> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

«Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкы тарабынан товарларды, иштерди жана 

кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жөнүндө» саясат 

 

 

1-глава. Жалпы жоболор 

 

1. Бул саясат Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жагында максаттарын, милдеттерин жана негизги принциптерин аныктайт. 

2. Бул саясат төмөнкүлөргө байланыштуу мамилелерди жөнгө салбайт: 

- эл аралык келишимдерге ылайык товарларды/иштерди/кызмат көрсөтүүлөрдү, эгерде мындай келишимде товарларды/иштерди/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдү/иш тапшыруучуларды аныктоонун башка тартиби каралса сатып алууга; 

- Улуттук банктын финансалык отчетуна милдеттүү түрдө аудит жүргүзүү үчүн аудиттик уюмду тандоону ишке ашырууга;  

3. Улуттук банкта товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну уюштуруу жана өткөрүү үчүн жооптуу бөлүм Сатып алууларды уюштуруу жана мүлктү сатуу бөлүмү, сатып алууларды жүргүзүүдө колдонуу үчүн ченемдик жана методикалык материалдарды иштеп чыгат, саясатты жана Улуттук банкта товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча башка документтерди колдонуу боюнча түшүндүрмөлөрдү жана сунуштарды берет. 

 

2-глава. Саясаттын максаты жана принциптери 

 

4. Бул саясаттын негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат: 

- акча каражаттарын максималдуу натыйжалуу, үнөмдөө менен пайдаланылышын жана алардын максаттуу чыгымдалышын камсыз кылуу; 

- Улуттук банк тарабынан өткөрүлгөн сатып алууларга катышып жаткан бардык юридикалык жактардын жана жеке адамдардын катышуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жана аларга карата калыс мамиле кылуу; 

- ак ниеттүү атандаштыкты өнүктүрүү

- сатып алууларды жүзөгө ашыруу ачык-айкындуулугун камсыз кылуу; 

- сатып алууларды жүзөгө ашыруу чөйрөсүндө коррупцияны жана башка кыянаттык менен пайдаланууларды алдын алуу; 

- Улуттук банктын үзгүлтүксүз иш алып баруусун камсыз кылуу үчүн товарларга, иштерге жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон муктаждыгын өз убагында жана толук канааттандыруу үчүн шарттарды түзүү

5. Улуттук банк товарларды/ иштерди/ кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда төмөнкү принциптерге таянуу менен иш алып барат: 

- товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга акча каражаттарын максаттуу жана үнөмдөө менен натыйжалуу чыгымдоо жана Улуттук банктын чыгым тартууларын кыскартууга багытталган чараларды жүзөгө ашыруу; 

- бардык товарлар/ иштер/ кызмат көрсөтүүлөр багыты боюнча гана, пландаштырылган (техникалык жана сандык) параметрлердин чегинде сатып алууга жана жогорку сапат жана ишенимдүүлүк менен айырмаланууга тийиш; 

- Кыргыз Республикасынын улуттук экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу максатында, Улуттук банктын коопсуз жана үзгүлтүксүз ишин камсыз кылууга байланыштуу сатып алуулар боюнча сатылып алынган товарлардын/ иштердин/ кызмат көрсөтүүлөрдүн сапат принциби үнөмдөө принцибинен артыкчылыктуу болушу мүмкүн; 

- Улуттук банк Башкармасы тарабынан каралган учурларды эске албаганда, сатып алуулардын катышуучуларына карата тең укуктуулук, адилеттүүлүк, басмырлоонун жоктугу жана атаандаштыкка негизсиз чектөөлөр; 

- катышуучуларга карата аткара албай турган талаптарды белгилөө аркылуу сатып алууга катышууга чектөөлөрдүн жоктугу; 

- сатып алуу боюнча маалыматтын ачыктыгы. 

