> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

Ушул Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамы 2016-жылдын 16-декабрындагы №207 Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамына
ылайык күчүн жоготот

2016-жылдын 16-декабрындагы №207 Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамы 2016-жылдын 16-декабрындагы №206 Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамы расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет

("Эркин Тоо" газетанын 2016-жылдын 21-декабрындагы № 113-114 санында расмий жарыяланган)



КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 

Бишкек шаары, 1997-жылдын 29-июлу N 59 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө 

(КР 2007-жылдын 12-февралындагы N 17, 2007-жылдын 30-майындагы N 75, 2007-жылдын 4-июнундагы N 77, 2007-жылдын 9-августундагы N 143, 2008-жылдын 16-майындагы N 87, 2008-жылдын 18-июлундагы N 154 2008-жылдын 17-октябрындагы N 224, 2008-жылдын 17-октябрындагы N 231, 2008-жылдын 3-ноябрындагы N 236, 2009-жылдын 23-январындагы N 21, 2009-жылдын 28-мартындагы N 94, 2009-жылдын 28-мартындагы N 95, 2009-жылдын 19-майындагы N 162, 2010-жылдын 16-февралындагы N 30, 2010-жылдын 15-мартындагы N 49, 2011-жылдын 11-апрелиндеги N 11, 2011-жылдын 12-майындагы N 21, 2014-жылдын 18-июлундагы N 143, 2015-жылдын 25-февралындагы N 39, 2015-жылдын 24-июлундагы N 189 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

I бөлүм 

 Жалпы жоболор 

1-статья. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук (Борбордук) банкы (мындан ары - Кыргыз банкы) Кыргыз Республикасынын банкы болуп саналат жана анын менчигинде турат. 

2. Кыргыз банкы өз ишин ушул Мыйзамга ылайык жүзөгө ашырган жана пайда алуу максатын көздөбөгөн, өзалдынча уюштуруучулук-укуктук формадагы - Кыргыз Республикасынын Борбордук банкы катары юридикалык жак болуп саналат. 

3. Кыргыз банкынын жайгашкан жери Бишкек шаары болуп саналат. Кыргыз банкы Кыргыз Республикасында, ошондой эле чет өлкөлөрдө филиалдарды, өкүлчүлүктөрдү түзүүгө жана өз өкүлдөрүн дайындоого укуктуу

Кыргыз банкынын өзүнүн аталышы жазылган жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөрү болот

4. Башка банктардын аталыштарында жана символикаларында "Банк Кыргызстана", "Кыргыз банкы" деген сөз айкалыштарын, "КРББ", "КРУБ" деген аббревиатураларды, ошондой эле "Борбордук", "Улуттук" деген сөздөрдү толук же кыскартылган түрүндө кайсы тилде болбосун колдонууга тыюу салынат

5. Кыргыз Республикасы Кыргыз банкынын милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартпайт. Кыргыз банкы Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартпайт. 

(КР 2008-жылдын 16-майындагы N 87 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

2-статья. Кыргыз банкынын ишинин максаты 

Ушул Мыйзамга ылайык тиешелүү акча-кредиттик саясатты жүргүзүү менен баалардын туруктуулугуна жетишүү жана аны кармап туруу Кыргыз банкынын ишинин максаты болуп саналат. 

3-статья. Кыргыз банкынын негизги милдети 

Республиканын узак мөөнөттүү экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүү үчүн улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн колдоо, республиканын банк жана төлөм тутумунун натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу Кыргыз банкынын ишинин максатына жетишине көмөктөшүүчү (же негизги максатына баш ийген) негизги милдет болуп саналат. 

(КР 2008-жылдын 19-майындагы N 90 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

Караңыз

КР Улуттук Банкынын Башкармасынын 2004-жылдын 15-сентябрындагы N 24/10 "Кыргыз Республикасынын банк тутумунун мекемелеринин маалыматтык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча Стандарттар жөнүндө" токтому 

4-статья. Кыргыз банкынын аткарган кызматтары 

Кыргыз банкы төмөнкү кызматтарды аткарат

1) Кыргыз Республикасындагы акча-кредиттик саясатты аныктайт жана жүргүзөт

2) бирдиктүү валюта саясатын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат; 

3) акча белгилеринин эмиссиясын жүргүзүүдө ага гана ыйгарылган өзгөчө укукка ээ

4) ушул Мыйзамга ылайык банктар үчүн акыркы инстанциядагы кредитор болуп саналат; 

5) банк тутуму үчүн банк операцияларын, анын ичинде банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптеринин негизинде бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту жүргүзүүнүн эрежелерин белгилейт

6) республиканын мыйзамдарына ылайык банк операцияларын жүргүзүүгө, юридикалык жактар тарабынан мөөнөттүү, кайтарып берүү жана акы төлөп берүү шарттарында калктан акча каражаттарын тартууга лицензияларды берет жана берилген лицензиялардын реестрин жүргүзөт

7) Кыргыз банкы тарабынан лицензиялануучу банктардын жана финансы-кредиттик мекемелердин ишин жөнгө салууну жана көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат; 

8) төлөм тутумунун натыйжалуу кызмат кылышына жана банктар аралык төлөмдөрдүн жүзөгө ашырылышына көмөктөшөт

9) чет өлкөлүк валюталар менен операцияларды жөнгө салуучу нормативдерди чыгарууну камтуу менен валюталык жөнгө салууну, ошондой эле республиканын мыйзамдарына ылайык чет өлкөлүк валюталар менен сатып алуу, сатуу жана алмаштыруу операцияларын жүзөгө ашырат

10) ушул Мыйзамга ылайык расмий валюталык резервдерге ээлик кылат жана аларды башкарат; 

11) Улуттук статистика комитети менен биргелешип Кыргыз Республикасынын төлөм балансын түзөт

12) акча-кредиттик жана банк саясатына тиешелүү маселелер боюнча эл аралык кеңешмелерде, конференцияларда жана уюмдарда Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына өкүлчүлүк кылат жана анын атынан чыгат

13) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка кызматтарды, ыйгарым укуктарды жана укуктарды жүзөгө ашырат

(КР 2009-жылдын 28-мартындагы N 94, 2011-жылдын 11-апрелиндеги N 11 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

5-статья. Кыргыз банкынын операциялары 

Ушул Мыйзам тарабынан белгиленген максаттарга жетишүү үчүн Кыргыз банкы өзү аныктаган шарттарда төмөнкү келтирилген операцияларды жүзөгө ашырууга укуктуу: 

1) ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз банкы тарабынан аныкталуучу баалуу кагаздар жана башка активдер менен камсыз кылып, кредиттерди алты айдан ашпаган мөөнөткө берүүгө

2) банктарды жана башка финансы-кредиттик мекемелерди тейлөө боюнча банк операцияларын жүзөгө ашырууга

3) төлөм мөөнөтү алты айдан ашпаган, эреже катары, товардык мүнөздөгү биринчи класстагы эмитенттердин чектерин, жөнөкөй жана которулма векселдерди сатып алууга жана сатууга; 

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган баалуу кагаздарды экинчи рынокто сатып алууга жана сатууга; 

5) Кыргыз банкы тарабынан чыгарылган баалуу кагаздарды, ошондой эле чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар тарабынан чыгарылган баалуу кагаздарды сатып алууга жана сатууга; 

6) баалуу металлдарды жана валюталык баалуулуктардын башка түрлөрүн сатып алууга жана сатууга

7) чет өлкөлүк валюталарды сатып алууга жана сатууга

8) банктарда жана финансы мекемелеринде эсептерди ачууга; 

9) эл аралык финансы институттары тарабынан ар түрдүү программаларды финансылоо үчүн берилген каражаттар менен байланыштуу бүтүмдөр боюнча Кыргыз банкынын Башкармасы тарабынан белгиленген шарттарда ортомчу катары чыгууга; 

9-1) Евразия экономикалык бирлигинин (ЭЕЭБ) алкагындагы башка мамлекеттер менен биргелешип Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлүүчү эл аралык уюмдар менен чет өлкөлүк валютаны кайра сатуу милдеттенмеси менен Кыргыз Республикасынын экономикасын жеңилдетилген финансылоого алар тарабынан жиберүүчү каражаттар боюнча аны сатып алуу боюнча бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууга; 

9-2) Евразия экономикалык бирлигинин (ЭЕЭБ) алкагындагы башка мамлекеттер менен биргелешип Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлүүчү эл аралык уюмдарга чет өлкөлүк валютанын камсыздоосу алдында акы төлөө, мөөнөттүүлүк жана кайтарып берүү шарттарында алар тарабынан Кыргыз Республикасынын экономикасын жеңилдетилген финансылоону жүзөгө ашыруучу долбоорлору жана программалары боюнча улуттук валютадагы акча каражаттарын берүүгө

10) мыйзамдар тарабынан тыюу салынбаган башка банк операцияларын жүргүзүүгө

(КР 2015-жылдын 24-июлундагы N 189 Мыйзамынын редакциясына ылайык

6-статья. Кыргыз банкынын ишин уюштуруу 

1. Кыргыз банкы өз ишин ушул Мыйзам тарабынан белгиленген жана ага каршы келбеген ыйгарым укуктардын чегинде өз алдынча уюштурат жана жүзөгө ашырат. 

Ушул Мыйзам тарабынан Кыргыз банкына таандык кылынган маселелерди чечүүгө мамлекеттик бийликтин бардык органдарынын кийлигишүүсүнө жол берилбейт. 

2. Кыргыз банкы өз саясатын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен өзүнүн негизги максаттарына жана милдеттерине каршы келбеген өлчөмдө координациялайт. 

