Кыргыз Республикасында салттуу банк иши менен катар эле кредиттөө менен ислам банк иши жана каржылоо принциптери дагы колдонулат.
Ислам банк иши жана каржылоо принциптери - шариат стандарттарына ылайык банк операцияларын жана бүтүмдөрүн жүзөгө ашыруунун принциптери жана эрежелери.
Шариат стандарттары катары ислам банк ишин жүргүзүү стандарттарын белгилеген эл аралык уюмдар (AAOIFI, IFSB) тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген экономикалык же башка ишти жүзөгө ашыруу эрежелеринин жыйындысын түшүнүү зарыл.
AAOIFI - Ислам финансылык институттары үчүн бухгалтердик эсепке алуу жана аудит уюму ислам финансылык институттар үчүн бухгалтердик эсептин, аудиттин, башкаруунун, этиканын жана шариат стандарттарын белгилейт.
IFSB - Ислам финансылык кызмат көрсөтүүлөр кеңеши ислам финансылык кызмат көрсөтүү индустриясынын бекемдигин жана туруктуулугун камсыз кылуучу эл аралык стандарттарды белгилейт.