; е) потребительский, предоставляемый потребителям товаров и услуг и используемый для удовлетворения потребительских нужд; ж) коммерческий, предоставляемый юридическими и физическими лицами друг другу по долговым обязательствам или предоставляемый в товарной форме продавцами покупателям (продажа в рассрочку); з) международный (иностранный), предоставляемый продающей стороной покупающей стороне в форме аванса для закупки товаров у продающей стороны; и) ипотечный, предоставляемый под залог недвижимости. 

299.  

Кредитор 

(Creditor) 

Кредитор 

(Creditor) 

 

Кредитор 1) бул бир тарап экинчи тараптан (карызгерден) анын милдеттенмелеринин аткарылышын: мүлктү өткөрүп берүүнү, ишти аткарууну, акчаны төлөөнү ж.б. талап кылуу укугу. 

2) карыз алуучуга келишимде каралган өлчөмдө жана шарттарда акча каражаттарын (кредитти) берүүгө милдеттенген тарап. 

Кредитор 1) это сторона, которая имеет право требовать от другой стороны (должника) исполнения его обязательств: передать имущество, выполнить работу, уплатить деньги и т.п. 2) сторона договора, обязующаяся предоставить денежные средства (кредит) заемщику в размере и на условиях, предусмотренных договором. 

300.  

Кредиттик таржымал 

(Credit history) 

Кредитная история 

(Credit history) 

 

Бул, карыз алуучу мурда түзүлгөн кредиттик келишимдер боюнча өзүнө алган милдеттенмелерин аткаргандыгын мүнөздөгөн, карыз алуучуга тиешелүү маалыматтар (кредиттик маалымат) жыйындысы. 

Кредитная история совокупность информации о заемщике (кредитная информация), которая характеризует исполнение заемщиком принятых на себя обязательств по ранее заключенным кредитным договорам.  

301.  

Кредиттик линия 

Кредитная линия 

Бул, макулдашылган лимиттин чегинде белгилүү бир мезгил ичинде кредит берүүгө карыз алуучу алдындагы банктын же башка кредит мекемесинин талаптагыдай тариздетилген милдеттенмеси. 

Кредитная линия юридически оформленное обязательство банка или другого кредитного учреждения перед заемщиком предоставить ему в течение определенного периода кредиты в пределах согласованного лимита. 

302.  

Улуттук банктын “овернайт” кредити 

(“Overnight” credit of NBKR) 

Кредит «овернайт» НБКР 

(“Overnight” credit of NBKR) 

 

 

Акча-кредит саясатынын инструменти, ал Улуттук банк тарабынан күрөөлүк камсыздоо алдында бир күндөн ашпаган мөөнөткө улуттук валютада кредит берүү аркылуу банктын кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүгүн колдоо максатында пайдаланылат. 

Инструмент денежно-кредитной политики, используемый с целью поддержания краткосрочной ликвидности банка путем предоставления Национальным банком кредита в национальной валюте на срок в пределах суток, под залоговое обеспечение  

303.  

Улуттук банктын акыркы инстанциядагы кредити 

(Credit of last instance of NBKR) 

Кредит последней инстанции НБКР 

(Credit of last instance of NBKR) 

 

Банктар ликвиддүүлүктүн минималдуу деңгээлин колдоо үчүн бардык каражаттарын жана мүмкүнчүлүктөрүн жумшаган өзгөчө жагдайларда Улуттук банк тарабынан коммерциялык банктарга берилүүчү кредит. 

Кредит, предоставляемый Национальным банком коммерческим банкам в исключительных случаях, при исчерпании коммерческими банками всех доступных средств и возможностей поддержания минимального уровня ликвидности. 

304.  

Ликвиддүүлүктү колдоо үчүн кредит (Credit for maintain of liquidity) 

Кредит для поддержания ликвидности (Credit for maintain of liquidity) 

Банк тутумунун бүтүндүгүн коргоо жана анын туруктуулугун камсыз кылуу, система тобокелдигин алдын алуу, банктын ликвиддүүлүгүн колдоо жана аманатчылардын таламдарын коргоо максатында коммерциялык банкка сунушталган кредит. Кредит улуттук валютада, төмөнкүдөй жалпы кредиттөө принциптерин сактоо менен сунушталат: мөөнөттүүлүк, төлөөгө жөндөмдүүлүк, кайтарымдуулук жана күрөөлүк камсыздоо алдында. Коммерциялык банк кредитти кызмат адамдарына депозиттерди (аманаттарды) төлөөгө, ошондой эле коммерциялык банктын кызматкерлерине сый акылардын/бонустардын бардык түрлөрүн кошо алганда, администрациялык чыгашаларды төлөө үчүн пайдаланууга укугу жок. Кредитти сунуштоо, анын шарттары жана көлөмү жөнүндө чечим Улуттук банк Башкармасы тарабынан кабыл алынат.  

Кредит, предоставляемый коммерческому банку в целях защиты целостности и обеспечения стабильности банковской системы, предотвращения системного риска, поддержания ликвидности банка и защиты интересов вкладчиков. Кредит предоставляется в национальной валюте с соблюдением общих принципов кредитования: срочности, платности, возвратности и обеспеченности. Коммерческий банк не вправе использовать кредит на выплату депозитов (вкладов) должностным лицам, а также для оплаты административных расходов, включая все виды вознаграждения\бонусов сотрудникам коммерческого банка. Решение о предоставлении кредита, условиях предоставления и объеме кредита принимается Правлением Национального банка.  

305.  

Кредитордук карыз 

(Creditor indebtedness) 

Кредиторская задолженность 

(Creditor indebtedness) 

1) Ишканалар, уюмдар, мекемелер тарабынан тартылган, белгиленген мөөнөт ичинде кредиторго кайтарылып берилүүгө тийиш болгон убактылуу акча каражаттары; 2) субъекттин (ишкана, уюм, жеке адам) белгиленген мөөнөттө ордун жабууга милдеттүү болгон башка жактар алдындагы карызы.  

1) Временно привлеченные предприятием, организацией, учреждением денежные средства, подлежащие возврату кредиторам в установленные сроки; 2) Задолженность субъекта (предприятия, организации, физического лица) перед другими лицами, которую этот субъект обязан погасить в установленные сроки. 

306.  

Кредиттик тобокелдик 

(Credit risk) 

Кредитный риск 

(Credit risk) 

 

Карыз алуучу келишим шарттарына ылайык кредитор алдында финансылык милдеттенмелерин аткарбай коюусунун, өз учурунда аткара албай калышынын же толук аткарбашынын кесепетинен кредитордун чыгымга учурап калышын шарттаган тобокелдик.  

Риск возникновения у кредитора убытков вследствие неисполнения, несвоевременного либо неполного исполнения заемщиком финансовых обязательств перед кредитором в соответствии с условиями договора

307.  

Кредиттик рейтинг (Credit rating) 

Кредитный рейтинг (Credit rating) 

Өлкөнүн, карыз алуучунун же өзүнчө финансылык инструменттин финансылык туруктуулугуна жана төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө интегралдык баа берүү. Карыз алуучу карыздын негизги суммасын жана ал боюнча пайыздарды өз учурунда жана толук көлөмдө кредиторго төлөп берүүгө жөндөмдүүлүгү жана анын төлөө ниети боюнча рейтинг агенттигинин билдирген пикири. 

Интегральная оценка финансовой устойчивости и платежеспособности страны, заемщика или отдельного финансового инструмента. Выражает мнение рейтингового агентства относительно будущей способности и намерения заемщика осуществлять выплаты кредиторам в погашениие основной суммы задолженности и процентов по ней своевременно и в полном объеме. 

308.  

Кредиттик тобокелдик (төлөм системасында) 

(Credit risk/ exposure) 

Кредитный риск 

(в платежной системе) 

(Credit risk/ exposure) 

Алгылыксыз жагдайга дуушар болуу ыктымалдыгы, мында төлөм системасынын катышуучулары тараптардын бири ошол учурда же келечекте өз финансылык милдеттенмелерин толугу менен аткара албай калышы мүмкүнчүлүгү.  

Вероятность наступления неблагоприятного события, при котором одна из сторон участников платёжной системы не может полностью выполнить свои финансовые обязательства на данный момент или на любой момент в будущем. 

309.  

Кирешелүүлүк ийреги (графиги) 

(Yield curve) 

Кривая доходности 

(Yield curve) 

Кирешелүүлүк деңгээлинин төлөө мөөнөттөрүнө жараша белгиленген графиги. 

График зависимости уровня доходности в зависимости от срока погашения

310.  

Кросс-курс 

(Cross rate) 

Кросс-курс 

(Cross rate) 

Бир валютанын экинчи валютага карата наркы, ал үчүнчү валютага карата алардын курсу аркылуу эсептелинет . 

Стоимость одной валюты к другой, рассчитанная через их курсы к третьей валюте

311.  

Купон 

(Coupon) 

Купон 

(Coupon) 

Мезгил аралыгы жана пайыздык чени алдын ала аныкталган баалуу кагаздар боюнча төлөнгөн киреше. 

Доход, выплачиваемый по ценной бумаге с заранее определенной периодичностью и ставкой процента

312.  

Купондук баалуу кагаздар 

(Coupon securities) 

Купонная ценная бумага 

(Coupon securities) 

 

Купондук деп аталуучу, номиналдан катталган пайыздар дайыма төлөнүп турган баалуу кагаз. Мында, баалуу кагаздын ордун жабууда номинал төлөнүп берилет. 

Ценная бумага, по которой производятся регулярные выплаты фиксированного процента от номинала, называемые купонными, и выплата номинала при погашении ценной бумаги

313.  

Валюта сатып алуу курсу 

(Bid rate) 

Курс покупки валюты 

(Bid rate) 

Валюта сатылып алынган нарк

Стоимость, по которой покупается торгуемая валюта

314.  

Валюта сатуу курсу 

(Asked rate) 

Курс продажи валюты 

(Asked rate) 

Валюта сатылган нарк

Стоимость, по которой продается торгуемая валюта

315.  

Левераж (Левередж) 

(Leverage) 

Левераж (Левередж) 

(Leverage) 

 

Левераж (Левередж) 1) продукция өндүрүүгө кеткен толук сарптоолордогу операциялык сарптоолордун үлүшү; 2) карыздык жана өздүк каражаттардын катышы же суммардык милдеттенмелердин жана узак мөөнөттүү карыз алуулардын акционердик капиталга карата катышы. 

Банк ишин иликтөөгө алуу максатында левераж дегенден улам, өздүк каражаттар менен тартылган каражаттардын катышын түшүнүү зарыл. Ал капиталдын кайсыл деңгээлин банктын кирешелүүлүгүн камсыз кылуу үчүн колдоого алынып турууга тийиш экендигин чагылдырат. Бул көрсөткүч, банк ээлеринин пайдасына сандык баа берүүгө мүмкүндүк берет жана өздүк капитал менен активдердин жалпы суммасынын, ошондой эле карыздар менен капиталдын наркынын катышына кандай болбосун финансылык талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүдө эсептелгендерге концептуалдуу негизде окшош келет.  

Левераж (Левередж) 1) доля операционных затрат в полных затратах на производство продукции; 2) соотношение заемных и собственных средств или отношение суммарных обязательств и долгосрочных заимствований к акционерному капиталу. 

Для целей анализа деятельности банка под леверажем понимается соотношение собственных и привлеченных средств, отражающее какой уровень капитала должен поддерживаться для обеспечения доходности банка. Данный показатель позволяет количественно оценить выгоду владельцев банка и концептуально аналогичен рассчитываемому при любом финансовом анализе соотношению собственного капитала и общей суммы активов, а также задолженности и стоимости капитала и др.  

316.  

Либор 

(LIBOR - London Inter Bank Offered Rate) 

Либор  

(LIBOR - London Inter Bank Offered Rate) 

Лондондогу банктар аралык сунуш чени Лондондогу банктар өз депозиттерин башка жогорку класстагы банктарга жайгаштырган пайыздын орточо чени. Ал эл аралык банктык операцияларды жүргүзүүдө базалык чен катары жигердүү колдонулат

Лондонская межбанковская ставка предложения средняя ставка процента, по которой банки Лондона размещают свои депозиты в других первоклассных банках. Активно используется при ведении международных банковских операций в качестве базовой ставки

317.  

Лигатурдук (брутто) масса 

Лигатурная (брутто) масса 

Лигатурдук (брутто) масса бардык компоненттерин эске алуу менен баалуу металлдын эритмесинин жалпы айкын массасы. 

Лигатурная (брутто) масса фактическая общая масса сплава драгоценного металла с учетом всех компонентов. 

318.  

Банктын ликвиддүүлүгү 

(Bank liquidity) 

Ликвидность банка 

(Bank liquidity) 

Банктын ликвиддүүлүгү милдеттенмелердин ордун мөөнөтүндө жаба алууга банктын жөндөмдүүлүгү, ал банк активдеринин жана пассивдеринин катышы жана түзүмү менен аныкталат.  

Ликвидность банка способность банка погасить в срок обязательства, определяется соотношением и структурой активов и пассивов банка. 

319.  

Ликвиддүүлүк 

(Liquidity) 

 

 

Ликвидность 

(Liquidity) 

 

 

1) Финансылык активдин мүнөздөмөсү жана ал нак акчага аны которууда келип чыккан чыгымдарды чагылдырат; 2) финансы рыногунун өнүгүү деңгээлин чагылдырган мүнөздөмө. Ликвиддүү рынок операциялар көлөмүнүн жогору экендиги, баа туруктуулугу, спрэд деңгээлинин салыштырмалуу төмөндүгү менен мүнөздөлөт; 3) уюмдун өзүнүн утурумдук милдеттенмелерин (төлөмдөрүн) тейлөө жөндөмдүүлүгү; 4) финансы-кредит мекемелеринин, корпорациялардын, акча рыногунун же капитал рыногунун, улуттук экономиканын ичиндеги же дүйнөлүк экономикадагы нак акча каражаттары; 5) активдерди тез арада жана анын баасына олуттуу таасир этпестен, ири көлөмдө сатып алуу же сатуу мүмкүнчүлүгү. Инструменттерге карата алганда, ликвиддүүлүк дегенден улам, наркынан олуттуу жоготууларсыз активдерди нак акча каражатына тез айлантуу мүмкүнчүлүгүн түшүнүү зарыл. 

1) Характеристика финансового актива, отражающая издержки по его переводу в наличность; 2) характеристика финансового рынка, отражающая его степень развития. Ликвидный рынок характеризуется высоким объемом операций, стабильностью цен, относительно низким уровнем спрэдов; 3) способность организации обслуживать свои текущие обязательства (платежи); 4) наличие денежных средств у финансово-кредитного учреждения, корпорации, на денежном рынке или рынке капитала, внутри национальной или мировой экономики; 5) возможность купить или продать активы быстро и в крупном объеме без значительного влияния на цену актива. Применительно к инструментам под ликвидностью обычно понимается возможность быстрого обращения активов в наличные денежные средства без значительной потери в стоимости. 

320.  

Ликвиддүү каражаттар 

(Liquid funds) 

Ликвидные средства (Liquid funds) 

Нак акча каражаттарына оңой айландырылышы мүмкүн болгон акча каражаттары ж.б. активдер: бул, казына векселдери, талап боюнча төлөнүүчү аманаттар жана башкалар, алар карыздык милдеттенмелерди төлөө үчүн колдонулушу мүмкүн. 

Денежные средства и другие активы, которые могут быть легко превращены в наличные денежные средства: казначейские векселя, вклады до востребования и т.д., и использованы для погашения долговых обязательств. 

321.  

Лимит 

(Limit) 

Лимит 

(Limit) 

 

Мүмкүн болуучу тобокелдиктерди минимизациялоо максатында белгиленген чектөөлөр. 

Ограничение, устанавливаемое для минимизации возможных рисков. 

322.  

Листинг 

(Listing) 

Листинг 

(Listing) 

Фондулук рыноктогу тооруктарга катышуу үчүн аныкталган критерийлерге баалуу кагаздардын ылайык келүүсүн белгилөө

Установление соответствия ценной бумаги определенным критериям для допуска к торгам на фондовом рынке

323.  

Өздүк жыйым 

(Individual savings) 

Личные сбережения 

(Individual savings) 

калктын акчалай кирешелеринин керектөө үчүн пайдаланылбаган, жыйым катары топтолгон бөлүгү.  

часть денежных доходов населения, не используемая на потребление, а откладываемая в целях накопления.  

324.  

Карт пайдаланылуучу локалдык төлөм системасы 

(Local payment system) 

Локальная платежная система с использованием карт 

(Local payment system) 

Кыргыз Республикасынын аймагында бир (бир эмитенттүү) же бир нече (көп эмитенттүү) эмитент тарабынан чыгарылган картты колдонуу менен эсептешүүлөр системасы. Локалдык төлөм системаларынын карттары катышуучулар жана системалар ортосунда түзүлгөн келишимдин шарттарына ылайык улуттук төлөм системасынын банкоматтарында жана терминалдарында тейлениши мүмкүн.  

Система расчетов с использованием карт, выпускаемых одним (одноэмитентная) или несколькими (многоэмитентная) эмитентами на территории Кыргызской Республики. Карты локальных платежных систем могут обслуживаться в банкоматах и терминалах национальной платежной системы согласно условиям договора между участниками и системами. 

325.  

Лондон клубу 

(London Club) 

Лондонский клуб 

(London Club) 

Коммерциялык банктардын тобу, алардын өкүлдөрү суверендүү карыз алуучулардын карызын реструктуризациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн мезгил-мезгили менен жолугушуп турат. Лондон клубу Париж клубуна салыштырууга боло тургандай уюштуруу негизине ээ эмес.  

Группа коммерческих банков, представители которых периодически встречаются для ведения переговоров о реструктуризации долга суверенных заемщиков. Лондонский клуб не имеет организационной основы, сопоставимой с основой Парижского клуба

326.  

ЛОРО-эсеби 

(Loro account) 

ЛОРО-счет 

(Loro account) 

Банктар ортосунда операцияларды өз ара ишке ашыруу келишиминин негизинде ошол банкта ачылган банк-корреспонденттин эсеби. 

Счет банка-корреспондента, открываемый в данном банке на основании договора между банками о взаимном выполнении операций

327.  

Жеңилдетилген кредиттер жана насыялар (займдар) 

(Concessional Loans) 

Льготные кредиты и займы 

(Concessional Loans) 

Рыноктук кредиттерге жана насыяларга (займдарга) караганда карызгер үчүн кыйла алгылыктуу шарттарда берилген кредиттер жана насыялар. Мында жеңилдик, пайыздык чендерди рыноктогуга караганда кыйла төмөн деңгээлде белгилөөнүн же жеңилдик мезгилин берүүнүн эсебинен же тигини жана муну да айкалышта сунуштоонун эсебинен камсыз кылынат. Жеңилдетилген кредиттер жана насыялар эрежедегидей эле, узакка созулган жеңилдик мезгилинин берилишин болжолдойт.  

Кредиты и займы, предоставляемые на значительно лучших для заемщика условиях, чем рыночные кредиты и займы. Льготность обеспечивается либо за счет установления процентных ставок на более низком уровне, чем уровень ставок на рынке, либо за счет предоставления льготного периода, либо за счет сочетания и того, и другого. Льготные кредиты и займы, как правило, предусматривают длительные льготные периоды. 

328.  

Жеңилдик берилген мезгил 

(Grace Period) 

Льготный период 

(Grace Period) 

Негизги суммага карата жеңилдик берилген мезгил бул, насыя (займ) келишимине кол коюу же негизги сумманын алгачкы төлөмүнө чейин финансылык инструментти чыгаруудан кийинки мезгил аралыгы. 

Льготный период в отношении основной суммы это период с момента подписания соглашения о займе или выпуска финансового инструмента до первого платежа в погашение основной суммы.  

329.  

Магниттик карт 

(Magnetic (magstrip) card) 

Магнитная карта (карта с магнитной полосой) 

(Magnetic (magstrip) card) 

маалымат анын магниттик тилкесинде камтылган карт. 

карта, носителем информации в которой является магнитная полоса. 

330.  

Макроэкономика 

(Macroeconomics) 

Макроэкономика 

(Macroeconomics) 

 

Экономика илиминин ири масштабдуу экономикалык кубулуштарды жана өлкө экономикасына, анын бүтүндөй чарбалык ишине тиешелүү болгон процесстерди иликтөөгө каралган бөлүгү, бөлүкчөсү. Улуттук байлык, улуттук дүң өнүм жана ички дүң өнүм, улуттук киреше, суммардык мамлекеттик жана жеке инвестициялар, жүгүртүүдөгү акчанын жалпы саны сыяктуу көрсөткүчтөрдү жалпылап жыйынтыктоо макроэкономиканын иликтөөгө алган объектиси болуп саналат. Бир эле учурда макроэкономика орточо киреше, орточо эмгек акы, инфляция деңгээли, жумушсуздук, иш менен камсыз болуу, эмгек өндүрүмдүүлүгү сыяктуу өлкө боюнча орточо алынган экономикалык көрсөткүчтөрдү да иликтөөгө алып, изилдөө жүргүзөт. Ошол эле учурда, өсүштүн жалпыланган көрсөткүчтөрү, өлчөмдөрдүн көбөйүү же азаюу арымы, өлкө экономикасына мүнөздүү болгон жана анда жүрүп жаткан процесстер, түзүмдүк пропорциялар макроэкономиканын предметинен болуп саналат.  

 

(От греч. macros большой и экономика) Часть, раздел экономической науки, посвященный изучению крупномасштабных экономических явлений и процессов, относящихся к экономике страны, ее хозяйству в целом. Объектом изучения макроэкономики являются сводные, обобщающие показатели по всему хозяйству, такие, как национальное богатство, валовой национальный и валовой внутренний продукт, национальный доход, суммарные государственные и частные инвестиции, общее количество денег в обращении. Одновременно макроэкономика изучает и исследует средние по стране экономические показатели, такие, как средние доходы, средняя заработная плата, уровень инфляции, безработица, занятость, производительность труда. В то же время предметом макроэкономики являются обобщающие показатели роста, темпы увеличения или уменьшения величин, характеризующих экономику страны, и происходящие в ней экономические процессы, структурные пропорции

331.  

Макроэкономикалык саясат 

(Macroeconomic policy) 

Макроэкономическая политика 

(Macroeconomic policy) 

Туруктуулукка жетишип, аны колдоп туруу жана ишенимдүү илгерилөө максатында бүтүндөй экономиканы жөнгө салууга багытталган мамлекеттин иш-аракети.  

Действия государства, направленные на регулирование экономики в целом с целью достижения и поддержания ее стабильности и надежного функционирования

332.  

Макроэкономикалык көрсөткүчтөр 

(National measure) 

Макроэкономические показатели 

(National measure) 

Бүтүндөй экономика боюнча өндүрүү жана керектөө көлөмдөрүнүн, кирешелер жана чыгашалардын, жашоо деңгээлинин, баанын жалпы деңгээлинин, экспорт жана импорттун, экономикалык өсүш арымдарынын ж.б. жыйынтыкталган, жалпыланган орточо алынган көрсөткүчү

Сводные, обобщающие, усредненные по экономике в целом показатели объема производства и потребления, доходов и расходов, уровня благосостояния, общего уровня цен, экспорта и импорта, темпов экономического роста и др.  

333.  

Башкы компания 

(Parent (associated) company) 

Материнская компания 

(Parent (associated) company) 

Бул, эң аз дегенде акциялардын контролдук топтомуна ээлик кылган жана туунду компанияларынын ишин тескөөгө ыйгарым укуктуу компания. 

Материнская компания компания, владеющая как минимум контрольным пакетом акций и обладающая полномочиями управления по отношению к своим дочерним компаниям. 

334.  

Банктар аралык рынок 

(Interbank market) 

Межбанковский рынок 

(Interbank market) 

Акча рыногунун бөлүгү, мында кредиттик мекемелердин бош ресурстары убактылуу тартылып, кыска мөөнөттүк банктар аралык депозит формасында банктар ортосунда өз ара жайгаштырылат.  

Часть денежного рынка, где временно свободные ресурсы кредитных учреждений привлекаются и размещаются банками между собой преимущественно в форме межбанковских депозитов на короткие сроки

335.  

Банктар аралык валюта рыногу 

(Interbank foreign exchange market) 

Межбанковский валютный рынок 

(Interbank foreign exchange market) 

Валюта рыногунун коммерциялык банктар жана Улуттук банк катышуучу болуп саналган сегменти

Сегмент валютного рынка, участниками которого являются коммерческие банки и Национальный банк. 

336.  

Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн банктар аралык гросстук системасы 

(Interbank real-time gross settlement system) 

Межбанковская гроссовая система расчетов в режиме реального времени 

(Interbank real-time gross settlement system) 

Төлөм системасынын түрү, анда финансы рынокторунун (улуттук акча, валюта рыноктору, капитал жана баалуу кагаздар рыногу) катышуучуларынын акча милдеттенмелери боюнча акча которуулары, ошондой эле акча-кредит саясатынын инструменттерин колдонууга байланыштуу которуулар жүзөгө ашырылат.  

Тип платежной системы, в которой осуществляются переводы по денежным обязательствам участников финансовых рынков (национального денежного, валютного рынков и рынка капитала и ценных бумаг), а также переводы, связанные с применением инструментов денежно-кредитной политики. 

337.  

Банктар аралык коммуникациялык түйүн (БКТ) 

(Interbank communication net (ICN)) 

Межбанковская коммуникационная сеть (МКС) 

(Interbank communication net (ICN)) 

Улуттук банк жана алардын менчик ээси катары Улуттук банк саналган төлөм системасынын катышуучуларын бириктирген техникалык инфраструктуранын бир бөлүгү, ал Улуттук банк менен банктар аралык коммуникациялык түйүндүн катышуучулары ортосунда айкын убакыт ыргагында соода, төлөм жана статистикалык системалар боюнча маалымат алмашуу үчүн каралган. 

Часть технической инфраструктуры, объединяющая Национальный банк и участников платежных систем, собственником которых является Национальный банк, предназначенная для обмена данными в режиме реального времени по торговым, платежным и статистическим системам между Национальным банком и участниками МКС. 

338.  

Эл аралык инвестициялык позиция (ЭИП) 

(International Investment Position (IIP)) 

Международная инвестиционная позиция (МИП) 

(International Investment Position (IIP)) 

Бул, белгиленген күнгө, адатта чейректин же жылдын акырына карата абал боюнча тышкы финансылык активдердин жана милдеттенмелердин жалпы суммасы. Позициялардын бир отчеттук күндөн экинчисине өзгөрүүсү финансылык операцияларды, кайра баалоого байланыштуу өзгөрүүлөрдү жана ошол мезгил ичинде орун алган башка өзгөрүүлөрдү чагылдырат.  

МИП это общая сумма внешних финансовых активов и обязательств по состоянию на указанную отчетную дату, обычно на конец квартала или года. Изменение позиции от одной отчетной даты до другой отражает финансовые операции, изменения в связи с переоценкой и прочие изменения, имевшие место в течение этого периода

339.  

Карттарды пайдалануу менен эл аралык төлөм системасы  

(International payment system) 

Международная платежная система с использованием банковских платежных карт 

(International payment system) 

Ченемдик укуктук актылардын алкагында, эл аралык төлөм системаларынын эрежелерине жана анын операторлорунун (Кыргыз Республикасынын резидент эместеринин) талаптарына ылайык чыгарылган жана тейлөөгө алынган эл аралык карттарды пайдалануу менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү системасы. Системада, анын катышуучулары ортосунда картты пайдалануу менен төлөмдөр боюнча чет өлкө валютасында өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү эрежелери белгиленет.  

Система расчетов с использованием международных карт, эмитируемых и обслуживаемых в соответствии с правилами международных платежных систем и требованиями ее операторов (нерезидентов Кыргызской Республики) в рамках нормативных правовых актов. Системой устанавливаются определенные правила осуществления взаимных расчетов в иностранной валюте по платежам с использованием карт между участниками системы. 

340.  

Эл аралык электрондук акча 

(International E-money) 

Международные электронные деньги 

(International E-money) 

Өлкө чегинен тышкары резидент эместер тарабынан чыгарылган (эмитирленген) электрондук акча. 

Электронные деньги, выпущенные (эмитированные) нерезидентами за пределами страны. 

341.  

Эл аралык камдар (камдык активдер) 

(International reserves) 

Международные резервы (резервные активы) 

(International reserves) 

Чет өлкө валюталары жана алтын түрүндөгү жогорку ликвиддүү тышкы активдер. Алар акча-кредиттик жөнгө салуу максатында, мамлекеттик органдардын контролдугунда туруп, кайсыл болбосун учурда төлөм теңдеминин тартыштыгын каржылоо, улуттук валютанын курсуна таасир эткен валюта рынокторундагы интервенциялар же башкаларга колдонуу үчүн пайдаланылышы мүмкүн. 

Внешние высоколиквидные активы, представленные в виде иностранной валюты и золота, которые находятся под контролем государственных органов денежно-кредитного регулирования и в любой момент могут быть использованы для финансирования дефицита платежного баланса, для интервенций на валютных рынках, оказывающих влияние на курс национальной валюты, или для иного применения. 

342.  

Жергиликтүү бюджет 

(Local budget) 

Местный бюджет 

(Local budget) 

Жергиликтүү бийлик органдары тарабынан тескөөгө алынган административдик-аймактык бирдик бюджети. 

Бюджет административно-территориальных единиц, управляемых местными органами власти

343.  

Баалуу металлдардын өлчөнгөн куймалары 

(Measuring ingots of precious metals) 

Мерные слитки драгоценных металлов 

(Measuring ingots of precious metals) 

баалуу металлдардын өлчөнгөн куймалары куйманын лигатурдук массасынын кеминде 99,99% түзгөн химиялык жактан таза негизги металлдан турган, белгилүү бир массадагы баалуу металлдардан даярдалган жана маркировкаланган куймалар. 

мерные слитки драгоценных металлов изготовленные и маркированные слитки драгоценных металлов определенной массы с содержанием химически чистого основного металла не менее 99,99% лигатурной массы слитка. 

344.  

Аудит методикасы 

(Technique of audit) 

 

Методика аудита 

(Technique of audit) 

 

Аудиторлор тарабынан аудит жүргүзүүнүн стандартташтырылган эрежелеринин жана нормаларынын базасында, кандайдыр бир деңгээлде жеке кесиптик тажрыйбанын негизинде аудит жүргүзүүнүн теориялык жана тажрыйбалык ыкмаларынын жыйындысы.  

Совокупность теоретических и практических способов проведения аудита, разработанных аудитором на базе стандартизированных правил и норм проведения аудита в предметной области, в определенной степени, на основе личного профессионального опыта. 

345.  

Металл эсептери 

Металлические счета 

Бул, баалуу металлдар менен операцияларды жүзөгө ашыруу жана алардын эсебин жүргүзүү максатында, банк тарабынан кардарлар үчүн ачылган эсеп. 

Металл эсептери жеке белгилери көрсөтүлбөгөн эсеп жана жоопкерчиликтүү сактоо эсеби болуп бөлүнөт. 

Жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсеби бул, жеке белгилерин көрсөтүүсүз баалуу металлдарды эсепке алуу жана аларды тартуу жана жайгаштыруу боюнча операцияларды жүргүзүү үчүн банк тарабынан ачылган эсеп. Эрежедегидей эле, мындай эсептер боюнча банк кардарларга сый акы төлөп берет.  

Жоопкерчиликтүү сактоодогу металл эсеби бул, жеке белгилерин сактоо менен (баалуулуктардын аталышын, санын, сапатын, жасалган жерин, сериялык номерин ж.б.) банкка өткөрүлүп берилген баалуу металлдарды эсепке алуу үчүн каралган кардарлардын эсеби. Эрежедегидей эле, кардарлардын бул эсептери баалуу металлдарды банкта сактоо максатында пайдаланылат.  

Металлические счета это счета, открываемые банком для клиентов в целях учета и осуществления операций с драгоценными металлами. 

Металлические счета бывают обезличенные и счета ответственного хранения. 

Обезличенные металлические счета это счета, открываемые банком для учета драгоценных металлов без указания индивидуальных признаков и совершения операций по привлечению и размещению драгоценных металлов. Как правило, по таким счетам банк выплачивает клиентам вознаграждение. 

Металлические счета ответственного хранения счета клиентов, предназначенные для учета драгоценных металлов, переданных в банк с сохранением их индивидуальных признаков (наименование, количество ценностей, проба, производитель, серийный номер и др.). Как правило, эти счета клиентами используются в целях хранения драгоценных металлов в банке. 

346.  

Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюм 

(Microfinancial organizations) 

Микрофинансовая организация в Кыргызской Республике 

(Microfinancial organizations) 

Жеке адамдардын жана юридикалык жактардын белгилүү бир категорияларын микрокредиттөө максатында юридикалык жак катары түзүлгөн, адистештирилген финансы-кредиттик же кредиттик мекеме (микрофинансылык компания, микрокредиттик компания, микрокредиттик агенттик), Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюм болуп саналат.  

Микрофинансылык компания бул, акционердик коом формасында түзүлгөн жана өздүк каражаттарынын, ошондой эле тартылган каражаттардын, анын ичинде донор уюмдардын, жергиликтүү жана эл аралык финансылык уюмдардын каражаттарынын эсебинен юридикалык жактардын жана жеке адамдардын айрым категорияларын микрокредиттөө үчүн түзүлгөн, ошондой эле операциялардын башка түрлөрүн, анын ичинде «Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө» мыйзам талабына ылайык жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды тартууну жүзөгө ашырган адистештирилген финансы-кредит мекемеси.  

Микрокредиттик компания бул, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын күбөлүгү болгон шартта өз каражаттарынын же донор уюмдардын жергиликтүү жана эл аралык финансы уюмдардын каражаттарынын эсебинен гана «Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө» мыйзам талабына ылайык жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөөнү жүзөгө ашырган коммерциялык адистештирилген кредиттик мекеме микрофинансылык уюм болуп саналат. 

Микрокредиттик агенттик бул, коммерциялык эмес адистештирилген кредиттик мекеме болуп саналган микрофинансылык уюм. Ал Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын күбөлүгү болгон шартта уюмдун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген уставдык максаттарына ылайык, өз каражаттарынын же донор уюмдардын, жергиликтүү же эл аралык финансы уюмдарынын каражаттарынын эсебинен гана жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөөнү жүзөгө ашырат.  

