Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы автоунаа транспортун сатуу боюнча ачык тоорук (аукцион) өткөрүлө тургандыгын жарыялайт жана бардык кызыкдар тараптарды тоорукка катышууга чакырат
Кызыкдар тараптар үчүн маалымат:
1. Тоорукту өткөрүү эрежелери.
2. Сатыкка коюлган автотранспорттун реестри (1-тиркеме).
3. Билдирменин формасы (2-тиркеме).
1. Тоорукту өткөрүү эрежелери.
1. Автотранспортту сатуу боюнча бул аукциондо катышуучулардын курамы жана баа боюнча сунуштарды берүү формасы да ачык, б.а. автотранспорттун баасы аукциондун катышуучулары тарабынан тоорук өткөрүүнүн жүрүшүндө ачык билдирилет.
2. Билдирмелер 2025-жылдын 4-сентябры саат 17:30га чейин гана кабыл алынат.
3. Аукционго катышуу үчүн талапкер аукцион өткөрүлүүчү күнгө чейин Улуттук банктын эсебине баштапкы (старттык) баадан 5% өлчөмүндө кепилдик төгүм төгөт.
4. Сатуу комиссиясы талапкерлердин билдирмелерин жана документтерин карап чыгып, талапкерлерден кепилдик төгүм түшкөндүгү фактысын белгилеп, документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча талапкерлерди аукциондун катышуучулары катары таануу жөнүндө чечим кабыл алгандан кийин катышуучуларга тиешелүү номерлерди ыйгарат же аукционго катышууга уруксат берүүдөн баш тартуу чечимин кабыл алат.
5. Аукциондо (ачык тоорук) кеминде 2 (эки) катышуучу катышкан шартта ал өткөрүлгөн катары таанылат.
6. Аукциондун жүрүшүндө аукцион өткөрүүчү бааны атайт, ал эми катышуучулар карточканы көтөрүп ошол баа боюнча автотранспортту сатып алууга даяр экендигин билдирет. Аукциондун катышуучулары ал жөнүндө өздөрү айтышат, андан кийин аукцион андан ары эрежеге ылайык улантылат.
7. Аукцион өткөрүү эрежесине ылайык кезектеги баа жарыялангандан кийин аукцион өткөрүүчү карточканы биринчи көтөргөн катышуучунун номерин атайт. Андан кийин аукцион өткөрүүчү эрежеге ылайык кийинки бааны жарыялайт. Автотранспортту ушул баада сатып алууга даяр катышуучулар жок болсо, аукцион өткөрүүчү бааны үч жолу кайталайт.
8. Баа үч жолу жарыялангандан кийин катышуучулардын бири да карточканы көтөрбөсө аукцион аяктайт. Аукциондун жеңүүчүсү катары акыркы аталган номердин ээси эсептелет.
9. Аукцион аяктагандан кийин аукцион өткөрүүчү автотранспорт сатылгандыгын, сатуу баасын жана жеңүүчүнүн номерин жарыялайт.
10. Эгерде баштапкы баа үч жолу жарыялангандан кийин катышуучулардын бири да карточканы көтөрбөсө, анда аукцион токтотулат жана ал өткөрүлбөгөн катары таанылат.
11. Тооруктун жүрүшүндө максималдуу бааны сунуштаган катышуучу аукциондун жеңүүчүсү катары таанылат. Аукциондун жеңүүчүсү аукцион аяктагандан кийин дароо катышуучунун номери жазылган өзүнүн карточкасын көрсөтүүгө, андан кийин аукциондун жыйынтык протоколуна кол коюу менен өзүнүн ниетин ырастоого милдеттүү. Протокол 2 (эки) нускада даярдалып, ага жеңүүчү же анын ыйгарым укуктуу өкүлү, бардык мүчөлөрү, сатуу комиссиясынын катчысы жана аукцион өткөрүүчү кол коюшат.
12. Аукциондун протоколунда сатуучу жана сатып алуучу жөнүндө маалыматтар, сатылган автотранспорттун аталышы, старттык сатуу баасы жана сатуу баасы, кепилдик төгүмдүн суммасы, сатып алуучунун сатып алуу-сатуу келишимине кол коюу милдеттенмеси, сатып алуучунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик каттоо органда автотранспортту кайра каттоо жөнүндө милдеттенмеси көрсөтүлөт.
13. Аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколдун бир нускасы сатып алуучуга тапшырылат жана ал сатып алуучунун автотранспортту сатып алуу-сатуу келишимин түзүүгө укугун күбөлөндүрүүчү документ болуп саналат. Аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколдун экинчи нускасы сатуучуга тапшырылат.
14. Эгерде жеңүүчү аукцион аяктагандан кийин аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол койбосо же кол коюудан баш тартса, бул сатып алуудан баш тартуу катары бааланат жана бул учурда кепилдик төгүм кайтарылып берилбейт
15. Автотранспортту сатып алуу укугу тооруктун жүрүшүндө жеңүүчүдөн кийинки бааны сунуштаган аукциондун катышуучусуна берилет. Эгерде бул катышуучу аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тартса, анда аукциондун жыйынтыгы жокко чыгарылат, тоорук өткөрүлбөгөн катары таанылат жана автотранспорт сатуучуда калат.
16. Аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин жеңүүчү 5 (беш) жумуш күндүн ичинде сатып алуу-сатуу жөнүндө келишим түзүүгө жана автотранспорт үчүн толук өлчөмдө төлөм жүргүзүүгө тийиш.
17. Аукциондун жеңүүчүсү автотранспорттун наркын төлөгөндө кепилдик төгүмдүн суммасы автотранспорттун наркына киргизилет. Аукциондун калган бардык катышуучуларына кепилдик төгүмдүн суммасы сатып алуу-сатуу келишими түзүлгөн учурдан тартып 5 (беш) календардык күндүн ичинде кайтарылып берилет.
Тоорук (аукцион) өткөрүлүүчү күн: 2025-жылдын 5-сентябры саат 14-00дө.
Төлөм түрү: накталай жана накталай эмес.
Тоорук өткөрүлүүчү жер: Бишкек шаары, Үмөталиев көч., 101.
Билдирмени берүү мөөнөтү: 2025-жылдын 4-сентябры саат 17-30га чейин кепилдик төгүмдү төлөө менен.
Тоорукка катышуу үчүн 5% кепилдик төгүм төлөнүүчү эсептешүү эсеби: 101393010000771, БИК 101001.
Каалоочулар 2025-жылдын 5-августунан 4-сентябрына чейин ачык эшик күндөрү автотранспортту карап чыгып, билдирменин формасын 2025-жылдын 5-августунан 4-сентябрына чейин саат 09-00дөн 17-30га чейин Бишкек шаары, Үмөталиев көчөсү, 101 дареги боюнча алса болот.
Сатуучунун дареги жана байланыш телефон номери: Бишкек ш., Үмөталиев көч., 101, Тел. 66 91 53, электрондук почта: sale@nbkr.kg.
Тиркеме:
1. Сатылуучу автотранспорттун реестри (1-тиркеме).
2. Билдирменин формасы (2-тиркеме).
1-тиркеме
Сатылуучу автотранспорттун
РЕЕСТРИ
№ |
Автотранспорттун аталышы |
Баштапкы сатуу баасы, сом түрүндө |
5 % кепилдик төгүм, сом түрүндө |
1 |
Toyota Camry (Тойота Камри) чыккан жылы: 2001, километражы: 478 539 км |
362 242 |
18 112,10 |
2 |
Toyota Land Cruiser (Тойота Ленд Крузер), чыккан жылы: 2001, километражы: 397 559 км |
854 032 |
42 701,60 |
3 |
Toyota Land Cruiser (Тойота Ленд Крузер), чыккан жылы: 2001, километражы: 521 630 км |
764 832 |
38 241,60 |
4 |
Toyota Land Cruiser (Тойота Ленд Крузер), чыккан жылы: 2001, километражы: 373 104 км |
858 612 |
42 930,60 |
5 |
Toyota Land Cruiser (Тойота Ленд Крузер), чыккан жылы: 2001, километражы: 390 578 км |
857 842 |
42 892,10 |
6 |
Toyota Land Cruiser Prado (Тойота Ленд Крузер Прадо), чыккан жылы: 2008, километражы: 196 740 км |
983 902 |
49 195,10 |
7 |
Nissan Urvan (Ниссан Урван), чыккан жылы: 2006, километражы: 176 122 км |
278 112 |
13 905,60 |
8 |
Nissan Urvan (Ниссан Урван), чыккан жылы: 2006, километражы: 219 197 км. |
261 792 |
13 089,60 |
2-тиркеме
Билдирменин формасы
Автотранспортту сатып алууга
БИЛДИРМЕ
Автотранспорттун аталышы |
Билдирме ээсинин аты-жөнү |
Билдирме ээсинин паспортунун маалыматтары |
Билдирме ээсинин байланыш маалыматтары (телефон, электрондук почтасы) |
Кепилдик төгүм төлөнгөн күн |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
____________________________________________
(аты-жөнү жана кол тамгасы)
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы автоунаа транспортун сатуу боюнча кайрадан ачык тоорук (аукцион) өткөрүлө тургандыгын жарыялайт жана бардык кызыкдар тараптарды тоорукка катышууга чакырат
Кызыкдар тараптар үчүн маалымат:
1. Тоорукту өткөрүү эрежелери.
