Кайта келүү

  

  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2023-жылдын 19-июлундагы 

№ 2023-П-10/43-5-(НПА) токтому менен бекитилген 

"Регулятивдик банктык отчет жөнүндө"  

ЖОБО 

1. Жалпы жоболор 

1. "Регулятивдик банктык отчет жөнүндө" жобо (мындан ары - Жобо) банк операцияларын, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча жүзөгө ашырылуучу операцияларды чагылдыруу үчүн бирдиктүү регулятивдик банктык отчетторду (мындан ары - РБО) аныктайт. 

2. Жобонун талаптары бардык коммерциялык банктарга, анын ичинде "ислам терезесине" ээ коммерциялык банктарга, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктарга (мындан ары - банк) таркатылат. 

2. Максаттар жана милдеттер 

3. РБОнун максаты төмөнкү милдеттердин аткарылышын камсыз кылуу максатында банктын жана анын кардарларынын иши жөнүндө анык жана толук маалымат берүү болуп саналат: 

- банктардын жана банк системасынын коопсуздугун, туруктуулугун колдоо максатында банктын финансылык абалына жана банктын ишине талдоо жүргүзүү

- акционерлер (бенефициардык ээлери жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен), банктын кызмат адамдары, ошондой эле кардарлардын иши жана операциялары жөнүндө толук, кеңири жана анык маалыматтарды ачып көрсөтүү

- экономиканын финансы секторуна макроэкономикалык талдоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон акча-кредит статистикасын, төлөм теңдеминин статистикасын жана Кыргыз Республикасынын эл аралык инвестициялык позициясын эл аралык стандарттарга ылайык түзүү

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) ченемдик укуктук актыларынын сакталышын контролдоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды берүү

3. РБО мазмуну жана аны берүүнүн мезгилдүүлүгү 

4. РБО банктын жана анын кардарларынын иши жөнүндө маалыматтарды камтыйт. 

5. РБО түзүмү, курамы, берүүнүн мезгилдүүлүгү, форматы жана мөөнөтү ушул Жобонун 1-тиркемесинде келтирилген. 

6. Банктар РБОну консолидацияланган негизде же 1-тиркемеге ылайык башкы кеңсенин жана ар бир филиалдын операциялары боюнча маалыматтар менен өз-өзүнчө берет. 

4. РБО түзүүнүн негизги принциптери жана эрежелери 

7. РБО түзүүдө финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарынын үзгүлтүксүздүк, эсептөө, түшүнүктүүлүк, аныктык жана чындык, толуктук, салыштыруу, ырааттуулук жана купуялуулук сыяктуу негизги принциптери колдонулууга тийиш. 

8. РБО формаларын толтурууда төмөнкү эрежелер сакталууга тийиш: 

а) операциялар ишке ашырылган валютанын номиналында чагылдырылышы зарыл (улуттук же чет өлкө валютасында), мында металл эсептери (трой унциясы менен) жана аффинаждалган өлчөнгөн куймалар (даана менен) эске алынбайт. Ал эми улуттук валютада көрсөтүү зарыл болгон чет өлкө валютасындагы маалыматтарды камтыган отчеттор Улуттук банктын операция ишке ашырылган датадагы расмий курсу боюнча улуттук валютадагы эквивалентте чагылдырылууга тийиш; 

б) операциялар отчеттук мезгилде бухгалтердик эсептин жана баланстан тышкары эсепке алуу маалыматтарынын негизинде чагылдырылышы зарыл; 

в) отчеттор мамлекеттик жана расмий тилдерде берилсе; 

г) отчеттор Жобонун 5-бөлүмүндө белгиленген электрондук форматта банктын ыйгарым укуктуу адамдарынын электрондук кол тамгасы менен берилет. 

5. РБО берүү тартиби 

9. РБО Улуттук банктын РБО маалыматтарын чогултуу порталы аркылуу электрондук форматта берилет. 

10. РБО Улуттук банкка белгиленген формаларга ылайык, ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык электрондук кол тамганы (мындан ары - ЭС) пайдалануу менен электрондук форматта берилет. 