Микрофинансовой организацией в Кыргызской Республике является специализированное финансово-кредитное или кредитное учреждение (микрофинансовая компания, микрокредитная компания, микрокредитное агентство), созданное как юридическое лицо в целях микрокредитования определенных категорий физических и юридических лиц.  

Микрофинансовая компания это специализированное финансово-кредитное учреждение, создаваемое в форме акционерного общества и осуществляющее микрокредитование отдельных категорий юридических и физических лиц за счет собственных, а также привлеченных средств, в том числе средств донорских организаций, местных и международных финансовых организаций, и другие виды операций, в том числе привлечение срочных вкладов от физических и юридических лиц в соответствии с Законом «О микрофинансовых организациях в Кыргызской Республике».  

Микрокредитная компания это микрофинансовая организация, являющаяся коммерческим специализированным кредитным учреждением, которое при наличии свидетельства Национального банка Кыргызской Республики осуществляет микрокредитование физических и юридических лиц только за счет собственных средств либо средств донорских организаций, местных и международных финансовых организаций в соответствии с Законом «О микрофинансовых организациях в Кыргызской Республике». 

Микрокредитное агентство это микрофинансовая организация, являющаяся некоммерческим специализированным кредитным учреждением, которое при наличии свидетельства НБКР осуществляет микрокредитование физических и юридических лиц только за счет собственных средств либо средств донорских организаций, местных или международных финансовых организаций, в соответствии с уставными целями организации, не противоречащими законодательству Кыргызской Республики. 

347.  

Мидл-офис 

(Middle Office) 

Мидл-офис 

(Middle Office) 

 

Финансылык тобокелдиктерди аныктап, аларга баа берүү, ошондой эле тобокелдиктерди минимизациялоо үчүн инвестициялык портфелди тескөө ыкмаларын жана инструменттерин тандоо менен иш алып барган түзүмдүк бөлүм. 

Структурное подразделение, занимающееся выявлением и оценкой финансовых рисков, а также выбором методов и инструментов управления инвестиционным портфелем для минимизации рисков

348.  

Микроэкономика 

(Microeconomics) 

Микроэкономика 

(Microeconomics) 

 

Экономика илиминин чарбалык процесстин жеке бирдиктеринин ишкерлердин жана керектөөчүлөрдүн иш алып баруу багытын иликтөөгө байланыштуу бөлүгү.  

Раздел экономической науки, связанный с изучением поведения индивидуальных единиц хозяйственного процесса предпринимателей и потребителей

349.  

Минималдуу керектөө бюджети 

(Floor consumer budget) 

Минимальный потребительский бюджет 

(Floor consumer budget) 

Жашоо минимумуна ылайык келген минималдуу ыңгайлуулуктар жана кызмат көрсөтүүлөр топтомунун наркы. 

Стоимость набора минимальных благ и услуг, соответствующего прожиточному минимуму

350.  

Көп тараптуу кредиторлор 

(Multilateral Creditors) 

Многосторонние кредиторы 

(Multilateral Creditors) 

ЭВФ, Дүйнөлүк банк, ошондой эле башка өнүктүрүү банктары сыяктуу көп тараптуу уюмдар мына ушундай кредиторлордон болуп саналат. 

Этими кредиторами являются многосторонние организации, такие как МВФ и Всемирный банк, а также другие многосторонние банки развития. 

351.  

Мобилдик банкинг 

(Mobile banking) 

Мобильный банкинг 

(Mobile banking) 

Кардардын уюлдук телефон аркылуу банкка жөнөткөн билдирмелери аркылуу банктык эсебин аралыктан тескөө мүмкүнчүлүгү

Удаленное управление банковским счетом посредством сообщений, отправляемых клиентом банку с мобильного телефона. 

352.  

Мобилдик төлөм 

(Mobile payment) 

Мобильный платеж 

(Mobile payment) 

1) Бул мобилдик телефонду пайдалануу менен төлөмдү жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгү, ал төлөөчүнүн байланыш операторунда жайгаштырылган акча каражаттары аркылуу жүзөгө ашырылат. Мында төлөөчү уюлдук телефонунда операцияларды (конклюденттик иш аракеттер) ишке ашыруу менен мобилдик оператордогу өздүк эсебинен акча каражаттарын алдын ала банкка которот.  

2) алуучунун жана/же чекене агенттин пайдасына товарлар/кызмат көрсөтүүлөр үчүн эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн SMS/USSD-билдирүүлөр аркылуу уюлдук телефондун жардамы менен кардардын эсебинен акча каражаттарын алып салуу жөнүндө кардардын демилгесинин негизинде банктын буйруусу.  

1) Это осуществление платежа с использованием мобильного телефона, при котором используются денежные средства плательщика, размещенные у оператора связи. При этом плательщик предварительно переводит денежные средства со своего лицевого счета у мобильного оператора в банк путем совершения операций (конклюдентных действий) на своем мобильном телефоне.  

2) распоряжение банку о списании денежных средств со счета клиента, инициированное клиентом при помощи мобильного телефона посредством SMS/USSD-сообщения, для проведения расчета за товары/услуги в пользу получателя и/или в пользу розничного агента. 

353.  

Модификацияланган дюрация 

(Modified duration) 

Модифицированная дюрация 

(Modified duration) 

Рыноктук пайыздык чендер өзгөргөн шартта, активдердин рыноктук наркынын өзгөрүүсүнө дуушарлануу көрсөткүчү

Показатель чувствительности изменения рыночной стоимости активов при изменении рыночных процентных ставок. 

354.  

Монетардык алтын 

(Monetary gold) 

Монетарное золото 

(Monetary gold) 

 

Акча-кредиттик жөнгө салуу органдарына (же акча-кредиттик жөнгө салуу органдары аларга таасирдүү контролдукту жүзөгө ашыра алган башка субъекттерге) тиешелүү болгон, 995/1000ден төмөн болбогон сапаттагы камдык актив катары сакталып турган алтын. Куйма алтынды жана алтындын берилишин талап кылуу укугун чегерген, резидент эместер менен алтын эсебин камтыйт. Куйма алтын 995 сапат белгисине ээ таза металлдан жасалган монета, куйма формасында болот, буга жооптуу сактоо эсептеринде турган алтын да кирет. 

Борбордук банктын эсептеринде финансылык актив катары сакталып туруучу, өлчөнгөн куймалар рыногунун Лондон ассоциациясынын эл аралык «Good delivery» стандартындагы куйма алтын запасы. 

Золото пробы не ниже 995/1000, которое принадлежит органам денежно-кредитного регулирования (или другим субъектам, в отношении которых органы денежно-кредитного регулирования осуществляют действующий контроль) и хранится ими в качестве резервного актива. Включает золото в слитках и обезличенные золотые счета с нерезидентами, которые дают право требовать поставки золота. Золото в слитках имеет форму монет, слитков или брусков с чистым содержанием металла не менее 995 пробы, включая такое золото, хранимое на золотых счетах ответственного хранения. 

Запас золота в слитках международного стандарта «Gooddelivery» Лондонской ассоциации рынка мерных слитков (LBMA), хранимый в качестве финансового актива на счетах центрального банка

355.  

Экономиканы монетизациялоо 

(Monetization) 

Монетизация экономики 

(Monetization) 

Экономиканын акча каражаты менен камсыз болуу көрсөткүчү: акчанын өлчөмү, кайтарым жүгүртүү тездиги. Ал акча топтомунун көлөмүнүн ички дүң өнүмгө карата катышы катары эсептелинет. 

Показатель обеспеченности экономики денежными средствами; величина, обратная скорости обращения денег. Рассчитывается как отношение объема денежного агрегата к валовому внутреннему продукту

356.  

Мониторинг 

(Monitoring) 

Мониторинг 

(Monitoring) 

1) Өзгөрүү динамикасына көз салуу менен үзгүлтүксүз негизде экономикалык объекттердин ишине талдап-иликтөөлөрдү жана байкоолорду жүргүзүү аркылуу башкаруунун негизги бөлүгү.  

2) аларды чектөө же бөгөт коюу максатында, системада төлөмдөрдү өткөрүү процессине көз салуу жана тобокелдиктерди жөнгө салуу.  

1) Составная часть управления, которая заключается в непрерывном наблюдении и анализе деятельности экономических объектов с отслеживанием динамики изменений. 

2) отслеживание процессов проведения платежей и управление рисками в системе с целью их ограничения или предотвращения. 

357.  

Төлөм системасында алдамчылыкка жол берилиши 

(Fraud in payment system) 

Мошенничество в платежной системе 

(Fraud in payment system) 

Системанын операторунун/катышуучусунун персоналынын укукка жатпаган, атайлап алдамчылыкка баруусу (ички алдамчылык) же үчүнчү жактын системанын катышуучуларынын жана/же алардын кардарларынын банктык эсептеринен акча каражатын алуу максатында банктык купуялуулукту камтыган маалыматтардан санкциясыз пайдаланууну жана аларды колдонууну көздөгөн алдамчылык аракети (сырттан алдамчылык) . 

Противоправные преднамеренные обманные действия (или злоупотребление доверием) персонала оператора/ участника системы (внутреннее мошенничество) или третьей стороны (внешнее мошенничество), направленные на несанкционированный доступ и использование информации относящейся к банковской тайне для получения денежных средств с банковских счетов участников системы и/или их клиентов. 

358.  

Төлөм системасынын ишине көзөмөл 

(Oversight of payment systems) 

Надзор за платежной системой 

(Oversight of payment systems) 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын улуттук финансы системасынын туруктуу ишин жана нак, нак эмес эсептешүү каражаты катары улуттук валютага карата ишенимди колдоо максатында, Кыргыз Республикасынын аймагында төлөм системаларынын ишин контролдоо жана аларга мониторинг жүргүзүү аркылуу төлөм системасынын натыйжалуу жана үзгүлтүксүз ишин камсыз кылууга багытталган иши.  

Деятельность Национального банка Кыргызской Республики, направленная на обеспечение эффективного и бесперебойного функционирования платежной системы посредством контроля и мониторинга работы платежных систем на территории Кыргызской Республики для поддержания стабильного функционирования национальной финансовой системы и доверия к национальной валюте как средству наличного и безналичного расчета.  

359.  

Төлөм багыты 

(Purpose of Payment) 

Назначение платежа 

(Purpose of Payment) 

Төлөмдү алуучу үчүн төлөмдүн максаты тууралуу маалымат камтылган төлөм документинин реквизити. 

Реквизит платежного документа, который содержит информацию о цели платежа для получателя платежа. 

360.  

Нак акча каражаттары 

(Cash resources) 

Наличные денежные средства 

(Cash resources) 

Банкнот жана монета түрүндөгү чет өлкө валютасы жана улуттук валюта белгилери. 

Денежные знаки в виде банкнот и монет в иностранной и национальной валютах. 

361.  

Кыргыз Республикасынын улуттук карты 

(National card) 

Национальная карта Кыргызской Республики 

(National card) 

Улуттук төлөм системасынын оператору менен тиешелүү келишим түзгөн кайсы болбосун эмитент Кыргыз Республикасынын резиденти тарабынан чыгарылган «Элкарт» системасынын карты. 

Карта системы «Элкарт», выпускаемая любым эмитентом резидентом Кыргызской Республики, заключившим соответствующий договор с оператором национальной платежной системы.  

362.  

Классификацияланбаган кредиттер 

(Non-classified loans) 

Неклассифицируемые кредиты 

(Non-classified loans) 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жөнгө салуучу талаптарынын көз карашынан алганда классификацияланбаган кредиттерге төмөнкүлөр кирет: 

1) Нормалдуу кредиттер - бул, кардардын өз милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылуу үчүн жетиштүү болгон акча каражаттарынын зарыл агымын, ошондой эле эң аз дегенде активдин суммасынын 120 пайызындагы, төмөнкүлөрдөн турган күрөө менен (заклад түрүндө) камсыздалган активдер тартылган кредиттер: 

- кыска мөөнөттүү мамлекеттик казына векселдери; 

- ошол банктагы депозиттик эсепте турган каражаттар; 

- белгиленген минималдуу талаптар сакталган шартта, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, листингдин эң жогорку жана андан кийинки категориялар боюнча Кыргыз Республикасынын фондулук биржаларынын листингинде камтылган башка баалуу кагаздар

2) Канааттандыраарлык кредиттер бул, ошол учурга карата кредиттик тобокелдиктин келип чыгышы аны менен байланыштуу болбогон кредиттер. Эгерде, карыз алуучунун финансылык абалы алгылыктуу болуп, алынган карыздардын орду өз учурунда жабылган болсо, карыз алуучу төлөөгө жөндөмдүү болуу менен кредиттер жана пайыздар боюнча банкка төлөнүүчү төлөмдөрдүн кармалып калышына жол бербесе, ошондой эле кредиттерди кайтарып берүүнүн ишенимдүү гарантиясына ээ болсо, мындай шартта алынган кредиттер канааттандыраарлык болуп эсептелет, мында гаранттын финансылык абалы канааттандыраарлык болууга тийиш же төмөнкү формадагы кредиттин суммасы күрөөгө коюлушу зарыл:  

- ошол банктагы депозит (б.а. ал кредит боюнча карызга чегерүү үчүн пайдаланылышы мүмкүн), 

- мамлекеттик милдеттенмелер

- башка жогорку ликвиддүү активдер. 

3) Байкоого алынган кредиттер бул, классификациялоо учуруна карата канааттандыраарлык болуп саналган, бирок начарлоо тенденциясы байкалган кредиттер. 

К неклассифицируемым кредитам с точки зрения регулятивных требований Национального банка Кыргызской Республики относятся: 

1) Нормальные кредиты это те кредиты, по которым генерируется необходимый поток денежных средств, достаточный для обеспечения выполнения клиентом своих обязательств, а также активы, обеспеченные, как минимум, на 120% от суммы актива залогом (в виде заклада), состоящим из: 

- краткосрочных государственных казначейских векселей; 

- средств, находящихся на депозитном счете в этом банке; 

- других ценных бумаг, включенных в листинги фондовых бирж Кыргызской Республики по наивысшей и следующей за наивысшей категорией листинга в соответствии с законодательством Кыргызской Республики, при условии соблюдения установленных минимальных требований

2) Удовлетворительные кредиты это кредиты, с которыми по состоянию на текущий момент не связано возникновение кредитного риска. Кредиты считаются удовлетворительными, если финансовое состояние заемщика хорошее, погашение задолженности производится своевременно, заемщик является платежеспособным, никогда не допускал задержек в платежах банку по кредитам и процентам, а также, если имеет надежные гарантии возврата кредитов, при этом финансовое состояние гаранта должно быть удовлетворительным, или имеется залог на сумму кредита в форме: 

- депозита в этом банке (то есть он может быть использован для зачета задолженности по кредиту), 

- государственных обязательств, 

- других высоколиквидных активов. 

3) Кредиты под наблюдением это кредиты, которые по состоянию на момент классификации являются удовлетворительными, но в них уже замечаются тенденции к ухудшению. 

363.  

Банктын пайыздык эмес кирешелери 

Непроцентные доходы банка 

Бул, банк тарабынан кредиттерди берүү жана карыздык баалуу кагаздарга салым салууга байланышпаган операциялардан алынган, ошондой эле чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларынан, сунушталган кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдөн, комиссиялык акылардан банк тарабынан алынган кирешелер жана башка кирешелер. 

Непроцентные доходы банка доходы, полученные банком от операций, не связанных с выдачей кредитов и вложениями в долговые ценные бумаги, а полученные банком от обменных операций с иностранной валютой, плата за услуги, комиссионные и другие доходы. 

364.  

Конвертацияланбаган валюта 

(Non-convertible currency) 

Неконвертируемые валюты 

(Non-convertible currency) 

Валюталарын башка валюталарга алмашуу боюнча операцияларга тыюу салынган өлкөлөрдүн валюталары 

Валюты стран, в которых применяются запреты на операции по обмену их валюты на другие валюты

365.  

Камсыздалбаган кредиттер 

(Unsecured credits) 

Необеспеченные кредиты 

(Unsecured credits) 

Тиешелүү талаптарга ылайык күрөө түрүндөгү камсыздоого ээ болбогон кредиттер. 

Кредиты, не имеющие обеспечения в виде залога, соответствующего требованиям

366.  

Финансылык эмес корпоративдик сектор 

(Non-financial Corporate Sector) 

Нефинансовый корпоративный сектор 

(Non-financial Corporate Sector) 

пайда көрүү же өз ээлери үчүн финансылык пайда алып келүү максатында, товар өндүрүүдөн же финансылык эмес кызматтарды сунуштоодон негизги иш максаты көрүнгөн юридикалык жактар. 

Юридические лица, основная деятельность которых заключается в производстве товаров или нефинансовых услуг с целью получения прибыли или иной финансовой выгоды для своих владельцев

367.  

Резидент эмес 

(Non-resident) 

Нерезидент 

(Non-resident) 

1) “Резидент” аныктамасына кирбеген жак; 2) бир мамлекетте иш алып барган, бирок башка жакта каттоодон өтүп, туруктуу жашап калган юридикалык жактар жана жеке адамдар. 

1) Лицо, не подпадающее под определение «Резидент»; 2) Юридические, физические лица, действующие в одном государстве, но постоянно зарегистрированные и проживающие в другом

368.  

Системалык мааниге ээ болбогон төлөм системасы 

(Non-systemically important payment system) 

Несистемно-значимая платежная система 

(Non-systemically important payment system) 

Иши үзгүлтүккө учураган шартта, улуттук финансы системасы үчүн олуттуу тобокелдиктер келип чыкпаган система.  

Система, при сбоях функционирования которой не возникает существенных рисков для национальной финансовой системы.  

369.  

Номиналдык эмгек акы 

(Nominal wages) 

Номинальная заработная плата 

(Nominal wages) 

Эсептөө ведомостунда же башка документтерде белгиленген, чагылдырылган, акчалай туюндурулган, товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр баасы жана кызматкердин акчалай чыгашаларына байланыштуу болбогон эмгекке төлөө деңгээлин мүнөздөгөн эмгек акынын өлчөмү. Номиналдык эмгек акыга караганда, айкын эмгек акыда акчанын сатып алуу жөндөмдүүлүгү эске алынат.  

Установленная, зафиксированная в расчетной ведомости или в иных документах величина заработной платы в денежном выражении, характеризующая уровень оплаты труда вне связи с ценами на товары и услуги и денежными расходами работника. В отличие от номинальной реальная заработная плата учитывает покупательную способность денег

370.  

Номиналдык пайыздык чен 

(Nominal interest rate) 

Номинальная процентная ставка 

(Nominal interest rate) 

Инфляцияны эске алуусуз эсептелинген пайыздык чен. 

Ставка процента, исчисленная без учета инфляции. 

371.  

Номиналдык нарк 

(Nominal price) 

Номинальная стоимость 

(Nominal price) 

1) Карызгер кредиторго кайсыл болбосун убакытта төлөп берүүгө тийиш болгон сумма. Бул нарк адатта карызгер менен кредитор ортосундагы контракттын шарттарында аныкталат. Ал аны түзүүдө талаптардын/милдеттенме-лердин наркын жана операциялар (мисалы, негизги сумманын ордун жабуу), нарктык баа берүүнүн өзгөрүүсү (рыноктук баанын өзгөрүүсүнөн тышкары, алмашуу курсунун жана нарктык баа берүүнүн өзгөрүүсүн кошо алганда) жана кандай болбосун башка өзгөрүүлөр (мисалы, эсептен алып салуулар) сыяктуу кандай болбосун келечекте орун алышы мүмкүн болгон экономикалык агымдарды чагылдырат; 2) карыз алуучу кредиторго кайсыл болбосун убакытта берүүгө тийиш болгон сумма; бул сумманын өлчөмү көпчүлүк учурда дебитор менен кредитор ортосундагы контракт шарттарына ылайык аныкталат. Карыздык инструменттин номиналдык наркы карыз келип чыккан учурдагы анын наркын, ошондой эле операциялар (мисалы, карыздын негизги суммасын төлөө), кайра баалоого байланыштуу өзгөрүүлөр (рыноктук баанын өзгөрүүсүнөн көз карандысыз) ж.б. өзгөрүүлөр сыяктуу орун алган кандай болбосун экономикалык агымдарды чагылдырат. 

Концептуалдуу көз караштан алганда, карыздык инструменттин номиналдык наркы ошол инструмент боюнча колдонулуп жаткан келишимдик чен (чендер) боюнча пайыздардын жана негизги суммалардын келечекте төлөнүшүн дисконттоо аркылуу эсептелиниши мүмкүн. Акыркысы катталган же өзгөрүлмөлүү болушу ыктымал. Баанын баштапкы мааниси, адатта акча белгилеринде, баалуу кагаздарда көрсөтүлүүчү нарктын так өлчөмү.  

1) Сумма, которую должник должен кредитору на какой-либо момент времени. Эта стоимость обычно определяется условиями контракта между должником и кредитором. Она отражает стоимость требования/обязательства при его создании и любые последующие экономические потоки, такие как операции (например, погашение основной суммы), изменения стоимостной оценки (включая изменения обменного курса и другие изменения стоимостной оценки, кроме изменений рыночной цены) и любые другие изменения (например, списания); 2) сумма, которую в любой момент времени заемщик должен кредитору; величина этой суммы чаще всего определяется исходя из условий контракта между дебитором и кредитором. Номинальная стоимость долгового инструмента отражает стоимость долга на момент его возникновения, а также любые имевшие место экономические потоки, такие как операции (например погашение основной суммы долга), изменения в связи с переоценкой (не зависящие от изменений его рыночной цены) и другие изменения.  

С концептуальной точки зрения, номинальная стоимость долгового инструмента может быть рассчитана путем дисконтирования будущих выплат процентов и основной суммы по существующей договорной ставке (ставкам) процента по данному инструменту; последняя может быть фиксированной или переменной. Исходное значение цены, нарицательная величина стоимости денег и ценных бумаг, обычно указываемая на денежных знаках, ценных бумагах. 

372.  

Номиналдык эффективдүү алмашуу курсу 

(НЭАК) 

(Nominal effective exchange rate 

(NEER)) 

Номинальный эффективный обменный курс 

(НЭОК) 

(Nominal effective exchange rate 

(NEER)) 

Өлкөнүн тышкы соода жүгүртүүсүндөгү алардын салыштырма салмагына ылайык, кароого алынып жаткан өлкөлөр тобуна кирген негизги өнөктөш өлкөлөрдүн валюталарынын номиналдык эки тараптуу алмашуу курсунун индекстеринин орточо алынган мааниси (НЭАК).  

Средневзвешенное значение индексов номинальных двусторонних обменных курсов валют основных стран-партнеров, вошедших в рассматриваемую группу стран в соответствии с их удельным весом во внешнеторговом обороте страны (НЭОК).  

373.  

Нормалдуу бөлүштүрүү 

(Normal distribution) 

Нормальное распределение 

(Normal distribution) 

Күтүүсүз келип чыккан көрсөткүчтөрдү (мисалы, валюта курсунун өзгөрүүсү) бөлүштүрүү ыктымалдыгынын графикалык чагылдырылышы. 

Графическая иллюстрация вероятностного распределения случайной величины (например, изменение курсов валют). 

374.  

Милдеттүү камдык талаптардын нормалары (ченемдери) 

(Standard of required reserves) 

Норма обязательных резервных требований (норма ОРТ) 

(Standard of required reserves) 

Коммерциялык банктар борбордук банкта сактоого милдеттүү болгон акчалай камдардын суммасынын коммерциялык банктын милдеттенмелеринин жалпы көлөмүнө (же банк тарабынан тартылган акча каражаттарынын суммасына) карата катышы. Милдеттүү камдардын нормасы борбордук банк тарабынан белгиленип, коммерциялык банктын кардарлар алдындагы милдеттенмесин ишенимдүү аткаруусун камсыз кылган анын гарантиялык фондусунун өлчөмүн аныктайт. Бул норма бир эле учурда борбордук банк тарабынан акча топтомдорунун, банктык кредиттин көлөмдөрүн жана ликвиддүүлүккө талапты жөнгө салуу инструменти катары колдонулат.  

Отношение суммы обязательных денежных резервов, которые коммерческие банки обязаны хранить в центральном банке, к общему объему обязательств коммерческого банка (или к сумме денежных средств, привлеченных банком). Норма обязательных резервов устанавливается центральным банком и определяет величину гарантийного фонда коммерческого банка, обеспечивающего надежное выполнение его обязательств перед клиентами. Одновременно такая норма используется центральным банком как инструмент регулирования объема денежных агрегатов, банковского кредита и спроса на ликвидность

375.  

Ностро эсептери 

(Nostro account) 

Ностро счета 

(Nostro account) 

Банктын башка банк-корреспонденттерде ачылган ностро эсептери. 

Счета ностро, счета данного банка, открытые в других банках-корреспондентах

376.  

Нота

Улуттук банктын нотасы 

(Note

Notes of NBKR) 

Нота

Ноты НБКР 

(Note

Notes of NBKR) 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын мамлекеттик кыска мөөнөттүү дисконттук баалуу кагаздары. 

Бул, Улуттук банк тарабынан кагаз эмес формада чыгарылган жана жүгүртүүдөгү акча массасын жөнгө салуу үчүн каралган акча-кредит саясатынын инструменти катары колдонулган мамлекеттик кыска мөөнөттүү баалуу кагаздар.  

Государственные краткосрочные дисконтные ценные бумаги Национального банка Кыргызской Республики  

Ноты НБКР - это государственные краткосрочные ценные бумаги, которые выпускаются НБКР в безбумажной форме и используются в качестве инструмента денежно-кредитной политики, предназначенного для регулирования денежной массы в обращении.  

377.  

Жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсеп 

(Depersonalized metallic account) 

Обезличенный металлический счет 

(Depersonalized metallic account) 

Баалуу металлдардын жеке белгилерин көрсөтүүсүз эле эсебин жүргүзүү жана баалуу металлдарды тартуу жана жайгаштыруу боюнча операцияларды ишке ашыруу үчүн банк тарабынан ачылган эсеп.  

Счет, открываемый банком для учета драгоценных металлов без указания индивидуальных признаков и совершения операций по привлечению и размещению драгоценных металлов. 

378.  

Валюталарды нак эмес акчага айландыруу 

(Conversion into non-cash of currency) 

Обезналичивание валюты 

(Conversion into non- cash of currency) 

Нак валютаны нак эмес валютага алмашуу операциялары

Операция по обмену наличной валюты на безналичную валюту

379.  

Документтин бүтүндүгүн камсыз кылуу 

(Maintenance of integrity of the document) 

Обеспечение целостности документа 

(Maintenance of integrity of the document) 

Төлөм документин кошо алганда, документти санкциясыз же кокустан өзгөртүлүшүнө жол бербөө

Невозможность несанкционированного либо случайного изменения документа, включая платежный документ.  

380.  

Камсыздалган актив 

(Secured asset) 

Обеспеченный актив 

(Secured asset) 

Карызгердин иш процессине тартылган тиешелүү акча агымы, ошондой эле экинчи каражат алуу булактары менен (күрөө, кепилдик, банктык гарантия) камсыздалган актив. 

Актив, обеспеченный соответствующими денежными потоками, которые генерируются в процессе деятельности должника, а также вторичными источниками (залог, поручительство, банковская гарантия). 

381.  

Камсыздалган кредиттер 

(Collateral credit) 

Обеспеченные кредиты 

(Collateral credit) 

Тиешелүү талаптарга жооп берген күрөө түрүндө камсыздоого ээ кредиттер. 

Кредиты, имеющие обеспечение в виде залога, соответствующего требованиям

382.  

Валютанын нарксыздашы 

(Depreciation of currency) 

Обесценение валюты 

(Depreciation of currency) 

Өзгөрүлмөлүү валюта курсу ыргагында улуттук валютанын наркынын башка валюталарга карата төмөндөшү

Снижение стоимости национальной валюты по отношению к другим валютам при режиме плавающего валютного курса. 

383.  

Облигация 

(Bond) 

Облигация 

(Bond) 

Өкмөттүн же фирманын карыздык милдеттенмесин түшүндүргөн, карыздын жана белгилүү бир убакыт ичинде акчанын, утуштун белгилүү бир суммасын дайыма төлөп туруу формасында пайыздык төлөмдөрдүн номиналдык наркынын ээсине кайтарылып берилишин гарантиялаган баалуу кагаз.  

Ценная бумага, представляющая собой долговое обязательство правительства или фирмы и гарантирующая владельцу возврат номинальной стоимости долга и процентных платежей в течение определенного времени в форме регулярных выплат определенной суммы денег, выигрышей или другими способами

384.  

Алмашуу курсу 

(Rate of exchange) 

Обменный курс 

(Rate of exchange) 

Бир валютанын башка валютада туюндурулган баасы. 

Цена одной валюты, выраженная в другой валюте. 

385.  

Алмашуу бюросу 

(Foreign Exchange Bureau) 

Обменные бюро 

(Foreign Exchange Bureau) 

Чекене рынокто чет өлкө валютасын сатып алып жана саткан институционалдык бирдик. 

Институциональные единицы, которые покупают и продают иностранную валюту на розничном рынке

386.  

Валютаны акчага айландыруу 

(Conversion into cash of currency) 

Обналичивание валюты 

(Conversion into cash of currency) 

Нак эмес валюталарды нак валютага алмашуу операциялары

Операция по обмену безналичной валюты на наличную валюту

387.  

Төлөмдү иштеп чыгуу 

(Data handling / processing) 

Обработка платежа 

(Data handling / processing) 

Эсептешүүнү жүргүзүү жана аны аяктоо максатында, төлөм жөнүндө маалыматты алуу, топтоо, салыштырып текшерүү, корректировкалоо жана кайра жөнөтүү боюнча ырааттуу иш аракеттер. 

Последовательность действий по получению, сбору, сверке, корректировке и пересылке информации о платеже, в целях проведения и завершения расчета. 

388.  

Кайтарым своп-операциялар 

(Reverse swap operations) 

Обратные своп-операции 

(Reverse swap operations) 

Чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын, келечекте белгилүү бир күнү алдын ала макулдашылган шарттарда, негизги сумманы жана чегерилген пайыздарды кайрадан алмашуу милдеттенмеси менен улуттук валютадагы эквиваленттүү суммага алмашуу операциясы. 

Операции по обмену денежных средств в иностранной валюте на эквивалентную сумму в национальной валюте с обязательством обратного обмена основных сумм и начисленных процентов по заранее оговоренным условиям в определенную дату в будущем

389.  

Мамлекеттик баалуу кагаздарды кайтара сатып алуу 

(Backward redemption of government securities) 

Обратный выкуп государственных ценных бумаг 

(Backward redemption of government securities) 

Эмитенттин жүгүртүүдө турган мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу боюнча операциясы. 

Операция по покупке эмитентом государственных ценных бумаг, находящихся в обращении

390.  

Карызды тейлөө 

(Debt Service) 

Обслуживание долга 

(Debt Service) 

Кредитор менен макулдашылган төлөм графигине ылайык, карыздын негизги суммасынын бөлүгүн жана пайыздарды мезгил-мезгили менен суммардык төлөөнү жүзөгө ашыруу. 

Осуществление периодических суммарных выплат процентов и части основной суммы долга в соответствии с согласованным с кредитором графиком платежей

391.  

Жалпы тышкы карыз 

(Total External Debt) 

Общий внешний долг 

(Total External Debt) 

Фирмалар ортосундагы карызды эске албаганда, экономиканын бардык секторлорунда кредиттер жана насыялар (займдар) боюнча айкын милдеттенмелердин орду жабылбаган калдыгы.  

Остаток непогашенных фактических обязательств по кредитам и займам всех секторов экономики за исключением межфирменной задолженности. 

392.  

Овернайт репо 

(Overnight repo) 

Овернайт репо 

(Overnight repo) 

 

Кийинки күнү аларды баштапкы сатуучуга кайра сатуу менен баалуу кагаздарды сатып алуу келишими; көпчүлүк учурда бул, банктар аралык операцияларга тиешелүү

Соглашение о покупке ценных бумаг с последующей перепродажей их первоначальному продавцу в начале следующего дня; обычно речь идет о межбанковских операциях

393.  

Овердрафт 

(Overdraft) 

Овердрафт 

(Overdraft) 

Эмитент жана карт ээси ортосунда түзүлгөн келишимде белгиленген шарттарда жана сумманын чегинде кардардын эсебинде турган суммадан үстөк төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу үчүн кардарга мүмкүнчүлүк берген кыска мөөнөттүү кредиттин формасы. 

Форма краткосрочного кредита, предоставление которого дает возможность клиенту осуществлять платежи сверх суммы, имеющейся на счете клиента, в пределах сумм и на условиях, определенных договором между эмитентом и держателем карты. 

394.  

Күтүлүп жаткан кирешелүүлүк 

(Expected Return) 

Ожидаемая доходность 

(Expected Return) 

Инвестор кароого алынган мезгил ичинде алууну болжолдоп жаткан активдердин (активдер портфелинин) кирешелүүлүгүнүн мааниси.  

Значение доходности активов (портфеля активов), которое инвестор предполагает получить за рассматриваемый период. 

395.  

Жыйынтыктап эсептешүү 

(Final settlement) 

Окончательный расчёт 

(Final settlement) 

Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы аркылуу финансы-кредит мекемелеринин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында ачылган эсептери боюнча эсептешүүлөрү. Жыйынтыктап эсептешүү шартсыз жана кайтарымсыз болуп саналат. 

Расчёт, проводимый по счетам финансово-кредитных учреждений, открытым в Национальном банке Кыргызской Республики, через гроссовую систему расчётов в режиме реального времени. Окончательный расчёт является безусловным и безотзывным.  

396.  

Он-лайн 

(Online) 

Он-лайн 

(Online) 

Айкын убакыт ыргагында иш алып баруу, мисалы, терминалдын же банкоматтын транзакцияларды жүзөгө ашыруу учурунда төлөм системасынын/эмитенттин маалыматынан пайдалана алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуусу. 

