Улуттук банктын жаңылыктары


Датасы: 28.03.2024
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Жалал-Абад шаарында жайгашкан бир коммерциялык банкка 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 


Датасы: 28.03.2024
Туруктуу шилтеме

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Оптима Банк» ачык акционердик коому тарабынан «Оптима Банк» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна сунушталган Какимова Сауле Муратовнанын талапкерлигине 2024-жылдын 26-мартында макулдук берүү чечимин кабыл алды. 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргызкоммерцбанк» ачык акционердик коому тарабынан «Кыргызкоммерцбанк» ачык акционердик коомунун башкармасынын мүчөсү башкаруучу директор кызмат ордуна сунушталган Бутов Данил Владимировичтин талапкерлигине 2024-жылдын 26-мартында макулдук берүү чечимин кабыл алды. 


Датасы: 27.03.2024
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2023-жылдын 27-мартында № 2024-П-14/13-7-(ПС) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 31-мартындагы № 2023-П-14/21-2-(ПС) «Эсептешүү банкына карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды.  

Токтомдун электрондук версиясы Улуттук банктын www.nbkr.kg расмий интернет-сайтында Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган. 


Датасы: 27.03.2024
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн бир микрокредиттик компаниясына 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 


Датасы: 27.03.2024
Туруктуу шилтеме

2024-жылдын 18-мартынан тартып 20-март күндөрү Глобалдуу акча жумалыгы 2024 иш-чарасынын алкагында, «Акча тапсаң сакта, келечекке пайда» деген ураан менен Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгынын нумизматикалык музейинде Ош шаарындагы Ош мамлекеттик университетинин бизнес жана менеджмент факультетинин студенттерине, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин гуманитардык-табыгий факультетинин студенттерине жана М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин экономика жана башкаруу факультетинин студенттерине ачык эшик күндөрү уюштурулуп «Улуттук валютанын өнүгүү этаптары», «Улуттук валютанын коргоо белгилери», «Кредит» жана «Депозит» деген темалар боюнча лекциялар окулду

Мындан тышкары, Кара-Суу районуна караштуу № 101 К.А.Момбекова атындагы орто мектебинин окуучуларына «Улуттук валютанын коргоо белгилери», «Кредит» жана «Аманат» темалары боюнча атайын көчмө лекциясы уштурулуп өткөрүлдү

 

 

 

 

 


Датасы: 27.03.2024
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Баткен областында жашап жаткан жарандарга жана чарба ишин жүргүзгөн субъекттерге каржылоодон пайдалануу мүмкүндүгүн арттыруу, административдик-аймактык бирдиктерди, анын ичинде 2022-жылдын сентябрь айында Баткен областында куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү үчүн зарыл шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2024-жылдын 20-мартында № 2024-П-12/12-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому (мындан ары токтом) кабыл алынган. 

Токтомго ылайык Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 6-октябрындагы № 2022-П-12/62-2-(НПА) «Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган, коммерциялык банктардын, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдардын кардарларына колдоо көрсөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым чечимдери тууралуу» жана 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 2022-П-12/71-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен областындагы карыз алуучуларга кредиттерди берүү маселелери боюнча айрым убактылуу чечимдери тууралуу» эки токтомунун (мындан ары токтомдор) колдонуу мөөнөттөрү 2024-жылдын 30-сентябрына чейин узартылды. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.  


Датасы: 26.03.2024
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Жалал-Абад областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад областы, Жалал-Абад шаары, Пушкин көчөсү 31, 15-квартира юридикалык дареги боюнча катталган «Эко Сервис» микрокредиттик агенттиги» коомдук фондуна 2024-жылдын 20-мартында № 216 каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк берилди. 


Датасы: 26.03.2024
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Талас областтык башкармалыгынын өкүлдөрү, 2024-жылдын 18-20-мартында Глобалдуу акча жумалыгы иш-чарасынын алкагында, Талас районунун Бакай Таш атындагы орто мектебинин, Манас районунун Покровка орто мектебинин, Айтматов районунун Т. Бабанов атындагы лицейинин жогорку класстарынын окуучуларына көчмө лекция өткөрдү

Лекцияда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ролу жана функциялары, улуттук валютабыз  кыргыз сомунун калыптануу тарыхы, финансылык пландаштыруунун жана калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуунун зарылдыгы жана мааниси, ошондой эле QR-код колдонуу аркылуу төлөм жана акча которууларды өнүктүрүү тууралуу маалымат берилди. 

 

 

 


Датасы: 26.03.2024
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системасы боюнча комитетинин 2024-жылдын 19-мартындагы № 2024-ЗСД-КОМ-КПС-6/1 токтому менен «Грин Телеком Сервис» Жоопкерчилиги чектелген коомунун (мындан ары «ГТС» ЖЧК) атайын жөнгө салуу режиминин алкагында 2022-жылдын 20-октябрынан 2024-жылдын 19-мартына чейин жүргүзүлгөн төмөнкү банктык операциялардын чектелген тизмесинин жүзөгө ашырылышын тесттен өткөрүү ийгиликтүү деп табылды: 

- виртуалдык карталар жана/же кадимки карталар түрүндө «О! Деньги» электрондук капчыгынан пайдалануу мүмкүнчүлүгү каралган төлөм карталарын чыгаруу (эмиссия). 

«ГТС» ЖЧКнын атайын жөнгө салуу режиминин мөөнөтү тесттен өткөн операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү төлөм системалары операторлору/төлөм уюмдары тарабынан сунушталышына тоскоолдуктарды жокко чыгаруучу тиешелүү ченемдик укуктук акт кабыл алганга чейин узартылды. 

«ГТС» ЖЧКнын атайын жөнгө салуу режиминин алкагында банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензиясынын мөөнөтү 2024-жылдын 20-сентябрына чейин узартылды. 

«ГТС» ЖЧК атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусу болуп саналат. 


Датасы: 25.03.2024
Туруктуу шилтеме

Глобалдуу акча жумалыгын өткөрүүнүн алкагында 2024жылдын 20-мартында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Жалал-Абад областтык башкармалыгында Жалал-Абад мамлекеттик университетинин экономика факультетинин студенттери жана окутуучулары үчүн «Акча тапсаң  сакта, келечекке пайда» деген ураан менен финансылык сабаттуулук боюнча лекция өткөрүлдү

Лекциянын жүрүшүндө Улуттук банктын өкүлдөрү студенттерге өлкөнүн башкы банкынын ролу жана функциялары, улуттук валютабыз  кыргыз сомунун калыптануу тарыхы, өнүгүү баскычтары жана анын коргоо белгилери, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын нумизматикалык баалуулуктары, ошондой эле үй-бүлө бюджетин пландаштыруу, акча каражаттарын туура топтоо жана инвестициялоо боюнча маалымат берилди.  

Лекцияга келгендер үчүн Улуттук банк тарабынан чыгарылган коллекциялык нумизматикалык монеталардын көргөзмөсү уюштурулду. 

 

  


Датасы: 25.03.2024
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн, Бишкек шаары, 8-кичи району, № 31 а үйү, 52-квартира дареги боюнча жайгашкан «Эко Лайн сервис» алмашуу бюросу ЖЧКнын накталай чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2022-жылдын 2-декабрындагы №6417 лицензиясы 2024-жылдын 25-мартынан тартып кайтарылып алынды. 


Датасы: 20.03.2024
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок накталай чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүзөгө ашыргандыгы үчүн Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын үч жаранынын ар бирине (С.Т.Ж., И.Ж.О., К.Ж.А.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 


Датасы: 20.03.2024
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2024-жылдын 13-мартында № 2024-П-12/10-3-(БС) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды. 

Токтом ченемдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 14-декабрындагы № 207 «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамына ылайык келтирүү максатында бекитилди. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Ченемдик укуктук акт Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылат. 


Датасы: 18.03.2024
Туруктуу шилтеме

2024-жылдын 18-мартынан тартып 24-март күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында өтө турган «Акча тапсаң сакта, келечекке пайда» деген ураан менен Глобалдуу акча жумалыгы өтөт, анын алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, мамлекеттик органдар, коомдук жана эл аралык уюмдар, коммерциялык банктар жана микрофинансылык уюмдар мектептерде финансылык сабаттуулук боюнча сабактарды, жогорку окуу жайларда лекцияларды жана тренингдерди өткөрөт. 

Мындан тышкары, социалдык тармактарда #GMWKyrgyzstan2024 хештеги менен жайгаштырылган экскурсияларды, коммерциялык банктарда ачык эшик күндөрүн, балдардын сүрөттөрү, видеороликтери боюнча сынактарды жана башка  ар кандай иш-чараларды өткөрүү пландаштырылууда. 

Глобалдуу акча жумалыгы-2024 алкагында өткөрүлүүчү иш-чаралар тууралуу кеңири маалымат Улуттук банктын www.nbkr.kg расмий интернет-сайтында, www.finsabat.kg Финсабат сайтында жана Улуттук банктын социалдык тармактардагы расмий баракчаларында жайгаштырылган. 

Маалымат үчүн: 

Глобалдуу акча жумалыгы (Global Money Week) бул балдардын жана жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу максатында дүйнөнүн жүздөн ашуун өлкөсүндө жыл сайын өткөрүлүүчү кеңири масштабдуу кампания. 

 

Иш-чаралар күндөлүгү шилтемеде.


Датасы: 13.03.2024
Туруктуу шилтеме

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Айыл Банк» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна сунушталган Джаныбеков Аскарбек Сапарбековичтин талапкерлигине 2024-жылдын 12-мартында макулдук берүү чечимин кабыл алды. 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН» ачык акционердик коомунун ички аудит кызматынын начальнигинин орун басары кызмат ордуна сунушталган Ибраимкулов Кыдыкбек Кубатбековичтин талапкерлигине 2024-жылдын 12-мартында макулдук берүү чечимин кабыл алды. 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргызкоммерцбанк» ачык акционердик коомунун башкаруучу директорунун кызмат ордуна сунушталган Атаходжаев Нозим Алиходжаевичтин талапкерлигине 2024-жылдын 12-мартында макулдук берүү чечимин кабыл алды. 


Датасы: 12.03.2024
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн, Бишкек шаары, Кожевенная көчөсү, 74, «Аляска» өтмөгү, 11 соода оруну дареги боюнча жайгашкан «Только наличные» алмашуу бюросу ЖЧКнын накталай чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 6360 лицензиясы 2024-жылдын 12-мартынан тартып кайтарылып алынды. 


Датасы: 12.03.2024
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Ош областы, Кара-Суу району, Кызыл-Кыштак а/а, Андижан айылы, Курманжан Датка көчөсү, № 539 дареги боюнча жайгашкан «Кыргыз Валют» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2022-жылдын 28-июнундагы № 6313 лицензиянын аракети 2024-жылдын 12-мартынан тартып 18-мартын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду. 


Датасы: 11.03.2024
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн 2024-жылдын 11-мартынан тартып Бишкек шаары, Игембердиев көчөсү 1 а, «Аврора» бизнес-борбору, 3-кабат дареги боюнча жайгашкан «Кредит Сервис» МКК» ЖЧКнын 2009-жылдын 9-июлундагы эсептик каттоо тууралуу №226 күбөлүгү кайтарылып алынды. 


Датасы: 07.03.2024
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана мамлекеттик коммерциялык банктарынын башчыларынын Лондондогу (Улуу Британия) иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Кубанычбек Боконтаевдин жетекчилигинин алдында бир катар эки тараптуу жолугушуулар болуп өттү.  

Чет өлкөлүк банктар жана эл аралык финансылык институттар менен кызматташууну тереңдетүү максатында, делегация J.P. Morgan банкынын Африка жана КМШ боюнча башкаруучу директору, сатуу башкармалыгынын жетекчиси Лорен Лалу жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү  банкынын башкаруучу директору Франсис Малиж башында турган өкүлдөр менен жолугушту. 

Тараптар Кыргыз Республикасынын учурдагы экономикалык абалын жана аны өнүктүрүүнүн келечегин, анын ичинде финансы секторунда туруктуулукту сактоо маселелерин талкуулашты, кызматташуунун негизги багыттарын жана корреспонденттик эсептердин тармагын кеңейтүүгө байланыштуу аспектилерди аныкташты. 

Мындан тышкары, жашыл экономика жана туруктуу каржылоо темалары козголду. Жолугушуунун катышуучулары ишке инновациялык жана экологиялык жактан туруктуу мамиле түзүүгө кызыгуусун билдиришти. 

Улуттук банктын төрагасы ачык диалогдун маанилүүлүгүн белгилеп, көтөрүлгөн демилгелерди ишке ашырууда биргелешкен аракеттерге даяр экенин билдирди. 

Жыйынтыгында, тараптар белгиленген багыттар боюнча кызматташууну улантуу ниетин билдиришти. 


Датасы: 06.03.2024
Туруктуу шилтеме

Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-мартындагы № 119-р буйруусу менен бекитилген 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын финансылык жеткиликтүүлүгүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруу алкагында, 2024-жылдын 4-6-мартында Aflatoun International эл аралык уюму менен биргеликте финансылык сабаттуулук компетенцияларын билим берүү стандарттарына киргизүү боюнча улуттук семинар өткөрдү

Иш-чарага жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Кыргыз билим берүү академиясынан жана Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынан балдарды жана жаштарды социалдык жана финансылык жактан тарбиялоо жаатындагы демилгелерди илгерилетүүгө кызыкдар өкүлдөр катышты. Aflatoun International программаларынын компетенцияларын «Адам жана коом» предметинин билим берүү стандартына ылайыкташтыруу пландаштырылууда. 

Маалымат үчүн: 

Aflatoun International - бул балдар жана жаштар үчүн социалдык жана финансылык билим берүү программаларын ишке ашыруу менен 109 өлкөдө 300дөн ашуун өнөктөш уюмдар менен иштеген өнөктөш уюмдардын динамикалык тармагы. 

 


Датасы: 06.03.2024
Туруктуу шилтеме

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «БАКАЙ БАНК» ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасынын орун басары кызмат ордуна сунушталган Лазюк Сергей Сергеевичтин талапкерлигине 2024-жылдын 5-мартында макулдук берүү чечимин кабыл алды. 

2. «Бай-Түшүм» Банкы ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү/аудит боюнча комитеттин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Кирияк Виктордун талапкерлигине 2024-жылдын 5-мартында макулдук берүү чечимин кабыл алды. 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргызкоммерцбанк» ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы кызмат ордуна сунушталган Алтухова Любовь Дмитриевнанын талапкерлигине 2024-жылдын 5-мартында макулдук берүү чечимин кабыл алды. 


Датасы: 06.03.2024
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана мамлекеттик коммерциялык банктарынын делегациясынын Лондон шаарына (Улуу Британия) иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана Англия Банкынын төрагалары Кубанычбек Боконтаев менен Эндрю Бэйлинин жолугушуусу болуп өттү

Борбордук банктардын жетекчилери Улуу Британияда жана Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан монетардык саясат маселелерин талкуулашты. Талкуунун жүрүшүндө инфляциянын пайда болгон факторлоруна жана жөнгө салуучу органдардын акча-кредит саясатынын келечектеги багыттарына карата күтүүлөргө өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар пикир алмашып жана акча-кредит саясаты маселелери боюнча эки тараптуу өз ара иш жүргүзүүнү жана Улуттук банктын негизги иш багыттары боюнча техникалык кызматташууну андан ары күчөтүү тууралуу макулдашышты. 

Иш сапардын алкагында Улуттук банктын делегациясы Англия Банкынын эксперттери менен кеңири жолугушуу өткөрдү, анын жүрүшүндө тараптар банк ишин жөнгө салуу, төлөм системаларын жана борбордук банктардын санарип валюталарын өнүктүрүү маселелерин жана ошондой эле монетардык чечимдерди кабыл алуу үчүн аналитикалык инструменттерди колдонуу тажрыйбасын талкуулашты. 


Датасы: 05.03.2024
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2024-жылдын 28-февралында № 2024-П-12/8-3-(НПА)  «Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомун (мындан ары токтом) кабыл алды.  

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Ченемдик укуктук акт Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Банк тууралуу/Улуттук банктын ченемдик актылары/Банк эмес финансы мекемелер ишин жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылат. 


Датасы: 02.03.2024
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2024-жылдын 28-февралында № 2024-П-12/8-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартиби жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтомун кабыл алды. 

Токтом жеке ишкер катары ишкердик менен алектенген, Кыргыз Республикасынын жарандарын - банк кардарларын аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында кабыл алынган. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Ченемдик укуктук акт Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Банк тууралуу/Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылган. 

 


Датасы: 02.03.2024
Туруктуу шилтеме

2024-жылдын 2-мартында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Ислам өнүктүрүү банкынын Ысык-Көл жана Нарын облустарында сугат жерлерин иштетүүнү өнүктүрүү боюнча долбоору менен биргеликте «Ислам каржылоо принциптерин өнүктүрүүдө финансылык сабаттуулуктун ролу» темасында форум өткөрдү

Форумдун максаты ислам каржылоо принциптерин өнүктүрүү маселелеринде калктын финансылык сабаттуулугунун жана маалымдуулугунун ролун белгилөө болуп саналат. 

Форумдун жүрүшүндө ислам каржылоо принциптери боюнча мамлекеттик жана расмий тилдеринде китептердин бет-ачаары болуп өттү: «Ислам каржылоо принциптери»1, «Ислам в реалиях современной экономики»2, «Ислам банкинги боюнча суроо-жооптор»3

Форумга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, министрликтердин жана ведомстволордун, финансы-кредиттик уюмдардын, жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү жана башкалар катышты. 

 

_______________________ 

1 AAOIFIнин «Шариат стандарттары жана Шариат башкаруусу» китебинин «А» бөлүмү. AAOIFI ислам финансылык институттар үчүн бухгалтердик эсеп жана аудит уюму ислам финансылык мекемелер үчүн Шариат жана бухгалтердик эсептин эл аралык стандарттарын белгилейт.  

2 Мухаммад Таки Усманинин «Ислам в реалиях современной экономики» деген китеби. Мухаммад Таки Усмани ислам экономикасы жана финансы тармагындагы дүйнөгө белгилүү окумуштуу, Шариат кеңешинин төрагасы. 

3 Брошюра Улуттук банк тарабынан даярдалган. 

 


Датасы: 02.03.2024
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) «Санарип сом» долбоордук тобу борбордук банктардын санарип валюталарын (ББСВ) сунуштоочуларга жөнөтүлгөн «Санарип сомдун прототиби үчүн функционалдык жана техникалык талаптар» суроо-талабынын алкагында, санарип сом санарип валютасынын прототибин эксперименталдык режимде (Sandbox) сыноодон өткөрүүгө кызыккан төмөнкү он эки компаниядан Улуттук банкка сунуштар келип түшкөнүн жарыялайт. 

1. Axellect; 

2. DCM, Ltd.; 

3. EMTECH, Inc.; 

4. FIS, Inc.; 

5. G+D Filia GmbH; 

6. Knox Networks, Inc.; 

7. MONTRAN; 

8. Nahmii, Ltd.; 

9. R3 Corda Ltd.; 

10. SICPA/Nabatech Inc.; 

11. TCS Quartz, Ltd.; 

12. Xiamen Strait Chain Technology Co.;

Компаниялардын жөнөткөн сунуштарын кылдат иликтеп жана баалагандан кийин, Улуттук банк санарип сомдун алгачкы версиясын түзүү, төлөмдөрдү симуляциялоо жана санарип сомду колдонуу менен тар чөйрөдө биринчи тестирлөө иштерин баштоо үчүн ББСВ сунуштоочуну тандайт. Тандоо критерийлери блокчейн платформасынын технологиясын, инновациялык потенциалды, технологиялык ишенимдүүлүктү, сунушталган чечимдердин коопсуздугун, төлөмдөрдүн тездигин жана бардык финансылык инфраструктурага натыйжалуу интеграциялануу мүмкүнчүлүгүн камтыйт. 

Санарип сомдун прототибин апробациялоо Кыргыз Республикасынын экономикасын жана финансылык системасын санариптештирүү боюнча Улуттук банктын стратегиялык багытын билдирет. Санарип валюта финансылык инклюзивдүүлүктү чыңдоо, которуу жана төлөө процесстерин жеңилдетүү, ошондой эле финансылык операциялардын ачык-айкындыгын жана коопсуздугун жогорулатууга өбөлгө түзөт. 

Долбоордун жүрүшү жана тестирлөөнүн жыйынтыктары тууралуу толук маалымат Улуттук банктын расмий булактары аркылуу долбоордун баскычтарынын ишке ашырылышына жараша берилет. 


Датасы: 02.03.2024
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасы Улуттук банкы Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын рейтингдик агенттиктерди таануу маселеси боюнча айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт. 

Токтом долбоору Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин финансы чөйрөсүндөгү мыйзамдарын шайкеш келтирүүнүн алкагында рейтингдик агенттиктердин тышкы баалоолорун кеңири колдонуу максатында иштелип чыккан. 

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында ((koomtalkuu.gov.kg/ru) жайгаштырылган.  

Коммерциялык банктар токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2024-жылдын 1-апрелинен кечиктирбестен электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл. 


Датасы: 02.03.2024
Туруктуу шилтеме

             Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-П-12/78-7-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт. 

             Токтом долбоору системалуу мааниге ээ коммерциялык банктардын суммардык капитал жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) коэффициентинин (К2.1) маанисин сактоо мөөнөттөрүн өзгөртүүгө багытталган.  

             Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg/ru) жайгаштырылган.  

Коммерциялык банктар токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2024-жылдын 1-апрелинен кечиктирбестен электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл. 


Датасы: 01.03.2024
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республиканын Улуттук банкынын Төлөм системы боюнча комитетинин 2024-жылдын 22-февралындагы токтому менен «Региональные платежные системы» («РПС») жоопкерчилиги чектелген коомунун (мындан ары «РПС» ЖЧК) атайын жөнгө салуу режиминин алкагында төмөнкү банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензиясынын мөөнөтү 2024-жылдын 28-августуна чейин лицензияга карата техникалык тапшырмада бекитилген шарттарды жана талаптарды сактоо менен узартылды: 

- электрондук акча ээлерине электрондук акча менен операцияларды жүргүзүү, анын ичинде алардын ордун жабуу мүмкүнчүлүгүн берүү менен накталай же накталай эмес акча каражаттарына алмаштыруу аркылуу өз электрондук акчасын жүгүртүүгө чыгаруу (эмиссия); 

- соода-тейлөө ишканалары менен POS-терминалдарды орнотуу/сатылуучу товарларга, иштерге, соода-тейлөө ишканаларынын көрсөткөн кызматтарына төлөө үчүн төлөм каражаты катары QR-коддорду колдонуу жана банктык карталарды кабыл алуу боюнча келишимдик мамиле түзүү, ошондой эле коммерциялык банктар жана/же электрондук акча менен эсептешүү системасынын операторлору менен түзүлгөн келишимдердин алкагында соода-тейлөө ишканаларында эсептешүүлөрдү камсыз кылуу боюнча POS-терминалдар, анын ичинде виртуалдык жана мобилдик POS-терминалдар, ошондой эле QR-коддорду колдонуу аркылуу электрондук коммерция жүргүзүү максатында, банктык карталар эквайринги («Элкарт» улуттук төлөм системасы, Эл аралык төлөм системалары), анын ичинде интернет-эквайринг. 

Атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусу болуп «РПС» ЖЧК саналат. 


Датасы: 01.03.2024
Туруктуу шилтеме

             Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында 2024-жылдын 29-февралында Улуттук банктын төрагасынын орун басары М.Ш. Аттокуровдун жетекчилиги алдында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, коммерциялык банктардын жана «Банктар аралык процессинг борбору» жабык акционердик коомунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен Төлөм системасы боюнча банктар аралык кеңештин кезектеги отуруму болуп өттү.  

             Отурумдун жүрүшүндө төлөм системасына байланыштуу актуалдуу маселелер каралды. Тактап айтканда, коммерциялык банктар тарабынан калктан мүлккө салык төлөмдөрүн кабыл алууну автоматташтыруу каралып, анын жыйынтыгы боюнча коммерциялык банктардын ишин активдештирүү сунушталды. Төлөм QR коддору аркылуу товарлар/кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатында, Мамлекеттик салык кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын катышуусу менен коммерциялык банктар тарабынан төлөм QR коддорун жайылтуу маселеси да каралды. 

             Коммерциялык банктардын тарифтерин талкуулоонун алкагында Улуттук банк кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады. 

Отурумдун жүрүшүндө «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын коммерциялык банктардын жана «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКтын мамлекеттик ички төлөмдөргө карата талаптарын ишке ашыруу маселеси да талкууланды. 


Датасы: 01.03.2024
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын графикалык символу сом белгиси Unicode (Стандартташтыруу боюнча эл аралык уюм) стандартына киргизилгендигин жарыялайт. 

