> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

Аффинаждалган алтын куймаларын сатуунун  

шарттары жөнүндө маалыматтар 

 

1. Аффинаждалган алтын куйма «Кыргызалтын» ААК тарабынан 10900дан 13400 граммга чейинки салмакта даярдалган жана маркировкаланган алтын куйма, куйманын лигатурдук салмагынын кеминде 99,95 пайызын химиялык таза металл түзөт. 

2. Жеке адамдарга жана юридикалык жактарга (алтын өндүрүү жана иштеп чыгуу 

ишканаларын эске албаганда) аффинаждалган алтын куймаларын сатуу, акча каражаттарын Улуттук банктын эсебине которуу аркылуу Улуттук банктын борбордук жүгүртүү касса тобу тарабынан нак эмес формада жумуш күндөрү саат 9:00дөн 15:00гө чейин Бишкек шаары, Yмөталиев көчөсү 101 дарегинде ишке ашырылат (тел. 0312 66-91-42, 0312 66-91-41). Сатып алуучу акча каражаттарын Улуттук банктын эсебине которгонго чейин аффинаждалган алтын куйманын номерин 0312 66-91-42 телефону аркылуу маалымдоого тийиш. 

3. Сатуу баасы Улуттук банк тарабынан ар бир аффинаждалган алтын куймага өзүнчө белгиленет жана ал Улуттук банктын расмий интернет-сайтында күнүмдүк негизде саат 09:30дан кечиктирилбестен жарыяланып турат.  

4. Улуттук банк аффинаждалган алтын куймаларын кайра сатып албайт. 

5. Аффинаждалган алтын куймалар даярдап чыгарган заводдун аффинаждалган куйманын сандык-сапаттык көрсөткүчтөрүн тастыктаган сертификатын, ошондой эле аффинаждалган алтын куймаларын сатуу жөнүндө квитанцияны милдеттүү түрдө тиркөө менен сатылат. 

6. Улуттук банк күнүнө 5 (беш) куймадан ашпаган санда аффинаждалган алтын куймаларын сатууну ишке ашырат. Улуттук банк аффинаждалган алтын куймаларын сатууну чектеши мүмкүн.  

7. Аффинаждалган алтын куймаларын сатууда милдеттүү түрдө ошол куймаларды сатып алып жаткан адамдын катышуусунда алардын салмагы жана рентген-флюоресценттик анализатордун жардамы менен алтындын сапат белгиси текшерилет. Тараза салмактоодо анын жыйынтыгы көрүнүп тургудай жайгаштырылууга тийиш. 

8. Аффинаждалган алтын куймаларын сатуу операциялары белгиленген күн ичинде ишке ашырылат. Акча каражаттары Улуттук банктын расмий интернет-сайтынын башкы баракчасында аффинаждалган алтын куймаларын сатуу баасы белгиленген учурдан тартып жумуш күнү саат 12:00дөн кечиктирбестен Улуттук банктын төмөнкү банктык реквизиттерине которулууга тийиш. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  

Эсеби 1013930100001579  

БИК 101001 

ИНН 01212199210017 

9. Улуттук банктын тиешелүү эсебине акча каражаттары түшкөндөн кийин аффинаждалган алтын куймалары төмөнкүлөргө берилет: 

- төлөм тапшырмасынын жана инсандыгын күбөлөндүргөн документтин (паспорттун) негизинде жеке адамдарга; 

- төлөм тапшырмасынын, ишеним каттын (юридикалык жактын өкүлүнүн ыйгарым укуктарын күбөлөндүргөн башка документтердин) жана ишеним берилген адамдын инсандыгын күбөлөндүргөн документтин (паспорттун) негизинде юридикалык жактарга. 

10. Аффинаждалган алтын куймалары Улуттук банктын эсебине акча каражаттары түшкөндөн кийин ошол эле күнү саат 15:00дөн кечиктирилбестен берилет.