11. РБОнун электрондук форматтары боюнча Улуттук банктын сын-пикири болбосо же отчет Улуттук банктын сын-пикирлерине ылайык берилгенден кийин РБО Улуттук банк тарабынан кабыл алынды деп эсептелет. 

12. 31-декабрга карата РБО жылдык болуп саналат жана ушул Жобонун 1-тиркемесинде белгиленген мөөнөттө Улуттук банкка берилет. Тышкы аудиттин натыйжалары боюнча жылдык РБОдо оңдоолор болсо, анда кайсы бөлүккө өзгөртүүлөр киргизилгендигин түшүндүрүү менен өзгөртүүлөр киргизилген отчеттуулуктун формалары берилет. Оңдолгон отчеттор көз карандысыз аудитордук компаниянын корутундусун алгандан кийин 15 жумуш күнү ичинде Улуттук банкка берилет. 

13. РБО, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Улуттук банк жана банктар үчүн отчеттук айдын акыркы календардык күнүнө карата жумуш күнү деп жарыяланган дем алыш жана майрам күндөрү үчүн банк жүргүзгөн бардык операциялар ушул мезгилдин ичинде банкта иш күнү жарыяланган же жарыяланбаганына карабастан, белгиленген тартипте жана мөөнөттө берилүүгө тийиш. 

14. Ар кандай дал келбестиктер, каталар, РБО формалары толук берилбеген же туура эмес толтурулган учурда, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү төмөнкү мөөнөттө отчетту оңдоо зарылдыгы жөнүндө банкка билдирет: 

- күндөлүк жана жумалык отчеттор - 2 жумуш күнү ичинде; 

- айлык, чейректик, жарым жылдык отчеттор - 5 жумуш күнү ичинде. 

Жооптуу кызмат адамынын электрондук кол тамгасы коюлган электрондук форматтагы оңдолгон отчеттор 1 жумуш күнү ичинде РБО маалыматтарын чогултуу порталы аркылуу Улуттук банкка берилүүгө тийиш. 

15. Коммерциялык банк РБО отчетторун белгиленген мөөнөттө бербеген учурда, отчеттун бөлүмү РБО маалыматтарын чогултуу порталына киргизилбеген жумуш күнү ичинде отчеттордун өз учурунда жүктөлбөй калуу себебин көрсөтүү менен Банктын жетекчисинин колу коюлган жазуу жүзүндөгү түшүндүрмө берүүгө милдеттүү

6. Корутунду жоболор 

16. РБОнун бөлүмдөрүндөгү окшош маалыматтардын толуктугу, аныктыгы, салыштырылышы жана РБОнун өз убагында берилиши үчүн жоопкерчилик банктын жетекчилигине жана банктын жооптуу кызматкерине жүктөлөт. 

17. Банкта РБО маалыматтарын чогултуу порталы аркылуу РБОну жүктөө үчүн жооптуу кызматкер дайындалууга тийиш. Мындан тышкары, бул кызматкерге РБОдо камтылган маалыматтарга тиешелүү бардык маселелер боюнча Улуттук банк менен өз ара иш алып баруу жоопкерчилиги жүктөлөт. 

18. РБОну түзүү, контролдоо жана Улуттук банкка берүү процесси ар бир этапта жооптуу түзүмдүк бөлүмдөрдү аныктоо менен банктын ички документтеринде жөнгө салынууга тийиш. 

19. Отчеттордо системалуу түрдө анык эмес маалыматтар берилген жана белгиленген мөөнөттөр бузулган учурда, банкка Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган таасир этүү чаралары көрүлүшү мүмкүн. 