7-статья. Кыргыз банкынын нормативдик актылары 

1. Кыргыз банкы ушул Мыйзам жана башка мыйзамдар тарабынан өз компетенциясына таандык кылынган маселелер, банктык терминологиялар боюнча түшүндүрмөлөрдү берип, ошондой эле Кыргыз банкы тарабынан берилүүчү лицензиянын негизинде айрым банк операцияларын жүргүзгөн юридикалык жактар жана жеке адамдар, ошондой эле алардын кардарлары жана аткаруучу бийлик органдары тарабынан аткарылууга милдеттүү болгон нормативдик актыларды чыгарат

Кыргыз банкы банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык операцияларды жүргүзүүчү банктар тарабынан аткарууга милдеттүү болгон нормативдик актыларды чыгарууга, капиталдын адекваттуулугуна кошумча стандарттарды, бухгалтердик эсепке жана финансылык отчеттуулукка карата кошумча талаптарды, ошондой эле Шарияттык кеңештин мүчөлөрү үчүн талаптарды белгилөөгө укуктуу

2. Граждандардын укуктарына, эркиндиктерине же милдеттенмелерине түздөн-түз тиешеси бар Кыргыз банкынын нормативдик актылары нормативдик укук актыларды мамлекеттик каттоо үчүн мыйзамдар тарабынан белгиленген тартипте катталууга тийиш. 

3. Нормативдик актынын өзүндө белгиленген учурларды кошпогондо, Кыргыз банкынын нормативдик актылары Кыргыз банкынын расмий басылмаларында расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. Кыргыз банкынын нормативдик актылары өткөн мезгилге карата колдонулбайт

(КР 2009-жылдын 28-мартындагы N 94 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

II бөлүм 

 Кыргыз банкынын отчеттуулугу 

8-статья. Кыргыз банкынын отчеттуулугу 

1. Кыргыз банкынын финансылык жылы 1-январдан тартып 31-декабрды камтуу менен белгиленет. 

2. Кыргыз банкы эл аралык эсепке алуу практикасына ылайык өз операцияларын жана финансылык абалын чагылдырган эсепти жана отчеттуулукту туруктуу жүргүзөт

3. Кыргыз банкы Кыргыз банкынын Башкармасы тарабынан белгиленген Кыргыз банкынын балансынан, пайдалар менен чыгымдар жөнүндөгү жана алар менен байланыштуу болгон башка отчеттордон турган финансылык отчетун жыл сайын даярдайт. 

Кыргыз банкынын балансынын структурасы Кыргыз банкынын Башкармасы тарабынан белгиленет. Кыргыз банкы ай сайын кошмо балансын массалык маалымат каражаттарында жарыялап турат. 

9-статья. Кыргыз банкынын аудити 

1. Кыргызстандын Банкы өткөргөн тендердин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Банкынын финансы жылы бүткөнгө алты ай калгандан кечиктирбестен борбордук (улуттук) банктарда аудит жүргүзүү боюнча беш жылдан кем эмес тажрыйбасы болгон, эларалык абройго ээ аудитордук уюмду карайт жана бекитет. 

Бир эле аудитордук уюм Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан экиден көп жолу катары менен каралууга жана бекитилүүгө тийиш эмес. 

2. Кыргыз Банкына аудит аудиттин эларалык стандарттарына ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш жана Кыргыз Республикасында катталган, тиешелүү лицензияга ээ аудитордук уюм сыяктуу эле, Кыргыз Республикасынын аймагында аудитордук ишти жүргүзүүгө лицензиясы жок, бирок ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга жооп берген чет өлкөлүк аудитордук уюм тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн

Мына ушундай чет өлкөлүк уюмдардын лицензиясы, мындай лицензиянын укуктук мүмкүнчүлүгүн тастыктоо бар учурунда, Кыргыз Республикасынын аймагында да таанылат. 

3. Кыргыз банкы аудитордук уюм менен түзүлгөн келишимге жараша аудитордук текшерүүнү эл аралык аудитордук практикага ылайык жүргүзүү үчүн зарыл болгон отчетторду жана маалыматтарды берет. 

Кыргыз банкынын аудитин өткөрүү боюнча аудитордук уюмдун кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөмдөр Кыргыз банкынын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт

(КР 2008-жылдын 3-ноябрындагы N 236 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

10-статья. Кыргыз банкынын жылдык отчету 

1. Кыргыз банкынын төрагасы жыл сайын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине Кыргыз банкынын ишмердиги жөнүндө отчетун ал берилүүчү жылдан кийинки жылдын 30-апрелинен кечиктирбестен берет. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, Кыргыз банкынын төрагасынын отчетун отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-июлуна чейин угат

Кыргыз банкынын Төрагасынын отчетун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде угуу Кыргыз Республикасынын конституциясынын жана ушул Мыйзамдын жоболорунун талаптарына ылайык Кыргыз банкынын өз алдынчалыгын жана көзкарандысыздыгын эске алуу менен ишке ашырылат

2. Кыргыз банкынын төрагасынын Кыргызстан банкынын ишмердиги жөнүндөгү отчету өзүндө төмөндөгүлөрдү камтыйт

1) Кыргыз банкынын аудитордук текшерүүдөн өткөрүлгөн финансылык отчетун; 

2) Кыргыз банкынын отчеттук мезгил ичиндеги ишмердиги жөнүндө маалыматты; 

3) Кыргызстан банкынын Башкармасы тарабынан аныкталуучу башка маалыматтарды. 

3. Кыргыз банкы жыл сайын жалпыга маалымдоо каражаттарында республиканын финансы жана банк системаларынын абалына тиешелүү негизги аналитикалык маалыматтарды жана финансылык отчетун жарыялап турат. 

(КР 2008-жылдын 16-майындагы N 87 Мыйзамынын, 2008-жылдын 19-майындагы N 90 Мыйзамынын редакцияларына ылайык) 

11-статья. Кыргыз банкы жүргүзгөн саясат жөнүндөгү маалымат 

1. Кыргыз банкы Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө акча-кредиттик мамилелер жаатында Кыргыз банкы тарабынан жүргүзүлүүчү саясаттын негизги багыттары жөнүндө, ошондой эле республиканын финансы жана банк секторун өнүктүрүү маселелери боюнча расмий маалыматтарды жылына эки жолу, 1-июлдан жана 31-декабрдан кечиктирбестен жиберет. 

2. Кыргыз банкынын ишинин негизги багыттары жөнүндөгү маалыматтар массалык маалымат каражаттарында жарыяланат

(КР 2008-жылдын 16-майындагы N 87 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

11-1-статья. Кыргыз банкынын бюджети 

Кыргыз банкынын кезектеги жылга карата кирешелер жана чыгашалар бюджети, өнүктүрүү бюджети акча-кредиттик саясаттын негизги параметрлерине жараша жана Кыргыз Республикасынын Президенти белгилеген тартипте Банк башкармасы тарабынан өтүп бара жаткан жылдын 31-декабрынан кечиктирбестен бекитилет. 

(КР 2008-жылдын 16-майындагы N 87 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

III бөлүм 

 Кыргыз банкынын капиталы 

12-статья. Кыргыз банкынын капиталы 

1. Кыргыз банкынын капиталы төлөнгөн уставдык капиталдан, милдеттүү резервден, активдерди жана милдеттенмелерди кайра баалоо боюнча резервден, бөлүштүрүлбөгөн пайдадан же чыгымдан турат

2. Кыргыз банкы 1 миллиард сом өлчөмүндөгү төлөнгөн уставдык капиталга (мындан ары - уставдык капитал) ээ болот. Уставдык капитал Кыргыз банкынын пайдасынан чегерүүлөр жолу менен каражаттарды бөлүштүргөнгө чейин, республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен, анын ичинде мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу жолу менен түзүлөт. Кыргыз банкы өзүнүн уставдык капиталын ээликтен ажырата албайт же күрөөгө кое албайт

3. Кыргыз банкынын уставдык капиталын көбөйтүү же азайтуу ушул Мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизбестен жүзөгө ашырылышы мүмкүн эмес

4. Милдеттүү резерв ушул Мыйзамдын 13-статьясына ылайык түзүлөт

5. Активдерди жана милдеттенмелерди кайра баалоо боюнча резервдер ушул Мыйзамдын 8 жана 13-статьяларына ылайык түзүлүшөт

6. Бөлүштүрүлбөгөн пайда же чыгым ушул Мыйзамдын 8-статьясына ылайык финансылык жыл ичинде орун алган кирешелер менен чыгашалардын ортосундагы, ушул Мыйзамдын 13-статьясына ылайык жүзөгө ашырылуучу ушул пайданы же зыянды бөлүштүрүүгө же төлөөгө чейинки айырма катары аныкталат

(КР 2008-жылдын 16-майындагы N 87, 2009-жылдын 28-мартындагы N 95, 2010-жылдын 15-мартындагы N 49 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

13-статья. Кыргыз банкынын пайдасы жана резервдери 

1. Кыргыз банкынын пайдасы ушул Мыйзамдын 8-статьясына жана ушул статьянын 3-пунктуна ылайык, алынган мезгил ичинде орун алган бардык кирешелерди жана чыгашаларды эсепке алгандан кийин, финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча аныкталат. 

2. Жүзөгө ашырылбаган пайда же зыян капиталда алтын валюталык активдерди жана милдеттенмелерди кайра баалоо боюнча резерв эсебинде чагылдырылган алтын валюта активдерин жана милдеттенмелерин кайра баалоодон келип түшкөн жүзөгө ашырылбаган кирешелерден жана чыгашалардан турат

3. Эгерде алтын валюталык активдерди жана милдеттенмелерди кайра баалоо боюнча резерв терс калдыктарга ээ боло турган болсо, анда бул терс калдыктын бардыгы ушул берененин 4-пунктуна ылайык жүргүзүлүүчү бөлүштүрүлүүчү пайдага киргизилиши керек. 

