Кайта келүү

 

Улуттук банк Башкармасынын  

2017-жылдын «31» майында 

№ 21/13 токтомуна карата тиркеме 

 

«Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктардын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө» 

ЖОБО 

 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 26-февралындагы №2020-П-12/8-7-(НПА), 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА), 2023-жылдын 20-декабрындагы № 2023-П-12/80-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

 

1-глава. Жалпы жоболор 

 

1. Бул жободо ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктар (мындан ары текст боюнча - ислам банкы), «ислам терезесине» ээ банктар жана банктык топтун башкы компаниясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына (мындан ары Улуттук банк) сунушталуучу финансылык отчеттордун курамы, мазмуну жана аларды түзүү, ошондой эле сунуштоо эрежелери аныкталган. 

Банктык топтун финансылык отчету банктык топтун башкы компаниясы тарабынан консолидацияланган негизде сунушталат (мындан ары - банктык топтун консолидацияланган финансылык отчету). 

Бул жобонун талаптары башкы компанияларга Кыргыз Республикасынын резиденттерине таркатылат.  

2. Ислам банкынын финансылык отчетунда отчеттук мезгил ичиндеги финансылык абал жана иш жыйынтыгы чагылдырылат. 

3. Финансылык отчетто ислам банкынын айкын финансылык абалы чагылдырылууга жана ал Ислам финансылык институттары үчүн бухгалтердик эсеп жана аудит уюмунун (мындан ары текст боюнча - AAOIFI) стандарттарына ылайык келүүгө тийиш, ал эми белгилүү бир стандарттар жок учурда, эгерде алар AAOIFI тарабынан бекитилген Шариат стандарттарына каршы келбесе, банк ФОЭС стандарттарын колдонушу мүмкүн. 

«Ислам терезесине» ээ банктын финансылык отчету ушул Жобонун 11-главасына ылайык сунушталат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 26-февралындагы №2020-П-12/8-7-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

4. Ислам банкынын финансылык отчетунун максатынан болуп төмөнкүлөр саналат: 

1) ислам банкынын финансылык абалы, финансылык иш натыйжалары жана акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетторду мезгил-мезгили менен берип туруу аркылуу пайдалануучуларга экономикалык чечимдерди кабыл алууда зарыл болгон так маалыматтарды сунуштоо; 

2) активдер, милдеттенмелер, инвестициялык эсептердеги каражаттар, капитал, кирешелер жана чыгашалар (пайда жана чыгымды кошо алганда) жана акча каражаттарынын жылышы тууралуу маалыматтарды сунуштоо; 

3) ислам банкы тарабынан Шариат принциптери сакталып жаткандыгы, ошондой эле, эгерде болгон болсо, Шариат стандарттарына ылайык келбеген операциялар боюнча алынган пайда жана чыгымдын пайдаланылышына (тескөөгө алынышына) тиешелүү маалыматтарды кошо алганда, ислам банкы мындай принциптерди сактоо үчүн көргөн чаралары жөнүндө маалыматтарды сунуштоо. 

5. Ислам банкынын Директорлор кеңеши жана Шариат кеңеши тарабынан бекитилген эсепке алуу саясатынын курамында Ислам банкынын финансылык отчетторду түзүү тартиби камтылууга тийиш. 

Эгерде банктык топтун катышуучусу банктык топтун ушундай эле шарттарда ушул сыяктуу операциялар жана жагдайлар боюнча консолидацияланган финансылык отчетту түзүү үчүн кабыл алынган эсепке алуу саясатынан айырмаланган эсепке алуу саясатын колдонсо, консолидацияланган финансылык отчетту даярдоо процессинде анын финансылык отчету тиешелүү деңгээлде өзгөрөт

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 20-декабрындагы №2023-П-12/80-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

6. Убактылуу администрация режиминде турган ислам банкы да финансылык отчетту ушул жобонун талаптарына ылайык сунуштайт. 

6-1. Банктын жетекчилиги банктын финансылык отчетунун өз убагында жана анык даярдалышын жана Улуттук банкка белгиленген мөөнөттө берилишин камсыз кылууга тийиш. Банктар тарабынан финансылык отчет берүү тартиби жана мөөнөтү бузулса, анык эмес маалымат берилсе, ошондой эле отчетторду жарыялоодо мыйзамда белгиленген талаптар сакталбаса, банкка жана анын жетекчилигине карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган таасир этүү чаралары колдонулат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 20-декабрындагы №2023-П-12/80-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

 

2-глава. Финансылык отчеттун түзүмүнө жана мазмунуна карата жалпы талаптар 

(Главанын аталышы КР Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 20-декабрындагы №2023-П-12/80-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

7. Финансылык отчетто пайдалануучулар үчүн зарыл болгон бардык маалымат чагылдырылууга, алар толук жана так болууга тийиш. 

8. Ислам банкынын финансылык отчетунда төмөнкү компоненттер камтылат:  

1) мезгилдин бүткөн датасына карата финансылык абал жөнүндө отчет;  

2) мезгил ичиндеги чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет;  

3) мезгил ичиндеги өздүк капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет;  

4) мезгил ичиндеги акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчет;  

5) кард акча каражаттарынын келип чыгуу булагы жана пайдаланылышы жөнүндө отчет; 

6) Шариат кеңешинин корутундусу;  

7) эсепке алуу саясаты жана финансылык отчетко карата эскертүүлөр;  

8) эң баштапкы салыштыруу мезгилинин башталышына карата финансылык абалы тууралуу отчет.  

Финансылык отчетко карата түшүндүрмө кат (чечмелөө) мазмундуу жана түшүнүктүү болууга тийиш, ошондой эле эгерде зарыл болсо, финансылык отчеттун тиешелүү статьяларына шилтеме келтирилүүсү зарыл. Финансылык отчетко тиркелген түшүндүрмө кат (чечмелөө) анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 20-декабрындагы №2023-П-12/80-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

8-1. Банк финансылык отчеттун ар бир компонентин так белгилөөгө тийиш. Финансылык отчетто берилген маалыматты тиешелүү деңгээлде түшүнүү үчүн төмөнкү маалымат камтылуусу зарыл:  

- ислам банкынын толук аталышы жана башка идентификациялык белгилери;  

- бул финансылык отчет өзүнчө ислам банкынын отчету же банктык топтун консолидацияланган отчету болуп саналабы;  

- отчеттук мезгил бүткөн дата же финансылык отчеттун ушул топтомунда камтылган мезгил;  

- финансылык отчетто суммаларды көрсөтүүдөгү валюта жана өлчөө бирдиги. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 20-декабрындагы №2023-П-12/80-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

8-2. Финансылык отчетту түзүүдө банктын жетекчилиги банктын/банктык топтун өз ишин улантуу мүмкүнчүлүгүнө баа берүүгө тийиш. Банкты жоюу же ишин токтотуу болжолдонгон учурларды кошпогондо, банк иш үзгүлтүксүздүгү жөнүндө болжолдоонун негизинде финансылык отчет түзүүгө милдеттүү. Эгерде жетекчилик пикирин жыйынтыктоо процессинде банктын келечекте өз ишин жүргүзүү жөндөмдүүлүгүнө кыйла шек жараткан жагдайларга же шарттарга байланыштуу олуттуу белгисиздик жагдайлар тууралуу кабардар болсо, бул жагдайлар финансылык отчетто (компоненттерде) чечмеленүүгө тийиш.  

Эгерде финансылык отчет иш үзгүлтүксүздүгү жөнүндө болжолдоонун негизинде эмес, башка негизде түзүлсө, бул факт отчеттун негизи жана банк эмне үчүн үзгүлтүксүз иш алып барган болуп саналбай тургандыгынын себеби сыяктуу эле чечмеленүүгө тийиш

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 20-декабрындагы №2023-П-12/80-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

9. Финансылык отчеттун максаттарында ислам банкы үчүн отчеттук мезгил катары календардык жылдын 1-январынан тартып 31-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгы саналат. 

10. Жаңы түзүлгөн ислам банкы үчүн алгачкы отчеттук жыл катары ал мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып 31-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгы эсептелет. 

11. Ал эми 1-октябрдан кийин түзүлгөн ислам банкы үчүн алгачкы отчеттук жыл катары ал мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып кийинки жылдын 31-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгы эсептелет. 

12. Өзгөчө учурларда гана, ислам банкынын отчеттук мезгил аралыгы өзгөрүүгө дуушар болуп, финансылык отчет бир жылдан узагыраак же андан аз мезгил аралыгы үчүн бериле турган болсо, ислам банкы финансылык отчетко карата кошумча төмөнкүлөрдү чечмелеп берүүгө тийиш: 

1) отчеттук мезгилден айырмаланган кыйла узак же кыйла кыска мезгил пайдаланылгандыгы себебин; 

2) финансылык отчетто берилген суммаларды толугу менен салыштыруу мүмкүн эместиги фактысы. 

