Кайта келүү


Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы №33-б буйруусуна ылайык кредиттерди конвертациялоо үчүн шарттары боюнча эң эле көп берилүүчү суроолор
  1. Өкмөт эмне үчүн валютада берилген ипотекалык кредиттер боюнча жардам берүүнү чечти?
    Акыркы мезгилде коммерциялык банктар жарандарга турак-жай сатып алууга кредиттерди көбүрөөк сунуштаган. Алар боюнча чендер керектөө кредиттерине жана бизнес-кредиттерге салыштырганда төмөн, анткени кредитке алган үйүндө же батирде жарандардын өздөрү жашап тургандыктан, анчалык тобокелдик да орун албайт. Бирок, бул кредиттер чет өлкө валютасында (АКШ долларында) сунушталып, соңку жылда доллардын олуттуу өсүп, бул тенденция Кыргызстанда эле эмес, жалпы дүйнөлүк мүнөзгө ээ болгон. Ошентип, финансылык көз караштан алганда, кооптуу жагдай түптөлүп, ипотекалык кредит алгандардын милдеттенмелердин ордун жабууга кудурети жетеби деген көйгөйлүү маселесинин келип чыгышынан улам, өлкө жарандарын колдоого алуунун мына ушундай ыкмасын сунуштоо демилгеленген. Демек, кайсы болбосун жаран, иш чөйрөсүнө (бюджеттик кызматкер же жеке ишкер ж.б.) көз карандысыз, 2015-жылдын 1-июлуна чейин республиканын кайсы болбосун коммерциялык банкынан турак-жай сатып алуу үчүн чет өлкө валютасында кредит алган болсо, бул программага катышууга укугу бар.
  2. Эмне үчүн кредит боюнча чектөөлөр (40 миң АКШ долларына чейин эле) белгиленген?
    Турак-жай ар кандай болушу мүмкүн. Жакшы киреше алгандар гана кымбат үйлөрдү ипотекага сатып ала алат. Ошондуктан, Өкмөттүн программасында мындай кредит алгандар камтылбайт. Албетте, төлөө жөндөмдүүлүгү бир аз начарлап, банк алдында карызын төлөөдө кыйынчылыкка дуушар болуп жаткан карызгерлер да бар. Ушундан улам, бюджеттеги бардык кыйынчылыктарга карабастан, түптөлгөн оор жагдайдын курмандыгынна болгон карыз алуучуларга да жардам көрсөтүүгө аракеттенүүдө. Карыз алуучулардын бардыгы эле кыйынчылыкка кабылышы ыктымал. Мында эң эле өкүнүчтүүсү, айрым жарандар баш калкалап жаткан жалгыз турак-жайынан айрылып, кол жууп калышы мүмкүн. Ошондуктан, мындай көйгөйгө жол бербөө үчүн бир эле Өкмөттүн жардамы жетишсиз, мында коммерциялык банктардын жагдайды жөнгө салуудагы ролу өтө маанилүү. Демек, коммерциялык банктар социалдык маселелерди чечүүгө багытталган иштерди да жүргүзүүсү зарыл.
  3. Өкмөттүн буйруусуна кол коюлгандан тартып кредиттерди конвертациялоо процессине канча убакыт талап кылынат?
    Тиешелүү буйрууга кол коюлгандан кийинки бир ай ичинде конвертациялоо процесси ишке ашырылууга тийиш.
  4. Доллар түрүндө берилген кредит карыз алуучунун өтүнүчү боюнча Өкмөттүн буйруусуна кол коюлганга чейин сомго кайра тариздетилген болсо, ал кредит конвертацияланууга тийишпи?
    Өкмөттүн буйруусуна чейин кайра тариздетилген кредиттер конвертациялоо шарттарына туура келбейт.
  5. Кредит конвертацияланышы үчүн карыз алуучу эмне кылуусу зарыл?
    Кредитти конвертациялоо карыз алуучунун өтүнүчү боюнча ыктыярдуу негизде ишке ашырылат.
  6. Кардар, бардык мүнөздөмөлөрү боюнча конвертацияланууга тийиш болгон бир банктан алган ипотекалык кредитин, кредиттик саясатында ипотекалык кредиттөө шарты каралбаган башка банкка которуп, ал керектөө кредити категориясында камтылып калса, мындай кредит Өкмөттүн буйруусуна ылайык конвертацияланабы?