 

 

3-глава. Таламдардын каршы келип калышы 

 

6. Улуттук банктын кызматкерлерине төмөнкүлөргө тыюу салынат: 

- сатып алуу процессинде чечимдерди чыгарууда кайсы болбосун тараптын таламында кандай болбосун таасир этүүгө, басым жасоого; 

- ушул саясатта белгиленген сатып алууларда контрагенттер (берүүчүлөр, иш тапшыруучулар) катары катышууга же алар менен аффилирленген жак болууга;  

- үчүнчү жактарга Улуттук банкта өткөрүлүп жаткан сатып алуу жөнүндө инсайдердик маалыматты ачып көрсөтүүгө

- Улуттук банкта өткөрүлгөн сатып алуу жөнүндө инсайдердик маалыматты өз таламында пайдаланууга. 

7. Ушул саясаттын 6-пункту бузулган учурда, Улуттук банктын кызматкерлери мыйзамдарда белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн: 

8. Улуттук банктын кызматкери сатып алуу жол-жоболоруна байланыштуу милдеттерин аткара албайт, эгерде ал:  

- таламдары каршы келип калса; 

- өткөн эки (2) жыл ичинде ушул эле мезгилде Улуттук банктын сатып алуу жол-жоболоруна катышкан кандайдыр-бир контрагенттин (сунуштоочунун, иш тапшыруучунун) кызматкери болуп саналса. 

9. Улуттук банк, саясий мамлекеттик, саясий муниципалдык, атайы мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдар жана алардын жакын туугандарынан болуп саналган контрагент, (берүүчү, иш тапшыруучу) менен сатып алуу жөнүндө келишим түзө албайт. 

10. Сынактын баардык катышуучулары Улуттук банктын сатып алуу процессинде жана сатып алуу келишимдеринин аткарууда жүрүм-турум этикасынын негизги принциптерин так сактоого тийиш. Алар коррупция, алдамчылык, сүйлөшүп алуу жана мажбурлоо сыяктуу укукка жатпаган иш-аракеттерге аралашпоосу зарыл. 

11. Улуттук банк тарабынан ушул саясаттын 9-10-пункттарында көрсөтүлгөн фактылар аныкталган учурда, мындай контрагенттердин (берүүчүлөрдүн, иш тапшыруучулардын) сынактык билдирмелери кароого алынбайт.  

12. Таламдардын каршы келип калуусуна жол бербөө жана ушул саясаттын 6-пунктунда көрсөтүлгөн сатып алуу принциптерин так сактоо максатында, Улуттук банкта инсайдерлердин, аффилирленген жактардын жана контрагенттердин (берүүчүлөрдүн, иш тапшыруучулардын) базасы жүргүзүлөт.  

13. Саясаттын 6-пунктунда көрсөтүлгөн сатып алуу принциптерин так сактоо максатында, Улуттук банкта ишенимсиз жана ак ниетсиз контрагентердин базасы жүргүзүлөт.  

 

4-глава. Чектүү суммалар 

 

14. Жоопкерчиликти бөлүштүрүү жана товарларды/иштерди/кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун тигил же бул ыкмасын колдонуу максатында, белгилүү бир чектүү суммалар белгиленет. 

15. Улуттук банкта сатып алууларды жүзөгө ашырууда сатып алуу ыкмасын аныктоо үчүн чектүү суммалар өлчөмү өзүнчө укуктук актылар менен жөнгө салынат. 

 

 

5-глава. Сатып алуу ыкмалары 

 

16. Улуттук банк товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү төмөнкү ыкмалар менен сатып алууну жүргүзүүгө укуктуу:  

1) котировкаларды талап кылуу менен:  

- Улуттук банктын башка түзүмдүк бөлүмдөрдүн катышуусуз, түзүмдүк  

бөлүм тарабынан өз алдынча жүзөгө ашырылган 1-чектүү суммадан төмөн же барабар болгон наркы менен сатып алуулар боюнча;  

- сатып алууларды уюштуруу жана финансы үчүн жооп берген бөлүмдөрдүн катышуусу менен түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан жүзөгө ашырылган 1-чектүү суммадан жогору жана 2-чектүү суммадан төмөн болгон наркы менен сатып алуулар боюнча; 

1) бир булактан сатып алуу же түздөн-түз келишим түзүү

2) сынак өткөрүү аркылуу:  

- бир баскычтуу сынак; 

- эки баскычтуу сынак; 

17. Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрү сатып алууларды бөлүктөргө бөлүүгө же болбосо ушул саясатта көрсөтүлгөн сынактын жол-жоболорун жүргүзүүгө жол бербөө үчүн сатып алуулар наркын төмөндөтүүгө укуктуу эмес. 