Работа в режиме реального времени, например, работа терминала или банкомата в режиме, обеспечивающем доступ к базе данных эмитента/платёжной системы во время осуществления транзакции. 

397.  

Төлөм системасынын оператору 

(Operator of payment system) 

Оператор платежной системы 

(Operator of payment system) 

Төлөм системасынын ишин камсыз кылган Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын уруксат берүү документине (лицензия/каттоодон өтүү) ээ жана катышуучулар менен төлөм системасына катышуу жөнүндө келишим түзгөн юридикалык жак, оператор жана төлөм системасынын катышуучулары. Ага ылайык оператор жана төлөм системасынын катышуучусу өз ишин төлөм системасынын алкагында жана ченемдик-укуктук актыларга ылайык жүзөгө ашырууга милдеттенет.  

Юридическое лицо, имеющее разрешительный документ Национального банка Кыргызской Республики (лицензия/регистрация), обеспечивающее функционирование платежной системы и заключившее с участниками договор об участии в платежной системе, согласно которому оператор и участники платежной системы обязуются осуществлять свою деятельность в рамках платежной системы и в соответствии с нормативными правовыми актами Национального банка Кыргызской Республики. 

398.  

Акча которуу системасынын оператору 

(Operator of remittance system) 

Оператор системы денежных переводов 

(Operator of remittance system) 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында каттоодон өткөн жана акча которуу системасынын ишин камсыз кылган, түзүлгөн өлкөнүн финансылык көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу органынын тиешелүү уруксат берүү документине (лицензияга, каттоо сертификатына) ээ Кыргыз Республикасынын юридикалык жагы, резиденти жана резидент эмеси.  

Юридическое лицо, резидент или нерезидент Кыргызской Республики, имеющее соответствующие разрешительные документы уполномоченного органа по финансовому надзору страны происхождения (лицензия, регистрационный сертификат и т.п.), прошедшее регистрацию в Национальном банке Кыргызской Республики и обеспечивающее функционирование системы денежных переводов.  

399.  

Банктарды кайра каржылоо (кредиттөө) операциялары 

(Refinancing operations of banks) 

Операции рефинансирования (кредитование) банков 

(Refinancing operations of banks) 

Акча-кредит саясатынын инструменти, ал акча-массасына тике таасир этет жана финансылык каражаттардын тартыштыгы келип чыккан шартта, аларга кредит берүү аркылуу коммерциялык банктардын камдарынын деңгээлин корректировкалоо үчүн Улуттук банк тарабынан колдонулат. 

Инструмент денежно-кредитной политики, оказывающий прямое воздействие на денежную массу и используемый Национальным банком для корректировки уровня резервов коммерческих банков в случае возникновения дефицита финансовых средств посредством предоставления им кредитов

400.  

Ачык рыноктогу операциялар 

(Open market 

Operations) 

Операции на открытом рынке 

(Open market 

Operations) 

Мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу-сатуу аркылуу банк тутумунун ликвиддүүлүгүн жөнгө салуу үчүн колдонулган акча-кредит саясатынын инструменти. Борбордук банктын демилгеси боюнча ишке ашырылат. 

Инструмент денежно-кредитной политики, используемый для регулирования ликвидности банковской системы путем покупки-продажи государственных ценных бумаг. Проводятся по инициативе центрального банка

401.  

Мамлекеттик башкаруу органдары 

(Public Authorities) 

Органы государственного управления 

(Public Authorities) 

Эрежедегидей эле, өлкөнүн конституциясына ылайык түзүлгөн жана тигил же бул аймактын чегинде жайгашкан башка институционалдык бирдиктерге да таркатылуучу мыйзамдык, соттук же аткаруу бийлигине ээ юридикалык субъекттер.  

Юридические субъекты, как правило, образованные согласно конституции страны и обладающие законодательной, судебной или исполнительной властью, которая распространяется на другие институциональные единицы, расположенные в пределах той или иной территории

402.  

Опцион 

(Option) 

Опцион 

(Option) 

Потенциалдуу сатып алуучу же потенциалдуу сатуучу ал боюнча келишимде аныкталган, алдын ала макулдашылган баа боюнча келечекте же белгилүү бир убакыт аралыгында активди (товарды, баалуу кагазды) сатып алууну же сатууну ишке ашыруу укугуна (бирок милдеттенмеге эмес) ээ болгон келишим. 

Договор, по которому потенциальный покупатель или потенциальный продавец получает право, но не обязательство, совершить покупку или продажу актива (товара, ценной бумаги) по заранее оговорённой цене в определённый договором момент в будущем или на протяжении определённого отрезка времени. 

403.  

Төлөөгө чейинки убакыт аралыгы 

(Remaining (Residual) Maturity) 

Остаточный срок до погашения 

(Remaining (Residual) Maturity) 

Карызды төлөө мөөнөтү келип жеткенге чейинки убакыт аралыгы. Орду жабылбаган кыска мөөнөттүк тышкы карыз өлчөмүн (баштапкы төлөө мөөнөтү боюнча) жана жакынкы жылдар ичинде төлөнүүгө тийиш болгон, орду жабылбаган узак мөөнөттүү тышкы карыздын өлчөмүн (баштапкы төлөө мөөнөтү боюнча) кошуу аркылуу, кыска мөөнөттүк орду жабылбаган тышкы карызды төлөөгө чейинки калган мөөнөт боюнча эсептөө сунуш кылынат.  

Период времени до наступления срока выплаты долга. Рекомендуется измерять краткосрочный непогашенный внешний долг по остаточному сроку до погашения путем сложения величины непогашенного краткосрочного внешнего долга (по первоначальному сроку погашения) и величины непогашенного долгосрочного внешнего долга (по первоначальному сроку погашения), подлежащего погашению в течение ближайшего года

404.  

Ачык валюта позициясы 

(Open currency position) 

Открытая валютная позиция 

(Open currency position) 

Белгилүү бир күнгө карата тиешелүү валюталардагы активдердин жана милдеттенмелердин бирдей эместиги. Ачык валюта позициясы кыска жана узун болушу мүмкүн.  

Кыска валюта позициясы милдеттенмелердин белгилүү бир күнгө карата тиешелүү валюталардагы талаптардан артып кетишин, ал эми узун валюта позициясы талаптардын белгилүү бир күнгө карата тиешелүү валюталардагы милдеттенмелерден артып кетишин билдирет. 

Неравенство активов и обязательств в соответствующих валютах на определенную дату. Открытая валютная позиция может быть короткой и длинной. 

Короткая валютная позиция представляет собой превышение обязательств над требованиями в соответствующих валютах на определенную дату, а длинная валютная позиция превышение требований над обязательствами в соответствующих валютах на определенную дату. 

405.  

Электрондук цифралык кол тамга 

(Public key) 

Открытый ключ электронной цифровой подписи 

(Public key) 

Электрондук цифралык кол тамганы текшерүү үчүн каралган, жалпы пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилген ырааттуу белгилер. 

Общедоступная последовательность символов, предназначенная для проверки электронной цифровой подписи. 

406.  

Банк эсебин ачуусуз акча которууну жөнөтүүчү 

(Transmitter of remittance without opening of bank account) 

Отправитель денежного перевода без открытия банковского счета 

(Transmitter of remittance without opening of bank account) 

Жөнөтүүчү тарабынан көрсөтүлгөн алуучунун пайдасына акча каражаттарды жөнөтүү үчүн банкка нак акча каражаттарын өткөрүп берүү аркылуу банктык эсепти ачуусуз акча которууну жөнөтүүнү демилгелеген жеке адам.  

Физическое лицо, инициирующее отправку денежного перевода без открытия банковского счета путем передачи наличных денежных средств банку для их отправки в пользу указанного отправителем получателя денежных средств. 

407.  

Тобокелдикке баа берүү 

(Risk evaluation) 

Оценка риска 

(Risk evaluation) 

Тобокелдиктерге сандык жана/же сапаттык мүнөздөмө берүү. Анын жүрүшүндө мүмкүн болуучу ыктымалдуулугу жана чыгымдын өлчөмү сыяктуу белгилер аныкталат.  

Количественное и/или качественное описание выявленных рисков, в ходе которого определяются такие их характеристики, как вероятность и размер возможного ущерба.  

408.  

Расмий валюталык камдар 

(Official foreign exchange reserves) 

Официальные валютные резервы 

(Official foreign exchange reserves) 

Борбордук банктын контролдугунда турган активдер, алар төлөм теңдеминин тартыштыгын каржылоо жана алмашуу курсуна жана/же башка максаттарга таасир этүү үчүн валюта рыногунда интервенцияларды жүргүзүү аркылуу ошол тартыштык өлчөмүнө кыйыр таасир этүү үчүн колдонулушу мүмкүн. 

Активы, которые находятся под контролем центрального банка и могут быть использованы для финансирования дефицита платежного баланса, косвенного воздействия на размеры этого дефицита с помощью интервенций на валютных рынках в целях воздействия на обменный курс и/или для других целей

409.  

Кыргыз Республикасында чет өлкө валюталарынын расмий курстары 

(Official exchange rates in Kyrgyz Republic) 

Официальные курсы иностранных валют в Кыргызской Республике 

(Official exchange rates in Kyrgyz Republic) 

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы (сом) бирдигинде туюндурулган чет өлкө валюталарынын акча бирдиктеринин баасын чагылдырат, ал Улуттук банктын ошол курс боюнча чет өлкө валюталарын сатып алуу/сатуу милдеттенмелерисиз, эсепке алууда жана эсептешүүлөрдө колдонуу максатында Улуттук банк тарабынан аныкталат. 

Отражают цены денежных единиц иностранных валют, выраженные в единицах национальной валюты Кыргызской Республики (сом), определяемые Национальным банком для целей использования в учете и расчетах без обязательства Национального банка покупать/продавать иностранные валюты по этим курсам

410.  

Офф-лайн  

(Offline ) 

Офф-лайн  

(Offline) 

Автономдуу иш ыргагында иштөө, мисалы, терминалдын же банкоматтын транзакцияларды өткөрүү үчүн эмитенттин/төлөм системасынын маалымат базасына кайрылуусуз иштөөсү  

Работа в автономном режиме, например, режим работы терминала или банкомата, при котором он не обращается к базе данных эмитента\платежной системы для проведения транзакции. 

411.  

Офф-лайн лимити 

(Offline limits) 

Офф-лайн лимит 

(Offline limits) 

Транзакциялардын максималдуу өлчөмү, андан төмөн болгон учурда, карт менен операция авторизациялык суроо-талапсыз оff-line режиминде жүзөгө ашырылат. 

Максимальная величина транзакции, ниже которой операция с картой осуществляется без авторизационного запроса в режиме оff-line.  

412.  

Төлөмдөр кезеги 

(Queue of payments) 

Очередь платежей 

(Queue of payments) 

Жыйынтыктоочу эсептешүүнү жүзөгө ашыруу үчүн катышуучу-төлөөчүнүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында ачылган эсебинде каражат жетишсиз болгондуктан, анын төлөмдөрү артыкчылыктарды эске алуу менен FIFO принциби боюнча кезекке тургузулат.  

Ситуация, при которой на счете участника-плательщика, открытом в Национальном банке Кыргызской Республики, недостаточно средств для осуществления окончательного расчета, и платежи участника-плательщика устанавливаются в очередь по принципу FIFO с учетом присвоенных приоритетов. 

413.  

Клирингдик төлөмдөр топтому 

(Batch of clearing payments) 

Пакет клиринговых платежей 

(Batch of clearing payments) 

Бир же бир нече жалпы реквизиттер боюнча топтолгон жана иштеп чыгуу үчүн клиринг системасына жөнөтүлгөн төлөмдөр же билдирүүлөр жыйындысы (топтому).  

Совокупность (пакет) платежей или сообщений, сгруппированных по одному или нескольким общим реквизитам, и направленных для обработки в клиринговую систему.  

414.  

Мамлекеттик баалуу кагаздар аукционунун шарттары (параметрлери) 

(Parameters of auction government securities) 

Параметры аукциона государственных ценных бумаг 

(Parameters of auction government securities) 

Мамлекеттик баалуу кагаздар аукциону боюнча маалымат, анда аукцион өткөрүлүүчү күн, сатыкка коюлган мамлекеттик баалуу кагаздардын көлөмү, эмиссия номери жана ал ишке ашырылган күн, ошондой эле мамлекеттик баалуу кагаздар төлөнгөн күн камтылууга тийиш. 

Информация об аукционе государственных ценных бумаг, содержащая дату проведения аукциона, выставляемый на продажу объем государственных ценных бумаг, номер и дату эмиссии, а также дату погашения государственных ценных бумаг

415.  

Париж клубу 

(Paris Club) 

Парижский клуб 

(Paris Club) 

Өкмөттөр-кредиторлордун расмий эмес тобу. Бул топ 1956-жылдан бери карыздарды эки тараптуу негизде кайра тариздетүү үчүн Парижде туруктуу негизде жолугушуп турат. Мында Франциянын Казыналыгы катчылыктын милдетин аткарат. Кредиторлор карызды тейлөөдө кыйынчылыкка дуушар болуп жаткан өлкөлөргө сунушталган эл аралык колдоонун алкагында жана ЭВФ тарабынан колдоого алынган турукташтыруу программасына ылайык, карыз алуучу өлкөнүн карыздарын кайра тариздөө үчүн жолугушуп турушат. Париж клубу туруктуу мүчөлөргө ээ эмес жана анын кеңешмелерине аталган клубдун иш тажрыйбасына жана тартибине макул болгон бардык расмий кредиторлор катыша алышат. ОЭСРге мүчө мамлекеттер анын негизги кредиторлорунан болуп саналат, бирок карыз алуучу өлкө менен мамиле түзгөн башка кредиторлор да жолугушууларга катыша алышат.  

Неофициальная группа правительств-кредиторов, которые начиная с 1956 года регулярно встречаются в Париже для переоформления долга на двусторонней основе; функции секретариата выполняет Казначейство Франции. Кредиторы встречаются со страной-заемщиком для переоформления ее долговых обязательств в рамках международной поддержки, предоставляемой странам, испытывающим затруднения с обслуживанием долга и осуществляющим поддерживаемую МВФ стабилизационную программу. Парижский клуб не имеет постоянных членов, и в его совещаниях могут участвовать все официальные кредиторы, которые согласны с его практикой и порядком работы. Основными кредиторами являются, главным образом, государства-члены ОЭСР, но во встречах принимают участие и другие кредиторы, имеющие отношение к соответствующей стране-заемщику

416.  

Сатып алуу жөндөмдүүлүк паритети 

(Parity of customer capacity) 

Паритет покупательной способности 

(Parity of customer capacity) 

Бул, эки же бир нече акча бирдиктеринин, ар кайсы өлкөлөрдүн валюталарынын катышы, ал товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн белгилүү бир тобуна карата алардын сатып алуу жөндөмдүүлүгү боюнча белгиленет. Сатып алуу жөндөмдүүлүк паритети товарлардын белгилүү бир тобу боюнча белгиленген жеке жана бардык коомдук продукт боюнча белгиленген жалпы болушу мүмкүн. Мисалы, керектөө товарларынын бир эле топтому, айталык керектөө куржуну 1500 сом жана 50 АКШ доллары турат дейлик, анда сатып алуу жөндөмдүүлүк паритети 1 500 : 50 = 1 доллар үчүн 30 сомду түзөт.  

Соотношение двух или нескольких денежных единиц, валют разных стран, устанавливаемое по их покупательной способности применительно к определенному набору товаров и услуг. Паритет покупательной способности может быть частным, устанавливаемым по определенной группе товаров, и общим, устанавливаемым по всему общественному продукту. Например, если один и тот же набор потребительских товаров, скажем потребительская корзина, стоит 1 500 сомов и 50 долл. США, то паритет покупательной способности составляет 1 500 : 50 = 30 сомов на 1 долл. 

417.  

Пароль 

(Password) 

Пароль 

(Password) 

Сандардын ырааттуулугунан турган, белгилүү бир системага кирүү мүмкүнчүлүгүн шарттаган код.  

Код доступа в определенную систему, представляющее собой последовательность символов

418.  

Пассив 

(Liabilities) 

Пассив 

(Liabilities) 

1) Ишкананын карыздарынын жана милдеттенмелеринин жыйындысы (активге карама-каршы); 2) бухгалтердик баланстын бөлүгү, адатта ишкананын каражаттарынын келип чыгуу булактары, анын каржылоо мүмкүнчүлүгүн түшүндүргөн, тиешелүүлүгүнө жана багытына жараша топтоштурулган оң тарабы (өздүк камдар, башка мекемелердин насыялары (займдары); 3) чыгашалардын түшүүлөрдөн артышы. 

(От лат. passivus недеятельный) 1) Совокупность долгов и обязательств предприятия (в противоположность активу); 2) Часть бухгалтерского баланса, обычно правая сторона, обозначающая источники образования средств предприятия, его финансирования, сгруппированные по их принадлежности и назначению (собственные резервы, займы других учреждений); 3) Превышение расходов над поступлениями

419.  

Пенсиялык фондулар 

(Pension Funds) 

Пенсионные фонды 

(Pension Funds) 

Жарандардын өз эрки боюнча пенсиялык камсыздалышы үчүн түзүлгөн, өз алдынча, мамлекеттик эмес институционалдык бирдиктер. Мамлекеттик эмес пенсиялык фондулар мамлекеттик пенсиялык камсыз кылуу системасынан көз карандысыз ага кошумча иш алып барат. Жеке адамдардын пенсиялык келишимдердин негизинде өз эрки боюнча мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздалышы пенсиялык фондулардын өзгөчө иш багытынан болуп саналат. Пенсиялык фондулардын иши, пенсиялык төлөмдөрдү топтоодон, пенсиялык милдеттенмелердин эсебин жүргүзүүдөн, мамлекеттик эмес пенсиялар өлчөмүн арттыруу жана аларды төлөп берүү максатында, пенсиялык активдерди жайгаштыруудан көрүнөт.  

Самостоятельные негосударственные институциональные единицы, созданные для пенсионного обеспечения граждан на добровольной основе. Негосударственные пенсионные фонды функционируют независимо от системы государственного пенсионного обеспечения и в дополнение к ней. Исключительным видом деятельности пенсионных фондов является добровольное негосударственное пенсионное обеспечение физических лиц на основе пенсионных договоров. Деятельность пенсионных фондов заключается в аккумулировании пенсионных взносов, учете пенсионных обязательств, размещении пенсионных активов с целью их наращивания и выплаты негосударственных пенсий получателям. 

420.  

Мамлекеттик баалуу кагаздар рыногундагы тике катышуучулар 

(Primary dealer on Government securities market) 

Прямой участник на рынке государственных ценных бумаг 

(Primary dealer on Government securities market) 

Мамлекеттик баалуу кагаздар рыногунда ишкердикти жүзөгө ашырган жана тике катышуучу катары иш алып барууга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен келишим түзгөн коммерциялык банктар жана институционалдык инвесторлор. 

Коммерческие банки и институциональные инвесторы, осуществляющие деятельность на рынке государственных ценных бумаг и заключивший договор с Национальным банком Кыргызской Республики о работе в качестве прямого участника. 

421.  

Баалуу кагаздардын биринчилик рыногу 

(Primary market) 

Первичный рынок ценных бумаг 

(Primary market) 

Балуу кагаздарды инвесторлор арасында жайгаштыруу (сатуу) ишке ашырылган рынок. 

Рынок, на котором осуществляется размещение (продажа) ценных бумаг среди инвесторов

422.  

Алгачкы төлөө документи 

(Basic payment document) 

Первичный платёжный документ 

(Basic payment document) 

Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык кагазда же электрондук түрдө түзүлгөн, төлөмдүн ишке ашырылышын тастыктаган төлөм документи.  

Платежный документ на бумажном носителе или в электронной форме, оформленный в соответствии с законодательством Кыргызской Республики и нормативными актами Национального банка, удостоверяющий факт совершения платежа. 

423.  

Акча-кредит саясатын ишке ашыруу механизмдери 

(Transmission mechanism of monetary policy) 

Передаточный механизм Денежно-кредитной политики 

(Transmission mechanism of monetary policy) 

Акча-кредит жагындагы чечимдердин пайыздык, валюталык, кредиттик жана монетардык (акча топтомдоурун жөнгө салуу) сыяктуу негизги каналдар аркылуу бүтүндөй экономикага таасир этүү процесси. 

Процесс воздействия решений в области денежно-кредитной политики на экономику в целом посредством основных каналов: процентного, валютного, кредитного и монетарного (регулирование денежных агрегатов).  

424.  

Тобокелдикти өткөрүү 

(Carry of risk) 

Перенос риска 

(Carry of risk) 

Тобокелдик үчүн жоопкерчиликтин, камсыздандыруу, ошондой эле күтүүсүз жагдайлар келип чыккан шартта жоопкерчиликти азайткан же тобокелдиктин контрагентке өтүшүн шарттаган атайы шилтемелерди документтердин (келишимдердин, контрактылардын) текстине кошуу аркылуу үчүнчү жактарга өтүшү

Передача ответственности за риск третьим сторонам путем страхования, а также путем внесения в текст документов (договора, контракты) специальных оговорок, уменьшающих собственную ответственность при наступлении непредвиденных событий или передающих риск контрагенту. 

425.  

Карызды кайра тариздөөүзүмүн карап чыгуу) 

(Debt Rescheduling) 

Переоформление (реструктуризация) долга 

(Debt Rescheduling) 

Карызды кайра тариздетүү дегенден улам, карызды тейлөө боюнча төлөмдөрдү расмий кийинкиге жылдырууну жана кийинкиге жылдырылган сумма боюнча жаңы, кыйла узартылган мөөнөттөрдүн белгиленишин түшүнүү зарыл. Карызды кайра тариздетүү карыз алуучунун карыз оорчулугун жеңилдетүү ыкмаларынын бири болуп саналат. Ал кийинкиге жылдыруу, ал эми жеңилдик шарттарында кайра тариздетүү учурунда, карызды тейлөө боюнча милдеттенмелерди кыскартуу аркылуу ишке ашырылат.  

Под переоформлением долга понимается официальная отсрочка платежей по обслуживанию долга и применение новых и более длительных сроков погашения по отсроченной сумме. Переоформление долга является одним из способов облегчения бремени задолженности заемщика путем отсрочки и, в случае льготного переоформления, сокращения обязательств по обслуживанию долга

426.  

Баалуу кагаздарды кайра баалоо 

(Securities reassessment) 

Переоценка ценных бумаг 

(Securities reassessment) 

Баалуу кагаздардын баланстык наркын алардын учурдагы адилет (рыноктук) наркына ылайык келтирүү

Приведение балансовой стоимости ценных бумаг в соответствие с их текущей справедливой (рыночной) стоимостью. 

427.  

Аралыкта орнотулган жабдуу (банктык төлөм карттар үчүн) 

(Peripheral equipment) 

Периферийное устройство (для банковских платежных карт) 

(Peripheral equipment) 

Банктык төлөм карттарды кабыл алуу жана тейлөө боюнча техникалык инфраструктураны түзгөн терминалдар, банкоматтар, автоматташтырылган өзүн-өзү тейлөө терминалдары жана башка түзүлүштөр.  

Терминалы, банкоматы, автоматизированные терминалы самообслуживания, иные устройства, составляющие техническую инфраструктуру по приему и обслуживанию банковских платежных карт. 

428.  

Персоналдык (жеке) карт 

(Personal card) 

Персональная (индивидуальная) карта 

(Personal card) 

Эмитент тарабынан эсеп ээсине - жеке адамга алардын ортосунда түзүлгөн банктык эсеп боюнча келишимдин жана/же кредиттик келишимдин негизинде берилүүчү карт.  

Карта, выдаваемая эмитентом владельцу счета физическому лицу на основании заключенного с ним договора банковского счета и/или кредитного договора. 

429.  

Персоналдык идентификациялык номер (ПИН-код) 

(Personal identification number (PIN-code)) 

Персональный идентификационный номер (ПИН-код) 

(Personal identification number (PIN-code)) 

1) Транзакцияларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берген жана банктык карт ээсине анын акча каражаттарын тескөө укугу берилгендигин тастыктаган картты пайдалануу үчүн пароль. 

2) аралыктан банкинг үчүн пайдалануучуга ыйгарылган персоналдык код  

1) Пароль доступа к карте, позволяющий совершить транзакцию и подтверждающий, что право распоряжения денежными средствами дано держателем банковской карты. 

2) персональный код, присвоенный пользователю для дистанционного банкинга. 

430.  

Персонализация 

(Personalisation) 

Персонализация 

(Personalisation) 

Банктык төлөм картка жана (же) микропроцессордун эс тутумуна жана (же) карттын магниттик тилкесине тиешелүү төлөм системасынын карттар менен эсептешүүлөр боюнча регламентинде жана иш тартибинде каралган идентификациялык маалыматты түшүрүү.  

Процедура нанесения на банковскую платежную карту и (или) запись в память микропроцессора и (или) на магнитную полосу карты идентификационной информации, предусмотренной регламентом и порядком работы соответствующей платежной системы по расчетам с картами. 

431.  

Аудитордун жетекчиликке каты 

(The auditors letter to the management) 

Письмо руководству от аудитора 

(The auditors letter to the management) 

 

Эсепке алуу жазууларында, бухгалтердик эсеп жана ички контролдук системаларында орун алган, бухгалтердик отчеттун жана уюмдун ишин өркүндөтүү жагындагы башка көрсөтмөлөрдүн бурмаланышына алып келиши ыктымал болгон кемчиликтер жөнүндө аудитордун/аудитордук уюмдун жетекчиликке жөнөткөн кат жүзүндөгү маалыматы.  

Письменная информация аудитора/аудиторской организации руководству о недостатках в учетных записях, системах бухгалтерского учета и внутреннего контроля, которые могут привести к ошибкам в бухгалтерской отчетности, и другие рекомендации по совершенствованию деятельности. 

432.  

Эсептер планы 

(Chart of accounts) 

План счетов 

(Chart of accounts) 

Тизмектелген, тартипке келтирилген бухгалтердик эсептер системасы, алардын жыйындысы. 

Система, совокупность организованных, упорядоченных бухгалтерских счетов

433.  

Төлөм теңдеми 

(Balance of payments) 

Платежный баланс 

(Balance of payments) 

1) Бир өлкөдөн экинчи өлкөгө төлөмдөр түрүндө акча каражаттарынын жылышын чагылдырган таблица, ведомость. Төлөм теңдеми белгилүү бир мезгил ичинде бир өлкө тарабынан чет өлкөгө жөнөтүлгөн төлөмдөрдүн жана ошол эле мезгил ичинде башка бир өлкөгө келип түшкөн суммалардын катышын мүнөздөйт. Акча каражаттарынын түшүүсү алардын чыгымдалышынан ашкан төлөм теңдеми активдүү, ал эми карама-каршы келген учурда - пассивдүү деп аталат. Соода балансы төлөм теңдеминин бөлүгү болуп саналат, анда товарлардын таза экспорту, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн таза экспортунан турган күндөлүк операциялар балансын, инвестициялардан кирешелерди, которууларды жана капиталдын агылып чыгуусунан жана агылып кирүүсүнөн турган капиталдын жылышы балансын камтыйт. Эрежедегидей эле, күндөлүк операциялар эсебинин сальдосу жана капиталдын жылышынын сальдосу теңдештирилет; 2) Төлөм теңдеминде өлкөнүн башка өлкөлөр менен белгилүү бир мезгил аралыгындагы тышкы экономикалык операциялары тууралуу суммардык маалыматтар системага салынган түрүндө чагылдырылат.  

Көпчүлүгү резиденттер жана резидент эместер ортосунда ишке ашырылган мындай операцияларга товарлар, кызмат көрсөтүүлөр жана кирешелер менен операциялар; ошол өлкөнүн калган өлкөлөргө карата финансылык талаптарына жана милдеттенмелерине байланыштуу операциялар; трансферттер катары классификацияланган (мисалы, тартуулоого тиешелүү) операциялар кирет.  

1) Таблица, ведомость, отражающая движение денежных средств в виде платежей из страны в страну. Платежный баланс характеризует соотношение сумм платежей, произведенных страной за границей в течение определенного периода и поступивших в страну в течение того же периода. Платежный баланс, в котором поступления денежных средств превышают их расходование, называют активным, а в противоположном случае пассивным. Частью платежного баланса является торговый баланс, который включает чистый экспорт товаров, баланс текущих операций, состоящий из чистого экспорта товаров и услуг, доходов от инвестиций, переводов и баланса движения капитала, состоящего из оттока и притока капитала. Как правило, сальдо счета текущих операций и сальдо движения капитала балансируются; 2) Статистический отчет, в котором в систематизированном виде приводятся суммарные данные о внешнеэкономических операциях страны с остальным миром за определенный период.  

К таким операциям, большинство из которых совершается между резидентами и нерезидентами, относятся операции с товарами, услугами и доходами; операции, связанные с финансовыми требованиями и обязательствами данной страны по отношению к остальному миру; операции, классифицируемые как трансферты (например, дарение)

434.  

Өзгөрүлмөлүү пайыздык чен 

(Floating rate interest) 

Плавающая процентная ставка 

(Floating rate interest) 

Белгилүү бир облигациялар, депозиттик сертификаттар ж.б. боюнча пайыздык чен, ал рыноктук чендин өзгөрүүсүнө жараша, адатта базалык ченге ыктоо менен тиешелүү негизде өзгөрүп турат. 

Ставка процента по определенным облигациям, депозитным сертификатам и т.п., которая соответствующим образом изменяется в зависимости от изменений рыночной ставки, обычно ориентируясь на базовую ставку

435.  

Төлөм 

(Payment) 

Платёж 

(Payment) 

Нак акча каражаттарын пайдалануу же болбосо төлөөчүнүн нак эмес акча каражаттарын мыйзамда белгиленген формада которуусу аркылуу акчалай милдеттенмесин аткаруусу 

Исполнение денежного обязательства с использованием наличных денежных средств, либо путём перевода плательщиком безналичных денежных средств в форме, установленной законодательством. 

436.  

Төлөм уюму 

(Payment organization) 

Платежная организация 

(Payment organization) 

Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында белгиленген тартипте төлөм уюму менен кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар ортосунда жана төлөм уюму менен банк ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык үчүнчү жактардын кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын пайдасына жеке адамдардан жана юридикалык жактардан төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо ишин жүзөгө ашырган, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын уруксат берүү документине (лицензиясына) ээ юридикалык жак. 

Юридическое лицо, имеющее разрешительный документ Национального банка Кыргызской Республики (лицензия), осуществляющее деятельность по оказанию услуг по приему платежей от физических и юридических лиц в пользу третьих лиц поставщиков услуг, в соответствии с договором между платежной организацией и поставщиками услуг и договором между платежной организацией и банком, заключенными в порядке, установленном законодательством Кыргызской Республики. 

437.  

Төлөм системасы 

(Payment system) 

Платёжная система 

(Payment system) 

Акча жүгүртүлүшүн камсыз кылган технологиялардын, жол-жоболордун, эрежелердин акча каражаттарын которуу системалары менен өз ара байланыштуу системасы. Ири төлөм системасы менен чекене төлөм системасын бири биринен төлөмдөрдүн суммасынын өлчөмүнө жана мөөнөтүнө жараша айырмалашат. 

Ал эми маанилүүлүгүнө жана өлкөнүн төлөм системасынын ишине тийгизген таасиринин деңгээлине жараша системалуу мааниге ээ, маанилүү жана системалуу мааниге ээ эмес төлөм системасы деп бөлүшөт. Системада ишке ашырылган төлөмдөр көлөмүнө жана финансылык туруктуулугуна таасир этүү деңгээлине жараша төлөм системалары системалуу мааниге ээ системалар, жана башка төлөм системаларына бөлүшөт. 

Взаимосвязанная система технологий, процедур, правил, платёжных инструментов и систем перевода денежных средств, обеспечивающих денежное обращение. В зависимости от размера сумм и срочности платежей различают системы крупных платежей и системы розничных платежей.  

В зависимости от степени значимости и степени влияния на работу платежной системы страны - системно значимые, значимые и не системно-значимые платежные системы. В зависимости от объемов проводимых платежей в системе и степени влияния на финансовую стабильность платежные системы подразделяются на системно значимые платежные системы, значимые платежные системы и другие платежные системы. 

438.  

Төлөм тапшырмасы 

(Payment order) 

Платежное поручение 

(Payment order) 

Төлөм документи (кагаз жүзүндөгү/электрондук), ага ылайык банк, эгерде келишимде башкасы каралбаса, төлөөчүнүн тапшыруусу боюнча анын эсебиндеги каражаттардын эсебинен акчанын белгилүү бир суммасын төлөөчү тарабынан көрсөтүлгөн алуучунун ошол банктагы же башка финансы-кредит мекемесиндеги эсебине мыйзам актыларында каралган мөөнөттө которууга милдеттүү болот.  

Платежный документ (бумажный/электронный), согласно которому банк обязан по поручению плательщика за счёт средств, находящихся на его счёте, если иное не предусмотрено договором, перевести определенную денежную сумму на счет получателя, указанного плательщиком в этом банке или ином финансово-кредитном учреждении в срок, предусмотренный законодательством. 

439.  

Төлөм кызмат көрсөтүүлөрү 

(Banking services) 

Платёжные услуги 

(Banking services) 

Төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр: төлөм документтерин иштеп чыгуу, банкта эсептерди жүргүзүү, каражаттарды автоматтык түрдө которуу, чектерди инкассациялоо жана төлөмдөр менен байланыштуу башка кызмат көрсөтүүлөр  

Услуги по осуществлению платежей: обработка платёжных документов, ведение счетов в банке, автоматический перевод средств, инкассирование чеков и др., связанные с платежами. 

440.  

Төлөм инструменти 

(Payment instrument) 

Платёжный инструмент 

(Payment instrument) 

Пайдалануучуга акча каражаттарын которуу мүмкүнчүлүгүн сунуштаган кандай болбосун инструмент. Төлөм инструменттерине төлөм документтеринин (өлкөнүн мыйзам актыларында белгиленген төлөм тапшырмалары, талаптар ж.б.), ошондой эле төлөм карттарынын ар кандай түрлөрү кирет.  