4. Кыргыз банкынын ушул статьянын 3-пунктун эске алуу менен эсептелген пайдасы төмөндөгүдөй бөлүштүрүлөт

1) финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз банкынын уставдык капиталынын жана милдеттүү резервинин суммасы Кыргыз банкынын монетардык милдеттенмелеринин 10 пайызынан кем болсо, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин кирешесине пайданын 70 пайызы чегерилет. Пайданын мамлекеттик бюджеттин кирешесине чегерилгенден кийинки калдыгы Кыргыз банкынын милдеттүү резервине которулат; 

2) финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча уставдык капиталдын жана милдеттүү резервдердин суммасы Кыргызстан банкынын монетардык милдеттенмелеринин 10 пайызына барабар же андан ашык болсо, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин кирешесине пайданын 100 пайызы чегерилет, ошондой эле милдеттүү резервдин каражаттарынын эсебинен жогоруда көрсөтүлгөн ашып кеткен сумманын үчтөн бир бөлүгү чегерилет, бирок ошол резервдин калдыгынын чегинде

Пайданы которуу финансы жылы аяктаганда, көзкарандысыз тышкы аудит жүргүзгөндөн кийин жана жылдык отчетту Кыргыз банкынын башкармасы бекиткен соң жүзөгө ашырылат

Бул статьяны аткаруу максаттары үчүн Кыргыз банкынын монетардык милдеттенмелери төмөнкүлөрдөн турат

Кыргыз банкы тарабынан жүгүртүүгө чыгарылуучу банкноттордон жана монеталардан; 

акча-кредиттик жөнгө салуу каражаттары боюнча финансылык милдеттенмелерден; 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эсептерин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө карата кайсы болбосун башка финансылык милдеттенмелерди кошо алганда Кыргыз Республикасынын резиденттеринин Кыргыз банкында ачылган эсептеринен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин эсептеринен; 

Кыргыз Республикасынын резидент эмес банктарынын Кыргыз банкында улуттук валютада ачылган эсептеринен. 

5. Эгерде Кыргыз банкы финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча ушул статьянын 3-пунктун эске алуу менен зыянга учураган болсо, анда бул зыяндын орду алтын валюталык активдерди жана милдеттенмелерди кайра баалоо боюнча жана милдеттүү резервдеринин өз калдыктарынын чегинде толтурулат

6. Эгерде Кыргыз банкынын финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча жана ушул статьянын 3-пунктун эсепке алуу менен, милдеттүү резерв жана алтын валюталык активдерди жана милдеттенмелерди кайра баалоо боюнча резерв аркылуу орду толтурулбоочу зыяны бар болсо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү капиталды ушул Мыйзамдын 12-статьясынын 2-пунктунда белгиленген өлчөмгө чейин толтуруу үчүн акча каражаттарын Кыргыз банкына тикелей чегерүү аркылуу бул зыяндын ордун толтуруп берет. 

(КР 2008-жылдын 16-майындагы N 87, 2009-жылдын 28-мартындагы N 95 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

IV бөлүм 

 Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы 

14-статья. Акча бирдиги 

1. Сом Кыргыз Республикасынын акча бирдиги (валютасы) болуп саналат. 1 сом 100 тыйындан турат. 

2. Накта акчалар жүгүртүүгө банкнот жана монета түрүндө чыгарылат. 

15-статья. Акча белгилеринин эмиссиясы 

Акча белгилерин (банкнотторду жана монеталарды) жүгүртүүгө чыгаруунун жана жүгүртүүдөн алуунун өзгөчө укугу Кыргыз банкына гана таандык. 

16-статья. Төлөм каражаттары 

1. Кыргыз Республикасынын аймагында сом жалгыз гана мыйзамдуу төлөм каражаты болуп саналат, аны юридикалык жактар жана жеке адамдар чектөөсүз кабыл алууга милдеттүү

2. Сомду төлөмгө негизсиз кабыл албай койгон учурда кызмат адамдары жана граждандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. 

3. Кыргыз Республикасынын акча бирдиктерин жалган жана мыйзамсыз жасоо мыйзам боюнча куугунтукка алынат. 

17-статья. Сомдун башка валюталарга карата катышы 

1. Кыргыз банкы башка мамлекеттердин акча бирдиктерине карата сомдун расмий курсун жарыялайт. 

2. Кыргыз Республикасынын аймагында сомду чет өлкөлүк валютага алмаштыруу боюнча операцияларга чек коюлбайт. 

18-статья. Накта акча жүгүртүүнү уюштуруу 

Кыргыз банкы Кыргыз Республикасынын аймагында накта акча жүгүртүүнү уюштуруу максатында

1) Кыргыз банкы тарабынан лицензиялануучу банктар жана финансы-кредиттик мекемелер үчүн кассалык операцияларды жүргүзүүнүн тартибин иштеп чыгат жана бекитет; 

2) банкнотторду жана монеталарды чыгарууга республиканын муктаждыгын божомолдоону жүргүзөт

3) банкноттордун жана монеталардын резервдик фонддорун түзүүнү камсыз кылат жана акча белгилерин (банкнотторду жана монеталарды) басып чыгарууга заказдарды жайгаштырат; 

4) банктар үчүн накта акчаларды сактоого, ташууга жана инкассациялоого жалпы талаптарды белгилейт; 

5) төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу учурунда акча белгилеринин төлөмгө жөндөмдүү экендигин аныктоонун талаптарын белгилейт

6) жүгүртүүгө чыгарылуучу акча белгилерин коргоонун белгилерин жана аларды алмаштыруунун тартибин, ошондой эле бузулган жана жүгүртүүдөн алынган банкнотторду жана монеталарды жок кылуунун тартибин аныктайт; 

7) жөнгө салуунун эл аралык практикада кабыл алынган башка ыкмаларын жана механизмдерин колдонот. 

V бөлүм 

 Акча-кредиттик жөнгө салуу 

19-статья. Кыргыз банкынын акча-кредиттик саясаты 

Кыргыз Республикасынын акча-кредиттик саясаты Кыргыз банкы тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен өз ара аракеттенип жүзөгө ашырылат

20-статья. Жүгүртүүдөгү акча массасын жөнгө салуу 

Акча массасынын көлөмүн жана структурасын жөнгө салуу Кыргыз банкы тарабынан төмөнкү каражаттарды колдонуу менен жүзөгө ашырылат

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган жана кепилдик берилген баалуу кагаздарды сатып алууну жана сатууну; 

2) Кыргыз банкы тарабынан чыгарылган жана кепилдик берилген баалуу кагаздарды сатып алууну жана сатууну; 

3) чет өлкөлүк валютаны сатып алууну жана сатууну

4) Кыргыз банкы тарабынан берилүүчү кредиттердин көлөмдөрүн, алар боюнча проценттик ставкаларды өзгөртүүнү

5) Кыргыз банкында депозитке жайгаштырылган милдеттүү резервдердин өлчөмдөрүн өзгөртүүнү

6) эл аралык практикада, анын ичинде банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык кабыл алынган башка ыкмаларды жана каражаттарды. 

(КР 2009-жылдын 28-мартындагы N 94 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

21-статья. Кыргыз банкы тарабынан чыгарылуучу баалуу кагаздар 

Кыргыз банкы акча-кредиттик саясатты жүргүзүү максатында баалуу кагаздарды чыгарууга жана аны менен кабыл алынган эл аралык практикага, анын ичинде банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык операциялардын бардык түрлөрүн жүзөгө ашырууга укуктуу

(КР 2009-жылдын 28-мартындагы N 94 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

22-статья. Милдеттүү резервдер 

1. Кыргыз банкы банктар үчүн Кыргыз банкында жайгаштырылуучу акы төлөнүүчү милдеттүү резервдердин өлчөмүн белгилейт

2. Милдеттүү резервдердин өлчөмү, эсептешүүлөрдүн эрежелери, депозитке салуунун тартиби жана аларды сактабагандык үчүн төлөмдөрдүн өлчөмү Кыргыз банкынын Башкармасы тарабынан белгиленет. 

23-статья. Проценттик ставкалардын деңгээлин жөнгө салуу 

Кыргыз банкы акча-кредиттик саясаттын каражаттары менен Кыргыз Республикасындагы банктык проценттик ставкалардын деңгээлин жөнгө салууну жүзөгө ашырат. 

VI бөлүм 

 Кыргыз банкынын мамлекет менен мамилелери 

24-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн кредиттөөгө тыюу салуу 

1. Кыргыз банкы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана башка мамлекеттик органдарга кредит берүүгө укуксуз

2. Кыргыз банкы мамлекеттик бийлик органдарына, ошондой эле чарбалык шериктештиктерге же коомдорго, кандай түрдө болбосун, финансылык жардам көрсөтүүгө укуксуз

25-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар менен операциялар 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн баалуу кагаздары, Кыргыз банкынын уставдык капиталын көбөйтүү максатында алынгандан башка учурларда, Кыргыз банкы акча-кредиттик саясатты жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган баалуу кагаздарды экинчи рынокто гана сатып алууга жана сатууга укуктуу. 

26-статья. Депозиттерди кабыл алуу 

1. Кыргыз банкы банк-депозитарий катары чыгат жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасынын Казыначылыгы, ошондой эле Финансы министрлиги тарабынан ачылган эсептер боюнча гана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн тейлөө боюнча банк операцияларын жүзөгө ашырат

2. Ушул статьянын 1-пунктуна ылайык кабыл алынуучу депозиттерден тышкары Кыргыз банкы чет өлкөлүк корреспондент-банктардан, банктардан жана финансы-кредиттик мекемелерден депозиттерди Кыргыз банкы жана келишимдин шарттары тарабынан аныкталуучу тартипте кабыл алууга укуктуу. 

3. Эгерде корреспонденттик мамилелер жөнүндөгү келишимде башкача айтылбаса, эсептешүү операциялары ал эсептерде болгон каражаттардын чектеринде жүргүзүлөт

(КР 2011-жылдын 12-майындагы N 21 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

27-статья. Кыргыз банкынын финансы агенти жана кеңешчиси катары ролу 

1. Кыргыз банкы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Кыргыз банкынын ортосунда макулдашылган шарттарда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн финансы агенти катары чыгат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн финансы агенти катары Кыргыз банкы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тышкы карызын тейлөө менен байланышкан агенттик кызматтарды аткара алат. 

2. Кыргыз банкы финансы маселелери жана банк ишине байланыштуу башка маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн финансы кеңешчиси болуп саналат

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү республиканын бюджетинин долбоорун кароодо Кыргыз банкынан консультация алат. 

4. Финансы жана банк ишине байланыштуу нормативдик укуктук актылардын долбоорлору Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз банкынын корутундусу болгондо гана каралат. 

Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана башка аткаруучу органдардын финансы жана банк тутумуна тиешелүү маселелерди камтыган нормативдик укуктук актылары Кыргыз банкы менен макулдашылууга тийиш. 

