> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

Банк жөнүндө 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" конституциалык Мыйзам талабына ылайык Улуттук банктын ишин тескөөнү Улуттук банк Башкармасы жүзөгө ашырат. 

Улуттук банк Башкармасы Кыргыз Банкынын ишинин негизги багыттарын аныктайт жана Улуттук банктын негизги милдетинин - улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн колдоого алуу, республиканын банк жана төлөм системаларынын ишинин натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылу боюнча коллегиалдуу чечимдерди кабыл алуунун негизинде, алардын аткарылышына жетекчилик кылат. 

Улуттук банк Башкармасы өз ишин Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамына жана Регламентке ылайык жүргүзөт. Банк Башкармасынын отурумдары айына кеминде эки жолу өткөрүлүп турат.  

2024-жылдын 24-январында Башкарманын № 2 отуруму өткөрүлүп, анын жүрүшүндө 5 маселе кароого алынып, Улуттук банк Башкармасынын 3 токтому анын ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 5-сентябрындагы № 2022-П-33/55-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 22-июлундагы № 2022-П-33/45-2-(НПА) «Чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүү чөйрөсүндө убактылуу чечимдер жөнүндө» токтомунун аракетин убактылуу токтотуу тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө № 2024-П-12/2-4-(НПА) токтом кабыл алынган.  

Мындан тышкары Улуттук банк Башкармасы тарабынан банктын ички ишине тиешелүү башка маселелер да каралган.  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жетекчилиги  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын иш планы