Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  

эсептик ченди 11,00 пайызга чейин төмөндөттү 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2024-жылдын 29-апрелинде эсептик ченди (негизги ченди) 200 базистик пунктка 11,00 пайызга чейин төмөндөтүү чечимин кабыл алды. Чечим 2024-жылдын 30-апрелининен тартып күчүнө кирет

Кыргыз Республикасында инфляциялык процесстер улам алсырап баратат. Жылдык инфляция көрсөткүчү 2024-жылдын апрель айында1 2023-жылдын декабрь айындагы 7,3 пайыздан төмөндөп 5,2 пайызды түзгөн жана акча-кредит саясатынын орто мөөнөткө каралган максаттуу көрсөткүчү 5-7 пайыздын төмөнкү чегине жакын түптөлгөн.  

Инфляция түзүмүндө баалардын кыйла басаңдашы товарлардын азык-түлүк тобунда байкалган (2023-жылдын декабрь айындагы 3,4 пайыздан 2024-жылдын апрель айындагы 1,1 пайызга чейин), ага дүйнөлүк азык-түлүк рынокторунда дагы баалардын төмөндөшү таасирин тийгизген. Азык-түлүктөн башка товарлар менен кызмат көрсөтүүлөргө баалардын өсүш арымы бир калыпта сакталган динамика менен төмөндөгөн.  

Кыргыз Республикасында жогорку экономикалык жигердүүлүк байкалган. Реалдуу ИДӨ өсүшү 2024-жылдын январь март айларынын жыйынтыгы боюнча 8,8 пайызды түзгөн. Экономиканын өсүшүнө негизги салымды мурдагыдай эле кызмат көрсөтүү, курулуш жана кайра иштетүү сектору көрсөткөнү байкалган. Ички керектөө, анын ичинде керектөө кредиттеринин жана өлкөгө акча которуулардын таза агылып кирүүсүнүн өсүшүнүн эсебинен жогору бойдон калган. 

Тышкы экономикалык чөйрөдө белгисиздик жагдайы сакталганына карабастан, тышкы факторлордун интенсивдүү таасир берүүсү төмөндөгөнү байкалат. Алдыңкы өлкөлөрдүн жөнгө салуучулары тарабынан монетардык шарттарды узакка катуу сактоонун жыйынтыгында дүйнөлүк жана регионалдык инфляция акырындык менен төмөндөгөн, бул дүйнөлүк азык-түлүктөргө баалардын төмөндөшү менен биригип тышкы инфляциялык фонду алсыраткан.  

Өлкөнүн банк сектору туруктуулукту сактап, негизги көрсөткүчтөрдүн өсүшүн көрсөтүүдө. Жалпысынан коммерциялык банктар ликвиддүүлүктүн жетиштүү көлөмүнө ээ, бул өлкөнүн реалдуу секторун андан ары кредиттөө үчүн негиз болуп берет. Акча рыногунда кыска мөөнөттүү пайыздык чендердин Улуттук банк тарабынан белгиленген пайыздык чектин чегинде калыптанышы уланууда. Ички валюта рыногу туруктуу. 

2022-жылдын башынан бери Улуттук банк тарабынан жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясаты инфляциялык басым көрсөтүүнүн өсүшүн чектөөгө өбөлгө түзүп, өлкөдө баа динамикасынын туруктуулугун камсыз кыла алды, бул учурдагы инфляцияны орто мөөнөткө каралган максаттуу көрсөткүч чегинде калыптандырууга жана экономикалык чарба субъекттеринин инфляциялык күтүүлөрүн төмөндөтүүгө алып келди. Мындай шарттарда Улуттук банк эсептик ченди 11,00 пайызга чейин төмөндөтүү чечимин кабыл алды. Кабыл алынган чечим өлкөдө баа туруктуулугун сактоого жана макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган, Улуттук банктын жүргүзүп жаткан акча-кредит саясатынын багытына туура келет.  

Улуттук банк инфляциянын түптөлгөн тышкы жана ички факторлоруна баа берүүнү улантат, тышкы чөйрөдө дагы да болсо сакталып турган тобокелдиктерди жана алдыда боло турган мамлекеттик тариф саясатын жакшыртууну эске алуу менен Улуттук банк акча-кредит шарттарын жумшартуу маселесин кылдаттык менен кароону улантат.  

Улуттук банк кандайдыр бир кошумча тобокелдиктер пайда болгон учурда жүргүзүлүп жаткан монетардык саясатка оңдоолорду киргизүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт. 

Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү боюнча кийинки отуруму 2024-жылдын 27-майында өтөт. 

_______________________________________________ 

1 19-апрелге карата