(КР 2008-жылдын 18-июлундагы N 154 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

VII бөлүм 

 Кыргыз банкынын банктар менен болгон мамилелери 

28-статья. Банктарга берилүүчү кредиттер 

1. Банктардын ликвиддүүлүгүн колдоо максатында Кыргыз банкы банктарга камсыз кылуунун Кыргыз банкы үчүн алгылыктуу болгон төмөнкү түрлөрүнүн бирин берген шартта алты айдан ашпаган мөөнөткө акы төлөө шартында кыска мөөнөттүү кредит бере алат

1) алтынды жана башка баалуу металлдарды; 

2) чет өлкөлүк валютаны

3) улуттук жана чет өлкөлүк валютадагы тынышуу мөөнөтү алты айга чейинки векселдерди жана Кыргыз банкы үчүн алгылыктуу башка милдеттенмелерди; 

4) Кыргыз банкындагы же Кыргыз банкы үчүн алгылыктуу башка кредиттик мекемелердеги депозиттерди; 

5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган баалуу кагаздарды; 

6) Кыргыз банкы үчүн алгылыктуу камсыз кылуунун башка түрлөрүн

Кыргыз банкынын Башкармасы тарабынан белгиленген учурларда башка активдер жана товардык-тескөөчүлүк документтер да камсыз кылуучу болушу мүмкүн

2. Кредиттерди берүүнүн тартиби жана шарттары Кыргыз банкынын Башкармасы тарабынан белгиленет жана коммерциялык банктарга кабарланат. 

Кыргыз банкы банктарга ар түрдүү кредиттерди бериши жана берилип жаткан кредиттердин түрүнө жараша ар кандай проценттик ставкаларды белгилеши мүмкүн

Кыргыз банкы коммерциялык банктардын ортосунда жүргүзүлүүчү операциялар боюнча овердрафт түрүндө кредит бербейт

Кыргыз банкы банктын чыгашаларына тиешелүү активдердин сапатына жараша мүмкүн болуучу чыгымдардын ордун жабууга атайын резервдерди түзөт

Кыргыз банкы келишимдик негизде исламдык банкына каражат бере алат. 

3. Чукул кырдаалдарда, банк тутумунун бүтүндүгүн сактоо максатында Кыргыз банкы камсыз кылынбаган кредит, болбосо Кыргыз банкынын Башкармасы тарабынан белгиленген шарттарда автивдердин башка түрлөрү менен камсыз болгон кредит бере алат. 

Өзгөчө кредит алты айга чейинки мөөнөткө берилет. Бул мөөнөт Кыргыз банкынын Башкармасынын чечими боюнча узартылышы мүмкүн. Мындай кредиттерди берген мөөнөттүн ичинде карыз алуучуга карата Кыргыз банкы тарабынан Кыргыз банкынын нормативдик актыларында белгиленген өзгөчө режим колдонулат

(КР 2009-жылдын 28-мартындагы N 94 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

29-статья. Эсептешүүлөрдү уюштуруу 

1. Республикадагы эсептешүү тутумунун кадыресе иштешинин максатында Кыргыз банкы эл аралык банктык практикага ылайык банктар аралык төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн башка түрлөрүн жүзөгө ашырат

Кыргыз банкы республикада пайдаланылуучу эсептешүүлөрдүн жана клиринг тутумдарынын технологияларынын алгылыктуулугун аныктайт. 

2. Кыргыз банкы өзү аркылуу жүзөгө ашырылуучу төлөмдөрдүн өтүү мөөнөттөрүнүн сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат

30-статья. Банктык жөнгө салуу жана көзөмөл 

1. Кыргыз банкы Кыргыз банкы тарабынан лицензиялануучу банктардын жана башка финансы-кредиттик мекемелердин ишин банктык көзөмөлдөөчү жана жөнгө салуучу орган болуп саналып, туруктуу финансы тутумун сактоо, аманатчылардын жана башка кредиторлордун кызыкчылыгын колдоо жана коргоо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Кыргыз банкынын нормативдик актыларын сактоо максатында алардын ишине туруктуу көзөмөлдү жүзөгө ашырат

2. Кыргыз банкы Кыргыз банкы тарабынан лицензиялануучу банктардын жана башка финансы-кредиттик мекемелердин ишин көзөмөлдөө жана жөнгө салуу жагындагы өз милдеттерин аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу

1) лицензиялоо жана көзөмөлдөө иштерин, ошондой эле ушул Мыйзамга ылайык тиешелүү эрежелерди жана нормаларды белгилөө жолу менен аларды ишке ашыруунун тартибин жүзөгө ашыруу максатында экономикалык нормативдерди белгилөөгө, директиваларды, нускоолорду жана сунуштарды чыгарууга

Караңыз

КР Улуттук Банкынын Башкармасынын 2004-жылдын 28-апрелиндеги N 11/2 "Пайыздык кирешелерди чегербөө статусун берүүнүн Тартибин" бекитүү тууралуу" токтому 

2) банктардын жана алардын филиалдарынын, ошондой эле алар менен байланышкан кызыкчылыгы бир компаниялардын (инсайдерлер жана аффилирленген компаниялар) ишин жеринде текшерүүнү жүзөгө ашырууга же мындай текшерүүнү көз карандысыз аудиторлорго же аудитордук фирмаларга тапшырууга; 

3) өзүнүн көзөмөлдөө милдеттерин натыйжалуу жүзөгө ашыруу үчүн маалыматтарды жана отчетторду суратууга жана алууга, алынган маалымат боюнча түшүндүрмөлөрдү талап кылууга

4) кооптуу же болбосо акылга сыйбас же кара ниет иштерге бөгөт коюу максатында ушул Мыйзамга ылайык финансылык абалды оңдоо боюнча чараларды көрүүгө кат жүзүндө көрсөтмө берүүгө, убактылуу администрацияны киргизүүгө, лицензияны токтото турууга же чакыртып алууга, болбосо айып акы салууга; 

5) финансылык алдамчылыктарга жана терроризмди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) боюнча операциялардын (бүтүмдөрдүн) бетин ачууга тиешелүү жана айкын чараларды көрүүнү талап кылган (Кыргыз банкына же башка органдарга зарыл отчетторду берүүнү, банктык процедураларды өзгөртүүнү, персоналдарды окутууну, банктын кардарлары тууралу маалыматтарды берүүнү кошо алганда) нормативдик актыларды чыгарууга

6) компетенциясына финансылык алдамчылыктардын бетин ачуу жана аларга бөгөт коюу кирген укук коргоо органдарынын өтүнүч каттары боюнча же өз чечимдеринин негизинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шектүү операциялардын категориясына кирген кандай гана болбосун банк операцияларын жүргүзүүнү Кыргыз банкынын нормативдик актыларында белгиленген мөөнөткө токтото турууга. 

Кыргыз Банкы терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички көзөмөлдү уюштуруу маселелери боюнча Кыргыз банкы тарабынан лицензиялануучу жана жөнгө салынуучу банктардын жана башка финансылык-кредиттик мекемелердин ишмердигин инспекциялоону жүргүзөт жана анын жыйынтыктары жөнүндө маалыматты терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу органга жөнөтөт

Банк операцияларын негизсиз токтоткондугу үчүн жоопкерчиликти анын демилгеси боюнча жүргүзүлгөн жак же уюм тартат

Республиканын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо Кыргыз банкы тарабынан лицензиялануучу банктардан жана башка финансы-кредиттик мекемелерден айкын операциялар боюнча келип түшкөн маалыматтар алар менен макулдашуусуз жарыяланышы мүмкүн эмес

3. Өз ишин тиешелүү юрисдикцияга ылайык жүзөгө ашырган же болбосо жүзөгө ашырууну каалаган банктарды көзөмөлдөөгө жана лицензиялоого карата Кыргыз банкы чет өлкөлүк банктык көзөмөл органдары менен өз ара аракеттенүү принциптеринде кызматташа алат

Алар алынган маалыматтардын купуялыгын сактаган шартта Кыргыз банкы өз ишин тиешелүү эки юрисдикцияга ылайык жүзөгө ашырган же болбосо жүзөгө ашырууну каалаган кандай гана болбосун банк боюнча чет өлкөлүк банктык көзөмөл органдары менен маалыматтарды алмаша алат. 

(КР 2008-жылдын 17-октябрындагы N 224, 2009-жылдын 19-майындагы N 162 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

31-статья. Кыргыз банкы тарабынан белгиленүүчү экономикалык нормативдер 

1. Кыргыз банкы өзү лицензиялоочу банктардын жана башка финансы-кредиттик мекемелердин ишин жөнгө салуу боюнча өз ишин жүзөгө ашыруу максатында эл аралык нормаларга ылайык төмөнкү экономикалык нормативдерди белгилейт жана жарыялайт: 

1) уставдык капиталдын эк төмөнкү өлчөмүн, капиталдын (өздүк каражаттын) эң төмөнкү өлчөмүн

2) капиталдын жетиштүүлүгүнүн (адекваттуулугунун) стандарттарын; 

3) бир карыз алуучуга тобокелдиктин эң жогорку өлчөмүн

4) ликвиддүүлүктүн көрсөткүчтөрүн

5) валюталык, проценттик жана башка тобокелдиктердин өлчөмдөрүн

6) финансылык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн зарыл болгон жана эл аралык банктык практикада колдонулган башка нормативдерди. 

Экономикалык нормативдерди эсептөө усулу Кыргыз банкынын нормативдик актылары тарабынан аныкталат. 

2. Кыргыз банкы банктардын мүмкүн болуучу кредиттик, лизингдик жана башка жоготууларынын, ошондой эле валюталык, проценттик жана башка финансылык тобокелдиктеринин ордун жабууга каралган банктардын чыгымдарына чегерилүүчү резервдерди түзүүнүн тартибин жана өлчөмүн белгилейт

(КР 2007-жылдын 30-майындагы N 75 Мыйзамынын, 2008-жылдын 19-майындагы N 90 Мыйзамынын редакцияларына ылайык) 

32-статья. Кыргыз банкы тарабынан колдонулуучу эскертүү чаралары жана санкциялар 

1. Ишин Кыргыз банкы лицензиялоочу банктар же финансы-кредиттик мекемелер тарабынан экономикалык нормативдерди сактабагандыктын, банктык мыйзамдарды, "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз банкынын нормативдик актыларын жана кат жүзүндөгү көрсөтмөлөрүн бузууларга жол бергендиктин фактылары табылганда, ошондой эле маалыматтарды убагында бербегенде же болбосо туура эмес жана/же толук эмес маалымат бергенде, же болбосо банк же финансы-кредиттик мекемелер төлөөгө жөндөмсүз болуп калса, Кыргыз банкы

1) бети ачылган кемчиликтерди токтоосуз же белгиленген мөөнөттүн ичинде четтетүүгө милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон кат жүзүндөгү көрсөтмөлөрдү берүүгө

Караңыз

КР Улуттук Банкынын Башкармасынын 2009-жылдын 11-мартындагы N 12/6 "Банктардын капиталынын (өздүк каражаттарынын) минималдуу өлчөмү жөнүндө" токтому 

2) ушул статьянын 2-пунктуна ылайык башка санкцияларды колдонууга; 

3) лицензияны токтотууга же чакыртып алууга; 

4) төлөмгө жөндөмсүз болуп калган учурда жоюу процессин баштоого укуктуу. 