Сомдун графикалык белгиси Microsoft Windows 11 версиясынан баштап (анын ичинде Microsoft Office жана операциялык системанын курамына киргизилген бардык Microsoft стандарттык продукттары, же Microsoft Windows 11 операциялык системасында кошумча орнотулган камсыздоо программалары) Microsoft Windows операциялык системасына жана андан ары кийинки чыгарылыштагы бардык камсыздоо программаларына киргизилген. 

Сом белгисинин графикалык символун экранга чыгаруу үчүн тил панелинин параметрлеринен кыргыз тилин тандап, клавиатурадагы «оң Alt+9» айкалышын колдонуу керек.  

 

 

Кыргыз Республикасынын расмий акча бирдигинин графикалык символунун сүрөтү сом белгиси. 

 


Датасы: 28.02.2024
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Бай-Түшүм» Банкы ачык акционердик коому тарабынан «Бай-Түшүм» Банкы ААКтын директорлор кеңешинин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Салымбеков Жумабек Мамытбаевичтин талапкерлигине 2024-жылдын 27-февралында макулдук берүү чечимин кабыл алды. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Бай-Түшүм» Банкы ачык акционердик коому тарабынан «Бай-Түшүм» Банкы ААКтын ички аудит кызматынын начальнигинин орун басары кызмат ордуна сунушталган Байсеитов Бакытбек Толосуновичтин талапкерлигине 2024-жылдын 27-февралында макулдук берүү чечимин кабыл алды. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Оптима Банк» ачык акционердик коому тарабынан «Оптима Банк» ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна сунушталган Мангитов Арман Ахтуреевичтин талапкерлигине 2024-жылдын 27-февралында макулдук берүү чечимин кабыл алды. 


Датасы: 27.02.2024
Туруктуу шилтеме

2024-жылдын 27-февралында Улуттук банкта Монголиянын Мамлекеттик Улуу Хуралынын Төрагасы Гомбожавын Занданшатардын расмий сапарынын алкагында Улуттук банктын төрагасынын орун басары М.Ж. Жакыпов менен Монголия банкынын төрагасы Бядрангийн Лхагвасурэн жана Монголиянын Финансылык жөнгө салуу комиссиясынын төрагасы Баярсайхан Дэмбэрэлдаш менен жолугушуу болуп өттү.  

Ошондой эле жолугушууга Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы М.Т. Пирназаров, Монголиянын банктар Ассоциациясынын аткаруучу директору Лхагвасурэн Амар жана Монголиянын Сактык жана камсыздандыруу корпорациясынын өкүлү Батмунх Бадрал катышты. Жолугушууда тараптар Кыргыз Республикасынын жана Монголиянын финансылык институттарынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу, банк жана финансы чөйрөсүндө өз ара аракеттенүү жана тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташууга даяр экендигин билдиришти. 

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси А.У. Жапаровдун жана Монголиянын Мамлекеттик Улуу Хуралынын Төрагасы Г. Занданшатардын катышуусунда, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен Монголия банкынын ортосунда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен Монголиянын Финансылык жөнгө салуу комиссиясынын ортосунда кызматташуу боюнча ведомстволор аралык меморандумдарга кол коюлду. 

 

 







Датасы: 27.02.2024
Туруктуу шилтеме

Борбордук (улуттук) банктардын персоналды окутуу боюнча кызматташуусу жөнүндө макулдашуунун алкагында «Кадр процесстерин автоматташтыруу» семинары 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы борбордук (улуттук) банктардын персоналды окутуу боюнча кызматташуусу жөнүндө макулдашуунун алкагында кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча иш-чараларга жигердүү катышууда. 

Макулдашуунун тараптары болуп, Беларусь Республикасынын Улуттук банкы, Казакстан Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Россия Федерациясынын Борбордук банкы, Армения Республикасынын Борбордук банкы, Тажикстан Республикасынын Улуттук банкы, ошондой эле Казакстан Республикасынын Финансы рыногун жөнгө салуу жана өнүктүрүү боюнча агенттиги саналат. 

Макулдашуунун алкагында Тараптар өз ара тажрыйба алмашуу, окуу жана консультациялык иш-чараларды өткөрүшөт, Борбордук банктын ишинин актуалдуу көйгөйлөрү боюнча Тараптардын адистерин өз банктарында окутууга кабыл алышат. 

Макулдашууга ылайык, 2024-жылдын 20-22-февралында Беларусь Республикасынын Улуттук банкынын окутуучусу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын базасында “Кадрлар процесстерин автоматташтыруу” темасында корпоративдик окутуу иш-чарасын өткөргөн. 

Жогоруда көрсөтүлгөн окутуунун актуалдуулугун, ошондой эле корпоративдик окутуунун алкагында кызматкерлердин кеңири камтылышын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы борбордук (улуттук) банктардын адистеринин квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле эл аралык байланышты бекемдөө максатында өз ишин улантат. 

 

 

 

 


Датасы: 27.02.2024
Туруктуу шилтеме

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  

эсептик ченди 13,00 пайыз деңгээлинде сактап калды 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2024-жылдын 26-февралында эсептик ченди 13,00 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Чечим 2024жылдын 27-февралынан тартып күчүнө кирет.  

Кыргыз Республикасында инфляциянын жылдык көрсөткүчү 2024-жылдын февраль айында 2023-жылдын декабрындагы 7,3 пайыз деңгээлинен 5,0 пайызга чейин төмөндөгөн. Азык-түлүк товарларына баанын өсүшү мурдагыдай эле басаңдоосун улантууда, ал эми азык-түлүктөн башка товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баанын төмөндөөсү кыйла жай тенденцияны көрсөтүүдө. Айкын инфляциянын түптөлүшүнүн негизги факторлору болуп, ички суроо-талаптын жогорку деңгээлде сакталып турушу, ошондой эле тарифтик саясатты, көбүнчө коомдук транспорт кызмат көрсөтүүлөрүнө кайра карап чыгуунун таасири саналган. 

Жалпысынан Кыргыз Республикасынын экономикасы үчүн тышкы экономикалык шарттар дүйнө жүзүндө геосаясий жагдайга байланыштуу уланып жаткан жогорку белгисиздик жана дүйнөлүк товардык-чийки зат рыногунда баалардын өзгөрүлмөлүүлүгү менен мүнөздөлөт. Алдыңкы өлкөлөрдүн акча-кредит саясатынын катуулатылышынын натыйжасында глобалдык инфляциянын акырындап басаңдоосу байкалууда.  

Кыргыз Республикасында экономикалык жигердүүлүктүн өсүшү уланууда. 2024-жылдын январь айында реалдуу ИДӨнүн өсүш арымы 7,4 пайызды түзгөн, буга негизги салым өнөр жай, кызмат көрсөтүү жана курулуш секторлору тарабынан камсыз кылынган. Ички керектөө бюджеттик жана жеке секторлордун реалдуу эмгек акыларынын жогорулашы, керектөө кредиттөөсүнүн көбөйүүсү жана өлкөгө акча которуулардын таза агылып кирүүсүнүн өсүшү менен колдоого алынат. Салык-бюджет секторунда фискалдык консолидациялоо саясатын жүргүзүү өлкөдө баа динамикасына ооздуктоочу таасирин тийгизет.  

Банк сектору негизги көрсөткүчтөрдүн туруктуулугун сактап турат жана өсүш арымын көрсөтүүдө. Калктын каражат топтоо аракетинин күчөшүнөн улам коммерциялык банктардын ресурстук базасы өсүүдө. Банктар аралык акча рыногу жана ички валюта рыногу туруктуу бойдон калууда. Жалпысынан банк системасында улуттук валютадагы үстөк ликвиддүүлүктүн жогорку деңгээли сакталууда. 

Кыска мөөнөткө каралган келечекте өлкөдө инфляция көрсөткүчү инфляция боюнча орто мөөнөткө каралган максаттуу көрсөткүчтүн чегинде 5-7 пайыз түптөлүшү күтүлүүдө. Улуттук банк тарабынан көрүлгөн чаралар азык-түлүктөн башка товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасынын өсүш арымын, жалпысынан базалык инфляция деңгээлин төмөндөтүүгө багытталат, бул азыркы учурда инфляция боюнча максаттуу көрсөткүчтүн маанисинен жогору бойдон калууда. 

Ички жана тышкы чөйрөдө түптөлгөн шарттарды жана өнүгүү тенденцияларын эске алуу менен, Улуттук банк эсептик чендин өлчөмүн 13,00 пайыз деңгээлинде сактоо чечимин кабыл алды. Кабыл алынган чечим инфляцияга түрткү берүүчү факторлорду чектөөгө жана орто мөөнөттүү мезгил аралыгында инфляциянын көрсөткүчүн максаттуу көрсөткүчтүн 5-7 пайыз чегинде кармап турууга өбөлгө түзөт. Учурдагы акча-кредит шарттарын кармап туруу калктын жана экономика субъекттеринин инфляция боюнча күтүүлөрүнүн деңгээлин басаңдатууга шарт түзөт. 

Улуттук банк туруктуу негизде тышкы чөйрөдө, ошондой эле жергиликтүү экономикада түзүлгөн кырдаалга байкоо салып турат. Кандайдыр бир тобокелдиктер келип чыккан учурда, Улуттук банк жүргүзүлүп жаткан монетардык саясатка кошумча корректировкаларды киргизүү мүмкүнчүлүгүн караштырат. 

Улуттук банк Башкармасынын эсептик чендин өлчөмү жөнүндө маселе боюнча кийинки пландык отуруму 2024-жылдын 29-апрелинде өткөрүлөт. 


Датасы: 22.02.2024
Туруктуу шилтеме

Түзүлгөн өлкөсүндө (Россия Федерациясы) «КИВИ Банк» (акционердик коом) кредиттик уюмунун банктык операцияларды жүзөгө ашырууга лицензиясы кайтарылып алынгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында «CONTACT» эл аралык акча которуулар системасынын жана «КИВИ» эл аралык электрондук акча системасынын оператору катары «КИВИ Банк» (акционердик коомдун) каттоосу жокко чыгарылды. 

Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барган эл аралык акча которуу системаларынын операторлорунун жана электрондук акча системаларынын операторлорунун/ эл аралык электрондук акча эмитенттеринин реестри менен Улуттук банктын расмий сайтынан «Банктын милдеттери»/«Төлөм системасы»/«Эл аралык жана локалдык акча которуу системалары» жана «Эл аралык электрондук акча системалары» бөлүгүнөн таанышып чыгууга болот

 


Датасы: 22.02.2024
Туруктуу шилтеме

Улуттук банк Талас областынын журналисттери үчүн 

окутуу семинарын өткөрдү 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2024-жылдын 21-февралында Талас областынын жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн «Кыргыз Республикасынын банк жана төлөм системаларын өнүктүрүү» темасында окутуу семинарын өткөрдү.   

Семинардын жүрүшүндө өлкөнүн башкы банкынын ролу, функциялары, республиканын региондорунда банк жана төлөм системаларын өнүктүрүү, QR-код колдонуу аркылуу төлөө жана акча которуу, финансы-кредит уюмдарынын кызматтарын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо, ошондой эле санарип төлөм инструменттерин кошо алганда, банк жана төлөм системаларын өнүктүрүү келечеги тууралуу маалымат берилди.   

Жолугушуунун жыйынтыгында Улуттук банк тарабынан QR-кодду колдонуу аркылуу төлөм жүргүзүү ыкмалары тууралуу буклеттер таратылды.   

Улуттук банк мезгил-мезгили менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн окутуу семинарларын өткөрүп турат жана бул багытта иштерди мындан ары да улантат. 

 

 


Датасы: 22.02.2024
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Байланыш дүйнөсү» жабык акционердик коомунун уюштуруу-укуктук формасы өзгөргөнүнө байланыштуу 2024-жылдын 16-февралында 2015-жылдын 6-июлундагы № 2015060715 жана 2015-жылдын 6-июлундагы № 3014060715 лицензиялары кайра таризделгендигин маалымдайт. 

 


Датасы: 22.02.2024
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Бай-Түшүм» Банкы ачык акционердик коому тарабынан «Бай-Түшүм» Банкы ААКтын директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү/тобокелдиктерди тескөө жана комплаенс-контролдоо комитетинин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Тазабеков Эркин Маратовичтин талапкерлигине 2024-жылдын 20-февралында макулдук берүү чечимин кабыл алды. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «ФИНКА Банкы» жабык акционердик коому тарабынан «ФИНКА Банкы» ЖАКтын директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү/тобокелдиктерди тескөө боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Гашикулина Евгения Энверовнанын талапкерлигине 2024-жылдын 20-февралында макулдук берүү чечимин кабыл алды. 


Датасы: 19.02.2024
Туруктуу шилтеме

2024-жылдын 16-февралында Улуттук банкта «Глобалдуу акча жумалыгы-2024» кеңири масштабдуу маалымат берүү-агартуу кампаниясын Кыргызстанда өткөрүү боюнча өнөктөш уюмдардын жолугушуусу болуп өттү. Анын алкагында дүйнөнүн 170тен ашык өлкөлөрүндө финансылык сабаттуулук боюнча иш-чаралар  өткөрүлүүдө.  

Глобалдуу акча жумалыгынын максаты - бардык балдар менен жаш муунга жогорку сапаттагы финансылык билимдин жеткиликтүү болушун, акчаны сарамжалдуу колдонуу маданиятын калыптандырууну, келечекте финансылык туруктуулук менен бакубат турмушун жакшыртууга мүмкүндүк берген туура финансылык чечим кабыл алуу үчүн акчанын мааниси тууралуу билимге ээ болууларын камсыз кылуу.  

Өтүп жаткан жылдын март айында Глобалдуу акча жумалыгынын алкагында төмөнкүдөй бир катар иш-чараларды өткөрүү пландаштырылууда: ачык эшик күндөрү, лекциялар, интерактивдүү оюндар, финансылык мекемелерге экскурсиялар жана сынактар. Иш-чаралардын толук тизмеси Улуттук банктын расмий сайтында жана финансылык сабаттуулук боюнча www.finsabat.kg сайтында жайгаштырылат.  

Маалымат үчүн: Кыргызстанда Глобалдуу акча жумалыгы-2024 Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, эл аралык уюмдар жана өлкөнүн финансы-кредит уюмдары менен биргеликте өткөрүлүп жатат.  

 


Датасы: 19.02.2024
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарында жайгашкан бир микрокредиттик компанияга 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 


Датасы: 19.02.2024
Туруктуу шилтеме

Айып пул белгиленген мөөнөттөрдө төлөнбөгөндүгүнө жана туум өлчөмү Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 35-беренесинде көрсөтүлгөн максималдуу мааниге жеткендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын жаранына (Р.Н.Ж.) карата укук бузуу жөнүндө иш боюнча туум эсептөө жөнүндө токтом кабыл алынды. 


Датасы: 19.02.2024
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2024-жылдын 14-февралында № 2024-П-12/5-4-(НПА) «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банк эмес финансы-кредит уюмдарынын финансылык отчетторун түзүүгө, жарыялоого жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берүүгө карата талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомун кабыл алды. Бул токтомдун максаты болуп, Улуттук банктын ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык келтирүү саналат. 

Токтомдун электрондук версиясы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Банк тууралуу/ Банк иши тууралуу мыйзамдар/ Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган. 


Датасы: 16.02.2024
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Ош областы, Өзгөн району, Өзгөн шаары, Манас көчөсү, номери жок (болжол: борбордук базар, күрүч сатылган катар) дареги боюнча жайгашкан «Мунара-Трейд» жоопкерчилиги чектелген коому алмашуу бюросуна накталай чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2023-жылдын 29-мартында берилген № 6501 лицензиянын аракети 2024-жылдын 16-февралынан тартып 22-февралын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду. 


Датасы: 15.02.2024
Туруктуу шилтеме

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН 

РАСМИЙ БИЛДИРҮҮСҮ 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык 2024-жылдын 15-февралынан тартып 2023-жылдагы үлгү боюнча улуттук валютанын 20, 50 жана 100 сом номиналындагы жаңы 5-сериядагы банкнотторду жүгүртүүгө киргизет.  

Улуттук валютанын жаңы сериясындагы банкноттордун негизги сюжеттеринин багыты Кыргызстандын тарыхый-маданий мурасын чагылдыруу өзгөртүүсүз калтырылды. Алдыңкы бетинде искусство жана маданият өкүлдөрүнүн портреттери сакталды, ал эми арткы бетинде республиканын ажайып кооз жерлери чагылдырылган. Банкноттордун негизги түсү жана өлчөмү өзгөртүүсүз калтырылды. 

Кыргызстандын жаңы банкноттору жасалма жол менен акча чыгаруудан талаптагыдай коргоону камсыз кылган, заманбап коргоо элементтеринин үч деңгээлден турган комплексин камтыйт.  

Улуттук валютанын бардык банкноттору Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөө каражаты статусуна ээ жана чыгарылган жылына карабастан, төлөө каражаты катары милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш.  

 

2023-жылдагы үлгү боюнча 20, 50 жана 100 сом  

номиналындагы банкноттордун негизги коргоо элементтери 

1. Суу белгиси ачык түстөн күңүрт түскө өткөн портрет жана номинал түрүндөгү электротип.  

2. Коргоо тилкеси үзүк тилке, жарыкка салып кароодо бүтүн тилке сыяктуу (үзгүлтүксүз) чагылып көрүнөт.  

Анда сандык номинал жана ромб түрүндө Улуттук банктын логотиби камтылган. Банкнотту жантайыңкы алып кароодо ромб фигурасынын чагылышы жана тилкенин кубулуп жатканы көрүнөт. 

3. Бири-бирине дал келген сүрөттөлүш банкноттун алдыңкы жана арткы беттериндеги сүрөттөрдүн фрагменттери жарыкка салып кароодо ромб формасын түзөт. 

 

4. Банкнотту кол менен сыдырып көрүүдө анын бетине түшүрүлгөн портреттин, жазуулардын, сан жана тамга түшүрүлгөн номиналдын сүрөттөрүндө рельефти (одуракайлык) сезүүгө болот. 

5. Көмүскө сүрөттөлүш банкнотту жантайыңкы алып кароодо сомдун көп түстүү белгиси С пайда болот. 

6. Түстөрдүн өзгөрүшү (100 сомдук банкнотто гана) банкнотту жантайыңкы алып кароодо эки шакектин кыймылга келишин, оюу-чийменин (орнаменттин) алтын түстөн жашыл түскө өзгөрүшүн байкоого болот.  

7. Жалтырак түс (арткы бетинде) банкноттун номиналы жана Улуттук банктын логотиби түрүндө

 

 

 

 

 

 

 


Датасы: 14.02.2024
Туруктуу шилтеме

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2024-жылдын 13-февралында «Кыргыз Инвестициялык Кредит Банкы» жабык акционердик коому тарабынан «Кыргыз Инвестициялык Кредит Банкы» ЖАКтын аудит боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Мохаммад Афтаб Манзурдун талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды. 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2024-жылдын 13-февралында «Кыргыз Инвестициялык Кредит Банкы» жабык акционердик коому тарабынан «Кыргыз Инвестициялык Кредит Банкы» ЖАКтын тобокелдиктерди тескөө боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Николь Шанталь Сюзанна Ардиттинин талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды.  

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2024-жылдын 13-февралында «РСК Банкы» ачык акционердик коому тарабынан «РСК Банкы» ААКтын шарият кеңешинин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Пышкин Денис Владимировичтин талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды. 


Датасы: 14.02.2024
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн 2024-жылдын 13-февралынан тартып 27-февралын кошо алгандагы мезгил аралыгына төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети токтотулду: 

- Бишкек шаары, Дэн Сяопин проспекти 2-үй, 1-бөлмө дареги боюнча жайгашкан «Альфа М Кэш» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 6357 лицензиясы; 

- Бишкек шаары, 7-Апрель көчөсү 223, «Мадина» соода комплекси, «Начало» катары (№07 бутик) дареги боюнча жайгашкан «Амир-Умар» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2023-жылдын 18-апрелиндеги № 6517 лицензиясы; 

- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 206 дареги боюнча жайгашкан «ЮПэй» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2023-жылдын 22-майындагы № 6528 лицензиясы. 


Датасы: 12.02.2024
Туруктуу шилтеме

2024-жылдын 9-февралында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, микрофинансылык сектордун, ошондой эле эл аралык уюмдардын жана финансылык институттардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен «Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы» ЮЖБ тарабынан уюштурулган тегерек стол болуп өттү

Тегерек столдун жүрүшүндө микрофинансылык сектордун жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын өкүлдөрү Микрокаржылоо секторун 2022-2025-жылдары өнүктүрүүнүн негизги багыттарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын (мындан ары план) аткаруунун жыйынтыктарын, ошондой эле планга микрокаржылоо сектору тарабынан берилген кредиттер боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүүгө өбөлгө түзүү, ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга финансылык кызматтарды көрсөтүүдө банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, аялдардын ишкердүүлүгүнө дем берүү жана колдоо көрсөтүү, ошондой эле өзүн-өзү жөнгө салуу институтун түзүү боюнча иш-чараларды алып салуу жагында киргизилген өзгөртүүлөрдү талкуулашты.  

Тегерек столдо Кыргыз Республикасынын Улуттук банк тарабынан микрофинансылык сектордун кредиттери боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүү жана жоопкерчиликтүү кредиттөөнүн деңгээлин жогорулатуу зарылчылыгына негизги басым жасалган. 

 

 

 


Датасы: 09.02.2024
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн, тактап айтканда лицензияда каралбаган операцияларды жүргүзгөндүгү үчүн, 2024-жылдын 9-февралынан тартып Бишкек шаары, Шопоков көчөсү 91 «Цум-2» соода-сатык комплекси, 1-кабат, №L-36 бөлмө дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «ОДИН ДОЛЛАР» алмашуу бюросунун нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2022-жылдын 1-ноябрындагы № 6390 лицензиясы кайтарылып алынды. 


Датасы: 09.02.2024
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2024-жылдын 7-февралында № 2024-П-17/4-4-(НФКУ) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын банк эмес финансы-кредит уюмдарын лицензиялоо жөнүндө айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом кабыл алынды. 

Токтомдо коммерциялык банктын микрофинансылык компания (мындан ары МФК) катары кайра каттоо, ошондой эле МФКнын жана «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» Ачык акционердик коому адистештирилген финансы-кредиттик уюмунун кызмат адамдарынын иш стажына карата талаптарды кайра карап чыгуу жагында өзгөртүүлөр каралган. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Ченемдик укуктук акт Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылат. 


Датасы: 08.02.2024
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2024-жылдын 1-февралынан 4-февралына чейин Германиянын Берлин шаарындагы World Money Fair акча каражаттарынын бүткүл дүйнөлүк көргөзмө-конференциясына катышты.  

Конференциянын алкагында эстелик коллекциялык монеталарды чыгаруунун актуалдуу маселелери, монеталарды өндүрүүдө жаңы технологияларды колдонуу, нумизматика рыногун өнүктүрүү өзгөчөлүктөрү, монеталардын заманбап программалары, монеталарды илгерилетүү ыкмалары ж. б. талкууланды.  

Улуттук банктын Бүткүл дүйнөлүк акча көргөзмөсүнө катышуусунун максаты Кыргызстандын тарыхын жана маданиятын улуттук валюта аркылуу көрсөтүү жана жайылтуу болгон. 

Көргөзмөдө Улуттук банктын экспозициясы «Тарыхый окуялар», «Кыргыз каганатынын доору», «Кыргызстандын тарыхый жана архитектуралык эстеликтери», «Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары монеталарда», «Кыргыз үрп-адаттары жана ырым-жырымдары», «Улуттук музыкалык аспаптар», «Спорттун улуттук түрлөрү жана элдик оюндар», «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары», «Кыргызстандын Кызыл китеби» сыяктуу серияларда чыгарылган Кыргызстандын тарыхый жана маданий мурасын чагылдырган банкноттор жана коллекциялык монеталар менен көрсөтүлдү.  

Эстелик монеталар жана улуттук валютанын банкноттору нумизмат коллекционерлеринин гана эмес, нумизматика тармагынын адистеринин, ошондой эле эксклюзивдүү буюмдарды сүйүүчүлөрдүн да чоң кызыгуусун жаратты. 

 


Датасы: 07.02.2024
Туруктуу шилтеме

2024-жылдын 6-февралында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы К.К. Боконтаевдин жана Кыргыз Республикасынын Финансы министри А.К. Бакетаевдин «Rothschild & Co» финансылык-холдинг компаниясынын башкармасынын мүчөсү Ариэль Малард де Ротшильд жетектеген делегациясы менен биргелешкен жолугушуусу болуп өттү.  

Жолугушууда кыргыз тараптын «Rothschild & Co» компаниясынын консультациялык жана инвестициялык ишмердүүлүк чөйрөсүндө кызматташуусунун мүмкүн болгон багыттары талкууланды. 