Эгерде башкы жана туунду компаниянын отчеттук даталары дал келбесе, туунду компания консолидациялоо максатында, башкы компаниянын отчеттук мезгили аяктаган датага кошумча финансылык отчет даярдайт

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 20-декабрындагы №2023-П-12/80-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

13. Ар бир олуттуу статья финансылык отчетто өзүнчө чагылдырылышы зарыл. Анчалык олуттуу болбогон суммалар мүнөзү же багыты боюнча окшош суммаларга топтоштурулууга тийиш. Финансылык отчетту түзүү максатында статьялардын олуттуулугу ислам банкы тарабынан Эсепке алуу саясатында өз алдынча аныкталат жана ал финансылык отчетко карата эскертүүлөрдө чечмеленип берилет. 

14. Финансылык отчеттун мазмуну жана формалары бир отчеттук мезгилден экинчисине карата ырааттуу (ырааттуулук принцибинде) көрсөтүлөт. 

15. Финансылык отчеттордогу статьяларды классификациялоо жана чечмелөөлөр төмөнкү учурларды эске албаганда, бир мезгилден экинчисине карата сакталууга тийиш: 

1) ислам банкынын операцияларынын мүнөзү олуттуу өзгөргөндүгүнөн же алардын финансылык отчету мындай өзгөртүүлөр орун алган жагдайлардын же операциялардын кыйла так берилишине алып келе тургандыгын далилдесе; 

2) өзгөртүүлөрдү киргизүү AAOIFI стандарттарына ылайык талап кылынса. 

16. Эгерде AAOIFI стандарттарында башкаларга уруксат берилбесе же талап кылынбаса, бухгалтердик отчеттун ар бир көрсөткүчү боюнча өткөн отчеттук жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырылып чагылдырылууга тийиш. Салыштыруу үчүн алынган маалыматтар, өтүп жаткан мезгилге карата финансылык отчетту түшүнүү үчүн ылайыктуу болсо, баяндоо жана түшүндүрмө берүү бөлүгүндө камтылышы зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 20-декабрындагы №2023-П-12/80-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

17. Эгерде финансылык отчеттого статьялардын классификациясы өзгөртүлгөн болсо, салыштырма суммалар өтүп жаткан мезгилге салыштырып көрүүнү камсыз кылуу үчүн кайрадан классификацияланууга тийиш. Мындан тышкары, кандай болбосун кайра классификациялоонун мүнөзү, суммасы жана себептери чечмеленип берилүүгө тийиш. Эгерде, салыштырма суммаларды кайра классификациялоо иш жүзүндө максатка ылайыксыз болсо, ислам банкы суммаларды кайра классификациялоодо өзгөртүүлөрдү киргизүү себептерин жана мүнөзүн чечмелеп берүүсү зарыл. 

18. Финансылык отчетко ислам банк Башкармасынын Төрагасы жана башкы бухгалтери кол коюуга, ошондой эле ислам банкынын мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. 

Банктык топтун финансылык абалы жөнүндө маалыматтардын консолидацияланган финансылык отчетто туура жана анык чагылдырылышы банктык топтун башкы компаниясынын директорлор кеңешинин, башкармасынын төрагасы жана башкы бухгалтери тарабынан тастыкталат

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 20-декабрындагы №2023-П-12/80-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

19. КР Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 20-декабрындагы №2023-П-12/80-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту. 

20. КР Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 20-декабрындагы №2023-П-12/80-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту. 

21. Финансылык отчеттогу оңдолгон каталар ислам банк Башкармасынын Төрагасынын жана башкы бухгалтеринин кол тамгалары менен тастыкталат жана ага оңдоолор киргизилген күн көрсөтүлөт. 

22. Ислам банкынын жетекчилиги финансылык отчеттордун даярдалышы жана сунушталышы үчүн жоопкерчилик тартат. 

23. Банктык топтун консолидацияланган финансылык отчетунда анын бардык туунду, караштуу жана байланыштуу компанияларынын финансылык отчету камтылууга тийиш. Мында банктык топтун катышуучулары башкы компанияга сунушталган маалыматтын аныктыгы жана толуктугу үчүн жоопкерчилик тартат. 

24. Банктык топтун консолидацияланган финансылык отчетун түзүүдө башкы компания активдердин, милдеттенмелердин, капиталдын, кирешелердин жана чыгашалардын тиешелүү статьяларын бириктирүү аркылуу башкы жана туунду уюмдардын финансылык отчетторун ар бир сабы боюнча консолидациялайт.  

25. Консолидацияланган отчетто төмөнкү маалыматтар чечмеленүүгө тийиш:  

1) башкы компанияга тике же кыйыр түрдө, туунду компания аркылуу 50% жогору добуш берүү укугу таандык болбогон учурда, башкы жана туунду компаниялар ортосундагы өз ара иш алып баруу мүнөзү;  

2) туунду компаниялар аркылуу тике же кыйыр түрдө объекттин добуш берүү укугунун же потенциалдуу укугунун 50% жогору үлүшүнө ээ болуу аларды контролдоо мүмкүнчүлүгүн бербегендиги себептери; 

3) эгерде туунду компания консолидацияланган финансылык отчетту даярдоодо алынган отчеттук күнү же финансылык отчет мезгили башкы компаниянын отчеттук күнүнөн же финансылык отчеттук мезгилинен айырмаланса:  

- туунду компаниянын финансылык отчеттук күнү;  

- башка отчеттук күн же мезгил аралыгы пайдаланылгандыгы себеби;  

- туунду компаниянын каражаттарды башкы компанияга акчалай төлөнүүчү дивиденддер формасында өткөрүп берүү же болбосо карыздарды же аванстарды төлөө мүмкүнчүлүгүнө белгиленген олуттуу чектөөлөрдүн мазмуну жана көлөмү

- башкы компаниянын туунду компанияга катышуу үлүшүнүн аны контролдоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыроого алып келбеген өзгөрүүнүн, башкы компаниянын ээлик кылуучуларына туура келген капитал өлчөмүнө таасирин чагылдырган таблицаны;  

- башкы компания туунду компанияны контролдоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган шартта AAOIFI стандарттарына ылайык таанылган кирешелер жана чыгашалар (эгер болгон болсо) жөнүндө маалыматты чечмелеп берүүгө тийиш, ал эми белгилүү бир стандарттар жок учурда, алар AAOIFI тарабынан бекитилген Шариат стандарттарына каршы келбесе, банк ФОЭС стандарттарын пайдалана алат, анын ичинде:  

- мурдагы туунду компанияда сакталган инвестицияны контролдоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган күнгө карата адилет нарк боюнча таанылган кирешелердин же чыгашалардын бөлүгүн;  

- анын курамында киреше же чыгаша таанылган чогуу алгандагы киреше жөнүндө консолидацияланган отчеттогу статья (статьялар) (эгерде ал чогуу алгандагы киреше жөнүндө консолидацияланган отчетто өзүнчө сунушталбаса). 

26. Башкы компаниянын консолидацияланган финансылык отчету бирдиктүү экономикалык уюм катары банктык топ тууралуу финансылык маалыматтын сунушталышы үчүн төмөнкүлөрдү ишке ашыруу зарыл:  

- башкы компаниянын ар бир туунду компаниядагы инвестицияларынын баланстык наркын жана үлүшүн алып салуу;  

- отчеттук мезгил ичинде консолидацияланган туунду компаниялардын пайда же чыгымда контролдукка алынбаган катышуу үлүшүн аныктоо (же азчылык үлүшүн);  

- консолидацияланган туунду компаниялардын таза активдериндеги контролдукка алынбаган катышуу үлүшүн (же азчылык үлүшүн) башкы компаниянын анда катышуу үлүшүнөн өзүнчө аныктоо. Таза активдерде контролдукка алынбаган катышуу үлүшү (же азчылык үлүшү) төмөнкүлөрдөн турат:  

- ишкердик бириктирилген алгачкы күнгө карата контролдукка алынбаган катышуу үлүшүнүн (же азчылык үлүшүнүн) өлчөмү;  

- ишкердик бириктирилген учурдан тартып капиталдагы өзгөрүүлөргө контролдукка алынбаган катышуу үлүшү.  

27. Консолидацияланган финансылык отчетту түзүүдө банктык топ ичиндеги активдер, милдеттенмелер, капитал, кирешелер, чыгашалар жана акча агымдары толугу менен алынып салынууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 20-декабрындагы №2023-П-12/80-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

28. Туунду компаниянын финансылык отчетун төмөнкү негиздер боюнча консолидацияланган финансылык отчеттон алып салууга жол берилбейт:  

- туунду компаниянын иши банктык топтун башка катышуучуларынын ишинен айырмаланса;  

- инвестор катары тобокелдүү капиталы, өз ара фонду, трасты менен же түзүмү ушул сыяктуу уюм саналат.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 20-декабрындагы №2023-П-12/80-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

29. КР Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 20-декабрындагы №2023-П-12/80-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту. 