Кыргыз банкы иши Кыргыз банкы тарабынан лицензиялануучу банктарга же финансы-кредиттик мекемелерге карата чара көрүп жатып, Кыргыз Республикасынын банк практикасынын жогорку стандарттарынын жана финансы тутумунун туруктуулугунун сакталышынын зарылдыгын жетекчиликке алууга тийиш. Ал акционерлердин кызыкчылыктарын жетекчиликке албоого жана алардын кызыкчылыктарынын таасиринде болбоого же Кыргыз банкы кредиторлордун кызыкчылыктарын коргоо жана/же республиканын финансы жана банк тутумунун туруктуулугун сактоо максатында жасашы мүмкүн болгон кандайдыр бир аракеттердин айынан келип чыгышы мүмкүн болгон чыгымдарды көңүлгө албоого тийиш

Кыргыз банкы ушул Мыйзам тарабынан каралган санкцияларды колдонуунун натыйжасында келип чыккан кандайдыр бир чыгымдар үчүн жоопкерчилик тартпайт. 

2. Кыргыз банкы тарабынан белгиленген мөөнөттө кетирилген кемчиликтерди четтетүү жөнүндөгү кат жүзүндөгү көрсөтмөлөрдү аткарбай койгон учурда, ошондой эле ишин Кыргыз банкы лицензиялоочу банктар же финансы-кредиттик мекемелер тарабынан экономикалык нормативдерди сактабоонун, болбосо банктык мыйзамдарды бузуунун фактылары табылганда Кыргыз банкы төмөнкү келтирилген чаралардын бирин же бир нечесин колдонууга укуктуу: 

1) жогорулатылган экономикалык нормативдерди киргизүүгө

2) милдеттүү резервдердин өлчөмүн жогорулатууга

3) Кыргыз банкынын Башкармасы тарабынан белгиленген тартипке ылайык ар бир айкын учур үчүн төлөнгөн уставдык капиталдын бир процентинен ашпаган өлчөмдө айып акы өндүрүп алууга

4) айрым кызмат адамдарынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген жыйырма эң төмөнкү айлык акы (эң төмөнкү ставка) өлчөмүндө айып акы өндүрүп алууга

5) милдеттүү түрдө аткарылуучу

- бардык же кээ бир аткаруучу кызмат адамдарын алмаштыруу; 

- финансыны жакшыртуу боюнча иш-чараларды өткөрүү

- кайра капиталдаштырууну, болбосо кайра уюштурууну жүргүзүү

- текшерилүүчүнүн каражаттарынын эсебинен пландан сырткары аудитти жүргүзүү талабы менен кайрылууга

6) активдерди сактап калуу максатында алты айга чейинки мөөнөткө убактылуу администрацияны дайындоого

7) убактылуу башкаруучуну дайындоо жана лицензияда каралган операциялардын баарын же кээ бирлерин алты айга чейинки мөөнөткө чектөө мүмкүндүгү менен лицензиянын аракетин токтото турууга

3. Кыргыз банкы банкты ачууга алдын ала берилген уруксатты төмөнкү учурларда чакыртып ала алат

1) банкты ачууга алдын ала берилген уруксатты алгандан кийин алты айдын ичинде түзүлүп жаткан банктын эң төмөнкү уставдык капиталы төлөнбөгөндө

2) банкты ачууга алдын ала уруксат берилгенден кийинки алты айдын ичинде анын негизинде уруксат берилген маалыматтардын туура эместиги табылганда; 

3) эгерде уюштуруучулардын финансылык абалы начарлап кетсе же анын негизинде лицензия берүүдөн баш тартууга боло турган фактылар табылганда; 

4) эгерде банктын уюштуруучулары банктын ишин баштабоону чечсе. 

4. Иши Кыргыз банкы тарабынан лицензиялануучу банктын жана финансы-кредиттик мекеменин лицензиясын чакыртып алуу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт

1) ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн окуялар болгондо жана эгерде Кыргыз банкы лицензияны чакыртып алуунун зарылдыгына макулдук берсе; 

2) Кыргыз банкынын милдеттүү кат жүзүндөгү көрсөтмөлөрү дайыма (он эки календарлык айдын ичинде эки же андан ашык) аткарылбаган учурда; 

3) эгерде Кыргыз банкынын эсептөөлөрү боюнча жакынкы мезгилде банктын суммардык капиталынын адекваттуулугунун коэффициенти эки процентти түзгөндө же ал деңгээлден төмөн болгондо жана уюштуруучулар алдын ала эскертүүлөргө карабастан капиталды толуктабаганда жана/же Кыргыз банкы тарабынан аныкталган мөөнөттөрдүн ичинде аны толуктоого карата чараларды көрбөгөндө

4) ушул статьянын 2-пунктуна ылайык Кыргыз банкы тарабынан колдонулган талаптар жана санкциялар аткарылбаганда; 

5) Кыргыз банкынын нормативдик актылары дайыма (он эки календарлык айдын ичинде эки же андан ашык) аткарылбаган учурда; 

6) такталбаган маалыматтар дайыма берилгенде же анын негизинде лицензия берилген маалыматтардын ынанымсыз экендиги ал берилген күндөн тартып бир жылдын ичинде табылганда; 

7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан тыюу салынган операцияларга катышкан учурда, болбосо лицензияда каралбаган ишти жүргүзгөндө

8) төлөмгө жөндөмсүз болуп калган же Кыргыз банкы тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөмгө жөндөмсүз деп таанылган учурда; 

9) эгерде банк каттоодон өткөндөн жана банк лицензиясын алгандан кийин депозиттерди кабыл алуу жана кредиттерди берүү боюнча ишин баштоону бир жылдан ашык мөөнөткө кийинкиге калтырганда

10) банк тарабынан монополияга каршы мыйзамдардын талаптары аткарылбаганда; 

11) чет өлкөлүк банктын филиалынан - ал каттоодон өткөн өлкө тарабынан чет өлкөлүк башкы банк жоюлган же анын банктык лицензиясы чакыртылып алынган учурда. 

5. Кыргыз банкы тарабынан лицензиялануучу банктын жана финансы-кредиттик мекеменин иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча токтотулушу мүмкүн

Иши Кыргыз банкы тарабынан лицензиялануучу банк же финансы-кредиттик мекеме болжолдогон күндү көрсөтүп, Кыргыз банкына кат жүзүндө билдирүү менен ал тууралу Кыргыз банкынын макулдугун алгандан кийин гана ишин токтотот жана лицензияны кайтарып берет. Кыргыз банкы банктын ишин токтотууга макул болгонго чейин аманатчылардын жана башка кредиторлордун кызыкчылыктарын канааттандырууну талап кылышы мүмкүн

6. Банкты банкрот деп таануу коркунучу болгон учурда (эгерде банктын капиталынын адекваттуулугунун коэффициенти эки жана андан аз процентти түзсө) кредиторлордун жана аманатчылардын кызыкчылыктарын коргоо максатында Кыргыз банкы ага ушул Мыйзамда, ошондой эле "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган ыйгарым укуктардан тышкары төмөнкү чаралардын кайсынысын болбосун көрүүгө укуктуу

1) банкка белгилүү бир чараларды көрүүгө, болбосо белгилүү бир чараларды көрбөөгө кат жүзүндө көрсөтмө берүүнү

2) акционерлер банкка кошумча капитал бергендей, болбосо өз акцияларын Кыргыз банкы тарабынан белгиленген наркта каалоочуларга бергендей кат жүзүндө көрсөтмө берүүнү

3) банктын банкроттук ишин баштабай туруп банкка ликвиддүү каражаттарды тартуу үчүн анын мүлкүнүн бир бөлүгүн, болбосо баарын сатууга тескеме берүүнү

4) күрөөлүк камсыз кылуу менен банкка менчик ликвиддик каражаттарын берүүнү

5) банкка консервацияланган банктын статусун берүүнү жана банктын консерваторун дайындоону; 

6) банктын банкроттугунун соттон тышкары ишин козгоону; 

7) банктын, анын акционерлеринин, болбосо банктын кредиторлорунун банктын банкроттугу жөнүндө ишти (сот тартибинде же соттон тышкары тартипте) козгоо жөнүндө арызын колдоону

7. Кыргыз банкы исламдык банктарды жана "исламдык терезелери" бар банктарды тейлөөнүн тартибин жана эрежелерин аныктайт жана банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык операцияларды жүргүзүүчү банктар банк ишин жөнгө салуучу нормативдик укуктук актыларды бузушкан учурда чара көрөт

(КР 2008-жылдын 17-октябрындагы N 224, 2009-жылдын 28-мартындагы N 94 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

32-1-статья. Кыргыз банкынын кызмат адамдарын жана кызматкерлерин, ошондой эле Кыргыз банкы тарабынан дайындалган башка адамдарды укуктук коргоо 

1. Кыргыз банкынын кызмат адамы же кызматкери, ошондой эле ушул Мыйзамда же "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен берилген милдеттерди жана ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн Кыргыз банкы тарабынан дайындалган кайсы болбосун адам, эгерде ошол адам билип туруп, одоно калпыстыктан же болбосо шалакылыктан улам укукка сыйбаган аракеттерди (аракетсиздикти) жасагандыгы далилденсе гана, кызматтык милдеттерин аткаруунун жүрүшүндө же болбосо адис катары чечмелеген учурда келтирген зыяны үчүн кайсы болбосун башка жактын алдында кылмыш-жаза, административдик же башка жоопкерчилик тартат,. 