  

  

  

1-тиркеме 

Регулятивдик банктык отчеттун  

ТҮЗҮМҮ ЖАНА КУРАМЫ  

Бөлүм 

Регулятивдик банктык отчеттун аталышы 

Отчеттун мезгилдүүлүгү 

Берүү форматы 

Маалыматтар курамы 

Банктын финансылык абалы жана баланстан тышкаркы милдеттенмелери жөнүндө отчет 

Күн сайын, кийинки жумуш күнү саат 11:00гө чейин 

".xlsx" 

Консолидацияланган маалыматтар 

1.1.1 

Активдер 

1.1.2 

Активдер ислам каржылоо принциптерине ылайык 

1.2.1 

Милдеттенмелер 

1.2.2 

Милдеттенмелер ислам каржылоо принциптерине ылайык 

1.3.1 

Капитал 

1.3.2 

Капитал ислам каржылоо принциптерине ылайык 

1.4.1 

Баланстан тышкаркы милдеттенмелер 

1.4.2 

Баланстан тышкаркы милдеттенмелер ислам каржылоо принциптерине ылайык 

1.5.1 

Системадан тышкаркы эсепке алуу 

1.5.2 

Системадан тышкаркы эсепке алуу ислам каржылоо принциптерине ылайык 

Банктын финансылык ишинин натыйжалары жөнүндө отчет 

Күн сайын, кийинки жумуш күнү саат 11:00гө чейин 

".xlsx" 

Консолидацияланган маалыматтар 

2.1.1 

Кирешелер 

2.1.2 

Киришелер ислам каржылоо принциптерине ылайык 

2.2.1 

Чыгашалар 

2.2.2 

Чыгашалар ислам каржылоо принциптерине ылайык 

Операциялар реестри 

 

".xlsx" 

Маалыматтар башкы кеңсе үчүн, ар бир филиал үчүн өзүнчө 

3.1 

Улуттук жана эл аралык операциялардын реестри 

Жума сайын, отчеттук мезгилден кийинки жуманын экинчи жумуш күнү саат 11:00дөн кечиктирбестен (дүйшөмбү саат 00:00:00дөн жекшемби саат 23:59:59га чейин). Эгерде жума жумуш күндөрү болбосо, отчет кийинки отчеттук мезгилдин 2 жумуш күнү ичинде берилет 

3.2 

Корреспонденттик эсептер боюнча операциялардын реестри 

3.3 

Электрондук акча менен эсептешүү системалары боюнча улуттук жана эл аралык операциялар 

Консолидацияланган маалыматтар 

3.4 

Коммерциялык банктардын накталай/накталай эмес чет өлкө валютасы менен операциялары 

Күн сайын, кийинки жумуш күнү саат 11:00гө чейин 

".xlsx" 

Консолидацияланган маалыматтар 

3.5 

Коммерциялык банктардын кардарлар менен накталай эмес/накталай чет өлкө валютасын сомго сатып алуу/сатуу боюнча ички бүтүмдөрү 

Пруденциалдык отчеттор 

Отчеттук айдан кийинки айдын биринчи 5 жумуш күнү ичинде/отчеттук мезгилден кийинки жуманын биринчи жумуш күнү саат 11:00гө чейин/кийинки жумуш күнү саат 09:00гө чейин 

".xlsx" 

Консолидацияланган маалыматтар 

4.1.1 

Кредиттик тобокелдик деңгээли боюнча баалоо 

Ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5 жумуш күнү ичинде 

 

 

4.1.2 

Ислам каржылоо принциптерине ылайык, кредиттик тобокелдик деңгээли боюнча баалоо 

 

 

4.2 

Операциялык тобокелдик 

4.2.1 

Төлөм системасындагы уруксатсыз транзакциялар жөнүндө маалымат 

4.2.2 

Төлөм системасында санкцияланбаган операциялар боюнча жүргүзүлгөн доомат иштери жөнүндө маалымат 

Чейрек сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5 жумуш күнү ичинде 

4.3 

Башка менчик 

Ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5 жумуш күнү ичинде 

4.4.1 

Банктын аффилирленген жана байланыштуу жактары тууралуу маалымат 

4.4.2 

Акционерлердин, банктын кызмат адамдарынын жана аны менен байланыштуу жактардын катышуу үлүшү бар чарба жүргүзүүчү субъектилер тууралуу маалымат 

4.4.3 

Акционерлердин/кызмат адамдарынын милдеттенмелери бар экендиги тууралуу маалымат 

4.4.4 

Акционерлердин жана банк менен байланыштуу жактардын туугандарынын тизмеси 

4.4.5 

Банк менен байланышкан жактар менен жүргүзүлгөн операциялар тууралуу маалыматтар (кредиттерди/каржылоону берүү боюнча операцияларды кошпогондо) 