 

 


Датасы: 07.02.2024
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Дос-Кредобанк» ачык акционердик коому тарабынан «Дос-Кредобанк» ААКтын башкармасынын мүчөсү продуктуларды иштеп чыгуу департментинин директору кызмат ордуна сунушталган Джумалиев Насир Мухтаровичтин талапкерлигине 2024-жылдын 6-февралында макулдук берүү чечимин кабыл алды. 

 


Датасы: 07.02.2024
Туруктуу шилтеме

Төлөм системасы боюнча комитетинин 2024-жылдын 2-февралындагы токтому менен «Тез Системс» жоопкерчилиги чектелген коомуна төмөнкү лицензиялар берилди: 

үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу (процессинг, клиринг) жана төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына берүү боюнча кызматтарды сунуштоо ишин жүзөгө ашыруу укугуна 2024-жылдын 2-февралындагы № 2041020224 лицензия; 

өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизделген төлөм системалары аркылуу кабыл алуу жана өткөрүү боюнча кызматтарды сунуштоо ишин жүзөгө ашыруу укугуна 2024-жылдын 2-февралындагы № 3043020224 лицензия. 

 


Датасы: 02.02.2024
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети тарабынан коммерциялык банкка 22 680 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды жана айрым кызмат адамдарына карата таасир этүү чаралары колдонулду. 

 

 


Датасы: 02.02.2024
Туруктуу шилтеме

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

маалымат базасына талапкерлерди тандоо боюнча ачык сынак жарыялайт: 

 

- банктын жоюучусу (ликвидатор) 

- банктын убактылуу администратору 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын маалымат базасына киргизилген талапкерлер андан ары банктын жоюучусу же убактылуу администратору катары тиешелүү жагдайлар жаралган учурда дайындалышы мүмкүн. 

Жоюучунун же убактылуу администратордун эмгек акысынын өлчөмү банктын системалык маанилүүлүгүн жана орун алган көйгөйлөрдүн бар экендигин эске алуу менен банктын жетекчисинин эмгек акысынын деңгээлинде белгиленет. 

Документтерди 2024-жылдын 01-мартында саат 17:00дөн кечиктирбестен тапшыруу зарыл.  

Белгиленген убакыттан кийин тапшырылган документтер кабыл алынбайт жана каралбайт. 

Жалпы квалификациялык талаптар, функционалдык милдеттер тууралуу кеңири маалымат  жана сынакка катышуу үчүн талап кылынган документтер тизмеги Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын www.nbkr.kg расмий интернет-сайтынын  «Сынактар» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Бардык суроолор менен (0312) 31-29-37 телефону аркылуу комиссиянын катчысына кайрылсаңыздар. 

 


Датасы: 02.02.2024
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Instagram социалдык тармагында өзүн Кыргызстандагы Чехия капиталына ээ жана банктык кызматтарды сунуштаган биринчи банк катары маалымдаган «Кыргыз-Чехия Банкы» ААКтын баракчасы пайда болгондугун билдирет. 

Аталган банк Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коммерциялык банктарынын реестринде жок экендигин расмий түрдө эскертебиз. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына аталган банкты түзүү боюнча эч кандай кайрылуулар түшкөн эмес, ушуга байланыштуу жарандарды сак болууга чакырабыз. 

 

      


Датасы: 01.02.2024
Туруктуу шилтеме

Ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө 

БИЛДИРҮҮ 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) санарип сомду укуктук жөнгө салуу маселеси боюнча анын жөнгө салуучу таасирин талдоо, ошондой эле кызыкдар жактардан сунуштарды кабыл алуу башталгандыгын маалымдайт. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 25-майындагы № 2022-П-14/32-3-(ПС) токтому менен бекитилген «Санарип сом концепциясынын» 9-бөлүгүнүн 3-пунктун аткаруу жана ишке ашыруу, санарип сомду колдонууга киргизүүнүн укуктук жана жөнгө салуу маселелерин иштеп чыгуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү/толуктоолорду киргизүү максатында, Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына «санарип сом» санарип валютасынын укуктук статусу жана санарип сомду жөнгө салуу маселелерин иштеп чыгуу боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорунун жөнгө салуучу таасирин талдоо иши демилгеленүүдө.  

Санарип сом Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын (кыргыз сомунун) кошумча формасы, ал Улуттук банк тарабынан санарип түрүндө чыгарылат жана анын милдеттенмеси жана акчанын үчүнчү формасы болуп саналат. 

Учурда Кыргызстанда улуттук валютанын эки формасы колдонулууда Улуттук банк тарабынан чыгарылган накталай акча белгилери (сом, тыйын) жана накталай эмес төлөмдөр коммерциялык банктардагы жана Улуттук банктагы эсептердеги акча каражаттары түрүндө.  

Улуттук банкта корреспонденттик эсептер коммерциялык банктар, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы жана башка атайын катышуучулар үчүн ачылат. Санарип сомдун прототиби боюнча долбоорду ишке ашыруу модели катары эки деңгээлдүү чекене модель саналат, ал катышуучулар ортосунда өз ара эсептешүүлөр учурундагы циклден жана катышуучулардын ролунан айырмаланбайт/өзгөчөлөнбөйт. Эмитенттин ролу, катышуучулардын жана колдонуучулардын ролу калат. Долбоорду ишке ашыруудагы бирден-бир айырмачылык катары анын технологиялык чечими, республиканын алыскы аймактарында финансылык жеткиликтүүлүк жагынан өзгөчөлүгү/жаңычылдыгы, интернетсиз төлөмдөрдү төлөө (офлайн төлөмдөр), санарип сом платформасында төлөм системаларынын катышуучулары ортосунда санарип контракттарды коопсуз түзүү жана анын ыкмалары (smart-contract) саналат, бул айкын убакыт ыргагында эсептешүү процессин тездетет. 

 

2. Сунушталып жаткан жөнгө салуунун максаты 

Сунушталып жаткан жөнгө салуунун максаты катары Кыргыз Республикасынын төмөнкү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу Кыргыз Республикасынын үчүнчү акча формасынын укуктук статусун ишке киргизүү маселесин иштеп чыгуу саналат: 

- Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамы; 

- Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси; 

- Кыргыз Республикасынын Бюджет кодекси; 

- Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамы; 

- Кыргыз Республикасынын «Төлөм системасы жөнүндө» мыйзамы; 

- Кыргыз Республикасынын «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамы; 

- Кыргыз Республикасынын Салык кодекси; 

- Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси 

- ж.б. 

 

3. Сунушталган жөнгө салуудан күтүлүп жаткан пайдага жана артыкчылыктарга баа берүү 

Санарип сомду ишке киргизүүнүн укуктук жана жөнгө салуу маселелерин изилдөө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү иштеп чыгуу санарип сомдун юридикалык жактан маанилүүлүгү үчүн белгилүү бир сунуш-көрсөтмөлөрдүн тизмегин иштеп чыгууга жана тең салмактуу ченемдик укуктук чөйрөнү түзүүгө мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөр, анын ичинде терминологиялык аппаратты, системанын катышуучуларынын ролун, укуктарын жана милдеттерин бекемдөө, келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди контролдоо үчүн жөнгө салуучу механизмдер, ПФТД/ЛПД аспектилери ж.б. аныкталат жана иштелип чыгат. 

 

4. Келип чыгышы мүмкүн болгон алгылыксыз натыйжаларга баа берүү 

Санарип сом валютасын колдонууга киргизүүдөн терс кесепеттердин келип чыгышы күтүлбөйт, анткени санарип сом калк күндөлүк турмушта накталай жана накталай эмес акча каражаттарын колдонуусун чектебейт. 

 

5. Ишкердик субъекттери жөнгө салуу адресаттары боюнча мүнөздөмө жана санына баа берүү 

Сунуш кылынган жөнгө салуу санарип сомдун эмитенти жана санарип сом платформасынын оператору болуп саналган Улуттук банктын, төлөм системаларынын катышуучуларынын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын, бюджеттик уюмдардын жана санарип капчыкты колдонуу менен санарип сомду колдонуучулардын ишине тиешелүү.  

6. Сунушталып жаткан жөнгө салууну колдонууга киргизүүдөн улам потенциалдуу адресаттардын кошумча чыгашаларын жана пайдасын болжолдуу баалоо 

Сунушталып жаткан жөнгө салууну колдонууга киргизүүдө Улуттук банктын жана төлөм системасынын катышуучуларынын бюджетинен кошумча финансылык чыгашалар талап кылынат. 

7. Сунушталып жаткан жөнгө салууну ишке киргизүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын бюджетинен чыгашаларды жана пайдаларды болжолдуу баалоо 

Бул мыйзам долбоорун ишке ашырууда санарип сомдун укуктук статусун киргизүү жана акча каражаттарын санарип формада которуу менен Улуттук банктын нак акча белгилерин чыгарууга чыгашасы азаят. 

 

Билдирүүгө төмөнкүлөр тиркелет: 

1. Коомдук консультациялардын катышуучулары үчүн суроолордун тизмеси: 

- көрсөтүлгөн көйгөйлөр Кыргыз Республикасынын жогоруда аталган мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу чечүүнү талап кылган көйгөй болуп саналабы же Улуттук банктын ченемдик-укуктук актыларынын чегинде жөнгө салуу жетиштүүбү

- көрсөтүлгөн максат ага жетүү үчүн негиздүү, маанилүү болуп саналабы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу проблемаларды чечүү үчүн кыйла артыкчылыктуу ыкма болуп саналабы (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү); 

- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына сунушталган өзгөртүүлөр кабыл алынган учурда кандай пайда жана артыкчылыктар келип чыгышы мүмкүн; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына сунушталган өзгөртүүлөр кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс натыйжалар орун алышы мүмкүн; 

- көйгөйлөрдү чечүүнүн натыйжалуу альтернативдүү ыкмалары барбы; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына сунушталган өзгөртүүлөр боюнча жалпы пикир; 

- жогоруда белгиленген проблемалардын алкагында Кыргыз Республикасынын дагы кайсы мыйзам актыларын кайра карап чыгуу зарыл жана комплекстүү өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.

Суроолордун тизмеси кеңейтилиши мүмкүн. 


Байланышуу үчүн маалымат жана сунуштарды талкуулоо үчүн мөөнөттөр: 

1. Сунуштарды кабыл алуу: 

   

- электрондук почта аркылуу 

abakesarieva@nbkr.kg / mail@nbkr.kg 

- почта дареги аркылуу 

720001, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Чүй пр., 168 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкы 

2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү 

2024-жылдын 10-февралы 

3. Сунуштар жана жооптор реестрин Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жайгаштыруу мөөнөтү 

2024-жылдын 19-февралы  

 


Датасы: 31.01.2024
Туруктуу шилтеме

Коммерциялык банктардын алмашуу бюролору менен чет өлкө валютасын сатып алуу/сатуу боюнча операцияларды жүргүзүүсүнө коюлган чектөөлөрдү убактылуу алып салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2024-жылдын 24-январында № 2024-П-12/2-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 5-сентябрындагы № 2022-П-33/55-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 22-июлундагы № 2022-П-33/45-2-(НПА) «Чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүү чөйрөсүндө убактылуу чечимдер жөнүндө» токтомунун аракетин убактылуу токтотуу тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды.  

Ушул токтом менен Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 22-июлундагы № 2022-П-33/45-2-(НПА) «Чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүү чөйрөсүндө убактылуу чечимдер жөнүндө» токтомунун аракети 2024-жылдын 1-августуна чейин убактылуу токтотулат. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган. 


Датасы: 31.01.2024
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Бай-Түшүм» Банкы ачык акционердик коому тарабынан «Бай-Түшүм» Банкы ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна сунушталган Конокбаева Назгуль Доконовнанын талапкерлигине 2024-жылдын 30-январында макулдук берүү чечимин кабыл алды. 


Датасы: 30.01.2024
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасында Ачык банкингди өнүктүрүү концепциясынын долбоорун (мындан ары долбоор) коомдук талкууга сунуштайт. 

Долбоор Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Кызыкдар тараптар долбоор боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2024-жылдын 14-февралынан кечиктирбестен, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына, ошондой эле электрондук версиясын akerimkulov@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл. 


Датасы: 30.01.2024
Туруктуу шилтеме

Төлөм системасы боюнча комитетинин 2024-жылдын 25-январындагы токтому менен «Смарт Системс » жоопкерчилиги чектелген коомуна төмөнкү лицензиялар берилди: 

үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу (процессинг, клиринг) жана төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына берүү боюнча кызматтарды сунуштоо ишин жүзөгө ашыруу укугуна 2024-жылдын 25-январындагы № 2040250124 лицензия; 

өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу кабыл алуу жана өткөрүү боюнча кызматтарды сунуштоо ишин жүзөгө ашыруу укугуна 2024-жылдын 25-январындагы № 3042250124 лицензия. 


Датасы: 30.01.2024
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  

эсептик ченди 13,00 пайыз деңгээлинде сактап калды 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2024-жылдын 29-январында эсептик ченди (негизги ченди) 13,00 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Чечим 2024-жылдын 30-январынан тартып күчүнө кирет.  

Кыргыз Республикасында инфляциялык процесстердин басаңдоо арымы сакталып турат. 2023-жылдын декабрында жылдык инфляция көрсөткүчү 7,3 пайызды, ал эми 2024жылдын январында 5,9 пайызды түздү. Инфляция түзүмүндө азык-түлүк товарлар тобуна баалардын өсүш арымынын жылдык мааниде 2022-жылдын декабрындагы 15,8 пайыздан 2024-жылдын январында 1,9 пайызга чейин туруктуу арымда басаңдагандыгы белгиленген. Ошол эле учурда азык-түлүктөн башка товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баалар кыйла жай арымда басаңдап, айрым товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр түрүнө карата тарифтик саясатты кайра караштыруу боюнча административдик чаралардын таасирин чагылдырган.  

Тышкы чөйрөдө орун алып турган шарттар Кыргыз Республикасындагы инфляциялык процесстерге карата негизги факторлор катары сакталып турат жана алардын орун алышы базалык инфляциянын максаттуу деңгээлге кыйла жай арымда кайтып жаткандыгын тастыктоодо. Дүйнөлүк азык-түлүк жана чийки зат рынокторунун баа коньюнктурасы ар тараптуу сакталып турат: азык-түлүккө дүйнөлүк баалар акырындап төмөндөөдө, ал эми глобалдуу мунай жана алтын рынокторунда баалардын өзгөрүп турушу сакталууда. Мындай шарттарда базалык инфляциянын, ошондой эле калктын жана экономикалык субъекттердин инфляциялык күтүүлөрүнүн мындан аркы төмөндөшү 2024жыл ичинде акча-кредит саясатын иштеп чыгууда жана жүргүзүүдө негизги артыкчылык болуп саналат.  

Кыргыз Республикасынын экономикасында жогору жигердүүлүк сакталып турат, 2023-жыл жыйынтыгы боюнча реалдуу ИДӨнүн өсүш арымы 6,2 пайызды түзгөн, бул кызмат көрсөтүүлөр секторунун жана иштеп чыгаруу өнөр жайынын олуттуу салымынын эсебинен калыптанган. Ички суроо-талап жогору деңгээлде сакталууда, бул керектөө кредиттеринин көлөмүнүн өсүшүнүн, эмгек акылардын жогорулашынын жана акча которуулар агымынын өсүшүнүн натыйжасында шартталган.  

Монетардык саясаттын жүргүзүлүп жаткан багыты калктын жыйым топтоону күчөтүүсүн шарттайт. Коммерциялык банктардын ресурстук базасынын артышы байкалууда. 2023-жыл жыйынтыгы боюнчадепозиттик базанын көлөмү 2022-жылдагы көрсөткүчкө салыштырганда 27,3 пайызга жогорулап, 431,3 млрд сомго жакынды түзгөн. Мында, банк сектору экономиканы жигердүү кредиттөө ишин улантууда. Кредит портфелинин көлөмү 2023-жылы4 26,3 пайызга, 257,8 млрд сомго чейин өскөн. Жалпы алганда, финансы-кредит уюмдарынын ишинин негизги көрсөткүчтөрүнүн туруктуулугу жетиштүү экендигин тастыктоодо, бул банк системасынын туруктуулугун сактоого мүмкүндүк берет. Коммерциялык банктар жетиштүү көлөмдө улуттук валютадагы ликвиддүүлүккө ээ. Ички валюта рыногу салыштырмалуу туруктуу абалда сакталууда. 

Тышкы жана ички экономикалык чөйрөнүн өнүгүү шарттарын, ошондой эле дале эки орундуу көрсөткүчтөр деңгээлинде сакталып турган базалык инфляциянын динамикасын эске алуу менен Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 13,00 пайыз деңгээлинде сактоо чечимин кабыл алды. Бул чечим өлкөдө инфляциялык процесстерди мындан ары да басаңдатууга жана инфляцияны орто мөөнөттүү мезгил аралыгында 5-7 пайыз максаттуу маанилер чегинде калтырууга багытталган. 

Улуттук банк тышкы чөйрөдө сыяктуу эле, жергиликтүү экономикада да түптөлүп жаткан жагдайга көз салып турууну улантат. Кандайдыр бир тобокелдиктер орун алган учурда Улуттук банк жүргүзүлүп жаткан монетардык саясатка кошумча корректировкаларды киргизиши мүмкүн.  

Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү маселеси боюнча кийинки пландалган отуруму 2024-жылдын 26-февралында өтөт. 


2024-жылдын 19-январына карата абал боюнча.

2023-жылдын 11 айы үчүн алынган маалымат боюнча.

3, 4  Алдын ала алынган маалымат боюнча.
Датасы: 29.01.2024
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок накталай чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен областындагы өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасынын жаранына (Н.у.А) карата 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салды. 

 


Датасы: 29.01.2024
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларын «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ишинин маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2024-жылдын 17-январында № 2024-П-12\1-3-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААКтын ишинин маселелери боюнча айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготкон катары таануу жөнүндө» токтомун (мындан ары токтом) кабыл алды.  

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Ченемдик укуктук актылар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылат. 

 


Датасы: 29.01.2024
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга сунуштайт. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 14-декабрындагы № 207 «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамына ылайык келтирүү максатында иштелип чыкты. 

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg/ru) жайгаштырылган.  

Кызыкдар тараптар токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2024-жылдын 29-февралынан кечиктирбестен bimasheva@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл. 

 


Датасы: 27.01.2024
Туруктуу шилтеме

Улуттук банк 2024-жылдын 26-январында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2023-жыл ичинде аткарган ишинин жыйынтыгына арналган семинар өткөрдү, анда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин депутаттары катышты. 

Семинардын алкагында Улуттук банктын акча-кредит саясатынын жыйынтыгына тиешелүү маселелер, ошондой эле банк жана төлөм системаларынын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар кароого алынды. 

Талкуунун жүрүшүндө Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Боконтаев 2023-жылы тышкы экономикалык чөйрөдө жогору белгисиздик сакталып тургандыктан жана жалпы эле дүйнөлүк соода жүргүзүү багыты өзгөргөндүктөн, Улуттук банктын саясаты тышкы экономикалык тобокелдиктердин таасирин төмөндөтүүгө жана өлкөнүн экономикасынын туруктуу өсүшү үчүн шарттарды түзүүгө багытталгандыгын белгиледи. 

«Улуттук банк тарабынан 2023-жылы биринчи кезекте аткарыла турган милдет катары өлкөдө инфляциялык процесстердин күч алышына бөгөт коюу милдети белгиленди. Улуттук банк тарабынан тиешелүү акча-кредит саясаты жүргүзүлгөндүктөн, өлкөдө жылдык инфляция көрсөткүчү 14,7 пайыздан 2023-жылдын декабрь айында 7,3 пайызга чейин төмөндөдү, кыргыз сомунун туруктуулугун сактоого жетишилди», деп билдирди Кубанычбек Боконтаев. 

Мындан тышкары, 2023-жыл ичинде жетишилген маанилүү жыйынтык катары дүң эл аралык резервдер көлөмүнүн 3,2 млрд АКШ долларына чейин өсүшүн белгилеп кетүү зарыл, мындай жыйынтыкка эл аралык резервдерди тескөө саясатын кылдаттык менен иштеп чыгуунун натыйжасында жетишилгендигин Улуттук банктын төрагасы баса белгиледи.  

Ошондой эле, талаптагыдай көзөмөл жүргүзүүнүн жана жөнгө салуунун натыйжасында Кыргыз Республикасынын банк системасынын туруктуулугу камсыз кылынып жаткандыгы да белгиленди.  

«Санарип технологияларды пайдалануу менен төлөм системасын өнүктүрүү иши улантылууда, ушундан улам накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча кызматтарды сунуштоо сапаты жакшырууда, ар кандай төлөм инструменттери аркылуу ишке ашырылган накталай эмес операциялардын саны да өсүүдө», деп борбордук банктын башчысы кошумчалады.  

Семинардын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаттары менен пикир алмашылып, Улуттук банктын ишине тиешелүү актуалдуу маселелер боюнча талкуулар өткөрүлдү

 

 

 

 

 


Датасы: 26.01.2024
Туруктуу шилтеме

Жеке адамдардын эл аралык акча которуулары боюнча статистикалык маалыматтарды жаңыртуу жөнүндө 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жеке адамдар банктык мобилдик тиркемелерди (банктык карталарды) жана электрондук капчыктарды колдонуу менен жүзөгө ашырган эл аралык акча которуулардын көлөмү өсүп жаткандыгын маалымдайт. Мындай чек ара аркылуу которууларды жөнөтүү жана алуу ыкмаларын жеке адамдар адаттагы акча которуу системалары менен бирге колдонушууда. 

Ушуга байланыштуу Улуттук банк коммерциялык банктар менен биргеликте белгиленген операцияларды Кыргыз Республикасынын жеке адамдар резиденттер жана жеке адамдар резидент эместер ортосунда жүзөгө ашырылуучу эл аралык акча которуулар статистикасына киргизүү боюнча зарыл иштерди жүргүздү

Акча которуулар жөнүндө тиешелүү маалымат жаңыртылып, Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Статистика»/ «Тышкы экономикалык сектор» / «Акча которуулар» бөлүгүндө жайгаштырылган. 


Датасы: 24.01.2024
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Айыл Банк» ачык акционердик коому тарабынан «Айыл Банк» ААКтын Шариат кеңешинин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Шергазиев Жоробай Эсановичтин талапкерлигине 2024-жылдын 23-январында макулдук берүү чечимин кабыл алды. 


Датасы: 24.01.2024
Туруктуу шилтеме

Катышуучулар 2023-жылдын 28-декабрында болуп өткөн жалпы жыйында өз ыктыяры менен жоюлуу чечимин кабыл алгандыгына байланыштуу «Жазы-Кенч» кредиттик союзунун 2005-жылдын 14-ноябрындагы № 500 лицензиясы 2024-жылдын 19январынан тартып жокко чыгарылды. Юридикалык дареги: Ош областы, Өзгөн шаары, Кошиев көчөсү, 7-үй. 


Датасы: 23.01.2024
Туруктуу шилтеме

Эл аралык электрондук акча системасынын оператору Cabbagino Payments LTD Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында каттоо жол-жобосунан өттү.  

Реестрдеги каттоо номери - 5019190124. 

 


Датасы: 19.01.2024
Туруктуу шилтеме

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алуусуз нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын жаранына (К.Ж.Ө.) карата 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 

2. Айып пул белгиленген мөөнөттөрдө төлөнбөгөндүгүнө жана туум өлчөмү Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 35-беренесинде көрсөтүлгөн максималдуу мааниге жеткендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын жаранына (Н.С.Н.) карата укук бузуу жөнүндө иш боюнча туум эсептөө жөнүндө токтом кабыл алынды. 


Датасы: 19.01.2024
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаары, Кожевенная көчөсү 74, «Аляска» өтмөгү, №11 соода жайы дареги боюнча жайгашкан «Только наличные» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 6360 лицензиясынын аракети 2024-жылдын 19-январынан тартып 2-февралын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду. 


Датасы: 18.01.2024
Туруктуу шилтеме

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Айыл Банк» ачык акционердик коому тарабынан «Айыл Банк» ААКтын Шариат кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна сунушталган Акматжан Жумадылдын талапкерлигине 2024-жылдын 16-январында макулдук берүү чечимин кабыл алды; 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Бай-Тушум» Банкы ачык акционердик коому тарабынан «Бай-Тушум» Банкы ААКтын ички аудит кызматынын начальнигинин кызмат ордуна сунушталган Эшенкулова Айжамал Акджолтоевнанын талапкерлигине 2024-жылдын 16-январында макулдук берүү чечимин кабыл алды; 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Оптима Банк» ачык акционердик коому тарабынан «Оптима Банк» ААКтын директорлор кеңешинин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Аргинов Ермек Есболовичтин талапкерлигине 2024-жылдын 16-январында макулдук берүү чечимин кабыл алды. 