2. Банкка же Кыргыз банкы тарабынан жөнгө салынуучу башка финансы-кредиттик мекемелерге лицензия (күбөлүк) берүү, ошондой эле лицензияга үбөлүккө) ылайык алардын өз ишмердигин жүзөгө ашырышы ошол банктын, финансы-кредиттик мекеменин төлөөгө жарамдуулугу жөнүндө Кыргыз банкынын кепилдиги катары каралбайт. 

3. Банктын же Кыргыз банкынан лицензия алган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган финансы-кредиттик мекеменин ишмердигин төлөөгө жарамсыздыгынын, сервацияланышынын, жоюлушунун (ыктыярдуу же мажбурлап) натыйжасында чыгымга учуроосу бул үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз банкынын, Кыргыз учуроосу бул үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз банкынын, Кыргыз банкынын кызмат адамдарынын, кызматкерлеринин жана Кыргыз банкы тарабынан дайындалган адамдардын жоопкерчилигинин келип чыгуусуна алып келбейт. 

(КР 2008-жылдын 16-майындагы N 87 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

VIII бөлүм 

 Тышкы экономикалык байланыштар жана валюталык операциялар 

33-статья. Кыргыз Республикасынын эл аралык финансы-кредиттик уюмдарга катышуусу менен байланышкан операциялар 

1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган учурларда Кыргыз банкы эл аралык кеңешмелерде, конференцияларда жана уюмдарда акча-кредиттик саясатка, банктарды лицензиялоого, банктык көзөмөлгө тиешелүү жана өз карамагына таандык башка маселелер боюнча республиканын кызыкчылыгына өкүлчүлүк кылат

2. Кыргыз банкы өзүнө берилген ыйгарым укуктарга ылайык Кыргыз Республикасынын атынан башка өлкөлөрдүн борбордук банктары, Эл аралык валюта фонду жана башка эл аралык финансы-кредиттик мекемелер менен операцияларды жүргүзө жана бүтүмдөрдү жасай алат

3. Кыргыз банкы акча-кредиттик, валюталык, банк чөйрөлөрүндө кызматташууларды, анын ичинде чет мамлекеттердин борбордук банктарынын ортосунда кызматташууларды өнүктүрүүдө иштеген Кыргыз Республикасынын аймагында, ошондой эле чет өлкөлөрдө жайгашкан кандай гана болбосун уюмдардын ишине катыша алат. 

(КР 2011-жылдын 12-майындагы N 21 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

34-статья. Валюталык жөнгө салуу 

Кыргыз банкы валюталык жөнгө салуунун мамлекеттик органы болуп саналат жана бул ишти: чет өлкөлүк валютадагы операцияларды жүргүзүүнү жөнгө салуучу нормативдик актыларды чыгаруу, банктарды кошо алганда валюталык ортомчуларга лицензияларды берүү жана чакыртып алуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алардын ишине банктык көзөмөлдү жүзөгө ашыруу аркылуу аткарат. 

35-статья. Кыргыз банкынын эл аралык резервдери 

1. Кыргыз банкы өзүнүн милдеттерин аткаруу максатында өз каражаттарынын бир бөлүгүн чет өлкөлүк валютада жана наркы эл аралык рыноктордо олуттуу өзгөртүүлөргө дуушар болбогон эл аралык башка активдерде кармап турат. Мында Кыргыз банкынын Башкармасы тарабынан аныкталган шарттарда алтындан жана: 

1) чет өлкөлүк валютадан, анын ичинде чет өлкөлүк борбордук банктардагы жана биринчи класстагы чет өлкөлүк банктардагы же башка эл аралык финансы институттарындагы эсептерге жайгаштырылган чет өлкөлүк валютадан

2) банкнот жана монета түрүндөгү чет өлкөлүк валютадан

3) эл аралык чөйрөдө таанылган кандай гана болбосун резервдик активдерден; 

4) эл аралык бүтүмдөрдү жасоодо кабыл алынган жана чет өлкөлүк валютада төлөөгө жаткан чет өлкөлүк валютадагы жөнөкөй жана которулуучу векселдерден; 

5) чет мамлекеттердин өкмөттүк мекемелери тарабынан алардын өз валюталарында (же чет өлкөлүк валютада) чыгарылган же кепилдик берилген жана чет өлкөлүк валютада төлөнүүчү мамлекеттик баалуу кагаздардан

6) алар алгылыктуу баалуу кагаздар катары классификацияланган шартта биринчи класстагы эл аралык финансы институттары тарабынан чыгарылган жана башка жүгүртүлүүчү баалуу кагаздардан турган Кыргыз банкынын эл аралык резерви болот. 

2. Кыргыз банкы өзүнүн эл аралык резервдерин резервдик активдердин ликвиддүүлүгүн жана коопсуздугун эске алуу менен башкарат

3. Эл аралык резервдерди чет өлкөлөрдө жайгаштыруу, болбосо сатуу максатында Кыргыз банкы өзүнүн балансында турган баалуу металлдарды ташып чыгарып кетүүсүнө кошумча лицензия талап кылынбайт. Баалуу металлдарды ташып чыгарып кетүүнүн жана сатуунун тартиби жана шарттары Кыргыз банкынын Башкармасы тарабынан аныкталат. 

36-статья. Кыргыз банкынын балансында турган чет өлкөлүк валюта жана алтын-валюталык резервдер менен жүргүзүлүүчү операциялар жана бүтүмдөр 

Кыргыз банкы: 

1) Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары жерлерде колдонуудагы мыйзамдарга ылайык келген жана эл аралык банктык практикада кабыл алынган чет өлкөлүк валютадагы операцияларды жүзөгө ашырууга; 

2) чет мамлекеттердин өкмөттөрү же эл аралык финансы уюмдары тарабынан чыгарылган же кепилдик берилген казына векселдерин жана башка баалуу кагаздарды сатып алууга, сатууга же алар менен операцияларды жүргүзүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген жана эл аралык банктык практикада кабыл алынган башка бүтүмдөрдү жасоого

3) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлердеги чет өлкөлүк борбордук банктарда жана башка финансы уюмдарында, ошондой эле эл аралык финансы уюмдарында эсептерди ачууга жана жүргүзүүгө

4) Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерлердеги чет өлкөлүк борбордук банктар жана башка мекемелер үчүн өкүл же корреспондент катары эсептерди ачууга жана жүргүзүүгө, аракеттенүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлөрдүн борбордук банктарынын жана башка финансы мекемелеринин, эл аралык финансы уюмдарынын кызыкчылыктарына өкүлчүлүк кылууга; 

5) Кыргыз Республикасынын аймагында жана тышкы рыноктордо алтынды, серитификаты бар баалуу металлдарды куйма, монета жана башка түрдө сатып алуу жана сатуу боюнча операцияларды жүргүзүүгө укуктуу

IX бөлүм 

 Кыргыз банкын башкарууну уюштуруу 

37-статья. Кыргыз банкын башкаруу 

1. Кыргыз банкынын ишинин негизги багыттарын аныктоочу жана Кыргыз банкына жетекчилик кылууну жүзөгө ашыруучу коллегиалдуу орган - Кыргыз банкынын Башкармасы Кыргыз банкынын жогорку башкаруу органы болуп саналат. 

2. Кыргыз банкынын Башкармасы 7 адамдан турат. Башкарманын мүчөлөрү Кыргыз банкында туруктуу негизде иштейт

3. Кыргыз банкынын Башкармасынын курамына Кыргыз банкынын Төрагасы, анын үч орун басары жана Кыргыз банкынын Башкармасынын мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Президенти жетимиш пайыздан көп эмес бир жыныстагы адамдардын өкүлчүлүктөрүн эсепке алуу менен дайындагандар кирет

(КР 2009-жылдын 23-январындагы N 21, 2010-жылдын 16-февралындагы N 30 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

38-статья. Кызматтык орундарга коюлуучу талаптар 

Кыргыз банкынын Төрагасы, Төраганын орун басарлары жана Башкармасынын мүчөлөрү экономика, финансы жана монетардык маселелер боюнча таанылган аброю жана кесиптик тажрыйбасы бар адамдар болууга тийиш. 

(КР 2011-жылдын 12-майындагы N 21 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

39-статья. Ыйгарым укуктардын мөөнөттөрү 

1. Кыргызстандын Банкынын төрагасы жети жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын Президентинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан шайланат жана ушул Мыйзамда каралган учурларда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кызмат ордунан бошотулат

Төраганын орун басарлары жана Башкарма мүчөлөрү жети жылдык мөөнөткө Кыргызстандын Банкынын төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалат жана ушул Мыйзамда каралган учурларда Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордунан бошотулат. 

Кыргызстандын Банкынын төрагасынын кызмат ордуна шайлануу үчүн талапкер Кыргызстандын Банкынын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган күндөн тартып он күндөн кечиктирилбестен Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизилет

2. Кыргыз банкынын Төрагасы жана Башкармасынын мүчөлөрү кызматка катары менен үч жолудан көп эмес кайрадан дайындалышы мүмкүн

Кыргызстандын банкынын башкарма мүчөсү отставка берген учурда, тиешелүү түрдө жаңы башкарма мүчөсү мурдагы дайындалган орундагы кызмат адамынын ыйгарым укугунун мөөнөтү аяктаганга чейин дайындалышы керек. Анын ордун алмаштырган кызмат адамы кийин ыйгарым укуктардын толук мөөнөтүнө дайындалышы мүмкүн

(КР 2007-жылдын 4-июнундагы N 77, 2008-жылдын 18-июлундагы N 154, 2011-жылдын 12-майындагы N 21 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

40-статья. Кыргыз банкынын Төрагасына жана Башкармасынын мүчөлөрүнө эмгек акы төлөө 

Кыргыз банкынын Төрагасынын, анын орунбасарларынын жана Башкармасынын мүчөлөрүнүн кызматтык маяналары атаандаш рыноктордогу эмгек акыларды жана мамлекеттик кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленет. 

