> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

Банк секторунун өнүгүү тенденциялары 

(2024-жылдын 31-январына карата1

2024-жылдын 31-январына карата абал боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында 23 коммерциялык банк жана коммерциялык банктардын 319 филиалы иштеп турган. 

Жыл башынан бери банк сектору 2 265,8 млн сом таза киреше алган2

Банк секторунун суммардык активдери жыл башынан тартып 1,1 пайызга өсүү менен 621,2 млрд сомду түзгөн (2023-жылдын акырында 614,3 млрд сом). 

Банк секторунун кардарларынын кредит портфелинин көлөмү3 жыл башынан 0,3 пайызга азаюу менен 256,9 млрд сомду түзгөн (2023-жылдын акырында 257,8 млрд сом), анын ичинде тармактар боюнча: 

өнөр жайына берилген кредиттер 13,7 млрд сомду түзгөн (2,5 пайызга өсүү менен); 

- айыл чарбасына берилген кредиттер 41,7 млрд сомду түзгөн (1,2 пайызга азаюу менен); 

- соода чөйрөсүнө кредиттер 73,5 млрд сомду түзгөн (0,7 пайызга азаюу менен); 

- курулушка берилген кредиттер 11,8 млрд сомду түзгөн (0,9 пайызга азаюу менен); 

- ипотекага берилген кредиттер 29,9 млрд сомду түзгөн (0,3 пайызга азаюу менен); 

- керектөө үчүн берилген кредиттер 56,1 млрд сомду түзгөн (0,6 пайызга өсүү менен); 

- жана башкалар боюнча берилген кредиттер 30,2 млрд сомду түзгөн (0,8 пайызга азаюу менен). 

Банк секторунун кредит портфелиндеги классификацияланган кредиттердин үлүшү 9,5 пайызды же 24,5 млрд сомду түзгөн (2023-жылдын акырында 9,2 пайыз же 23,8 млрд сом). Мөөнөтүндө төлөнбөгөн кредиттердин көлөмү жыл башынан бери 0,2 млрд сомго же 2,9 пайызга көбөйүү менен 6,6 млрд сомду же банк системасынын кредит портфелинин 2,6 пайызын түздү

Банк секторунун жалпы милдеттенмелеринин көлөмү жыл башынан 0,9 пайызга өсүү менен 514,7 млрд сомду түзгөн (2023-жылдын акырында 510,0 млрд сом). 

Банк секторунун кардарларынын жалпы депозиттик базасы4 жыл башы менен салыштырмалуу өзгөргөн жок жана 431,3 млрд сомду түзгөн (2023-жылдын акырында 431,3 млрд сом), алардын ичинен: 

- юридикалык жактардын депозиттери 162,2 млрд сомду түзгөн (0,9 пайызга азаюу менен); 

- жеке адамдардын депозиттери 159,7 млрд сомду түзгөн (2,6 пайызга азаюу менен); 

- бийлик органдарынын депозиттери 44,5 млрд сомду түзгөн (13,9 пайызга өсүү менен); 

- резидент эместердин депозиттери 62,1 млрд сомду түзгөн (0,2 пайызга азаюу менен); 

- башка финансы-кредит уюмдарынын депозиттери 2,9 млрд сомду түзгөн (11,9 пайызга өсүү менен). 

Банк секторунун кредит портфелин долларлашуу деңгээли 2024-жылдын башталышынан тартып 0,1 п.п. өсүп, 22,1 пайызды түзгөн. Банк секторунун депозиттик базасынын долларлашуу деңгээли 2024-жылдын башталышына салыштырганда 0,2 п.п. азаюу менен 45,4 пайызды түзгөн. 

Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдерди эсептөө үчүн колдонулган банк секторунун таза суммардык капитал көрсөткүчү жыл башынан бери 2,0 пайызга өсүү менен 108,4 млрд сомду түзгөн (2023-жылдын акырында 106,3 млрд сом). Банк секторунун капиталында чет өлкөнүн катышуусунун үлүшү банк секторунун төлөнгөн уставдык капиталынын 20,3 пайызын же 12,2 млрд сомду түзгөн (2023-жылдын акырында 20,3 пайыз же 12,2 млрд сом)

Банк сектору боюнча суммардык капиталдын жетиштүүлүгү (шайкештиги) коэффициенти 12,0 пайыз ченеминде 25,1 пайыз чегинде катталган (2023-жылдын акырында 24,8 пайыз), ал эми левераж коэффициенти 6,0 пайыз ченеминде 16,1 пайызды түзгөн (2023-жылдын акырында 12,4 пайыз). 

Банк системасы боюнча ликвиддүүлүк коэффициенти 45,0 пайыз ченеминде 79,4 пайызды түзгөн (2023-жылдын акырында 77,4 пайыз). 

Банк секторунун активдеринин кирешелүүлүгү (ROA) 4,4 пайызды (2023-жылдын акырында 4,4 пайыз), ал эми салынган капиталдын кирешелүүлүгү (ROЕ) 30,3 пайызды (2023-жылдын акырында 32,4 пайыз) түзгөн. 

Финансылык ортомчулук деңгээлинин көрсөткүчтөрү төмөнкүлөрдү түзгөн: 

- активдер / ИДӨ деңгээли 50,1 пайызды түзгөн (2023-жылдын акырына 50,0 пайыз); 

- кредиттер3 / ИДӨ деңгээли 20,7 пайызды түзгөн (2023 жылдын акырына 21,0 пайыз); 

- депозиттер4 / ИДӨ деңгээли 34,8 пайызды түзгөн (2023-жылдын акырына 35,1 пайыз). 

_____________________________ 

Алдын ала алынган маалыматтар. 

Маалымат үчүн: 2023-жылдын ушул эле мезгилинде 1 726,0 млн сом өлчөмүндө киреше алынган. 

Банктарга жана башка финансы-кредит уюмдарына берилген кредиттерди эске албаганда. 

Банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын депозиттик жана эсептешүү эсептериндеги акча каражаттарын эске албаганда.