Кайта келүү

Жүгүртүүдөгү улуттук валюта банкноттору - теңгени алмаштыруу жөнүндө маалыматтык билдирүү  

 

Казакстан Республикасынын Улуттук банкы 2016-жылдын 3-октябрында 2006-жылы чыгарылган үлгүдөгү 2000, 5000, 10000 теңге номиналындагы банкноттордун жүгүртүүдөн алына тургандыгы жөнүндө маалымдайт. Белгиленген күнгө чейин бул банкноттор мыйзамдуу төлөм каражаты болуп саналат, алар Казакстан Республикасынын бардык аймагында төлөмдөр жана банктык операциялар үчүн чектөөсүз колдонулат.  

Бул банкнотторду алардын жүгүртүү мөөнөтү бүткөн күнгө чейин эле Улуттук банктын бардык филиалдарында алмаштырууга болот. 

  

12 ай ичинде 2016-жылдын 4-октябрынан тартып 2017-жылдын 3-октябрын кошо алганга чейин жогоруда көрсөтүлгөн купюраларды экинчи деңгээлдеги кайсыл болбосун банкта алмаштырууга болот. 

Казакстан Республикасынын Улуттук банкынын бардык филиалдарында 2006-жылы чыгарылган үлгүдөгү 2000, 5000 жана 10000 номиналындагы банкноттор 2020-жылдын 3-октябрына чейин акысыз алмаштырууга кабыл алынат, алмаштыруу үчүн комиссия же төлөм алынбайт.  

Филиал  

Дареги 

Борбордук филиал  

010000, Астана шаары, Бейбитшилик көч. 21 

Алматы шаардык филиалы 

050000, Алматы шаары, Панфилов атын. көч. 98 

Алматы областтык филиалы 

040008, Талдыкорган шаары, М. Толебаев атын. көч. 58/64 

Атырау филиалы 

060002, Атырау шаары, Валиханов атын. көч. 2а 

Актобе филиалы 

030006, Актобе шаары, Асау-Барак көч. 45 

Чыгыш-Казакстан филиалы 

070019, Усть-Каменогорск шаары, Казакстан көч. 3 

Жамбыл филиалы 

080000, Тараз шаары, Казыбек-би көч. 137 

Батыш-Казакстан филиалы 

090000, Уральск шаары, Досмухамедов атын. көч. 16 

Кызылорда филиалы 

120015, Кызылорда шаары, Б. Аскар атын. көч. 30 

Костанай филиалы 

110000, Костанай шаары, Баймагамбетов атын. көч. 195 

Караганда филиалы 

100000, Караганда шаары, Бухар-Жырау көч. 19 

Мангистау филиалы 

130000, Актау шаары, 23 кичи району 

Павлодар филиалы 

140000, Павлодар шаары, Академик Сатпаев атын. көч. 44 

Түндүк-Казакстан филиалы 

150000, Петропавловск шаары, Казакстан Конституциясы көч. 6 

Түштүк-Казакстан филиалы 

160012, Шымкент шаары, Торекулов атын. көч.2 

 

Казакстан Республикасынын Администрациялык укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык банкнотторду кабыл алуудан баш тарткандыгы үчүн чакан ишкердик субъекттерине же коммерциялык эмес уюмдарга беш айлык эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, ал эми орто ишкердик субъекттерине он айлык өлчөмдө жана ири ишкердик субъекттерине 25 айлык эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып салынат.  

Банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашыруучу банктар жана уюмдар банкнотторду кабыл алуудан, алмаштыруудан баш тарткан шартта, аларга эсептик көрсөткүчтүн элүү айлык өлчөмүндө айып салынат. 

Банкнотторду кабыл алуу жана алмаштыруудан баш тарткандыгы тууралуу бардык фактылар жөнүндө Финансы кызматтарын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана тышкы коммуникациялар боюнча башкармалыгына: +7 (727) 2788 058, 2619-234, 2704-585 жана Нак акчалар менен иш алып баруу башкармалыгына +7 (727) 259 68 14 телефондору аркылуу маалымат берсеңиз болот.