30. Башкы компания менен туунду компаниянын өз ара мамилелердин мүнөзү милдеттүү түрдө ушул тараптар ортосунда операция ишке ашырылгандыгына же ишке ашырылбагандыгына карабастан, финансылык отчетто чечмеленип берилүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 20-декабрындагы №2023-П-12/80-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

31. Эгерде ошол банктын Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан башкы компаниясы консолидацияланган финансылык отчетту Улуттук банктын талаптарына жана AAOIFI стандарттарына ылайык, ал эми белгилүү бир стандарттар жок учурда алар AAOIFI тарабынан бекитилген Шариат стандарттарына каршы келбеген шартта, ФОЭС стандарттарына ылайык түзүп, сунуштаган болсо, банк консолидацияланган финансылык отчетту сунуштоодон бошотулат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 20-декабрындагы №2023-П-12/80-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

32. Банктын ассоциацияланган жана биргелешкен (караштуу жана байланышкан) компанияларга инвестициялары үлүштүк катышуу методу менен чагылдырылат, мында алар сатуу үчүн кармалып калган катары классификацияланган же AAOIFI стандарттарына ылайык бул методду колдонуу зарылдыгынан бошотулган учурлар эске алынбайт, ал эми белгилүү бир стандарттар жок учурда, AAOIFI тарабынан бекитилген Шариат стандарттарына каршы келбесе, ФОЭСке ылайык көрсөтүлөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 20-декабрындагы №2023-П-12/80-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

 

2-1-глава. Күндөлүк болжолдуу баланска карата жалпы талаптар 

(Глава КР Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 20-декабрындагы №2023-П-12/80-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

32-1. Банк күндөлүк болжолдуу баланста төмөнкүлөрдү чагылдырууга тийиш:  

- баланстык эсептер; 

- баланстык эсептердин топтору боюнча жыйынтыктар; 

- баланстык эсептердин класстары боюнча жыйынтыктар; 

- «Бөлүштүрүлбөгөн пайда» бөлүгүндө суммардык киреше, суммардык пайыздык чыгаша жана суммардык операциялык чыгаша; 

- финансылык отчеттун элементтери боюнча жыйынтыктар: капитал, милдеттенмелер жана капитал, ошондой эле банктын активдери боюнча; 

- «айырма» деп аталган контролдоочу тилке, мында актив жана милдеттенменин суммасы жана капитал ортосунда ажырым жоктугун көрсөтөт;  

- кирешелер жана чыгашалар сальдосу. 

32-2. Күндөлүк болжолдуу баланс ушул Жобонун 3-тиркемесинде келтирилген формада берилет. 

Күндөлүк болжолдуу баланстын формасынын аталышын төмөнкүчө көрсөтүү зарыл: «20__-жылдын «___» _________ (кошо алганда) карата күндөлүк болжолдуу баланс». Мында отчеттук күндүн акырына карата датаны көрсөтүү зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 20-декабрындагы №2023-П-12/80-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

 

3-глава. Финансылык абал жөнүндө отчет 

 

33. Финансылык абал жөнүндө отчетто активдер жана милдеттенмелер алардын мүнөзүн эске алуу менен салыштырма ликвиддүүлүгүн чагылдыруучу тартипте берилет (ликвиддүүлүктүн жана төлөө мөөнөтүнүн кемүү деңгээли боюнча). 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 20-декабрындагы №2023-П-12/80-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

34. Финансылык абал жөнүндө отчетто ислам банкынын активдери, анын милдеттенмелери, инвестициялык эсептердеги каражаттар жана капитал камтылууга тийиш. 

35. AAOIFI стандарттарына ылайык талап кылынган же уруксат берилген учурларды эске албаганда, активдер статьясы Финансылык абал жөнүндө отчеттогу милдеттенмелер статьясы менен өз ара чегерилбейт, мындай фактылар эскертүүлөрдө чечмеленип берилүүгө тийиш. Ал эми AAOIFIнин белгилүү бир стандарттары жок учурда, банк AAOIFI тарабынан бекитилген Шариат стандарттарына каршы келбеген ФОЭС стандарттарын колдонууга укуктуу. 

36. Финансылык абал жөнүндө отчетто Улуттук банк, башка банктар, акча рыногу боюнча башка өнөктөштөр жана кредиторлор, кардарлар/өнөктөштөр менен ишке ашырылган операциялар алардын өз ара иш алып баруусу жөнүндө туура түшүнүк берүү максатында чагылдырылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 20-декабрындагы №2023-П-12/80-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

37. Банк финансылык абал жөнүндө отчетто же өздүк капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчетто төмөнкү маалыматты чечмелеп берүүгө тийиш: 

1) акционердик капиталдын ар бир классы үчүн:  

- чыгарууга уруксат берилген акциялардын саны;  

- чыгарылган жана толук төлөнгөн, ошондой эле чыгарылган, бирок толук төлөнбөгөн акциялардын саны;  

- акциялардын номиналдык наркы же номиналдык наркка ээ эмес акцияларды көрсөтүү;  

- бир мезгилдин башына жана акырына карата жүгүртүүдөгү акциялардын саны;  

- тиешелүү класс менен байланыштуу укуктар, артыкчылыктар жана чектөөлөр, анын ичинде дивиденддерди бөлүштүрүүгө чектөөлөр;  

- банк өзү же анын туунду же ассоциацияланган компаниялары тарабынан кармалып турган акциялары;   

- Улуттук банктын талабы боюнча түзүлгөн РППУну эске алуу менен активдердин наркы. 

2) өздүк капитал чегинде ар бир камдын мүнөзүн жана максатын көрсөтүү.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 20-декабрындагы №2023-П-12/80-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

38. Банк финансылык абал жөнүндө отчетто ошол банктын операцияларына ылайык классификацияланган ар бир статьянын андан аркы чакан класстарын чечмелеп берүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 20-декабрындагы №2023-П-12/80-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

39. Финансылык абал жөнүндө отчетто өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерден жана иджара мунтахийя биттамлик келишими боюнча активдерден тышкары, банктарга жана кардарларга/өнөктөштөргө берилген бардык активдер чыгымдарга бааланган резервди эсептен чыгаруу менен көрсөтүлөт. Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдер жана иджара мунтахийя биттамлик келишими боюнча активдер активдердин ушул тобу боюнча түзүлгөн РППУну көрсөтүү менен номинал түрүндө чагылдырылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 20-декабрындагы №2023-П-12/80-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

40. «Финансылык абал жөнүндө отчет» формасынын аталышы «20__-жылдын «__» ___________ (аны кошо алганда) карата Финансылык абал жөнүндө отчет» деп берүү зарыл. Мында айдын, чейректин жана жылдын акыркы күнү көрсөтүлөт. 

41. Финансылык абал жөнүндө отчетто активдер, милдеттенмелер, инвестициялык эсептер жана капитал боюнча аралык жыйынтыктар чагылдырылышы зарыл. 

42. Инвестициялык эсептер жана алардын эквиваленттери боюнча жыйынтык Финансылык абал жөнүндө отчетто ислам банкынын милдеттенмелери менен капитал ортосундагы өзүнчө статья катары берилиши зарыл. 

 

 

 

4-глава. Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет 

 

43. Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчетто ислам банк ишинин натыйжасында алынган кирешелер жана чыгашалар өзгөчөлүгүнө жараша топтоштурулуп, кирешелердин жана чыгашалардын негизги түрлөрүн чагылдырууга тийиш. 

43-1. Банктар кирешелер жана чыгашалар боюнча бардык статьяларды көрсөтүүгө же болбосо төмөнкүлөрдө көрсөтүүгө милдеттүү

а) бир отчетто чогуу алгандагы киреше жөнүндө (бириктирилген отчет); же болбосо 

б) эки өзүнчө отчетто: 

- пайда жана чыгым жөнүндө (пайда жана чыгымдын компоненттерин камтыган) отчетто; 

- пайда жана чыгым көрсөткүчүнөн башталган жана чогуу алгандагы башка кирешенин компоненттери камтылган чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчетто. 

Эгерде отчет экинчи ыкманы колдонуу менен (өзүнчө отчеттордо) берилсе, пайда жана чыгым жөнүндө отчет түздөн-түз чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчетко чейин берилүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 20-декабрындагы №2023-П-12/80-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

43-2. Банк чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчетто мезгил ичиндеги пайданы жана чыгымды бөлүштүрүүгө тиешелүү статьяларды милдеттүү түрдө чечмелеп берүүгө тийиш: 

а) мезгил ичинде төмөнкүлөргө тиешелүү пайда же чыгым: 

- контролдонбогон катышуу үлүшүнө

- башкы компаниянын ээлерине; 

б) мезгил ичинде төмөнкүлөргө тиешелүү суммардык чогуу алгандагы киреше: 

- контролдонбогон катышуу үлүшүнө

- башкы компаниянын ээлерине. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 20-декабрындагы №2023-П-12/80-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

43-3. Эгерде кирешелер жана чыгашалар статьялары олуттуу болуп саналса, банк алардын мүнөзүн жана көлөмүн Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчетто же финансылык отчетко карата эскертүүлөрдө өзүнчө чечмелеп берүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 20-декабрындагы №2023-П-12/80-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

43-4. Банк кирешелер жана чыгашалар статьяларындагы өзгөчө шарттар боюнча статьяларды чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчетто да, пайда жана чыгым жөнүндө өзүнчө отчетто (эгер болсо) да, финансылык отчетко карата эскертүүлөрдө да көрсөтүүсүнө жол берилбейт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 20-декабрындагы №2023-П-12/80-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

43-5. Банк ишинин финансылык натыйжаларын түшүнүү үчүн мындай маалыматтарды берүү маанилүү болуп саналса, банк чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчетто жана пайда жана чыгым жөнүндө өзүнчө отчетто (эгерде сунуштала турган болсо) кошумча статьяларды, бөлүктөрдүн аталыштарын жана аралык суммаларды милдеттүү түрдө көрсөтүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 20-декабрындагы №2023-П-12/80-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

43-6. Банк чогуу алгандагы башка кирешенин ар бир компоненти боюнча пайда салыгынын өлчөмүн, анын ичинде кайра классификациялоо боюнча корректировкаларды чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчетто же болбосо финансылык отчетко карата эскертүүлөрдө чечмелеп берүүгө тийиш. 