4.5.1 

Активдерди жана баланстан тышкары милдеттенмелерди эсептен алып салуу жана калыбына келтирүү 

4.5.2 

Ислам каржылоо принциптерине ылайык активдерди жана баланстан тышкары милдеттенмелерди эсептен алып салуу жана калыбына келтирүү 

4.6.1 

Банк портфелинин экономикалык наркынын пайыздык чен тобокелдигине дуушарлануу деңгээлин аныктоо 

4.6.2 

Ислам каржылоо принциптерине ылайык банк портфелинин экономикалык наркынын пайыздык чен тобокелдигине дуушарлануу даражасын аныктоо 

4.7.1 

Мөөнөттөрү боюнча GAP 

4.7.2 

Ислам каржылоо принциптерине ылайык мөөнөттөр боюнча GAP 

4.8 

Корреспондент банктар жөнүндө маалымат (анын ичинде, лоро эсептер боюнча) 

4.9 

Экономикалык ченемдер/көрсөткүчтөр 

4.9.1 

Экономикалык ченемдердин сакталышы жана банк капиталынын кошумча запасын толуктоо тууралуу маалымат (“Капитал буфери” көрсөткүчү

4.9.2 

Отчеттук мезгил үчүн орточо маанилер (К3.1) 

 

 

4.9.3 

Улуттук банктын талаптарынын аткарылышы жөнүндө отчет 

4.9.4 

Ликвиддүүлүк ченеминин сакталышы тууралуу отчет (К3.1) 

Күн сайын (кийинки жумуш күнү саат 09:00гө чейин) 

4.9.5 

Кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүк ченеминин сакталышы жөнүндө отчет (К3.2) 

Жума сайын (отчеттук мезгилден кийинки жуманын биринчи жумуш күнү саат 11:00гө чейин) 

4.9.6 

Ликвиддүүлүктү дароо толуктоо ченеминин сакталышы жөнүндө күн сайын берилүүчү отчет (К3.3) 

Күн сайын (кийинки жумуш күнү саат 09:00гө чейин) 

4.9.7 

Мөөнөттүү депозиттер жана жеке адамдар алдындагы башка милдеттенмелер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү боюнча ченемдин сакталышы тууралуу күн сайын берилүүчү отчет (К 5.1) 

4.9.8. 

Жеке адамдардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттери боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү боюнча ченемдин сакталышы тууралуу отчет (К 5.2) 

Ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5 жумуш күнү ичинде 

4.9.8.2 

Жеке адамдардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттери боюнча тобокелдиктин максималдуу чегин сактоо боюнча күнүмдүк отчет (К 5.2) 

Күн сайын (кийинки жумуш күнү саат 09:00гө чейин) 

4.9.9 

Баалуу металлдар боюнча ачык позициялар жөнүндө отчет (ОПДМ) 

Күн сайын (кийинки жумуш күнү саат 09:00гө чейин) 

4.9.10 

Ачык валюта позициялары тууралуу отчет 

4.9.11 

Ликвиддүүлүктүн ордун жабуу коэффициентин эсептөө жөнүндө отчет 

Ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5 жумуш күнү ичинде 

4.9.12 

Ликвиддүүлүктүн ордун жабуу коэффициентинин сакталышы жөнүндө күн сайын берилүүчү отчет 

Күн сайын (кийинки жумуш күнү саат 09:00гө чейин) 

4.10 

Комплаенс-тобокелдик 

Ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5 жумуш күнү ичинде 

4.10.1 

Банктын ишенимдүү башкаруу боюнча операциялары жөнүндө маалымат 

4.10.2 

Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына билдирүүлөрдүн саны жана көлөмү жөнүндө маалымат 