Любой инструмент, предоставляющий пользователю возможность для перевода денежных средств. К платёжным инструментам относятся различные виды платёжных документов (платёжные поручения, требования, и др., установленные законодательством страны), а также и платёжных карт. 

441.  

Төлөөчү 

(Payer) 

Плательщик 

(Payer) 

Сунуштоочу (акча каражаттарын алуучу) алдында акча милдеттенмесин аткаруу максатында акча каражаттарын чекене агентке же банкка салууну, анын ичинде сунуштоочулардын кызмат көрсөтүүлөрү үчүн алдын ала төлөөлөрдү жүзөгө ашырган кардар, жеке адам же юридикалык жак.  

Клиент, физическое или юридическое лицо, осуществляющее внесение денежных средств розничному агенту или банку в целях исполнения денежных обязательств перед поставщиком (получателем денежных средств), в том числе предоплаты за услуги поставщика. 

442.  

Алуучу 

(Receiver) 

Получатель 

(Receiver) 

Кредиттик уюмдарды кошпогондо, керектелген товарлар жана/же ушул сунуштоочунун кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөөчүлөрдөн банктык агенттик түйүндөр аркылуу акча каражаттар пайдасына келип түшкөн банк менен банктык тейлөө келишимине ээ товарларды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар, юридикалык жак.  

Поставщик товаров и/или услуг, юридическое лицо, за исключением кредитных организаций, имеющий договор банковского обслуживания с банком, в пользу которого посредством банковской агентской сети поступают денежные средства от плательщиков за потребленные товары и/или услуги этого поставщика. 

443.  

Банк эсебин ачуусуз акча которууну алуучу 

(Receiver of remittance without opening of bank account) 

Получатель денежного перевода без открытия банковского счета 

(Receiver of remittance without opening of bank account) 

Жөнөтүүчү тарабынан банктык эсепти ачуусуз акча которууну алуучу катары көрсөтүлгөн жеке адам. Жөнөтүүчү жана алуучу бир эле адам болушу мүмкүн. 

Физическое лицо, указанное отправителем в качестве получателя денежного перевода без открытия банковского счета. Отправитель и получатель могут быть одним и тем же лицом. 

444.  

Аралыктан банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануучу  

(User of remote banking and payment services) 

Пользователь дистанционных банковских и платежных услуг 

(User of remote banking and payment services) 

Өз банктык эсебин же электрондук капчыгын аралыктан тескөө үчүн аралыктан сунушталуучу банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланган жеке адам же юридикалык жак же болбосо жеке ишкер.  

Физическое или юридическое лицо либо индивидуальный предприниматель, использующий дистанционные банковские и платежные услуги для удаленного управления своим банковским счетом или электронным кошельком.  

445.  

Укуктук тобокелдик 

(Legal risk) 

Правовой риск 

(Legal risk) 

Төлөм системасы боюнча ченемдик укуктук актыларда катышуучулардын укугунун жана милдеттеринин жетишсиз бөлүштүрүлүшүнөн, Улуттук банктын мыйзамдарынын жана ченемдик укуктук актыларынын туура эмес колдонулушунан же контракттын (келишимдин) шарттарын аткаруу мүмкүн эместигинен улам алгылыксыз жагдайдын орун алышы ыктымалдуулугу.  

Вероятность наступления неблагоприятного события вследствие недостаточного разделения прав и обязанностей участников в нормативных правовых актах по платежной системе, неправильного применения законодательства и нормативных правовых актов Национального банка, или вследствие невозможности выполнения условий контракта (договора). 

446.  

Алдын ала авторизациялоо 

(Pre-authorization) 

Предавторизация 

(Pre-authorization) 

Кардар тарабынан көрсөтүлгөн акча каражаттарды алуучудан төлөө үчүн эсепти алуу учурунда, кардардын банкка белгилүү бир мөөнөт ичинде жана (же) белгилүү бир сумманын чегинде өз эсептешүүүндөлүк эсебин дебеттөөгө алдын ала уруксат бериши. 

Предварительная выдача клиентом разрешения банку в течение определенного периода времени и (или) в пределах определенной суммы дебетовать свой расчетный/текущий счёт при получении счета на оплату от указанного клиентом получателя денежных средств.  

447.  

Алдын ала төлөнгөн карт 

(Prepaid card) 

Предоплаченная карта 

(Prepaid card) 

Карт ээси эмитентке мурда төлөп койгон нарк сакталып туруучу карт. 

Карта, на которой хранится стоимость, которую держатель карты заранее оплатил эмитенту.  

448.  

Төлөмгө каршы төлөм 

(Payment versus payment) 

Платеж против платежа 

(Payment versus payment) 

Бир чет өлкө валютасын жыйынтыктап которуу башка чет өлкө валютасын же валюталарын жыйынтыктап которуу ишке ашырылган учурда гана жүргүзүлө тургандыгы каралган эсептөө принциби.  

Принцип расчета, который предусматривает, что окончательный перевод одной иностранной валюты произойдет только в том случае, если будет произведен окончательный перевод другой иностранной валюты или валют.  

449.  

Электрондук акчаны айландыруу  

(E-money repayment) 

Погашение электронных денег 

(E-money repayment) 

Электрондук акча ээсинин банкка, операторго, агентке, субагентке, эл аралык электрондук акча системасынын субагентине сунуштаган электрондук акчаны/эл аралык электрондук акчаны, аларда сакталган электрондук акча/эл аралык электрондук акча калдыгынан ашпаган суммада нак же нак эмес акчага алмаштыруу операциясы. Айландыруу банктын аралыкта орнотулган жабдуулары аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн. 

Операция обмена электронных денег/международных электронных денег, предъявляемых держателем банку, оператору, агенту, субагенту/субагенту международных систем электронных денег, на наличные или безналичные денежные средства, не превышающие остаток хранимой на них суммы электронных денег/международных электронных денег. Погашение может производиться с применением периферийных устройств банка.  

450.  

Төлөмгө каршы берүүлөр 

(Delivery versus payment) 

Поставка против платежа 

(Delivery versus payment) 

Бир активди жыйынтыктап которуу башка активди жыйынтыктап которуу ишке ашырылган шартта гана дароо жүргүзүлө тургандыгын гарантиялаган, эсептешүү принциби. Активдер валюта, баалуу кагаздар жана башка финансы инструменттери түрүндө болушу мүмкүн. 

Принцип расчёта, который гарантирует, что окончательный перевод одного актива происходит сразу и только в том случае, если происходит окончательный перевод другого актива. Активы могут быть в виде валюты, ценных бумаг и других финансовых инструментов. 

451.  

Төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоочу (Provider of payment services) 

Поставщик платежных услуг (Provider of payment services) 

сатып өткөрүлгөн товарлар (аткарылган иштер, кызмат көрсөтүүлөр) үчүн кардардын акча каражаттарын алган юридикалык жак же жеке ишкер.  

юридическое лицо или индивидуальный предприниматель, получающее денежные средства клиента за реализуемые товары (выполняемые работы, услуги). 

452.  

Аралыктан банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу (Provider of remote banking and payment services) 

Поставщик дистанционных банковских и платежных услуг (Provider of remote banking and payment services) 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган өзүнчө банктык операцияларды жүзөгө ашырууга жана үчүнчү жактардын (төлөм кызмат көрсөтүүлөрү) пайдасына төлөмдөрдү өткөрүүгө лицензияга ээ банктар, төлөм системаларынын операторлору, төлөм уюмдары жана башка адистештирилген финансы-кредит мекемелер.  

банки, операторы платежных систем и платежные организации и иные специализированные финансово-кредитные учреждения, имеющие лицензию Национального банка Кыргызской Республики на осуществление отдельных банковских операций и проведение платежей в пользу третьих лиц (платежные услуги), предусмотренной законодательством Кыргызской Республики.  

453.  

Алдын ала төлөнгөн карт (Pre-authorization card) 

Предвыпущенная карта  

(Pre-authorization card) 

Аралыкта орнотулган жабдуулар аркылуу акча каражаттарын нак акчага айландыруу, соода түйүндөрүндө нак эмес түрдө сатып алууларды төлөө, интернет аркылуу операцияларды ишке ашыруу үчүн багытталган, конкреттүү бир кардар үчүн ачылган эсепке каралган картка ээлик кылуучунун аты-жөнү көрсөтүлбөгөн, банктын бөлүмүндө дароо берилген карт. Коопсуздукту камсыз кылуу максатында алдын ала чыгарылган картты негизги карт катары пайдаланууга жана анда көп өлчөмдөгү сумманы сактоо сунуш кылынбайт, анткени ал боюнча төлөмдү өткөрүүдө документ талап кылынбайт.  

Карта моментальной выдачи в отделении банка без указания фамилии и имени держателя карты на поверхности карты, прикрепленная к счету, который открывается на конкретного клиента, предназначенная для обналичивания денежных средств посредством периферийных устройств, оплаты покупок в торговых точках безналичным путем, проведения операций через интернет. В целях безопасности не рекомендуется использовать предвыпущенные карты как основные и хранить на них большие суммы, так как проведение оплаты по ним не требует предъявления документов 

454.  

Тобокелдикке баа берүү көрсөткүчү (VaR) 

(VaR (Value at Risk)) 

Показатель оценки риска (VaR) 

(VaR (Value at Risk)) 

Келип чыгуу ыктымалдыгын чагылдырган тобокелдиктин баа берилген көрсөткүчү, рыноктун макро жана микроэкономикалык коньюнктурасынын учурдагы тенденциясы сакталып турган шартта, белгилүү бир мезгил ичинде (убакыт чеги) келип чыгышы ыктымал болгон жоготуулардын жол берилген өлчөмү

Оценочный показатель риска, отражающий с заданной вероятностью (доверительный уровень), максимально возможный размер потерь за определенный период времени (временной горизонт) при условии сохранения текущих тенденций макро- и микроэкономической конъюнктуры рынка. 

455.  

Финансылык туруктуулук көрсөткүчтөрү (ПФУ) 

(Financial Soundness Indicators) 

Показатели финансовой устойчивости (ПФУ) 

(Financial Soundness Indicators) 

Финансы секторунун (банктык жана банктык эмес секторлордун) корпоративдик финансылык эмес сектордун, үй чарбаларынын, ошондой эле реалдуу, бюджеттик жана тышкы экономикалык секторлордун учурдагы финансылык абалынын жана туруктуулугунун көрсөткүчтөрү. Финансылык туруктуулук көрсөткүчтөрү аркылуу макропруденциалдык талдап-иликтөөлөр финансылык туруктуулукка баа берүүнүн усулдук ыкмаларынын бири болуп саналат.  

Показатели текущего финансового состояния и устойчивости финансового сектора (банковского и небанковского секторов), корпоративного нефинансового сектора, домашних хозяйств, а также реального, бюджетного и внешнеэкономического секторов. Макропруденциальный анализ посредством показателей финансовой устойчивости является одним из методологических подходов оценки финансовой стабильности.  

456.  

Аутрайт шарттарында мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу (редисконттук операциялар) 

(Purchase of government securities on outright terms (re-discount operations)) 

Покупка государственных ценных бумаг на условиях аутрайт (редисконтные операции) 

(Purchase of government securities on outright terms у(re-discount operations)) 

Акча-кредит саясатынын инструменти, ал Улуттук банктын макулдашылган шарттарда мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу аркылуу банк тутумуна ликвиддүүлүктү сунуштоо максатында колдонулат.  

 

Инструмент денежно-кредитной политики, используемый с целью предоставления ликвидности банковской системе путем покупки Национальным банком государственных ценных бумаг на оговоренных условиях

457.  

Баалуу кагаздар портфели (куржуну) 

(Securities portfolio) 

Портфель ценных бумаг 

(Securities portfolio) 

Баалуу кагаздар рыногунун субъекттеринин менчигинде же тескөөсүндө турган баалуу кагаздардын ар кандай түрлөрүнүн жыйындысы. 

Совокупность различных видов ценных бумаг, находящихся в собственности или управлении субъекта рынка ценных бумаг

458.  

Төлөмго каршы берүүлөр 

(Delivery versus payment) 

Поставка против платежа 

(Delivery versus payment) 

Бир активди жыйынтыктап которуу башка активди жыйынтыктап которуу ишке ашырылган шартта гана жана ошол замат жүргүзүлө тургандыгын гарантиялаган эсептешүү принциби. Активдер валюта, баалуу кагаздар жана башка финансылык инструменттер түрүндө болушу мүмкүн.  

Принцип расчёта, который гарантирует, что окончательный перевод одного актива происходит сразу и только в том случае, если происходит окончательный перевод другого актива. Активы могут быть в виде валюты, ценных бумаг и других финансовых инструментов. 

459.  

Баалуу кагаздар боюнча сый акы 

(Securities premium) 

Премия по ценным бумагам 

(Securities premium) 

Баалуу кагаздын адилет (рыноктук) наркынын анын номиналдык наркынан артышы. Мында, купон боюнча чегерилген пайыздар эске алынбайт (эгерде, баалуу кагаздарды чыгаруу шарттары купонго төлөөнү түшүндүрсө). 

Превышение справедливой (рыночной) стоимости ценной бумаги над её номиналом, без учёта начисленных процентов по купону (если условиями выпуска ценной бумаги подразумевается выплата купона). 

460.  

Тобокелдикке баргандык үчүн сый акы 

(Risk premium) 

Премия за риск 

(Risk premium) 

Кыйла тобокелдүү активдерге каражат салуу менен инвестор аны алууну көздөп жаткан кошумча киреше.  

Дополнительный доход, на который рассчитывает инвестор, вкладывающий средства в более рисковые активы. 

461.  

Келтирилген нарк 

(Present Value) 

Приведенная стоимость 

(Present Value) 

Бул, пайыздын белгиленген ченине ылайык, карызды тейлөө боюнча келечектеги бардык төлөмдөрдүн дисконттолгон суммасы. Эгерде пайыздык чен милдеттенме боюнча келишимдик ченге барабар болсо, анда келтирилген нарк номиналдык наркка барабар болот, ал эми пайыздык чен рыноктук чен болуп саналса, келтирилген нарк карыздын рыноктук наркына барабар болот деген түшүнүк келип чыгат.  

Приведенная стоимость это дисконтированная сумма всех будущих платежей по обслуживанию долга по заданной ставке процента. Если ставка процента равна договорной ставке по обязательству, то из этого логически вытекает, что приведенная стоимость равна номинальной стоимости, а если ставка процента является рыночной ставкой, то тогда приведенная стоимость равна рыночной стоимости долга. 

462.  

«Бардыгын же эч нерсени» принциби (All-or-nothing principle) 

Принцип «все или ничего»  

(All-or-nothing principle) 

Чекене төлөмдөр системасында эсептелинген системанын катышуучуларынын жыйынтыктоочу эсебин жүргүзүү учурунда колдонулат. Эгерде системанын катышуучуларынын биринде эле өзүнүн таза дебеттик позициясын төлөө үчүн каражаттары жетишсиз болсо, анда система бардык катышуучулар үчүн таза позициянын жыйынтыктоочу эсебин толук жөнгө салганга чейин жүргүзбөйт.  

Используется при проведении окончательного расчета чистых позиций участников системы, рассчитанных в системах розничных платежей. В случае, если хотя бы у одного из участников системы недостаточно средств для оплаты своей чистой дебетовой позиции, система не проводит окончательный расчет чистых позиций для всех участников системы до полного их урегулирования. 

463.  

Баалардын көп түрдүүлүк принциби 

(Multiplicity of price principle) 

Принцип множественности цен 

(Multiplicity of price principle) 

Аукциондо утушка ээ болгон бардык билдирмелер аларда көрсөтүлгөн пайыздык чендер боюнча канааттандырылууга тийиш болгон принцип. 

Принцип, согласно которому все выигравшие на аукционе конкурентные заявки подлежат удовлетворению по указанным в них процентным ставкам. 

464.  

Тобокелдикти кабыл алуу 

(Risk acceptance) 

Принятие риска 

(Risk acceptance) 

Бизнес-процесске мүнөздүү болгон тобокелдикти кабыл алуу. Алгылыксыз жагдайлар келип чыккан учурда, мүмкүн болуучу чыгымдардын ордун жабуу үчүн атайы камдык фондулар түзүлөт.  

Сохранение риска, присущего бизнес-процессу. Для компенсации вероятных убытков при возникновении негативных событий создаются специальные резервные фонды. 

465.  

Карызды кабыл алуу/өткөрүп берүү/которуу 

(Debt Assumption) 

Принятие/уступка/перевод долга 

(Debt Assumption) 

Бир чарба жүргүзүүчү бирдиктин милдеттенмелеринин катышуучу тараптардын макулдугу боюнча экинчисинин кабыл алышы/ага өткөрүлүп берилиши/ага которулушу. 

Принятие/уступка/перевод долгового обязательства одной хозяйствующей единицы другой, как правило, по взаимному согласию участвующих сторон. 

466.  

Провайдер (Provider) 

Провайдер 

(Provider) 

Маалымат алмашуу учурунда компаниялар ортосунда өз ара байланышты камсыз кылуу боюнча технологиялык/техникалык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган уюм. 

Организация, предоставляющая технологические/технические услуги по обеспечению взаимосвязи между компаниями при информационном обмене. 

467.  

Бир адамга эсептелинген минимум 

(Living wage) 

Прожиточный минимум 

(Living wage) 

Адам баласынын жашоо тиричилигин камсыз кылуу, анын ден соолугун сактоо, ошондой эле милдеттүү төлөмдөр жана жыйымдар суммасын камсыз кылуу үчүн зарыл болгон минималдуу керектөө куржунунун нарк өлчөмүнө барабар болгон материалдык ыңгайлуулуктар жана кызмат көрсөтүүлөрдүн минималдуу топтомуна нарктык баа берүү. Тиричилик минимуму өлчөмү мамлекеттик статистика органдары тарабынан эсептелинип, социалдык саясатты жана программаларды, эмгек акынын минималдуу өлчөмүн, пенсиялардын минималдуу өлчөмүн белгилөө негиздемелерин иштеп чыгып, ишке ашырууда, ошондой эле стипендия, жөлөк пул ж.б. социалдык төлөөлөрдүн өлчөмүн аныктоодо, калктын жашоо-деңгээлине баа берүү үчүн каралган. 

Стоимостная оценка минимального набора материальных благ и услуг, равных по величине стоимости минимальной потребительской корзины, необходимых для обеспечения жизнедеятельности человека и сохранения его здоровья, а также суммы обязательных платежей и сборов. Величина прожиточного минимума рассчитывается органами государственной статистики и предназначается для оценки уровня жизни населения при разработке и реализации социальной политики и программ, обоснования устанавливаемых минимального размера оплаты труда и минимального размера пенсии, а также для определения размеров стипендий, пособий и других социальных выплат, а также формирования госбюджета

468.  

Кредиттердин мөөнөтүн узартуу (пролонгациялоо) 

(Prolongation) 

Пролонгация кредитов 

(Prolongation) 

Кредиттерди пролонгациялоо кредиттерди кайтарып берүү мөөнөтүн узартуу. 

Пролонгация кредитов продление срока возврата кредита. 

469.  

Пайыздык чен 

(Interest rate) 

Процентная ставка 

(Interest rate) 

кредит, насыя үчүн пайыз өлчөмү; белгилүү бир мезгил аралыгы (ай, жыл) үчүн карыз алуучу тарабынан кредиторго төлөнүп берилүүчү пайыздык төлөмдөрдүн салыштырмалуу өлчөмү. Кредитордун пайдасы көбүнесе пайыздык ченге жараша болот. Инфляция шартында пайыздык чен көбөйөт, анткени анда инфляциянын күтүлүп жаткан деңгээлинин толук же бир бөлүгү камтылат. Өлчөмү кредиттин бүтүндөй мөөнөтү үчүн катталбаган пайыздык чен өзгөрүлмөлүү пайыздык чен деп аталат.  

размер процента за кредит, займ; относительная величина процентных платежей, выплачиваемых заемщиком кредитору за определенный период времени (месяц, год). От процентной ставки во многом зависит прибыль кредитора. В условиях инфляции процентная ставка увеличивается, так как включает в себя полностью или частично ожидаемый уровень инфляции. Процентная ставка, размер которой не фиксируется на весь срок кредита, называется плавающей.  

470.  

Процессинг (Processing) 

Процессинг (Processing) 

1) Төлөм системасынын катышуучуларына финансылык маалыматты топтоо, иштеп чыгуу, өткөрүү боюнча өзүнө өз ара байланыштуу процесстерди камтыган иш. 

2) катышуучуларга карттарды пайдалануу менен өткөрүлгөн транзакциялар боюнча маалыматтарды топтоо, иштеп чыгуу жана таркатууну, ошондой эле карттарды пайдалануу менен эсептешүүлөр системасына катышуучулар ортосунда түзүлгөн тиешелүү келишимдерде каралган башка функцияларды аткарууну өзүнө камтыган ишкердик.  

1) Деятельность, включающая в себя взаимосвязанные процессы по сбору, хранению, обработке и передаче участникам платежной системы финансовой информации. 

2) Деятельность, включающая в себя сбор, обработку и рассылку участникам расчетов информации по транзакциям, совершенным с использованием карт, а также выполнение иных функций, предусмотренных соответствующими договорами между участниками системы расчетов с использованием карт. 

471.  

Электрондук акча процессинги 

(Processing of E-money) 

Процессинг электронных денег 

(Processing of E-money) 

Эсептешүү системасынын катышуучулары ортосунда түзүлгөн тиешелүү келишимдерге ылайык, өзүндө электрондук акчаларды пайдалануу менен ишке ашырылган операциялар тууралуу маалыматтарды топтоону, иштеп чыгууну жана аларды катышуучуларга жөнөтүүнү камтыган иш. 

Деятельность, включающая в себя сбор, обработку и рассылку информации участникам об операциях с электронными деньгами, предусмотренных соответствующими договорами между участниками системы расчетов с использованием электронных денег. 

472.  

Процессинг борбору 

(Processing center) 

Процессинговый центр 

(Processing center) 

1) Процессингди жүзөгө ашыруучу юридикалык жак. 

2) ишке ашырылган транзакциялар боюнча маалыматты топтоо, иштеп чыгуу жана эмитентке, эквайерге жана эсептешүү агентине таркатуу боюнча ишти жүзөгө ашырган юридикалык жак же анын түзүмдүк бөлүмү 

1) Юридическое лицо, осуществляющее процессинг. 

2) юридическое лицо или его структурное подразделение, осуществляющее сбор, обработку и рассылку информации по проведенным транзакциям эмитенту, эквайеру и расчётному агенту. 

473.  

Карызды кечүү (эсептен алып салуу) 

(Debt Forgiveness) 

Прощение (списание) долга 

(Debt Forgiveness) 

Кредитор менен карыз алуучу ортосунда келишимдин алкагында карыздык милдеттенмелерди өз эрки боюнча толук же жарым-жартылай жокко чыгаруу. 

Добровольное полное или частичное аннулирование долговых обязательств в рамках договорного соглашения между кредитором и заемщиком

474.  

Тике банктык көзөмөл 

Прямой банковский надзор 

Тике банктык көзөмөл бул, төмөнкү учурларда коммерциялык банктарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары: 

1) банк тарабынан белгиленген убакыт ичинде чечилбеген финансылык проблемалардын орун алышы; 

2) банктын кызмат адамдарынын аракеттери тобокелдүү катары бааланып, ал банктын алгылыктуу абалына таасирин тийгизиши мүмкүн болгон жагдай; 

3) аманатчылардын жана башка кредиторлордун таламдарына потенциалдуу коркунучтун келтирилиши; 

4) мыйзамдардын жана Улуттук банктын ченемдик актыларынын талаптарын бузууга жол берилгендиги фактыларынын аныкталышы.  

Прямой банковский надзор это мера воздействия, применяемая в отношении коммерческих банков в случаях: 

1) наличия финансовых проблем, не разрешаемых банком в течение предписанного времени; 

2) когда действия должностных лиц банка расцениваются как рискованные и могут повлиять на благополучное состояние банка; 

3) потенциальной угрозы интересам вкладчиков и других кредиторов; 

4) выявления фактов нарушений законодательства и нормативных актов Национального банка.  

475.  

Тике дебеттөө (Direct debit) 

Прямое дебетование 

(Direct debit) 

Эсептешүүнү жүзөгө ашыруу формасы, мында банк каражаттарды кардардын эсебинен алып салууну алдын ала авторизациялоонун негизинде анын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырат.  

Форма осуществления расчета, при котором банк осуществляет списание средств со счета клиента за счет средств клиента на основании предавторизации. 

476.  

Тике катышуучу 

(Direct participant 

Прямой участник (Direct participant) 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздар рыногунда иш алып баруу жөнүндө Улуттук банк менен тиешелүү келишим түзгөн биринчилик дилер, финансы-кредит мекемеси ж.б. катышуучулар.  

Первичный дилер, финансово-кредитное учреждение и другие участники заключившие с Национальным банком Кыргызской Республики соответствующий договор о работе на рынке государственных ценных бумаг, размещаемых через Национальный банк Кыргыз Республики 

477.  

Электрондук цифралык кол тамга “ачык” ачкычы 

(Public key) 

Публичный (открытый) ключ электронной цифровой подписи 

(Public key) 

Электрондук цифралык кол тамгаларды текшерүү үчүн каралган белгилердин жалпыга жеткиликтүү болгон ырааттуулугу. 

Общедоступная последовательность символов, предназначенная для проверки электронной цифровой подписи. 

478.  

Пул 

(Pool) 

Пул 

(Pool) 

1. Инвесторлордун компанияларынын, мисалы, бааны колдоп туруу же башка максаттар үчүн убактылуу биригүүсү

2. Финансылык ресурстарды бириктирүү

3. Эрежедегидей эле, суммардык мааниде алганда бир түрдүү кредиттердин, баалуу кагаздардын портфели. 

1. Временное объединение компаний инвесторов, например, для поддержки цен или в других целях. 

2. Объединение финансовых ресурсов. 

3. Портфель кредитов, ценных бумаг, как правило, однотипных, в суммарном выражении

479.  

Нак акча каражаттарын кабыл алуу жана/же берүү пункту (Cash advance point) 

Пункт приема и/или выдачи наличных - денежных средств (ПВН) Cash advance point 

Нак акча каражаттарын берүү жана (же) кабыл алуу, анын ичинде банктык төлөм карттарды пайдалануу менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча операцияларды ишке ашыруу үчүн тиешелүү түрдө жабдылган жай.  

Соответствующим образом оборудованное место (помещение) для совершения операций по выдаче и (или) приему наличных денежных средств, проведения расчетов, в том числе и с использованием банковских платежных карт.  

480.  

Пайда алып келүүчү активдер 

(Earning assets) 

«Работающие» активы 

(Earning assets) 

Бул, пайыздык киреше алып келген активдер (кредиттер, баалуу кагаздар жана башкалар). Эрежедегидей эле, булар банктын балансына талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү максатында колдонулат. 

«Работающие» активы это активы (кредиты, ценные бумаги и другие), приносящие процентный доход. Применяются, как правило, для целей анализа баланса банка. 

481.  

Курстук айырма 

(Difference in rates of exchange, agio) 

Разница курсовая 

(Difference in rates of exchange, agio) 

Финансылык инструменттин наркында валюта курсунун же баалуу кагаздардын өзгөрүүсүнүн натыйжасында келип чыккан айырма. 

Разница в стоимости финансового инструмента, возникающая в результате изменения курса валюты или ценных бумаг

482.  

Өндүрүштүн ажырымы же ички дүң өнүмдөгү (ИДӨ) ажырым 

(GDP gap) 

Разрыв производства или разрыв ВВП 

(GDP gap) 

ИДӨнүн потенциалдуу мүмкүн болуучу жана айкын көлөмүнүн ортосундагы айырма. Өндүрүштөгү үзгүлтүк экономиканын активдешүүсүнүн же стагнация абалынын индикатору катары кызмат кыла алат. Эгерде, айкын ИДӨ (Y < Y*) потенциалдуу ИДӨдөн төмөн болсо (Y < Y*), анда экономикада “рецессиондук ажырым” деп аталган жагдай орун алган катары эсептелинип, ал дефляциялык процесстердин мүмкүндүгүн тастыктайт жана тескерисинче, айкын ИДӨ потенциалдуу ИДӨдөн жогору болсо (Y > Y*), анда чогуу алгандагы талаптын өсүшү, чогуу алгандагы сунуштун өсүшүнөн артат, бул инфляциялык басымдын күчөшүнө түрткү берет.  

Разница между потенциально возможным и фактическим объемом ВВП. Разрыв производства может служить индикатором активизации или стагнации экономики. Если фактический ВВП меньше потенциального (Y < Y*), то, принято считать, что в экономике имеет место так называемый «рецессионный разрыв», который указывает на возможное наличие дефляционных процессов. И наоборот, если фактический ВВП больше потенциального (Y > Y*), то, принято считать, что рост совокупного спроса превышает рост совокупного предложения, что способствует усилению инфляционного давления. 

483.  

Төлөмдү ачып көрсөтүү 

Раскрытие платежа 

Төлөмдү өткөрүүгө мүмкүндүк берген анын бардык зарыл реквизиттерин милдеттүү түрдө толтурууда электрондук төлөм документин түзүү жана сунуштоо. 

Формирование и предоставление электронного платежного документа при обязательном заполнении всех его необходимых реквизитов, позволяющих провести платеж. 

484.  

Колдо болгон киреше 

(Effective revenue) 

Располагаемый доход 

(Effective revenue) 

Жеке керектөөгө жумшалуучу, салыктан арылтылган киреше. Колдо болгон киреше жеке киреше менен салыктардын суммасы ортосундагы айрымага барабар же ага шайкеш, керектөө суммасы менен жыйым өлчөмүнө барабар.  

Доход, идущий на личное потребление и очищенный от налога. Личный располагаемый доход равен разности между личным доходом и суммой налогов или, что адекватно, равен сумме потребления и величины сбережений  

485.  

Чыгашалар 

(Expenses) 

Расходы 

(Expenses) 

Чарбалык иштин жүрүшүндө каражаттардын азайышына же карыздык милдетттенмелердин көбөйүүсүнө алып келген сарптоолор. 

Затраты в процессе хозяйственной деятельности, приводящие к уменьшению средств или увеличению долговых обязательств

486.  

Эсептешүү 

(соода, POS-) терминалы (Payment (POS) terminal) 

Расчётный (торговый, POS-) терминал 

(Payment (POS) terminal) 

Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча нак эмес операцияларды аткарууга багытталган, соода-тейлөө ишканасында орнотулган, төлөм карттарынан маалыматтарды эсепке алган жана каражаттардын электрондук түрдө которулушун демилгелеген терминал.  

Терминал, установленный в торгово-сервисном предприятии, предназначенный для выполнения безналичных операций по приобретению (покупке) товаров и услуг, считывающий информацию с платёжной карты и инициирующий электронный перевод средств. 

487.  

Эсептешүү агенти Settlement agent 

Расчетный агент Settlement agent 

Картты пайдалануу менен эсептешүүлөр системасынын катышуучулары ортосунда жыйынтыктоочу эсептешүүлөрдү жүргүзүүнү камсыз кылган уюм.  

Организация, обеспечивающая проведение окончательных расчетов между участниками системы расчетов с использованием карт. 

488.  

Эсептешүү банкы Settlement bank 

Расчетный банк (Settlement bank) 

Чекене агенти төлөөчүлөрдөн алынган акча каражаттарын эсепке алуу боюнча жана белгилүү бир алуучулардын пайдасына гана эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн колдонулган эсептешүү эсебине ээ болгон банк же анын филиалы. 

Банк или его филиал, в котором розничный агент имеет расчетный счет по учету денежных средств, полученных от плательщиков, и используемый для проведения расчетов только в пользу определенных получателей. 

489.  

Эсептешүү эсеби (Settlement account (in the meaning of “current account”)) 

Расчетный счет (Settlement account (in the meaning of “current account”)) 

Кардарга (жеке адамга же юридикалык жакка) келишимдин негизинде финансы-кредит мекемеси тарабынан ачылган эсеп, ал акча каражаттарын сактоого багытталган жана кардардын бардык эсептешүүлөрү (келип түшүүлөр, төлөөлөр, башка юридикалык жактар жана жеке адамдар менен өз ара эсептешүүлөр ж.б.) жүргүзүлөт. 

Счет, открываемый финансово-кредитным учреждением на основании договора клиенту (физическому или юридическому лицу), предназначенный для хранения денежных средств и по которому производятся все расчёты клиента (поступления, выплаты, взаимные расчеты с другими юридическими и физическими лицами и др.). 

490.  

Айкын киреше 

(Real income) 

Реальный доход 

(Real income) 

Айкын киреше бул, инфляция деңгээлине корректировкаланган киреше. 

Реальный доход это доход, скорректированный на уровень инфляции. 

491.  

Реалдуу пайыздык чен 

(Real interest rate) 

Реальная процентная ставка 

(Real interest rate) 

Инфляция деңгээлине корректировкаланган номиналдык пайыздык чен

Номинальная процентная ставка, скорректированная на уровень инфляции

492.  

Реалдуу ИДӨ 

(Real gross domestic product) 

Реальный ВВП 

(Real gross domestic product) 

Базистик жылдын баасында эсептелинген ИДӨ. Ал номиналдык ИДӨнүн ИДӨ дефляторуна карата катышы катары аныкталат. 

ВВП, рассчитанный в ценах базисного года. Определяется как отношение номинального ВВП к дефлятору ВВП

493.  

Реалдуу эффективдүү алмашуу курсу 

(Real effective exchange rate) 

Реальный эффективный обменный курс 

(Real effective exchange rate) 

Өлкөдөгү баа деңгээлинин өзгөрүүсүнө кароого алынып жаткан өлкөлөр тобунда соода боюнча өнөктөш өлкөлөрдөгүгө салыштырганда, өзгөрүүсүнө корректировкаланган номиналдык эффективдүү курс. 

Номинальный эффективный курс, скорректированный на изменение уровня цен в стране относительно стран-партнеров по торговле, включенных в рассматриваемую группу стран. 

494.  

Ревальвация 

(Revaluation) 

Ревальвация 

(Revaluation) 

Катталган валюта курсу ыргагында улуттук валютанын чет өлкө валюталарына же эл аралык валюта бирдиктерине карата катышынын жогорулоосу. 

