> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын эскилиги жеткен, жараксыз банкнотторун, кемтиги бар монеталарын алмаштыруу  

  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эскилиги жеткен, ар кандай жагдайлардан улам жараксыз абалда калган банкнотторду жана кемтиги бар, жешилип калган монеталарды төмөнкү даректер боюнча иш күндөрү саат 9.00дөн 15.00гө чейин алмаштырып берүү ыңгайын сунуштайт:

Башкармалыктардын аталышы  

Дареги  

Борбордук аппарат  

Бишкек ш., Т.Үмөталиев атындагы көчө 101  

Ош областтык башкармалыгы  

Ош ш., Курманжан датка атындагы көчө 119  

Нарын областтык башкармалыгы  

Нарын ш., Жамгырчы уулу Абас атындагы көчө 6  

Ысык-Көл областтык башкармалыгы  

Каракол ш., Токтогул атындагы көчө 265  

Жалал-Абад областтык башкармалыгы  

Жалал-Абад ш., Эркиндик көчөсү 13  

Талас областтык башкармалыгы  

Талас ш., Бердике баатыр атындагы көчө 291  

Тиешелүү толук маалыматты "Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын банкнотторунун жана монеталарынын төлөөгө жөндөмдүүлүгү белгилери жана аларды алмаштыруу эрежелери жөнүндө" жободон же 0312 66 91 63 телефону аркылуу алсаңыздар болот.