|
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы "Бишкек шаарынын К.Акиев-Киев көчөлөрүнүн кесилиши дареги боюнча жайгашкан курулуп бүтө элек имаратынын обьектин аукциондо сатууга коет.
Курулуп бүтө элек имарат боюнча маалымат:
-сатуучу: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы;
- дареги: Бишкек шаары, Т.Үмөталиев атындагы көчө, 101;
-техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрү:
а) 4-5-кабаттан турат, ички короосу чатыр менен жабылып, (атриум) куполу айнектелген;
б) жалпы аянты: 15,3 миң чарчы метр;
в) долбоордук кубаттуулугу: 400 жумуш ордуна эсептелинген;
г) 100 орундук ашкана жана 60 орундук банкет залы;
д) конференц-зал жана спорттук зал;
е) жер участогунун аянты 0,79 га түзөт, мындан тышкары кошумча көрктөндүрүлүүчү муниципалдык аймагы – 0,34 га;
- өткөрүлүүчү тоорук формасы: ачык тоорук (аукцион);
- баштапкы сатуу баасы: 400,0 (төрт жүз) млн. сом;
-төлөм формасы: которуу жолу менен;
- гарантиялык төлөм өлчөмү: баштапкы сатуу баасынын 10 млн.сом;
- тооруктун (аукциондун) жеңүүчүсүнүн милдети: гарантиялык төлөм суммасын кемитүү менен сатуу наркын которуу жолу менен төлөө;
- тоорук (аукцион) өткөрүлүүчү күн, убактысы жана орду: Бишкек ш., Чуй проспектиси, 168, 2013-жылдын 4-июнда саат 14.00, № 231 "конференц.зал"бөлмөдө;
- сатуучунун дареги, байланыш телефонунун номери: Бишкек ш., Т.Үмөталиев атындагы көчө, 105/1, 110-бөлмө, байланыш телефону 61 52 81;
- Чет өлкө жарандары аукционго катышкан шартта, алар бул үчүн Адилет министрлигинен тиешелүү уруксат алууга тийиш
- аукциондогу тоорукка катышуучу үчүн билдирме берүүнүн акыркы мөөнөтү: 2013-жылдын 3-июнда саат 14.00гө чейин, гарантиялык төлөм төлөнгөндүгү тууралуу төлөм документтеринин көчүрмөсүн берүү менен бул документтер берилбесе билдирме кабыл алынбайт.
- аукциондогу тоорукка катышуучуга билдирмелер кабыл алынуучу сатуучуну дареги жана байланыш телефонун номери: Бишкек ш., Т.Үмөталиев атындагы көчө, 105/1, 110-бөлмө, байланыш телефону 61 52 81;
- сатуучунун эсептешүү эсеби: Кыргыз Республикасы, Т.Үмөталиев атындагы көчө,101
ИНН 01212199210017
э/э транзит 0107609016750107
БИК 101001
|