Повышение курса национальной валюты по отношению к иностранным валютам или международным валютным единицам при режиме фиксированного валютного курса

495.  

Айкын убакыт ыргагы (Real-time mode) 

Режим реального времени (Real-time mode) 

Төлөм документтерин, маалыматты иштеп чыгуу системасынын бул процесстердин ылдамдыгына тең арымда тышкы процесстер менен өз ара иш алып баруусун камсыз кылган, төлөм документтерди, маалыматты иштеп чыгуу ыргагы  

Режим обработки платежных документов, информации, обеспечивающий немедленное взаимодействие системы обработки платежных документов, информации с внешними процессами в темпе, соизмеримом со скоростью протекания этих процессов. 

496.  

Өзгөрүлмөлүү валюта курсунун режими 

(Floating exchange rate) 

Режим плавающего валютного курса 

(Floating exchange rate) 

Курсту аныктоо ага ылайык рыноктогу суроо-талап жана сунуштун негизинде жүргөн валюта режими 

Валютный режим, согласно которому курсообразование происходит на основе спроса и предложения на рынке

497.  

Потенциалдуу кредиттик жана лизингдик жоготуулардын ордун жабууга каралган кам (РППУ) 

(Allowance for Loan and Lease Losses (ALLL)) 

Резерв на покрытие потенциальных кредитных и лизинговых потерь (РППУ) 

(Allowance for Loan and Lease Losses (ALLL)) 

Эл аралык финансылык отчеттуулук стандарттарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, өзүндө кредиттик тобокелдиктерди камтыган баланстан тышкаркы милдеттенмелерди кошо алганда, финансы активинин нарксызданышынан улам келип чыгуучу чыгымдардын ордун жабуу үчүн ФКМдердин чыгашаларынын эсебинен түзүлгөн резервдерге чегерүүлөрдүн суммасы. 

Сумма отчислений в резервы, создаваемые за счет расходов ФКУ, для покрытия возможных убытков от обесценения финансового актива, включая забалансовые обязательства, несущих в себе кредитные риски, в соответствии с МСФО и НПА НБКР. 

498.  

Потенциалдуу кредиттик жана лизингдик жоготуулардын ордун жабууга каралган кам (РППУ) 

(Allowance for Loan and Lease Losses (ALLL)) 

Резерв на покрытие потенциальных кредитных и лизинговых потерь 

(Allowance for Loan and Lease Losses (ALLL)) 

Иши Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан жөнгө салынган финансы-кредит мекемелери тарабынан өзүндө кредиттик тобокелдикти, баланстан тышкаркы милдеттенмелерди аткаруу тобокелдигин камтыган активдер боюнча келип чыгышы ыктымал болгон жоготуулардын ордун жабуу максатында, чыгашалардын эсебинен түзүлгөн кам. РППУ активдерге карата контрэсеп болуп саналат, РППУга чегерүүлөр өлчөмү активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин абалына жана сапатына жараша белгиленет 

Резервы, которые формируются финансово-кредитными учреждениями, регулируемыми Национальным банком, за счет расходов в целях покрытия возможных потерь по активам, несущим в себе кредитные риски и риски исполнения забалансовых обязательств. РППУ являются контрсчетом к активам, размер отчислений в РППУ зависит от состояния и качества активов и забалансовых обязательств. 

499.  

Камдык валюта 

(Reserve currency) 

Резервная валюта 

(Reserve currency) 

Өкмөттөр жана борбордук банктар, эл аралык уюмдар тарабынан колдонулган жана эл аралык эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн кам валютасы катары таанылган валюта 

Валюта, используемая правительствами и центральными банками, международными организациями и признанная в качестве валюты резервов, для осуществления международных расчетов

500.  

Резидент 

(Resident) 

Резидент 

(Resident) 

Туруктуу жашаган жери, туруктуу орун алган жери, башкаруу, катталган жана түзүлгөн жеринин негизинде ар кандай максаттар үчүн мамлекеттин мыйзамдарына ылайык белгилери же башка мүнөздөмөлөрү боюнча биригишкен кайсы гана болбосун жеке адам жана юридикалык жак. “Резидент” термини салык салуу, статистика ж.б. максаттар үчүн пайдаланылышы мүмкүн. 

Любое физическое и юридическое лицо, которые по законодательству государства объединяются по признакам для различных целей на основании местожительства, постоянного местопребывания, места управления, регистрации и создания либо другим характеристикам. Термин «резидент» может использоваться для целей налогообложения, статистики и др. 

501.  

Рейтингдик агенттик 

(Rating agency) 

Рейтинговое агентство 

(Rating agency) 

Эмитенттердин төлөө жөндөмдүүлүгү, карыздык милдеттенмелери, корпоративдик башкаруу сапатына, активдерди башкаруу сапатына ж.б. (мисалы, Standard & Poors, Moody's же Fitch Investors Service) баа берүү менен алектенген коммерциялык уюм. 

Коммерческая организация, занимающаяся оценкой платежеспособности эмитентов, долговых обязательств, качества корпоративного управления, качества управления активами и т. п. (например Standard & Poors, Moody's или Fitch Investors Service). 

502.  

Карызды кайра өзгөртүп түзүү/ реструктуризация-лоо 

Debt (Reorganization/Restructuring) 

Реорганизация/ 

реструктуризация долга 

(Reorganization/Restructuring) 

Карызды кайра өзгөртүп түзүү, кредитор сыяктуу эле, карыз алуучунун катышуусу менен түзүлгөн, эки тараптуу келишимдин натыйжасы болуп саналат, карызды тейлөө шарттары ага ылайык өзгөртүлүп түзүлөт. Карызды кайра өзгөртүп түзүү кайра тариздөөнү, кайра каржылоону, карызды кечүүнү, конверсиялоону жана карызды мөөнөтүнөн мурда төлөөнү камтыйт. 

Реорганизация долга является результатом двусторонних соглашений, заключаемых с участием как кредитора, так и заемщика в соответствии с которыми изменяются условия обслуживания долга. Реорганизация долга включает переоформление, рефинансирование, прощение, конверсию и досрочную выплату долга

503.  

Репо-операция 

(Repo operation) 

Репо-операция 

(Repo operation) 

Келечекте аныкталган күнү алдын ала макулдашылган баада, аларды кайтара сатуу/сатып алуу милдеттенмеси менен экинчилик рыногунда мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу/сатуу боюнча операция. 

Операция по покупке/продаже государственных ценных бумаг на вторичном рынке с обязательством их обратной продажи/покупки в определённую дату в будущем, по заранее оговоренной цене

504.  

Банкроттук процессинин чегинде юридикалык жакты реструктуризациялоо 

Реструктуризация юридического лица в рамках процесса банкротства 

Бул, мыйзамдарга ылайык атайы администрлөө жол-жобосун жүргүзүү ыкмасы, анда кредиторлордун таламында кийинчерээк сатуу жана карызгерди-юридикалык жакты жоюу үчүн карызгердин активдеринин базасында бир же бир нече жаңы юридикалык жакты түзүү каралган.  

Реструктуризация юридического лица в рамках процесса банкротства метод процедуры специального администрирования согласно законодательству, который предусматривает создание одного нового или нескольких новых юридических лиц на базе активов должника для последующей продажи в интересах кредиторов и ликвидацию должника-юридического лица. 

505.  

Реструктуризацияланган кредит 

(Restructured credit) 

Реструктуризированный кредит 

(Restructured credit) 

Реструктуризацияланган кредит бул, ал боюнча келишимдин баштапкы шарттары өзгөртүлүп, ага ылайык кредитор карызгерге кандайдыр бир жеңилдиктерди же артыкчылыктарды (төлөө мөөнөтүн узартуу, пайыздык чендерди өзгөртүү жана башкалар) сунуштаган кредит.  

Реструктуризированный кредит это кредит, по которому изменились первоначальные условия договора, в соответствии с которыми кредитор предоставил должнику какую-либо уступку или преимущество (увеличение срока погашения, изменение процентной ставки и другое).  

506.  

Кайра каржылоо 

(Refinancing) 

Рефинансирование 

(Refinancing) 

Борбордук банктын коммерциялык банкка сунуштаган кыска мөөнөттүү кредити жана ал финансылык каражаттар тартыштыгы келип чыккан шартта коммерциялык банктардын камдарынын деңгээлин корректировкалоо үчүн пайдаланылган акча массасына тике таасир этүү инструменти болуп саналат. 

Кредит центрального банка, предоставляемый коммерческому банку, и является инструментом прямого воздействия на денежную массу, используемый для корректировки уровня резервов в коммерческих банках в случае возникновения дефицита финансовых средств. 

507.  

Карызды кайра каржылоо 

(Debt Refinancing) 

Рефинансирование долга 

(Debt Refinancing) 

Төлөө мөөнөтү өтүп кеткен карызды кошо алганда, алгачкы карызды жаңы карыздык инструменттерге конверсиялоо. Башкача айтканда, жаңы карыздык милдеттенмелер аркылуу мөөнөтү өтүп кеткен карыздарды же карызды тейлөө боюнча келечектеги милдеттенмелерди “төлөө” ишке ашырылат. 

Конверсия первоначального долга, включая просроченную задолженность, в новые долговые инструменты. Иными словами, при помощи нового долгового обязательства производится «оплата» просроченных платежей или будущих обязательств по обслуживанию долга. 

508.  

Тобокелдик 

(Risk) 

Риск 

(Risk) 

Субьект үчүн алгылыксыз жагдайдын орун алышы ыктымалдуулугу, анын натыйжасында чыгым тартуулар жана жоготуулар келип чыгышы мүмкүн. 

Вероятность наступления неблагоприятных событий для субъекта, в результате которого могут быть убытки и потери. 

509.  

Валюталык тобокелдик 

(Currency risk) 

Риск валютный 

(Currency risk) 

Курстун өзгөрүүсүнүн натыйжасында чет өлкө валютасында туюндурулган активдердин/милдеттенмелердин наркынын өзгөрүшүнөн улам чыгымдардын келип чыгуу ыктымалдыгы тобокелдиги. 

Риск получения убытков вследствие изменения стоимости активов/обязательств, выраженных в иностранной валюте, в результате изменения курсов. 

510.  

Тышкы таасирлер тобокелдиги 

(External influences risk) 

Риск внешних воздействий 

(External influences risk) 

Уюмдан көз каранды болбогон, бирок алдыга коюлган максаттарды жана тапшырмаларды аткарууга олуттуу таасир эткен факторлор менен байланышкан келип чыгышы мүмкүн болгон жоготуулар тобокелдиги. 

Риск возможных потерь, связанный с факторами, независимыми от организации, но оказывающими существенное воздействие на выполнение поставленных целей и задач. 

511.  

Ишеним боюнча 

сактоо тобокелдиги 

(Custodial risk) 

Риск доверительного хранения 

(Custodial risk) 

Агент же сактоочунун камдарды башкаруучунун атынан сактоого алган баалуу кагаздарды өз учурунда берүүнү камсыз кыла албай калуу тобокелдиги. 

Риск того, что агент или хранитель не обеспечит своевременную поставку ценных бумаг, которые он хранит от имени управляющего резервами. 

512.  

Маалымат технологиялар тобокелдиги 

(Information technologies risk) 

Риск информационных технологий 

(Information technologies risk) 

Маалымат технологияларынын сапатына жана ишенимдүүлүгүнө жараша келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдик  

Риск возможных потерь, связанный с качеством и адекватностью принятых в организации информационных технологий.  

513.  

Концентрациялануу тобокелдиги 

(Concentration risk) 

Риск концентрации 

(Concentration risk) 

Бул, ресурстардын белгилүү бир инструментте, айрым операцияларда, экономиканын белгилүү бир секторунда концентрацияланышынын натыйжасында келип чыккан жоготуу тобокелдиги.  

Риск концентрации это риск потерь, возникающий в результате концентрации ресурсов на конкретном инструменте, отдельных операциях, в конкретном секторе экономики.  

514.  

Ликвиддүүлүк тобокелдиги 

(Liquidity risk) 

Риск ликвидности 

(Liquidity risk) 

 

Активдердин ликвиддүүлүгүнүн жетишсиздиги жана/же кошумча каржылоодон пайдалануу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугунан улам, күндөлүк милдеттенмелерди төлөөгө жөндөмсүздүк; инвестициялар мөөнөтү бүткөнгө чейин олуттуу жоготууларсыз инвестицияланган каражаттарды бошотуп алууга мүмкүн эместик ыктымалдыгы; ал эми финансылык инструменттерге келсек, ликвиддүү эмес дегенден улам, баалуу кагаздарды экинчилик рыногунда алгылыктуу баада сатуу мүмкүн эместигин түшүндүргөн тобокелдик. 

Риск неспособности оплатить текущие обязательства вследствие недостатка ликвидных активов и/или отсутствия доступа к дополнительному финансированию; вероятность того, что не удастся высвободить инвестированные средства без значительных потерь до окончания срока инвестиций; в случае с финансовыми инструментами неликвидность означает невозможность продать ценную бумагу на вторичном рынке по разумной цене

515.  

Ликвикддүүлүк тобокелдиги (төлөм системасында) 

(Liquidity risk) 

Риск ликвидности 

(в платежной системе) 

(Liquidity risk) 

Алгылыксыз жагдайга дуушар болуу ыктымалдыгы, мында төлөм системасынын катышуучулары тараптардын бири төлөө мөөнөтү келип жеткен учурда өз финансылык милдеттенмелерин толук көлөмдө аткаруу үчүн ликвиддүү каражаты жетишсиз болуп, бирок келечекте аны аткара алуу мүмкүнчүлүгү.  

Вероятность наступления неблагоприятного события, при котором одна из сторон - участников в платёжной системе будет иметь недостаточно ликвидных средств для выполнения финансовых обязательств в полной мере при наступлении срока платежа, хотя, возможно сможет это сделать когда-то в будущем. 

516.  

Операциялык тобокелдик 

(Operational risk) 

Риск операционный 

(Operational risk) 

Тышкы жагдайлардан улам, персоналдын жаңылыштыгынан, алдамчылыкка баруудан, ошондой эле процесстердин, жол-жоболордун же контролдук системасынын шайкеш эместигинин же бузулушунун натыйжасында операциялардагы үзгүлтүктөрдүн кесепетинен келип чыккан тике же кыйыр чыгымдар тобокелдиги. 

Риск прямых или косвенных убытков в результате сбоев в операциях, вызванных внешними событиями, ошибками персонала, мошенничеством, а также в результате неадекватности или нарушения процессов, процедур или системы контроля. 

517.  

Операциялык тобокелдик (төлөм системасында) 

(Operational risk)  

Операционный риск 

(в платежной системе) 

(Operational risk)  

Техникалык тобокелдиктер (жабдуулардын, программалык камсыздоонун, электржабдууларынын, байланыш каналдарынын үзгүлтүккө учурашы), персоналдын операциялык каталары, төлөм инструменттеринин мыйзамсыз колдонулушу жана төлөмдөр боюнча операцияларды мыйзамсыз жүргүзүү (финансылык документтерди жасоо, уурулук, алдамчылык ж.б.) сыяктуу операциялык факторлорго байланыштуу жагдайлардын орун алышы ыктымалдыгы жана ал кредиттик же ликвиддүү тобокелдиктердин орун алышын жана күч алышын шарттайт. Операциялык тобокелдикке ошондой эле, системанын айрым бир бөлүктөрү үчүн күтүүсүз келип чыккан, болжолдоого болбогон жагдайлар (табигый кырсыктар, согуш аракеттери ж.б.) факторлор кирет.  

Вероятность наступления неблагоприятного события, связанного с операционными факторами, такими как: технические риски (сбои оборудования, программного обеспечения, электроснабжения, каналов связи и др.), с операционными ошибками персонала, с возможностью незаконного использования платёжных инструментов и проведения операций по платежам (подделка финансовых документов, кража, мошенничество и т.д.) и вызывающего или усугубляющего кредитный или ликвидный риски. К операционному риску относится также фактор непреодолимой силы для отдельных частей системы (стихийные бедствия, военные действия и.т.п.).  

518.  

Саясий тобокелдик 

(Political risk) 

Риск политический 

(Political risk) 

Саясий чөйрөнүн уюмдардын ишине жана стратегиялык чечимдерди кабыл алуусуна терс таасирин тийгизишинен улам келип чыккан тобокелдик. 

Риск, возникающий вследствие негативного влияния политической среды на принятие стратегических решений и деятельность организации. 

519.  

Укуктук тобокелдик 

(Legal risk) 

Риск правовой 

(Legal risk) 

Колдонуудагы мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдүн киргизилишинен, мыйзамдарда кредиттик же ликвиддүү тобокелдиктин орун алышына жол берген же аларды күчөткөн тигил же бул маселелерди жөнгө салган ченемдердин жоктугунан улам алгылыксыз жагдайлардын орун алышы ыктымалдыгы. 

Вероятность наступления неблагоприятного события, связанного с внесением изменений в действующие законодательные акты, с отсутствием в законодательстве норм, регулирующих те или иные вопросы деятельности и вызывающего или усугубляющего кредитный или ликвидный риски. 

520.  

Пайыздык тобокелдик 

(Interest rate risk) 

Риск процентный 

(Interest rate risk) 

Пайыздык чендердин жана кредиттердин же карыздардын наркынын өзгөрүүсүнүн натыйжасында, жоготуу же алынуучу пайдадан ажыроо тобокелдиги.  

Риск потерь или упущенной выгоды в результате изменения процентных ставок и стоимости кредитов или заимствований

521.  

Пайыздык чен тобокелдиги 

(Interest-rate risk) 

Риск процентной ставки 

(Interest-raterisk) 

Пайыздык чен тобокелдиги бул, рыноктук пайыздык чендердин өзгөрүүсүнүн натыйжасында жоготуу тобокелдиги. 

Риск процентной ставки это риск потерь в результате изменения рыночных процентных ставок.  

522.  

Алдамчылык тобокелдиги 

(Fraud risk) 

Риск мошенничества 

(Fraud risk) 

Алдамчылык, маалыматты жашыруу/бурмалоо же ишенимден кыянаттык менен пайдалануу катары мүнөздөлгөн мыйзамсыз иш-аракеттерден улам келип чыккан жоготуулар тобокелдиги. 

Риск потерь вследствие незаконных действий, характеризующихся обманом, сокрытием/искажением информации или злоупотреблением доверия. 

523.  

Иш үзгүлтүксүздүгү боюнча тобокелдик 

(Business continuity risk) 

Риск непрерывнос-ти деятельности 

(Business continuity risk) 

Алдыга коюлган максаттардын жана милдеттердин аткарылбай калышына же сапатсыз аткарылышына алып келиши мүмкүн болгон уюм ишиндеги пландаштырылбаган/күтүүсүз тыныгуулар же токтоп калуулардан улам мүмкүн болуучу жоготуулар тобокелдиги. 

Риск возможных потерь из-за возникновения незапланированных/непредвиденных перерывов или остановок в деятельности организации, которые могут привести к невыполнению или некачественному выполнению поставленных целей и задач. 

524.  

Калдык тобокелдиги 

(Residual risk) 

Риск остаточный 

(Residual risk) 

Тобокелдикти басаңдатуу чаралары көрүлгөндөн кийин сакталып калган тобокелдик.  

Риск, остающийся после принятия мер по снижению данного риска. 

525.  

Персонал боюнча тобокелдик 

(Personnel risk) 

Риск персонала 

(Personnel risk) 

Уюмдун кызматкерлеринин аракеттенүүсү/аракеттенбей коюусунан жана талаптагыдай даярдыктан өтпөгөндүгүнөн улам жоготуу тобокелдиги. 

Риск возможных потерь, связанный с действиями/бездействиями и подготовленностью сотрудников организации.  

526.  

Аброй тобокелдиги 

(Reputation risk) 

Риск репутации 

(Reputation risk) 

Уюм же анын туунду компаниялары жөнүндө коомдук терс пикирлерден улам келип чыккан жоготуу тобокелдиги 

Риск потерь, которому подвержена организация в результате отрицательного общественного мнения о ней или ее дочерних компаниях. 

527.  

Рыноктук тобокелдик 

(Market risk) 

Рыночный риск 

(Market risk) 

Рыноктук тобокелдик бул, активдердин жана милдеттенмелердин рыноктук наркынын алгылыксыз өзгөрүүсү шартында келип чыккан жоготуу ыктымалдуулугу. 

Рыночный риск это вероятность потерь, возникающих в случае неблагоприятных изменений рыночной стоимости активов и обязательств. 

528.  

Өлкөлүк тобокелдик 

(Country risk) 

Риск страновой 

(Country risk) 

Өлкөнүн жана анын юридикалык жактарынын жана жеке адамдарынын өз милдеттенмелери боюнча жооп берүү жөндөмдүүлүгүнө таасирин тийгизиши мүмкүн болгон, өлкөдө орун алып турган саясий жана/же экономикалык шарттардын өзгөрүүлөрүнө байланыштуу келип чыккан жоготуу тобокелдиги. 

Риск потерь, связанных с изменениями политических и/или экономических условий в стране, которые могут повлиять на способность страны и ее юридических и физических лиц отвечать по своим обязательствам. 

529.  

Баа тобокелдиги 

(Price risk) 

Риск ценовой 

(Price risk) 

Баа тобокелдиги бул, активдин рыноктук өзгөрүүсүнүн натыйжасында келип чыккан мүмкүн болуучу жоготуу тобокелдиги. 

Ценовой риск это риск возможных потерь, возникающий в результате изменений рыночной стоимости актива. 

530.  

Чекене төлөмдөр (Retail payments) 

Розничные платежи 

(Retail payments) 

Мөөнөтсүз болуп саналган аз суммадагы төлөмдөр. Чекене төлөмдөргө камсыздандыруу төлөмдөрү, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөлөр, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуулар ж.б. кирет. 

Платежи на небольшие суммы, являющиеся несрочными. Примерами розничных платежей могут быть оплата страховых взносов, оплата коммунальных услуг, покупка товаров и услуг т.д.  

531.  

Чекене агент (Retail agent) 

Розничный агент (Retail agent) 

Банк менен анын атынан чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде чекене агенттин түйүнү аркылуу сунуштоо тууралуу агенттик келишимге кол койгон юридикалык жак же болбосо жеке ишкер. Чекене иш алып барган агенттер кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири түрлөрүн сунуштаган жана банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдүн чектелген түрүн гана сунуштаган агенттерге бөлүнүшөт.  

Юридическое лицо либо индивидуальный предприниматель, подписавшее агентский договор с банком о предоставлении от имени банка розничных банковских услуг, в том числе через сеть розничного агента. Розничные агенты подразделяются на агентов, предоставляющих расширенный спектр услуг, и на агентов, предоставляющих ограниченный спектр банковских розничных услуг. 

532.  

Баалуу кагаздарды рыноктук капиталдаштыруу 

(Securities market capitalization) 

Рыночная капитализация ценных бумаг 

(Securities market capitalization) 

белгилүү бир мөөнөттөгү баалуу кагаздардын, белгилүү бир кредиттик рейтингдин же эмитенттин чогуу алынган рыноктук көлөмү

совокупный рыночный объём ценных бумаг определённой срочности, определённого кредитного рейтинга или эмитента. 

533.  

Баалуу кагаздардын рыноктук индекси 

(Securities market index) 

Рыночный индекс ценных бумаг 

(Securities market index) 

Конкреттүү (алдын ала аныкталган критерий боюнча алынган) баалуу кагаздардын наркын өзүнө камтуучу жана баалуу кагаздар рыногунун же анын сегментинин абалын чагылдыруучу агрегирленген көрсөткүч. 

Агрегированный показатель, включающий в себя стоимость конкретных (отобранных по заранее определенному критерию) ценных бумаг и отражающий состояние рынка ценных бумаг или его сегмента. 

534.  

Рыноктук нарк 

(Market value) 

 

Рыночная стоимость 

(Market value) 

Бул, товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, анын ичинде биржалык, фондулук баалуулуктардын жана валюталардын рыноктогу ар бир айкын учурда суроо-талап менен сунуштун негизинде аныкталган утурумдук наркы. 

Рыночная стоимость текущая стоимость товаров, услуг, в том числе биржевых, фондовых ценностей и валюты, определяемая на основе спроса и предложений в каждый конкретный момент на рынке. 

535.  

Баалуу кагаздар рыногу 

(Securities market) 

Рынок ценных бумаг 

(Securities market) 

Финансы рыногунун баалуу кагаздар менен операциялар ишке ашырылган сегменти. Ал биринчилик жана экинчилик рынокторунан турат

Сегмент финансового рынка, в котором проводятся операции с ценными бумагами. Состоит из первичного и вторичного рынков. 

536.  

Кыймылсыз мүлк рыногу 

(Real Estate Market) 

Рынок недвижимости 

(Real Estate Market) 

Мүлктү сатып алуу/сатуу рыногу, аны багыты боюнча, зыян келтирүүсүз пайдалануу мүлктү кайра жайгаштырууну жокко чыгарат, мисалы: имараттар, курулмалар, жер тилкелери. 

Рынок, на котором происходит купля-продажа имущества, использование которого по назначению и без ущерба его характеристикам исключает его перемещение, примерами выступают: здания, сооружения, земельные участки. 

537.  

Облигациялар рыногу 

(Bond Market) 

Рынок облигаций 

(Bond Market) 

Мамлекеттик башкаруу органдары, ошондой эле финансылык жана финансылык эмес корпорациялар тарабынан чыгарылган карыздык инструменттер рыногу. Облигациялар рыногу карыз алуучуга карыздык баалуу кагаздарды чыгаруу жолу менен ошол эле учурда инвесторлорго бул баалуу кагаздарды сатып алуу жана сатып өткөрүү мүмкүнчүлүгүн берүү менен каражаттарды алууга мүмкүндүк берет. 

Рынок долговых инструментов, выпускаемых органами государственного управления, а также финансовыми и нефинансовыми корпорациями. Рынок облигаций позволяет заемщику получать средства путем выпуска долговых ценных бумаг, в то же время предоставляя инвесторам возможность покупать и продавать эти ценные бумаги. 

538.  

Туунду финансылык инструменттер рыногу 

(Derivative Financial Instruments Market) 

Рынок производных финансовых инструментов 

(Derivative Financial Instruments Market) 

Анда инструменттер (мисалы, своптор жана опциондор) финансылык тобокелдиктерди кыйла мүмкүнчүлүктөргө ээ же бул тобокелдиктерге туруштук бере алгандарга сатып өткөрүү үчүн колдонулган рынок, мисалы, валюта курсу жана пайыздык чендер менен шартталган тобокелдиктер.  

Рынок на котором инструменты (например, свопы и опционы) используются для продажи финансовых рисков, например, обусловленных валютными курсами и процентными ставками, тем, кто обладает большими возможностями или готовностью нести эти риски. 

539.  

Рыноктук нарк боюнча баа берүү 

(Market Valuation) 

Рыночная стоимостная оценка 

(Market Valuation) 

Рынокто белгилүү бир убакытта суроо-талап жана сунуштардын негизинде аныкталган товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, анын ичинде биржалык, фондулук баалуулуктардын жана валютанын күндөлүк наркы. Карыздык инструменттин рыноктук наркы отчет берүү учурунда түптөлгөн ушул инструменттин рыноктук баасына, б.а. тиешелүү күнгө карата абал боюнча күндөлүк рынок бааларына негизделүүгө тийиш (мисалы, отчеттук мезгилдин башына же акырына карата). 

Текущая стоимость товаров, услуг, в том числе биржевых, фондовых ценностей и валюты, определяемая на основе спроса и предложений в каждый конкретный момент времени на рынке. Рыночная стоимость долгового инструмента должна основываться на рыночной цене этого инструмента, сложившейся на момент отчета, то есть на текущих рыночных ценах по состоянию на соответствующие даты (например, на начало или конец отчетного периода).  

540.  

Сальдо 

(Balance) 

Сальдо 

(Balance) 

Белгилүү бир мезгил аралыгында акчалай түшүүлөр жана чыгашалар ортосундагы айырма; өлкөнүн экспорту жана импортунун (соода балансынын сальдосу) наркы ортосундагы айырма, чет өлкөгө төлөмдөр менен чет өлкөдөн түшкөн каражаттар ортосундагы айырма (өлкөнүн төлөм теңдеминин сальдосу). Оң түптөлгөн, активдүү сальдо түшүүлөрдүн чыгашалардан арткандыгын, ал эми терс сальдо тескерисинче, б.а. чыгаша түшүүлөрдөн арткандыгын түшүндүрөт.  

Разность между денежными поступлениями и расходами за определенный промежуток времени; разность между стоимостью экспорта и импорта страны (сальдо торгового баланса), между платежами за границу и поступлениями средств из-за границы (сальдо платежного баланса страны). Положительное, активное сальдо означает превышение поступлений над расходами, а отрицательное наоборот

541.  

Аманат (депозиттик) сертификаты 

(Saving (deposit) certificate) 

Сберегательный (депозитный) сертификат 

(Saving (deposit) certificate) 

 

Аманат (депозиттик) сертификаты банкка салынган аманат суммасын жана аманат ээсинин (сертификат ээсинин) белгиленген мөөнөттүн бүтүшү менен аманат суммасын жана сертификат берген банкта же ошол банктын кайсыл болбосун филиалында сертификаттарда шартталган пайыздарды алуу укугун тастыктаган баалуу кагаз болуп саналат. 

Сберегательный (депозитный) сертификат является ценной бумагой, удостоверяющей сумму вклада, внесенного в банк, и права вкладчика (держателя сертификата) на получение по истечении установленного срока суммы вклада и обусловленных в сертификате процентов в банке, выдавшем сертификат, или в любом филиале этого банка. 

542.  

СВИФТ 

(SWIFT) 

СВИФТ 

(SWIFT) 

(Англ. SWIFT, Society of Worldwide Interbank Financial Telecommunications) Эл аралык акчалай эсептешүүлөрдү жана төлөмдөрдү жүзөгө ашыруунун автоматташтырылган системасы. 

(Англ. SWIFT, Society of Worldwide Interbank Financial Telecommunications) Автоматизированная система осуществления международных денежных расчетов и платежей.  

543.  

Своп-операциясы 

(Swap operation) 

Своп-операция 

(Swap operation) 

Соода-финансылык алмашуу операциясы, анда баалуу кагаздарды, валютаны сатып алуу (сатып өткөрүү) бүтүмүнө келишүү контрбүтүмдү, б.а. ошол эле товарды белгилүү бир мөөнөткө ошол же башка шарттарда кайра сатуу (сатып алуу) келишими менен коштолот. Своп-операциялардын бир нече түрлөрү бар: а) баалуу кагаздарды колдонуу мөөнөтүн узартуу максатында жүргүзүлгөн своп-операция баалуу кагаздарды сатып, ошол эле учурда ушундай эле түрдөгү кыйла узак мөөнөттүү баалуу кагаздарды сатып алууну түшүндүрөт; б) валюталык своп-операция чет өлкө валютасын улуттук валютада тез арада төлөп, кийин кайра сатып алуу шартында сатып алуу; в) алтын менен своп-операциялар алтынды белгилүү бир мөөнөттөн кийин кайра сатып алуу бүтүмүнө келишүү менен накталай берүү шартында сатуу аркылуу жүргүзүлөт; г) пайыздар менен своп-операциялар, бир тарап (кредитор) экинчи тарапка белгилүү бир чен боюнча карыз алуучулардан алынган пайыздарды келишимде белгиленген чен боюнча кайра төлөөнүн ордуна төлөөгө милдеттене тургандыгын түшүндүрөт. Бул контракт боюнча чендердин динамикасын мыкты болжолдогон тарап утушка ээ болот; д) карыздык талаптар каралган своп-операциялар, мында кредиторлор ортосунда келишилген шарттарга ылайык, алар пайыздар менен гана алмашпастан, өз кардарларынын карызынын суммасы менен да алмашышат. “Своп” тибиндеги бүтүмдөрдүн түрлөрү бир операцияга бириктирилиши мүмкүн. 

Торгово-финансовая обменная операция, в которой заключение сделки о купле (продаже) ценных бумаг, валюты сопровождается заключением контрсделки, т.е. сделки об обратной продаже (купле) того же товара через определенный срок на тех же или иных условиях. Существует ряд видов своп-операций: а) своп с целью продления сроков действия ценных бумаг представляет продажу ценных бумаг и одновременную покупку такого же вида ценных бумаг с более длительным сроком действия; б) валютная своп-операция заключается в покупке иностранной валюты с немедленной оплатой в национальной валюте с условием последующего обратного выкупа; в) своп-операция с золотом состоит в продаже золота на условиях наличной поставки с одновременным заключением сделки на обратную покупку золота через определенный срок; г) своп-операция с процентами заключается в том, что одна сторона (кредитор) обязуется выплатить другой проценты, получаемые от заемщиков по определенной ставке в обмен на обратную выплату по фиксированной в договоре ставке. Это контракт, в котором выигрывает сторона, лучше спрогнозировавшая динамику ставок; д) своп-операция с долговыми требованиями состоит в том, что кредиторы обмениваются не только процентами, но и всей суммой долга своих клиентов согласно условиям заключенного между ними контракта. Указанные виды сделок типа “своп” могут объединяться в одну комбинированную операцию. 

544.  

Тике своп-операциялар 

(Swap operations) 

Своп-операции прямые 

(Swap operations) 

Келечекте белгилүү бир күнү, алдын ала макулдашылган шартта, негизги суммаларды жана чегерилген пайыздарды кайра алмашуу милдеттенмеси менен улуттук валютадагы акча каражаттарын чет өлкө валютасындагы эквиваленттүү суммага алмашуу операциялары. 

Операции по обмену денежных средств в национальной валюте на эквивалентную сумму в иностранной валюте с обязательством обратного обмена основных сумм и начисленных процентов по заранее оговоренным условиям в определенную дату в будущем

545.  

Своп-курс 

(Swap rate) 

Своп-курс 

(Swap rate) 

 

Банктар алар боюнча эсептешүүнү ар башка күндөрү ишке ашырган шартта, ошол эле учурда чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатып өткөрүү баалары. 

Цены одновременной покупки и продажи банками иностранной валюты при условии расчетов по ним в разные даты

546.  