Датасы: 17.01.2024
Туруктуу шилтеме

Төлөм системасы боюнча комитетинин 2024-жылдын 11-январындагы токтому менен «УанВижин» жоопкерчилиги чектелген коомуна төмөнкү лицензиялар берилди: 

үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу (процессинг, клиринг) жана төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына берүү боюнча кызматтарды сунуштоо ишин жүзөгө ашыруу укугуна 2024-жылдын 11-январындагы № 2039110124 лицензия; 

өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу кабыл алуу жана өткөрүү боюнча кызматтарды сунуштоо ишин жүзөгө ашыруу укугуна 2024-жылдын 11-январындагы № 3041110124  лицензия. 


Датасы: 16.01.2024
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт. 

Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында «Мыйзам алдындагы актылардын долбоорлору» / «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтому» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Кызыкдар болгон тараптар токтом долбоору боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2024-жылдын 15-февралынан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына, ошондой эле электрондук версиясын (Word форматында) электрондук дарегине жөнөтүүсү зарыл


Датасы: 16.01.2024
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Ош областы, Өзгөн району, Куршаб айылы, К. Бекмурзаев көчөсү, 1 а дареги боюнча жайгашкан «Миллион плюс» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2021-жылдын 21-июлундагы № 6172 лицензиясынын аракети 2024-жылдын 16-январынан тартып 22-январын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду. 


Датасы: 15.01.2024
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН» ААКтын (мындан ары Банк) «Mbank» мобилдик тиркемесинде кардарлардын акча каражат калдыктарынын туура эмес чагылдырылып жаткандыгы тууралуу даттануулары боюнча төмөнкүлөрдү билдирет.  

Банк тарабынан сунушталган маалыматка ылайык техникалык иш үзгүлтүгү техникалык өнөктөш тарабынан келип чыккан, натыйжада Банктын кардарларынын эсептериндеги акча каражаттары туура эмес берилген.  

Улуттук банк өз кезегинде бул техникалык иш үзгүлтүгү боюнча көзөмөл иш-чараларын жүргүзүүдө.  

Мыйзамда каралган ыйгарым укуктарынын чегинде Улуттук банк жагдайга көз салып, Кыргыз Республикасынын банк системасы үчүн тобокелдиктерди минималдаштыруу жана финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча бардык зарыл чараларды көрүүдө.  


Датасы: 15.01.2024
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзам талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн бир микрокредиттик компаниясына 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 


Датасы: 15.01.2024
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Ош областы, Өзгөн району, Өзгөн шаары, Манас көчөсү, номери жок (болжол: борбордук базар, күрүч сатылган катар) дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Валюта ММА» алмашуу бюросунун 2022-жылдын 21-сентябрындагы № 6362 лицензиясынын аракети 2024-жылдын 13-январынан тартып 19-январын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду. 


Датасы: 12.01.2024
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Улуттук банк Башкармасынын «Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартиби жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Улуттук банк Башкармасынын токтом долбоорун (мындан ары токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт. 

Бул токтом долбоору банктын кардарлары - жеке ишкерлерди аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо шарттарын кеңейтүү максатында иштелип чыккан. 

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында Улуттук банктын ченемдик актылары/Талкууга сунушталган долбоорлор бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылган.  

Сектор токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2024-жылдын 12-февралынан кечиктирбестен asadykov@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл. 


Датасы: 10.01.2024
Туруктуу шилтеме

Төлөм системасы боюнча комитетинин 2023-жылдын 28-декабрындагы токтому менен «Тез Пэйментс» жоопкерчилиги чектелген коомуна өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу кабыл алуу жана өткөрүү боюнча кызматтарды сунуштоо ишин жүзөгө ашыруу укугуна 2023-жылдын 28-декабрындагы № 3040281223 лицензиясы берилди. 


Датасы: 08.01.2024
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү тармагындагы мыйзамдар талаптарына ылайык келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2023-жылдын 27-декабрында № 2023-П-12/82-7-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун (мындан ары токтом) кабыл алды.  

Токтом ошондой эле атайын эсептердин түрлөрүн тактоо жана коммерциялык банктардын капиталдарынын жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) коэффициенттерин эсептөө маселелери боюнча техникалык мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү камтыйт. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Ченемдик укуктук актылар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылат. 


Датасы: 29.12.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиялоо жөнүндө ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» жобону бекитүү жөнүндө» Улуттук банк Башкармасынын токтом долбоорун (мындан ары долбоор) коомдук талкууга чыгарат. 

Бул долбоор микрофинансылык компанияга уруксат берүүчү документтерди берүүдөгү карама-каршылыктарды четтетүү, ошондой эле микрофинансылык компаниялардын жана «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» Ачык акционердик коому адистештирилген финансы-кредиттик уюмунун кызмат адамдарынын иш стажына карата талаптарды кайра карап чыгуу максатында иштелип чыккан. 

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында Улуттук банктын ченемдик актылары / Талкууга сунушталган долбоорлор бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Коммерциялык банктар, микрофинансылык компаниялар, Кредиттик союздардын каржы компаниясы» Ачык акционердик коому адистештирилген финансы-кредиттик уюмужана башка кызыкдар болгон тараптар долбоор боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2024-жылдын 29-январына чейин zmukashova@nbkr.kg электрондук почтасына (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл. 


Датасы: 29.12.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы сүрөтчү-дизайнерлер арасында Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын коллекциялык монеталарынын эскиздеринин долбоорлорун иштеп чыгууга ачык сынак жарыялайт.  

Сынак өткөрүү шарттары тууралуу маалымат Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жайгаштырылган www.nbkr.kg/Сынактар. 


Датасы: 29.12.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында каттоо жол-жобосунан өткөн «KANBERRY PTY» акча которуу системасы эл аралык акча которуулар системасынын реестринде катталды. 

Эл аралык акча которуулар системасынын оператору «KANBERRY PTY» ЖЧК Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында каттоо жол-жобосунан өттү. Реестрдеги каттоо номери - 1054251223. 


Датасы: 29.12.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын, анын ичинде керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзам талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн бир микрокредиттик компанияга 220 000 сом жалпы суммасында 4 айып пул салынды. 


Датасы: 28.12.2023
Туруктуу шилтеме

Чет өлкө валютасында жаңыдан берилген кредиттерди классификациялоо боюнча талаптарды күчөтүү, ошондой эле өзгөчө абал киргизилген мезгилде активдерди классификациялоо боюнча Улуттук банктын учурдагы талаптарын жеңилдетүү максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2023-жылдын 20-декабрында № 2023-П-12/80-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына активдерди классификациялоо маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды.  

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Ченемдик укуктук актылар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылат. 


Датасы: 28.12.2023
Туруктуу шилтеме

Региондо калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган иш-чараларды өткөрүү ишине тартылган ыктыярчылар (тренерлер) жана өнөктөш уюмдар менен Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгында пландуу жолугушуу болду.  

Жолугушууга Ош мамлекеттик университетинин, Ош технологиялык университетинин, Ош “Келечек” балдар борборунун, «ДИА» коомдук фондунун, «АРИС» жана коммерциялык банктын өкүлдөрү катышты.  

Жолугушуунун жүрүшүндө 2023-жылы калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы талкууланып, өнөктөштөргө ыраазычылык айтылды.  

Мындан тышкары, калктын финансылык сабаттуулугун 2024-жылы жогорулатуу боюнча иш-чаралар планы каралды. 

 

 


Датасы: 28.12.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы РК «АМАНБАНК» ААКта атайын режимди узартты 

 

           Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 27-декабрындагы токтомуна ылайык, РК «АМАНБАНК» ААКта Убактылуу администрация атайын режими 2024-жылдын 14-январынан тартып 6 айга узартылды. 

                         Батыркожоева Эльмира Турдуевна РК «АМАНБАНК» ААКсынын Убактылуу администратору болуп дайындалды. 


Датасы: 27.12.2023
Туруктуу шилтеме

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Компаньон Банкы» жабык акционердик коомунун башкы бухгалтери кызмат ордуна сунушталган Бекбулатова Айдана Алдаярбековнанын талапкерлигине 2023-жылдын 26-декабрында макулдук берүү чечимин кабыл алды. 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Оптима Банк» ачык акционердик коомунун ички аудит департаментинин директорунун орун басары - талдоо, методология жана ИТ-аудит бөлүмүнүн начальниги кызмат ордуна Азизов Айбек Элуубековичтин талапкерлигине 2023-жылдын 26-декабрында макулдук берүү чечимин кабыл алды. 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргызкоммерцбанк» ачык акционердик коомунун башкармасынын мүчөсү кызмат ордуна Руренко Оксана Владимировнанын талапкерлигине 2023-жылдын 26-декабрында макулдук берүү чечимин кабыл алды. 


Датасы: 27.12.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ISO 27001:2013 эл аралык стандартын колдонууга киргизди жана ишке ашырды.  

Эл аралык сертификация тажрыйбасына ылайык, Улуттук банктын маалымат коопсуздугун башкаруу системасы (МКБС) сертификациялык аудиттен өттү жана аудиттин жыйынтыгы боюнча дүйнө жүзү боюнча маалымат коопсуздугу багытында таанылган стандарт болуп саналган ISO/IEC 27001:2013 эл аралык стандартка шайкеш N.Certificato: KG/1240IS/1291 сертификатын алды. Бул стандарт маалымат коопсуздугун башкаруу системасын түзүү, тейлөө жана өнүктүрүү талаптарын аныктайт.  

Сертификациялык аудит ACCREDIA Италиянын аккредитациялык органы тарабынан аккредитацияланган International Technical Alliance ITA S.r.l. эл аралык сертификациялык уюму тарабынан жүргүзүлдү.  

ISO 27001 эл аралык стандартын ишке ашыруу жана колдонуу банк секторунда маалымат коопсуздугун өнүктүрүүгө жана өлкөнүн коопсуз банк жана финансы системасын түзүүгө түрткү берет.  

Расмий сертификациялоо Улуттук банк техникалык жана уюштуруу чараларынын бүтүндөй комплексинин эсебинен камсыз кылган коопсуздук процесстерин жогорку деңгээлде уюштурууну тастыктайт.  

Ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген ISO/IEC 27001 шайкештик сертификаты маалыматты, технологияларды жана билимдерди башкаруу процесстерин иштеп чыгууга, жумушчу абалда кармоого жана өркүндөтүүгө, маалыматтын сакталышын, купуялуулугун, бүтүндүгүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга карата Улуттук банктын системалуу мамилесинин маанилүү көрсөткүчү болуп саналат. 


Датасы: 26.12.2023
Туруктуу шилтеме

Калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган иш-чараларды өткөрүү ишине тартылган өнөктөш уюмдар менен Улуттук банктын Жалал-Абад областтык башкармалыгында пландуу жолугушуу болду. 

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад областтык өкүлчүлүгүнүн, Жалал-Абад шаардык мэриясынын, областтык китепкананын, жогорку окуу жайларынын, Жалал-Абад шаардык билим берүү борборунун, шаардык маданият үйүнүн, жарандык коомчулукту колдоо борборунун, Жалал-Абад областтык жаштар иштери жана дене тарбия спорт башкармалыгынын, областтык балдар чыгармачылыгы үйүнүн өкүлдөрү катышты. 

Жолугушуунун жүрүшүндө 2023-жылы калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы талкууланып, өнөктөштөргө ыраазычылык билдирилди. Ошондой эле, калктын финансылык сабаттуулугун 2024-жылы жогорулатуу боюнча иш-чаралар планы каралды. 

 


Датасы: 26.12.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2023-жылдын 13-декабрында №2023-П-33/77-2-(НФКУ) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 22-декабрындагы № 2021-П-33/72-12-(НФКУ) «Микрокаржылоо секторун 2022-2025-жылдары өнүктүрүүнүн негизги багыттарын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтомун кабыл алды.  

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Микрокаржылоо секторун 2022-2025-жылдары өнүктүрүүнүн негизги багыттары Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Банктын милдеттери/Банк эмес финансы уюмдары/ Кыргыз Республикасында микрокаржылоо секторун өнүктүрүүнүн негизги багыттары бөлүгүндө жайгаштырылган. 


Датасы: 26.12.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 20-декабрында № 2023-П-12/80-3-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды, бул токтомдун максаты болуп, Улуттук банктын ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык келтирүү саналат. 

Токтомдун электрондук версиясы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Банк тууралуу/ Банк иши тууралуу мыйзамдар/ Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган. 


Датасы: 25.12.2023
Туруктуу шилтеме

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Керемет Банк» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү кызмат ордуна сунушталган Солтонкулов Касен Ариповичтин талапкерлигине 2023-жылдын 22-декабрында макулдук берүү чечимин кабыл алды. 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Оптима Банк» ачык акционердик коомунун ички аудит департаментинин директору кызмат ордуна сунушталган Мырзабеков Арсен Бейшекеевичтин талапкерлигине 2023-жылдын 22-декабрында макулдук берүү чечимин кабыл алды. 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Халык Банк Кыргызстан» ачык акционердик коомунун башкы бухгалтеринин орун басары кызмат ордуна сунушталган Идинова Гулшат Мелисовнанын талапкерлигине 2023-жылдын 22-декабрында макулдук берүү чечимин кабыл алды. 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Коммерциялык Банк КЫРГЫЗСТАН» ачык акционердик коомунун шарият кеңешинин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Асылбеков Эмильбек Мамановичтин талапкерлигине 2023-жылдын 22-декабрында макулдук берүү чечимин кабыл алды. 

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Коммерциялык Банк КЫРГЫЗСТАН» ачык акционердик коомунун шарият кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна Алимбеков Олжобай Болушовичтин талапкерлигине 2023-жылдын 22-декабрында макулдук берүү чечимин кабыл алды. 

6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Коммерциялык Банк КЫРГЫЗСТАН» ачык акционердик коомунун шарият кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна сунушталган Эшонкулов Тожидин Мусурманкуловичтин талапкерлигине 2023-жылдын 22-декабрында макулдук берүү чечимин кабыл алды. 


Датасы: 25.12.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети коммерциялык банкка 19 080 000 сом өлчөмүндө айып пул салды жана айрым кызмат адамдарына таасир этүү чараларын колдонду. 


Датасы: 22.12.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 31-мартындагы № 2023-П-14/21-2-(ПС) «Эсептешүү банкына карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары долбоор) коомдук талкууга сунуштайт. 

Долбоор Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында «Мыйзам алдындагы актылардын долбоорлору»/«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтому» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Кызыкдар болгон тараптар долбоор боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2024-жылдын 21-январынан кечиктирбестен adjakubova@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл. 


Датасы: 22.12.2023
Туруктуу шилтеме

2023-жылдын 20-декабрында Улуттук банк тарабынан «Элдик турак-жай компаниясы» турак жай-сактык кредиттик компаниясы» ачык акционердик коомуна 2021-жылдын 6-январында айрым банктык операцияларды жүргүзүү укугуна берилген №01 лицензиясы жокко чыгарылды. 


Датасы: 22.12.2023
Туруктуу шилтеме

2023-жылдын 20-декабрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Талас областтык башкармалыгында каражат топтоо жана жеке финансыны башкаруу маданиятына тарбиялоо максатын көздөгөн өнөктөш уюмдары менен массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү ортосунда жолугушуу болуп өттү, анда «Глобалдуу акча жумалыгы» (Global Money Week) жана «Дүйнөлүк каражат топтоо күнү» (World Savings Day) эл аралык маалыматтык-агартуу кампанияларына 2023-жылы тренерлердин катышуусунун жыйынтыгы чыгарылды. 

Жолугушууда катышуучулар эстелик белектер менен сыйланды. 


Датасы: 22.12.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 18-декабрындагы чечими менен «Кыргызкоммерцбанк» ачык акционердик коомуна башка эмитенттердин аффинаждалган стандарттуу жана өлчөнгөн куймалар түрүндөгү баалуу металлдар менен нак жана нак эмес формада операцияларды жүргүзүү укугуна уруксат берилди. 


Датасы: 22.12.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

маалыматтык билдирүүсү  

  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2023-жылдын 22-декабрынан тартып «Тарыхый окуялар» сериясынын «Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл» жана «Кыргыз үрп-адаттары жана ырым-жырымдары» сериясынын «Бешикке салуу» коллекциялык монеталарын жүгүртүүгө чыгарат. 

«Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл» коллекциялык монетасы көз карандысыз Кыргыз Республикасынын биринчи Конституциясы кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгынын урматына арналып чыгарылган. Конституция азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн укуктук негиздерин бекемдеп, мамлекеттин эң жогорку баалуулуктары - адам, анын өмүрү, укуктары жана эркиндиги деп жарыяланган. 

«Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл» коллекциялык монетасынын алдыңкы бетинин негизги сюжети катары түстүү ыкмада берилген Кыргыз Республикасынын Конституциясы чагылдырылган. Монетанын сол жагында: «Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл / Конституции Кыргызской Республики 30 лет» деген жазуу жайгаштырылган, ошондой эле монетанын номиналы жана сомдун графикалык белгиси (5 С) түшүрүлгөн. 

Монетанын арткы бетинин негизги сюжети катары ачылган китептин сүрөтү чагылдырылган. Монетанын ортосунда Кыргыз Республикасынын герби берилген. Монетанын оң жана сол жагында «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы» жана «Национальный банк Кыргызской Республики» деген сөздөр жазылган. Монетанын төмөнкү сол жагында чыгарылган жылы (2023) көрсөтүлгөн. 

 

 

«Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл»  

коллекциялык монетасынын өзгөчөлүгү  

Номиналы 

5 сом 

Металлы (сапат белгиси) 

Мельхиор 

Диаметри (мм) 

33,00 

Салмагы (г) 

15,50 

Сапаты 

«Proof-like» 

Нускасы (даана) 

500 

Сатуу баасы 

2 550 с 

 

«Бешикке салуу» коллекциялык монетасы Кыргызстандын тарыхын, маданиятын таанытуу, ошондой эле кыргыз элинин улуттук салттарын жандандыруу максатында чыгарылган.  

«Бешикке салуу» кыргыздардын бала төрөлгөндө жасалуучу улуттук үрп-адаттарынын бири. Салтка ылайык, жаңы төрөлгөн бала менен энени колдоочу ыйык эне болуп саналган Умай энеден балага узун өмүр, ден соолук тилеп, ымыркайды көп жашаган, дөөлөттүү байбиче бешикке салат. 

Монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжети катары бала кармап отурган эне жана алтын жалатуу технологиясын колдонуу менен аткарылган бешиктин сүрөтү түшүрүлгөн. Монетанын оң жагында «Бешикке салуу» деген жазуу жана монетанын номиналы (10 сом) берилген. Монетанын төмөн жагында металлдын сапат белгиси (Ag 925) менен салмагы (28,28 g) берилген.  

Монетанын арткы бетинин негизги сюжети катары боз үйдүн ичинде бала кармап отурган эне жана кыргыздын оюусу түшүрүлгөн коргоочу касиетке ээ тумар чагылдырылган. Монетанын ортосунда Кыргыз Республикасынын герби берилген. Монетанын жээгин айланта «Кыргыз үрп-адаттары жана ырым-жырымдары» деген сөздөр жазылган. Монетанын төмөн жагында чыгарылган жылы (2023) көрсөтүлгөн.  

 

 

«Бешикке салуу» коллекциялык монетасынын өзгөчөлүгү 

Аталышы  

«Бешикке салуу» 

Номиналы 

10 сом 

Металлы (сапат белгиси) 

Ag 925 

Диаметри (мм) 

38,61 

Салмагы (г) 

28,28 

Сапаты  

«Proof» 

Нускасы (даана) 

1 000 

Сатуу баасы 

6 030 с 

 

Ар бир коллекциялык монета акрил капсулага жайгаштырылып, өзүнчө кутучага салынган. Күмүш монетага сапат сертификаты тиркелген. 

Улуттук валютанын коллекциялык монеталары Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.  

Коллекциялык монеталар Улуттук банктын мекемелеринин кассаларында жумуш күндөрү саат 9.00дан 14.00 чейин, ошондой эле нумизматикалык баалуулуктарды сатуу боюнча www.numizmat.nbkr.kg веб-сайты аркылуу сатылат.  

 

 


Датасы: 21.12.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары 

Улуттук банкта болушту 

 

2023-жылдын 20-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2023-жыл ичинде аткарган иши менен таанышуу үчүн Улуттук банкта болушту. 

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары, фракцияларынын жана депутаттык топторунун лидерлери, комитеттердин төрагалары катышышты. 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына Улуттук банктын негизги функциялары жана милдеттери, Улуттук банктын 2023-жыл ичинде аткарган ишинин алдын ала жыйынтыктары, акча-кредит саясатын ишке ашыруу, финансы-кредит уюмдарынын ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө, өлкөнүн төлөм системасынын натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу боюнча маалыматтар берилди. 

Улуттук банктын Төрагасы Кубанычбек Боконтаев өз сөзүндө: «Инфляциянын деңгээли 2022-жылдын акырындагы 14,7 пайыздан 7,1 пайызга чейин (2023-жылдын 8-декабрына карата) төмөндөп, эл аралык резервдер 3,1 млрд АКШ долларына чейин көбөйүү менен банк жана төлөм системаларынын үзгүлтүксүз иштеши камсыздалууда, ошондой эле улуттук валютанын курсунун туруктуулугу сакталууда», - деп билдирди. 

Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Улуттук банктын ишинин оң натыйжаларын белгилеп, калк үчүн кредиттердин жана банктык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча ишти улантуу, ислам каржылоо принциптерине ылайык кызмат көрсөтүүчү финансы-кредит уюмдарынын ишин өркүндөтүү, ошондой эле QR-код менен мобилдик тиркемелерди колдонуу аркылуу төлөмдөрдү өнүктүрүү зарылчылыгын белгилешти. 

Мындан тышкары, экономиканын учурдагы абалы, валюта рыногундагы кырдаал, өлкөнүн банк жана төлөм системаларынын өнүгүү тенденциялары жана келечеги талкууланды. 

 


Датасы: 21.12.2023
Туруктуу шилтеме

Төлөм системасы боюнча комитетинин 2023-жылдын 15-декабрындагы токтому менен «СиЭсАй» жабык акционердик коомуна үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу (процессинг, клиринг) жана төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына берүү боюнча кызматтарды сунуштоо ишин жүзөгө ашыруу укугуна 2023-жылдын 15-декабрындагы № 2038151223 лицензиясы берилди. 


Датасы: 21.12.2023
Туруктуу шилтеме

Талас областынын аймагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Талас областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын жаранына (Д.С.Т.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 


Датасы: 18.12.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2023-жылдын 13-декабрында № 2023-П-12/77-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 12-августундагы № 2020-П-12/45-3-(НПА) «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтомун кабыл алды. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Ченемдик укуктук акт Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Банк тууралуу/Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылган. 


Датасы: 18.12.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «БАКАЙ БАНК» ачык акционердик коому тарабынан «БАКАЙ БАНК» ААКтын башкармасынын төрагасы кызмат ордуна сунушталган Абакирова Үмүт Анарбековнанын талапкерлигине 2023-жылдын 15-декабрында макулдук берүү чечимин кабыл алды. 


Датасы: 18.12.2023
Туруктуу шилтеме

Жалгыз катышуучу 2023-жылдын 15-декабрында алмашуу бюросунун ишин ыктыярдуу токтотуу жөнүндө чечим кабыл алгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «ЯСИЙН» жоопкерчилиги чектелген коомунун нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна берилген 2021-жылдын 30-июнундагы № 6159 лицензиясын 2023-жылдын 15-декабрынан тартып жокко чыгарды. Алмашуу бюросунун дареги: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад областы, Жалал-Абад шаары, Нагима Айтматова көчөсү, н/ж


Датасы: 15.12.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Жалал-Абад областтык башкармалыгынын өкүлдөрү, 2023-жылдын 14-декабрында улуттук валютанын жүргүзүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгына карата иш-чаралардын алкагында, ЖалалАбад шаарынын мамлекеттик жана муниципалдык мекемелеринин кызматкерлери үчүн Жалал-Абад шаарынын мэриясында «Финансылык сабаттуулук жана Кыргыз Республикасында QR-кодду өнүктүрүү боюнча иш-чаралар» темасында көчмө лекция өткөрдү.  

Лекцияда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ролу жана функциялары, QR-код колдонуу аркылуу төлөм жана акча которууларды өнүктүрүү, финансылык пландаштыруунун жана калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуунун зарылдыгы жана мааниси, банк жана төлөм системаларын келечекте өнүктүрүү тенденциялары тууралуу маалымат берилди.  

Көчмө лекциянын жыйынтыгында Улуттук банктын кызматкерлери катышуучуларга QR-код колдонуу аркылуу төлөм жүргүзүү ыкмалары тууралуу маалыматтык баракчаларды таратып беришти

 

 


Датасы: 15.12.2023
Туруктуу шилтеме

Улуттук банк банктардын жана алмашуу бюролорунун ишине көзөмөлдүк жүргүзүүнү улантууда 

 

Улуттук банк туруктуу негизде коммерциялык банктардын жана алмашуу бюролорунун ишин көзөмөлдөп турат. 

2023-жылдын 11 айы ичинде коммерциялык банктарда 7 комплекстүү жана 165 максаттуу текшерүүлөр жүргүзүлүп, алардын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын так аткаруу зарылдыгы жөнүндө 26 эскертүү жана 202 жазма буйрук жөнөтүлгөн. 