4.10.3 

Эсептери боюнча олуттуу жүгүртүүгө ээ кардарлар боюнча маалымат 

4.11.1 

Активдерди классификациялоо 

4.11.2 

Ислам каржылоо принциптерине ылайык активдерди классификациялоо 

4.12.1 

Маалымат алуу 

4.12.2 

Ислам каржылоо принциптери боюнча маалымат алуу 

4.13.1 

Депозиттер жөнүндө маалымат 

4.13.2 

Ислам каржылоо принциптерине ылайык депозиттер жөнүндө маалымат 

4.14.1 

Пруденциалдык баланс 

4.14.2 

Ислам каржылоо принциптерине ылайык пруденциалдык баланс 

4.15.1 

Пайда жана чыгым жөнүндө пруденциалдык отчет 

 

 

4.15.2 

Ислам каржылоо принциптерина ылайык операциялар боюнча кирешелер жана чыгымдар 

Банктын тышкы экономикалык агымдары жана запастары жөнүндө отчет 

Чейрек сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 20-күнү 

".xlsx" 

Консолидацияланган маалыматтар 

5.1 

Банктын капиталы жөнүндө маалымат (чет элдик капитал катышкан банктар тарабынан толтурулат) 

5.2 

Банктын чет өлкөлүк ишкананын капиталына катышуусу тууралуу маалымат (чет өлкөлүк ишканада үлүшү бар банктар тарабынан толтурулат) 

5.3 

Банктын чет өлкөлүк активдеринин жана алар боюнча кирешелердин жылышы 

5.4 

Банктын чет өлкө валютасындагы милдеттенмелеринин жана ал боюнча чыгашалардын жылышы 

5.5 

Банктын чет өлкө валютасындагы кредиттери боюнча негизги сумманы жана пайыздарды төлөө боюнча болжолдоо (графиги) 

Төлөм карттары жана электрондук капчыктар 

Ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки 5 жумуш күнү ичинде 

".xlsx" 

Маалыматтар башкы кеңсе үчүн, ар бир филиал үчүн өзүнчө 

6.1 

Банктык төлөм карталарынын реестри 

6.2 

Банктык төлөм карттарынын эсептерде акча каражаттын калдыгы 

6.3 

Электрондук капчыктар 

Консолидацияланган маалыматтар 

6.4 

Төлөм системасы тууралуу маалымат 

Ар бир жарым жылда бир жолу, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен 

Консолидацияланган маалыматтар 

Кардарлардын жана алардын уюштуруучуларынын реестри 

Күн сайын, кийинки иш күнү саат 11:00гө чейин. 

".xlsx" 

Маалыматтар башкы кеңсе үчүн, ар бир филиал үчүн өзүнчө 

7.1 

Жеке жактар (анын ичинде жеке ишкерлер) 

7.2 

Юридикалык жактар, филиалдар (өкүлчүлүктөр) 

7.3 

Уюштуруучулар А бөлүгү. Жеке жактар (анын ичинде жеке ишкерлер) Б бөлүгү. Юридикалык жактар же коомдук уюмдар 

Банк операцияларынын жана баалуу кагаздар менен кардарларынын реестри 

Ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5 жумуш күнү ичинде 

".xlsx" 

Консолидацияланган маалыматтар 

8.1 

Банктын операцияларынын жана корпоративдик жана мамлекеттик баалуу кагаздар менен кардарлардын реестри 

8.2 

Инвестициялар жана финансылык катышуу реестри 

Банктын финансы рыногундагы операциялары 

Жума сайын, ар бир жума күнү саат 11:00гө чейин 

".xlsx" 

Консолидацияланган маалыматтар 

9.1 

Банктын кредиттик жана депозиттик операцияларынын реестри 

9.1.1 

Кредиттик операциялардын күрөө реестри 

9.2 

Банктын валюталык операцияларынын реестри 

10 

Депозиттер 

Ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5 жумуш күнү ичинде 

".xlsx" 

Маалыматтар башкы кеңсе үчүн, ар бир филиал үчүн өзүнчө 

10.1 

Банктын депозиттик реестри 

10.2 

Аралыктан тейлөө инструменттери 

11 

Банктын кредиттик регистри 

Ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5 жумуш күнү ичинде 

".xlsx" 

