Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Улуттук банк Башкармасынын «Банктык, төлөм жана микрофинансылык уюмдар тарабынан сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын белгилөө саясатына жана алар тарабынан маркетингдик иш-чараларды жүргүзүүгө карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтом долбоорун (мындан ары – токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт.
Токтом долбоору Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын мыйзамдарга ылайык келтирүү, коммерциялык банктар, микрофинансылык уюмдар, төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары тарабынан жүргүзүлүүчү маркетингдик иш-чараларга карата айрым талаптарды тактоо максатында иштелип чыккан.
Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган.
Ошондой эле токтом долбоору Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында жайгаштырылган koomtalkuu.gov.kg/ru .
Коммерциялык банктар токтом долбоору боюнча сунуш-пикирлерин 2021-жылдын 1-ноябрынан кечиктирбестен bimasheva@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.