Чогуу алгандагы башка кирешенин компоненттерине кирген кайра классификациялоо боюнча корректировкалар да милдеттүү түрдө чечмеленүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 20-декабрындагы №2023-П-12/80-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

44. Төмөнкү учурларды эске албаганда, кирешелер жана чыгашалар статьялары өз ара чегерилбейт: 

- AAOIFIнин стандарттары буга уруксат берсе; же 

- мындай же ушул сыяктуу жагдайлардын натыйжасында келип чыккан пайда, чыгым жана аны коштогон чыгашалар олуттуу болбосо. Мындай суммалар бириктирилип, Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчетто чагылдырылат. 

45. Банк чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчетто кирешелердин мүнөзүнө негизделген классификацияны колдонуу менен кирешелер боюнча талдоону көрсөтүүсү зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 20-декабрындагы №2023-П-12/80-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

45-1. Банк чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчетто кирешелердин мүнөзүнө же болбосо алардын банк ичиндеги багытына негизделген классификацияны колдонуу менен пайда же чыгымда таанылган чыгашалар боюнча талдоону кайсы маалымат так жана кыйла маанилүү экендигине жараша көрсөтүүгө тийиш. Мындай талдоо төмөнкү эки методдун бирин колдонуу менен сунушталат: 

- чыгашалардын мүнөзү боюнча; 

- чыгашалардын багыты же сатуунун өздүк наркы боюнча. 

Чыгашаларды багыты боюнча классификациялаган банк амортизацияга чыгашаларды жана кызматкерлерге сый акы үчүн чыгашаларды кошо алганда, чыгашалардын мүнөзү тууралуу кошумча маалыматты көрсөтүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 20-декабрындагы №2023-П-12/80-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

45-2. Чогуу алгандагы киреше жөнүндө өзүнчө отчетто бир мезгил ичиндеги жалпы чогуу алгандагы киреше боюнча талдоону да көрсөтүү зарыл, ал төмөнкүлөргө тиешелүү:  

а) контролдонбогон катышуу үлүшүнө

б) башкы компаниянын ээлеринин үлүшүнө

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 20-декабрындагы №2023-П-12/80-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

45-3. Чогуу алгандагы жалпы киреше жөнүндө бириктирилген отчетто пайда жана чыгым боюнча ушул сыяктуу талдоону көрсөтүү, ошондой эле акция боюнча пайда жөнүндө маалыматты чечмелөө зарыл. Эгерде эки өзүнчө отчет берилсе, бул маалымат Пайда жана чыгымдар жөнүндө отчетто чечмеленүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 20-декабрындагы №2023-П-12/80-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

46. Ислам банкы Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчетто же финансылык отчетко карата түшүндүрмө тил катта (чечмелөөлөрдө) финансылык отчетто камтылган мезгил аралыгы ичинде жарыяланган же сунушталган акцияларга дивиденддер суммасын көрсөтүүгө тийиш. 

47. «Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчеттун» аталышы «20_-жылдын «__» ___________ (аны кошо алганда) карата Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет» деп берүү зарыл. Мында айдын, чейректин жана жылдын акыркы күнү көрсөтүлөт. 

48. Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчетто ислам банкы жана инвестициялык эсеп ээлеринин капиталдан кирешелери, сарптоолору, алган пайдасы жана чыгымы өз-өзүнчө чечмеленип берилүүгө тийиш: 

1) сатып өткөрүүдөн жана инвестициялардан (каржылоодон) кирешелер; 

2) инвестициялоодон (каржылоодон) сарптоолор жана жоготуулар; 

3) инвестициялардан (каржылоодон) таза пайда (жоготуу); 

4) инвестициялык эсеп ээлеринин мудариб катары ислам банкынын пайдасындагы инвестициялардан (каржылоодон) пайда (чыгым) үлүшү

5) ислам банкынын инвестициялардан (каржылоодон) пайда (жоготуу) үлүшү

6) ислам банкынын мудариб катары чектелбеген инвестицияларынан киреше үлүшү

7) ислам банкынын мудариб катары чектелген инвестициялардан пайда үлүшү

8) эгерде болгон болсо, инвестициялык агент катары ислам банкы үчүн белгиленген төлөм өлчөмү

9) эгерде болгон болсо, Шариат стандарттарына ылайык келбеген операциялардан алынган кирешелер (чыгашалар); 

10) сатып өткөрүүдөн алынган башка кирешелер, сарптоолор, пайда жана чыгымдар; 

11) жалпы жана административдик сарптоолор; 

12) салыктарды төлөөгө чейинки таза пайда (жоготуу); 

13) салыктар (өз-өзүнчө чагылдырылууга тийиш); 

14) таза пайда (жоготуу). 

 

5-глава. Өздүк капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет 

 

49. Ислам банкы Өздүк капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчетту финансылык отчеттун өзүнчө формасы катары берүүгө жана анда төмөнкүлөр чагылдырылууга тийиш: 

1) бир мезгил ичинде алынган суммардык чогуу алгандагы киреше, анда башкы компаниянын ээлерине жана контролдукка алынбаган катышуу үлүшүнө тиешелүү жыйынтык суммалар өз-өзүнчө чагылдырылат; 

2) өздүк капиталдын ар бир компоненти ретроспективдүү пайдалануу же ретроспективдүү кайра эсептөө таасири. Мында, өздүк капиталдын ар бир компонентин суммардык корректировкалоо боюнча маалыматты өз-өзүнчө эсепке алуу саясатында жана каталарды оңдоодон улам келип чыккан өзгөрүүлөр боюнча чечмелөө зарыл; 

3) төлөнгөн капитал, ислам банкы тарабынан Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык түзүлгөн камдар жана ислам банкынын эрки боюнча өз-өзүнчө түзүлгөн камдар жана отчеттук мезгилдин башталышына карата бөлүштүрүлбөгөн пайданы, акчалай түрдө туюндурулган активдерди жана милдеттенмелерди кайра баалоонун натыйжасында келип чыккан пайданын суммасын мүмкүн болсо өз-өзүнчө чагылдыруу; 

4) отчеттук мезгил ичинде ислам банкы тарабынан ишке ашырылган капиталдык өзгөчөлүккө ээ операциялар жана бөлүштүрүүлөр; 

5) отчеттук мезгил ичиндеги таза пайда (чыгым); 

6) отчеттук мезгил ичинде ислам банкы тарабынан Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык түзүлгөн камды арттыруу (кыскартуу). 

7) ээлик кылуучулардын төгүмдөрүн жана аларга каражаттардын бөлүштүрүлүшүн өзүнчө бөлүп көрсөтүп, ээлик кылуучулар менен ишке ашырылган операциялардын суммасы; 

8) мезгилдин башталышына жана акырына карата өздүк капиталдын ар бир компонентинин баланстык наркы ортосунда салыштырып текшерүү, төмөнкүлөр менен шартталган ар бир өзгөрүүнү өзүнчө көрсөтүү менен: 

- пайда же чыгым; 

- чогуу алгандагы кирешенин ар бир статьясы менен; 

- ээлик кылуучулардын төгүмдөрүн, менчик ээлерине төлөөлөрдү жана туунду контролдоону жоготууга алып келбеген компанияларда катышуу үлүштөрүнүн өзгөрүүсүн өзүнчө көрсөтүү менен ээлик кылуучулар менен ишке ашырылган ушул сыяктуу болуп саналган операциялар. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 20-декабрындагы №2023-П-12/80-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

49-1. Банк Өздүк капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчетто же болбосо ага карата эскертүүлөрдө төмөнкүлөрдү чагылдырууга тийиш: 

а) ээлик кылуучулар менен капитал боюнча ишке ашырылган операцияларды чечмелөөгө жана аларга каражаттардын бөлүштүрүлүшүн көрсөтүүгө

б) бир мезгил ичинде ээлик кылуучуларга бөлүштүрүлүүчү катары таанылган дивиденддердин суммасын жана акцияга кайра эсептелген тиешелүү сумманы; 

в) мезгилдин башталышына жана отчеттук датага карата топтолгон пайданын же чыгымдын сальдосу жана бир мезгил ичиндеги өзгөрүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 20-декабрындагы №2023-П-12/80-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

50. Ислам банкынын бөлүштүрүлбөгөн пайдасы жөнүндө отчетунда төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

1) мүмкүн болгон жерде, бир мезгилдин башталышына карата бөлүштүрүлбөгөн пайда акчалай туюндурулган активдерди жана милдеттенмелерди кайра баалоонун натыйжасында келип чыккан суммаларды өз-өзүнчө чечмелеп берүү менен; 

2) отчеттук мезгил ичинде алынган таза пайда (чыгым); 

3) отчеттук мезгил ичинде ислам банкы тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык түзүлгөн камдарына чегерүүлөр; 

4) отчеттук мезгил ичинде акционерлерге берилүүчү суммалар; 

5) мүмкүн болгон жерде, акчалай туюндурулган активдерди жана милдеттенмелерди кайра баалоонун натыйжасында келип чыккан суммаларды өз-өзүнчө чечмелеп берүү менен отчеттук мезгилдин акырына карата бөлүштүрүлбөгөн пайда.  

