> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

Улуттук валютанын өнүгүү этаптары 

    

1993-жылы чыгарылган үлгүдөгү банкноттор (биринчи серия) 

    

Акчаны майдалоо функциясын аткарган 1, 10, 50 тыйын жана 1, 5, 20 сом номиналындагы банкноттор 1993-жылы жаз айларында жүгүртүүгө чыгарылган.   

    

Номиналы  

Жүгүртүүгө чыгарылган күнү  

Өлчөмү  (мм)  

Түсү  

Тыйындар 

1  

10.05.1993-ж. 

90 х 70  

Кызыл  

10  

10.05.1993-ж.  

90 х 70  

Жашыл  

50  

10.05.1993-ж. 

90 х 70  

Көк  

Сомдор 

1  

10.05.1993-ж.  

140 х 70  

Кызыл  

5  

10.05.1993-ж.  

140 х 70  

Жашыл  

20  

10.05.1993-ж.  

140 х 70  

Көк  

    

1994-1995-жылдары чыгарылган үлгүдөгү банкноттор (экинчи серия) 

    

1994-1995-жылдары акча белгилеринин экинчи эмиссиясы ишке ашырылган. Биринчи сериядагы банкнотторго караганда “калайык-калктын улуттук валютага карата ишениминин калыптанышы мезгилинде” жасалмалуулуктан ишенимдүү корголгон банкноттор жүгүртүүгө чыгарылган.   

1993-жылы чыгарылган үлгүдөгү банкноттор жүгүртүүдөн акырындык менен алынып, 1994-1995-жылдары чыгарылган үлгүдөгү 1, 5, 10, 20, 50, 100 сом номиналындагы банкноттор менен алмаштырылган.  

     

Номиналы  (сом)  

Жүгүртүүгө чыгарылган күнү  

Өлчөмү  (мм)  

Түсү  

1  

11.04.1994-ж.  

135 х 65  

Күрөң  сары  

5  

11.04.1994-ж. 

135 х 65  

Көгүш сары  

10  

28.01.1994-ж. 

135 х 65  

Жашгылт сары  

20  

11.04.1994-ж. 

135 х 65  

Кызгылтым күрөң  

50  

29.08.1994-ж. 

135 х 65  

Сыяк көк кызыл   

100  

20.03.1995-ж. 

135 х 65  

Саргылтым боз  

    

  

1997, 2000, 2002, 2004, 2005-жылдары чыгарылган үлгүдөгү банкноттор 

(үчүнчү серия) 

    

1997-жылдан тартып улуттук валютаны жүгүртүүгө киргизүүнүн  үчүнчү этабы башталган. 1, 5, 10, 20, 50, 100 сом номиналындагы, мурда чыгарылган банкнотторго салыштырганда өркүндөтүлгөн коргоо элементтерин камтыган банкноттор акырындык менен жүгүртүүгө чыгарылган.  

Ал эми 2000-жылы 200, 500, 1000 сом жогорку номиналындагы банкноттор жүгүртүүгө чыгарылган.  

    

Номиналы  (сом)  

Жүгүртүүгө чыгарылган күнү  

Өлчөмү  (мм)  

Түсү  

1  

07.02.2000-ж. 

120 х 60  

Күрөң жашыл  

5  

17.12.1997-ж. 

135 х 65  

Көк  

10  

17.12.1997-ж. 

135 х 65  

Жашыл  

20  

15.08.2002-ж. 

135 х 65  

Кызгылт  күрөң  

50  

15.08.2002-ж. 

145 х 70  

Сыяк көк кызыл  

100  

15.08.2002-ж. 

150 х 72  

Жашыл сыя көк  

200  

02.08.2004-ж. 

155 х 74  

Сары  

28.08.2000-ж. 

500  

01.11.2005-ж. 

160 х 76  

Каралжын кызыл  

28.08.2000-ж.  

1000  

28.08.2000-ж. 

165 х 78  

Боз жашыл  

    

Жүгүртүү монеталары 

    

2008-жылы 10, 50 тыйын жана 1, 3, 5 сом номиналындагы металлдан жасалган жүгүртүү монеталары чыгарылган. 2009-жылы 10 сом номиналындагы монета, ал эми 2014-жылы монетанын кырында жазуу бар 10 сом номиналындагы монета жүгүртүүгө чыгарылган.  

    

Номиналы  

Жүгүртүүгө  

чыгарылган күнү  

Металлы  

Диаметри, мм  

Салмагы, г  

Кыры  

Тыйындар 

10   

01.01.2008-ж. 

Латунь капталган болот  

15  

1,3  

Жылмакай  

50   

01.01.2008-ж.  

Латунь капталган болот  

17  

1,8  

Жылмакай  

Сомдор 

1   

01.01.2008-ж.  

Никель капталган болот  

19  

2,5  

Кесикче  

3   

01.01.2008-ж.  

Никель капталган болот  

21  

3,2  

Кесикче  

5   

01.01.2008-ж.  

Никель капталган болот  

23  

4,2  

Кесикче  

10   

01.12.2009-ж.  

Никель капталган болот  

24,50  

5,4  

Кесикче  

01.09.2014-ж.  