 

6-глава. Сатып алуулар жөнүндө маалыматтарды жайгаштыруу 

 

18. Сатып алуулар жөнүндө маалымат Улуттук банктын расмий сайтында жана/же жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштырылууга тийиш.  

19. Улуттук банк ушул саясаттын 18-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматты интернет маалыматтык-телекоммуникациялык түйүндөрдө же башка маалымат ресурстарда кошумча жайгаштырууга укуктуу. 

20. Жабык/жашыруун сынак өткөрүүдө сатып алуулар жөнүндө маалымат, ошондой эле Улуттук банктын жашыруун долбоорлору боюнча товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуулар жарыяланбайт.  

 

7-глава. Улуттук банктын сатып алууларды жүзөгө ашыруунун жалпы тартиби 

 

21. Сатып алууларды ишке ашыруу процесси төмөндөгү баскычтардан турат: 

- сатып алууларды пландаштыруу;  

- сатып алуу предмети боюнча техникалык тапшырманы иштеп чыгуу; 

- рыноктогу бааларга мониторинг жүргүзүү;  

- алдын ала квалификациялык тандоо;  

- тиешелүү сатып алуу ыкмасына ылайык түздөн-түз сатып алуу процесси;  

- келишим түзүү;  

- төлөө жана сатып алуулар боюнча аванстык төлөм;  

- сатып алуулар жөнүндө отчет.  

 

22. Товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу Сатып алуу планына ылайык, Улуттук банктын тиешелүү бюджетинде чыгашалар статьялары боюнча сатып алуулардын түрлөрү боюнча жүргүзүлөт. Сатып алуу планында сатып алуунун аталышы, анын саны, ички буйрутмачы болуп саналган түзүмдүк бөлүмдүн аталышы, чектүү суммаларга карата сатып алуу бюджети, сунушталган сатып алуу ыкмасы жана сатып алуу мөөнөтү камтылууга тийиш. 

23. Жашыруун сатып алуулар боюнча учурларды эске албаганда, Сатып алуу планына тиешелүү сатып алууну киргизүүсүз сатып алууларды өткөрүүгө жол берилбейт. 

24. Зарылчылык келип чыккан шартта, ички буйрутмачылар-түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан берилген билдирмелердин негизинде Сатып алуу планы корректировкаланышы мүмкүн, ал Улуттук банктын күндөлүк кирешелер менен чыгашаларынын жана капиталдык салымдарынын бюджетин түзүү жөнүндө жобонун талаптарына ылайык жүргүзүлгөн Улуттук банктын бюджетине тиешелүү корректировкалоолордон кийин ишке ашырылат. Ички буйрутмачылар тарабынан техникалык тапшырма/техникалык талаптар даярдалып жаткан учурда рыноктук бааларды аныктоо, рынокто товардын бар экендигине жана контрагенттердин (берүүчүлөрдүн, иш тапшыруучулардын) болушун аныктоо үчүн рынокко талдап-иликтөө/мониторинг жүргүзүлөт. 

25. Тигил же бул товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга техникалык тапшырма/техникалык талаптар ички буйрутмачы тарабынан түзүлөт. Техникалык тапшырманы/ техникалык талапты түзүү эрежеси, талабы жана тартиби Улуттук банк тарабынан товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу максатында техникалык тапшырманы/ техникалык талапты иштеп чыгуу тартиби менен жөнгө салынат. 

26. Товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу үчүн документтерди даярдоо (жабдуулардын өзгөчөлүктөрү, кемчиликти аныктоо актысы, техникалык корутунду жана тапшырма, бааларды талдап-иликтөө, иш көлөмү, эсептешүүлөр, негиздеме, билдирме, кызматтык иш боюнча тил каттар жана башкалар) ички буйрутмачы тарабынан жүргүзүлөт. 

27. Товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга карата келишим ички буйрутмачы тарабынан даярдалып, “Келишим түзүү жана аны аткаруу тартиби жөнүндө” жободо аныкталган тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөр менен милдеттүү түрдө макулдашылат. 

28. Сатып алууларды уюштуруу үчүн жооптуу түзүмдүк бөлүм Улуттук банкта документ менен иш алып барууну уюштуруу боюнча нускоонун талаптарына ылайык, электрондук түрдө да берүүчүлөрдүн сынактык документтерин, сынактык билдирмелерин, келишимдердин көчүрмөлөрүн жана аткарылган иштер/кабыл алуу-өткөрүү актыларын жана өткөрүлгөн сынактардын башка документтерин чогултулуп, анын архивге өткөрүлүп берилишин камсыз кылууга тийиш.  

29. Сынактын алкагында сатып алуулар боюнча ички буйрутмачылардын контрагенттер (берүүчүлөр, иш тапшыруучулар) менен келишим түзүү мөөнөттөрүнө контролдукту жүзөгө ашырат. Ички буйрутмачы келишимде каралган милдеттенмелерди сынактын жыйынтыгы боюнча келишим түзүлгөн контрагенттер (берүүчүлөр, иш тапшыруучулар) тарабынан аткарылышын контролдойт. 

 

 

 

 

8-глава. Купуялуулукту сактоо принциби 

 

30. Сатып алууларды жүзөгө ашырууда маалыматтын купуялуулугун сактоо принциби башка тараптар/үчүнчү жактар үчүн маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылууну болжолдойт. 

31. Сынактык сунуштарды кароого алууга, түшүндүрүүгө, баа берүүгө жана салыштырууга байланыштуу маалымат менен таанышып чыгуу укугуна сынактык комиссиянын мүчөлөрү, ал тарабынан чакырылган эксперттер жана консультанттар, сатып алууну уюштурууга жана өткөрүүгө жооптуу болгон түзүмдүк бөлүмдүн жана ички буйрутмачынын өкүлдөрү, ошондой эле колдонуудагы мыйзамдарга ылайык аталган маалымат менен таанышып чыгуу укугуна ээ болгон башка жактар жана органдар гана ээ. 

32. Өз функционалдык милдеттерин аткаруунун чегинде Улуттук банктын ар бир кызматкерине сатып алуулар тууралуу маалымат белгилүү болсо, коммерциялык сырды ачыкка чыгарбоого, Улуттук банкта кабыл алынган маалыматтын купуялуулугун камсыз кылууга карата талаптарды так сактоого жана тиешелүү маалыматтарды Улуттук банктын таламында гана пайдаланууга милдеттүү

33. Сынактын комиссиянын мүчөлөрү, эксперттер, консультанттар жана сатып алууну уюштурууга жана өткөрүүгө жооптуу болгон түзүмдүк бөлүмдүн жана ички буйрутмачынын өкүлдөрү сатып алуулар тууралуу купуя маалыматты түзгөн, ага өз функционалдык милдеттерин аткаруу процессинде белгилүү болгон маалыматты башка адамдарга/үчүнчү жактарга, анын ичинде кесиптештерге жана туугандарына ачыкка чыгарбоого тийиш. 

34. Сынактык комиссиянын мүчөлөрү, эксперттер, консультанттар жана сатып алууну уюштурууга жана өткөрүүгө жооптуу болгон түзүмдүк бөлүмдүн жана ички буйрутмачынын өкүлдөрү коммерциялык сырды Улуттук банкка зыян келтириши мүмкүн болгон атаандаштык аракет катары кандай болбосун иш жүргүзүү үчүн пайдаланууга жол берилбейт. 

35. Улуттук банк менен кызматкерлердин ортосундагы эмгек мамилелери токтотулган шартта, иш убагында өз функционалдык милдеттерин аткарууга байланыштуу аталган кызматкердин тескөөсүндө турган сатып алуулар тууралуу маалыматты алып жүрүүчүлөр жана кызматтык материалдар түздөн-түз жетекчисине же башка ыйгарым укуктуу адамга өткөрүп берилүүгө тийиш. 

