> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

Евразия экономикалык бирлик  

Кыргыз Республикасы Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары - ЕАЭБ) мүчө болушунун алкагында, Улуттук банктын өкүлдөрү төмөнкү комитеттердин жана жумушчу топтордун ишинде туруктуу негизде катышат: 

 

1. Макроэкономикалык саясат боюнча консультациялык комитет 

Макроэкономикалык саясат боюнча консультациялык комитет бул, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясына караштуу орган. Компетенциясына экономика жана финансы жаатында жөнгө салуу маселелери кирген ыйгарым укуктуу органдардын министрлеринин орун басарлары жана Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин (мындан ары мүчө мамлекеттер) улуттук (борбордук) банктарынын кеӊешинин төрагаларынын орун басарлары/мүчөлөрү кирет.  

ЕАЭБ алкагында макулдашылган макроэкономикалык саясат жүргүзүү маселелери боюнча корутундуларды, сунуштарды, сунуш-көрсөтмөлөрдү жана консультацияларды даярдоо Консультациялык комитеттин милдети болуп саналат.  

Консультациялык комитеттин төрагасы болуп Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча коллегиясынын мүчөсү (министр) эсептелет. Консультациялык комитеттин отуруму зарылчылыгына жараша, бирок жарым жылда кеминде бир жолу өткөрүлөт.  

Консультациялык комитеттин кезектеги XVI отуруму 2021-жылдын 31-мартында видеоконференция аркылуу байланыш түзүү түрүндө болду. Отурумда «Макроэкономикалык саясат боюнча консультациялык комитет жөнүндө» жобонун долбоору жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин 2021-2022-жылдары макроэкономикалык саясатынын негизги багыттарынын долбоору жактырылган. Ошондой эле, отурумдун жүрүшүндө ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин экономикалык өнүгүүсүнүн туруктуулугун аныктоочу макроэкономикалык көрсөткүчтөргө мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктары жана 2021-2022-жылдары илимий-изилдөө иштеринин темалары боюнча сунуштар каралган. 

2. Финансы рыноктору боюнча консультативдик комитет. 

Финансы рыноктору боюнча консультативдик комитет Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2012-жылдын 25-октябрындагы №199 чечими менен түзүлгөн.  

Финансы рыноктору боюнча консультативдик комитеттин ишинин негизги багыттары болуп, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 64 жана 70-беренелерине ылайык, Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин финансы рыногун жөнгө салуу, валюталык жөнгө салуу жана валюталык контролдоо маселелери саналат.  

Комитеттин негизги милдеттери төмөнкүлөр:  

1) Евразия экономикалык комиссиясы үчүн ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин финансы рыногу (банк секторунда, камсыздандыруу секторунда жана баалуу кагаздар рыногундагы кызмат көрсөтүүлөр секторунда) чөйрөсүндөгү мыйзамдарын шайкеш келтирүү, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин валюталык укуктук мамилелерди жөнгө салуучу мыйзамдарын ылайык келтирүү, жана аларды либералдаштыруу чараларын колдонуу маселелери боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү даярдоо; 

2) финансы рыногу, валюталык жөнгө салуу жана валюталык контролдоо чөйрөсүндө жөнгө салуу маселелери боюнча ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү менен консультацияларды өткөрүү;  

3) комиссия үчүн финансылык кызматтарды өз ара сатуу иштерин кеңейтүү, ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн аймагында каражаттарды инвестициялоо жана ЕАЭБдин жалпы финансы рыногун калыптандыруу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча сунуштарды даярдоо. 

Бул Комитетте төмөнкүлөр боюнча жумушчу топтор иш алып барат:  

- ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн финансы чөйрөсүндөгү мыйзамдарын шайкеш келтирүү  

Улуттук банк 2025-жылга карата банк жана камсыздандыруу секторундагы, ошондой эле баалуу кагаздар рыногу секторундагы мыйзам талаптарын шайкеш келтирүү планын иштеп чыгууга катышат.  

- валюталык контролдоо жана валюталык жөнгө салуу маселелери боюнча  

Улуттук банк валюта боюнча укуктук мамилелерин жөнгө салууга жана либералдаштыруу боюнча чараларды кабыл алууга карата макулдашылган ыкмалар жөнүндө макулдашуунун долбоорун иштеп чыгууга катышат.  