(КР 2008-жылдын 19-майындагы N 90 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

41-статья. Отставкага кетүү жана кызматтан бошотуу 

1. Кыргыз банкынын Төрагасы, Төраганын орун басарлары жана Башкармасынын мүчөлөрү төмөнкү учурларда гана кызматынан бошотулушу мүмкүн

1) ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аякташы боюнча

2) отставкага кетүү жөнүндө өз арызы боюнча

3) соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү тарабынан белгиленген кылмыш-жазага тартылуучу жосун жасаганда; 

4) кызматтык милдеттерин аткарууга мүмкүн эместиги мамлекеттик медициналык комиссиянын корутундусу тарабынан далилденгенде; 

5) Кыргыз Республикасынын граждандыгынан ажыратылганда. 

2. Кыргыз банкынын Башкармасынын мүчөлөрү өздөрүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын Кыргыз банкынын кызыкчылыгына олуттуу доо кетиргендей бузган учурда, болбосо ушул Мыйзамдын же Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын талаптарын одоно бузганда Кыргыз банкынын Башкармасынын мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн корутундусу жана сунушу боюнча кызматтарынан бошотулушу мүмкүн

(КР 2011-жылдын 12-майындагы N 21 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

42-статья. Кыргыз банкынын Башкармасынын заседаниелери 

1. Кыргыз банкынын Башкармасы өз заседаниелерин зарылдыгына жараша, бирок айына бир жолудан кем эмес өткөрүп турат. Кыргыз банкынын Башкармасынын кезексиз заседаниеси Кыргыз банкынын Төрагасынын, болбосо Башкарманын үч мүчөсүнүн демилгеси боюнча чакырылышы мүмкүн

Кыргыз банкынын Башкармасынын мүчөлөрү Кыргыз банкынын Башкармасынын заседаниеси өткөрүлө тургандыгы тууралу өз учурунда кабардар болот. 

2. Башкарманын жыйналышы ага Кыргыз банкынын Төрагасынын же анын орун басарларынын биринин же болбосо Төраганын милдетин аткаруучу адамдын милдеттүү катышуусу менен Башкарманын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгү катышкан учурда ыйгарым укуктуу болот. Кыргыз банкынын Башкармасы тарабынан акча-кредиттик саясаттын маселелери боюнча чечимди кабыл алууда азчылыкта калган Кыргыз банкынын Башкармасынын мүчөлөрүнүн пикири алардын талабы боюнча протоколго жазылат. 

3. Башкарманын чечими Башкарманын мүчөлөрүнүн жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат

4. Кыргыз банкынын Төрагасы Кыргыз банкынын Башкармасынын ишине жетекчилик кылат жана анын заседаниесин алып барат, ал эми ал жок болуп калган учурда бул милдетти анын ордун алмаштыруучу адам аткарат. 

(КР 2010-жылдын 16-февралындагы N 30 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

43-статья. Кыргыз банкынын Башкармасынын ыйгарым укуктары 

1. Кыргыз банкынын Башкармасы: 

Кыргыз банкынын акча-кредиттик саясатын; 

2) Кыргыз банкынын жылдык отчетун; 

3) Кыргыз банкынын резервдеринин жана эсептеринин түрлөрүн, өлчөмдөрү менен аларды түзүүнүн жана пайдалануунун тартибин

4) мурда өтүүчү жылдын 31-декабрынан кечиктирбестен Кыргыз банкынын кезектеги жылга финансылык божомолун; 

5) Кыргыз банкынын уюштуруу структурасын; 

6) Кыргыз банкына анын эл аралык резервдери үчүн зарыл болгон активдердин түрлөрүн жана өлчөмдөрүн

7) нормативдик актыларды; 

8) Кыргыз банкынын жана анын Башкармасынын регламентин; 

9) алты айга чейинки мөөнөткө кыска мөөнөттүү кредит берүүнүн жаңы түрлөрүн

10) кирешелер жана чыгашалар бюджетин жана өнүктүрүү бюджетин кошо алганда Кыргыз банкынын бюджети; 

11) акча белгилеринин жаңы үлгүлөрүн жана номиналдарын чыгаруунун жана жүгүртүүдөн банкноттор менен монеталарды алуунун тартибин

12) ушул Мыйзам тарабынан Кыргыз банкынын карамагына таандык кылынган жана башка маселелерди карайт жана бекитет. 

2. Кыргыз банкынын Башкармасы: 

1) милдеттүү резервдердин өлчөмү жөнүндө

2) банкнотторду жана монеталарды жүгүртүүгө чыгаруу жана жүгүртүүдөн алуу тууралу

3) ушул Мыйзамга ылайык банктар үчүн экономикалык нормативдердин өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө

Караңыз

КР Улуттук Банкынын Башкармасынын 2004-жылдын 29-декабрындагы N 36/13 "Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктардын ачык валюта позицияларынын лимиттерин сактоонун тартиби жөнүндө" Нускоону бекитүү тууралуу" токтому 

4) Кыргыз банкынын проценттик ставкаларын өзгөртүү тууралу

5) Кыргыз банкынын чарбалык эсептеги уюмдарын түзүү жана жоюу жөнүндө, юридикалык жактардын капиталына катышуу тууралуу

6) эл аралык уюмдарга катышуу тууралу; 

7) Кыргыз банкынын, анын мекемелеринин, уюмдарынын жана кызматчыларынын ишин камсыз кылуу үчүн кыймылсыз мүлктөрдү сатып алуу жана сатуу жөнүндө

8) жана банктардын жана Кыргыз банкынан лицензия алышкан башка финансы-кредиттик мекемелердин инсайдерлери болуп саналышкан адамдардын жакын туугандары (жарандык мыйзамдарга ылайык мыйзам боюнча биринчи кезектеги мураскорлору) болбоого тийиш кызматкерлердин Тизмегин аныктайт; 

9) ушул Мыйзам тарабынан Кыргыз банкынын Башкармасынын карамагына таандык кылынган жана башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алат. 

Караңыз

КР Улуттук Банкынын Башкармасынын 2005-жылдын 22-февралындагы N 3/5 "Банктык эсептешүү эсептерин нумерациялоонун тартиби жөнүндө" Нускоонун долбоору тууралуу" токтому 

3. Эгерде аны маанилүү деп чечсе, Кыргыз банкынын Башкармасы кандай гана болбосун башка маселелерди кароого укуктуу. 

4. Кыргыз банкынын Башкармасынын заседаниелеринде кабыл алынган чечимдер Кыргыз банкынын Төрагасынын орун басарлары, структуралык кичи бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана Кыргыз банкынын бардык кызматчылары тарабынан аткарылат. 

(КР 2008-жылдын 16-майындагы N 87, 2014-жылдын 18-июлундагы N 143 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

44-статья. Кыргыз банкынын Төрагасынын ыйгарым укуктары 

1. Кыргыз банкынын Төрагасы

Кыргыз банкынын Башкармасына башчылык кылат; 

Кыргыз банкынын атынан ишеним катсыз аракеттенет; 

Кыргыз Республикасындагы жана чет өлкөлөрдөгү мамлекеттик органдар, банктар, кредиттик, эл аралык жана башка мекемелер жана уюмдар менен мамилелерде анын кызыкчылыктарына өкүлчүлүк кылат

ушул Мыйзамга ылайык Башкарманын карамагына таандык кылынган маселелерди кошпогондо, Кыргыз банкынын ишинин бардык маселелери боюнча чечим кабыл алат; 

Кыргыз банкынын Башкармасынын заседаниелеринин чечимдерине, протоколдоруна, ошондой эле Кыргыз банкы тарабынан түзүлгөн эл аралык макулдашууларга жана келишимдерге кол коет; 

Кыргыз банкынын бардык кызматчылары, анын мекемелери жана уюмдары үчүн аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет. 

2. Кыргыз банкынын Төрагасы өз орун басарлары жана структуралык кичи бөлүмдөрдүн жетекчилери менен макулдашуу боюнча Кыргыз банкынын кызматчыларынын эмгек акыларын аныктайт. 

3. Кыргыз банкынын Төрагасы жокто анын милдеттерин Төрага же Башкарма тарабынан дайындалган анын орун басарларынын бири аткарат. 

45-статья. Кыргыз банкынын Башкармасынын мүчөлөрү үчүн чектөөлөр 

1. Кыргыз банкынын Башкармасынын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөсү, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мүчөсү (депутаты) боло албайт. 

2. Кыргыз банкынын Башкармасынын мүчөлөрү коомдук-саясий жана диний уюмдардагы кызматтарды ээлей албайт. 

Ушул Мыйзамдын 48-статьясында келтирилген чектөөлөр Кыргыз банкынын Башкармасынын мүчөлөрүнө да жайылтылат

3. Кыргыз банкынын Башкармасынын мүчөлөрү өз милдеттерин аткарган мезгилде партиялык уюмдардагы мүчөлүгүн токтотот

(КР 2008-жылдын 16-майындагы N 87 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

X бөлүм 

 Кыргыз банкынын кызматчылары 

46-статья. Кыргыз банкынын кызматчыларынын эмгегин уюштуруу 

1. Кыргыз банкынын кызматчыларын ишке алуунун шарттары, алырдын эмгегине акы төлөөнүн тутуму, кызматтык милдеттери жана укуктары, сыйлыкка көрсөтүүнүн жана дисциплинардык жаза көрүүнүн тутуму республиканын мыйзамдарына ылайык Кыргыз банкынын Башкармасы тарабынан аныкталат. 