Бүтүм 

(Dealing) 

Сделка 

(Dealing) 

Юридикалык жактардын жана жеке адамдардын укуктук мамилелерин белгилөөгө, өзгөртүүгө же токтотууга багытталган иш-аракет; финансылык инструменттин (акча каражаттарынын, банктык документтердин, баалуу кагаздардын) же ага карата менчик укугунун бир жактан башка жакка өтүшү

Действие, направленное на установление, изменение или прекращение правоотношений юридических и физических лиц; переход финансового инструмента (денег, банковских документов, ценных бумаг) или прав собственности по нему от одного лица к другому

547.  

Форвард бүтүмү 

(Forward dealing) 

Сделка форвардная 

(Forward dealing) 

Бүтүмгө келишүүдө сатып алуучу жана сатуучу келечекте белгилүү бир күнү товарды/активди берүүгө макулдашкан мөөнөттүү бүтүм. 

Срочная сделка с расчетом при ее заключении, в которой покупатель и продавец соглашаются на поставку товара/актива на определенную дату в будущем

548.  

Фьючерс бүтүмү 

(Future dealing) 

Сделка фьючерсная 

(Future dealing) 

Бүтүмгө келишкенден кийин белгилүү бир мөөнөттө, контрактта бүтүмдүн аяктоо мөөнөтүнө карата келип чыккан акциялардын баалары жана курстарындагы айырманы алуу максатында белгиленген баа боюнча товар үчүн акчалай сумманы төлөөнү болжолдоочу бүтүм. 

Сделка, предполагающая уплату денежной суммы за товар через определенный срок после заключения сделки по цене, установленной в контракте в целях получения разницы в ценах или курсах акций, возникающей к сроку завершения сделки

549.  

Ыйгарым укуктарды сегрегациялоо (бөлүштүрүү) (Segregation) 

Сегрегация (разделение) полномочий (Segregation) 

Бир эле адамга бир нече ыйгарым укуктардын чегерилишине жол бербөө максатында айрым субъекттердин ортосунда милдеттерди жана функцияларды бөлүштүрүү принциби.  

Принцип разделения задач и функций между отдельными субъектами с целью недопущения концентрации полномочий у одного лица.  

550.  

Банктын ички контролдук системасы 

(Bank internal control system) 

Система внутреннего контроля банка 

(Bank internal control system) 

Бул, банк ишинин бардык деңгээлинде жана чөйрөсүндө өз ара байланыштуу контролдук чаралардын топтому (системасы).  

Система внутреннего контроля банка это комплекс (система) взаимоувязанных контрольных мер на всех уровнях управления и сферах деятельности банка.  

551.  

Банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөр системасы  

(Cards payment system) 

Система расчетов с использованием банковских платежных карт (Cards payment system) 

Карттарды пайдалануу менен эсептешүүлөрдү уюштуруу үчүн каралган чогуу алгандагы нормалар, стандарттар, эрежелер жана программалык-техникалык каражаттар. Төлөм системалары локалдык, улуттук жана эл аралык болуп бөлүнөт. 

Совокупность норм, стандартов, правил, учреждений и программно-технических средств для организации расчетов с использованием карт. Платежные системы подразделяются на локальные, национальные и международные. 

552.  

Электрондук акчаны пайдалануу менен эсептешүү системасы (электрондук акча системасы) 

(E-money system) 

Система расчетов с использованием электронных денег (система электронных денег) 

(E-money system) 

Электрондук акчанын жүгүртүлүшүн камсыз кылган чогуу алгандагы банктык жана башка институттар, аппараттык-техникалык каражаттар, эрежелер жана жол-жоболор. 

Совокупность банковских и иных институтов, аппаратно-технических средств, правил и процедур, обеспечивающих обращение электронных денег. 

553.  

Акча которуу системасы (Remittances system) 

Система денежных переводов (Remittances system) 

Төлөм системасынын катышуучусунун калктан акча каражаттарын алар адресатка төлөнүп бериле турган шартта гана кабыл алуусу боюнча төлөм системасынын түрү.  

Тип платежной системы по принятию участником платежной системы денежных средств от населения с тем условием, что эти денежные средства будут выплачены адресату.  

554.  

Корреспонденттик мамилелер системасы (Corespondent relations system) 

Система корреспондентских отношений (Corespondent relations system) 

Ар башка өлкөлөрдүн финансы-кредит мекемелери ортосунда түзүлгөн корреспонденттик эсептерди жүргүзүү (агенттик келишимдердин) келишимдеринин негизинде пайдалануучуларга чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөрдү жүзөгө ашырууга жана башка кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого мүмкүндүк берген система.  

Система, позволяющая осуществить трансграничные платежи и предоставлять иные услуги пользователям на основе договоров (агентских соглашений) о ведении корреспондентских счетов между финансово-кредитными учреждениями разных стран. 

555.  

Ири төлөмдөр системасы (Giro system) 

Система крупных платежей 

(Giro system) 

1) Финансы рынокторунун (улуттук акча, валюта рынокторунун жана капитал жана баалуу кагаздар рынокторунун) катышуучуларынын акчалай милдеттенмелери боюнча төлөмдөр жана эсептешүүлөр, ошондой эле акча-кредит саясатынын инструменттерин колдонууга байланыштуу которуулар ишке ашырыла турган төлөм системасы. Система катышуучулардын ири суммадагы төлөмдөрүн эсептөөнүн, ошондой эле системага катышуучулардын мөөнөттүү төлөмдөрү боюнча эсептөөлөрдүн жүргүзүлүшүн камсыз кылат.  

2) финансы-кредит мекемелери ортосунда эсептешүүлөр системанын эрежелерине жана жол-жоболоруна ылайык ар бир төлөм документи боюнча өзүнчө жүргүзүлө турган төлөм системасы, алар финансы-кредит мекемелеринин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында ачылган корреспонденттик эсептеринде түздөн-түз чагылдырылат. 

1) Платежная система, в которой проводятся платежи и расчеты по денежным обязательствам участников финансовых рынков (национального денежного, валютного рынков и рынка капитала и ценных бумаг), а также переводы, связанные с применением инструментов денежно-кредитной политики. Система обеспечивает также проведение расчетов участников системы платежей на крупные суммы, а также расчеты по срочным платежам участников системы. 

2) платежная система, в которой расчеты между кредитно-финансовыми учреждениями происходят индивидуально по каждому платежному документу согласно правилам и процедурам системы и отражаются непосредственно на корреспондентских счетах кредитно-финансовых учреждений, открытых в Национальном банке Кыргызской Республики. 

556.  

Пакетик клиринг системасы 

(Bulk clearing system) 

Система Пакетного клиринга 

(Bulk clearing system) 

Төлөм системасынын технологиялардын, эрежелердин, жол-жоболордун жана инструменттердин жыйындысын түшүндүргөн компоненти, мында анын жардамы менен системанын катышуучулары жыйынтыктоочу эсептешүүнү жүзөгө ашыруу максатында катышуучулардын көп тараптуу таза позицияларын аныктоо механизмин кошо алганда, клиринг борбору аркылуу өз төлөмдөрү боюнча маалыматтарды же документтерди сунуштайт жана алат.  

Компонент платёжной системы, представляющий собой совокупность технологий, правил, процедур и инструментов, с помощью которых участники системы представляют, получают данные или документы в отношении своих платежей через клиринговый центр, включая механизм определения  многосторонних чистых позиций участников для осуществления окончательного расчёта.. 

557.  

Төлөм системасында орун алышы мүмкүн болгон системалуу тобокелдик (Systemic risk) 

Системный риск 

в платежной системе  

(Systemic risk) 

Терс жагдайлардын орун алышы ыктымалдуулугу, мында төлөм системасынын катышуучуларынын биринин төлөм боюнча өз милдеттенмелерин аткарууга жөндөмсүздүгү төлөө мөөнөтү келип жеткен учурда башка катышуучулардын да өз милдеттенмелерин аткара албай калышы мүмкүндүгү. Милдеттенмелердин аткарылбай калышы бүтүндөй төлөм системасынын туруктуулугуна терс кесепетин тийгизиши мүмкүн («домино» эффекти). 

Вероятность наступления неблагоприятного события, при котором неспособность одного из участников платежной системы выполнить свои обязательства по платежам, сделает невозможным для других участников выполнение своих обязательств при наступлении срока платежа. Такое невыполнение обязательств может поставить под угрозу стабильность всей платежной системы (эффект «домино»). 

558.  

Системалык мааниге ээ төлөм системасы (Systemically important payment system) 

Системно-значимая платежная система (Systemically important payment system) 

Төлөм системасы, анда: 

1) операциялык жана техникалык себептерден улам үзгүлтүктөр орун алган учурда, банк тутумунда жана (же) финансы системасында олуттуу тобокелдиктер келип чыгышы ыктымал; 

2) катышуучулардын биринин төлөөгө жөндөмсүздүгү башка катышуучуларда да ликвиддүүлүк тобокелдигинин келип чыгышына жана «домино эффектисинин» түптөлүшүнө алып келиши мүмкүн, бул да улуттук финансы системасын олуттуу тобокелдиктерге дуушар кылышы ыктымал.  

Платежная система, в которой: 

1) при сбоях в функционировании по операционным и техническим причинам возможно возникновение существенных рисков в национальной банковской системе и(или) в национальной финансовой системе;  

2) неплатежеспособность одного из участников может привести к возникновению риска ликвидности у других участников, созданию "эффекта домино", что также может привести к серьезным потрясениям в национальной финансовой системе.  

559.  

Карызгерлердин отчет берүү системасы 

(Debtor Reporting System (DRS)) 

Система отчетности должников (СОД) 

(Debtor Reporting System (DRS)) 

Дүйнөлүк банктын өнүккөн өлкөлөрдүн карыздарына мониторинг жүргүзүү максатында пайдаланылган статистикалык отчет системасы. Маалымат, карыз алуучу-өлкөлөрдүн отчету түрүндө берилет. Мындай маалыматтардын негизинде Дүйнөлүк банк жыл сайын Global Development Finance («Глобалдык өнүгүүнү каржылоо») докладын даярдайт (мурда World Debt Tables). 

Система статистической отчетности, используемая Всемирным банком в целях мониторинга долга развивающихся стран. Информация предоставляется в виде отчетов стран-заемщиков. На основе предоставленных данных Всемирный банк готовит ежегодный доклад Global Development Finance («Финансирование глобального развития») (ранее World Debt Tables)

560.  

CAMELS системасы 

(CAMELS Framework) 

CAMELS 

(CAMELS Framework) 

Бул, кеңири колдонулган көзөмөл системасы, мында банктардын туруктуулук көрсөткүчтөрү төмөнкүдөй алты категорияга бөлүнөт: 1) С (Capital) өздүк капиталдын жетиштүүлүгү; 2) А (Asset) активдердин сапаты; 3) М (Management) ишенимдүү башкаруу; 4) Е (Earnings) пайда алуу; 5) L (Liquidity) ликвиддүүлүк; 6) S (Sensitivity) рыноктук тобокелдүүлүккө дуушарлануу ыктымалдуулугу.  

Представляет собой широко используемую систему надзора, в которой показатели устойчивости банков группируются в шесть категорий. Этими категориями являются: 1) C (Capital) достаточность собственного капитала; 2) A (Asset) качество активов; 3) M (Management) надежность управления; 4) E (Earnings) прибыль; 5) L (Liquidity) ликвидность; 6) S (Sensitivity) чувствительность к рыночному риску. 

561.  

Корреспондент-тик мамилелер системасы 

(Corespondent relations system) 

Система корреспондентских отношений 

(Corespondent relations system) 

Финансы-кредит мекемелери эки тараптуу келишимдердин негизинде бири-биринде ачкан эсептер боюнча төлөмдөрдү, анын ичинде чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөрдү өткөрүүгө мүмкүндүк берген система.  

Система, позволяющая осуществлять платежи, в том числе и трансграничные по счетам, открытым финансово-кредитными учреждениями друг у друга в соответствии с двусторонними договорами.  

562.  

Кредиттик рейтинг системасы 

(Credit rating system) 

Система кредитного рейтинга 

(Credit rating system) 

Кредит берүү жөндөмдүүлүгү жана кредиттөө чечимин кабыл алууга баа берүү системасы, мында кредитор өз алдынча иштеп чыккан жана адистештирилген кредиттик агенттиктер сунуштаган кредиттик рейтингдин шкаласына таянуу менен иш алып барат. 

Система оценки кредитоспособности и принятия решения о кредитовании, при которой кредитор ориентируется на шкалу кредитного рейтинга, разработанную им самостоятельно или предложенную специализированным кредитным агентством. 

563.  

Баалуу кагаздардын системалуу тобокелдиги 

(Securitiessystematic risk) 

Систематический риск ценных бумаг 

(Securities systematic risk) 

Белгилүү бир баалуу кагаздардын эмес, макроэкономикалык факторлордун таасири астында рыноктун коньюнктурасынын (мисалы, инвестициялык) өзгөрүүлөрү менен байланышкан тобокелдик. Бардык баалуу кагаздарга мүнөздүү жана аны диверсификациялоонун эсебинен четтетүүгө мүмкүн эмес. 

Риск, связанный с изменениями конъюнктуры рынка (например, инвестиционного) под влиянием макроэкономических факторов, а не конкретной ценной бумаги. Характерен для всех ценных бумаг и не может быть устранен за счет диверсификации. 

564.  

Слип  

(Slip) 

Слип  

(Slip) 

Картты пайдалануу менен операциянын ишке ашырылгандыгын тастыктаган кагаз түрүндөгү документ. Слип соода тейлөө ишканасында орнотулган импринтердин жардамы менен карттын рельефттик реквизиттеринин оттискасын, ошондой эле карт ээсинин жана ошол ишкананын кассиринин кол тамгаларын камтыйт. Ал эми добуштук авторизациялоо учурунда слип телефон аркылуу алынган авторизациялык кодду камтууга тийиш.  

Бумажный документ, служащий подтверждением совершения операции с использованием карты. Слип должен содержать оттиск рельефных реквизитов карты, произведенный с помощью импринтера, установленного в торгово-сервисном предприятии, а также подписи держателя карты и кассира торгово-сервисного предприятия. В случае голосовой авторизации слип также должен содержать полученный по телефону авторизационный код. 

565.  

Смарт-карт 

(Smart Card) 

Смарт-карта 

(Smart Card) 

Маалымат анын интегралдык схемасында (микропроцессорунда) камтылган карт. Электрондук төлөмдөрдү өткөрүүдө смарт-картта жеке купуя ачкыч сакталат жана электрондук цифралык кол тамганы түзүү жол-жобосу жүргүзүлөт. 

Карта, носителем информации в которой является интегральная схема (микропроцессор). При проведении электронных платежей в смарт-карте хранится личный секретный ключ и производится процедура создания электронной цифровой подписи. 

566.  

USSD билдирүүсү (USSD - команда, Unstructured Supplementary Services Data) 

Сообщение USSD ((USSD - команда, Unstructured Supplementary Services Data)) 

SMSке альтернативалуу болгон текст түрүндөгү билдирүүлөрдү өткөрүү технологиясы, мунун өзгөчөлүгү жөнөтүлгөн билдирүүлөр байланыш түйүнүнүн операторунун маалымат базасында сакталбайт. Ал байланыш операторлору тарабынан төлөөчүгө эсеп балансын билдирүү, төлөө картын жана башка сервистерди активдештирүү, ошондой эле мобилдик төлөмдүн ишке ашырылышын такташтыруу үчүн колдонулат. 

Технология передачи текстовых сообщений, альтернативная SMS, особенность которой заключается в том, что отправленные сообщения не хранятся в базе данных оператора сотовой связи. Может использоваться операторами связи для сообщения баланса счета плательщику, активации карт оплаты и других сервисов, в том числе инициализации совершения мобильного платежа. 

567.  

Акча жүгүртүү тездиги 

(Velocity of money) 

Скорость обращения денег 

(Velocity of money) 

Жүгүртүү жана төлөм каражаты катары пайдаланылган акча бирдиги менен жыл ичинде жүзөгө ашырылган циклдердин, толук жүгүртүүлөрдүн саны. Ал ИДӨнүн номиналдык көлөмүнүн акча массасынын көлөмүнө катышы катары эсептелет жана акча белгилеринин төлөм каражаты катары пайдаланылышында алардын жылышынын көрсөткүчү катары колдонулат.  

Количество циклов, полных оборотов, осуществляемых в течение года денежной единицей, используемой в качестве средства обращения и платежей. Рассчитывается как отношение номинального объема ВВП к объему денежной массы. Используется как показатель интенсивности движения денежных знаков при функционировании их в качестве средства платежа. 

568.  

Тобокелдикти басаңдатуу (минималдаштыруу) 

(Risk reduction) 

Снижение (минимизация) риска 

(Risk reduction) 

Алгылыксыз жагдайлардын орун алышы ыктымалдуулугун төмөндөтүүгө жана/же чыгым тартууларды азайтууга багытталган алдын-ала эскертүүчү уюштуруу-техникалык иш-чараларды жүзөгө ашыруу. 

Осуществление предупредительных организационно-технических мероприятий направленных на снижение вероятности наступления негативных событий и/или уменьшение убытков. 

569.  

Акчага суроо-талап 

(Money demand) 

Спрос на деньги 

(Money demand) 

Экономикалык агенттердин акча каражаттарына муктаждыгы. 

Совокупная потребность экономических агентов в денежных средствах

570.  

Атайы карыз алышуу укугу (АКУ) 

(Special Drawing Rights (SDR)) 

Специальные права заимствования СПЗ (SDR) 

(Special Drawing Rights (SDR)) 

Эл аралык камдык активдер, алар ЭВФ тарабынан түзүлөт жана анын мүчөлөрү ортосунда колдо болгон расмий камдарга толуктоо катары таркатылат. ЭВФтин атайы карыз алышуу укугуна ээ мүчөлөрүндө АКУну кайтарып берүү боюнча реалдуу (шарттуу) милдеттенмелер келип чыкпайт. АКУ ЭВФке мүчө мамлекеттердин жана АКУга ыйгарым укук чегерилген ээлик кылуучулардан болуп саналышкан эл аралык финансылык мекемелердин чектүү санынын гана активдеринен боло алат. АКУ наркы АКШ доллары, евро, япон йени жана фунт стерлинги сыяктуу 4 валютадан турган валюта куржунунун негизинде аныкталат.  

АКУга каражаттарды салууда “авуар” деген түшүнүк пайдаланылат, бул ЭВФке мүчө болгон башка мамлекеттерден чет өлкө валюталарын же башка камдык активдерди алууга шартсыз укук. 

Международные резервные активы, которые создаются МВФ и распределяются среди его членов в дополнение к имеющимся официальным резервам. У членов МВФ, получивших СДР, не возникает реального (безусловного) обязательства по возврату выделенных им СДР. СДР могут быть активами только государств-членов МВФ и ограниченного числа международных финансовых учреждений, которые являются уполномоченными держателями СДР. Стоимость СДР определяется на основе валютной корзины, состоящей из 4-х валют: доллар США, евро, японская йена и фунт стерлингов. 

При вложении в СДР иногда используется понятие «авуары» безусловное право на получение иностранной валюты или иных резервных активов у других государств-членов МВФ. 

571.  

Банкка киргизилген атайы режим (иш ыргагы) 

Специальные режимы, вводимые в банк 

Банкка киргизилген атайы режим (иш ыргагы) бул, банктын аманатчыларынын жана башка кредиторлорунун таламында банктын активдерин сактап калуу жана анын финансылык абалын чыңдоо максатында, мыйзамдарга ылайык банкка карата колдонулуучу жол-жобо. Буга: банк ишин тескөөгө алуу боюнча убактылуу жетекчилик жана консервация чаралары да кирет. 

Банкты тескөө боюнча убактылуу жетекчилик бул, банк ишин тескөө системасынын сактап калуу/калыбына келтирүү, анын финансылык абалын чыңдоо жана мыйзам бузууларды четтетүү боюнча чараларды жүзөгө ашыруу максатында киргизилген таасир этүү чарасы.  

Специальные режимы, вводимые в банк это процедуры, применяемые в отношении банка в соответствии с законодательством в целях сохранности активов и оздоровления финансового положения банка в интересах вкладчиков и других кредиторов банка. К таким режимам относятся: временное руководство по управлению банком и консервация. 

Временное руководство по управлению банком мера воздействия, вводимая в целях осуществления мер по сохранению/ восстановлению системы управления банком, оздоровлению его финансового положения и устранению нарушений законодательства. 

572.  

Эсептен алынган сумма 

(Write Оff) 

Списанная сумма 

(Write Оff) 

Кредитор өндүрүү мүмкүн эмес деп санаган жана ошондон улам аны андан ары бухгалтердик китептеринде эске албаган финансылык талап. 

Финансовое требование, которое кредитор считает невозможным взыскать и поэтому более не учитывает его в своих бухгалтерских книгах

573.  

Спот-курсу 

(Spotrate) 

Спот-курс 

(Spotrate) 

Бир мамлекеттин башка мамлекеттин валютасында туюндурулган валютасынын бүтүм келишилген учурга карата белгиленген баасы. 

Цена валюты одного государства, выраженная в валюте другого государства, установленная на момент заключения сделки. 

574.  

Спот-алмашуу курсу 

(Spot rate) 

Спот-обменный курс 

(Spotrate) 

Бир валюта экинчисине дароо берүү же бүтүмгө келишилгенден кийинки экинчи жумуш күнү эле берүү шартында алмаштырылган курс. 

Курс, по которому одна валюта обменивается на другую с поставкой немедленно или на второй рабочий день после заключения сделки

575.  

Спот (спотбүтүмү

(Spot (spot dealing)) 

Спот (сделкаспот) 

(Spot (spot dealing)) 

Финансылык активдерди сатып алуу/сатуу боюнча валюталык бүтүмдүн негизги түрү, ал боюнча эсептешүүлөр бир же эки жумуш күнүнөн ашпаган убакытта ишке ашырылат. 

Основной тип валютных сделок по покупке/продаже финансовых активов, расчеты по которым осуществляются в течение не более одного-двух рабочих дней

576.  

Баалуу кагаздардын адилет наркы 

(Fair value) 

Справедливая стоимость ценных бумаг 

(Fair value) 

Толук маалымат алышкан, ошондой бүтүмгө келишүүнү каалашкан жана бири-бирине көз каранды болушпаган тараптар ортосундагы бүтүмгө келишүүдө балуу кагаздарга алмашууга боло тургандай сумма. 

Сумма, на которую можно обменять ценную бумагу при совершении сделки между хорошо осведомленными, желающими совершить такую сделку и независимыми друг от друга сторонами. 

577.  

Суроо-талап 

(Demand) 

Спрос 

(Demand) 

Товарларга жана кызматтарга коомдук чогуу алгандагы муктаждык. 

Совокупная общественная потребность в товарах и услугах

578.  

Спрэд 

(Spread) 

Спрэд 

(Spread) 

1. Финансы рынокторунун катышуучулары тарабынан белгиленген сатып алуу жана сатуу баасынын ортосундагы айырма. 2. Пайыздык чендер ортосундагы айырма, банк каражаттарды ал боюнча алып, карыз алуучуларга берет.  

1. Разница между ценами покупки и продажи, устанавливаемыми участниками финансовых рынков. 2. Разница между процентными ставками, по которым банк получает средства и по которым их выдает заемщикам

579.  

Жоюу наркы 

Ликвидационная стоимость 

 

 

Күрөөлүк мүлккө баа берүү максатында жоюу наркы бул талаптагыдай маркетингсиз жана жарнамалоосуз эле, кыска мөөнөт ичинде активди сатып өткөрүүдөн реалдуу алынышы мүмкүн болгон активдин наркы. 

Бухгалтердик эсепке алуу максатында жоюу наркы бул, колдонуудан калышынан улам күтүлүп жаткан сарптоолорду эсептен алып салуу менен пайдалуу кызмат өтөө мөөнөтүнүн акырында актив үчүн субъект алууну көздөп жаткан таза сумма. 

Для целей оценки залогового имущества ликвидационная стоимость это стоимость актива, которая реально может быть получена при реализации актива в короткие сроки, без должного маркетинга и рекламы. 

Для целей бухгалтерского учета ликвидационная стоимость это чистая сумма, которую субъект ожидает получить за актив в конце срока его полезной службы за вычетом ожидаемых затрат по его выбытию. 

580.  

Төлөө мөөнөтү 

(Payments period) 

Срок погашения 

(Payments period) 

Төлөө мезгили негизги сумманы төлөө үчүн биринчи төлөмдөн акыркы төлөмгө чейинки мезгил аралыгы. Төлөө мөөнөтү бул, эки мезгил суммасы, б.а. болгон шартта жеңилдетилген мезгилдеги жана төлөө мезгилиндеги. 

Период погашения это период от первого до последнего платежа в погашение основной суммы. Срок погашения это сумма двух периодов: льготного периода при его наличии и периода погашения. 

581.  

Мөөнөттүү төлөмдөр  

(Term payments) 

Срочные платежи (Term payments) 

Системанын катышуучуларынын жана анын кардарларынын төлөмдөрү, анын ичинде акча-кредит саясатын ишке ашырууга байланыштуу төлөмдөр, банктар аралык финансы рынокторунда (улуттук акча, валюта жана капитал, баалуу кагаздар рынокторунда) келишилген бүтүмдөр боюнча төлөмдөр, ошондой эле чекене төлөмдөр системасынын катышуучуларынын жыйынтыктоочу таза позициялары боюнча төлөмдөр.   

Платежи участников системы и их клиентов, в том числе связанные с реализацией денежно-кредитной политики, платежи по сделкам на межбанковских финансовых рынках (национальном денежном, валютном рынках, рынках капитала и ценных бумаг), а также платежи по итоговым чистым позициям участников систем розничных платежей.   

582.  

Субагент/эл аралык электрондук акча субагенти 

(Sub-agent/international E-money sub-agent) 

Субагент/субагент международных электронных денег 

(Sub-agent/international E-money sub-agent) 

Агент/эл аралык электрондук акча агенти менен электрондук акчаны/эл аралык электрондук акчаны жайылтуу жана ордун жабуу боюнча операцияларды жүзөгө ашырууга субагенттик келишим түзгөн юридикалык жак же жеке ишкер.  

Юридическое лицо или индивидуальный предприниматель, заключивший субагентский договор с агентом/агентом международных электронных денег на осуществление операций по распространению и погашению электронных денег/международных электронных денег. 

583.  

Банктык чен 

(Bank rate) 

Ставка банковская 

(Bank rate) 

Банкка/кардарга кредитти/депозитти пайдалангандыгы үчүн төлөмдүн пайыздарда туюндурулган өлчөмү. Банктык пайыз кредиттин/депозиттин өлчөмүнө жана мөөнөтүнө, анын камсыздалышына, кредиттик тобокелдик деңгээлине жараша болот.  

Размер платы банку/клиенту за пользование кредитом/депозитом, выраженный в процентах. Банковский процент зависит от величины и срока кредита/депозита, его обеспеченности, степени кредитного риска.  

584.  

Номиналдык чен 

(Nominal rate) 

Ставка номинальная 

(Nominal rate) 

Инфляцияны эске алуусуз чегерилген пайыздык чен. 

Ставка процента, исчисляемая без учета инфляции

585.  

Реалдуу пайыздык чен 

(Real interest rate) 

Ставка процента реальная 

(Real interest rate) 

Инфляциядан “арылтылган” пайыздык чен. Пайыздын номиналдык чени менен инфляция деңгээлинин ортосундагы айырма катары эсептелет.  

Процентная ставка, "очищенная" от инфляции. Рассчитывается как разница между номинальной ставкой процента и уровнем инфляции 

586.  

Аудит стандарты 

(The standard of audit) 

Стандарт аудита 

(The standard of audit) 

 

Аудиттин обьектисине, аткаруучулардын квалификациясына, аудитти уюштурууга, документтерге талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүнүн усулдук ыкмаларына жана тиешелүү багыт боюнча аудитордук корутундунун берилишине карата талаптардын жана эрежелеринин топтомун белгилеген ченемдик документ. 

Нормативный документ, устанавливающий комплекс требований и правил к объекту аудита, квалификации исполнителей, организации аудита, методическим приемам анализа документации и представлению аудиторского заключения в предметной области. 

587.  

Баалуу металлдардын стандарттык куймалары 

Стандартные слитки драгоценных металлов 

Баалуу металлдардын стандарттык куймалары баалуу металлдардан даярдалган жана маркировкаланган, баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясы тарабынан кабыл алынган сапаттын эл аралык стандартына ылайык келген куймалар. 

Стандартные слитки драгоценных металлов изготовленные и маркированные слитки драгоценных металлов и соответствующие Международным стандартам качества, принятым Лондонской ассоциацией рынка драгоценных металлов. 

588.  

Стоп-баракча (Stop-list) 

Стоп- лист 

(Stop-list) 

Эмитент тарабынан товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөгө кабыл алууга жана валюталарды алмаштырууну кошо алганда, нак акчаларды кабыл алуу же берүү үчүн тыюу салынган карттардын тизмеси.  

Список карт, запрещенных эмитентом к приему для оплаты товаров или услуг и приема или выдачи наличных, включая обмен валют. 

589.  

Чыккан өлкөсү 

(Home Country) 

Страна происхождения 

(Home Country) 

Эки же андан көбүрөөк өлкөдө өндүрүлгөн учурларда, товар толугу менен чыгарылган же “олуттуу өзгөртүүлөргө дуушар болгон” өлкө.  

Страна, в которой товар был полностью произведен или "претерпел существенные преобразования" в случаях когда производство имеет место в двух или более странах. 

590.  

Банктын стратегиялык тобокелдиги 

(Bank strategic risk) 

Стратегический риск банка 

(Bank strategic risk) 

Банк ишинин жана аны өнүктүрүү стратегиясын аныктаган чечимдердин туура эместигине, стратегияны ишке ашырууда шайкеш келбеген ресурстар менен камсыз кылынгандыгына байланыштуу орун алышы мүмкүн болгон жоготуулардын, ошондой эле банк ишине коркунуч алып келиши мүмкүн болгон коркунучтардын жеткиликтүү эсепке алынбагандыгынын натыйжасында орун алган жоготуу тобокелдиги. 

Риск возможных потерь, связанный с неверными решениями, определяющими стратегию деятельности и развития банка, неадекватным ресурсным обеспечением реализации стратегии, а также потерь вследствие недостаточного учета возможных опасностей, которые могут угрожать деятельности банка. 

591.  

Камсыздандыруу корпорациясы 

(Insurance Corporations) 

Страховые корпорации 

(Insurance Corporations) 

Өмүрдү камсыздандыруу, кырсыктардан камсыздандыруу, оорулардан, өрттөн камсыздандыруу жана тобокелдиктерди бириктирүү аркылуу айрым институционалдык бирдиктерди же бирдиктердин башка тобун камсыздандыруунун дагы башка түрлөрү негизги функцияларынан болуп саналган, корпоративдик, өз ара иш жүргүзүшкөн башка түзүмдөр. 

Корпоративные, взаимные и другие структуры, основной функцией которых является страхование жизни, страхование от несчастных случаев, страхование на случай болезни, страхование от пожара и другие виды страхования отдельных институциональных единиц или других групп единиц путем объединения риска

592.  

Стресс-тесттер 

(Stress Tests) 

Стресс-тесты 

(Stress Tests) 

Портфелдердин макроэкономикалык жагдайдагы олуттуу өзгөрүүлөргө же өзгөчө бирок, чындыкка жакын окуяларга карата алсыздыгына баа берүү үчүн колдонулган ыкмалар. Бүтүндөй алганда финансы тутумунун макроэкономикалык мүнөздөгү олуттуу өзгөрүүлөргө жана “экстремалдуу” окуяларга - болжолдоо кыйынга турган жана ошондон улам чыгым тартууларга (же пайдага) жана макроэкономикалык чыгашага алып келүүгө жөндөмдүү, ыктымалдуулугу азыраак болсо да орун алышы мүмкүн болгон кризистик жагдайларга карата финансылык туруктуулугуна баа берүү ушул ыкмалардын максаты болуп саналат. Көбүнчө банктар үчүн бул тышкы чөйрөдө сыяктуу эле (мисалы, экономикагы төмөндөөлөр, кредит портфелинин сапатынын начарлоосу, күрөө предметинин рыноктук наркынын өзгөрүүсү, мыйзамдарга өзгөрүүлөрдүн киргизилиши ж.б.), банктын кардарларынын ишинде да өзгөрүүлөрдүн жүрүшүнөн улам (мисалы, банктын ири кардарынын банкрот абалда калышы, депозиттердин агылып чыгуусу, алмашуу курсунун, пайыздык чендердин өзгөрүүсүнүн таасир этүүсү ж.б.у.с.) банкта орун алышы мүмкүн болгон жоготууларга баа берүү ыкмасы. 

Методы, используемые для оценки уязвимости портфелей по отношению к существенным изменениям в макроэкономической ситуации или исключительным, но правдоподобным событиям. Целью данных методов является оценка финансовой устойчивости финансовой системы в целом к значительным изменениям макроэкономического характера и «экстремальным» событиям маловероятным, но все же возможным кризисным ситуациям, трудно поддающимся прогнозированию и в силу этого способным привести к убыткам (или прибылям) и макроэкономическим издержкам. В частности, для банков это метод оценки возможных потерь банка в случае возникновения изменений как во внешней среде (например, спады в экономике, ухудшение качества кредитного портфеля, изменения рыночной стоимости предмета залога, изменения в законодательстве и т.п.), так и в деятельности клиентов банка (например, банкротство крупных клиентов банка, отток депозитов, влияние изменения обменного курса, процентных ставок и т.п.). 

593.  

Эл аралык камдар түзүмү 

(Structure of international reserves) 

Структура международных резервов 

(Structure of international reserves) 

Борбордук банктын валюта портфелинде валюталардын максаттуу пайыздык үлүшүн, ошондой эле алтындын максаттуу көлөмүн, алардан жол берилген чектөөлөрдү белгилөө менен түзүлгөн валюталар топтому, алардан эл аралык камдар портфели турат.  

Набор валют, из которых состоит портфель международных резервов центрального банка, с установлением целевых процентных долей валют в валютном портфеле, а также целевого физического объема золота и допустимых отклонений от них

594.  