- кредиттик таржымалдардын курамына кирген маалыматтар менен алмашуу боюнча ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн өз ара иш алып баруусун уюштуруу маселеси боюнча 

2021-жылдын 19-ноябрында Евразиялык экономикалык бирлигинин өкмөттөрүнүн башчылары Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кредиттик таржымалдын курамына кирген маалыматтар менен алмашуу тартиби жөнүндө макулдашууга кол коюшту. 

Макулдашуу бир жагынан ЕАЭБне мүчө бардык мамлекеттердин резиденттери үчүн башка мүчө мамлекеттердин аймактарында жайгашкан банктарга кредиттик ресурстарга кайрылууда бирдей шарттарды түзүүгө, экинчи жагынан, башка мүчө мамлекеттердин резиденттерин кредиттөө жөнүндө чечимдерди кабыл алууда банктарды тобокелдиктерди туура баалоо мүмкүнчүлүктөрү менен камсыздоого багытталган. 

Документте кредиттик таржымалда камтылган маалыматтарды алмашуу механизми, тартиби жана шарттары, ошондой эле чек ара аркылуу алмашууга жаткан маалыматтардын минималдуу тизмеси белгиленген. Андан тышкары, ал кредиттик мамилелерди каттоодо керектөөчүлөрдүн жана финансылык кызматтарды берүүчүлөрдүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун негизги принциптерин, мүчө мамлекеттердин финансы рыногун жөнгө салуучу органдардын ыйгарым укуктарын аныктайт. 

3. Статистика боюнча консультациялык комитет 

Статистика боюнча консультациялык комитет бул, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясына караштуу консультациялык орган. Консультациялык комитет ЕАЭБ расмий статистикалык маалыматын түзүү жана жайылтуу маселелери боюнча, атап айтканда финансы, акча-кредит саясаты чөйрөсүндө, ошондой эле тышкы жана өз ара соода статистикасы жана тышкы сектордун статистикасы боюнча иштерди жүргүзөт.  

Консультациялык комитеттин акыркы отуруму 2021-жылдын 14-апрелинде болуп өткөн. Отурумда мүчө мамлекеттердин улуттук мыйзамдарына ылайык статистикалык маалыматтарды тапшырбагандыгы үчүн жоопкерчиликти камсыз кылуу жөнүндө маселелер, мүчө мамлекеттер ортосунда өз ара соодага тоскоолдуктардын таасирин баалоо методикасын иштеп чыгуу жөнүндө, мүчө-мамлекеттердин расмий маалыматтары боюнча өз соода көрсөткүчтөрүн улуттук валюталардан орус рублине кайрадан эсептеп чыгууну камсыздоо жана 2021-жылы ЕАЭБ статистикасын санариптештирүү боюнча иш-чаралар жөнүндө, ошондой эле ЕАЭБ аймагында туруктуу өнүгүү жаатында максаттарга жетишүү жана мониторинг жүргүзүүгө COVID-19 таасирин иликтөө боюнча иш-чаралар жөнүндө маселелер каралды.  

4. Улуттук төлөм системаларын өнүктүрүүнү координациялоо боюнча жумушчу топ 

2015-жылы кол коюлган Беларусь Республикасынын Улуттук банкы, Казакстан Республикасынын Улуттук банкы жана Россия Федерациясынын Борбордук банкы ортосунда улуттук төлөм системаларын өнүктүрүүнү координациялоо боюнча жумушчу топ түзүү жөнүндө макулдашууга (мындан ары - Макулдашуу) ылайык түзүлгөн. Көрсөтүлгөн Макулдашууга 2016-жылы Армения Республикасынын Борбордук банкы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы дагы кошулган. 

Жумушчу топ тарабынан төмөнкү багыттар боюнча кызматташууну өнүктүрүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө:  

- төлөм карттарынын улуттук системасы жаатында;  

- ISO 20022 стандартын колдонууга киргизүү жаатында;  

- финансы билдирүүлөрү жана эсептешүүлөрдү өткөрүп берүү жаатында;  

- финансы технологияларын өнүктүрүү жаатында; 

- киберкоопсуздукту камсыздоо жаатында; 

- тез төлөө системасы жаатында; 

- санарип аккредитивдерди, банктык гарантияларды жана күрөөлөрдү ишке ашыруу боюнча. 

Жогоруда көрсөтүлгөн багыттар боюнча иштер жыйынтыкталган жол картасына ылайык жүргүзүлөт, ал жыл сайын актуалдаштырылып, жумушчу топтун отурумунда бекитилет.  

Жумушчу топтун 9-отуруму 2021-жылдын 2-апрелинде видеоконференция аркылуу байланыш түзүү түрүндө болуп өткөн.