Ошондой эле Улуттук банктан тиешелүү лицензия алуусуз ишкердикти жүргүзгөн 144 алмашуу бюросунун жана 108 чет өлкө валютасын алмаштыруу ишин жүзөгө ашырган жактардын ишине текшерүү жүргүзүлгөн. 

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузгандыгы үчүн тышкы көзөмөлдүн алкагында, ошондой эле Улуттук банктын талаптарын аткарбагандыгы үчүн 396 жазма буйрук жөнөтүлүп, 71 алмашуу бюросунун лицензиясын колдонуу токтотулуп, үч алмашуу бюросунун лицензиясы кайтарылып алынган. 

Мындан тышкары, 29 алмашуу бюросуна карата 55,0 миң сом (жалпы суммасы 1 595,0 миң сом) жана 100 жеке адамга карата 17,5 миң сом (жалпы суммасы 1 750,0 миң сом) өлчөмүндө айып пул салынган. 

Валюта рыногунун катышуучулары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталган учурларда Улуттук банк лицензияны кайтарып алууну кошо алганда, тиешелүү таасир этүү чараларын колдонот. 

 


Датасы: 15.12.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында жана «Сом Кыргызстандын жүзү» темасында иш-чаралар планына ылайык, 2023-жылдын 14-декабрында Улуттук банктын Жалал-Абад областтык башкармалыгында Жалал-Абад шаарынын «Нур-Билим» гимназия-мектебинин окуучулары үчүн финансылык сабаттуулук боюнча атайын лекция өткөрүлдү

Лекциянын жүрүшүндө Улуттук банктын өкүлдөрү студенттерге өлкөнүн башкы банкынын ролу жана функциялары, улуттук валютабыз кыргыз сомунун калыптануу тарыхы, өнүгүү этаптары жана анын коргоо белгилери , Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын нумизматикалык баалуулуктары боюнча маалыматтарды беришти.  

Ошондой эле, үй-бүлө бюджетин пландаштыруу, акчаларды туура топтоо жана инвестицияга жумшоо боюнча маалыматтар берилди. 

Лекцияга келгендер үчүн Улуттук банк тарабынан чыгарылган коллекциялык нумизматикалык монеталардын көргөзмөсү уюштурулду. 

 

 

 

 

 


Датасы: 15.12.2023
Туруктуу шилтеме

Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы тарабынан Россия Федерациясынын жаранына (М.С.М.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 


Датасы: 13.12.2023
Туруктуу шилтеме

Улуттук валютанын 200, 500 жана 1000 сом номиналындагы банкнотторунун 5- сериясы «Жылдын банкноту» аймактык маанилүү сынакта «2023-жылдын банкнотторунун эң мыкты жаңы сериясы» номинациясынын лауреаты болду. 

Үстүбүздөгү жылдын 10-майынан тартып Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан 2023-жылдын үлгүсүндө 200, 500 жана 1000 сом номиналындагы банкноттор жүгүртүүгө чыгарылып, улуттук валютанын банкнотторунун жаңы, 5-сериясы ачылды. 

Банкноттордун жаңы сериясы улуттук валютанын жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгына арналган жана улуттук валютанын эволюциясын чагылдырат: жөнөкөй купондордон баштап, жасалма акча жасоодон коргоонун эң жогорку деңгээлине чейинки банкнотторго чейин. 

Жылдын мыкты аймактык банкнотуна сынак 2023-жылдын 4-6-декабрында Шри-Ланканын Коломбо шаарында «High Security Printing Asia» жогорку деңгээлде корголгон басып чыгаруу боюнча жыл сайын өтүүчү эл аралык конференциянын алкагында өттү

High Security Printing банкнотторду жана башка жогорку деңгээлде корголгон продукцияларды өндүрүү, басып чыгаруу, коргоо элементтерине арналган жыл сайын өтүүчү аймактык ири конференция. 

Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылдын октябрында БАЭнин Дубай шаарында банкнотторду басып чыгаруу жана монеталарды чегүү боюнча өткөн «Mint & Print Conference» эл аралык конференциясында Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын 5-сериядагы жаңы банкноттордун чыгарылышы «Улуттук банктын банкнотторду чыгаруу боюнча инновациялык жана ар тараптуу ыкмасын таануу» категориясында атайын сыйлык менен сыйланды.  

Жаңы банкнотторду даярдоо жана жүгүртүүгө чыгаруу боюнча уникалдуу долбоорду уюштургандыгы, ошондой эле накталай акча жүгүртүү тармагында индустрияны өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн атайын сыйлык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына банкноттордун жаңы сериясын даярдоо жана жүгүртүүгө чыгаруу боюнча көз карандысыз эл аралык эксперттик кеңеш тарабынан ыйгарылды. 

 

 


Датасы: 13.12.2023
Туруктуу шилтеме

2023-жылдын 11-декабрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында жаңыдан кабыл алынган кызматкерлер үчүн «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы коррупцияга каршы аракеттенүү» темасында таанышуу лекциясы болуп өттү

Бул иш-чара дүйнө жүзүндө жыл сайын 9-декабрда белгиленүүчү Эл аралык коррупцияга каршы күрөшүү күнүнө арналган. Лектор катары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча эксперти (ыйгарым укуктуу) А.А. Кешикбаев сүйлөдү

 


 


Датасы: 13.12.2023
Туруктуу шилтеме

Жалал-Абад областынын аймагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Жалал-Абад областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын бир жаранына (М.Ж.А.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 


Датасы: 13.12.2023
Туруктуу шилтеме

Чүй областынын Аламүдүн районунда жана Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын беш жаранынын (А.у.А., А.Б.Б., К.Ж.А., Т.А.А., Т.М.А.) ар бирине 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 


Датасы: 13.12.2023
Туруктуу шилтеме

Чүй областынын Аламүдүн районунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын эки жаранынын (Т.Ж.А., М.К.А.) ар бирине 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 


Датасы: 13.12.2023
Туруктуу шилтеме

«Азия оюндары» коллекциялык монетасы «Монеталар топ жылдызы» 

эл аралык сынагында «Сувенирдик монета» номинациясы боюнча 

үчүнчү байгелүү орунду ээледи 

 

Кытайдын Ханчжоу шаарындагы XIX Азия оюндарына арналган «Спорт» сериясындагы «Азия оюндары» коллекциялык күмүш монетасы дүйнөнүн 18 өлкөсү катышкан 23 катышуучулардын арасынан «Монеталар топ жылдызы» эл аралык сынагында «Сувенирдик монета» номинациясы боюнча үчүнчү байгелүү орунду ээледи.  

Бул коллекциялык монета 2022-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан спорт жаатындагы маанилүү окуяларды жана жетишкендиктерди даңазалоо, жаштар арасында олимпиада оюндарын пропагандалоо, ошондой эле дене тарбия менен спорттун түрлөрүн кеңири жайылтуу максатында чыгарылган.  

«Монеталар топ жылдызы» - бул Россиянын «Уотер Марк» басма үйү тарабынан КМШ өлкөлөрүнүн аймагында өткөрүлгөн жалгыз эл аралык эстелик монеталар сынагы. Сынак аукцион үйлөрүнүн, музейлердин, нумизматикалык коомдордун жана аталган тармакта адистештирилген басылмалардын адистеринен турган атайын калыстар тобу тарабынан төмөнкү критерийлер боюнча бааланган: монетанын дизайны жана анын көркөм чагылдырылышы, монетанын темасын дизайн жана технология аркылуу ачуу, сюжеттин иштелгендиги, аткаруунун сапаты жана монетанын маркетингдик потенциалы. 

 


Датасы: 12.12.2023
Туруктуу шилтеме

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Компаньон Банкы» жабык акционердик коому тарбынан «Компаньон Банкы» жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна сунушталган Снелгар Чад Грэхамдын талапкерлигине 2023-жылдын 12-декабрында макулдук берүү чечимин кабыл алды. 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Компаньон Банкы» жабык акционердик коому тарабынан «Компаньон Банкы» жабык акционердик коомунун башкы бухгалтеринин орун басары кызмат ордуна сунушталган Джусупбекова Эльвира Манатбековнанын талапкерлигине 2023-жылдын 12-декабрында макулдук берүү чечимин кабыл алды. 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «РСК Банкы» ачык акционердик коому тарабынан «РСК Банкы» ачык акционердик коомунун ички аудит башкармалыгынын начальнигинин орун басары кызмат ордуна сунушталган Болотов Мирбек Нарынбековичтин талапкерлигине 2023-жылдын 12-декабрында макулдук берүү чечимин кабыл алды. 


Датасы: 12.12.2023
Туруктуу шилтеме

2023-жылдын 11-декабрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ош областтык башкармалыгынын нумизматикалык музейинде Улуттук банк тарабынан жарыяланган Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгына арналган «Сом Кыргызстандын жүзү» темасында 16-20 жаш курагындагы жаштар арасында эң мыкты видеоролик/репортаж боюнча республикалык сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү

Сынактын жеңүүчүлөрү болуп төмөндөгүлөр табылган:  

1-орун: Тиленов Жыргалбек Авазбекович;  

2-орун: Ош технологиялык университетинин Гуманитардык-технологиялык колледжинин студенттер тобу;  

3-орун: Абдижалилов Жоодарбек Учкунбекович. 

 

 

 

 


Датасы: 08.12.2023
Туруктуу шилтеме

2023-жылдын 8-декабрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында каражат топтоо жана жеке финансыны башкаруу маданиятына тарбиялоо максатын көздөгөн өнөктөш уюмдардын жолугушуусу болуп өттү, анда Кыргызстандын 2023-жылдагы «Глобалдуу акча жумалыгы» (Global Money Week) жана «Дүйнөлүк каражат топтоо күнү» (World Savings Day) эл аралык маалыматтык-билим берүү кампанияларына катышуусунун жыйынтыгы чыгарылды.  

Аталган кампаниялардын алкагында 2023-жылы 700гө жакын финансылык сабаттуулук боюнча ар кандай иш-чаралар өткөрүлгөн: ачык эшик күндөрү, лекциялар, интерактивдүү оюндар, балдар жана жаштар үчүн финансы мекемелерине экскурсиялар жана сынактар. Кампанияга 30дан ашык уюм, 40 миңге жакын адам түздөн-түз иш-чарага катышса, 4 миллиондон ашык адам кыйыр түрдө катышкан. Айрым иш-чаралар юбилейлик дата Улуттук валюта - сомдун жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгына арналган.  

Маалымат үчүн: «Глобалдуу акча жумалыгы» жана «Дүйнөлүк каражат топтоо күнү» кампаниялары Улуттук банктын координациясы алдында 2015-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Эл аралык уюмдар жана өлкөнүн финансы-кредит уюмдары менен биргеликте өткөрүлүп келет. 


Датасы: 08.12.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарында жайгашкан эки алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 


Датасы: 08.12.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2023-жылдын 8-декабрында № 2023-П-12/76-1-(БС) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды. 

Токтомдо туунду компанияларды сатып алууга, түзүүгө, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды тейлөөгө, ошондой эле кардарларга банктык кызматтарды көрсөтүүдө мамлекеттик тилди колдонууга тиешелүү өзгөртүүлөр каралган. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Ченемдик укуктук акт Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылат. 


Датасы: 08.12.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга сунуштайт. 

Долбоор Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын көзөмөл тажрыйбасын эске алуу менен өркүндөтүү максатында иштелип чыккан.  

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg/ru) жайгаштырылган.  

Кызыкдар тараптар токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2024-жылдын 11-январынан кечиктирбестен nzhaparkulova@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.  


Датасы: 08.12.2023
Туруктуу шилтеме

2023-жылдын 29-мартындагы № 74 Кыргыз Республикасынын «Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2023-жылдын 06-декабрында №2023-17/75-2-(НФКУ) «Кредиттик бюролордун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтому кабыл алынды. 

Жогоруда аталган токтом менен жаңыдан ачылып жаткан кредиттик бюролор үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнө карата талаптар белгиленген, ошондой эле токтомго ылайык жаңы талаптарга өтүү процессин текшилөө максатында иштеп жаткан кредиттик бюролордун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүн этап-этабы менен көбөйтүү каралган. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: «www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору» бөлүгүндө жайгаштырылган. 


Датасы: 08.12.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2023-жылдын 6-декабрында Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн бир төлөм уюмуна айып пул салды (55 000 сом өлчөмүндө). 


Датасы: 08.12.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААКтын ишинин маселелери боюнча айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготкон катары таануу жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт. 

Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 5-октябрындагы № 185 «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.  

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg/ru) жайгаштырылган.  

Коммерциялык банктар токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2024-жылдын 8-январынан кечиктирбестен aemilbekova@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.  


Датасы: 06.12.2023
Туруктуу шилтеме

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН» ачык акционердик коому тарабынан «Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН» ААКтын ички аудит кызматынын начальниги кызмат ордуна сунушталган Асанов Адилет Кочкенбаевичтин талапкерлигине 2023-жылдын 5-декабрында макулдук берүү чечимин кабыл алды.». 

 

 


Датасы: 04.12.2023
Туруктуу шилтеме

«Финансылык сабаттуулукту жогорулатуу программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен областындагы өкүлчүлүгү 2023-жылдын 29-30-ноябрь күндөрү финансылык сабаттуулук боюнча Баткен шаарындагы Баткен мамлекеттик университетинин студенттерине эки күндүк тренинг өткөрдү, тренингдин жүрүшүндө студенттерге үй-бүлөлүк бюджет, каражат топтоо, карыз алуудагы мамилелер жана финансылык кызматтарды керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо тууралуу маалымат берилди.».  

 

 

 

 


Датасы: 30.11.2023
Туруктуу шилтеме

«Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы сомдун жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында, 2023-жылдын ноябрь айында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Нарын областтык башкармалыгында Нарын шаарынын мектеп окуучулары жана атайын орто окуу жайларынын студенттери үчүн нумизматикалык баалуулуктарды сатуу көргөзмөсү уюштурулуп, улуттук валютанын өнүгүү этаптары, алардын коргоо белгилери жана нумизматикалык баалуулуктардын өзгөчөлүктөрү, ошондой эле QR-кодду колдонуу менен төлөм жүргүзүү тууралуу лекциялар окулду.». 

 

 

 

 

 


Датасы: 30.11.2023
Туруктуу шилтеме

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ош областтык башкармалыгы, улуттук валютанын жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында, 2023-жылдын 27-28-ноябрь күндөрү Ош областынын Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылындагы Алайчы уулу Саит атындагы инновациялык орто мектебинин, Кашка-Суу айылындагы Эсенкелди уулу Максатбек атындагы орто мектебинин жана Ноокат районунун Кара-Таш айылындагы Абдыманап Мамыров атындагы орто мектебинин жогорку класстарынын окуучулары үчүн көчмө семинарларды өткөрдү.  

Көчмө семинардын жүрүшүндө окуучуларга улуттук валютанын тарыхы, өнүгүү этаптары жана анын коргоо белгилери, QR-кодду колдонуу аркылуу төлөмдөрдү жана акча которууларды жүргүзүү, ошондой эле финансылык пландаштыруу жана үй-бүлөлүк бюджет тууралуу лекциялар окулду.». 

 

 

 

 

 

 

 

 


Датасы: 30.11.2023
Туруктуу шилтеме

«Катышуучулардын 2023-жылдын 13-ноябрында болуп өткөн жалпы чогулушунда өз ыктыяры менен жоюлуу чечимин кабыл алынгандыгына байланыштуу «Кредиттик союз ТЭМ» финансылык кооперативинин 2010-жылдын 22-январындагы №39-лицензиясы 2023-жылдын 29-ноябрынан тартып жокко чыгарылды. Юридикалык дареги: Талас шаары, Бердике Баатыр көчөсү 200/10». 

 


Датасы: 29.11.2023
Туруктуу шилтеме

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына маалымат системаларынын аудити маселеси боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Улуттук банк Башкармасынын токтом долбоорун (мындан ары токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт. 

Токтом долбоору, банктын маалымат системалары жана маалымат коопсуздугу боюнча операциялык тобокелдикти азайтуу максатында иштелип чыккан. 

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылган.  

Банктар токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2023-жылдын 29-декабрынан кечиктирбестен nipasova@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.».  

 


Датасы: 28.11.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  

эсептик ченди 13,00 пайыз деңгээлинде сактап калды 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2023-жылдын 27-ноябрында эсептик ченди (негизги ченди) 13,00 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Чечим 2023-жылдын 28-ноябрынан тартып күчүнө кирет. 

Улуттук банктын акча-кредит саясатынын чаралары инфляцияны төмөндөтүүгө өбөлгө түзгөн. Жылдык инфляциянын көрсөткүчтөрү бир калыпта жай төмөндөө тенденциясын көрсөтүүдө 2023-жылдын ноябрь айында ал 8,0 пайызды түзгөн, бул 2023-жылдын башына карата белгиленген көрсөткүчтөн 6,7 пайыздык пунктка төмөн дегенди билдирет.  

Инфляциянын түзүмүндө туруктуу басаңдоо азык-түлүк товарларында катталган, аларга болгон баалардын өсүшү айрым товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу тарабынан убактылуу көрүлгөн чараларды эске алганда, жылдык мааниде 2023-жылдын башына карата 15,8 пайыздан 2023-жылдын ноябрь айында 3,9 пайызга чейин төмөндөгөн. Ошол эле учурда, азык-түлүктөн башка товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баалар, тариф саясаты боюнча жүргүзүлгөн чаралардын таасирин жана байкалган ички жогорку суроо-талапты чагылдыруу менен мурдагы маанилерде сакталган. 

Кыргыз Республикасынын экономикасы өсүү динамикасын көрсөтүүдө: ИДӨнүн реалдуу өсүшү 2023-жылдын январь-октябрь айларында 4,5 пайызды, “Кумтөр” алтын кенин казып алуу ишканаларын эске албаганда 6,5 пайызды түзгөн. Негизги салым кызмат көрсөтүү сектору менен иштеп чыгуу өнөр жайындагы жогорку активдүүлүктүн эсебинен камсыздалган. Ички керектөөнүн өсүшү керектөө кредиттерин берүүнүн кеңейиши жана реалдуу эмгек акынын өсүшү менен шартталган. 

Өтүп жаткан жылдын башынан тартып монетардык сектордо байкалган тенденциялар сакталган. Акча рыногунун кыска мөөнөттүү чендери негизги чендин динамикасы менен жалпы багытка ээ болуп, Улуттук банк тарабынан белгиленген пайыздык чектин чегинде сакталышын уланткан. Банк системасы сом сыяктуу эле чет өлкө валютасында да жетиштүү ликвиддүүлүккө ээ. Валюта рыногундагы кырдаал туруктуу сакталып турат.  

Дүйнөлүк азык-түлүк рыногунда баалардын төмөндөшү боюнча түптөлгөн баа конъюнктурасы керектөө куржунундагы айрым ички товарлардын бааларына оң таасирин тийгизип жатат. Ошол эле учурда, геосаясий тобокелдиктерге байланыштуу тышкы чөйрөдө сакталып турган жогорку белгисиздик менен туруксуз абал дагы деле Кыргыз Республикасынын экономикасы үчүн инфляцияны шарттаган факторлор бойдон калууда. 

Акча-кредит саясатынын көрүлүп жаткан чаралары өлкөдөгү инфляциялык процесстерге тышкы жана ички факторлордун тийгизиши мүмкүн болгон терс таасирлерин төмөндөтүүгө өбөлгө түзүүдө. Өлкөнүн экономикасында сакталган факторлорду, анын ичинде инфляциялык күтүүлөрдү жана базалык инфляциянын туруктуу динамикасын эске алып, эсептик ченди 13,00 пайыз деңгээлинде калтыруу жөнүндө кабыл алынган чечим орто мөөнөттүү келечекте инфляцияны 5-7 пайыз чегинде максаттуу көрсөткүчтөргө жетишүүгө түрткү берет.  

Улуттук банк сырткы чөйрө сыяктуу эле, ички ата мекендик экономикада да түптөлүп жаткан жагдайга дайыма көз салып турат. Кандайдыр бир тобокелдиктер келип чыккан учурда, Улуттук банк жүргүзүлүп жаткан монетардык саясатка кошумча корректировкаларды киргизүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт.  

 


Датасы: 27.11.2023
Туруктуу шилтеме

Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу  

Сот адилеттигинин жогорку мектеби менен биргеликте судьялар үчүн эки күндүк тренинг өткөрдү 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2023-жылдын 23-24-ноябрь күндөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде судьялар үчүн тренинг өткөрдү. Бул иш-чаранын максаты болуп, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана анын көзөмөлүнө алынган субъекттердин ишине байланыштуу кыйла маанилүү маселелерди талкуулоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын судьяларынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу саналат.  

Бул тренингге өлкөнүн бардык региондорунан жана Бишкек шаарынан жалпы юрисдикциядагы жана административдик соттордун, анын ичинде биринчи жана экинчи инстанциядагы соттордун судьялары катышты. 

Тренинг «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ролу, функциялары, ыйгарым укуктары жана ченем жаратуу иши. Улуттук банктын таасир этүү чараларына, ченемдик укуктук актыларына жана башка чечимдерине карата даттануу иштерин кароо боюнча сот тажрыйбасы» темасына арналган. Бул тренингде Улуттук банктын кызматкерлери лекция окушту. 

 

 

 

 

 


Датасы: 27.11.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгына арналган «Сом  Кыргызстандын жүзү» темасында жаштар арасында эң мыкты видеоролик/ репортаж боюнча республикалык сынактын жыйынтыктары 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгына арналган «Сом  Кыргызстандын жүзү» темасында 16-20 жаш курагындагы жаштар арасында эң мыкты видеоролик/ репортаж боюнча республикалык сынактын (мындан ары  сынак) жыйынтыгын чыгарды.  

Сынак жаштар менен жаш муунду улуттук валютага сарамжал мамиле кылууга үйрөтүү, финансылык сабаттуулук маселесине жаштардын көңүлүн буруу, жаштарды чыгармачылыкка тартуу, Улуттук банктын аткарган иши тууралуу коомчулуктун маалымдар болушуна өбөлгө түзгөн темаларды көбүрөөк чагылдыруу, калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу максатында өткөрүлдү

Сынактын жеңүүчүлөрү:  

1-орун  Тиленов Жыргалбек Авазбекович; 

2-орун  Ош технологиялык университетинин Гуманитардык-технологиялык колледжинин студенттер тобу; 

3-орун   Абдижалилов Жоодарбек Учкунбекович. 

Сынактын бардык катышуучуларына терең ыраазычылык билдиребиз.    

Сыйлоо аземи 2023-жылдын 11-декабрында өтөт.    

Бардык суроолор боюнча 0312 61 24 14 телефонуна чалсаңыздар болот.   


Датасы: 24.11.2023
Туруктуу шилтеме

Жалгыз катышуучусу 2023-жылдын 23-ноябрында алмашуу бюросунун ишин ыктыярдуу токтотуу жөнүндө чечим кабыл алгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Сухбат-Ата» жоопкерчилиги чектелген коомунун нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна берилген 2022-жылдын 24-ноябрындагы № 6410 лицензиясын 2023-жылдын 23-ноябрынан тартып жокко чыгарды. Алмашуу бюросунун дареги: Кыргыз Республикасы, Ош областы, Кара-Суу району, Төлөйкөн а/а, Дыйкан-Кыштак а., Амир-Темур көчөсү, н/ж


Датасы: 23.11.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Талас областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын жаранына (Т.у.М.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 


Датасы: 23.11.2023
Туруктуу шилтеме

Эл аралык валюта фонду Кыргыз Республикасына  

иш сапары менен келди 

 

Кыргыз Республикасында 2023-жылдын 9-ноябрынан тартып 22-ноябрь күндөрү Николоз Гигинеишвили мырза башында турган Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) миссиясы болуп өттү

ЭВФ миссиясы ЭВФ Макулдашуусунун IV статьясына ылайык жылдык консультациялардын алкагында өттү. Миссиянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана башка уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуулар болду. 

2023-жылдын 22-ноябрында Улуттук банктын төрагасы К.К. Боконтаев ЭВФ командасы менен жыйынтыктоочу жолугушуу өткөрдү. Анын жүрүшүндө тараптар өлкөдөгү макроэкономикалык абал, анын ичинде, инфляция динамикасы жана тышкы сектор, ошондой эле тиешелүү саясат чаралары боюнча маселелерди талкуулашты. 

 

 


Датасы: 22.11.2023
Туруктуу шилтеме

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргызкоммерцбанк» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү/аудит боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Алтухова Любовь Дмитриевнанын талапкерлигине 2023-жылдын 21-ноябрында макулдук берүү чечимин кабыл алды. 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Айыл Банк» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна сунушталган Молдобеков Камбарбек Амантуровичтин талапкерлигине 2023-жылдын 21-ноябрында макулдук берүү чечимин кабыл алды. 