    Мындай кредит конвертацияланбайт, анткени турак жай сатып алууга берилген кредиттер гана конвертацияланууга тийиш.
  7. Эгерде кредиттин суммасы белгиленген чектен (40 000 АКШ долларынан) ашып кетсе, анда анын 40 000 долларга чейинки суммасы конвертацияланып, калган суммасы баштапкы шартта тейлениши мүмкүнбү?
    Мында, бардык иш-аракеттер Өкмөттүн буйруусуна ылайык гана жүзөгө ашырылууга тийиш: Кыргыз Республикасынын бир жараны тарабынан 40 миң АКШ долларынан ашпаган суммадагы бир кредит гана конвертацияланат.
  8. Кредиттерди конвертациялоо үчүн кандай шарттар белгиленген?
    Өкмөттүн буйруусуна ылайык, 2016-жылдын 1-февралынан тартып, ипотекалык кредитти конвертациялоо үчүн төмөнкүдөй шарттар белгиленген:
    1. Кредит, Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан турак жайды сатып алууга гана (ипотека) берилген болсо;
    2. Кредит, Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган жеке адамга берилген болсо;
    3. Кредит, 2015-жылдын 1-июлуна чейин берилген болсо;
    4. Кредиттин негизги суммасы 40 миң АКШ долларынан ашпаган болсо;
    5. Берилген кредит боюнча соттук териштирүүлөр орун албаса.
  9. Турак жай курууга алынган кредиттер конвертацияланабы?
    Өкмөттүн буйруусуна ылайык даяр турак жайды сатып алууга гана берилген кредиттер конвертацияланууга тийиш.
  10. Карыз алуучулардын өтүнүч каттарын ким кароого алат?
    Банктар Өкмөттүн буйруусунда көрсөтүлгөн шарттарга камтылган карыз алуучуларына маалымат жөнөтүүгө тийиш. Карыз алуучулар кредитти конвертациялоо өтүнүчүн кредит алган коммерциялык банктарына сунуштоосу зарыл.
  11. Сомго конвертацияланган кредиттер боюнча бирдей чен белгиленеби?
    Жок. Өкмөттүн буйруусуна ылайык кредитти конвертациялоодо улуттук валютада берилген ипотекалык кредиттер боюнча коммерциялык банктардын орточо салмактанган пайыздык ченинен ашпаган чекте, 2016-жылдын 1-январына карата абал боюнча 19,76 пайыз өлчөмүндө белгилөө сунушталган.
  12. 2015-жылдын 1-июлунда берилген кредиттер конвертацияланабы?
    Жогоруда аталган буйруунун талабына ылайык 2015-жылдын 1-июлуна чейин берилген кредиттер гана конветацияланат. Демек, 2015-жылдын 30-июнун кошо алгандагы мезгил акыркы күн болуп саналат.
  13. Карыз алуучу буйрууда көрсөтүлгөн 20 күндүк мөөнөт ичинде коммерциялык банкка кайрыла албай калса, анын абалы кандай болот?
    Банктар Өкмөтүнүн буйруусу, анда камтылган ипотекалык кредиттерди конвертациялоо шарттарын өз карыз алуучуларына, ошондой эле кеңири коомчулукка маалымдоого милдеттүү. Бул талап дароо аткарылууга тийиш. Карыз алуучу 20 күндүк мөөнөттү өткөрүп жиберсе, бул - конвертациялоо укугунан ажырап калууга алып келет.

     Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы №33-б буйруусуна ылайык кредиттерди конвертациялоо үчүн шарттар (схема)
  14. Кыймылсыз мүлктү сатып алууга алынган сумма 40 миң АКШ долларынан ашып кетсечи?
    Берилген кредиттин суммасы 40 миң АКШ долларынан ашпоого тийиш экендиги - Өкмөттүн буйруусуна ылайык кредиттерди конвертациялоо үчүн шарттардын бири болуп саналат. Бул, коммерциялык банктан алынган кредиттин суммасы жана ал боюнча конвертациялануучу калдык. Кыймылсыз мүлктү карыз алуучу өз акчасын кошуп да сатып алышы мүмкүн. Бирок конвертациялоого жогоруда көрсөтүлгөн суммадан, тактап айтканда 40 миң АКШ долларынан ашпаган кредиттер кирет.