50-1. «Өздүк капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет» формасынын аталышы төмөнкүчө көрсөтүлүүгө тийиш: «20__ -жылдын «___» _______карата (кошо алганда) өздүк капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет». Мында жылдын, чейректин акырына карата датаны көрсөтүү зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 20-декабрындагы №2023-П-12/80-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

 

6-глава. Акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчет 

 

51. Ислам банкынын акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетто, аларды операциялык, инвестициялык же финансылык ишкердик боюнча классификациялоо менен отчеттук мезгил ичинде акча каражаттарынын жана анын эквиваленттеринин жылышы жөнүндө маалымат чагылдырылууга тийиш. 

51-1. Банк акча каражаттарынын курамын жана акча каражаттарынын эквиваленттерин аныктоого жана аны финансылык отчетто чечмелөөгө тийиш. Мындан тышкары, банк акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетто камтылган суммаларды финансылык абал жөнүндө отчетто берилген ушул сыяктуу статьялар менен салыштырып текшерүүнү көрсөтүүсү зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 20-декабрындагы №2023-П-12/80-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

51-2. Акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетту түзүү үчүн банк банктык операциялардын түрлөрүн аныктоого тийиш, алар төмөнкүлөргө алып келет:  

- операциялык иштин натыйжасында акча каражаттарынын жылышына; 

- инвестициялык иштин натыйжасында акча каражаттарынын жылышына; 

- финансылык иштин натыйжасында акча каражаттарынын жылышына. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 20-декабрындагы №2023-П-12/80-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

51-3. Банк тике же кыйыр методду колдонуу менен операциялык иштин натыйжасында акча каражаттарынын жылышын көрсөтүшү мүмкүн.  

Банктарга Акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетту сунуштоо үчүн, акча каражаттарынын келечектеги агымдарын баалоо үчүн зарыл маалыматты камсыз кылуучу метод катары тике методду колдонуу тууралуу сунуш-көрсөтмө берилет

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 20-декабрындагы №2023-П-12/80-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

51-4. Банкка операциялык, инвестициялык же финансылык иштен акча каражаттарынын жылышын отчетто нетто-метод түрүндө же дүң акчалай түшүүлөр жана төлөмдөр түрүндө берүү сунушталат

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 20-декабрындагы №2023-П-12/80-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

51-5. Акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетто төмөнкүлөргө байланыштуу акча каражаттарынын жылышы өзүнчө чечмеленүүгө тийиш:  

а) төлөнгөн же алынган пайыздарга жана дивиденддерге; 

б) пайда салыгына байланыштуу түшүүлөргө

в) туунду, ассоциацияланган жана биргелешкен компанияларга инвестицияларга; 

г) туунду компанияларды жана башка түзүмдүк бөлүмдөрдү сатып алуусуна жана сатуусуна. 

Ар бир мындай түшүү же төлөм AAOIFI стандартынын талаптарына ылайык классификацияланууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 20-декабрындагы №2023-П-12/80-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

51-6. Ишке ашырууда акча каражаттарын жана алардын эквивалентин колдонуу талап кылынбаган инвестициялык жана финансылык операциялар финансылык отчетко карата эскертүүлөрдө ошол инвестициялык же финансылык ишке тиешелүү бардык маалымат камтылгандай негизде берилүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 20-декабрындагы №2023-П-12/80-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

52. Акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетто нак акчанын жана бир мезгилдин баш жагына жана акырына карата акча наркына теңештирилген каражаттардын таза көбөйүүсү (кыскаруусу) чагылдырылууга тийиш. 

53. Акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетто транзакциялар жана төлөөлөрдү талап кылбаган же акча каражаттарынын же болбосо нак акчага теңештирилген каражаттардын (мисалы, акционерлер ортосунда бөлүштүрүү үчүн каралган дивиденддер же ислам банкынын акцияларындагы үлүштүн ордуна активдерди сатып алуулар) түшүүсүн шарттабаган башка чегерүүлөр чагылдырылууга тийиш. 

54. Акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетко карата Ислам банкынын акча каражаттарынын компоненттерине жана аларга теңештирилген каражаттарга карата саясаты кошо тиркелүүгө тийиш, ал Акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетту даярдоо үчүн негиз катары колдонулат. 

54-1. «Акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчет» формасынын аталышын төмөнкүчө берүү зарыл: «20__-ж. «___» __________ (кошо алганда) карата акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчет». Мында жылдын, чейректин акырына карата датаны көрсөтүү зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 20-декабрындагы №2023-П-12/80-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

 

7-глава. Кард акча каражаттарынын келип чыгуу булактары жана алардын пайдаланылышы жөнүндө отчет 

 

55. Кард акча каражаттарынын келип чыгуу булактары жана алардын пайдаланылышы жөнүндө отчет ушул Жобого карата 1-тиркемеге ылайык түзүлөт жана жылдык финансылык отчеттун курамында сунушталат. 

 

8-глава. Шариат кеңешинин корутундусу 

 

56. Шариат кеңешинин корутундусунда отчеттук мезгил ичинде операциялар шариат принциптерине ылайык жүргүзүлгөндүгүн тастыктаган маалымат камтылууга тийиш. 

57. Шариат кеңешинин корутундусу ушул Жобого карата 2-тиркемеге ылайык түзүлөт жана жылдык финансылык отчеттун курамында сунушталат. 

 

9-глава. Эсепке алуу саясаты жана финансылык отчетко карата эскертүүлөр 

 

58. Ислам банкынын Финансылык отчетуна карата эскертүүлөрдө жарыяланган финансылык отчеттордо келтирилбеген төмөнкү маалымат чечмеленип берилүүгө тийиш: 

1) ислам банкынын аталышы; 

2) ислам банкы каттоодон өткөн өлкө

3) ислам банкы уюштурулган күн жана анын уюштуруу-укуктук формасы; 

4) ислам банкынын башкы офиси жана анын ар бир өлкөдө иш алып барган туунду компаниялары жайгашкан жер; 

5) ислам банкынын иш багыты жана уставда каралган негизги банктык кызмат көрсөтүүлөрү

6) алардын финансылык отчеттору ислам банкынын отчетторуна дал келбеген ислам банкынын туунду компанияларынын аталышы, алар каттоодон өткөн өлкө, ислам банкынын ар бир туунду уюмунун ишинде катышуу үлүшү, алардын иш өзгөчөлүгү жана финансылык отчетторун ислам банкынын жыйынтыкталган финансылык отчетторунан алып салуу себептери; 

7) ислам банкынын башкаруу компаниясынын, ошондой эле болгон болсо, алардын филиалдарынын аталыштары; 

8) Шариат кеңешинин ислам банкынын ишиндеги ролу жана анын ыйгарым укуктары; 

9) ислам банкы жана анын филиалдары каттоодон өткөн өлкөнүн жана башка өлкөлөрдүн салык алуу эрежелери. Эгерде ислам банкы каттоодон өткөн өлкөдө жана башка өлкөлөрдө жеңилдетилген салыктан пайдаланылса, мындай салык каралган мезгил аралыгын жана аны колдонуунун калган бөлүгүн көрсөтүү зарыл. 