Маалыматтар башкы кеңсе үчүн, ар бир филиал үчүн өзүнчө 

11.1 

Берилген кредит/каржылоо жөнүндө маалымат 

11.2 

Кредиттик портфель/каржылоо портфели жөнүндө маалымат 

11.3 

Күрөө жөнүндө маалымат 

12 

Аралыкта орнотулган жабдуулар 

Ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки 5 жумуш күнү ичинде 

".xlsx" 

Консолидацияланган маалыматтар 

12.1 

Аралыкта орнотулган жабдуулар реестри 

12.2 

Аралыкта орнотулган жабдуу менен тейленген төлөм системаларынын аталышы 

13 

Акционерлердин жана кызмат адамдарынын реестри 

Ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5 жумуш күнү ичинде 

".xlsx" 

Консолидацияланган маалыматтар 

13.1 

Банктын досьеси 

13.2 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен макулдашуудан өтүп жаткан кызмат адамдары 

13.3 

Банктын акционерлери - жеке адамдар 

13.4 

Банктын акционерлери - юридикалык жактар 

13.5 

Кызмат адамынын эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруусу жана башка компаниялардагы акцияларынын ээлиги жөнүндө маалымат 

13.6 

Жеке банктын акционеринин башка коомдордогу акцияларга ээлик кылуусу жөнүндө маалымат 

13.7 

Банктын акционеринин юридикалык жактын башка коомдордогу акцияларына ээлик кылуусу жөнүндө маалымат 

13.8 

Банктын тиешелүү жактары жана акыркы бенефициарлары жөнүндө маалымат 

14 

Чекене агенттери 

Ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки 5 жумуш күнү ичинде 

".xlsx" 

Консолидацияланган маалыматтар 

14.1 

Банктын чекене агенттеринин реестри 

14.2 

Банктын чекене агенттеринин жайгашкан жери 

14.3 

Банктын чекене агенттери тарабынан сунушталуучу кызматтардын түрлөрү 

15 

Банктын кассалык жүгүртүүлөрү жөнүндө отчет 

Ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5 жумуш күнү ичинде 

".xlsx" 

 

15.1 

Ай сайын акчалай түшүүлөр 

Маалыматтар башкы кеңсе үчүн, ар бир филиал үчүн өзүнчө 

15.2 

Айына кассадан акча каражаттарын алуу 

15.1.1 

Акча каражаттарынын кириши 

Жума сайын жума күнү саат 15:00гө чейин 

".xlsx" 

Маалыматтар башкы кеңсе үчүн, ар бир филиал үчүн өзүнчө 

15.1.2 

Акча каражаттарынын чыгышы 

15.1.3 

Банктын операциялык кассасындагы акча каражаттарынын калдыктары күндүн акырына карата 

15.1.4 

Улуттук банктын кассасында күндүн акырына карата накталай акчанын калдыгы 

16 

Банктын баланстан тышкаркы милдеттенмелеринин реестри 

Ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5 жумуш күнү ичинде 

".xlsx" 

Маалыматтар башкы кеңсе үчүн, ар бир филиал үчүн өзүнчө 

16.1 

Валюталык операциялар 

16.2 

Башка баланстан тышкаркы милдеттенмелер 

17 

Банктын тарифтери жөнүндө отчет 

Чейрек сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5 жумуш күнү ичинде 

".xlsx" 

Консолидацияланган маалыматтар 

17.1 

"Локалдык акча которуу системалары" кызмат көрсөтүүсүн чечмелөө 

17.2 

"Эл аралык акча которуу системалары" кызмат көрсөтүүсүн чечмелөө 

17.3 

Физикалык жактар үчүн башкы офистерде жана региондордо депозиттер жана кредиттер боюнча пайыздык чендер 

17.4 

Юридикалык жактар үчүн башкы офистерде жана региондордо депозиттер жана кредиттер боюнча пайыздык чендер 

17.5 

Башкы офистерде жана региондордо депозиттер жана кредиттер боюнча пайыздык чендер 

  

  

  

2-тиркеме 

Регулятивдик банктык отчеттун  

ФОРМАЛАРЫ 

Тиркелген файлды караңыз. 

  РБО формасы