Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун жаңы редакциясынын долбоорун (мындан ары – долбоор) коомдук талкууга сунуштайт.
Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган.
Коммерциялык банктар, төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары долбоор боюнча сунуш-пикирлерин 2018-жылдын 29-июлунан кечиктирбестен жөнөтүүлөрү зарыл.