Кырындагы жазуу «Он сом», беш жылдыз жана «10 СОМ»  

  

   

2009-2010  жылдары чыгарылган үлгүдөгү банкноттор (төртүнчү серия) 

 

Улуттук валютанын төртүнчү сериясы 2009-жылы жүгүртүүгө чыгарылган 5000 сом номиналындагы банкнот менен ачылган. Андан кийин 20, 50, 100 жана 200, 500, 1000 сом номиналындагы өркүндөтүлгөн коргоо элементтерин камтыган банкноттор акырындык менен чыгарыла баштаган.  

Төртүнчү сериядагы банкноттор оригиналдуу дизайнга жана өркүндөтүлгөн коргоо элементтерине ээ.  

    

Номиналы (сом)  

Жүгүртүүгө чыгарылган күнү  

Өлчөмү  (мм)  

Түсү  

20  

01.07.2009-ж.  

120 х 58  

Кызыл  

50  

01.07.2009-ж. 

126 х 61  

Кызгылт сары  

100  

01.07.2009-ж. 

132 х 63  

Көк  

200  

01.12.2010-ж. 

138 х 66  

Сары  

500  

01.12.2010-ж. 

144 х 68  

Күлгүн  

1000  

01.12.2010-ж. 

150 х 71  

Бозомук  

5000  

02.03.2009-ж. 

156 х 73  

Жашыл  

    

2016-жылы чыгарылган үлгүдөгү банкноттор 

өртүнчү сериядагы өркүндөтүлгөн банкноттор) 

    

2017-2018-жылдары улуттук валютанын өркүндөтүлгөн төртүнчү сериясындагы 2016-жылдагы үлгүдөгү 20, 50, 100, 200, 500, 1000 жана 5000 сом номиналындагы банкноттору жүгүртүүгө чыгарылган.   

Өркүндөтүлгөн төртүнчү сериясындагы 2016-жылдагы үлгүдөгү  банкноталар төмөнкүлөрдү камтыйт:   

- классикалык ыкма менен даярдалган, даана так көрүнгөн портрет.   

- MASK-элементи: жарыкка салып кароодо «сом» деген сөз көрүнөт (20, 50 жана 100 сом банкнотторунан тышкары).   

- чыгарылган жылы: 2016.    

 

Номиналы 

(сом)  

Жүгүртүүгө  

чыгарылган күнү  

Өлчөмү  (мм)  

Түсү  

20  

20.12.2018-ж. 

120 х 58 

Кызыл  

50  

01.03.2017-ж. 

126 х 61  

Кызгылт сары  

100  

01.03.2017-ж. 

132 х 63  

Көк  

200  

01.01.2017-ж. 

138 х 66  

Сары  

500  

01.01.2017-ж. 

144 х 68  

Күлгүн  

1000  

01.01.2017-ж. 

150 х 71  

Бозомук  

5000  

20.12.2018-ж. 

156 х 73  

Жашыл  

  

2000 сом номиналындагы эстелик банкнота 

  

Эстелик банкнота, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан мамлекеттин маанилүү  тарыхый окуялардын урматына чыгарылган: Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүккө ээ болушунун 25 жылдыгына, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 25 жылдыгына жана улуттук валютанын жүгүртүүгө киргизилгендигинин 25 жылдыгына карата чыгарылган.   

Эстелик банкнота, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн пайдубалынын түптөлүшүнүн: байыркыдан бүгүнкү күнгө чейинки калыптануу жолун чагылдырган жана заманбап коргоо элементтерин камтыган, өзгөчөлөнгөн дизайнга ээ.   

  

Номиналы (сом)  

Жүгүртүүгө чыгарылган күнү  

Өлчөмү  (мм)  

Түсү  

2000  

17.11.2017-ж. 

156 х 73  

Көгүлтүр  

  

 

2023-жылы чыгарылган үлгүдөгү банкноттор (бешинчи серия) 

 

Бешинчи сериядагы банкноттор Кыргыз Республикасынын улуттук валютасын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгына арналат жана улуттук валютанын: коргоо элементтеринин минималдуу топтомун камтыган жөнөкөй купондон тартып, жасалма жол менен акча чыгаруудан коргой турган жогорку деңгээлдеги коргоо элементтеринен турган банкнотторго чейинки басып өткөн жолун чагылдырылат. 

Улуттук валютанын жаңы сериясындагы банкноттордун негизги сюжеттеринин багыты Кыргызстандын тарыхый-маданий мурастарын чагылдыруу өзгөрүүсүз калды. Алдыңкы бетинде искусство жана маданият чеберлеринин портреттери сакталды, ал эми арткы бетинде республиканын кооз жерлери чагылдырылган. Банкноттордун негизги түсү жана өлчөмү өзгөрүүсүз калды. 

Жаңы сериясынын банкноттору жаңыланган дизайнга жана коргоо элементтеринин жаңы заманбап, эффективдүү комплексине ээ.  

 

Номиналы  (сом)  

Жүгүртүүгө чыгарылган күнү  

Өлчөмү  (мм)  

Түсү  

200 

10.05.2023-ж.  

138 х 66  

Сары  

500 

10.05.2023-ж. 

144 х 68  

Күлгүн  

1000 

10.05.2023-ж. 

150 х 71  

Бозомук 

 

Улуттук валютанын бардык банкноттору жана монеталары Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ жана кайсы жылы чыгарылгандыгына карабастан, төлөм каражаты катары төлөөгө милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш.