Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системалары боюнча комитетинин 2024-жылдын 15-апрелиндеги №2024-ЗСД-КОМ-КПС-7/1 токтому менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык электрондук акча ээлерине электрондук акча менен операцияларды жүргүзүүгө, анын ичинде алардын ордун жабууга мүмкүнчүлүк берүү менен коммерциялык банктар аркылуу (кассаларда жана/же аралыкта орнотулган түзүлүштөрдө) накталай же накталай эмес акча каражаттарынын ордуна электрондук акчанын жүгүртүүгө чыгарылышын (эмиссиясын) тесттен өткөрүү максатында, 2024-жылдын 16-апрелинен 28-августуна чейинки мөөнөткө атайын жөнгө салуу режимин түзүү жөнүндө чечим кабыл алды.  

Атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусу болуп, «Система Квикпэй» ЖЧК саналат.