Улуттук банк “Жайлоо бала бакчасы” долбооруна комикстер түрүндө түзүлгөн “Акча алиппесин” тапшырды 

 

Улуттук банк “Жайлоо бала бакчасы” долбооруна “Акча алиппеси” деген финансылык сабаттуулук боюнча көрсөтмө куралынын 1 000 нускасын жана маалыматтык китепчелердин (“Эскилиги жеткен жараксыз болгон банкнотторду алмаштыруунун тартиби”, “Кредит алуучуларга эскертме”, “Төлөм карталары”) 600 нускасын тапшырды. “Акча алиппеси” жана китепчелер Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу долбоорунун багытында Улуттук банк тарабынан иштелип чыккан. 

Маалымат үчүн: 

“Жайлоо бала бакчасы” долбоору “Роза Отунбаеванын демилгеси” аттуу эл аралык фонду тарабынан чабандардын балдарына жай мезгилинде билим берүү үчүн 2013жылы уюштурулган.