  15. Эмне үчүн конвертациялоо учуруна карата карыз калдыгы эмес, берилген кредит суммасы (40 миң АКШ долларынан ашпаган) конвертациялоодо критерийлердин бири катары каралууда?
    Бул, эсептөөлөрдөн улам, башкача айтканда орточо киреше тапкан үй-бүлөнүн өз дараметине жараша турак жай сатып алуусу эске алынган.
  16. Конвертациялоо критерийлерине кирген, бирок доллар түрүндө алган кредиттерин сомго которууга үлгүргөн карыз алуучуларга карата шарттар каралганбы?
    Алардын кредиттери буга чейин конвертациялангандыгына байланыштуу, мындай карыз алуучуларга карата буйруунун талаптары таркатылбайт.
  17. Конвертациялоо сунушу менен кайрылган өтүнүч каттарды кароого алуу үчүн коммерциялык банктар комиссиялык төлөм алышабы?
    Жок.
  18. Өкмөттүн буйруусунун талабы мамлекеттик банктардан гана алган кредиттерге таркатылабы?
    Жок. Бардык комммерциялык банктардан алынган кредиттерге таркатылат.
Лицензиялоо жөнүндө эң эле көп берилүүчү суроолор
  1. Төлөм системасынын оператору жана төлөм уюмунун лицензияларын кантип алса болот?
    Төлөм системасынын оператору жана төлөм уюмунун лицензияларын алуу үчүн өтүнүч ээси Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын веб-сайтында жайгашкан Улуттук банктын "Төлөм системалардын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жөнүндө" жобосуна ылайык төмөнкү документтердин мамлекеттик же расмий тилдеги бирден нускасын Улуттук банкка тапшырууга тийиш:
    1) ушул Жобого карата 1-тиркемеде белгиленген форма боюнча түзүлгөн, өтүнүч ээсинин жетекчисинин кол тамгасы коюлган лицензия алууга өтүнүч кат;
    2) уюштуруу документтердин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү: ошол юридикалык жактын жетекчисинин кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн устав, мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк, юридикалык жакты түзүү тууралуу, уставдык капиталдын өлчөмү жөнүндө, башкаруунун коллегиалдык органын тандоо жөнүндө чечим;
    3) уюштуруучулар - юридикалык жактардын төмөнкү документтеринин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү: ошол юридикалык жактын жетекчисинин кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документтери, мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө жана акыркы отчеттук күнгө карата түзүлгөн, салык органына тапшырылган финансылык отчет;
    4) документтерди тапшыруу учурунда салык органдарынан салык карызынын жок экендигин тастыктаган маалымкат;
    5) жаңыдан түзүлүп жаткан компаниялар үчүн кеминде төмөнкүлөр камтылган бизнес-план:
    - операцияларды ишке ашырууда алдыга коюлган максаттарды аныктоо;
    - бул операцияларды ишке ашыруудан күтүлүп жаткан экономикалык натыйжаларды болжолдуу эсептөөлөр;
    6) чарба иш каражаттарын сактоо жана пайдалануу үчүн коммерциялык банкта эсептешүү эсебин ачууга түзүлгөн келишимдердин көчүрмөлөрү;
    7) төлөм уюмдары үчүн - сунуштоочулардын пайдасына көрсөткөн кызматтар үчүн калктан жана өз агенттеринен түшкөн акча каражаттарын сактоо жана пайдалануу үчүн коммерциялык банкта эсептешүү эсебин ачууга түзүлгөн келишимдердин көчүрмөлөрү;
    8) сунуштоочуга акча каражаттардын өткөрүлүп берилишин же алардын сатып алуучуга кайтарылып берилишинин гарантиясын камсыз кылган төмөнкү келишимдердин биринин көчүрмөсү:
    - мүмкүн болуучу тобокелдиктер жана жоготуулар үчүн каралган камды сактоо боюнча банктык аманат жөнүндө келишимдер;
    - сунуштоочуну алдын ала төлөө формасында тейлөө каралган келишимдер;
    - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, мүмкүн болуучу тобокелдиктер менен жоготуулардын ордунун жабылышын камсыз кылган банктык гарантия же башка келишимдер.