Төлөө мөөнөттөрүнүн түзүмү 

(Maturity Structure) 

Структура сроков погашения 

(Maturity Structure) 

Талаптарды жана милдеттенмелерди төлөө мөөнөттөрүн убакыт боюнча бөлүштүрүү. Бул “төлөө мөөнөттөрүнүн мүнөздөмөсү” же “төлөө мөөнөттөрүнүн бөлүштүрүлүшү” деп да аталат.  

Распределение во времени сроков погашения требований или обязательств. Называется также «характеристикой сроков погашения» или «распределением сроков погашения» 

595.  

Субординацияланган карыз 

(Subordinated duty) 

 

Субординированный долг 

(Subordinated duty) 

 

Бул, эмитенттин башка милдеттенмелерине салыштырганда кыйла төмөн статустагы милдеттенме. Эмитент банкрот абалда калган учурда алардын орду, бардык кредиторлор жана аманатчылар толук тейлөөгө алынып, алардын талаптары канааттандырылгандан кийин, бирок эмитенттин акцияларына ээлик кылуучулардын талаптары канааттандырылганга чейин жабылууга тийиш. 

Субординированный долг это обязательства с более низким статусом по сравнению с другими обязательствами эмитента. В случае банкротства эмитента погашаются после полного обслуживания и удовлетворения требований всех кредиторов и вкладчиков, но до удовлетворения требований держателей акций эмитента. 

596.  

Субсидия 

(Subsidium) 

Субсидия 

(Subsidium) 

Мамлекеттик же жергиликтүү бюджеттин эсебинен керектөөчүлөргө, ошондой эле атайын фондулардын эсебинен юридикалык жактарга жана жеке адамдарга, жергиликтүү бийлик органдарына сунушталуучу төлөөлөр.  

Выплаты потребителям, предоставляемые за счет государственного или местного бюджета, а также специальных фондов юридическим и физическим лицам, местным органам власти

597.  

Кредиттин суммасы 

(Amount of a credit) 

Сумма кредита 

(Amount of a credit) 

Кредиттик мекемелер белгилүү бир шарттарда карыз алуучуларга сунушташкан, тиешелүү валютадагы акчалай ресурстардын көлөмү.  

Объем денежных ресурсов в соответствующей валюте, который кредитные учреждения предоставляют заемщикам на определенных условиях

598.  

Маалыматтардынолуттуулугу 

(Significance of the information) 

Существенность информации 

(Significance of the information) 

Эгерде, анын камтылбай калышы же бурмаланышы кабыл алынуучу чечимге же айтылуучу пикирге таасир эте алса, анда бул маалымат олуттуу болуп эсептелинет  

Информация считается существенной, если ее пропуск или искажение могут повлиять на суждения и принимаемые решения пользователями. 

599.  

Эсеп 

(Account) 

Счет 

(Account) 

Эсеп 1) өзүнчө статьяга тиешелүү болгон бардык бухгалтердик жазуулардын регистри. Кош жазуу системасында эсеп дебетке жана кредитке ээ; 2) соода мамилелеринде сатуучу тарабынан сатып алуучунун атына жазылган жана товардын келип түшкөндүгүн жана анын наркын тастыктаган товардык документ; 3) эсептешүү, кандайдыр бир нерсени эсепке алуу.  

Счет 1) регистры всех бухгалтерских записей, относящихся к отдельной статье. В системе двойной записи счета имеют дебетовую и кредитовую стороны; 2) в торговых отношениях товарный документ, выписываемый продавцом на имя покупателя и удостоверяющий поставку товара и его стоимость; 3) расчет, учет чего-либо. 

600.  

Банктык эсеп 

(Bank account) 

Счет банковский 

(Bank account) 

Банк менен кардар ортосундагы депозитти (банктык аманатты) кабыл алуу жана/же кредит берүү боюнча, ошондой эле банктын банктык эсепти тейлөө боюнча келишимдерде, мыйзамдарда жана банктык тажрыйбада колдонулган иш боюнча жүгүртүү эрежелеринде каралган, кардардын банк тарабынан тейленишинин жүзөгө ашырылышына байланыштуу операцияларды жүргүзүүсү боюнча келишимдик мамилелерди чагылдыруу ыкмасы. 

Способ отражения договорных отношений между банком и клиентом по приему депозита (банковского вклада) и\или выдаче кредита, а также по совершению банком операций, связанных с осуществлением банковского обслуживания клиента, предусмотренного договором по обслуживанию банковского счета, законодательством и применяемые в банковской практике обычаями делового оборота. 

601.  

Капитал менен операциялар жана финансылык операциялар эсеби 

(Capital and Financial Аccount) 

Счет операций с капиталом и финансовых операций 

(Capital and Financial Аccount) 

Төлөм балансынын бөлүгү, анда (а) капиталдык трансферттер жана өндүрүлбөгөн финансылык эмес активдерди (патенттер жана кайра өндүрүүгө (копирайт) менчик укугу) сатып алуу/сатуу жана (б) финансылык активдер жана милдеттенмелер боюнча маалыматтар камтылган. 

Раздел платежного баланса, который включает информацию по (а) капитальным трансфертам и приобретению/продаже нефинансовых непроизведенных активов (патенты и права собственности на воспроизведение (копирайт)) и (б) финансовым активам и обязательствам 

602.  

Төлөм теңдеминин күндөлүк операциялар эсеби 

(Current account of balance of payments) 

Счет текущих операций платежного баланса 

(Current account of balance of payments) 

1) Өлкөнүн төлөм теңдеминин бөлүгү, анда товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөр экспортунун жана импортунун көлөмү, анын инвестициялардан таза кирешесинин көлөмү жана трансферттик төлөмдөрдөн таза көлөмү белгиленген. Төлөм теңдеминин күндөлүк операцияларынын эсебинде резиденттер жана резидент эместер ортосунда жүргүзүлгөн экономикалык баалуулуктар менен кайсы болбосун операциялар (финансылык активдерди жана милдеттенмелерди эске албаганда) камтылат. Ошондой эле, мында күндөлүк керектелүүчү баалуулуктарды кайтарымсыз берүү же алууга байланыштуу операциялар да эске алынган. Мында, товарлар, кызмат көрсөтүүлөр, кирешелер жана күндөлүк трансферттер да камтылган. Товарлар, кызмат көрсөтүүлөр, кирешелер жана күндөлүк трансферттер боюнча сальдону негизинен, “күндөлүк операциялар боюнча сальдо” же “күндөлүк операциялар эсебинин сальдосу” деп аташат.  

1) Раздел платежного баланса страны, в котором фиксируются объемы ее экспорта, импорта товаров и услуг, ее чистого дохода от инвестиций и чистого объема трансфертных платежей. Счет текущих операций платежного баланса охватывает любые операции с экономическими ценностями (кроме операций с финансовыми активами и обязательствами), совершаемые между резидентами и нерезидентами. Также учитываются операции, связанные с безвозмездным предоставлением или получением ценностей, предназначенных для текущего использования. Включаются товары, услуги, доходы и текущие трансферты. Сальдо по товарам, услугам, доходам и текущим трансфертам обычно называют «сальдо по текущим операциям» или «сальдо счета текущих операций»

603.  

Активдүү эсептер 

(Real accounts) 

Счета активные 

(Real accounts) 

Уюмдардын каражаттары эске алынган бухгалтердик эсепке алуу эсептери. Алар өзүндө каражаттардын бар экендигинин, курамынын жана жайгаштырылышынын көрсөткүчтөрүн камтыйт. Активдүү эсептерде каражаттардын көбөйүүсү дебет боюнча, ал эми азаюусу кредит боюнча жазылат. Дебеттик сальдо баланс активинде көрсөтүлөт.  

Счета бухгалтерского учета, на которых учитываются средства организаций. Они содержат показатели наличия, состава и размещения средств. На активных счетах увеличение средств записывается по дебету, а уменьшение по кредиту. Дебетовое сальдо показывается в активе баланса

604.  

Пассивдүү эсептер 

(Credit accounts) 

Счета пассивные 

(Credit accounts) 

Өздүк жана карыздык каражаттардын булагы, алардын максаттуу багытталышы эске алынган бухгалтердик эсепке алуу эсептери. Каражат булактарынын көбөйүүсү пассивдүү эсептерде кредит боюнча, ал эми азаюусу дебет боюнча жазылат. Эсептер боюнча кредиттик сальдо баланс пассивинде көрсөтүлөт.  

Счета бухгалтерского учета, на которых учитываются источники собственных и заемных средств, их целевое направление. Увеличение источников средств в пассивных счетах записывается по кредиту, уменьшение по дебету. Кредитовое сальдо по счетам показывается в пассиве баланса

605.  

“Эскроу” эсептери 

(Escrow Аccounts) 

Счета «эскроу» 

(Escrow Аccounts) 

Тышкы карыз боюнча төлөөлөргө карата карыз алуучунун өлкөсүнөн тышкары жайгашкан банктарда ачылган жана алар аркылуу анын экспорттук пайдасынын жарымы өтө турган эсептер колдонулат. Эрежедегидей эле, бир жылдык мөөнөттөгү мындай эсептердеги калдыктар карызды тейлөө боюнча келечекте келип чыгуучу төлөмдөрдүн ордун жабуу үчүн каралган. Ушундан улам, мындай эсептердин бенефициарынан болгон кредиторлор өз карыздары боюнча кошумча камсыздоолорду жана карызды тейлөөдө айкын артыкчылыкты алышат.  

Применительно к выплатам по внешнему долгу счета, которые обычно открываются в банках, находящихся за пределами страны заемщика, и через которые проходит часть экспортной выручки заемщика. Как правило, остатки на таких счетах сроком один год предназначены для покрытия будущих платежей по обслуживанию долга. Благодаря этому кредиторы, являющиеся бенефициарами таких счетов, получают дополнительное обеспечение по своим займам и фактический приоритет при обслуживании долга

606.  

Күндөлүк милдеттенмелер 

(Current liabilities) 

Текущие обязательства 

(Current liabilities) 

Төлөө мөөнөтү 1 жылдан ашпаган кыска мөөнөттүү милдеттенмелер. 

Краткосрочные обязательства со сроком погашения не более одного года. 

607.  

Күндөлүк трансферттер 

(Current Transfers) 

Текущие трансферты 

(Current Transfers) 

Капиталдын трансферттери болбогон реалдуу же финансылык ресурсту акысыз өткөрүп берүү. Күндөлүк трансферттер тартылган кирешенин жана товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдүн керектелишине түздөн-түз таасирин тийгизет.  

Безвозмездная передача реального или финансового ресурса, не являющихся трансфертами капитала. Текущие трансферты оказывают непосредственное воздействие на уровень располагаемого дохода и на потребление товаров и услуг

608.  

Терминал (Terminal) 

Терминал 

(Terminal) 

Адистештирилген кассалык жабдуулар, стационардык жабдуулар, чөнтөккө салып жүрүүгө каралган уюлдук түзүлүштөр, көчмө терминалдар жана кассалык аппараттар, өзүн-өзү тейлөө автоматтары (төлөмдөрдү кабыл алууга адистештирилген автоматтар жана банкоматтар), башкы процессинг менен байланыш түзүүгө, билдирүүлөрдү түзүүгө жана аларды банктын төлөм системасынын түйүнүнө жөнөтүүгө жана андан келип түшкөн билдирүүлөрдү кабыл алууга өбөлгө түзгөн, эсептешүү веб сервери.  

Специализированные прикассовые устройства, стационарное оборудование, мобильные устройства карманного типа, переносные терминалы и кассовые аппараты, автоматы самообслуживания (специализированные автоматы и банкоматы, предназначенные для приема платежей), а также расчетный веб сервер для авторизации транзакций в сети Интернет позволяющий устанавливать связь с главным процессингом, формировать, отправлять сообщения в сеть платежной системы банка и принимать сообщения, поступающие из неё. 

609.  

Банктык төлөм карттарды толтуруу үчүн терминал 

(Terminal of card updating) 

Терминал пополнения банковской платежной карты (Terminal of card updating) 

Акча каражаттарын банктык эсептен картка түшүрүү, ПИН-кодду, лимиттерди алмаштыруу, картты колдонуу мөөнөтүн узартуу үчүн каралган түзүлүш. 

Устройство, предназначенное для записи денежных средств с банковского счёта на карту, смены ПИН-кода, лимитов, продления срока действия карты. 

610.  

Төлөм системасында соода-сервистик ишкана (ССИ) (Merchant) 

Торгово сервисное предприятие (ТСП) в платежной системе (Merchant) 

Эквайер менен түзүлгөн келишимге ылайык товарлар же кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөгө карттарды, электрондук акчаларды кабыл алган жана карттар, электрондук капчык аркылуу операциялар ишке ашырылгандыгын тастыктаган документтерди түзүү менен нак акча каражаттарын берген юридикалык жак же жеке ишкер  

Юридическое лицо или индивидуальный предприниматель, которое(ый) в соответствии с заключенным с эквайером договором принимает карты, электронные деньги для оплаты товаров или услуг и выдает наличные денежные средства с составлением документов, подтверждающих совершение операций с картами и электронными кошельками.  

611.  

Өсүш арымы 

(Rate surplus) 

Темп прироста 

(Rate surplus) 

Белгилүү бир мезгил ичинде экономикалык көрсөткүчтүн өсүшүнүн, анын салыштырмалуу чоңдуктарда же пайыздарда өлчөнгөн баштапкы деңгээлине карата катышы. 

Отношение прироста величины экономического показателя за определенный период времени к его исходному уровню, измеряемое в относительных величинах или в процентах

612.  

Өсүш арымы 

(Growth rate) 

Темп роста 

(Growth rate) 

Учурдагы экономикалык көрсөткүчтүн чоңдугунун, анын салыштырмалуу чоңдуктарда же пайыздарда өлчөнгөн эсептөө базасына кабыл алынган баштапкы маанисине карата катышы. 

Отношение величины экономического показателя в данное время к его исходному значению, принятому за базу отсчета, измеряемое в относительных величинах или в процентах

613.  

Инфляция арымы 

(Rate Of Inflation) 

Темпы инфляции 

(Rate Of Inflation) 

Белгилүү бир мезгил ичинде баалардын жалпы деңгээлинин пайыздарда туюндурулган өсүш арымы. 

Выраженный в процентах темп прироста общего уровня цен в течение определенного периода времени

614.  

Рынок тенденциясы 

(Trends of the market) 

Тенденция рынка 

(Trends of the market) 

Рынокто баа (мисалы, товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баанын, пайыздык чендердин, валюта курсунун) деңгээлинин өзгөрүүгө же сакталып турууга ык койгон туруктуу багыты.  

Устойчивая направленность изменения или сохранения уровня цен на рынке (например, цен на товары и услуги, процентных ставок, валютного курса)

615.  

Соода балансы 

(Trade balance) 

Торговый баланс 

(Trade balance) 

Төлөм теңдеминин өлкөнүн башка өлкөлөр менен соода байланыштарын мүнөздөгөн бөлүгү. Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр импорту жана экспорту аны түзүүчүлөрдөн болуп саналышат. Баланс товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөр экспортунун жана импортунун айырмасы катары эсептелет, улуттук товардык рыноктун өнүгүү деңгээлин мүнөздөйт. 

Часть платежного баланса, характеризующая торговые связи страны с другими странами. Его составляющими являются экспорт и импорт товаров и услуг. Баланс рассчитывается как разница экспорта и импорта товаров и услуг, характеризует степень развитости национального товарного рынка.  

616.  

Тоорук сессиясы 

(Trade session) 

Торговая сессия 

(Trade session) 

Билдирмелерди берүүгө жана тоорук системаларынын катышуучулары ортосунда бүтүмдөргө келишүүгө жол берилген убакыт аралыгы. 

Период времени, в течение которого допускается подача заявок и заключение сделок между участниками торговых систем

617.  

Тоорук күнү 

(Trade day) 

Торговый день 

(Trade day) 

Тоорук системаларында тооруктар өткөрүлгөн иш күнү 

Рабочий день, в который проводятся торги в торговых системах

618.  

Транзакция (Transaction) 

Транзакция (Transaction) 

Картты пайдалануу менен ишке ашырылган операция (мисалы, товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда, акча каражаттарды которууда, валюталарды алмаштырууда же нак акча каражаттарды алууда), анын натыйжасында карт ээсинин эсебинде акча каражаттардын калдыктары өзгөрөт.  

Операция с использованием карты (например, при покупке товаров, услуг, переводе денежных средств, обмене валют или получении наличных денежных средств), в результате которой происходит изменение остатка денежных средств на счете держателя карты.  

619.  

Акча-кредит саясатынын трансмиссиялык механизми 

(Transmission mechanisms of monetary policy) 

Трансмиссионный механизм денежно-кредитной политики 

(Transmission mechanisms of monetary policy) 

Акча-кредит саясаты экономикага таасирин тийгизе турган ыкмалар (каналдар) жыйындысы. 

Совокупность путей (каналов), по которым денежно-кредитная политика (ДКП) оказывает влияние на экономику

620.  

Трансферт 

(Transfers) 

Трансферт 

(Transfers) 

1) Чет өлкө валютасынын бир өлкөдөн экинчиге которулушу; 2) Бир жактын экинчи бир жакка баалуу кагаздарга ээлик кылуу укугун өткөрүп берүүсү; 3) Бүтүм боюнча төлөөнү бир эсептен экинчисине которуу; 4) Алардын жүрүшүндө реалдуу ресурсту же финансылык активди кайтарымсыз негизде өткөрүп берүү ишке ашырылган операциялар. 

1) Перевод иностранной валюты из одной страны в другую; 2) Передача одним лицом другому лицу права владения ценными бумагами; 3) Перенос оплаты по сделке с одного счета на другой; 4) Операции, в ходе которых происходит передача реального ресурса или финансового актива на безвозмездной основе

621.  

Транш 

(Tranche) 

Транш 

(Tranche) 

1) Кредиттик келишимди колдонуу мезгили ичинде белгилүү бир убакыттан кийин ар кандай шарттарда сунушталуучу кредиттин үлүшү; 2) Бардык талаптарды жана милдеттерди жөнгө салган жалпы шарттардан айырмаланган өзүнүн конкреттүү шарттары бар финансылык талаптардын жана милдеттенмелердин айрым бөлүгү

1) Доля кредита, предоставляемая на разных условиях через определенный промежуток времени в течение срока действия кредитного соглашения; 2) Отдельная часть финансового требования или обязательства со своими собственными конкретными условиями, в отличие от общих условий, регулирующих все требования или обязательства. 

622.  

Тренд 

(Trend) 

Тренд 

(Trend) 

Отчеттук, статистикалык маалыматтарды иштеп чыгуу жана ушунун негизинде экономикалык өсүш же төмөндөө тенденцияларын белгилөө аркылуу аныкталган экономикалык көрсөткүчтөрдүн өзгөрүү багыты. 

Направленность изменения экономических показателей, определяемая путем обработки отчетных, статистических данных и установления на этой основе тенденций экономического роста или спада. 

623.  

Маалымат коопсуздугуна коркунучтар 

(Threat of information safety) 

Угроза информационной безопасности 

(Threat of information safety) 

Маалымат системасына потенциалдуу таасирин тийгизиши мүмкүн болуучу таасирлер, алар маалымат системаларын пайдалануучуларга тике же кыйыр түрдө зыян келтириши мүмкүн

Потенциально возможные воздействия на информационную систему, которые могут нанести прямой или косвенный ущерб пользователям информационной системы. 

624.  

SWIFT жамааттык пайдалануу түйүнү (ЖПТ)  

(Society for worldwide interbank financial telecommunication) 

Узел коллективного пользования (УКП) SWIFT (Society for worldwide interbank financial telecommunication) 

Пайдалануучуларга чек ара аркылуу төлөмдөрдү өткөрүү үчүн жалпы интерфейс аркылуу SWIFT телекоммуникациялык түйүнүнөн пайдалануу мүмкүндүгүн камсыз кылган аппараттык-программалык комплекс.  

Аппаратно-программный комплекс, обеспечивающий пользователям доступ к телекоммуникационной сети SWIFT через общий интерфейс для проведения трансграничных платежей.  

625.  

SWIFT 

(SWIFT (Society for Worldwide Interbank Financial Telecommunication) 

SWIFT 

(SWIFT (Society for Worldwide Interbank Financial Telecommunication) 

Бүткүл дүйнөлүк банктар аралык финансылык коммуникациялар коому, ал SWIFT телекоммуникациялык чөйрөсү аркылуу пайдалануучулар ортосунда чек ара төлөмдөрүн ишенимдүү жана коопсуз өткөрүп берүүнү камсыз кылат. 

Сообщество всемирных межбанковских финансовых телекоммуникаций, обеспечивает надежную и безопасную передачу трансграничных платежей между пользователями посредством телекоммуникационной среды SWIFT. 

626.  

Тобокелдиктерди тескөө 

(Risk management) 

Управление рисками 

(Risk management) 

Орун алышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди минималдаштырууга багытталган жана өзүнө тобокелдиктерди аныктоону жана аларга баа берүүнү, чечимдерди кабыл алууну, тобокелдикке мониторинг жана контролдукту камтыган процесс. 

Процесс, направленный на минимизацию возможных рисков и включающий в себя выявление и оценку риска, принятие решения, мониторинг и контроль риска. 

627.  

Жеңилдик деңгээли 

(Concessionality Level) 

Уровень льготности 

(Concessionality Level) 

Карыздын төлөнбөгөн номиналдык наркы менен операция жүргүзүлгөн валюта үчүн колдонулган пайыздык чен боюнча дисконттолгон, карызды тейлөө боюнча келечектеги төлөмдөрдү салыштыруу максатында, кредит же насыя (займ) берилген учурга карата жүргүзүлгөн, карыздын номиналдык наркына пайыз түрүндө туюндурулган таза келтирилген наркты эсептөө. Карыздын жеңилдетилген деңгээли (же байланыштуу жардамдын) эки тараптуу негизде окшош эле эсептелет, бирок карыздын номиналдык наркынын ордуна насыянын (займдын) жалпы наркы, б.а. кредитор тарабынан берилген сыяктуу эле, берилбеген каражаттарды да эске алуу менен алынат, ал эми булардын айырмасы грант-элемент деп аталат (Грант-элементти жана Таза келтирилген наркты карагыла.) 

Выраженный в виде процента от номинальной стоимости долга расчет чистой приведенной стоимости, производимый на момент предоставления кредита или займа, с целью сопоставления непогашенной номинальной стоимости долга и будущих платежей по обслуживанию долга, дисконтированных по процентной ставке, применимой для валюты операции. Уровень льготности долга на двусторонней основе (или связанной помощи) рассчитывается аналогичным образом, однако вместо номинальной стоимости долга берется нарицательная стоимость займа, то есть с учетом как предоставленных, так и не предоставленных кредитором средств, а разница называется грант-элементом. (См. также Грант-элемент и Чистая приведенная стоимость.) 

628.  

Тышкы карыздын туруктуулугу 

(External Debt Sustainability) 

Устойчивость внешнего долга 

(External Debt Sustainability) 

Аны тейлөөдө төлөм теңдемине төлөөлөрдүн ири көлөмдөрү аркылуу басым жасабаган карыз деңгээли. Туруктуулук тобокелдикке дуушар болбогондой шартта каржылоо үчүн карыз алуунун алгылыктуу деңгээлинин орун алып турушун узартуу мүмкүнчүлүгүн да түшүндүрөт.  

Уровень долга, не оказывающий давления на платежный баланс посредством больших объемов выплат по его обслуживанию. Устойчивость также означает возможность продолжения приемлемого уровня заимствований для финансирования импорта без того, чтобы быть подверженным риску устойчивости. 

629.  

Пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган жабдуу  

(Access terminal) 

Устройство доступа  

(Access terminal) 

Бул ээлик кылуучуга электрондук акчаны пайдалануу менен төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу үчүн өз электрондук капчыгынан пайдалана алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган инструмент (персоналдык компьютер, планшет, уюлдук телефон же башка түзүлүш).  

Это инструмент (персональный компьютер, планшетный компьютер, мобильный телефон или иное устройство), обеспечивающий держателю доступ к своему электронному кошельку для осуществления платежей с использованием электронных денег. 

630.  

Төлөө системасынын катышуучусу (Payment system participant/ member) 

Участник платёжной системы  

(Payment system participant/ member) 

Коммерциялык банктар жана башка финансы-кредит мекемелери, финансы-кредиттик эмес уюмдар жана төлөм системасынын оператору менен түзүлгөн келишимдин негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында калкка кызматтарды сунуштаган башка уюмдар. Төлөм системасынын катышуучусу анын оператору болушу мүмкүн, эгерде төлөм системасынын иши катышуучу тарабынан камсыз кылынган болсо.  

Коммерческие банки и другие финансово-кредитные учреждения, не финансово-кредитные организации и другие организации, предоставляющие платежные услуги населению на территории Кыргызской Республики на основании договора, заключенного с оператором платежной системы. Участник платежной системы может являться и оператором платежной системы в случае, если функционирование платежной системы обеспечивается этим участником. 

631.  

Төлөм системасынын тике катышуучусу 

(Direct participant of payment system) 

Прямой участник платежной системы 

(Direct participant of payment system) 

Улуттук банкта эсеби бар жана тике коммуникациялык туташуу мүмкүнчүлүгүнө ээ катышуучу.  

Участник, имеющий счет в Национальном банке и прямое коммуникационное соединение с системой. 

632.  

Төлөм системасынын адистештирилген (атайы) катышуучусу 

(Specialized (special) participant of payment system) 

Специализированный (специальный) участник платежной системы 

(Specialized (special) participant of payment system) 

Улуттук банкта эсепке ээ эмес, бирок система менен түз комммуникациялык байланышка ээ жана тике иш алып барган катышуучу.  

Участник, не имеющий счета в Национальном банке, но имеющий прямое коммуникационное соединение с системой и осуществляющий прямое взаимодействие с системой.  

633.  

Кошуп эсептөө ыкмасы боюнча пайыздарды эсепке алуу 

(Accrual of Interest Costs) 

Учет процентов по методу начисления 

(Accrual of Interest Costs) 

Пайыздык чыгашаларды/кирешелерди эсепте дайыма чагылдырып туруу, капиталды сунуштоо менен капитал наркынын катышын аныктоого өбөлгө түзөт.  

Постоянное отражение в учете процентных расходов/доходов позволяет соотносить стоимость капитала с предоставлением капитала. 

634.  

Эсептик жазуу 

(Account, inventory) 

Учетная запись 

(Account, inventory) 

Пайдалануучунун маалыматтык ресурстардан пайдалануу үчүн зарыл болгон, код коюлган аты. 

Имя пользователя в закодированном виде, необходимое для доступа к информационным ресурсам. 

635.  

Эсептик чен 

(Discount rate) 

Учетная ставка 

(Discount rate) 

Акча-кредит саясатынын инструменти, ал Борбордук банк тарабынан белгиленген пайыздык ченди түшүндүрөт жана экономикада акча ресурстарынын баасынын базалык көрсөткүчү катары кызмат кылат. 

Инструмент денежно-кредитной политики, представляющий собой устанавливаемую центральным банком процентную ставку и служащий базовым ориентиром цены денежных ресурсов в экономике. 

636.  

Трастты уюштуруучу (трастор) 

(Settlor (trustor)) 

Учредитель траста (трастор) 

(Settlor (trustor)) 

Трастты уюштуруучу (трастор) бул, ишеним боюнча тескөөгө өткөрүлүп берилген мүлктүн ээси; ага ыйгарым укук чегерилген мамлекеттик орган (мамлекеттин менчигинде турган мүлк боюнча); чарба жүргүзүү укугуна негизденген ишкана (менчик ээсинин уруксаты менен) 

Учредитель траста (трастор) это собственник передаваемого в доверительное управление имущества; уполномоченный на то государственный орган (в отношении имущества, находящегося в государственной собственности); предприятие, основанное на праве хозяйственного ведения (с разрешения собственника).  

637.  

Төлөмдөр файлы (File of payments) 

Файл платежей (File of payments) 

Системада электрондук түрдө түптөлгөн жана өткөрүлүп берилген төлөмдөр топтомунун жыйындысы. 

Совокупность пакетов платежей, формируемых и передаваемых в системе в электронном виде.  

638.  

Факторинг 

(Factoring) 

Факторинг 

(Factoring) 

Факторинг бул, карызгерге карата талаптарды алуу жана карыздарды өндүрүү. Мында бир тарап (финансылык агент) экинчи тарапка (кардарга) кардардын товарларды сунуштоосунан, иштерди аткаруусунан же үчүнчү жакка кызмат көрсөтүүдөн улам, үчүнчү жакка карата келип чыккан, анын акчалай талаптарынын эсебинен акча каражатын берет же берүүгө милдеттенет, ал эми кардар финансылык агентке ошол акчалай талапты ыйгарып берет же ага милденттенет.  

Факторинг это приобретение требований к должнику и взыскание долга, когда одна сторона (финансовый агент) передает или обязуется передать другой стороне (клиенту) денежные средства в счет денежного требования клиента (кредитора) к третьему лицу (должнику), вытекающего из предоставления клиентом товаров, выполнения им работ или оказания услуг третьему лицу, а клиент уступает или обязуется уступить финансовому агенту это денежное требование. 

639.  

Фидуциардык жоопкерчилик 

Фидуциарная ответственность 

Ишенимге негизденген мамилелерден улам келип чыккан жоопкерчиликтүүлүк.  

Ислам банктарынын жана «ислам терезесине» ээ банктардын ишин жөнгө салуу максатында, фидуциардык жоопкерчиликтүүлүк бул, инвестициялык эсеп ээлеринин акча каражаттарын талаптагыдай тескөө жана мудараба келишиминде белгиленген шарттарды сактоо боюнча банктын өз кардарлары алдында жоопкерчилиги.  

Ответственность, возникающая в отношениях, основанных на доверии.  

Для целей регулирования деятельности исламских банков и банков, имеющих «исламское окно», фидуциарная ответственность это ответственность банка перед своими клиентами по надлежащему управлению денежными средствами держателей инвестиционных счетов и соблюдению условий, оговоренных в договорах мудараба. 

640.  

Белгиленген валюта курсу 

(Fixed exchange rate) 

Фиксированный валютный курс 

(Fixed exchange rate) 

Мамлекет тарабынан белгиленген жана колдоого алынган алмашуу курсу. 

Обменный курс, который устанавливается и поддерживается государством. 

641.  

Финансы системасы 

(Financial System) 

Финансовая система 

(Financial System) 

Финансы ортомчуларынын, финансы рынокторунун экономикада акчанын жана кредиттин жылышынын жана экономикада акчанын жана кредиттин жылышын камсыз кылган финансы инфраструктурасынын ортомчусу болуп саналган чогуу алгандагы институттары. Финансы системасы: финансы мекемелеринен, үй чарбалардан, финансылык эмес ишканалардан, мамлекеттик мекемелерден жана ишканалардан өз атынан активдерге ээлик кылууга, милдеттенмелерди кабыл алууга, экономикалык ишти жүзөгө ашырууга жана башка түзүмдөр менен операцияларды жүргүзүүгө мүмкүнчүлүгү бар ишканалардан турат. Финансы системасынын өлчөмү финансы системасынын түзүмүнө жараша эсептелет жана депозиттик мекемелерге, башка финансылык корпорацияларга, финансылык эмес корпорацияларга, үй чарбаларына, мамлекеттик башкаруу секторуна жана борбордук банкка таандык болгон финансылык активдердин суммасын түшүндүрөт.  

Совокупность институтов финансового посредничества, финансовых рынков, являющихся посредниками движения денег и кредита в экономике, и финансовой инфраструктуры, обеспечивающих движение денег и кредита в экономике. Финансовая система состоит из: финансовых учреждений, домашних хозяйств, нефинансовых предприятий, государственных учреждений и предприятий, которые могут от своего имени владеть активами, принимать обязательства, осуществлять экономическую деятельность и проводить операции с другими структурами. Размеры финансовой системы рассчитываются исходя из структуры финансовой системы и представляет собой сумму финансовых активов, принадлежащих депозитным учреждениям, другим финансовым корпорациям, нефинансовым корпорациям, домашним хозяйствам, сектору государственного управления и центральному банку.  

642.  

Финансылык милдеттенме 

(Financial Liability) 

Финансовое обязательство 

(Financial Liability) 

Эки тараптын тең өз ара тиешелүү укуктарын жана милдеттенмелерин аныктайт, алар өз табиятына жараша финансылык катары каралууга тийиш жана карыз алуучудан кредитордун пайдасына, алардын ортосунда түзүлгөн келишимде белгиленген жагдайларда төлөмдүн (төлөөлөрдүн) ишке ашырылышын талап кылат.  

Определяет соответствующие взаимные права или обязанности обеих сторон, которые в силу своей природы должны рассматриваться как финансовые и требует от заемщика произвести платеж (платежи) в пользу кредитора в обстоятельствах, оговоренных в договоре между ними.  

643.  

Финансылык талаптар 

(Financial Claim) 

Финансовое требование 

(Financial Claim) 

Эки тараптын өз ара тиешелүү укуктарын жана милдеттенмелерин аныктайт, алар өз мүнөзүнө жараша финансылык катары каралууга тийиш жана кредиторго карыз алуучудан алардын ортосунда түзүлгөн келишимде белгиленген жагдайларда төлөмдүөлөмдөрдү) алуу укугун чегерет. 

Определяет соответствующие взаимные права или обязанности обеих сторон, которые по своему характеру должны рассматриваться как финансовые, и дает кредитору право на получение платежа (платежей) от заемщика в обстоятельствах, оговоренных в договоре между ними.  

644.  

Финансылык тобокелдик 

(Financial risk) 

Финансовый риск 

(Financial risk) 

Контрагенттин сапатына, контрагент өлкөнүн экономикалык абалына жана финансы рынокторундагы өзгөрүүлөргө байланыштуу орун алышы ыктымал болгон жоготуу тобокелдиги. Финансылык тобокелдик кредиттик тобокелдик, рыноктук тобокелдик жана ликвиддүүлүк тобокелдиги болуп бөлүнөт.  

Риск возможных потерь, связанный с качеством контрагента, экономическим состоянием страны- контрагента и изменениями на финансовых рынках. Финансовый риск подразделяется на кредитные риски, рыночные риски и риск ликвидности. 

