Улуттук банктын жетекчилигинин Эл аралык валюта фондусунун (ЭВФ) миссиясы менен жолугушуусу болду 

 

2016-жылдын 4-февраль күнү Улуттук банктын жетекчилигинин Эл аралык валюта фондусунун (ЭВФ) миссиясы менен жолугушуусу болду. ЭВФ тарабынан кеңейтилген кредиттик механизм аркылуу колдоого алынып жаткан экономикалык программа боюнча кезектеги экинчи баяндаманы даярдоо үчүн түптөлгөн макроэкономикалык жагдайга баа берүү, миссиянын иш максатынан болуп саналат. Жолугушуунун жүрүшүндө миссиянын иш жыйынтыгы чыгарылып, чет өлкө валютасында берилген ипотекалык кредиттерди улуттук валютага конвертациялоо жагында мамлекеттик колдоо көрсөтүү программасы талкууланган. Мында айрыкча, жүргүзүлүп жаткан коммуникациялык саясатын маанилүүлүгү баса белгиленген. Улуттук банктын жетекчилиги жана ЕВФ миссиясынын мүчөлөрү ошондой эле, банк тутумунун туруктуулугун бекемдөөгө багытталган банктык мыйзам долбоорлорунун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынышына жетишүү жагында ой-пикирлерин ортого салышып, республиканын финансы секторундагы абалга тиешелүү актуалдуу маселелерди талкуулашты.