Датасы: 22.11.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Жалал-Абад областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын бир жаранына (М.Б.У.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 


Датасы: 21.11.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтом долбоорлорун коомдук талкууга сунуштайт: 

1. «Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелерин» бекитүү жөнүндө». 

2. «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКтын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКтын ишин жөнгө салуу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө». 

Токтом долбоорлору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылган.  

Сектор токтом долбоорлору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2023-жылдын 22-декабрынан кечиктирбестен электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл. 


Датасы: 21.11.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн 2023-жылдын 22-ноябрынан тартып Бишкек шаары, Москва көчөсү 191 дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Бишкек Файненшиал Энд Ай Ти Солюшанс» алмашуу бюросунун нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2023-жылдын 16-мартындагы № 6488 лицензиясы кайтарылып алынды. 


Датасы: 20.11.2023
Туруктуу шилтеме

2023-жылдын 18-ноябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин борбордук аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кызматкерлери үчүн финансылык сабаттуулук боюнча семинар өткөрдү. Семинар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген 20222026-жылдарга финансылык жеткиликтүүлүктү жогорулатуу стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруунун алкагында уюштурулду. 

Семинардын жүрүшүндө катышуучулар жеке/үй-бүлөлүк бюджетти башкаруу көндүмдөрү менен таанышышты, ошондой эле финансылык сабаттуулук боюнча негизги компетенцияларды мамлекеттик билим берүү стандарттарына интеграциялоо маселелерин талкуулашты. 

 

 

 

 

 

 

 


Датасы: 20.11.2023
Туруктуу шилтеме

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык иш алып барган банк эмес финансы-кредит уюмдарынын финансылык отчетторун түзүүгө, жарыялоого жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берүүгө карата талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу токтом долбоорун (мындан ары токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт.  

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Финансы-кредит уюмдары токтом долбоору боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2023-жылдын 20-декабрынан кечиктирбестен msatybaldieva@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл. 


Датасы: 17.11.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы К.К.Бөкөнтаев 2023-жылдын 15-ноябрында Алматы шаарында өткөн Казакстан Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгына арналган Казакстан финансисттеринин XI конгрессине катышты. 

Конгресстин жүрүшүндө борбордук банктардын жана финансылык жөнгө салуу органдарынын өкүлдөрү макроэкономикалык туруктуулук, акча-кредит саясаты, ошондой эле санариптик трансформация шарттарында финансы секторунун туруктуулугу маселелерин талкуулашты. Борбордук (улуттук) банктардын жетекчилеринин катышуусунда өткөн пленардык жыйында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы К.К. Бөкөнтаев «Азыркы шарттарда акча-кредит саясаты» деген темада доклад жасады. 

Мындан тышкары, Конгресстин алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башчысы К.К. Бөкөнтаев менен Азербайжан Республикасынын Борбордук банкынын төрагасы Талех Казимов, ошондой эле Россия Федерациясынын Борбордук банкынын төрагасынын орун басары Ольга Полякова ортосунда эки тараптуу жолугушуулардын чегинде тараптар эки тараптуу кызматташуу боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашты. 

 


Датасы: 16.11.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети токтотулду:  

- 2023-жылдын 16-ноябрынан тартып 22-ноябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына: Ош шаары, Курманжан Датка көчөсү 344 (болжол менен: «Батыр» кафеси) дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Форекс маркет» алмашуу бюросунун 2022-жылдын 13-январындагы № 6255 лицензиясы; 

- 2023-жылдын 16-ноябрынан тартып 22-ноябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына: Ош шаары, Ленин көчөсү (номери жок, болжол менен: «Ош-Нуру» мейманканасы, Ленин жана Баялинов көчөлөрүнүн кесилиши) дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Салават Юг» алмашуу бюросунун 2022-жылдын 16-декабрындагы № 6431 лицензиясы;  

- 2023-жылдын 15-ноябрынан тартып 21-ноябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына Ош областы, Өзгөн району, Өзгөн шаары, Манас көчөсү ( номери жок, болжол: «Мээрчөп» дарыканасы) дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Фахридин» алмашуу бюросунун 2022-жылдын 16-февралындагы № 6466 лицензиясы. 

 


Датасы: 16.11.2023
Туруктуу шилтеме

Эл аралык электрондук акча системасынын оператору «ПО MaxPay» ЖЧШ Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында каттоо жол-жобосунан өттү.  

Реестрдеги каттоо номери 5018091123. 

 

 


Датасы: 15.11.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасын жүгүртүүгө киргизүүнүн 30 жылдыгына карата иш-чаралардын алкагында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ош областтык башкармалыгы 2023-жылдын 14-ноябрында Ош областынын Өзгөн районунун Өзгөн шаарында коммерциялык банктардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен жергиликтүү жарандарга «Финансылык сабаттуулук жана Кыргыз Республикасында QR-кодду өнүктүрүү боюнча иш-чаралар» темасында көчмө семинар уюштуруп өткөрдү

Семинардын жүрүшүндө улуттук валютанын тарыхы, өнүгүү этаптары жана анын коргоо белгилери, QR-код колдонуу аркылуу төлөмдөрдү жана акча которууларды өнүктүрүү, финансылык сабаттуулук, акча каражатын сарамжалдуу колдонуу, топтоо маданияты жана финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча Улуттук банктын ресурстары тууралуу маалымат берилди. 

 

 


Датасы: 15.11.2023
Туруктуу шилтеме

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Капитал Банк» ачык акционердик коому тарабынан «Капитал Банк» ААКтын ички аудит кызматынын начальниги кызмат ордуна сунушталган Куренкеев Эдиль Бектурсуновичтин талапкерлигине 2023-жылдын 14-ноябрында макулдук берүү чечимин кабыл алды. 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Халык Банк Кыргызстан» ачык акционердик коому тарабынан «Халык Банк Кыргызстан» ААКтын директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү/аудит боюнча комитеттин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Сыдыков Аскар Куттубековичтин талапкерлигине 2023-жылдын 14-ноябрында макулдук берүү чечимин кабыл алды. 


Датасы: 15.11.2023
Туруктуу шилтеме

2023-жылдын 14-ноябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында Улуттук банктын төрагасынын орун басары М.Ж. Жакыпов менен Венгриянын эки тараптуу мамилелер боюнча Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик катчысы Тамаш Менцер баштаган Венгрия өкмөтүнүн делегациясы ортосунда жолугушуу болуп өттү.  

Жолугушууда банк тармагында эки тараптуу кызматташуу жана Кыргызстандын финансы рыногун өнүктүрүү боюнча өз ара иш алып баруу маселелери талкууланды. 

Мындан тышкары, жолугушууда тараптар дүйнөлүк экономикадагы кырдаал тууралуу пикир алмашышты. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан учурда өлкөдөгү макроэкономикалык жагдай жөнүндө, атап айтканда, Кыргыз Республикасында акча-кредит саясаты, банк иши, төлөм системалары боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө кеңири маалымат берилди. 

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан ары өз ара пайдалуу кызматташууга даярдыгын билдиришти. 

 

 

 

 


Датасы: 15.11.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы банктын убактылуу администратору катары дайындоо үчүн маалымат базасына киргизүүгө талапкерлерди тандоо боюнча сынактын жыйынтыгы тууралуу маалымдайт 

 

№ 

Аты-жөнү 

Алыбаев Таалайбек Орунбаевич 

Иманалиев Мырзакунбек Самарбекович 

 

 

 

 


Датасы: 14.11.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн бир микрокредиттик компаниясына 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.  


Датасы: 13.11.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети токтотулду: 

- 2023-жылдын 11-ноябрынан тартып 25-ноябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына Бишкек шаары, Дэн Сяопин проспекти, 10-үй, 23-квартира дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Азирет кей джи» алмашуу бюросунун 2022-жылдын 29-августундагы № 6346 лицензиясы; 

- 2023-жылдын 11-ноябрынан тартып 20-ноябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына Бишкек шаары, Дэн Сяопин проспекти, 4-үй, 3-квартира дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «АзиНур ДЧД» алмашуу бюросунун 2022-жылдын 12-октябрындагы № 6374 лицензиясы. 


Датасы: 11.11.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Евразиялык Сактык Банкы» ачык акционердик коому тарабынан «Евразиялык Сактык Банкы» ААКтын бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук башкармалыгынын начальниги/башкы бухгалтеринин орун басары кызмат ордуна сунушталган Молдоказиева Мээрим Молдоказиевнанын талапкерлигине 2023-жылдын 10-ноябрында макулдук берүү чечимин кабыл алды. 

 


Датасы: 10.11.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн 2023-жылдын 2-ноябрында бир төлөм уюмуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салды. 


Датасы: 10.11.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында каттоо жол-жобосунан өткөн эл аралык акча которуулар системасынын реестринде «Эл аралык акча которуулардын төлөм системасы «Квикпэй»» акча которуу системасы каттоодон өттү

Эл аралык акча которуулар системасынын оператору «КВИКПЭЙ» ЖЧК Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында каттоо жол-жобосунан өттү. Реестрдеги каттоо номери 1053101123. 


Датасы: 09.11.2023
Туруктуу шилтеме

2023-жылдын 19-октябрында жана 2-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ысык-Көл областтык башкармалыгынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын кызматкерлери менен биргеликте, Каракол шаарында жайгашкан соода-тейлөө ишканаларында товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөрдү накталай эмес формада кабыл алуу үчүн банктык жана/же башка жабдуулардын (анын ичинде QR-коддун) болушуна мониторинг жүргүздү

Мониторингдин жүрүшүндө товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөрдү накталай эмес формада кабыл алуу үчүн банктык жана/же башка жабдуулар (анын ичинде QR-коду) жок соода-тейлөө ишканаларына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 869 «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө» токтомун аткаруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

 

 

 

 

 


Датасы: 03.11.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-мартындагы №9/10 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарында кассалык операцияларды ишке ашыруу боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт. 

Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында «Мыйзам алдындагы актылардын долбоорлору»/«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтому» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Кызыкдар болгон тараптар токтом долбоору боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2023-жылдын 1-декабрынан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына, ошондой эле электрондук версиясын ntaalaibekov@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл. 

 


Датасы: 03.11.2023
Туруктуу шилтеме

2023-жылдын 2-ноябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан «Кыргыз-Швейцариялык Банк» Жабык акционердик коомунун толук фирмалык аталышы жана кыскартылган фирмалык аталышы өзгөргөндүгүнө байланыштуу «КШБ» ЖАКтын лицензиясы алмаштырылды.  

- мамлекет тилдеги толук аталышы: «КСБ Коммерциялык Банк» Жабык акционердик коому;  

- мамлекет тилдеги кыскартылган аталышы: «КСБ КБ» ЖАК; 

- расмий тилдеги толук аталышы: Закрытое акционерное общество «Коммерческий Банк КСБ»; 

- расмий тилдеги кыскартылган аталышы: ЗАО «КБ КСБ». 


Датасы: 03.11.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында 2023-жылдын 2-ноябрында Улуттук банктын төрагасынын орун басары К.Э. Куленбековдун жетекчилиги алдында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, «УКУК» мамлекеттик мекемесинин, коммерциялык банктардын жана «Банктар аралык процессинг борбору» жабык акционердик коомунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен Төлөм системасы боюнча банктар аралык кеңештин кезектеги отуруму болуп өттү.  

Отурумдун жүрүшүндө төмөнкү маселелер талкууланды

- айып пулдарды төлөө сервиси, сервиске туташуу жана катышуу мүмкүнчүлүгү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2022-жылдын 16-декабрындагы № 680/66-6 «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү накталай эмес формада кабыл алуу жөнүндө» токтомун ишке ашыруу; 

- QR-кодду колдонуу менен төлөм жүргүзүүнү жана которууларды андан ары жайылтуу; 

- төлөм терминалдарын жана банкоматтарды улуттук валютанын банкнотторун кабыл алууга тууралоо

 

 


Датасы: 02.11.2023
Туруктуу шилтеме

2023-жылдын 1-2-ноябрында Бишкек шаарында Евразия борбордук (улуттук) банктарынын кеңешинин (мындан ары - Кеңеш) 49-отуруму болуп өттү. Отурумдун жүрүшүндө Кеңештин мүчөлөрү тарабынан ишке ашырылуучу банктык жана банк эмес секторлорду көзөмөлдөө маселелери каралып, финансылык туруктуулукту камсыз кылуу, улуттук төлөм системаларын өнүктүрүү, борбордук банктын транспаренттүүлүгүнө жетишүү чаралары талкууланды.  

Ошондой эле борбордук (улуттук) банктардын персоналын кесиптик окутуу, акча белгилерин чыгаруу, нумизматика рыногун өнүктүрүү, эстелик жана коллекциялык монеталарды чыгаруу, жасалма акча жасоого каршы аракеттерди көрүү, борбордук (улуттук) банктарда аудитордук ишкердик, финансылык кызматтарды керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо маселелери боюнча профилдик координациялык жана консультациялык кеңештердин иши тууралуу маалымат берилди. 

Маалымат катары: Евразия борбордук (улуттук) банктарынын кеңеши бул интеграциялык бирикме, анын максаты катары финансы-банк чөйрөсүндө интеграцияны тереңдетүү, улуттук валюталык-финансылык жана банктык системаларды өнүктүрүү маселелери боюнча тараптардын иш-аракеттерин координациялоо, көп тараптуу жана эки тараптуу төлөм-эсептешүү мамилелерин өркүндөтүү жана башка маселелер саналат. Кеңештин мүчөлөрү болуп Армян Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын жана Тажикстандын борбордук (улуттук) банктары саналат. Мамлекеттер аралык банк Кеңештин катчылыгынын функцияларын аткарат. 

 

 

 

 


Датасы: 02.11.2023
Туруктуу шилтеме

2023-жылдын 30-31-октябрь күнү «Дүйнөлүк каражат топтоо күнү–2023» (The World Savings Day) масштабдуу маалымат-билим берүү иш-чарасынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ош областтык башкармалыгынын нумизматикалык музейинде Ош шаарындагы №52 «Кыргыз-Түрк достугу» мектеп-лицейинин окуучуларына, Ош мамлекеттик университетине караштуу STEM инновациялык колледжинин студенттерине жана «Келечек» балдардын чыгармачылык борборунун окуучуларына экскурсия уюштурулуп, лекциялар окулду. 

Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгынын нумизматикалык музейинде нумизматикалык экспонаттар көрсөтүлүп, улуттук валютанын тарыхы, өнүгүү этаптары жана алардын коргоо белгилери жөнүндө лекция окулду, ошондой эле QR-кодду колдонуу менен төлөм жүргүзүү тууралуу маалыматтар берилди. 

 

 

 

 


Датасы: 02.11.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Жалал-Абад областтык башкармалыгынын өкүлдөрү, Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнө карата ишчара өткөрүүнүн алкагында, 2023-жылдын 31-октябрында Жалал-Абад шаарындагы № 4 гимназия орто мектебинин 8-классынын окуучулары үчүн «Кыялдар канат байлаганда» урааны алдында көчмө семинар өткөрдү

Көчмө семинарда улуттук акчага сарамжалдуу мамиле жасоо, каражатты үнөмдөө, каражат топтоо маданиятын жайылтуу, ошондой эле банк кызматтарын санариптештирүү жана аны колдонууну кеңири жайылтуу тууралуу маалымат берилди. 

 

 


Датасы: 01.11.2023
Туруктуу шилтеме

Дүйнөлүк каражат топтоо күнү 2023 иш-чарасынын алкагында, 2023-жылдын 25-октябрынан тартып 31-октябрь күндөрү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Нарын областтык башкармалыгынын өкүлдөрү Нарын шаарындагы Т. Сатылганов атындагы №1 орто мектебинин окуучулары, М. Субакожоев атындагы Нарын лицейинин, Нарын педагогикалык жана медициналык окуу жайларынын студенттери үчүн финансылык сабаттуулук боюнча лекция өткөрдү.   

Лекция учурунда окуучулар менен студенттерге үй-бүлөлүк бюджет жана улуттук валютага аяр мамиле жасоо тууралуу маалыматтар берилип, нумизматикалык көргөзмө уюштурулду. 

 

 

 

 


Датасы: 31.10.2023
Туруктуу шилтеме

2023-жылдын 31-октябрында - Дүйнөлүк каражат топтоо күнүн майрамдоого карата Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгына арналган «Сом Кыргызстандын жүзү» темасында 12-15 жаш курактагы балдар арасында эссе жазуу боюнча республикалык сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү.  

Сынактын жеңүүчүлөрү:  

1-орун Кансултанов Аятбек  

2-орун Баталгазиев Азирет  

3-орун Шимарова Раяна  

3-орун Абдыкадырова Сезим  

 

Төмөнкүлөр кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланат:  

1. Бийназаров Данат  

2. Исакова Алтынай  

3. Дуйшонбекова Амина  

4. Жакыпбекова Гүлсүнайым  

5. Абдуллах Абдурашидов  

6. Абдирайимова Саадат  

 

Республикалык сынактын жеңүүчүлөрү эстелик дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланды. 

 

 

 


Датасы: 31.10.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргызстанда Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет (The World Savings Day) 

 

2023-жылдын 31-октябрында дүйнөдөгү 69 өлкөдө Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет.  

Кампаниянын тарыхы Италиядагы Милан шаарында каражат топтоо банктарынын биринчи эл аралык конгрессинде 1924-жылдын 31-октябрын Дүйнөлүк каражат топтоо күнү катары жарыялоодон башталган. 

 

Дүйнөлүк каражат топтоо күнү (The World Savings Day) Кыргызстанда «Кыялдар канат байлаганда» урааны менен калктын финансылык сабаттуулугун жана каражат топтоо маданиятын жогорулатуу максатында жыл сайын өтүүчү ири масштабдуу маалыматтык-билим берүү кампаниясы. Өлкөбүздө 2015-жылдан тартып бул маалыматтык-билим берүү кампаниясын өткөрүү калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча салттуу иш-чаралардын бири болуп калды. 

Каражат топтоо адам өз акчасын канчалык туура пайдаланып жаткандыгын көрсөтөт. Каражат топтоо, адатта, финансылык чыгымдарга байланышкан убактылуу кыйынчылыктарды жеңүү үчүн финансылык коопсуздукту камсыз кылууда өзгөчө маанилүү.  

Мындан тышкары, каражат топтоо финансылык максаттарга жетүүдө, жеке бизнес ачууда же акчаны пассивдүү киреше алуу үчүн инвестициялоодо маанилүү ролду ойнойт. 

Бул жылы Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнө арналган иш-чаралар 24-31-октябрга чейин республиканын бардык регионунда өткөрүлдү

Иш-чараларга мамлекеттик органдар, коммерциялык банктар, билим берүү мекемелери, өкмөттүк эмес уюмдар ж. б. катышты. 

 


Датасы: 31.10.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Талас областтык башкармалыгынын өкүлдөрү, 2023-жылдын 26-27-октябрында Дүйнөлүк каражат топтоо күнү 2023 иш-чарасынын алкагында, областтык башкармалыктын имаратында Талас мамлекеттик университетинин студенттери үчүн финансылык сабаттуулук боюнча лекция окуп, аны менен бирге нумизматикалык көргөзмө өткөрүштү.  

Лекцияда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ролу жана функциялары, улуттук валюта  кыргыз сомунун калыптануу тарыхы, финансылык пландаштыруунун жана калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуунун зарылдыгы жана мааниси, QR-код колдонуу аркылуу төлөм жана акча которууларды өнүктүрүү тууралуу маалымат берилди. 

 


Датасы: 31.10.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен областындагы өкүлчүлүгү 2023-жылдын 30-октябрында Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнө карата иш-чаралардын алкагында Баткен шаарында Баткен мамлекеттик университетинин студенттери үчүн көчмө семинар өткөрдү

Көчмө семинарда улуттук валютанын калыптануу тарыхы, акчага аяр мамиле жасоо, каражатты үнөмдөө, каражат топтоо маданиятын калыптандыруу, ошондой эле банк кызматтарын санариптештирүү жана аны колдонууну кеңири жайылтуу тууралуу маалымат берилди. 

 

 

 


Датасы: 31.10.2023
Туруктуу шилтеме

Төлөм системасы боюнча комитетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы токтому менен «Телемедиа Сервис» жоопкерчилиги чектелген коомуна төмөнкү лицензиялар берилди: 

үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу (процессинг, клиринг) жана төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына берүү боюнча кызматтарды сунуштоо ишин жүзөгө ашыруу укугуна 2023-жылдын 25-октябрындагы № 2037251023 лицензия; 

өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу кабыл алуу жана өткөрүү боюнча кызматтарды сунуштоо ишин жүзөгө ашыруу укугуна 2023-жылдын 25-октябрындагы № 3039251023 лицензия. 


Датасы: 31.10.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  

эсептик ченди 13,00 пайыз деңгээлинде сактап калды 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2023-жылдын 30-октябрында эсептик ченди (негизги ченди) 13,00 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Чечим 2023-жылдын 31-октябрынан тартып күчүнө кирет. 

Кыргыз Республикасынын экономикасы ачык болгондуктан, бүтүндөй дүйнөлүк экономика сыяктуу сырткы чөйрөдө болуп жаткан өзгөрүүлөр да, региондогу өзгөрүүлөр да өлкөдөгү баа динамикасына өз таасирин тийгизип жатат. Дүйнөлүк экономиканын экономикалык өсүшү бир калыпта болбой, калыбына келүү процесси жай жүрүп жатат. Дүйнөлүк инфляциянын динамикасы жогорку мааниде сакталып тургандыгына байланыштуу алдыңкы өлкөлөрдүн борбордук банктары акча-кредит саясатын катуулатуу багытына бет алууда. Аны менен катар, дүйнөдө болуп жаткан геосаясий кырдаал тышкы шарттардын бир калыпта сакталбагандыгынын, анын жыйынтыгы катары дүйнөлүк инфляциянын андан аркы траекториясынын белгисиз болушунун олуттуу факторунан болууда.  

Кыргыз Республикасында экономикалык иш көбүнэсе кызмат көрсөтүүнү керектөө активдүү болуп жаткандыктан кеңейип жатат. 2023-жылдын январь-сентябрь айларында ИДӨнүн реалдуу өсүшү 4,2 пайызды (“Кумтөр” алтын кенин казып алуу ишканаларын эске албаганда 5,9 пайыз) түздү. Туруктуу ички суроо-талап бюджет-салык саясатынын чаралары жана банк секторунда керектөө кредиттеринин өсүшү менен колдоого алынып турган.  

Кыргыз Республикасында жылдык инфляциянын көрсөткүчү басаңдаганы байкалган: 2023-жылдын октябрь айында (20сына карата) инфляция жылдык мааниде 9,2 пайызды түзгөн. Ошол эле учурда, жыл башынан тартып өлкөдө баалардын жалпы деңгээли 6,7 пайызга өстү. Инфляциянын азык-түлүк компоненти баалардын өсүшү басаңдаганын көрсөтүүдө. Бирок кызмат көрсөтүүгө жана азык-түлүк эмес товарларга баалар, инфляциянын буга чейин түптөлгөн жана түптөлүп жаткан факторлорун (анын ичинде администрацияланган баалар менен тарифтерди) чагылдыруу менен мурдагы деңгээлде сакталып турат. 

Акча-кредит саясатынын жүргүзүлүп жаткан курсу коммерциялык банктардын ресурстук базасын кеңейтүү үчүн шарттар менен камсыз кылууда, бул экономиканын реалдуу секторун кредиттөөгө колдоо көрсөтөт. Инфляциянын монетардык факторлорунун күчөп кетишин чектеген, Улуттук банк тарабынан кабыл алынуучу чаралар банктар аралык акча рыногунда жана ички валюта рыногунда жагдайды салыштырмалуу туруктуу сактап турат. 

Дүйнөдө белгисиздик жогору болуп, глобалдык экономиканын калыбына келиши бир калыпта болбогондуктан, дүйнөлүк баалардын өсүшү узак убакытка созулушу мүмкүн. Аны менен катар, тариф саясатын индексациялоо түрүндө ички факторлор инфляциялык күтүүлөрдү туруктуу кармап турат. Ушуга байланыштуу Улуттук банктын эсептик ченди 13,00 пайыз деңгээлинде сактоо чечими учурда бар инфляциялык тобокелдиктерге аларды токтотуп туруучу таасирин тийгизүүдө, бул орто мөөнөттүү келечекте инфляцияны 57 пайызга чейин максаттуу көрсөткүчтөргө кайтып келишине өбөлгө түзөт.  

Улуттук банк сырткы чөйрө сыяктуу эле ички ата мекендик экономикада да түптөлүп жаткан жагдайга дайыма көз салып турат. Кандайдыр бир кошумча тобокелдиктер келип чыккан учурда, Улуттук банк жүргүзүлүп жаткан монетардык саясатка зарыл корректировкаларды киргизүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт.  

Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү боюнча кийинки пландалган отуруму 2023-жылдын 27-ноябрында өтөт. 


