> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

Акча-кредит саясатынын инструменттери (ыкмалары)  

Акча-кредит саясатынын инструменттери (ыкмалары) 

Түшүндүрмөлөр жана алардын негизги мүнөздөмөлөрү  

1. Ачык рыноктогу операциялар 

Ачык рыноктогу операциялар  бул, банк тутумунда ликвиддүүлүк деңгээлин жөнгө салуу («арылтуу»/толуктоо) үчүн колдонулган инструмент. 

1.1. Улуттук банктын ноталарын сатуу боюнча аукциондор 

Нота  бул, Улуттук банк тарабынан жүгүртүүгө чыгарылган дисконттук мамлекеттик баалуу кагаздар. Улуттук банктын Акча-кредиттик жөнгө салуу комитетинин чечими боюнча, ноталар 7, 14 жана 28 күн мөөнөтүнө чыгарылат. Ноталар боюнча максималдуу кирешелүүлүк аукцион өткөрүлгөн күнгө карата аныкталган эсептик ченге барабар белгиленет. Банк тутумун улуттук валютадагы ликвиддүүлүктөн жеңилдетүү нота аукциондорун өткөрүү максатынан болуп саналат. 

1.2. Мамлекеттик баалуу кагаздардын экинчилик рыногундагы операциялар 

  

1.2.1. Улуттук банктын репо операциялары 

Улуттук банктын репо операциялары  бул, мамлекеттик баалуу кагаздарды келечекте белгилүү бир күнү, алдын ала макулдашылган баада кайра сатуу/сатып алуу милдеттенмеси менен сатып алуу (тике репо)/сатуу (кайтарым репо) боюнча операциялар.  

Репо операциялар банк тутумун улуттук валютадагы ликвиддүүлүк менен камсыз кылуу (тике репо) же банк тутумун үстөк ликвиддүүлүктөн арылтуу (кайтарым репо) максатында ишке ашырылат. Улуттук банктын Акча-кредиттик жөнгө салуу комитетинин чечими боюнча репо операциялары аукциондук негизде же катталган пайыздык чен боюнча жүргүзүлөт. Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети ошондой эле, репо операциялардын көлөмү, мөөнөттүүлүгү жана пайыздык чени боюнча чечимдерди да кабыл алат. 

1.2.2. Мамлекеттик баалуу кагаздарды аутрайт шарттарында сатып алуу (Улуттук банктын редисконттук операциялары)  

Мамлекеттик баалуу кагаздарды аутрайт шарттарында сатып алуу  бул, Улуттук банк тарабынан банк тутумуна улуттук валютада ликвиддүүлүктү сунуштоо максатында экинчилик рыногунда мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу боюнча операциялар. Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети редисконттук операцияларды жүргүзүү чечимин кабыл алып, ошондой эле сатылып алынган мамлекеттик баалуу кагаздарды төлөгөнгө чейинки көлөмүн, түрүн жана мөөнөтүн аныктайт. 

2. Улуттук банктын улуттук валютадагы депозиттик операциялары  

Улуттук банктын улуттук валютадагы депозиттик операциялары  бул, Улуттук банктагы мөөнөттүү депозит эсебине кайтары берүү, төлөөгө жөндөмдүүлүк жана мөөнөтүндө төлөө шарттарында улуттук валютада акча каражаттарын тартуу аркылуу банк тутумун үстөк ликвиддүүлүктөн арылтуу максатында колдонулган инструмент. Акча-кредиттик жөнгө салуу комитетинин чечими боюнча депозиттик операциялар аукциондук негизде же катталган пайыздык чен боюнча ишке ашырылат. Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети ошондой эле депозиттик операциялардын көлөмү, мөөнөттүүлүгү жана пайыздык чени боюнча чечимдерди да кабыл алат. 

2.1 «Овернайт» депозити 

«Овернайт» депозити  бул, кыска мөөнөттүк ликвиддүүлүктөн арылтууга жана коммерциялык банктарга акча каражаттарын сом түрүндө белгиленген пайыз боюнча бир түнгө Улуттук банкка жайгаштырууга мүмкүндүк берген инструмент (ыкма). Пайыздык чен Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети тарабынан аныкталып, пайыздык «коридордун» төмөнкү чеги катары кызмат кылат жана коммерциялык банктын демилгеси боюнча колдонулган туруктуу жөнгө салынган багыт болуп саналат.  