2. Сатыкка коюлган автотранспорттун реестри (1-тиркеме).
3. Билдирменин формасы (2-тиркеме).
1. Тоорукту өткөрүү эрежелери.
1. Автотранспортту сатуу боюнча бул аукциондо катышуучулардын курамы жана баа боюнча сунуштарды берүү формасы да ачык, б.а. автотранспорттун баасы аукциондун катышуучулары тарабынан тоорук өткөрүүнүн жүрүшүндө ачык билдирилет.
2. Билдирмелер 2025-жылдын 21-августу саат 17:30га чейин гана кабыл алынат.
3. Аукционго катышуу үчүн талапкер аукцион өткөрүлүүчү күнгө чейин Улуттук банктын эсебине баштапкы (старттык) баадан 5% өлчөмүндө кепилдик төгүм төгөт.
4. Сатуу комиссиясы талапкерлердин билдирмелерин жана документтерин карап чыгып, талапкерлерден кепилдик төгүм түшкөндүгү фактысын белгилеп, документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча талапкерлерди аукциондун катышуучулары катары таануу жөнүндө чечим кабыл алгандан кийин катышуучуларга тиешелүү номерлерди ыйгарат же аукционго катышууга уруксат берүүдөн баш тартуу чечимин кабыл алат.
5. Аукциондо (ачык тоорук) кеминде 2 (эки) катышуучу катышкан шартта ал өткөрүлгөн катары таанылат.
6. Аукциондун жүрүшүндө аукцион өткөрүүчү бааны атайт, ал эми катышуучулар карточканы көтөрүп ошол баа боюнча автотранспортту сатып алууга даяр экендигин билдирет. Аукциондун катышуучулары ал жөнүндө өздөрү айтышат, андан кийин аукцион андан ары эрежеге ылайык улантылат.
7. Аукцион өткөрүү эрежесине ылайык кезектеги баа жарыялангандан кийин аукцион өткөрүүчү карточканы биринчи көтөргөн катышуучунун номерин атайт. Андан кийин аукцион өткөрүүчү эрежеге ылайык кийинки бааны жарыялайт. Автотранспортту ушул баада сатып алууга даяр катышуучулар жок болсо, аукцион өткөрүүчү бааны үч жолу кайталайт.
8. Баа үч жолу жарыялангандан кийин катышуучулардын бири да карточканы көтөрбөсө аукцион аяктайт. Аукциондун жеңүүчүсү катары акыркы аталган номердин ээси эсептелет.
9. Аукцион аяктагандан кийин аукцион өткөрүүчү автотранспорт сатылгандыгын, сатуу баасын жана жеңүүчүнүн номерин жарыялайт.
10. Эгерде баштапкы баа үч жолу жарыялангандан кийин катышуучулардын бири да карточканы көтөрбөсө, анда аукцион токтотулат жана ал өткөрүлбөгөн катары таанылат.