Датасы: 30.10.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системасы боюнча комитетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 2023-ЗСД-КОМ-КПС-13/1 токтому менен атайын жөнгө салуу режиминин алкагында «М Булак» микрокредиттик компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коомунун төмөнкү банктык операцияларды тесттен өткөрүү үчүн лицензиясынын мөөнөтү 2024-жылдын 1-майын чейин узартылды

- нак эмес кредиттерди берүү үчүн «Элкарт» улуттук төлөм системасынын алдын ала чектелген функционал менен кредиттик карталарды чыгаруу; 

- Элкарт улуттук төлөм системасынын карталарынын, Visa жана MasterCard эл аралык төлөм системаларынын карталарынын «М Булак» МКК» ЖЧКнын POS-терминалдары/QR-коддору аркылуу эквайринги, анын ичинде товарлар, иштер жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө максатында соода-тейлөө ишканалары менен POS-терминалдарды орнотуу/QR-коддорду колдонуу жана төлөм каражаты катары «Элкарт» улуттук төлөм системасынын карталарын, Visa жана MasterCard эл аралык төлөм системаларынын карталарын, локалдык электрондук акчаларды кабыл алуу боюнча келишимдерди түзүү, ошондой эле коммерциялык банктар жана/же электрондук акча менен эсептешүү системаларынын операторлору менен түзүлгөн келишимдердин алкагында соода-тейлөө ишканалары/акцептанттар менен эсептешүүлөрдү камсыз кылуу. 

 


Датасы: 30.10.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна активдерди классификациялоо маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт. 

Токтом долбоору чет өлкө валютасында жаңыдан берилген кредиттерди классификациялоо боюнча талаптарды күчөтүү, ошондой эле өзгөчө абал киргизилген мезгилде активдерди классификациялоо боюнча Улуттук банктын учурдагы талаптарын жеңилдетүү максатында иштелип чыккан.  

Мындан тышкары, аталган токтом долбоору коммерциялык банктардын карыз алуучунун каза болушуна, форс-мажордук жагдайлардан (табигый кырсыктар жана өрттөнүү) улам мүлкүн толук жоготушуна байланыштуу жеке адамдын эсептен чыгарылган кредиттерин системадан тышкары эсепке алуу талаптарын жеңилдетүү боюнча сунуштарын кароонун жыйынтыгы боюнча иштелип чыккан. 

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылган.  

Коммерциялык банктар, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдары, «Кепилдик фонд» ААК жана «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААК токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын (Word форматында) 2023-жылдын 1-декабрынан кечиктирбестен jkonoeva@nbkr.kg электрондук дарегине жөнөтүүсү зарыл.  


Датасы: 30.10.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жана регулятивдик банктык отчеттуулук маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт. 

Токтом долбоору Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын корреспонденттик мамилелерин жакшыртууга жана өлкөдө террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерин азайтууга багытталган террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү (мындан ары - ПФТД/ЛПД) чөйрөсүндө ведомстволор аралык иш-аракеттер планын аткаруу максатында иштелип чыккан.  

Мындан тышкары, токтом долбоорунда Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын ПФТД/ЛПД чөйрөсүндө мыйзамдарга ылайык келтирүү максатында киргизилүүчү өзгөртүүлөр, ошондой эле техникалык мүнөздөгү, анын ичинде жаңы регулятивдик банктык отчеттуулукту ишке киргизүү пландаштырылып жаткандыгына байланыштуу өзгөртүүлөр камтылат. 

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg/ru) жайгаштырылган.  

Коммерциялык банктар жана банк эмес финансы-кредиттик уюмдар токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2023-жылдын 27-ноябрынан кечиктирбестен aatyshova@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.  


Датасы: 30.10.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2023-жылдын 25-октябрында № 2023-П-12/67-3-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготкон катары таануу жөнүндө» токтомун (мындан ары токтом) кабыл алды. 

Токтомго ылайык COVID-19 пандемиясынан улам түзүлгөн кырдаалга байланыштуу күчүнө кириши убактылуу токтотулган Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдорунун аракети калыбына келтирилет: 

- 2019-жылдын 30-октябрындагы № 2019-П-12/54-4-(НПА) «Коммерциялык банктын ишине тиешелүү маалыматтарды чечмелөөгө карата талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2019-жылдын 27-декабрындагы № 2019-П-12/68-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»; 

- 2019-жылдын 27-декабрындагы № 2019-П-12/68-4-(НПА) «Коммерциялык банктардын ликвиддүүлүгүнүн ордун жабуу коэффициентин эсептөө жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу». 

Токтомдо ошондой эле Улуттук банк Башкармасынын аталган токтомдорунда мурда белгиленген Улуттук банктын төмөнкү айрым ченемдерин жана талаптарын коммерциялык банктар тарабынан аткаруунун жаңы мөөнөттөрү каралган: 

- банктар тарабынан Улуттук банкка тобокелдик жагдайлары, ликвиддүүлүктү жабуу коэффициентин, чет өлкө валютасындагы ликвиддүүлүк, кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүк жана дароо ликвиддүүлүк көрсөткүчтөрүн эсептөө боюнча маалыматтарды берүү

- банктар тарабынан ликвиддүүлүктүн ордун жабуу коэффициентин сактоо. 

Мындан тышкары, токтомго ылайык Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 24-мартындагы № 2020-П-12/15-7-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары жана банк эмес финансы-кредит уюмдары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдерди жана талаптарды белгилөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым убактылуу чечимдери жөнүндө» токтому күчүн жоготкон катары таанылат. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Тиешелүү ченемдик укуктук акт Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылат. 


Датасы: 30.10.2023
Туруктуу шилтеме

2023-жылдын 27-октябрында Кыргызстандагы «Дүйнөлүк каражат топтоо күнү» масштабдуу маалымат-билим берүү иш-чарасынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ош областтык башкармалыгынын нумизматикалык музейинде Ош мамлекеттик университетинин бизнес жана менеджмент факультетинин студенттерине ачык эшик күнү өткөрүлүп, лекциялар окулду. 

Лекциянын жүрүшүндө окуучуларга нумизматикалык экспонаттар көрсөтүлүп, улуттук валютанын тарыхы, өнүгүү этаптары жана коргоо белгилери, финансылык пландаштыруу жана үй-бүлөлүк бюджет тууралуу маалымат берилди. 

 

 


Датасы: 30.10.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен областындагы өкүлчүлүгү, Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнө карата иш-чара өткөрүүнүн алкагында, 2023-жылдын 26-октябрында Баткен шаарынын В.И. Ленин атындагы орто мектебинин окуучулары үчүн көчмө семинар өткөрдү

Көчмө семинарда улуттук валютанын калыптануу тарыхы, акчага сарамжалдуу мамиле жасоо, каражатты үнөмдөө, каражат топтоо маданиятын жайылтуу, ошондой эле банк кызматтарын санариптештирүү жана аны колдонууну кеңири жайылтуу тууралуу маалымат берилди. 

 

 


Датасы: 27.10.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы  сомдун жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгын жана «Дүйнөлүк каражат топтоо күнү  2023» жумалыгын белгилөөнүн алкагында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ысык-Көл областтык башкармалыгы 2023-жылдын 24-25-октябрь күндөрү Каракол шаарындагы жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн финансылык сабаттуулук, улуттук валюта  кыргыз сомунун калыптануу тарыхы боюнча лекция окуду. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган нумизматикалык баалуулуктар боюнча көргөзмө уюштурулду. 

 

 

 


Датасы: 27.10.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаары, Киев көчөсү 93, 18-квартира дареги боюнча жайгашкан КЖК Ломбард «Престиж-Кредит» алмашуу бюросунун 2021-жылдын 3-июнундагы № 6139 лицензиясынын аракети 2023-жылдын 27-октябрынан тартып 31-октябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду. 


Датасы: 27.10.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Талас областтык башкармалыгынын өкүлдөрү, 2023-жылдын 24-25-октябрында Дүйнөлүк каражат топтоо күнү - 2023 иш-чарасынын алкагында, Талас шаарында билим берүү тармагында Заманбап маалымат технологиялары институтунун жана Талас агрардык-экономикалык колледжинин студенттерине көчмө лекция өткөрдү

Лекцияда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ролу жана функциялары, улуттук валютабыз  кыргыз сомунун калыптануу тарыхы, финансылык пландаштыруунун жана калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуунун зарылдыгы жана мааниси, QR-код колдонуу аркылуу төлөм жана акча которууларды өнүктүрүү тууралуу маалымат берилди. 

 

 

 

 

Датасы: 27.10.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын 30 жылдыгына карата жана Кыргызстанда «Дүйнөлүк каражат топтоо күнү» масштабдуу маалымат-билим берүү иш-чараларынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ош областтык башкармалыгы тарабынан 2023-жылдын 24-25 октябрь күндөрү Ош областынын Ноокат районунун Ноокат шаарында жана Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарында коммерциялык банктардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен жергиликтүү жарандарга «Финансылык сабаттуулук жана Кыргыз Республикасында QR-кодду өнүктүрүү боюнча иш-чаралар» темасында көчмө семинар уюштурулуп өткөрүлдү

Семинардын жүрүшүндө улуттук валютанын тарыхы, өнүгүү этаптары жана анын коргоо белгилери, QR-код колдонуу аркылуу төлөмдөрдү жана акча которууларды өнүктүрүү, финансылык сабаттуулук, акча каражатын сарамжалдуу колдонуу, топтоо маданияты жана финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча Улуттук банктын ресурстары тууралуу маалымат берилди. 

 

 

 

 

 


Датасы: 26.10.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) 2023-жыл үлгүсүндөгү 200 сом номиналындагы банкноттун бузулган коргоо тилкеси тууралуу мурда жалпыга маалымдоо каражаттарында тараган видео боюнча төмөнкүлөрдү билдирет

Улуттук валютанын банкноттору эл аралык стандарттарына ылайык сапатта даярдалат, ал банкнотторду жана алардын ар кандай физикалык жана химиялык таасирлерге туруктуулугун текшерүүчү коргоо элементтерин камтыйт. Даярдалган банкноттордун сапаты аларды чыгаруунун ар бир баскычында текшерилет. Ошол эле учурда банкноттор жүгүртүүдөгү алардын колдонуу мөөнөтү мүмкүн болушунча узак боло тургандай даярдалат. Улуттук валютанын банкноттору ишенимдүү болууга тийиш болгондуктан, алар жасалмалоодон дагы ишенимдүү корголушу керек. 

Улуттук банк ар тараптуу талдоо жүргүзүү максатында, 2023-жылдын сентябрь айында 200, 500 жана 1000 сом номиналындагы 2023-жылдын үлгүсүндөгү банкнотторду жүгүртүүдө алардын эскирүүгө туруктуу болушуна кошумча изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Изилдөөлөрдү, анын ичинде банкноттордун коргоо элементтеринин физикалык-химиялык таасирлерге туруктуулугун текшерүүнү Швейцариялык көз карандысыз UGRA компаниясы жүргүзгөн, ал банкноттордун сапатын текшерүү жана тастыктоо боюнча эл аралык деңгээлде таанылган лаборатория болуп саналат. Көз карандысыз изилдөөнүн жыйынтыктары көрсөткөндөй, 2023-жылдын үлгүсүндөгү улуттук валютанын жаңы банкнотторунун сапаты, анын ичинде коргоо элементтеринин натыйжалуулугу жана туруктуулугу банкноттор үчүн белгиленген эл аралык критерийлерге жооп берет, коргоо тилкелери өзүнүн оптикалык касиеттерин жоготпойт. Муну менен банкноттор аларды жасалмалоодон коргогон өзүнүн негизги функциясын аткарат. 

Улуттук банк жарандарды өзүнүн улуттук валютасына аяр мамиле кылууга чакырат. Улуттук валютага этият мамиле кылбоо терс кесепеттерге алып келет: банкнот жараксыз болуп калат, келбетин жоготот, өзгөчө бүктөлгөн жерлери айрылып калышы мүмкүн. Банкнотту атайлап бузуу аракеттери анын жараксыз болуп калышына алып келет. 


Датасы: 24.10.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгына арналган «Сом  Кыргызстандын жүзү» темада балдар арасында эссе боюнча республикалык чыгармачылык сынагынын жыйынтыктары 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгына арналган «Сом  Кыргызстандын жүзү» деген темада балдар арасында эссе боюнча республикалык чыгармачылык сынагынын (мындан ары  сынак) жыйынтыгын чыгарды. Сынактын жеңүүчүлөрү

1-орун  Кансултанов Аятбек 

2-орун  Баталгазиев Азирет  

3-орун  Шимарова Раяна 

Абдыкадырова Сезим  

 

Төмөнкүлөр кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланат:  

1. Бийназаров Данат 

2. Исакова Алтынай 

3. Дуйшонбекова Амина 

4. Жакыпбекова Гүлсүнайым 

5. Абдуллах Абдурашидов 

6. Абдирайимова Саадат 

 

Сынактын бардык катышуучуларына терең ыраазычылык билдиребиз.   

Сыйлоо аземи 2023-жылдын 31-октябрында өтөт.   

Бардык суроолор боюнча 0312 61 24 14 телефонуна чалсаңыздар болот.  

 


Датасы: 24.10.2023
Туруктуу шилтеме

 Кыргызстанда Дүйнөлүк каражат топтоо күнү-2023 иш-чаралар планы 


Датасы: 24.10.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн 2023-жылдын 24-октябрынан тартып 7-ноябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети токтотулду: 

- Бишкек шаары, Москва көчөсү 86, 20-орун дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Экспо Моней» алмашуу бюросунун 2023-жылдын 20-февралындагы № 6469 лицензиясы; 

- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 146 дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Люксор Финанс» алмашуу бюросунун 2023-жылдын 18-августундагы № 6567 лицензиясы; 

- Бишкек шаары, Токтогул көчөсү 93 дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Обменное бюро «Скайлэнд» алмашуу бюросунун 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 6584 лицензиясы. 


Датасы: 23.10.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети 2023-жылдын 21-октябрынан тартып 4-ноябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду: 

- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 119, 11-орун дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Брент моней» алмашуу бюросунун 2023-жылдын 2-августундагы № 6561 лицензиясы; 

- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 119, 23-квартира дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Силквей» алмашуу бюросунун 2022-жылдын 19-июлундагы № 6327 лицензиясы. 


Датасы: 23.10.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгү тарабынан Кыргыз Республикасынын эки жаранынын (Б.Н.А., Т.Р.Г.) ар бирине 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 


Датасы: 20.10.2023
Туруктуу шилтеме

Дүйнөлүк каражат топтоо 2023 иш-чарасынын алдында жана Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы  сомдун жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында, Улуттук банк ар кандай жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн финансылык сабаттуулук боюнча лекция окуп, нумизматикалык музейге экскурсия уюштурду. 

Иш-чаранын катышуучулары финансылык сабаттуулук боюнча лекция угушту, анда Кыргызстандын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, каражатты сарамжалдуу колдонуу, топтоо маданияты, финансылык коопсуздук жана финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча Улуттук банктын ресурстары тууралуу маалымат берилди.  

Иш-чаранын жүрүшүндө жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн нумизматикалык музейге экскурсия уюштурулуп, анда Кыргызстандын аймагында табылган белгилүү жана уникалдуу монеталардын типтери коюлган экспонаттар көрсөтүлдү. Катышуучулар кыргыз сомунун калыптануу тарыхы, ошондой эле жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн коллекциялык монеталары менен таанышып чыгышты. 

 

 

 

 


Датасы: 20.10.2023
Туруктуу шилтеме

Улуттук банктын финансылык сабаттуулук программасынын алкагында Европадагы коопсуздук кызматташтык уюмунун (ОБСЕ) Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен 2023-жылдын 18-19-октябрь күндөрү Талас шаарында финансылык сабаттуулук боюнча Ишкердикти колдоо борбору бизнес ассоциациясынын (JIA), Талас шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын, Талас областтык маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты башкармалыгынын, Улуттук банктын Талас областтык башкармалыгынын кызматкерлери катышкан тренинг болуп өттү

Тренингдин жүрүшүндө катышуучуларга үй-бүлөлүк бюджет, каражат топтоо, карыз мамилелери жана финансылык кызматтарды керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо тууралуу маалымат берилди. 

 

 

 

 


Датасы: 20.10.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Жалал-Абад областтык башкармалыгынын өкүлдөрү, 2023-жылдын 17-октябрында улуттук валютанын жүргүзүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгына карата иш-чаралардын алкагында, ЖалалАбад шаарында жайгашкан К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин окутуучулары жана студенттери үчүн «Финансылык сабаттуулук жана Кыргыз Республикасында QR-кодду өнүктүрүү боюнча иш-чаралар» темасында көчмө лекция өткөрдү.  

Лекцияда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ролу жана функциялары, QR-код колдонуу аркылуу төлөм жана акча которууларды өнүктүрүү, финансылык пландаштыруунун жана калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуунун зарылдыгы жана мааниси, банк жана төлөм системаларын келечекте өнүктүрүү тенденциялары тууралуу маалымат берилди.  

Көчмө лекциянын жыйынтыгында Улуттук банк катышуучуларга QR-код колдонуу аркылуу төлөм жүргүзүү ыкмалары тууралуу маалыматтык баракчаларды таратып берди




Датасы: 20.10.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Ош областы, Ноокат району, Гулистан а/а, Бостон участогу, Солтобаев көчөсү, 35-үй дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Ноокат Капитал» алмашуу бюросунун 2021-жылдын 26-августундагы № 6185 лицензиясынын аракети 2023-жылдын 20-октябрынан тартып 26-октябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду. 


Датасы: 19.10.2023
Туруктуу шилтеме

2023-жылдын 16-октябрында Пекин шаарында, Кытай Эл Республикасында, “Бир алкак бир жол” демилгесинин алкагында эл аралык кызматташуу боюнча саммит алдында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) жана China Construction Bank Corporation (мындан ары CCB) ортосунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу иш-чарасы болуп өттү.  

Меморандумда Улуттук банк менен ССВ ортосунда банк чөйрөсүндө өз ара кызматташуу каралган, бул Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын финансы рынокторунун өнүгүүсүнө алгылыктуу таасирин тийгизет. 

Меморандумга кол коюу иш-чарасында Улуттук банктын төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев жана China Construction Bank Corporation банкынын вице-президенти Джихон мырза катышты.  

Маалымат үчүн: China Construction Bank Corporation банкы Кытай Эл Республикасынын төрт ири мамлекеттик коммерциялык банктарынын бири болуп саналат жана дүйнөлүк ири финансылык институттар арасында активдер өлчөмү боюнча 2-орунду ээлейт. Аталган банктын активдери 4,7 триллион АКШ долларынан жогоруну түзөт. 

 

 

 

 


Датасы: 19.10.2023
Туруктуу шилтеме

Ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө 

БИЛДИРҮҮ 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы укуктук жөнгө салууну талкуулоо башталгандыгы жана кызыкдар болгон жактардын сунуштарын чогултуу жөнүндө маалымдайт. 

 

             1. Проблемалар жана негиздер 

Калкка жагымдуу шарттарды түзүү, ошондой эле инновациялык банктык, төлөм кызматтарын жана жаңы продукттарды киргизүүдө убакыт менен чыгымдарды кыскартуу максатында, Улуттук банк «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 48-беренесине ылайык, атайын жөнгө салуу режиминин алкагында өзүнчө же Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында белгилүү бир мөөнөткө пилоттук жөнгө салууну белгилөөгө укуктуу. 

Атайын жөнгө салуу режиминин алкагында 2021-жылдын 1-сентябрынан тартып 2023-жылдын 28-августуна чейин банктык төлөм карталарынын эквайринги жана төлөм уюмдарынын биринин электрондук акчаларды чыгаруу/ордун жабуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого тестирлөө жүргүзүлгөн. 

Көрсөтүлгөн операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү тестирлөө ийгиликтүү деп таанылгандыгына байланыштуу, ошондой эле өлкөдө төлөм инфраструктурасын андан ары жакшыртуу, айкын убакыт ыргагында бирдиктүү идентификатор боюнча банктык эсептерден акча каражаттарын которуу жолу менен накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү көбөйтүү максатында жалпы төлөм системасын өнүктүрүүгө мүмкүндүк берген ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү үчүн «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат. 

 

2. Сунушталып жаткан жөнгө салуунун максаты 

Сунушталган жөнгө салуунун максаты болуп, башка төлөм уюмдарынын оң тажрыйбасын колдонуу жана «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу атайын жөнгө салуу режиминин жыйынтыгы боюнча тоскоолдуктарды четтетүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү саналат. 

 

3. Сунушталган жөнгө салуудан күтүлүп жаткан пайдага жана артыкчылыктарга баа берүү 

Сунушталган жөнгө салуунун күтүлүп жаткан артыкчылыктары жана пайдасы: 

- электрондук акчаны чыгаруу укугуна ээ субъекттерди кеңейтүү

- жаңы катышуучулардын рыноктун айрым сегменттерине кирүүсүнө жол берүү аркылуу банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногунда атаандаштыкты кеңейтүү

- Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын натыйжалуулугун, ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун жогорулатуу; 

- накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү жана көмүскө экономиканын деңгээлин төмөндөтүү

- төлөм инфраструктурасын өнүктүрүү жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүн кеңейтүү

- төлөмдөрдү жүргүзүү жана акча каражаттарын которуу ылдамдыгын жогорулатуу; 

- ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү

 

4. Келип чыгышы мүмкүн болгон алгылыксыз натыйжаларга баа берүү 

Сунушталган жөнгө салууну киргизүү менен терс кесепеттердин жаралышы күтүлбөйт, себеби тобокелдиктерге жөнгө салуу режиминин алкагында алдын ала баа берилген. 

 

5. Ишкердик субъекттери жөнгө салуу сунушталган адресат боюнча мүнөздөмө жана санына баа берүү 

Сунушталган жөнгө салуу банктардын, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине тиешелүү

 

6. Сунушталып жаткан жөнгө салууну колдонууга киргизүүдөн улам потенциалдуу адресаттардын кошумча чыгашаларын жана пайдасын болжолдуу баалоо 

Банктар электрондук акчалардын эмитенттери электрондук акчаларды чыгарууга укугу бар субъекттердин чөйрөсүнүн көбөйүшүнө байланыштуу рыноктун жана кирешелердин бир бөлүгүн жоготушу мүмкүн. Кардарлар үчүн атаандаштык менен күрөшүү кардарларга жагымдуу шарттары менен сунуштарды жаратат. Калкка төлөм жүргүзүүнүн жана акча которуунун заманбап жана ыңгайлуу ыкмаларын берүү үчүн автоматташтырылган банктык/төлөм системаларын толук иштеп чыгуу менен байланышкан потенциалдуу адресаттардын башка маселелер боюнча кошумча чыгымдары менен пайдалары пайда болушу мүмкүн.  

 

7. Сунушталып жаткан жөнгө салууну киргизүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын бюджетинин чыгашаларын жана пайдаларын болжолдуу баалоо 

Сунуш кылынган жөнгө салууну киргизүү республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарга алып келбейт. 

 

Билдирүүгө төмөнкүлөр тиркелет: 

1. Коомдук консультациялардын катышуучулары үчүн суроолордун тизмеси: 

- «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү аркылуу чечүүнү талап кылган, көрсөтүлгөн көйгөйлөр туура болуп саналабы же Улуттук банктын ченемдик-укуктук актыларынын деңгээлинде жөнгө салуу жетиштүүбү

- көрсөтүлгөн максат ага жетүү үчүн негиздүү, маанилүү болуп саналабы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу проблемаларды чечүү үчүн кыйла артыкчылыктуу ыкма болуп саналабы («Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү); 

- «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына сунушталган өзгөртүүлөр кабыл алынган учурда кандай пайда жана артыкчылыктар келип чыгышы мүмкүн; 

- «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына сунушталган өзгөртүүлөр кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс натыйжалар орун алышы мүмкүн; 

- көйгөйлөрдү чечүүнүн альтернативдүү, кыйла натыйжалуу ыкмалары барбы; 

- «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына сунушталган өзгөртүүлөр боюнча жалпы пикир; 

- жогоруда баяндалган проблемалардын алкагында Кыргыз Республикасынын дагы кайсы мыйзам актыларын кайра карап чыгуу зарыл жана комплекстүү өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүн. 

Суроолордун тизмеси кеңейтилиши мүмкүн. 

 

Байланышуу үчүн маалымат жана сунуштарды талкуулоо үчүн мөөнөттөр: 

1. Сунуштарды кабыл алуу: 

   

- электрондук почта аркылуу 

azmambetalieva@nbkr.kg 

- почта дареги аркылуу 

720001, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Чүй пр., 168 

2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү 

2023-жылдын 2-ноябрынан кечиктирбестен 

3. Сунуштар жана жооптор реестрин Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жайгаштыруу мөөнөтү 

2023-жылдын 13-ноябрынан кечиктирбестен 

 


Датасы: 18.10.2023
Туруктуу шилтеме

Валюта рыногундагы кырдаал жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы валюта рыногундагы кырдаал боюнча төмөнкүлөрдү маалымдайт. 