3. Эсептик чен  

Эсептик чен  бул, экономикадагы акча ресурсунун наркын аныктоодо негизги багыт берүүчү катары (ориентир) колдонулган каражат. 2014-жылдын 1-мартынан бери эсептик чен өлчөмү Улуттук банк Башкармасынын чечими менен аныкталып келүүдө

4. Милдеттүү камдык талаптар (МКТ) 

Милдеттүү камдар - бул, акча топтомдорунун, банк кредитинин жана ликвиддүүлүккө карата суроо-талап көлөмүн жөнгө салуучу, ошондой эле банк тутумунда төлөөгө жөндөмсүздүк тобокелдигин басаңдатуучу каражат катары колдонулган инструмент. Милдеттүү камдарды депондоштуруу коммерциялык банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине акча каражаттарын жайгаштыруу түрүндө ишке ашырылат. Милдеттүү камдар өтүп жаткан базалык мезгилдин алгачкы жумуш күнү төрт жумада бир жолу эсептелинип турат жана өткөн базалык мезгилдеги орточо күндүк эсептешүү базасынын жана Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленген милдеттүү кам өлчөмүнүн негизинде аныкталат. Милдеттүү камдардын белгиленген мааниси базалык мезгилдин белгиленген төрт жумасы ичинде колдонулат. Милдеттүү кам өлчөмдөрү, милдеттүү камды аныктоо үчүн эсептешүү базасына кирген милдеттенмелер тизмеги, милдеттүү кам өлчөмүн так сактагандыгы үчүн компенсация чени жана аны сактабагандыгы үчүн төлөм өлчөмү Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленет. 2016-жылдын 11-январынан тартып улуттук валютадагы милдеттенмелер боюнча милдеттүү кам өлчөмү 4,0 пайызын түзөт; армян драмы, белорусь рубли, казак теңгеси, кытай Жэньминьби юани жана орус рублиндеги милдеттенмелер боюнча - 4,0 пайызын түзөт; жогоруда көрсөтүлгөн валюталарды эске албаганда, чет өлкө валютасындагы милдеттенмелер боюнча - 12,0 пайызын түзөт. Милдеттүү камды аныктоо үчүн эсептешүү базасында жеке адамдардын жана юридикалык жактардын бардык депозиттери камтылат. 2008-жылдын 13-октябрынан бери милдеттүү камдык талаптарды аткаргандыгы үчүн компенсация чени нөлгө барабар белгиленип келүүдө. Эгерде, милдеттүү камдык талаптар сакталбаса, коммерциялык банктан Улуттук банктын базалык мезгил ичиндеги орточо эсептик ченинен үч эселенген өлчөмдө төлөм кармалат.

5. Банктарды кайра каржылоо (кредиттөө) операциялары  

Банктарды кайра каржылоо (кредиттөө) операциялары  бул, финансылык каражаттардын тартыштыгы келип чыккан шартта, коммерциялык банктардагы кам деңгээлин корректировкалоо үчүн колдонулган, акча массасына тике таасир этүү инструменти. 

5.1. Бир күндүк кредит 

Бир күндүк кредит, төлөм системасынын иш натыйжалуулугун арттыруу үчүн күрөөлүк камсыздоо алдында, операциялык күн ичинде, бир нече саатка, пайызсыз негизде улуттук валютада сунушталат. Мында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздары күрөөлүк камсыздоо катары колдонулушу мүмкүн. Бул, коммерциялык банктын демилгеси боюнча колдонулган, туруктуу жөнгө салынган ыкма болуп саналат. 

5.2. «Овернайт» кредити 

«Овернайт» кредити, банктын кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүгүн колдоо үчүн күрөөлүк камсыздоо алдында улуттук валютада бир күнгө сунушталат. Мында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздары күрөөлүк камсыздоо катары сунушталышы мүмкүн. Пайыздык чен Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети тарабынан белгиленип, пайыздык «коридордун» жогорку чеги катары кызмат кылат жана коммерциялык банктын демилгеси боюнча колдонулган, туруктуу жөнгө салынган ыкма болуп саналат. 

