Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы старт алды 

 

Республиканын бардык региондорунда 2017-жылдын 27-мартынан 2-апрелге чейин Дүйнөлүк акча жумалыгы өтөт.  

Балдарга жана жаштарга финансылык билим берүү эл аралык шериктештиги "ChildandYouthFinance" көзөмөлдүгү алдында дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөсүндө өтө турган өкүлчүлүктүү бул иш-чара "Окугула. Жыйым топтогула. Иштеп каражат тапкыла!" урааны астында өтөт. Бул иш чаранын башка мамлекеттерде кандай жүрүп жаткандыгы тууралуу маалыматтар менен (CYFI) Балдар жана жаштардын финансылык билим берүү боюнча эл аралык уюмунун сайтынан, төмөнкү шилтеме аркылуу тааныша аласыздар: http://www.globalmoneyweek.org.

Кыргызстанда бул иш-чара Билим берүү, илим министрлиги, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги, Депозиттерди коргоо агенттиги сыяктуу мамлекеттик органдардын, ошондой эле Өнүгүү саясаты институту, "Кыргыз банктар бирлиги" юридикалык жактар бирикмеси, Микрокаржылоо уюмдар ассоциациясы сыяктуу коомдук уюмдардын көмөктөшүүсү менен Улуттук банктын жетектөөсү алдында өткөрүлөт. Буга ошондой эле Германия эл аралык кызматташуу коому (GIZ), Эл аралык финансылык корпорация (IFC); коммерциялык банктар, финансы, кредиттик жана башка уюмдар жигердүү катышат.  

Калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу кампаниясынын алкагында Дүйнөлүк акча жумалыгынын чегинде ушул мезгил аралыгында республиканын бүтүндөй аймагы боюнча мектеп окуучулары жана жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн атайы окутуу иш-чаралары, эксперттердин көчмө лекциялары, финансы мекемелерине экскурсиялар өтүп, коммерциялык банктарда, мамлекеттик мекемелерде ачык эшик күндөрү, тегерек стол маеги, ар кандай сынактар жана билим берүүгө багытталган кызыктуу иш-чаралар өткөрүлүшү күтүлүүдө.