Азыркы учурда ички валюта рыногундагы кырдаал салыштырмалуу туруктуу сакталып турат жана Кыргыз Республикасынын экономикасынын өнүгүү тенденцияларын, тышкы экономикалык шарттарды эске алуу менен өнүгүүсүн улантууда. 

Акыркы убакта биздин өлкөнүн ички валюта рыногунда чет өлкө валютасына болгон сунуштан суроо-талаптын бир аз өсүшү байкалган, бул алмашуу курсунун кыска мөөнөттүү өзгөрүлмөлүү болушуна алып келген. Мындай тенденция өлкөнүн экономикасы үчүн мүнөздүү көрүнүш, ал сезон учурунда суроо-талаптын экономикалык жактан активдүү фазасы: жылдын төртүнчү чейрегинде керектөөнүн жана тиешелүү импорттун өсүшүнө байланыштуу.  

Улуттук банк чет өлкө валютасынын сомго карата алмашуу курсу ички валюта рыногунда эркин түзүлөрүн жана валютага болгон суроо-талап менен сунуштун негизинде аныкталарын эскертет. 

2023-жылдын башынан тартып АКШ долларынын сомго карата расмий курсу 4,25% өсүп, 2023-жылдын 18-октябрына карата бир АКШ доллары 89,3200 сомду түздү

Улуттук банк ички валюта жана тышкы финансы рынокторундагы кырдаалга дайыма мониторинг жүргүзүп турат, зарыл болгон учурда акча-кредит саясатында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тиешелүү чараларды көрөт. 


Датасы: 18.10.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системасы боюнча комитетинин 2023-жылдын 12-октябрындагы токтому менен «Интерпей» жоопкерчилиги чектелген коомуна төмөнкү лицензиялар берилди: 

үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу (процессинг, клиринг) жана төлөм системасынын ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына берүү боюнча кызматтарды сунуштоо ишин жүзөгө ашыруу укугуна 2023-жылдын 12-октябрындагы № 2036121023 лицензия; 

өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу кабыл алуу жана өткөрүү боюнча кызматтарды сунуштоо ишин жүзөгө ашыруу укугуна 2023-жылдын 12-октябрындагы № 3038121023 лицензия. 


Датасы: 18.10.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында, 2023-жылдын 18-октябрында К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин студенттери үчүн көчмө лекция өткөрүлдү

Лекциянын жүрүшүндө Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын эксперттик бөлүмүнүн башчысы Д. Сайфуллина студенттерге республиканын борбордук банкынын нак акча жүгүртүү чөйрөсүндөгү иши тууралуу айтып берди. 

Лекцияны жыйынтыктап жатып, Д. Сайфуллина аудиториянын берген суроолоруна жооп берип, эң активдүү катышкандарды эсте каларлык белек менен сыйлады. 

 

 

 


Датасы: 18.10.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргызкоммерцбанк» ачык акционердик коому тарабынан «Кыргызкоммерцбанк» ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы кызмат ордуна сунушталган Мусина Айжан Арыстанбековнанын талапкерлигине 2023-жылдын 17-октябрында макулдук берүү чечимин кабыл алды. 


Датасы: 18.10.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Жалал-Абад областтык башкармалыгы тарабынан Россия Федерациясынын бир жаранына (К.Г.А.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 


Датасы: 17.10.2023
Туруктуу шилтеме

Катышуучунун 2023-жылдын 9-октябрында ыктыярдуу жоюлуу чечимин кабыл алгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Ак Каржы» микрокредиттик компаниясы жоопкерчилиги чектелген коомунун 2014-жылдын 28-февралындагы № 482 каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүн 2023-жылдын 13-октябрынан тартып жокко чыгарды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Ош шаары, А. Масалиев пр., 32-үй. 


Датасы: 17.10.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2023-жылдын 11-октябрында № 2023-П-14/64-1-(ПС) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-1-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»» токтомун кабыл алды.  

Токтомдун электрондук версиясы Улуттук банктын www.nbkr.kg расмий интернет-сайтында Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Ченемдик укуктук акты Улуттук банктын www.nbkr.kg расмий интернет-сайтында Банк тууралуу/ Улуттук банктын ченемдик актылары/ Төлөм системасы бөлүгүндө жайгаштырылган. 


Датасы: 17.10.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгү тарабынан Кыргыз Республикасынын жаранына (Т.Х.Н.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 


Датасы: 17.10.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын  

Жалал-Абад областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын бир жаранына (Б.К.Р.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 


Датасы: 16.10.2023
Туруктуу шилтеме

Улуттук банктын финансылык сабаттуулук программасынын алкагында Европадагы коопсуздук кызматташтык уюмунун (ОБСЕ) Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен 2023-жылдын 12-13-октябрь күндөрү  Каракол шаарында финансылык сабаттуулук боюнча Бизнес ассоциациясынын ишкердикти колдоо борборунун (JIA) кызматкерлери, Каракол шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын, Улуттук банктын Ысык-Көл областтык башкармалыгынын кызматкерлери, К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин мугалимдери жана И. Бийбосунов атындагы Каракол педагогикалык колледжинин студенттери катышкан тренинг болуп өттү.  

Тренингдин жүрүшүндө катышуучуларга үй-бүлөлүк бюджет, каражат топтоо, карыз мамилелери жана финансылык кызматтарды керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо тууралуу маалыматтар берилди

 

 

 


Датасы: 16.10.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ош областтык башкармалыгы, улуттук валютанын жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында, 2023-жылдын 12-октябрында Өзгөн районунун Куршаб айылында жайгашкан №14 Абдулла Тангатаров атындагы интернат-гимназиясынын жогорку класстарынын окуучулары үчүн көчмө семинар өткөрдү

Семинардын жүрүшүндө окуучуларга улуттук валютанын тарыхы, өнүгүү этаптары жана коргоо белгилери, финансылык пландаштыруу жана үй-бүлөлүк бюджет тууралуу лекциялар окулду. 

 

 


Датасы: 16.10.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Депозиттерди тартуу менен иш алып барган банк эмес финансы-кредит уюмдарына акыркы инстанция кредити жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтом долбоорун (мындан ары долбоор) коомдук талкууга сунуштайт. 

Токтом долбоору Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын кабыл алынган конституциялык Мыйзамына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан. 

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/ «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылган.  

Кызыкдар болгон тараптар токтом долбоору боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2023-жылдын 14-ноябрынан кечиктирбестен shmusuralieva@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл. 


Датасы: 16.10.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системасы боюнча комитетинин 2023-жылдын 12-октябрындагы № 2023-ЗСД-КОМ-КПС-12/1 токтому менен атайын жөнгө салуу режиминин алкагында «Грин Телеком Сервис» жоопкерчилиги чектелген коомунун банктык операцияны (виртуалдык карталар жана/же кадимки карталар түрүндө «О! Деньги» электрондук капчыгынан пайдалануу мүмкүнчүлүгү каралган төлөм карталарын чыгаруу (эмиссия)) тесттен өткөрүү мөөнөтү 2024-жылдын 20-мартына чейин узартылды

«Грин Телеком Сервис» жоопкерчилиги чектелген коому атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусу болуп саналат. 


Датасы: 14.10.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы К.К.Боконтаев Марракеш шаарында (Марокко) өтүп жаткан Дүйнөлүк банк тобунун жана Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) жылдык жолугушуусуна катышып жатат. 

Иш-чаранын жүрүшүндө, ЭВФтин жана Дүйнөлүк банктын швейцариялык тобунун алкагында дүйнөлүк экономиканы өнүктүрүү, глобалдык финансылык туруктуулук, климаттык күн тартиби жана ЭВФ менен Дүйнөлүк банктын мүчө мамлекеттери тарабынан кабыл алынган экономикалык саясий иш чаралар боюнча талкуулар өткөрүлүүдө

Жылдык жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы менен ЭВФтин жетекчилигинин жана бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин ортосунда Кыргыз Республикасындагы экономикалык абал жана акча-кредит саясатынын чаралары, ошондой эле ЭВФтин техникалык жардамынын алкагындагы актуалдуу маселелер талкууланган эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлдү

Ошондой эле, эл аралык төлөм системаларынын жана чет өлкөлүк коммерциялык банктардын өкүлдөрү менен биргелешкен кызматташуунун ар кандай маселелери боюнча эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлдү

 

 

 


Датасы: 13.10.2023
Туруктуу шилтеме

2023-жылдын 12-13-октябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында Дүйнөлүк банктын тобуна кирген Эл аралык финансы корпорациясынын (IFC) колдоосу менен Улуттук банктын жана банк секторунун кызматкерлери үчүн сооданы алдыңкы ыкмада каржылоо боюнча семинар болуп өттү

Семинар тармактык соода, сооданы каржылоонун инновациялык ыкмалары, санариптештирүү, жеткирүү чынжырын каржылоо, соодада кылмыш жолу менен алынган кирешелердин изин жашыруу, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча Эл аралык финансы корпорациясынын (IFC) эксперттери менен семинардын катышуучуларынын ортосунда интерактивдүү тажрыйбага алмашууга багытталган. 

 

 

 

 

 

 

 


Датасы: 13.10.2023
Туруктуу шилтеме

Уюштуруучулар 2023-жылдын 2-октябрында ыктыярдуу жоюлуу чечимин кабыл алгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «БАЙЗАМАН» микрокредиттик компаниясы жоопкерчилиги чектелген коомунун 2015-жылдын 10-июнундагы № 488 каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүн 2023-жылдын 12-октябрынан тартып жокко чыгарды. Юридикалык дареги: Талас областы, Талас шаары, Манас көчөсү 122/2. 


Датасы: 13.10.2023
Туруктуу шилтеме

Маалыматтык билдирүү 

 

Азыркы учурда телеграмм-каналдар иштеп жатат, анда ар кандай аталыштарга жашынган жеке адамдар жана башка жактар курстар менен көлөмүн көрсөтүп, нак чет өлкө валютасын сатып алуу-сатуу жөнүндө билдирүүлөрдү жарыялап жатышат. Жогоруда көрсөтүлгөн иш-аракеттер, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген тартипте берилүүчү лицензиясыз (күбөлүгү жок) чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүзөгө ашыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу болуп эсептелет, алар «Укук бузуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын кодексинин 299-беренесинин талаптарына ылайык жеке жактарга 175 эсептик көрсөткүч (17 500 сом) өлчөмүндө, юридикалык жактарга 550 эсептик көрсөткүч (55 000 сом) өлчөмүндө айып салууга алып келет. Лицензиясыз ишти системалуу түрдө жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында кылмыш жоопкерчилиги каралган. 

Мындан тышкары, телеграм-каналдарынын катышуучуларында кылмыштын элементтери болушу мүмкүн, ушуга байланыштуу жабдылбаган пункттарда жеке жактар менен алмашуу операцияларын жүргүзүү өтө кооптуу болушу мүмкүн, анын ичинде мындай жагдайлар жарандардын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч жаратышы, ошондой эле тоноо жана/же алдап кетүү сыяктуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн.  

Мындан тышкары, жогоруда айтылган жактардан накталай чет өлкө валютасын алмаштырган жарандар алданып калышы толук ыктымал, анын үстүнө ортодо кандайдыр бир талаш маселе жаралган учурда аны далилдөө мүмкүн эмес. 

Валюталарды социалдык тармактар аркылуу алмаштырууда алдап кетүү, жасалма банкнотторду берип коюу фактылары көбөйүп кеткендигин да кошумча белгилеп кетүү керек, ушуга байланыштуу Улуттук банк жарандарды Улуттук банктан лицензия алган жабдылган атайын уюмдарда гана алмашуу операцияларын жүргүзүүгө чакырат. 

Ушуга байланыштуу Улуттук банк алмашуу операцияларын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясына ээ болбогон, жабдылбаган (адистештирилбеген) мекемелерде жүргүзүүгө жол берилбей тургандыгын эскертет. Эгерде жеке адамдар жана/же юридикалык жактар тарабынан чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү, анын ичинде телеграм-каналдары аркылуу алмашуу операцияларын жүргүзүү фактылары аныкталса, анда алар Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык жоопкерчиликке тартылат. 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бербөө максатында, Улуттук банк тарабынан валюта рыногунун катышуучуларынын ишине инспектордук текшерүүлөр үзгүлтүксүз негизде жүргүзүлүп турат. 

2023-жылдын  башынан тартып (2023-жылдын 30-сентябрына карата) Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы жок чет өлкө валюталарын алмаштырууну жүзөгө ашырган жактарды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 84 жеке адамга 17,5 миң сомдон (жалпы сумма 1 470 миң сомду түзөт) айып пул салынды. 

 

 


Датасы: 13.10.2023
Туруктуу шилтеме

Улуттук банктын финансылык сабаттуулук программасынын алкагында Европадагы коопсуздук кызматташтык уюмунун (ОБСЕ) Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен 2023-жылдын 10-11-октябрь күндөрү Ош шаарында финансылык сабаттуулук боюнча Бизнес ассоциациясынын Түштүк региону боюнча (JIA) кызматкерлери жана Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгынын кызматкерлери катышкан тренинг болуп өттү

Тренингдин жүрүшүндө катышуучуларга үй-бүлөлүк бюджет, каражат топтоо, карыз мамилелери жана финансылык кызматтарды керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо тууралуу маалыматтар берилди. 

 

 

 

 


Датасы: 12.10.2023
Туруктуу шилтеме

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «БАКАЙ БАНК» ачык акционердик коому тарабынан «БАКАЙ БАНК» ачык акционердик коомунун тобокелдиктерди тескөө боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Садыркулова Айжан Медетовнанын талапкерлигине 2023-жылдын 10-октябрында макулдук берүү чечимин кабыл алды. 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Компаньон Банкы» жабык акционердик коому тарабынан «Компаньон Банкы» жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна сунушталган Дзадзуа Малхазанын талапкерлигине 2023-жылдын 10-октябрында макулдук берүү чечимин кабыл алды. 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Керемет Банк» ачык акционердик коому тарабынан «Керемет Банк» ачык акционердик коомунун ички аудит башкармалыгынын начальниги кызмат ордуна сунушталган Шалтагулов Нурлан Каныбековичтин талапкерлигине 2023-жылдын 10-октябрында макулдук берүү чечимин кабыл алды. 


Датасы: 12.10.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети токтотулду: 

2023-жылдын 11-октябрынан тартып 20-октябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына: 

- Бишкек шаары, Манас проспекти 57, 2-квартира дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «УРМАТБЕК» алмашуу бюросунун 2020-жылдын 29-октябрындагы № 6016 лицензиясы; 

- Бишкек шаары, Киев көчөсү 129 дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Батиста» алмашуу бюросунун 2022-жылдын 12-июлундагы № 6322 лицензиясы; 

- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 133 дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «ЭЛКАЗЫНА кейджи» алмашуу бюросунун 2023-жылдын 16-мартындагы № 6491 лицензиясы. 

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн 2023-жылдын 11-октябрынан тартып ЖЧК «Фикс Кэш» алмашуу бюросунун нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2023-жылдын 25-мартындагы № 6495 лицензиясы кайтарылып алынды. 


Датасы: 11.10.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 12-августундагы № 2020-П-12/45-3-(НПА) «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Улуттук банк Башкармасынын токтом долбоорун (мындан ары токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт. 

Бул токтом долбоору атайын жөнгө салуу режимин түзүү жана ишке ашыруу шарттарын жакшыртуу максатында иштелип чыккан. 

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында Улуттук банктын ченемдик актылары/Талкууга сунушталган долбоорлор бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылган.  

Сектор токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2023-жылдын 10-ноябрынан кечиктирбестен электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл. 


Датасы: 11.10.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын эки жаранынын (Б.Н.Б., У.Р.М.) ар бирине 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 


Датасы: 10.10.2023
Туруктуу шилтеме

2023-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эл аралык санкцияларды сактоо маселелери боюнча коммерциялык банктардын өкүлдөрү менен кезектеги жумушчу жолугушуу өткөрдү

Улуттук банк электрондук компоненттер, өткөргүчтөр /жарым өткөргүчтөр, электрондук интегралдык схемалар сыяктуу ж.б. аскердик максаттар үчүн колдонулушу мүмкүн болгон Улуу Британиянын санкциялык товарларынын жаңы тизмеси жөнүндө коммерциялык банктарга маалымат берди. Ушуга байланыштуу Улуттук банк эл аралык санкциялык тизмелерде бар товарлар жана жактар менен операцияларды жүргүзүүгө жол бербөө боюнча ички контролду жана чараларды күчөтүүнү чакырды. 

Улуттук банк учурдагы экономикалык жана геосаясий кырдаалды эске алуу менен эл аралык санкцияларды бекем сактоо зарылдыгын коммерциялык банктарга эскертти. 

Ошондой эле, жолугушууда кардарларды тейлөөгө байланыштуу коммерциялык банктардын көйгөйлөрү жана аларды чечүүнүн мүмкүн болгон жолдору талкууланды.  

 

 

 


Датасы: 09.10.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорун (мындан ары мыйзам долбоору) коомдук талкууга сунуштайт. 

Мыйзам долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Банк» / «Банк иши тууралуу мыйзамдар» / «Талкууга сунушталган мыйзам долбоорлору» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg). жайгаштырылган. 

Мыйзам долбоору боюнча сын-пикирлерди жана сунуштарды 2023-жылдын 8-ноябрынан кечиктирбестен электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүү зарыл. 


Датасы: 09.10.2023
Туруктуу шилтеме

Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын жаранына (Г.у.А.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 


Датасы: 09.10.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын төрт жаранынын ар бирине (А.у.А., К.А.Б., У.Т.Б., Ж.А.Ж.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 


Датасы: 05.10.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, ислам каржылоо принциптери боюнча Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт.  

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Финансы-кредит уюмдары токтом долбоору боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2023-жылдын 6-ноябрынан кечиктирбестен электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл. 

 

 


Датасы: 05.10.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын жаранына (М.Б.М.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 


Датасы: 04.10.2023
Туруктуу шилтеме

Бишкек шаарында 28-29-сентябрда мамлекеттик органдардын коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуулары үчүн «Мамлекеттик органдарда коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашыруунун натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо» деген темада тренинг өткөрүлдү. Бул тренинг Азия өнүктүрүү банкынын Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешине мамлекеттик сектордо ак ниеттүүлүктү чыңдоо жана бекемдөө, коррупцияга каршы туруу боюнча техникалык жардамынын алкагында өткөрүлдү

Тренингге мамлекеттик органдардагы коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуулар жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин катчылыгынын кызматкерлери катышты. 

Тренингге Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан Улуттук банктагы коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу (эксперт) А.А.Кешикбаев катышты. 

Катышуучулар коррупциянын алдын алуу боюнча стратегияларды жана иш-чаралардын пландарын, анын ичинде ведомстволук стратегияларды ишке ашыруунун натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасын иштеп чыгуу ыкмалары жана көндүмдөрү менен таанышты. 

Катышуучулар үчүн эң кызыктуу темалар коррупцияны өлчөө маселелери, эл аралык индекстер, эл аралык мамилелер, көрсөткүчтөрдүн түрлөрү жана өлчөө ыкмалары болду. Катышуучулар мамлекеттик органдардын коррупцияга каршы пландарын иштеп чыгуу механизмдерин, иштеп чыгууга жана мазмунуна карата талаптарды, ошондой эле улуттук стратегия менен стратегиялык иш-аракеттер планынын байланышын талдап чыгышты. 

Тренингде коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо, аларды азайтуу жана коррупциялык факторлорду четтетүү ыкмалары боюнча, мамлекеттик органдын планын, ошондой эле улуттук планды иштеп чыгуу, мониторинг жүргүзүү жана ишке ашыруунун натыйжалуулугун баалоо боюнча реалдуу материалдарга талдоо жүргүзүлдү

 

 

 

 


Датасы: 04.10.2023
Туруктуу шилтеме

Коммерциялык банктардын, банк эмес финансы-кредит уюмдарынын жана туруктуу каржылоонун принциптерин колдонгон Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлү алдындагы башка юридикалык жактарынын ишиндеги экологиялык, социалдык жана башкаруу факторлорун (мындан ары - ESG тобокелдиктери) аныктоо, өлчөө, башкаруу, контролдоо жана ачып берүү боюнча сунуш берүүчү көрсөтмөлөрдү камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети 2023-жылдын 28-сентябрында №37/1 «Туруктуу каржылоо факторлоруна байланыштуу финансылык тобокелдиктерди (ESG тобокелдиктери) аныктоо, мониторинг жүргүзүү жана ачып көрсөтүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөр» (мындан ары Сунуш-көрсөтмөлөр) токтомун кабыл алды. 

Сунуш-көрсөтмөлөр Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет сайтында: www.nbkr.kg/ Банк тууралуу/ Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу жана www.nbkr.kg/ Банк тууралуу/ Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банк эмес финансы уюмдарын жөнгө салуу бөлүктөрүндө жайгаштырылган. 


Датасы: 04.10.2023
Туруктуу шилтеме

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Халык Банк Кыргызстан» ачык акционердик коому тарабынан «Халык Банк Кыргызстан» ААКтын башкы бухгалтеринин орун басары кызмат ордуна сунушталган Юсупова Бурулсун Турарбековнанын талапкерлигине 2023-жылдын 3-октябрында макулдук берүү чечимин кабыл алды. 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Керемет Банк» ачык акционердик коому тарабынан «Керемет Банк» ААКтын ички аудит башкармалыгынын начальнигинин орун басары кызмат ордуна сунушталган Эсеналиева Гульнара Усенбековнанын талапкерлигине 2023-жылдын 3-октябрында макулдук берүү чечимин кабыл алды. 


Датасы: 03.10.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын жаранына (Б.у.А.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 


Датасы: 03.10.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы   

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилишинин   

30 жылдыгына арналган «Сом  Кыргызстандын жүзү» темасында жаштар арасында  

эң мыкты видеоролик/репортаж боюнча республикалык сынак жарыялайт  

  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгына арналган 16-20 жаш курактагы жаштар арасында эң мыкты видеоролик/репортаж боюнча республикалык сынак жарыялайт.  

Сынакка катышуу үчүн талапкерлер 2023-жылдын 1-ноябрына чейин https://forms.gle/BRjSHa8dVo1KL9vp9 дарек боюнча онлайн-өтүнмө толтуруп, сынакка деген эмгектерин Улуттук банктын кызматкерлеринин электрондук почтасына жөнөтүүсү зарыл.  

Сынак боюнча эмгектерди баалоонун негизги критерийлери:   

· сынак материалдарынын берилген темага шайкештиги; 

· чыгармачылыгы; 

· идеянын оригиналдуулугу; 

· сюжеттин бүтүндүгү

· мазмундуулугу; 

· оператордук эмгек; 

· үн коштоо; 

· монтаж жана керектүү маалыматты камтуу. 

 

Жеңүүчүлөрдүн ысымдары 2023-жылдын 25-ноябрында жарыяланат.  

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгына арналган «Сом  Кыргызстандын жүзү» темасында балдар жана жаштар арасында республикалык чыгармачылык сынак өткөрүү тартиби шилтемеде.  

 


Датасы: 29.09.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ош областтык башкармалыгы, 2023-жылдын 29-сентябрында улуттук валютанын жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгына карата иш-чаралардын алкагында, Алай районунун Гүлчө айылында коммерциялык банктын өкүлдөрүнүн катышуусу менен райондун жергиликтүү калкы үчүн «Финансылык сабаттуулук жана Кыргыз Республикасында QR-кодду өнүктүрүү боюнча иш-чаралар» темасында маалыматтык семинарын өткөрдү.  

Семинардын жүрүшүндө өлкөнүн башкы банкынын ролу, функциялары, QR-код колдонуу аркылуу төлөм жана акча которууларды өнүктүрүү, финансылык пландаштыруунун жана калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуунун зарылдыгы жана мааниси, банк жана төлөм системаларын келечекте өнүктүрүү тенденциялары тууралуу маалымат берилди.  

Улуттук банк жана коммерциялык банктар тарабынан QR-код колдонуу аркылуу төлөм жүргүзүү ыкмалары тууралуу маалыматтык баракчалар таратылып берилди.  

  

 

 


Датасы: 29.09.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн бир кошумча алмашуу бюросуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды


Датасы: 28.09.2023
Туруктуу шилтеме

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгын белгилөө алкагында, 2023-жылдын 28-сентябрында Борбордук Азиядагы Америка университетинде студенттер үчүн атайын лекция окулду. 

Лекциянын жүрүшүндө Улуттук банктын Акча-кредиттик операциялар башкармалыгынын начальниги Козубеков А. студенттерге республиканын борбордук банкынын акча-кредит саясаты жагында жүргүзгөн иши тууралуу айтып берди. 

Лекциянын эң активдүү катышуучулары эстелик сыйлыктар менен сыйланды.