> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

Банкноттордун чагылдырылышы жөнүндө жалпы маалыматтар  

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын банкнотторунун сүрөттөрүн колдонуу, анын касиеттери (өлчөмү, түсү, сүрөтү) Кыргыз Республикасынын чыныгы банкнотторуна окшош болуп төлөм катары кабыл алынышы мүмкүн болсо, мындай иштерди жасоого тыюу салынат жана кылмыш катары эсептелинет.  

Басылган түрдө чагылдыруу  

Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 304-беренесине ылайык улуттук валютага түшүрүлгөн сүрөттөр өзүнүн өзгөчөлүктөрү (өлчөмү, түсү, түшүрүлгөн сүрөттөрү) боюнча төлөм жүгүртүүсүндө Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын чыныгы банкноталары катары кабыл алынышы мүмкүн болгон улуттук валютанын банкноталарына (тыйындарына) түшүрүлгөн сүрөттөрдү же кандайдыр бир жарым фабрикаттарды (бир же бир нече түстөрдө) пайдалануу жана көчүрүп чыгаруу, - жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. 

Эскертүү. Эгерде сүрөттөлүшү өтө чоңойтулган (150 пайыздан кем эмес) же өтө кичирейтилген (50 пайыздан аз) масштабда, ошондой эле жарык менен берилүүчү жарнама түрүндө берилсе, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий уруксаты жок Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын банкноталарынын (тыйындарынын) сүрөттөлүшүн бир же бир нече түстөрдө көчүрүп чыгарууга жол берилет. 

  

Электрондук жаздыруу   

Эгерде банкноттун цифралык сүрөттөлүшү жалпыга жеткиликтүү болсо, анда ал төмөнкү эки критерийди канааттандырууга тийиш:   

- дюймуна 72 чекиттен ашпаган уруксат берилет;    

- сүрөттөлүштүн диагоналына “ҮЛГҮ” деген сөз түшүрүлөт. Жазуу контрасттык түстө түшүрүлүп, анын узундугу сүрөттүн узундугунан 10%га кем эмес, ал эми тамгалардын өлчөмү - сүрөттүн туурасынан 10%га кем эмес болушу керек.