10) банктын туруктуу жайгашкан орду жана юридикалык формасы, анын юридикалык дареги (эгерде юридикалык дарегинен айырмаланса, негизги иш жүргүзгөн орду) тууралуу маалымат; 

11) мезгилдин акырында кызматкерлердин саны жана отчеттук мезгил ичиндеги кызматкерлердин тизме боюнча орточо саны. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 20-декабрындагы №2023-П-12/80-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

58-1. Банктын финансылык отчетуна карата тиркемелерде: 

а) финансылык отчетту жана банк тарабынан олуттуу операциялар жана жагдайлар үчүн тандалган жана колдонулган белгилүү бир эсепке алуу саясатын даярдоо принциптери жөнүндө маалымат; 

б) эгерде мындай маалымат финансылык отчеттун кайсыл бир бөлүгүндө көрсөтүлбөсө, AAOIFI стандартына жана Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамына ылайык маалыматты кеңири көрсөтүү

в) финансылык отчеттун өзүндө берилбеген, бирок отчеттун кайсы болбосун сунушталган түрлөрүн түшүнүү үчүн зарыл болгон кошумча маалымат көрсөтүлүүгө тийиш

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 20-декабрындагы №2023-П-12/80-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

58-2. Банк финансылык отчетко карата эскертүүлөрдү колдонуучулардын финансылык отчетту түшүнүүсү үчүн жеңил болгудай жана аны башка банктардын финансылык отчету менен салыштырууга мүмкүндүк бергидей негизде берүүгө тийиш, ага кошо: 

а) колдонулуучу эсепке алуу саясатынын маанилүү аспектилери тууралуу кыскача маалымат; 

б) финансылык абал жөнүндө отчетто, пайда жана чыгым жөнүндө отчетто (эгер болсо), чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчетто, ошондой эле өздүк капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө жана акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчеттордо берилген статьялар боюнча кошумча маалыматты тиешелүү отчеттор жана бул отчеттордогу ар бир статья түзүлүүчү тартипте; 

в) маалыматты башка чечмелөөлөр, ага кошо төмөнкүлөр боюнча маалыматты ачып көрсөтүү

- шарттуу милдеттенмелер; 

- финансылык инструменттерге байланыштуу келип чыгуучу тобокелдиктер (кредиттик тобокелдик, ликвиддүүлүк тобокелдиги, рыноктук тобокелдик); 

- пайда жана чыгым аркылуу адилет наркы боюнча баалануучу финансылык активдер жана милдеттенмелер; 

- сатуу үчүн колдо болгон финансылык активдер; 

- амортизацияланган наркы боюнча баалануучу финансылык милдеттенмелер; 

- сатуу үчүн колдо болгон инвестициялар; 

- кредиттер жана дебитордук карыздар; 

- кредиттер боюнча чыгымдар жана дебитордук карыздар; 

- күрөөлүк камсыздоо; 

- күрөө жана банк тарабынан алынган кредитти камсыздоонун башка формалары; 

- «байланышкан» тараптар менен операциялар; 

- хеджирлөөнүн бардык түрлөрү

- финансылык эмес маалымат. 

г) отчеттук мезгилге чейин банк тарабынан чыгарылган жүгүртүүдөгү бардык баалуу кагаздар тууралуу маалымат; 

- отчеттук мезгил ичинде банк тарабынан чыгарылган бардык баалуу кагаздар жөнүндө маалымат; 

- банк акционерлеринин (катышуучулардын) жалпы саны тууралуу маалымат; 

- 2-тиркемеде көрсөтүлгөн формалар боюнча бардык ири акционерлердин жана контролдук акциялар топтомуна ээлик кылуучу акционерлердин тизмеси жана алардын банк акцияларындагы үлүшү

- банктын ар бир кызмат адамы тууралуу маалымат;  

- отчеттук мезгил ичинде колдонулган же өзгөргөн тажрыйба тууралуу кыскача маалыматты кошо алганда, эмитенттин корпоративдик башкаруу тажрыйбасы тууралуу кыскача маалымат; 

- жетекчинин отчеттук мезгил ичинде банктын иши жана финансылык натыйжалары жөнүндө отчету, анын ичинде директорлор кеңешинин мүчөлөрү билдирген кайсы болбосун башка пикирлер; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актыларда каралган башка маалымат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 20-декабрындагы №2023-П-12/80-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

58-3. Консолидацияланган финансылык отчетко карата эскертүүлөрдө төмөнкүлөрдү да көрсөтүү зарыл: 

- 3-тиркемеде көрсөтүлгөн схема боюнча банктык топтун катышуучуларынын түзүмү жана өз ара байланышы жөнүндө маалымат; 

- башкы компаниянын байкоо органынын мүчөлөрү жөнүндө маалымат; 

- ири тобокелдиктер жөнүндө маалымат; 

- катышуучулардан алыеган отчеттордун негизинде башка тобокелдиктердин концентрацияланышы тууралуу маалымат; 

- сегменттер боюнча маалымат жана сегмент боюнча тиешелүү талдоо; 

- банктык топтун бөлүнүп чыккан катышуучулары (компанияны топтон бөлүү) тууралуу маалымат; 

- «байланышкан» тараптар менен операциялар жөнүндө маалымат; 

- банктык топтун бардык катышуучулары жөнүндө маалымат (бардык туунду, караштуу жана байланыштуу компаниялары, анын ичинде аталышы, ээлик кылуу пайызы, ар бир туунду, караштуу же байланыштуу компания тартылган иштин түрү же түрлөрү); 

- башкы компаниянын менчигинин түзүмү, ошондой эле туунду, караштуу жана байланыштуу компаниялардын менчигинин түзүмү боюнча маалымат; 

- башкы компаниянын ээлеринин туунду, караштуу жана байланыштуу компаниялар менен ишке ашырылган бардык операциялары тууралуу маалымат, ошондой эле башкы компаниянын туунду, караштуу жана байланыштуу компаниялар менен байланышы; 

- ушул Жобонун 68-пунктунун г) пунктчасында көрсөтүлгөн маалымат

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 20-декабрындагы №2023-П-12/80-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

59. Финансылык отчетко карата эскертүүлөр системага салынган түрдө чагылдырылууга тийиш. Финансылык абал жөнүндө отчеттун, Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчеттун жана Акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчеттун ар бир статьясы боюнча аларга тиешелүү кандай болбосун маалыматтарга шилтемелер келтирилүүгө тийиш. 

60. Ислам банкынын финансылык отчетуна карата эскертүүлөрдөгү эсепке алуу саясатынын бөлүгүндө төмөнкүлөр каралууга тийиш: 

1) эсепке алуу саясатынын аныктамасы, анда ислам банкы тарабынан финансылык отчетторду даярдоо жана жарыялоо үчүн эсепке алуу принциптери, негиздемелер, эрежелер жана ыкмалар камтылат; 

2) финансылык отчетторду даярдоодо жана жарыялоодо колдонулган так жана кыскача баяндалган эсепке алуу саясаты; 

3) финансылык отчетко карата түшүндүрмөлөрдө бухгалтердик эсепке алуунун негизги принциптерин чагылдыруу ыкмалары; 

4) буга чейин белгилүү бир транзакциялар менен жагдайларды жөнөкөй транзакциялар жана жагдайлар менен салыштырып көрүүдө айкын айырмачылыктын келип чыгышынан улам жаңы эсепке алуу саясатын кабыл алуу; 

5) алгач ирет келип чыккан же буга чейин орун алган, бирок олуттуу мааниге ээ болбогон транзакциялардан же окуялардан улам жаңы эсепке алуу саясатын кабыл алуу; 

6) өткөн мезгилдеги финансылык отчеттордун статьяларын классификациялоого салыштырганда, өтүп жаткан мезгилге карата финансылык отчеттордун пункттарын классификациясындагы өзгөрүүлөр; 

7) инвестициялык эсеп ээлери менен мудариб же өз акча каражаттары менен инвестицияларга катышкан же катышпаган инвестициялык менеджер катары ислам банкы ортосунда инвестициялардан (каржылоодон) түшкөн пайданы (чыгымды) бөлүштүрүү үчүн ислам банкы тарабынан колдонулган ыкмалардын чагылдырылышы. 

61. Эсепке алуу саясатында өзгөрүүлөр, анын ичинде өтүп жаткан же мурдагы мезгилдерде финансылык көрсөткүчтөргө таасирин тийгизбеген, бирок келечекте таасирин тийгизиши мүмкүн болгон өзгөрүүлөр чагылдырылууга тийиш. 

62. Эсепке алуу саясатына өзгөртүүлөрдү киргизүүдө жаңы саясат ретроспективдүү колдонулат, башкача айтканда ислам банкы алардын канчалык деңгээлде жүзөгө ашырылышына жараша акыркы мезгил үчүн финансылык отчетторду түзүү аркылуу өткөн мезгилдер үчүн салыштырма маалыматтарга карата колдонууга тийиш. 

63. Эгерде ага жол берилген болсо, өткөн мезгил үчүн финансылык отчеттордо табылган каталар, ката табылган бардык мезгил үчүн финансылык отчетторду жаңыдан түзүү аркылуу оңдолууга тийиш. 

Алгачкы мезгилдин башталышына карата бөлүштүрүлбөгөн пайда, чагылдырылбаган, бирок алардан каталар табылган мезгилдеги каталардын оңдолушунун суммардык таасирин чагылдыруу үчүн корректировкаланууга тийиш. 

64. Кошумча маалыматтар диаграммалардын, аналитикалык таблицалардын, графиктердин, өткөн жана отчеттук мезгил ичиндеги маалыматтардан алынган көчүрмөлөрдүн жардамы менен ишке ашырылышы мүмкүн. 

65. Ислам банкынын финансылык отчетуна карата түшүндүрмөлөрдө төмөнкү маалыматтар камтылышы зарыл: 

1) ислам банкынын кызмат адамдары жөнүндө

2) ислам банкына тике же кыйыр түрдө ээлик кылууну же анын ишин тескөөнү жүзөгө ашырган кайсыл болбосун жеке адам же юридикалык жактар жөнүндө

3) ислам банкынын туунду жана/же караштуу компаниялары жана башка филиалдары жөнүндө маалыматтар; 

4) эсептөө ыкмасын жана алуучуларды көрсөтүү менен отчеттук мезгил ичинде AAOIFI стандарттарына ылайык түзүлгөн зекет фондусунун каражаттарын топтоо булактары жана алардын пайдаланылышы тууралуу маалыматтар, эгерде болгон болсо. 