645.  

Финансы рыногу 

(Financial Market) 

Финансовый рынок 

(Financial Market) 

Экономикалык субъекттер катышуучулардын жүрүм-туруму боюнча белгиленген эрежелерге ылайык, финансылык талаптарды сатып алуу-сатууну жүзөгө ашырышкан рынок катары аныкталат.  

Определяется как рынок, на котором экономические субъекты осуществляют куплю-продажу финансовых требований в соответствии с установленными правилами поведения участников. 

646.  

Төлөм теңдеминин финансылык эсеби 

(Financial Аccount) 

Финансовый счет платежного баланса 

(Financial Аccount) 

Өлкөнүн тышкы финансылык активдери жана милдеттенмелери менен операциялары төлөм теңдеминин финансылык эсебине кирет. Өлкөнүн тышкы финансылык активдери монетардык алтындан, ЭВФтин атайын карыз алышуу укуктарында авуарлардан жана резидент эместерге карата талаптардан турат. Өлкөнүн тышкы милдеттенмелери резидент эместердин резиденттерге карата талаптарынан турат. Финансылык эсепти классификациялоо эң оболу, чет өлкө инвестицияларынын функционалдык багытына негизденген: тике, портфелдик жана башка инвестицияларга; туунду финансылык инструменттерге; резервдик активдерге бөлүнөт. 

К финансовому счету платежного баланса относятся операции с внешними финансовыми активами и обязательствами страны. Внешние финансовые активы страны состоят из монетарного золота, авуаров в специальных правах заимствования МВФ и требований к нерезидентам. Внешние обязательства страны состоят из требований нерезидентов к резидентам. Классификация финансового счета основана, в первую очередь, на функциональном предназначении иностранных инвестиций: различают прямые, портфельные и прочие инвестиции; производные финансовые инструменты; резервные активы.  

647.  

ФИФО  

(FIFO - first in first out) 

ФИФО  

(FIFO - first in first out) 

Төлөмдөрдү иштеп чыгуу боюнча кезектүүлүк принциби, мында төлөмдөр келип түшкөндүгүнө жараша ырааттуу түрдө иштелип чыгат.  

Принцип очередности обработки платежей, при котором платежи обрабатываются последовательно, в порядке их поступления. 

648.  

Форвард бүтүмү 

(Forward dealing) 

Форвардная сделка 

(Forward dealing) 

Биржадан тышкары форварддык контракт түзүү учурунда макулдашылган баа боюнча келечекте алардын берилишин караган товарлар, баалуу кагаздар, валюталар менен стандартка салынбаган бүтүмдөр. 

Нестандартизированная сделка с товарами, ценными бумагами, валютой, предусматривающая их поставку в будущем по цене, согласованной во время заключения форвардного контракта вне биржи. 

649.  

Форвард чени 

(Forward rate) 

Форвардная ставка 

(Forward rate) 

Эки тарап менен макулдашылган жана келечекте макулдашылган суммада төлөнүүчү пайыздык чен 

Процентная ставка, согласованная двумя сторонами и уплачиваемая в будущем на оговоренную сумму. 

650.  

Форвард баасы 

(Forward price) 

Форвардная цена 

(Forward price) 

Товарлардын, валюталардын же финансылык инструменттердин белгилүү бир көлөмү келечекте аныкталган убакытта ал боюнча сунушталган катталган баа. 

Фиксированная цена, по которой определенный объем товара, валюты или финансовых инструментов должен быть поставлен в конкретное время в будущем. 

651.  

Фронт-офис 

(Front Office) 

Фронт-офис 

(Front Office) 

Бекитилген ыйгарым укуктарга, лимиттерге жана контролдук көрсөткүчтөргө ылайык, инвестициялык операциялардын демилгечиси катары иш алып барган түзүмдүк бөлүм. 

Структурное подразделение, которое выступает в качестве инициатора инвестиционных операций в соответствии с утвержденным делегированием полномочий, лимитами и контрольными ориентирами. 

652.  

Фьючерс контракты 

(Futures contract) 

Фьючерсный контракт 

(Futures contract) 

Келечекте белгиленген күнү, макулдашылган баада аларды сунуштоо үчүн белгилүү бир товардын, валюталардын же баалуу кагаздардын катталган санын сатып алуу же сатуу жөнүндө стандартташтырылган келишим. 

Ал форварддык контракттан айырмаланып биржада сатылат, стандартташтырылган шарттарга ээ жана адатта товарлардын жеткирилип берилишин болжолдобойт. 

Стандартизированный договор о купле или продаже фиксированного количества определенного товара, валюты или ценных бумаг для их поставки в оговоренную дату в будущем по согласованной цене.  

В отличие от форвардного контракта торгуется на бирже, имеет стандартизированные условия и обычно не предполагает физической поставки товара. 

653.  

Форфейтинг 

(Forfaiting) 

Форфейтинг 

(Forfaiting) 

 

Товарларды сатууда экспортточуларды, сатуучуларды кредиттөө формасы, бул көбүнчө тышкы соода операцияларында колдонулат. Банк (форфейтер) экспортточудан (сатуучудан) импорттоочунун ал тарабынан сатылып алынган товар жеткирилип берилгенден кийин дароо төлөө боюнча акчалай милдеттенмесин сатып алат жана экспортоочуга товардын наркын мөөнөтүнөн мурда, толугу менен же бөлүп-бөлүп төлөөнү өзү жүзөгө ашырат. Кийинчерээк банкка-форфейтерге товарга төлөөгө акча каражаттарын, төлөөнү ал үчүн форфейтор жүзөгө ашыргандыгынан кабардар болгон импортточу, сатып алуучу чегерет, төлөйт. Банк-форфейтер мөөнөтүнөн мурда төлөгөндүгү үчүн экспорттоочудан пайыздарда алат. Форфейтердин операциялары факторинг операцияларына окшош.  

Форма кредитования экспортеров, продавцов при продаже товаров, применяемая чаще всего во внешнеторговых операциях. Банк (форфейтор) выкупает у экспортера (продавца) денежное обязательство импортера (покупателя) оплатить купленный им товар сразу же после поставки товара и сам производит досрочную, полную или частичную оплату стоимости товара экспортеру. В последующем, денежные средства банку-форфейтору в оплату товара перечисляет, уплачивает импортер, покупатель, уведомленный, что оплату за него произвел форфейтор. За досрочную оплату банк-форфейтор взимает с экспортера проценты. Операция форфейтинга аналогична операции факторинга. 

654.  

Акча-кредит саясатынын максаттуу көрсөткүчү 

(Monetary policy target) 

Целевой показатель ДКП 

(Monetary policy target) 

Акча-кредиттик жөнгө салуу органы тарабынан белгиленген макроэкономикалык индикатор, анын мааниси боюнча Акча-кредит саясатынын максаттарга жетишүү деңгээли аныкталат. 

Макроэкономический индикатор, устанавливаемый органом денежно-кредитного регулирования, по значению которого определяется степень достижения цели денежно-кредитной политики. 

655.  

Чектин баасы 

(Cutting off price) 

Цена отсечения 

(Cutting off price) 

Мамлекеттик баалуу кагаздардын сунушталган (бекитилген) көлөмүн жайгаштырууга берилген билдирмелерди канааттандыруу аягына чыккан баа. 

Цена, при которой заканчивается удовлетворение заявок предложенного (утвержденного) объема размещения государственных ценных бумаг. 

656.  

Баалуу кагаз 

(Security) 

Ценная бумага 

(Security) 

Документ ээсинин ошол документти чыгарган жакка карата мүлктүк укугун же карыздык мамилесин тастыктаган документ. 

Документ, удостоверяющий имущественное право или отношение займа владельца документа по отношению к лицу, выпустившему такой документ. 

657.  

Борбордук банк 

(Central Bank) 

Центральный банк 

(Central Bank) 

Өлкөнүн өзгөчө укуктар берилген башкы мамлекеттик банкы. Борбордук банк өлкөдөгү акча жүгүртүүнү жөнгө салууга, акча эмиссиясын жүзөгө ашырууга, кредит жана валюта курсун жөнгө салууга, контролдукту жүзөгө ашырууга, коммерциялык банктардын ишин жөнгө салууга, камдарды жана акча каражаттардын, алтындын запастарын сактоого багытталган. Борбордук банкты банктардын банкы деп аташат. 

Главный государственный банк страны, наделенный особыми правами. Центральный банк призван регулировать денежное обращение в стране, осуществлять денежную эмиссию, регулировать кредит и валютный курс, осуществлять контроль и регулировать деятельность коммерческих банков, хранить резервы и запасы денежных средств и золота. Центральный банк называют банком банков

658.  

Жагдайдын чиелениши (экономикалык категория сыяктуу) 

(Contagion (as economic category)) 

Цепная реакция (как экономическая категория) 

(Contagion (as economic category)) 

Финансылык солгундоо же кризистик жаглайлардын бир мекемеден, өлкөдөн жана/же активдер классынан башкаларга жайылып кетиши. 

Распространение финансовых потрясений или кризисов с одних учреждений, стран и/или классов активов на другие. 

659.  

Жарым-жартылай конвертирленүүчү валюта 

(Partly convertible currency) 

Частично конвертируемые валюты 

(Partly convertible currency) 

Валюталарын башка валютага алмаштыруу операцияларына чектөөлөр колдонулган өлкөлөрдүн валюталары. 

Валюты стран, в которых применяются ограничения на операции по обмену их валюты на другие валюты. 

660.  

Жеке кредиторлор 

(Private Creditors) 

Частные кредиторы 

(Private Creditors) 

Мамлекеттик башкаруу органдары же мамлекеттик сектордун мекемелери болуп саналбаган кредиторлор. Мындай кредиторлордун катарына облигацияларга жеке ээлик кылуучулар, жеке банктар, башка жеке финансы мекемелери, ошондой эле өндүрүшчүлөр, экспорттоочулар жана башка финансылык талаптарга ээ болгон товар берүүчүлөр кирет. 

Кредиторы, не являющиеся органами государственного управления или учреждениями государственного сектора. В число таких кредиторов входят частные держатели облигаций, частные банки, другие частные финансовые учреждения, а также производители, экспортеры и другие поставщики товаров, имеющие финансовые требования

661.  

Гарантияланбаган жеке тышкы карыз (Private Non-guaranteed External Debt) 

Частный негарантированный внешний долг 

(Private Non-guaranteed External Debt) 

Аларды төлөө өлкөнүн өкмөтү тарабынан гарантияланбаган жеке карыз алуучулардын тышкы карыздык милдеттенмелери. 

Внешние долговые обязательства частных заемщиков, погашение которых не гарантировано правительством страны. 

662.  

Жеке сектор 

(Private sector) 

Частный сектор 

(Private sector) 

Өлкөдөгү үй чарбаларынын жана жеке фирмалардын жыйындысы. 

Совокупность домашних хозяйств и частных фирм в стране. 

663.  

Чарджбек (Chargeback) 

Чарджбек (Chargeback) 

Кайтарым же дооматтуу төлөм, эмитенттин төлөм системасынын эрежелерин бузуу менен өткөрүлгөн транзакциялар (талаш туудурган транзакциялар) боюнча төлөмдөрдү жүзөгө ашыруудан баш тартуусу. Чарджбек, регламентте белгиленген аткаруу мөөнөтүндө төлөм системасынын тиешелүү эрежелеринде талап кылынган документтерди тариздөө аркылуу эквайердин эсебин талаш туудурган транзакциялардын суммасына дебеттөө жолу менен жүзөгө ашырылат.  

Возвратный или претензионный платеж, отказ эмитента от осуществления платежа по транзакции, проведенной с нарушением правил платежной системы (оспариваемой транзакции). Чарджбек осуществляется в установленный регламентом срок исполнения путем дебетования счета эквайера на сумму оспариваемой транзакции с оформлением документов, требуемых правилами соответствующей платежной системы. 

664.  

Чек  

(Cheque) 

Чек 

(Cheque) 

Чек берүүчүнүн банкка, чекте көрсөтүлгөн жана мыйзам актыларында белгиленген мөөнөт ичинде төлөөгө сунушталган сумманы чек ээсине төлөп берүүсү боюнча, эч нерсе менен шартталбаган кат жүзүндөгү буйруусун камтыган төлөм инструменти. Банкка салынган акча каражаттарына ээ юридикалык жак же жеке адам чек берүүчү болуп саналат, ал акча каражаттарын чектерди берүү аркылуу пайдаланууга укуктуу; анын пайдасына чек берилген юридикалык жак жана жеке адам чек ээси болуп эсептелет. 

Платежный инструмент, содержащий ничем не обусловленное письменное распоряжение чекодателя банку уплатить держателю чека, указанную в ней сумму и, предъявленный к оплате в течение срока, установленного законодательством. Чекодателем является юридическое или физическое лицо, имеющее денежные средства в банке, которыми он вправе распоряжаться путём выставления чеков; держателем чека является юридическое или физическое лицо, в пользу которого выдан чек. 

665.  

“Таза” позиция  

(Net position) 

«Чистая» позиция в расчетах  

(Net position) 

Эсептешүүлөрдүн клиринг системасынын катышуучусунун бардык которууларынын суммасы, ал анын буга чейин башка катышуучуларга жөнөтүлгөн анын которууларынын суммасын алып салуу менен белгилүү бир убакытка чейин бардык башка катышуучулардан алынган. Эгерде келип чыккан айырма алгылыктуу болсо, катышуучу таза кредиттик позицияда болот; ал эми айырма терс болсо, катышуучу таза дебеттик позицияда болот. Эсептешүү мезгилиндеги таза кредиттик же таза дебеттик позиция корутунду таза позиция деп аталат.  

Сумма всех переводов участника клиринговой системы расчётов, полученных до определённого момента времени от всех других участников за вычетом суммы всех его переводов, отправленных им всем другим участникам до этого же момента времени. Если разница положительна, участник находится в чистой кредитовой позиции; если разница отрицательна, участник находится в чистой дебетовой позиции. Чистая кредитовая или чистая дебетовая позиция в расчётное время называется итоговой чистой позицией. 

666.  

Капиталдын таза агылып чыгышы/агылып кириши 

(Net capital's outflow / income) 

Чистый отток/приток капитала 

(Net capital's outflow / income) 

Капиталдын чек арадан/чек арага (чек араларга) агылып чыгышы/агылып киришинин дүң көлөмү менен капиталдын өлкөгө/өлкөдөн (өлкөлөргө) чек арадан/чек арага (чек араларга) агылып чыгышы/агылып киришинин ортосундагы айырма. 

Разница между валовым объемом оттока/притока капитала за/из-за границу(ы) и притоком/оттоком капитала в/из страну(ы) из-за/за границы(у). 

667.  

Сырттан каржылоонун таза агымы 

(Net Flow of external 

financing) 

Чистый поток внешнего финансирования 

(Net Flow of external 

financing) 

Кредиттерге/насыяларга (займдарга) карата бул, таза агым бул каражаттарды дүңүнөн берүү жана негизги сумма боюнча төлөөлөрдүн ортосундагы айырма.  

Применительно к кредитам/займам чистый поток это разность между валовым предоставлением средств и платежами по основной сумме.  

668.  

Ресурстардын айкын трансферти 

(Net Resource Transfer) 

Чистый трансферт ресурсов 

(Net Resource Transfer) 

Ресурстардын айкын трансферти бул, бардык пайыздык төлөмдөрдүн сальдосун эске албаганда, күндөлүк операциялар эсебинин сальдосу. 

Чистый трансферт ресурсов это сальдо счета текущих операций за исключением сальдо всех процентных платежей.  

669.  

Таза экспорт 

(Net export) 

Чистый экспорт 

(Net export) 

Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр экспорту менен импорту ортосундагы айырма 

Разница между экспортом и импортом товаров и услуг. 

670.  

Экономикада өзгөрүүлөр 

(Shock in Economy) 

Шок в экономике 

(Shock in Economy) 

Чогуу алгандагы суроо-талапка же чогуу алгандагы сунушка таасирин тийгизүүчү факторлордун кескин жана эрежедегидей эле, күтүүсүз өзгөрүшү

Резкое и, как правило, неожиданное изменение факторов, оказывающих влияние на совокупный спрос или совокупное предложение. 

671.  

Айыптык санкциялар 

(Penal sanctions) 

Штрафные санкции 

(Penal sanctions) 

Мыйзам боюнча кабыл алынган шарттарды, милдеттенмелерди бузууга жол берген жактардан алынган, келишимде каралган, документтер аркылуу катталган айыптын түрү жана деңгээли. Айыптык санкциялар көбүнчө буйрутманын өз убагында аткарылбай же толук аткарылбай калышына, иш графигин сактабай коюуга, продукциянын, товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын төмөндүгүнө, зыяндын, чыгымдардын башка түрлөрүн келтирүүгө карата каралат. 

Предусмотренные договором, документально зафиксированные вид и уровень штрафа, взимаемого с лиц, нарушивших принятые ими условия, обязательства по законодательству. Чаще всего штрафные санкции предусматриваются за несвоевременное выполнение или полное невыполнение заказа, несоблюдение графика работ, низкое качество продукции, товаров, услуг, за нанесение других видов ущерба, убытков. 

672.  

Карттар эквайери 

(Acquirer) 

Эквайер карт 

(Acquirer) 

Эквайрингди жүзөгө ашырууга уруксат алган коммерциялык банк, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, тиешелүү төлөм системасынын ченемдик актыларына жана технологияларына ылайык өзүнүн аралыкта орнотулган жабдуулары аркылуу авторизацияны же транзакцияны жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган аралыкта орнотулган жабдуулар түйүнүнүн ээси.  

Коммерческий банк, получивший разрешение на осуществление эквайринга, владелец сети периферийных устройств, обеспечивающий возможность проведения авторизации или транзакций через свои периферийные устройства в соответствии с технологией и нормативными актами соответствующих платежных систем и законодательством Кыргызской Республики. 

673.  

Карттардын эквайринги (Acquiring) 

Эквайринг карт 

(Acquiring) 

Коммерциялык банктын иши, ал өзүнө аралыкта орнотулган жабдууларды орнотуу жана карттарды сатылуучу товарларга, иштерге, кызмат көрсөтүүлөргө төлөө, соода түйүндөрү менен эсептешүүлөрдү камсыз кылуу жана/же карт ээлерине нак акча каражаттарын берүү каражаты катары кабыл алуу жагында соода-тейлөө ишканалары менен келишимдик мамилелерди камтыйт. 

Деятельность коммерческого банка, включающая в себя договорные отношения с ТСП по установке периферийных устройств и приему карт в качестве средства платежа за реализуемые товары, работы, услуги, обеспечение расчетов с ТСП и/или выдача налично-денежных средств держателям карт. 

674.  

Экономикалык агенттер 

(Economic agents) 

Экономические агенты 

(Economic agents) 

Экономикалык ыңгайлуулуктарды өндүрүүдө, бөлүштүрүүдө, алмашууда жана керектөөдө катышкан экономикалык мамилелердин субъекттери. 

Субъекты экономических отношений, принимающие участие в производстве, распределении, обмене и потреблении экономических благ.  

675.  

Өлкөнүн экономикалык аймагы 

(Country's Economic Territory) 

Экономическая территория страны 

(Country's Economic Territory) 

Төмөнкүлөрдү өзүндө камтыйт: 1) аба мейкиндиги; 2) аймактык суулар; 3) эл аралык суулардагы бүткүл континенталдык шельф, ага карата өлкө же жаратылыш ресурстарын пайдаланууга, мисалы, балык уулоого, минералдык сырьёну же отунду өндүрүү укуктарына карата анын юрисдикциясы жайылтыла тургандыгын беките турган өзгөчө укуктардан пайдаланат; 4) так бөлүнгөн аймактык анклавдар, дүйнөнүн калган өлкөлөрүндө жайгашкан жана аймагында мындай анклавдар дээрлик жайгаштырылган өлкөлөрдүн өкмөттөрү менен расмий келишимдердин алкагында түзүлгөн. 

Включает: 1) воздушное пространство; 2) территориальные воды; 3)весь континентальный шельф в международных водах, в отношении которого страна пользуется исключительными правами или на которые распространяется либо она утверждает, что распространяется, ее юрисдикция в отношении прав на использование природных ресурсов, например, на ловлю рыбы, добычу минерального сырья или топлива; 4) четко выделенные территориальные анклавы, расположенные в остальных странах мира и созданные в рамках официальных соглашений с правительствами тех стран, на территории которых такие анклавы фактически расположены

676.  

Экспорт 

(Export) 

Экспорт 

(Export) 

Чет өлкөгө сатылган товарлар, кызмат көрсөтүүлөр же капиталдык активдер: 1) Ошол өлкөдө өндүрүлгөн товарлар андан кийин чет өлкөгө алынып кетип, чет өлкө валютасына сатылат жана ал көрүнөө экспорт деп аталат; 2) Ошол өлкөдө (мисалы, туристтерди тейлөө) же чет өлкөлөрдө (банктык, камсыздандыруу кызмат көрсөтүүлөрү) чет өлкө валютасында сунушталган кызмат көрсөтүүлөр көмүскө экспорт деп аталат; 3) чет өлкөдө айкын активдерге жана банктык депозиттерге портфелдик инвестициялар, тике инвестициялар жана банктык депозиттер формасында жайгаштырылган капитал, капиталдын экспорту деп аталат. 

Товары, услуги, или капитальные активы, продаваемые за рубеж: 1) Товары, которые производятся в данной стране, затем перевозятся за границу и там продаются за иностранную валюту, называются видимым экспортом; 2) Услуги, которые предоставляются иностранцам либо в данной стране (например обслуживание туристов), либо за границей (банковские, страховые услуги) за иностранную валюту, называются невидимым экспортом; 3) Капитал, который размещается за границей в форме портфельных инвестиций, прямых инвестиций в иностранные реальные активы и банковских депозитов, называется экспортом капитала

677.  

Электрондук акча (E-money) 

Электронные деньги 

(E-money) 

Электрондук түрдө сакталган (алдын ала төлөнгөн карттар, виртуалдуу алдын ала төлөнгөн карттар жана электрондук капчык-электрондук акча инструменти болуп саналат) жана акцептанттар уюмунун жана электрондук акча эмитенти-уюмунун товарлар/кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм каражаты катары кабыл алынган акча наркы. 

Денежная стоимость, которая хранится в электронном виде на программно-техническом устройстве (предоплаченные карты, виртуальные предоплаченные карты и электронный кошелек яывляются инструментами (носителями) электронных денег) и принимается в качестве средства платежа за товары/услуги организации-эмитента электронных денег и организаций акцептантов.  

678.  

Электрондук маалымат (Electronic information) 

Электронная информация (Electronic information) 

Алар менен компьютердик системаларда, компьютердик коммуникацияларда жана алар менен байланыштуу электрондук жабдууларда операциялар ишке ашырылган, электрондук түрдө берилген маалыматтар. 

Информация в электронном представлении, с которой производятся операции в компьютерных системах, компьютерных коммуникациях и связанном с ними электронном оборудовании. 

679.  

Электрондук капчык 

(Electronic purse/wallet) 

Электронный кошелек 

(Electronic purse/wallet) 

Электрондук акчанын суммасы жана анын ээлик кылуучуга таандыгы жөнүндө жазуусу бар программалык камсыздоону же башка программалык-техникалык түзүлүштү түшүндүргөн, электрондук акчаны сактоо жайы.  

Хранилище электронных денег, представляющее собой программное обеспечение или иное программно-техническое устройство, в котором имеется запись о сумме электронных денег и их принадлежности держателю. 

680.  

Электрондук төлөм (Electronic payment) 

Электронный платёж 

(Electronic payment) 

Өлкөнүн мыйзам актыларына жана белгиленген жол-жоболорго ылайык, электрондук төлөм документинин жардамы менен өткөрүлгөн төлөм. 

Платёж, проводимый с помощью электронного платёжного документа в соответствии с законодательством страны и установленными процедурами. 

681.  

Жазүү жүзүндөгү электрондук төлөм документи (Electronic payment document) 

Электронный платежный документ (Electronic payment document) 

Электрондук формада түзүлгөн, эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды камтыган жана электрондук цифралык кол тамга менен күбөлөндүрүлгөн төлөм документинин бир түрү

Вид платёжного документа, составленный в электронной форме, содержащий необходимую информацию для осуществления расчётов и заверенный электронной цифровой подписью. 

682.  

Электрондук тапшырма (Electronic order) 

Электронное поручение (Electronic order) 

Системанын белгиленген форматтарына ылайык акча которуулар системасында түптөлгөн жана акча которуу, жөнөтүүчү, алуучу жөнүндө бардык зарыл маалыматты камтыган акча которуу жөнүндө электрондук маалымат.  

Электронная информация о денежном переводе, сформированная в системе денежных переводов в соответствии с установленными форматами системы и содержащая все необходимые сведения о денежном переводе, отправителе и получателе. 

683.  

Электрондук билдирүү (Electronic message) 

Электронное сообщение (Electronic message) 

Системада суроо-талап, жооптор жана тастыктоолор жөнүндө электрондук маалымат.  

Электронная информация о запросах, ответах и подтверждениях в системе.  

684.  

Электрондук цифралык кол тамга  

(Electronic digital signature) 

Электронная цифровая подпись (ЭЦП)  

(Electronic digital signature) 

1) Алгачкы маалыматты электрондук цифралык кол тамганын жабык ачкычын пайдалануу менен кайра өзгөрткөн учурда алынган белгилердин ырааттуулугу, ал электрондук цифралык кол тамганын ачык ачкычынын пайдалануучусуна бул маалыматтын бүтүндүгүн жана өзгөрүлбөстүгүн, ошондой эле электрондук цифралык кол тамганын жабык ачкычынын ээсин аныктоого мүмкүндүк берет.  

2) Анын жардамы менен төлөм системасынын катышуучусу электрондук төлөм документинин аныктыгын жана бүтүндүгүн тастыктаган инструмент болуп саналат. Электрондук цифралык кол тамга электрондук төлөм документине кол койгон төлөм системасынын катышуучусун аныктайт.  

1) Последовательность символов, полученная в результате преобразования исходной информации с использованием закрытого ключа электронной цифровой подписи (ЭЦП), которая позволяет пользователю открытого ключа электронной цифровой подписи (ЭЦП) установить целостность и неизменность этой информации, а также владельца закрытого ключа электронной цифровой подписи (ЭЦП). 

2) Инструмент, с помощью которого участник платежной системы подтверждает подлинность и целостность электронного платежного документа.Электронная цифровая подпись однозначно определяет участника платежной системы, подписавшего электронный платежный документ

685.  

Эмбоссер (Embosser) 

Эмбоссер (Embosser) 

Төлөм карттарына өздүк маалыматтарды басып түшүрүү (эмбоссирлөө) аркылуу аларды персоналдаштырууга багытталган жабдуу. 

Устройство, предназначенное для персонализации платежных карт путём механического выдавливания (эмбоссирования) на них идентификационной информации.  

686.  

Эмбоссирлөө (Emboss) 

Эмбоссирование (Emboss) 

Картка рельефтик белгилер түрүндө маалымат түшүрүү

Нанесение данных на карту в виде рельефных знаков. 

687.  

Банктык карттар эмиссиясы 

(Card issue) 

Эмиссия банковских карт (Card issue) 

Коммерциялык банктардын карттарды чыгаруу иши.  

Деятельность коммерческого банка по выпуску карт.  

688.  

Электрондук акча эмиссиясы  

(E-money issue) 

Эмиссия электронных денег (E-money issue) 

Коммерциялык банктын электрондук акчаны кийинчерээк алардын ордун жабуу мүмкүнчүлүгүн сунуштоо менен нак же нак эмес акча каражаттарына алмаштыруу аркылуу жүгүртүүгө чыгаруу иши.  

Деятельность коммерческого банка по выпуску электронных денег в обращение путем их обмена на наличные или безналичные денежные средства с предоставлением возможности их последующего погашения.  

689.  

Банктык карттар эмитенти 

(Card issuer) 

Эмитент банковских карт (Card issuer) 

Карттарды тиешелүү төлөм системаларынын технологияларына жана ченемдик актыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык жүзөгө ашырган коммерциялык банк. 

Коммерческий банк, осуществляющий выпуск карт в соответствии с технологией и нормативными актами соответствующих платежных систем и законодательством Кыргызской Республики. 

690.  

Электрондук акча эмитенти 

(E-money issuer) 

Эмитент электронных денег (E-money issuer) 

Улуттук банктын электрондук акчаны чыгаруу лицензиясына ээ жана электрондук акчаны нак акчага айландырууга ээлик кылуучулардын электрондук акчанын ордун жабуу боюнча шартсыз жана кайтарып алынгыс милдеттенмесин өзүнө алган, электрондук акчаны чыгарууну жүзөгө ашырган коммерциялык банк. 

Коммерческий банк, осуществляющий выпуск электронных денег, имеющий лицензию Национального банка на выпуск электронных денег и принимающий на себя безусловное и безотзывное обязательство по погашению электронных денег держателям, предъявляющим электронные деньги к обналичиванию. 

691.  

Иши натыйжалуу жөнгө салынган төлөм системасы (Efficiently functioning payment system) 

Эффективно функционирующая платежная система (Efficiently functioning payment system) 

Пайдалануучулардын (юридикалык жактардын жана жеке адамдардын) иш жигердүүлүгүн өнүктүрүүгө, операторлордун чыгымдарынын өлчөмүн төмөндөтүүгө, ошону менен бирге пайдалануучулардын төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча кызматтарды сунуштоо инвестициялык деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзгөн система, эрежелер жана техникалык инфраструктура. 

Система, правила и техническая инфраструктура которой способствуют развитию деловой активности пользователей (юридических и физических лиц) и которая позволяет снижать размер издержек операторов и тем самым повышать уровень инвестиционной привлекательности оказания услуг по проведению платежей и расчетов пользователей. 

692.  

Баалуу кагаз эмиссиясы 

(Security emission) 

Эмиссия ценных бумаг 

(Security emission) 

Баалуу кагаздарды чыгаруу жана жайгаштыруу. 

Выпуск и размещение ценных бумаг на первичном рынке ценных бумаг. 

693.  

Баалуу кагаз эмитенти 

(Security issuer) 

Эмитент ценных бумаг 

(Security issuer) 

Баалуу кагаздарды жүгүртүүгө чыгарган жана алардын менчик ээлеринин алдында белгиленген мүлктүк укуктардын чегинде ал боюнча милдеттенмелерди өзүнө алган юридикалык жак. 

Юридическое лицо, которое выпускает ценные бумаги в обращение и несет по ним обязательства в пределах установленных имущественных прав перед их собственниками. 

694.  

Натыйжалуу пайыздык чен (ставка) 

(Effective interest rate) 

Эффективная процентная ставка 

(Effective interest rate) 

 

Натыйжалуу пайыздык чен 1) бул, кредит боюнча татаал пайыздык чен. Ал, ошол кредитти алуу үчүн зарыл болгон бардык төлөмдөр болжолдоолордо анын ордун жабууга багыттала тургандыгын болжолдоо менен эсептелинет; 2) бул, кредиттик келишим колдонулган бүтүндөй мезгил ичине бөлүштүрүлгөн жана кредитор декларациялаган номиналдык пайыздык чендерден тышкары, кредитти тариздетүүгө жана тейлөөгө кеткен бардык сарптоолорду өзүндө камтыган банктын кредиттик каражаттарын пайдалангандык үчүн төлөмдөрдүн толук суммасын түшүндүрөт.  

Эффективная процентная ставка 1) это сложная процентная ставка по кредиту, рассчитанная в предположении, что все платежи, необходимые для получения данного кредита, идут на его погашение; 

2) представляет собой полную сумму платежей за пользование кредитными средствами банка, распределенную на весь период действия кредитного договора и включает в себя, кроме номинальной процентной ставки, декларируемой кредитором, все сопутствующие затраты на оформление и обслуживание кредита. 

695.  

Юридикалык жак 

(Legal entity) 

Юридическое лицо 

(Legal entity) 

Менчигинде, чарба жүргүзүүдө же оперативдүү башкарууда өзгөчөлөнгөн мүлккө ээ жана бул мүлк менен өз милдеттенмелерине жооп берген, өз атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды жана милдеттерди сатып алуу жана жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон, сотто доогер жана жоопкер боло алган уюм (мекеме, ишкана, фирма). Юридикалык жак мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып түзүлгөн катары эсептелет. Юридикалык жак өз аталышына, мөөрүнө жана банкта эсептешүү эсебине ээ. 

Организация (учреждение, предприятие, фирма), которая имеет в собственности, хозяйственном ведении или оперативном управлении обособленное имущество и отвечает по своим обязательствам этим имуществом, может от своего имени приобретать и осуществлять имущественные и личные неимущественные права и обязанности, и быть истцом и ответчиком в суде. Юридическое лицо считается созданным с момента его государственной регистрации. Юридическое лицо имеет свое фирменное наименование, печать, расчетный счет в банке. 

696.  

Юридикалык тобокелдик 

(Legal risk) 

Юридический риск 

(Legal risk) 

Документтерди тариздетүү сапатына жана өлкө мыйзамдарына өзгөртүүлөрдүн киргизилишине байланышкан жоготуулар тобокелдиги. Юридикалык тобокелдик өзүндө тобокелдиктин эки классын камтыйт:  

- контрагент-өлкөлөрдүн салык алуу, соттук укуктар жана уюмдун кызыкчылыгын көздөгөн башка иш багыттарын уюштуруу жагындагы мыйзам талаптарын жакшы билбегендиктен улам келип чыккан мыйзам тобокелдиги;  

- ички ченемдик документтердин өлкөнүн мыйзам талаптарына ылайык келбегендигинен улам келип чыккан ички ченемдик документтер тобокелдиги.  

Риск возможных потерь, связанный с качеством оформления документации и изменениями законодательства страны. Юридический риск включает в себя два класса рисков:  

риск законодательства, возникающий вследствие незнания или недостаточного знания требований законодательства стран-контрагентов организации в области налогообложения, судебного права и других областях, затрагивающих интересы организации;  

риск внутренних нормативных документов, возникающий вследствие несоответствия внутренних нормативных документов требованиям законодательства страны.