36. Эгерде ички буйрутмачынын өкүлү же сатып алуулар боюнча техникалык координатору купуя маалыматты жаңылыш жөнөтүп алган учурда, анда ички буйрутмачынын өкүлү же сатып алуулар боюнча техникалык координатор аталган купуя маалыматты ачыкка чыгарбоо тууралуу контрагенттерге (берүүчүлөргө, иш сунуштоочуларга) дароо кат жөнөтүүсү зарыл. 

 

9-глава. Сатып алууну жүзөгө ашырууда ички контролдукту уюштуруу 

 

37. Улуттук банктын сатып алууларды жүзөгө ашырууда ички контролдук системасынын максатынан болуп төмөнкүлөр саналат:  

- Улуттук банктын сатып алуу натыйжалуулугун жогорулатуу; 

- сатып алууларды жүзөгө ашырууда орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди жана жоготууларды азайтуу; 

- алдын алуу, ошондой эле зарыл болгон учурда сатып алуу процессинин бардык баскычтарында жол берилген мыйзам бузууларды аныктоо жана тыюу салуу; 

38. Улуттук банктын сатып алууларынын ички контролдук системасы төмөнкү ырааттуу кадамдар түрүндө жүзөгө ашырылат: 

- Улуттук банктын муктаждыктарынын көлөмүн, түзүмүн жана наркын пландаштыруу, аныктоо, ошондой эле сарпталган каражаттарга контролдук жүргүзүү

- сатып алуу катышуучусун жеңүүчү катары тандоо укуктуулугуна контролдук жүргүзүү

- сатып алуу шарттарына ылайык келишим түзүлүшүнө контролдук кылуу; 

- келишимдин талаптагыдай жана өз убагында аткарылышына контролдук жүргүзүү

39. Сатып алууларды жалпы башкаруу өзүндө сатып алууларды пландаштыруудан баштап, сатып алуу келишимине ылайык контрагент (берүүчү, иш тапшыруучу) тарабынан бардык милдеттенмелерди аткарууга чейин бүтүндөй иш процессин камтыйт. 

40. Контрагентти (берүүчүнү, иш тапшыруучуну) тандоо рынокко талдап-иликтөө/мониторинг жүргүзүүнүн, товарлардын/ иштердин/ кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаттык мүнөздөмөлөрүнүн, иш тажрыйбасына баа берүүнүн, контрагенттин (берүүчүнүн, иш тапшыруучунун) финансалык, коммерциялык, өндүрүштүк жана техникалык мүмкүнчүлүктөрүнүн, оптималдуу баа сунушунун жана башка инструменттердин / көрсөткүчтөрдүн негизинде жүзөгө ашырылат. 

41. Сынактык документтер Улуттук банкка контрагент (берүүчү, иш тапшыруучу) тарабынан сатып алуу келишиминин шарттарын аткарбай коюу, талаптагыдай эмес аткаруу же бузууларга жол берүү тобокелдигинен зарыл юридикалык чараларды көрүүгө мүмкүн кылуу менен коргоону камсыз кылат. Улуттук банк сатып алууларды жүзөгө ашырууда контрагент (берүүчү, иш тапшыруучу) менен ар бир тараптын укуктарын жана милдеттерин, шарттарды/чектөөлөрдү жана башкаларды жөнгө салган зарыл келишимдерди түзөт. 

42. Сатып алуу келишимин түзгөндөн кийин ички буйрутмачы анын аткарылышына мониторинг жүргүзөт, анын башкы максаты контрагенттин (берүүчүнүн, иш тапшыруучунун) бардык милдеттенмелерин өз убагында талаптагыдай аткаруусун камсыз кылуу жана алгачкы баскычта орун алган көйгөйлөрдү аныктоо саналат. 

