Банктык тегерек столдун катышуучулары финансылык сектордун өнүгүшүн талкуулашты 

 

2017-жылдын 17-февралында “Кыргыз банктар бирлиги” юридикалык жактар бирикмеси Улуттук банк, коммерциялык банктар, микрокаржылоо уюмдары жана Кыргыз Республикасында Депозиттерди коргоо агенттиги менен биргеликте салтка айланган банктык тегерек стол маегин өткөрдү

Республиканын финансы секторун өнүктүрүү, башкы банктын жана рынок катышуучуларынын биргелешкен күч-аракети менен алдыга коюлуп жаткан милдеттерди чечүү, учур талабына татыктуу жооп берүү жолдорун аныктоо - аталган иш-чаранын катышуучулары кызуу талкууга алган темадан болду.  

Улуттук банктын башчысы жолугуушуну ачып жатып, финансы рыногунун негизги катышуучулары менен бирге мына ушундай иш-чараны уюштуруу аркылуу Улуттук банк өлкөнүн банк системасын бекемдөөгө өбөлгө түзүп жаткандыгын баса белгиледи, анткени бул бүгүнкү күндө алдыга коюлуп жаткан маанилүү милдеттердин бири. “Салтка айланган тегерек стол маеги эрежедегидей эле, ийгиликтүү өтөт, анткени биз сектордун келечек пландары менен таанышып, ал боюнча өз пикирибизди ортого салып, актуалдуу көкөй кескен көйгөйлүү маселелерди талкуулап, аларды чечүү жолдорун аныктоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз. Демек, банк секторунун өнүгүшүнө алгылыктуу таасир эте алабыз” деп белгиледи Т. Абдыгулов.  

Жолугушуунун жыйынтыгын чыгаруу менен Улуттук банктын башчысы тегерек стол маегинин алкагында банк системасынын келечеги үчүн олуттуу мааниге ээ болгон, банктардын ишинин стратегиялык, концептуалдык багытын аныктаган орчундуу пикир алышууга мүмкүн болгондугун белгиледи. Иш-чаранын жүрүшүндө кабыл алынган биргелешкен чечим резолюцияда чагылдырылат жана ага тараптардын жакын арада кол коюшу пландаштырылууда.