11. Тооруктун жүрүшүндө максималдуу бааны сунуштаган катышуучу аукциондун жеңүүчүсү катары таанылат. Аукциондун жеңүүчүсү аукцион аяктагандан кийин дароо катышуучунун номери жазылган өзүнүн карточкасын көрсөтүүгө, андан кийин аукциондун жыйынтык протоколуна кол коюу менен өзүнүн ниетин ырастоого милдеттүү. Протокол 2 (эки) нускада даярдалып, ага жеңүүчү же анын ыйгарым укуктуу өкүлү, бардык мүчөлөрү, сатуу комиссиясынын катчысы жана аукцион өткөрүүчү кол коюшат.
12. Аукциондун протоколунда сатуучу жана сатып алуучу жөнүндө маалыматтар, сатылган автотранспорттун аталышы, старттык сатуу баасы жана сатуу баасы, кепилдик төгүмдүн суммасы, сатып алуучунун сатып алуу-сатуу келишимине кол коюу милдеттенмеси, сатып алуучунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик каттоо органда автотранспортту кайра каттоо жөнүндө милдеттенмеси көрсөтүлөт.
13. Аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколдун бир нускасы сатып алуучуга тапшырылат жана ал сатып алуучунун автотранспортту сатып алуу-сатуу келишимин түзүүгө укугун күбөлөндүрүүчү документ болуп саналат. Аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколдун экинчи нускасы сатуучуга тапшырылат.
14. Эгерде жеңүүчү аукцион аяктагандан кийин аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол койбосо же кол коюудан баш тартса, бул сатып алуудан баш тартуу катары бааланат жана бул учурда кепилдик төгүм кайтарылып берилбейт
15. Автотранспортту сатып алуу укугу тооруктун жүрүшүндө жеңүүчүдөн кийинки бааны сунуштаган аукциондун катышуучусуна берилет. Эгерде бул катышуучу аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тартса, анда аукциондун жыйынтыгы жокко чыгарылат, тоорук өткөрүлбөгөн катары таанылат жана автотранспорт сатуучуда калат.
16. Аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин жеңүүчү 5 (беш) жумуш күндүн ичинде сатып алуу-сатуу жөнүндө келишим түзүүгө жана автотранспорт үчүн толук өлчөмдө төлөм жүргүзүүгө тийиш.
17. Аукциондун жеңүүчүсү автотранспорттун наркын төлөгөндө кепилдик төгүмдүн суммасы автотранспорттун наркына киргизилет. Аукциондун калган бардык катышуучуларына кепилдик төгүмдүн суммасы сатып алуу-сатуу келишими түзүлгөн учурдан тартып 5 (беш) календардык күндүн ичинде кайтарылып берилет.
Тоорук (аукцион) өткөрүлүүчү күн: 2025-жылдын 22-августу саат 14-00дө.
Төлөм түрү: накталай жана накталай эмес.
Тоорук өткөрүлүүчү жер: Бишкек шаары, Үмөталиев көч., 101.
Билдирмени берүү мөөнөтү: 2025-жылдын 21-августу саат 17-30га чейин кепилдик төгүмдү төлөө менен.
Тоорукка катышуу үчүн 5% кепилдик төгүм төлөнүүчү эсептешүү эсеби: 101393010000771, БИК 101001.
Каалоочулар 2025-жылдын 23-июлунан 21-августуна чейин ачык эшик күндөрү автотранспортту карап чыгып, билдирменин формасын 2025-жылдын 23-июлунан 21-августуна чейин саат 09-00дөн 17-30га чейин Бишкек шаары, Үмөталиев көчөсү, 101 дареги боюнча алса болот.
Сатуучунун дареги жана байланыш телефон номери: Бишкек ш., Үмөталиев көч., 101, Тел. 66 91 53, электрондук почта: sale@nbkr.kg.
Тиркеме:
1. Сатылуучу автотранспорттун реестри (1-тиркеме).
2. Билдирменин формасы (2-тиркеме).
1-тиркеме
Сатылуучу автотранспорттун
РЕЕСТРИ
№ |
Автотранспорттун аталышы |
Баштапкы сатуу баасы, сом түрүндө |
5 % кепилдик төгүм, сом түрүндө |
1 |
Toyota Land Cruiser Prado (Тойота Ленд Круизер Прадо), чыккан жылы 2017, километражы: 119 600 км |
3 496 654 |
174 833 |