66. Финансылык отчеттуулукка карата эскертүүлөрдө өзүндө  кредиттик тобокелдикти  камтыган  активдер, номиналдык суммасын көрсөтүү менен банктарга жана кардарларга/өнөктөштөргө сунушталган иджара мунтахийя биттамлик,   банк тарабынан сунушталган, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдер,  алар боюнча түзүлгөн РППУ өлчөмү, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин наркына тиешелүү маалыматтар милдеттүү түрдө чечмеленип көрсөтүлүүгө тийиш. Мында, түзүлгөн РППУ өлчөмү Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык чагылдырылууга тийиш. 

Финансылык отчет жөнүндө отчетко жана Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчетко карата эскертүүлөрдө банктар милдеттүү түрдө отчеттук күнгө карата регулятивдик отчеттун алкагында пайданы/чыгымды чагылдырууга тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 20-декабрындагы №2023-П-12/80-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

 

10-глава. Эң баштапкы салыштырма мезгилдин башталышына карата финансылык абал жөнүндө отчет 

 

67. Эң баштапкы салыштырма мезгилдин башталышына карата финансылык абал жөнүндө отчет банк эсептик саясатты AAOIFI стандарттарына ылайык, ал эми белгилүү бир стандарттар жок учурда, AAOIFI тарабынан бекитилген Шариат стандарттарына каршы келбеген ФОЭС стандарттарына ылайык ретроспективдүү негизде кабыл алган учурда же ретроспективдүү кайра эсептөөлөрдү жүргүзүүдө же болбосо өз финансылык отчетунун статьяларын квалификациялоодо түзүлөт. 

 

11-глава. «Ислам терезесине» ээ банктын отчеттору 

 

68. «Ислам терезесине» ээ банктын финансылык отчету ушул Жободо каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 12-мартындагы №6/2 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө» жобого ылайык сунушталат. 

69. «Ислам терезесине» ээ банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген жана Шариат кеңеши тарабынан жактырылган эсепке алуу саясатында банктын «ислам терезеси» боюнча отчетту түзүү тартибине карата талаптар камтылууга тийиш. Мында, банктын эсепке алуу саясаты банктын жана анын «ислам терезесинин» чарба ишинин өзүнчө эсепке алынышын, анын ичинде капиталдын эсепке алынышын жана пайданын жана чыгымдын эсепке алынышын камсыз кылууга тийиш. 

70. «Ислам терезесине» ээ банк ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар боюнча кошумча (өзүнчө) маалыматты банктын финансылык отчетуна карата тиркеме түрүндө түзүүгө жана сунуштоого тийиш, анда төмөнкүлөр камтылышы зарыл: 

1) «ислам терезесинин» абалы жөнүндө отчет; 

2) «ислам терезесинин» чогуу алгандагы кирешеси жөнүндө отчет; 

3) «ислам терезесинин» акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчет; 

4) ушул Жобонун 7-главасына ылайык кард акча каражаттарын топтоо булактары жана алардын пайдаланылышы жөнүндө отчет; 

5) ушул Жобонун 8-главасына ылайык Шариат кеңешинин корутундусу; 

6) ушул Жобонун 9-главасына ылайык эсепке алуу саясаты жана финансылык отчетко карата эскертүүлөр. 

 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 26-февралындагы №2020-П-12/8-7-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

12-глава. Финансылык отчетту сунуштоо жана жарыялоо  

тартиби, мөөнөттөрү 

 

71. Банктар тарабынан күнүмдүк, айлык жана чейректик отчетту сунуштоо тартиби, мөөнөтү, ошондой эле финансылык отчетту жарыялоо Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө» жободо белгиленген мөөнөттө жана тартипте ишке ашырылат. 

 

13-глава. Корутунду жоболор 

 

72. Финансылык отчетто сунушталган финансылык отчеттордун, эсепке алуу документтеринин жана башка маалыматтардын аныктыгы, толуктугу жана сакталышы үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык банк Башкармасынын төрагасына жүктөлөт. Банктын башкы бухгалтери финансылык отчеттордо бухгалтердик операциялардын жана жагдайлардын туура чагылдырылышы, бухгалтердик эсепке алуу регистрлеринин жана финансылык отчеттордун талапка ылайык сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат.  

73. AAOIFIге өзгөртүүлөр жана толуктоолор колдонууга киргизилген учурда жана алар жарыяланган шартта, алар банк тарабынан ушул Жобого карата толуктоо катары пайдаланылууга тийиш.  

 

«Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктардын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө» жобого карата 1-тиркеме 

 

20_____-жылдын __________карата кард акча каражаттарынын келип чыгуу булактары жана алардын пайдаланылышы жөнүндө отчет 

________________________________________________________________________ 

(банктын аталышы жана жайгашкан орду) 

 

 

Аталышы 

Отчеттук мезгил катары 20XX-ж. 

Өткөн мезгил катары 20YY-ж. 

 

Баштапкы сальдо  

 

 

Кард 

 

 

Кард сунуштоо үчүн жеткиликтүү акча каражаттары 

 

 

 

Кард каражаттарын алуу булактары 

 

 

Күндөлүк эсептерден каражаттарды бөлүштүрүү  

 

 

Шариат стандарттарына ылайык келбеген кирешелерди бөлүштүрүү 

 

 

Банк ишинен тышкары алынган каражаттар 

 

 

Жыл ичинде каражат булактарынан түптөлгөн жыйынтык сумма 

 

 

 

Кард каражаттарын пайдалануу 

 

 

Билим берүү максаттарына кард  

 

 

Чакан бизнес үчүн кард 

 

 

Күндөлүк эсептер боюнча эсептешүүлөр  

 

 

10 

Жыл ичинде пайдаланылган каражаттардын жыйынтык суммасы 

 

 

 

Жыл акырына карата сальдо  

 

 

11 

Кард 

 

 

12 

Кард сунуштоо үчүн жеткиликтүү акча каражаттары 

 

 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 2022-П-12/70-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

Башкарманын Төрагасы (Жетекчи) 

___________________________________________ 

(Аты-жөнү, кол тамгасы) 

  

 

Башкы бухгалтер  

___________________________________________ 

  

(Аты-жөнү, кол тамгасы) 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

«Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктардын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө» жобого карата 2-тиркеме 

 

Шариат Кеңешинин корутундусу  

(үлгү

 

Биз, (аты-жөнү) ...., (аты-жөнү) ..., банкка (банктын/«ислам терезесинин» алкагында ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктын аталышы көрсөтүлөт) келишимге ылайык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган Шариат кеңешинин мүчөлөрү, Шариат кеңешинин мүчөлөрүнүн атынан  банктын (банктын/«ислам терезесинин» алкагында ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктын аталышы көрсөтүлөт) операциялары _____ жыл ичинде Шариат стандарттарына ылайык ишке ашырылгандыгын тастыктайбыз.   

  

Шариат кеңешинин атынан:  

  

(аты-жөнү) _________________________  

  

(аты-жөнү) _________________________   

…………………………………………. 

Бишкек ш.  

 

үнү)» 

 

 

«Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык  

операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык  

банктар финансылык отчетторду түзүүсүнө карата 

талаптар жөнүндө» жобого карата 3-тиркеме 

ХХХХ-жылдын «____» __________ карата 

КҮНДӨЛҮК БОЛЖОЛДУУ БАЛАНС. 

_______________________________________________ (Банктын аталышы жана анын жайгашкан орду) 

Өлчөө бирдиги: сом. 

Эсептин N  

Эсептин аталышы  

Күндүн башына карата калдык  

Жүгүртүү  

Күндүн акырына карата калдык  

Дебет боюнча 

Кредит боюнча 

Класс 1. Активдер 

10000 топ. Акча каражаттары 

N ... эсеп 

N ... эсеп 

 

... 

Жыйынтыгында 

  

Топ ... 

N ... эсеп 

N ... эсеп 

... 

Жыйынтыгында 

  

11500 топ. Башка активдер 

N ... эсеп 

N ... эсеп 

... 

Жыйынтыгында: 

Бардыгы болуп активдер ___________________________________________________ 

Класс 2. Милдеттенмелер 

20000 топ. Талап боюнча төлөнүүчү депозиттер 

N ... эсеп 

N ... эсеп 

... 

Жыйынтыгында: 

  

Топ ... 

N ... эсеп 

N ... эсеп 

... 

Жыйынтыгында: 

  

21100 топ. Башка милдеттенмелер 

  

N ... эсеп 

N ... эсеп 

... 

Жыйынтыгында: 

Бардыгы болуп милдеттенмелер _____________________________________________ 

Класс 4. Капитал 

40000 топ. Капиталдын эсеби 

  

N ... эсеп 

N ... эсеп 

... 

Жыйынтыгында: 

  

Топ ... 

  

N ... эсеп 

N ... эсеп 

... 

Жыйынтыгында: 

40100 топ. Резервдер 

N ... эсеп 

N ... эсеп 

... 