    Жаңы түзүлгөн компаниялар үчүн жогоруда көрсөтүлгөн келишимдер лицензия берилген күндөн кийинки 3 (үч) айдын ичинде Улуттук банкка берилүүгө тийиш;
    9) коммерциялык банктагы эсепке уставдык капиталдын 100 пайызы (1 000 000 (бир миллион) сомдон кем эмес) салынгандыгын тастыктаган документ. Уставдык капиталды топтоо максатында салынган акча каражаттарын, лицензия берүү/берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин пайдаланууга тыюу салынат. Уставдык капитал өтүнүч ээсинин/лицензиаттын милдеттенмелерин камсыздоо катары кызмат кылат жана ал уюштуруучулардын/катышуучулардын/акционерлердин акча каражаттарынын эсебинен улуттук валютада гана топтолууга тийиш. Уставдык капиталды негизги каражаттардын, материалдык эмес активдердин жана карызга алынган каражаттардын эсебинен топтоого тыюу салынат;
    (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-11-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
    10) уюштуруучулардын уставдык капиталды түзүүгө багытталган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого өбөлгө түзгөн, тастыктаган тиешелүү документтерди кошо тиркөө менен маалыматтар;
    11) төлөм системасында жүзөгө ашырылуучу операциялардын финансылык мониторингин жүргүзүү тартибин жөнгө салуучу ички документтердин көчүрмөлөрү;
    12) төлөм уюму үчүн - акча каражаттарын инкассалоо жана сактоо тартибин жүзөгө ашыруу тартибин жөнгө салуучу, ички документтердин көчүрмөлөрү;
    13) төлөм системасынын оператору үчүн - жетекчинин колу коюлган жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн төлөм системасынын иштөө эрежелери, алар төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
    - системанын архитектурасын жана анын иштөө схемасын;
    - системага кирүү жана чыгуу жол-жоболору;
    - катышуучуну системага кошуу тартиби;
    - процессинг жүргүзүү тартиби;
    - төлөм системасынын катышуучуларынын өз иши тууралуу маалыматтарды төлөм системасынын операторуна берүү тартиби;
    - тобокелдиктерди тескөөдө колдонулуучу моделди, тобокелдиктерди тескөө иш-чараларынын тизмесин жана ыкмаларын кошо алганда, төлөм системасындагы тобокелдиктерди тескөө системасы;
    - маалыматтарды коргоо талаптары;
    - талаш маселелерди чечүү тартиби;
    - системада штаттан тышкаркы жагдай орун алган шартта, катышуучулардын аракеттенүү тартиби;
    - катышуучулардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери;
    - жөнөтүүчүлөрдүн жана алуучулардын маалымат китепчесин тескөө, кардарларды террористтердин эл аралык уюмдар тарабынан чыгарылган тизмеси, террористтердин улуттук тизмеси, терроризмге катыштыгы бар деген шектүүлөрдүн улуттук тизмеси боюнча текшерүү механизмдеринин системада бар экендигин сүрөттөө;
    14) лицензияны алууга төлөм төлөнгөндүгүн ырастаган документ;
    15) ушул Жобого карата 2-тиркемеге ылайык, коллегиалдуу башкаруу органынын мүчөлөрү тарабынан өз колу менен толтурулган жана кол тамгалары коюлган анкета, төмөнкүлөрдүн көчүрмөлөрүн кошо тиркөө менен:
    - инсандыгын тастыктаган документтердин;
    - коллегиалдуу башкаруу органынын мүчө-жактарынын тиешелүү кызматтарга дайындалгандыгын тастыктаган документтердин;
    - ушул Жобонун 2-главасында көрсөтүлгөн талаптарга шайкештигин тастыктаган документтердин;
    15-1) компаниянын аффилирленген жана байланыштуу жактары жөнүндө маалыматтар (жеке адамдын аты-жөнү, юридикалык жактын аталышы, тастыктоочу документтер, уюштуруу документтери ж.б.);
    15-2) аппараттык-программалык комплексин (мындын ары – АПК) орнотуу жана колдонууга киргизүү актысы;