2. Кыргыз банкынын бардык кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөнүн тутуму Кыргыз Республикасынын чарба жүргүзүүчү субъекттеринин эмгегине акы төлөө тутумуна окшош аныкталат

3. Кыргыз банкынын кызматчылары Кыргыз банкы тарабынан банк кызматкерлери үчүн коюлуучу талаптарга жооп берүүгө тийиш

47-статья. Кыргыз банкынын кызматчыларын социалдык коргоо 

Кыргыз банкы кызматчылардын өмүрүн камсыздандырууну жана медициналык камсыздандырууну уюштурат, ошондой эле өз кызматчыларынын турак жай-социалдык проблемаларын чечүүгө байланышкан кыймылсыз мүлктөрдү сатып алууну жана Кыргыз банкынын кызматчыларын социалдык коргоону камсыз кылуу максатында пенсиялык жана башка фонддорду түзүүнү кошо алганда банк кызматчыларын социалдык коргоо боюнча чараларды көрөт

Кыргыз банкынын Башкармасы тарабынан бекитилген тизмеге ылайык кызматчылардын кээ бир категориясы милдеттүү түрдө камсыздандырылууга тийиш

48-статья. Кыргыз банкынын кызматчылары үчүн чектөөлөр 

1. Кыргыз банкынын кызматчылары Кыргыз банкынын Башкармасы тарабынан бекитилген кызматтардын тизмесине ылайык: 

1) Жергиликтүү кеңештердин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты боло албайт, ошондой эле жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына шайлана албайт; 

2) аткарган ишине акы төлөнөрүнө же төлөнбөсүнө карабастан, финансы-кредиттик жана башка уюмдарда кызматтарды ээлөөгө укугу жок (окутуучулук жана илим-изилдөө иштерин кошпогондо)

Бул тыюу салуу Кыргызстандын банкы катышуучу болуп саналган уюмдарда Кыргызстан банкынын кызыкчылыктарын көрсөтүп, Кыргызстан банкынын кызыкчылыгына өкүлчүлүк кылган Кыргызстандын банкынын кызматчыларына, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эларалык финансы-кредиттик жана башка постторду жана кызматтарды ээлөөгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жайылтылбайт; 

3) республиканын коммерциялык банктарынан жеке муктаждыктарына кредиттерди ала албайт; 

4) республиканын коммерциялык банкынын акцияларынын бир процентинен ашыгына, ал эми үй-бүлөсү менен чогуу алганда - бир банктын акцияларынын беш процентинен ашыгына ээ боло албайт. 

Эгерде Кыргыз банкына ишке орношкондо кызматчы коммерциялык банктардын биринен бир проценттен ашык өлчөмдөгү акциясына ээ болсо, анда ал бул акциялар боюнча мүлктүк укугун үй-бүлө мүчөсүнүн биринин башкаруусуна өткөрүп берүүгө милдеттүү, ал эми кызматчы бүтүндөй үй-бүлөсү менен беш проценттен ашык акцияга ээ болсо - анда ал бул акциялар боюнча мүлктүк укугун ишеним операцияларын (траст) жүзөгө ашырууга лицензиясы бар көз карандысыз адамга, трасттык башкарууга өткөрүп берүүгө милдеттүү

(КР 2007-жылдын 9-августундагы N 143 Мыйзамынын, 2008-жылдын 16-майындагы N 87 Мыйзамынын редакцияларына ылайык) 

49-статья. Купуя маалыматтарды жайылтпоо 

Кыргыз банкынын кызматчылары Кыргыз банкынын иши жөнүндө купуя маалыматтарды же болбосо мыйзамдар тарабынан каралган учурларды кошпогондо өздөрүнө кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу белгилүү болгон башка маалыматтарды жайылтууга укугу жок. 

XI бөлүм 

 Корутунду жоболор 

50-статья. Кыргыз банкынын мүлкү 

1. Кыргыз банкы өзүнө тиешелүү акча каражаттарына, имараттарга, курулуштарга, жабдууларга жана башка материалдык баалуулуктарга өзалдынча ээлик кылат, пайдаланат жана аларды тескей алат жана өз милдеттерин аткаруу максатында юридикалык жактын укуктарына ээ болгон уюмдарды түзө алат

2. Кыргыз банкы өзүнүн алдындагы карыздарды канааттандыруунун жүрүшүндө ал укуктар Кыргыз банкы тарабынан мүмкүн болушунча кыска, бирок эки жылдан ашпаган мөөнөттө сатылууга тийиш болгон шартта карыз алуучунун кандай гана болбосун түрдөгү кайсы болбосун укуктарын алууга укуктуу

3. Кыргыз банкы өзүнүн алдында турган милдеттердин чегинен ашкан иштерди жасоого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүү Кыргыз банкынын негизги милдеттерин жүзөгө ашыруу максатында юридикалык жактардын капиталына катышуу учурун кошпогондо, банктардын же башка коммерциялык уюмдардын иштерине акция кармоочу катары же башкача түрдө катышууга, Кыргыз банкынын жана анын кызматчыларынын ишин камсыз кылууга байланыштуу кыймылсыз мүлктү сатып алууну жана ижарага алууну кошпогондо кандай гана болбосун кыймылсыз мүлктүн менчик ээсинин укугун сатып алууга, ижарага алууга, же башка ыкмалар менен алууга укуксуз. 

Кыргыз банкы моралдык жактан эскирген, пайдаланылбаган же Кыргыз банкынын же анын кызматкерлеринин ишмердигин камсыз кылуу үчүн жараксыз товардык материалдык баалуулуктарды өткөрүп берүүгө же сатууга укуктуу. Материалдык баалуулуктарды сатып өткөрүүнүн тартиби Кыргыз банкынын нормативдик укуктук актылары менен белгиленет. 

4. Мамлекет Кыргыз банкынын мыйзамдуу мүлктүк укугун коргоону камсыз кылат жана анын мүлкүн жана капиталын алып кое же кыскарта албайт, ошондой эле Кыргыз банкына мүлктүк милдеттенмелерди таңуулай албайт. Кыргыз банкынын мүлкү капиталды жана акча каражаттарын кошо алганда, Кыргыз банкынын менчиги болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык соттун чечимисиз милдеттенмелерди аткаруу үчүн пайдаланылууга жана (же) Кыргыз банкынан тартынып алынууга тийиш эмес. 

5. Кыргыз банкы өз ишинин коопсуздугун, ошондой эле өз мүлкүнүн жана активдеринин (акча белгилерин басып чыгарууну, сактоону жана бөлүштүрүүнү кошуп алганда) ишенимдүү сакталышын жана кызматчыларынын корголушун камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт

Бул максатта Кыргыз банкы атайы кызматтарды түзүүгө, ошондой эле куралдар менен атайын коргонуу каражаттарын сатып алууга жана пайдаланууга укуктуу. 

(КР 2008-жылдын 16-майындагы N 87, 2014-жылдын 18-июлундагы N 143 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

51-статья. Кыргыз Республикасынын төлөм балансын түзүү 

1. Кыргыз банкы статистика боюнча мамлекеттик орган менен биргелешип Кыргыз Республикасынын төлөм балансын түзөт

2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, менчигинин түрүнө карабастан ишканалар, мекемелер жана уюмдар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан резидент болуп саналбагандар Улуттук статистика комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз банкы тарабынан аныкталуучу түрлөр боюнча жана мөөнөттөрдө төлөм балансын түзүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды көрсөткүчтөрдүн курамы боюнча Кыргыз банкына берип турат. 

3. Ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарды бербей койгондук же болбосо өз учурунда бербегендик үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте жоопкерчилик келип чыгат.  

Караныз: 

КР Улуттук Банкынын Башкармасынын 2004-жылдын 25-ноябрындагы N 30/5 "Банктарда төлөмдөрдүн багытын эсепке алуу тууралуу" Нускоонун жаңы редакциясын бекитүү жөнүндө" токтому 

52-статья. Бухгалтердик эсеп жана отчеттулук жөнүндө 

Кыргыз банкы бухгалтердик эсептин жана отчеттуулуктун түрлөрүн жана стандарттарын, коммерциялык банктардын, Кыргыз банкынын жана Кыргыз банкы тарабынан лицензиялануучу финансы-кредиттик мекемелердин эсептеринин планын белгилейт. 

Караңыз

КР Улуттук Банкынын Башкармасынын 2004-жылдын 23-октябрындагы N 26/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана финансы-кредиттик мекемелердин эсепке алуу саясатына карата талаптар жөнүндөгү" Жобону бекитүү тууралуу" токтому 

53-статья. Иммунитет  

(Статьянын аталышы КР 2008-жылдын 3-ноябрындагы N 236 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

1. (КР 2008-жылдын 3-ноябрындагы N 236 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту

2. Областтык башкармаларын кошо алганда Кыргыз банкы, анын менчиги, мүлктөрү жана кирешелери, ошондой эле бүтүмдөрү жана операциялары Кыргыз Республикасынын бажы кодексинин 178-статьясынын 10-пунктунда көрсөтүлгөн товарларга карата жыйымдардын, бажы алымдарынын жана жыйымдарынын ошондой эле мамлекеттик алымдардын кандай гана болбосун түрлөрүнөн бошотулат

Бул иммунитет Кыргыз банкы тарабынан түзүлгөн юридикалык жактарга жайылтылбайт. 

(КР 2008-жылдын 16-майындагы N 87, 2008-жылдын 3-ноябрындагы N 236, 2015-жылдын 25-февралындагы N 39 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

54-статья. Кыргыз банкынын ички аудити 

Кыргыз банкынын ички аудити Кыргыз банкынын Төрагасына түздөн-түз баш ийген ички аудит кызматы тарабынан жүзөгө ашырылат

55-статья. Эл аралык келишимдер 

Эл аралык келишимдер тарабынан Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди тейлөө боюнча Кыргыз банкы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы ушул Мыйзамда каралгандан башка да өз ара мамилелер белгилениши мүмкүн

(КР 2011-жылдын 12-майындагы N 21 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

56-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү жөнүндө 

1. Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып колдонууга киргизилсин. 

"Эркин-Тоо" газетасында 1997-жылы 6-августта N 62-63 жарыяланды 

2. Ушул Мыйзамдын 24-статьясы 1998-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизилсин. Республиканын экономикасын өнүктүрүүгө байланыштуу өткөөл мезгилге, 1998-жылдын 1-январына чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы республикалык бюджет жөнүндө мыйзам менен белгиленген нормалардын чектеринде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кредиттерди бере алат. 

Ушул Мыйзамдын 50-статьясынын 3-пункту 2000-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизилсин. 

3. Төмөнкүлөр

- 1992-жылдын 12-декабрындагы N 1055-ХII "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

- 1992-жылдын 12-декабрындагы N 1056-ХII "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүүнүн тартиби тууралу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин токтому күчүн жоготту деп табылсын

  

Кыргыз Республикасынын Президенти 

  

А.Акаев 

  

  

  

1997-жылдын 16-июнунда 

  

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган 

  

  

  

1997-жылдын 2-июлунда 

  

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйыны тарабынан жактырылган