Бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук башкармалыгы
Бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук башкармалыгынын негизги милдеттери:
· Бухгалтердик эсепке алуу жана Улуттук банктын бухгалтердик балансында жана отчеттуулуктун башка формаларында операциялардын даана чагылдырылышын жүргүзүү процессин уюштуруу;
· Финансылык отчеттуулуктун эларалык стандартына ылайык Улуттук банктын финансылык отчетторун түзүү;
· Ички көзөмөл системасын уюштуруу жана Улуттук банкта бухгалтердик эсепке алууну методологиялык камсыздоонун үстүнөн иштөөнү уюштуруу.
Белгиленген милдеттерге ылайык Бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук башкармалыгында төмөнкү бөлүмдөр түзүлгөн:
- Финансы рынокторундагы бүтүмдөр боюнча эсептешүүлөр бөлүмү;
- Финансылык отчеттулук жана методологиясы бөлүмү;
- Башкы китепти түзүү бөлүмү;
- Административдик-чарбалык операциялар бөлүмү.