Жыйынтыгында: 

  

40200 топ. Бөлүштүрүлбөгөн пайда  

N ... эсеп 

N ... эсеп 

... 

Жыйынтыгында: 

  

60000 Суммардык киреше 

70000 Суммардык пайыздык чыгаша 

80000 Суммардык операциялык чыгаша 

  

Жыйынтыгында: 

  

40300 топ. Сатылып алынган өздүк акциялар 

N ... эсеп 

N ... эсеп 

... 

Жыйынтыгында: 

  

Бардыгы болуп капитал ___________________________________________________ 

Бардыгы болуп милдеттенмелер жана капитал ________________________________ 

Баланс 

Бардыгы болуп активдер ___________________________________________________ 

Бардыгы болуп милдеттенмелер жана капитал _________________________________ 

Айырмасы __________________________________________________________ 

Класс 6. Кирешелер 

60000 топ Карыздык милдеттенмелер боюнча пайыздык киреше  

N ... эсеп 

N ... эсеп 

... 

Жыйынтыгында: 

  

... топ  

N ... эсеп 

N ... эсеп 

... 

Жыйынтыгында: 

  

61000 топ. Башка кирешелер 

N ... эсеп 

N ... эсеп 

... 

Жыйынтыгында: 

  

60000 Суммардык киреше Бардыгы болуп: ____________________________________ 

Класс 7. Пайыздык чыгашалар 

70000 топ. Депозиттер боюнча пайыздык чыгашалар  

N ... эсеп 

N ... эсеп 

...  

Жыйынтыгында: 

  

70600 топ. Башка пайыздык чыгашалар  

N ... эсеп 

N ... эсеп 

... 

Жыйынтыгында: 

  

Суммардык пайыздык чыгаша Бардыгы болуп: _______________________________ 

Класс 8. Операциялык чыгашалар  

80000 топ. Персоналды күтүүгө кеткен чыгашалар 

N ... эсеп 

N ... эсеп 

... 

Бардыгы: 

  

80900 топ. Күтүлбөгөн кирешелер жана чыгашалар  

N ... эсеп 

N ... эсеп 

... 

Жыйынтыгында: 

  

Суммардык операциялык чыгаша Бардыгы болуп: _____________________________ 

Кирешелердин жана чыгашалардын сальдосу  

Бардыгы болуп: ________________________________________________ 

_____________________ ___________________ банк Башкармасынын төрагасы  

___________________________________ банктын башкы бухгалтери 

 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 20-декабрындагы №2023-П-12/80-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

 

 

 

«Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык  

операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык  

банктар финансылык отчетторду түзүүсүнө 

талаптар жөнүндө» жобого карата 

4-тиркеме 

Банктын башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерге олуттуу (тике же кыйыр) таасирин тийгизүүчү жактардын (адамдардын) 

ТИЗМЕСИ 

Банктын фирмалык толук аталышы: ________________________ 

Банктын фирмалык кыскартылган аталышы: ________________________ 

Банктын каттоодон өткөн номери: ________________________ 

Банктын почталык дареги: ________________________ 

Банктын 5 же андан ашык пайыздагы (%) акцияларга ээлик кылган акционерлери (катышуучулары) 

Банктын башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерине кыйыр түрдө (үчүнчү жак аркылуу) олуттуу таасирин тийгизүүчү жак 

Банктын акционерлери (катышуучулары) менен банктын башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерге кыйыр түрдө (үчүнчү жак аркылуу) олуттуу таасирин тийгизүүчү жактын ортосундагы өз ара байланыштар 

N п/п 

Юридикалык жана айкын дарегин көрсөтүү менен юридикалык жактын фирмалык толук жана кыскартылган аталышы/жарандыгын көрсөтүү менен жеке адамдын аты-жөнү 

Банктын акционерге (катышуучуга) тиешелүү акциялары (үлүшү) (банктын добуш берүүчү акцияларынын (үлүшүнүн) жалпы санына карата добуштардын пайызы) 

  

  

  

  

  

Банк Башкармасынын төрагасы Аты-жөнү (кол тамгасы)  

Банктык топтун башкы компаниясынын башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерге олуттуу (тике же кыйыр) таасирин тийгизүүчү жактардын (адамдардын) 

ТИЗМЕСИ 

Башкы компаниянын фирмалык толук аталышы: _________________________ 

Башкы компаниянын фирмалык кыскартылып аталышы: __________________ 

Башкы компаниянын каттоодон өткөн номери: __________________________ 

Башкы компаниянын почталык дареги: _________________________________  

Банктын 5 же андан ашык пайыздагы (%) акцияларга ээлик кылган банктык топтун башкы компаниясынын акционерлери (катышуучулары) 

Банктык топтун башкы компаниясынын башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерине кыйыр түрдө (үчүнчү жак аркылуу) олуттуу таасирин тийгизүүчү жак 

Банктык топтун башкы компаниясынын акционерлери (катышуучулары) менен банктык топтун башкы компаниясынын башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерине кыйыр түрдө (үчүнчү жак аркылуу) олуттуу таасирин тийгизүүчү жактын ортосундагы өз ара байланыштар 

N п/п 

Юридикалык жана айкын дарегин көрсөтүү менен юридикалык жактын фирмалык толук жана кыскартылган аталышы/жарандыгын көрсөтүү менен жеке адамдын аты-жөнү  

Банктык топтун башкы компаниясынын акционерине (катышуучусуна) тиешелүү акциялары (үлүшү) (банктык топтун башкы компаниясынын добуш берүүчү акцияларынын (үлүшүнүн) жалпы санына карата добуштардын пайызы) 

  

  

  

  

  

Кызмат орду Аты-жөнү (кол тамгасы)  

Банктык топтун туунду компаниясынын башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерге олуттуу (тике же кыйыр) таасирин тийгизүүчү жактар (адамдар), туунду компаниялар жана анын акционерлери жөнүндө 

МААЛЫМАТ 

Башкы компаниянын фирмалык толук аталышы: _________________________ 

Башкы компаниянын фирмалык кыскартылып аталышы: __________________ 

Башкы компаниянын каттоодон өткөн номери: __________________________ 

Башкы компаниянын почталык дареги: _________________________________  

№ п / п 

Банктык топтун туунду компаниясынын аталышы (юридикалык жана айкын дарегин көрсөтүү менен) 

Банктык топтун туунду компаниясынын аталышы/адамдын аты-жөнү жана акционердин (катышуучунун) үлүштүк катышуусу 

Банктык топтун башкы компаниянын туунду компаниянын уставындагы үлүштүк катышуусу 

Туунду компаниянын компаниянын уставындагы үлүштүк катышуусу 

Башкы компаниянын аталышы/адамдын аты-жөнү жана башкы компаниянын акционеринин (катышуучунун) туунду компаниянын уставдык капиталына үлүштүк катышуусу 

Банктык топтун башкы жана туунду компанияларынын акционерлери (катышуучулары) менен банктык топтун туунду компаниясынын башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерге кыйыр түрдө (үчүнчү жак аркылуу) олуттуу таасирин тийгизүүчү жактын ортосундагы өз ара байланыштар 

  

  

  

  

  

  

  

Кызмат орду Аты-жөнү (кол тамгасы)  

Банктык топтун караштуу компаниясынын башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерге олуттуу (тике же кыйыр) таасирин тийгизүүчү караштуу компаниялары жана алардын акционерлери жана жактар (адамдар) жөнүндө 

МААЛЫМАТ 

Башкы компаниянын фирмалык толук аталышы: _________________________ 

Башкы компаниянын фирмалык кыскартылып аталышы: __________________ 

Башкы компаниянын каттоодон өткөн номери: __________________________ 

Башкы компаниянын почталык дареги: _________________________________  

 

№ п / п 

Банктык караштуу туунду компаниясынын аталышы (юридикалык жана айкын дарегин көрсөтүү менен) 

Банктык топтун караштуу компаниясынын аталышы/адамдын аты-жөнү жана акционердин (катышуучунун) үлүштүк катышуусу 

Банктык топтун башкы компаниясынын караштуу компаниянын уставындагы үлүштүк катышуусу 

Караштуу компаниянын банктык топтун башкы компаниясынын уставындагы үлүштүк катышуусу 

Башкы компаниянын аталышы/жана башкы компаниянын акционеринин (катышуучунун) караштуу компаниянын уставдык капиталына үлүштүк катышуусу 

Банктык топтун башкы жана караштуу компанияларынын акционерлери (катышуучулары) менен банктык топтун туунду компаниясынын башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерге кыйыр түрдө (үчүнчү жак аркылуу) олуттуу таасирин тийгизүүчү жактын ортосундагы өз ара байланыштар 

  

  

  

  

  

  

  

Кызмат орду Аты-жөнү (кол тамгасы) 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 20-декабрындагы №2023-П-12/80-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

 

 

«Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык  

операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык  

банктар финансылык отчетторду түзүүсүнө карата 

талаптар жөнүндө» жобого карата 5-тиркеме  

 

 

Кызмат орду  

Аты-жөнү 

Кол тамгасы 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 20-декабрындагы №2023-П-12/80-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)