5.3. Жети күндүк кредит  

Жети күндүк кредит, кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүтү колдоо максатында күрөөлүк камсыздоо алдында жети күнгө берилген улуттук валютадагы кредит болуп саналат. Мында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк аркылуу жайгаштырылган мамлекеттик баалуу кагаздар күрөөлүк камсыздоо катары кызмат кылат. Жети күндүк кредит Акча-кредиттик жөнгө салуу комитетинин чечими боюнча аукциондук негизде (Улуттук банктын демилгеси боюнча) жана/же туруктуу жөнгө салынган ыкма боюнча (банктардын демилгеси боюнча) сунушталат. Аукционго катышуу үчүн минималдуу пайыздык чен жана/же бул кредит боюнча катталган пайыздык чен Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети тарабынан аныкталат.    

5.4. Кредиттик аукциондор кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында өткөрүлөт 

Кредиттик аукциондор, ликвиддүүлүктү колдоо жана экономиканын айрым тармактарын кредиттөөсү үчүн коммерциялык банктарга улуттук валютада кредиттик ресурстарды 3 жана 6 айлык мөөнөткө сунуштоо максатында Улуттук банктын демилгеси боюнча өткөрүлөт. Коммерциялык банктарга өз ликвиддүүлүгүн натыйжалуу тескөөгө алуусу жана экономиканын реалдуу секторун кредиттөө чөйрөсүн кеңейтүүсүнө өбөлгө түзүү үчүн кошумча механизмдерди сунуштоо кредиттик аукциондордун иш максатынан болуп саналат. 

Пайыздык чен, кредиттик каражаттарды сунуштоо шарттары жана алардын көлөмү Улуттук банктын Акча-кредиттик жөнгө салуу комитетинин чечими менен аныкталат. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылган мамлекеттик баалуу кагаздары, Улуттук банктагы пайызсыз депозит эсебинде турган нак эмес чет өлкө валютасы, белгилүү бир мүнөздөмөлөргө ылайык келген кредит портфели боюнча талап кылуу укугу күрөөлүк камсыздоодон боло алат. 

5.5. Акыркы инстанция кредити 

Акыркы инстанция кредити, олуттуу финансылык көйгөйдү башынан кечирип жаткан коммерциялык банктарга өзгөчө учурларда 6 айдан ашпаган мөөнөткө сунушталат. Мындай кредит боюнча пайыздык чен Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленет. Банктын абалын чыңдоо программасы иштелип чыккан шартта гана коммерциялык банктын демилгеси боюнча пайдаланылат. 

6. Валюта рыногундагы операциялар  

Валюта рыногундагы операциялары  бул, банктар аралык валюта рыногунда чет өлкө валютасы менен ишке ашырылган операциялар. 

6.1. Валюталык интервенциялар 

Валюталык интервенциялары  бул, чет өлкө валютасын сатып алуу/сатуу операциялары. Улуттук банктын Акча-кредиттик жөнгө салуу комитетинин чечими боюнча сомдун алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн текшилөө максатында өткөрүлөт. 

6.2.Улуттук банктын валюталык своп-операциялары 

Валюталык своп операциялар  бул, негизги сумманы жана чегерилген пайыздарды алдын ала макулдашылган мөөнөт аралыгында кайра алмашуу милдеттенмеси менен улуттук (чет өлкө) валютасын ошондой эле суммадагы чет өлкө (улуттук) валютасына алмаштыруу операциясы. Валюталык своп операциялары банк тутумун улуттук валютадагы ликвиддүүлүк менен камсыз кылуу (тике своп) же банк тутумун үстөк ликвиддүүлүктөн арылтуу (кайтарым своп) максатында ишке ашырылат. Акча-кредиттик жөнгө салуу комитетинин чечими боюнча валюталык своп-операциялар аукциондук негизде же катталган пайыздык чен боюнча өткөрүлөт. Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети тарабынан ошондой эле своп-операцияларынын көлөмү, мөөнөттүүлүгү жана пайыздык чендери боюнча чечимдер да кабыл алынат.