    15-3) жайды ижарага алуу келишиминин көчүрмөсү же өтүнүч ээсинин/лицензиаттын ээлеп турган жайга менчик укугун тастыктаган документ;
    15-4) эгерде төлөм системасынын оператору ижарага алынган жайды АПК жайгаштыруу үчүн колдонсо, техникалык жактан чыңдоо жана жабдуу талаптарына жооп берүүгө тийиш болгон, жайдын техникалык чыңдалышы тууралуу түшүндүрмө берилген ижара келишимин сунуштоо зарыл. Ижара келишимин колдонуу мөөнөтү кеминде бир жылды түзүүгө тийиш;
    (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-11-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
    16) коммерциялык банк менен электрондук акчаларды сактоо, пайдалануу жана алар менен ишке ашырылган операцияларды эсепке алуу боюнча эсептешүү эсептерин ачуу жөнүндө түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү (процессинг жана электрондук акчаларды жайылтуу боюнча кызматтарды сунушташкан өтүнүч ээлери үчүн);
    17) электрондук акча эмитенти менен аларды чыгарууга түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү (процессинг жана электрондук акчаларды жайылтуу боюнча кызматтарды сунушташкан өтүнүч ээлери үчүн);
    18) өтүнүч ээсинин атынан анын өкүлү ишеним каттын негизинде иш алып барган учурда, лицензияны алууга анын өкүлүнө берилген ишеним кат.
    17. Лицензия алуу үчүн документтер Улуттук банкка, анын областтык башкармалыгына жана Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгүнө (өтүнүч ээсинин жайгашкан жери боюнча) берилиши мүмкүн.
    18. Улуттук банкка ушул Жобого ылайык сунушталуучу жана бир барактан ашкан бардык документтердин ар бир барагы бирден сүрөттөлүүгө жана жетекчинин кол тамгасы коюлуп, өтүнүч кат ээсинин мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Улуттук банктын талабы боюнча айрым документтер электрондук формада берилиши мүмкүн.
    19. Улуттук банк тарабынан документтерди кароо мөөнөтү 30 (отуз) календардык күндү түзөт.
    19-1. Документтер топтомун кароодо Улуттук банк лицензия алууга өтүнүч кат сунуштагандан кийинки 10 (он) жумуш күнү ичинде өтүнүч ээсин алдын ала текшерүүгө укуктуу.
    19-2. Алдын ала текшерүүдө, автоматташтырылган системалардын иш жөндөмдүүлүгүн жана өтүнүч ээси тарабынан сунушталган документтердин ушул жобонун 16-пунктунун талаптарына ылайык келүүсүн текшерүү камтылат.
    (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-11-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
    20. Эгерде документтер ушул Жободо белгиленген талаптарга жооп бербесе, же өтүнүч катты жана документтерди кароо мезгили ичинде кошумча документтер сунушталса, анда өтүнүч катты жана документтерди кароо мөөнөтү ушул жобонун талаптарын канааттандырган кошумча документтерди алган күндөн тартып кайрадан эсептеле баштайт.
    21. Лицензия алууга берилген өтүнүч кат жана документтер кайтарылып алынган шартта, же болбосо лицензияны берүүдөн баш тарткан же ушул жобонун чегинде мурда берилген лицензия кайтарылып алынган учурда Улуттук банкка сунушталган документтер кайтарылып берилбейт.
    22. Кошумча документтер Улуттук банкка кат жүзүндө маалымдалгандан кийинки 15 (он беш) күн ичинде сунушталууга тийиш. Эгерде кошумча документтер көрсөтүлгөн мөөнөттө сунушталбаса, Улуттук банк лицензия берүүдөн баш тартууга укуктуу.
  2. Төлөм системасынын оператору жана төлөм уюмунун лицензиялары кандай мөөнөткө берилет жана канча турат?
    Төлөм системасынын оператору жана төлөм уюмунун лицензиялары юридикалык жакка берилет, лицензиялардын мөөнөтү чексиз. Бир лицензиянын баасы (төлөм системасынын оператору же төлөм уюмунун лицензиясы) эсептешүү көрсөткүчүнүн үч өлчөмүн түзөт (300 сом).