43. Аткарылышына мониторинг жүргүзүү, ошондой эле сатып алууларды жүзөгө ашырууда кемчиликтерди аныктоо максатында, Улуттук банкта товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну уюштуруу жана өткөрүү үчүн жооптуу бөлүм тандалма жолу аркылуу Улуттук банктын бюджеттик борбору болуп саналган түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан жүргүзүлгөн сатып алуулар боюнча чектүү сумманын өлчөмүнөн көз карандысыз белгиленген талаптардын так сакталышын текшерет. Жүргүзүлгөн иш жыйынтыктарын Улуттук банк Башкармасынын / Улуттук банкта товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну уюштуруу жана өткөрүү үчүн жооптуу бөлүмүнүн ишин түздөн-түз тескөөгө алган Башкарманын мүчөсүнүн/ Улуттук банктын Төрагасынын орун басарынын кароосуна сунушталат.  

44. Уюштуруу түзүмүнүн жыйындысын, сатып алуу иши үчүн зарыл болгон жоопкерчилик ыйгарым укуктарын, ыкмаларын, жол-жоболорун жана ресурстарын бөлүштүрүүнү кошо алганда, сатып алуу процесине баа берүү тиешелүү кызмат тарабынан план боюнча жүргүзүлөт. 

45. Маалыматтык системаларга, ошондой эле укуктарды берүү жана сатып алуу процессине катышып жаткан Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ортосунда маалыматты өткөрүп берүү боюнча талаптар Улуттук банктын ички ченемдик базасында аныкталган. 

 

10-глава. Корупциялык көрүнүштөргө каршы аракеттенүү 

 

46. Бул саясат сатып алуулар жагында төмөнкүдөй чараларды аныктайт: 

- тийиштүү маалыматтарды ачып көрсөтүү чөйрөсүндө чаралар; 

- сатып алууларга катышуунун шарттарын жана аларды өткөрүү эрежелерин белгилөө

- сатып алуу чечимдерин кабыл алууга карата объективдүү критерийлерди белгилөө

- ички контролдук системасын уюштуруу, «төрт тараптан контролдук кылуу» принцибин колдонуу, Улуттук банктын кызматкерлеринин укуктарын жана жоопкерчилигин бөлүштүрүү системасын түзүү 

- Улуттук банкка ишке кабыл алууда адамдардын иш аброюн текшерүү жана үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүү 

- маалыматтан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн чектөө;  

- сатып алууну өткөрүү үчүн негиз болгон баштапкы документтерди текшерүү жана талдап-иликтөө, зарылчылык келип чыккан шартта аны Улуттук банктын ченемдик актылары менен салыштырылуу; 

- ыйгарым укуктуу адамдар тарабынан текшерүү

- үчүнчү жактардын Улуттук банктын сатып алууларына байланыштуу кине коюлары менен туруктуу негизде иш алып баруу; 

- Улуттук банктын кызматкерлерин окутуу, ченемдик актыларды окутуу, Улуттук банктын кызматкерлеринин документтеринин шарттарынын аткарылышын сактоо; 

- Улуттук банктын кызматкерлерин окутуудан системалуу түрдө окутуу, Улуттук банктын ишинде алар тарабынан колдонулуучу ченемдик актылардын иликтөөгө алынышын камсыз кылуу, ушул документтердин талабы Улуттук банктын кызматкерлери тарабынан так сакталышы жана аткарылышы; 

- Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн операциялык тобокелдиктери боюнча жагдайлар (окуялар) базасын түзүү

47. Коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтүү максатында, комплекстүү мамилени колдонууга тийиш, б.а. сатып алуу процессинин ар бир баскычында каршы аракеттенүүнүн бардык ыкмаларын тең салмактуу колдонуу. 

 

11-глава. Жоопкерчилик 

 

48. Бул саясаттын жана Улуттук банктын сатып алуу бөлүгүндөгү башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик сатып алуу процессине тике же кыйыр түрдө катышып жаткан Улутутк банктын бардык кызматкерлерине жүктөлөт. 

49. Улуттун банктын инсайдерлери жана аффилирленген жактары өзү жана инсайдердин туугандар чөйрөсүнө кирген адамдар, ошондой эле ушул саясатка ылайык алар тарабынан контролго алынган юридикалык жактар тууралуу маалыматтын өз убагында сунушталышы жана анын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат.