> Бөлүктүн менюсун көрсөткүлө

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 

Бишкек шаары, 2014-жылдын 25-ноябры № 160 

Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө 

(КР 2019-жылдын 8-июлундагы N 83, 2020-жылдын 23-мартындагы N 29, 2020-жылдын 22-июлундагы N 85, 2023-жылдын 29-мартындагы N 74 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 


1-берене. Ушул Мыйзамдын максаты 

Ушул Мыйзамдын максаты насыялык маалымат алмашуу жаатындагы мамилелерди жөнгө салуу болуп саналат. 

2-берене. Кыргыз Республикасынын насыялык маалымат алмашуу чөйрөсүндөгү мыйзамдары 

Кыргыз Республикасынын насыялык маалымат алмашуу чөйрөсүндөгү мыйзамдары Конституциядан, ушул Мыйзамдан жана башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат. 

3-берене. Негизги түшүнүктөр 

Ушул Мыйзамда төмөнкү негизги түшүнүктөр колдонулат: 

насыялык бүтүм - насыя, зайым, лизинг, факторинг келишимдери жана акча каражаттарын жана башка мүлктү карызга берүү каралган башка келишимдер; 

насыялык маалымат алмашуу - насыялык бюронун, субъекттин, насыялык маалымат берүүчүнүн жана пайдалануучунун насыялык тарыхты түзүү жана насыялык отчетту берүү максатында насыялык маалыматты жыйноо, иштеп чыгуу, талдоо, сактоо, берүү, пайдалануу жана коргоо боюнча өз ара аракеттенүүсү

насыялык маалымат субъекти - тиешелүүлүгүнө жараша зайымчы (карызкор), лизинг алуучу, кепилдик берүүчү, кепил катары чыгуучу же болбосо түзүлгөн жарандык-укуктук келишимдерге ылайык, насыячылардын алдында башка финансылык карызы жана милдеттенмеси бар юридикалык же жеке жак; 

насыялык маалымат берүүчү - насыялык бюрого насыялык маалымат берүүчү юридикалык же жеке жак; 

насыялык маалыматты пайдалануучу - тиешелүүлүгүнө жараша насыячы, лизинг берүүчү, күрөө кармоочу катары чыгуучу юридикалык же жеке жак. 

позитивдүү насыялык маалымат - түзүлгөн келишимдер боюнча милдеттенмелердин насыялык маалымат субъекти тарабынан талаптагыдай аткарылышы жөнүндө маалыматтарды камтыган, насыялык маалымат субъекти жөнүндө маалымат; 

негативдүү насыялык маалымат - келишимдик милдеттенмелерди (мөөнөтү өткөн карызды) жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү токсон календардык күндөн ашык аткарбагандыгы жөнүндө маалыматтарды камтыган насыялык маалымат субъекти жөнүндө маалымат. Эгерде милдеттенмелерди аткарбоо өзгөчө кырдаал жана (же) өзгөчө абал убагында болсо, келишимдик милдеттенмелерин жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрүн аткарбагандыгы жөнүндө маалыматтар негативдүү насыялык маалыматка киргизилбейт. 

(КР 2020-жылдын 22-июлундагы N 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

4-берене. Насыялык маалымат 

Насыялык маалымат - насыялык бүтүмдүн абалы жөнүндө, берилген камсыздоо (күрөө, кепилдик, кепилдик берүүчү жана камсыздоонун башка түрлөрү) боюнча милдеттенмелердин аткарылуусу тууралуу маалыматтар, ошондой эле насыялык маалымат субъектинин насыялык жөндөмдүүлүгүн, финансылык абалын, төлөө жөндөмдүүлүгүн, төлөмдүк тартиптүүлүгүн жана башка сапаттарын аныктоого өбөлгө болуучу башка маалыматтар, анын ичинде төмөнкү маалыматтар: 

1) насыялык маалымат субъектин жана берүүчүсүн идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү

2) негизги карыздын суммасын, берилген датасын, карызды график боюнча жана иш жүзүндө тындыруу датасын, пайыздык ставканын өлчөмүн, кошуп эсептелген пайыздардын суммасын, туумдун, жазапулдардын жана бышмананын суммасын, карызды кайра түзүмдөштүрүү фактысы жөнүндө маалыматты (карызды тындыруу графигине, карыздын суммасына жана түзүмүнө, пайыздык ставканын өлчөмүнө өзгөртүүлөрдү) кошуп алганда, насыялык маалымат субъектинин жарандык-укуктук келишим боюнча акчалай сумманы төлөө милдеттенмелери тууралуу; 

3) насыялык бүтүм менен байланышкан күрөө мүлкү тууралуу. 

5-берене. Насыялык тарых 

1. Насыялык тарых - насыялык маалымат субъектине карата насыялык бюро тарабынан түзүлгөн насыялык маалыматтардын жыйындысы. 

2. Насыялык тарых өзүнө төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш: 

1) насыялык маалымат субъектин идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү

2) насыялык маалымат субъектинин насыялык бүтүмдөрү жөнүндө, ошондой эле алардын аткарылышынын абалы жөнүндө

3) насыялык маалымат субъектинин жарандык-укуктук келишим боюнча акчалай сумманы төлөө милдеттенмелери тууралуу; 

4) насыялык тарыхты түзүү датасы жөнүндө, ошондой эле насыялык тарыхты түзгөн насыялык бюро жөнүндө

3. Насыялык тарыхка насыялык маалымат алмашуу жөнүндө келишимге ылайык башка маалыматтар да киргизилиши мүмкүн. 

4. Насыялык тарыхка аткаруу датасынан тартып негативдүү насыялык маалымат үчүн беш жылдан жана позитивдүү насыялык маалымат үчүн жети жылдан ашык убакыт өткөн насыялык маалымат субъектинин акчалай сумманы төлөө милдеттенмелери тууралуу маалыматтар киргизилбейт. 

5. Кийин жоюлган насыялык маалыматты берүүчү (юридикалык жак) тарабынан берилген насыялык маалымат, насыялык тарыхта камтылган маалыматты акыркы жолу өзгөрткөн күндөн тартып беш жыл бою сакталат. 

(КР 2020-жылдын 22-июлундагы N 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

6-берене. Насыялык отчет 

1. Насыялык отчет - насыялык тарыхтын курамына кирген толук же жарым-жартылай маалыматты камтыган документ. 

2. Насыялык отчеттун формасы, мазмуну жана берүү тартиби насыялык маалыматтарды алмашуу жөнүндө келишим менен аныкталат. 

3. Насыялык отчет насыялык бюро тарабынан төмөнкүлөргө берилет: 

1) насыялык маалыматты пайдалануучуга - насыялык маалымат субъектинин макулдугу менен; 

2) насыялык маалымат субъектине - анын суроо-талабы боюнча, ушул насыялык маалымат субъектинин насыялык маалыматынын бардык берүүчүлөрүнүн жана пайдалануучуларынын идентификациялык маалыматтарын көрсөтүү менен. 

4. Насыялык отчет эгерде келишимде башкача каралбаса, насыялык бюро тарабынан аны берүү жөнүндө суроо-талап алынган күндөн тартып эки жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттө берилет. 

5. Насыялык отчет насыялык маалыматтын бир гана субъектине берилет. 

7-берене. Насыялык бюро 

1. Насыялык бюро - мыйзамдарга ылайык коммерциялык уюм болуп саналган жана насыялык маалымат алмашууну жүзөгө ашыруу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү юридикалык жак. 

2. Насыялык бюронун уставдык капиталына бир пайдалануучунун катышуусу 10 пайыздан ашпоого тийиш. 

3. Насыялык бюронун иши ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген лицензиянын негизинде жүзөгө ашырылат. 

4. Насыялык бюронун фирмалык аталышы "насыялык бюро" деген сөз айкашын камтууга тийиш. Ушул Мыйзамдын талаптарына жооп бербеген юридикалык жак өзүнүн аталышында "насыялык бюро" деген сөз айкашын пайдаланууга укуксуз. 

5. Насыялык бюро өзүнүн фирмалык аталышындагы штампка, бланктарга жана өз эмблемасына ээ болууга укуктуу. 

8-берене. Насыялык бюрону мамлекеттик каттоо жана насыялык бюронун ишин жүзөгө ашырууга лицензия берүү 

1. Насыялык бюрону мамлекеттик каттоо мыйзамдарда белгиленген тартипте жүргүзүлөт. 

2. Насыялык бюронун ишин жүзөгө ашырууга лицензия (мындан ары - лицензия) берүү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан жүргүзүлөт. 

3. Лицензия берүү үчүн Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жайгашкан жерин (почта дарегин) көрсөтүү менен арыз берилет, ага төмөнкүлөр тиркелет: 

1) насыялык бюрону түзүү жөнүндө уюштуруучулардын жалпы чогулушунун протоколу; 

2) насыялык бюронун уюштуруу документтери; 

3) насыялык бюронун жетекчиси жана уюштуруучулары жөнүндө маалыматтар; 

4) насыялык маалыматты санкцияланбаган жетүүдөн, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, пайдалануудан же ачыкка чыгаруудан коргоону камсыз кылуучу программалык-техникалык комплекстин параметрлери жана жайгаштырылышы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан белгиленген талаптарга ылайыктуулугун ырастоочу документтер; 

5) банктын насыялык бюронун уставдык фондунун түзүлгөнүн ырастоочу документи; 

6) мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк; 

7) Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык лицензия үчүн мамлекеттик алым төлөнгөндүгүн тастыктаган документ. 

4. Лицензия алуу үчүн документтер берилген күндөн тартып отуз күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы лицензия берет. 

5. Насыялык бюронун уюштуруу документтериндеги өзгөртүүлөр жана толуктоолор мыйзамда каралган тартипте Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында каттоого жатат. 

(КР 2020-жылдын 23-мартындагы N 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

9-берене. Насыялык бюрону мамлекеттик каттоодон жана лицензия берүүдөн баш тартуу 

1. Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы лицензия берүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тарта алат: 

1) лицензия берүү үчүн зарыл документтер берилбегенде; 

2) берилген уюштуруу жана башка документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келбегенде; 

3) лицензия алуу үчүн берилген документтерде анык эмес же бурмаланган маалыматтар болгондо; 

4) насыялык маалыматты санкцияланбаган жетүүдөн, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, пайдалануудан, ачыкка чыгаруудан коргоону камсыз кылуучу программалык-техникалык комплекс болбогондо же программалык-техникалык комплекс белгиленген талаптарга ылайык келбегенде; 

5) насыялык бюронун жетекчиси белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келбегенде. 

2. Лицензия берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим арыз берүүчүгө баш тартуунун себебин жана арыз берүүчү көрсөтүлгөн себептерди жоюп, кайталап кароо үчүн арыз берүүгө боло турган мөөнөттү көрсөтүү менен жазуу жүзүндө жиберилет. Мында лицензия берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимде көрсөтүлгөн мөөнөт кемчиликтерди четтетүү үчүн зарыл болгон убакытка туура келүүгө тийиш. 

3. Лицензия алуу үчүн берилген документтерди кайталап кароо арызды бардык зарыл документтер менен алган күндөн тартып он күндөн ашпаган мөөнөттө жүзөгө ашырылат. Насыялык бюрону мамлекеттик каттоодон жана лицензия берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимде көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндө берилген арыз жаңыдан берилди деп эсептелет. 

4. Лицензия берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим сотко даттанылышы мүмкүн. 

10-берене. Лицензиянын колдонулушун токтото туруу, токтотуу, ошондой эле аны кайра жол-жоболоштуруу 

Лицензиянын колдонулушун токтото туруу, токтотуу же кайра жол-жоболоштуруу мыйзамдарда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. 

11-берене. Насыялык бюрону кайра уюштуруу жана жоюу 

1. Насыялык бюрону кайра уюштуруу жана жоюу ушул Мыйзамдын талаптарын эске алуу менен мыйзамдарда каралган тартипте жүзөгө ашырылат. 

2. Насыялык бюро кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн кийин бир жумушчу күндөн кечиктирбестен, бул жөнүндө жазуу жүзүндө Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына кабарлайт жана эки ай бою жалпыга маалымдоо каражаттарына тиешелүү кулактандырууну жума сайын жайгаштырат. 

3. Насыялык бюро кайра уюштурулган учурда, насыялык маалыматтардын маалымат базасы эгерде Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын лицензиясы болсо, анын укук мураскерине өткөрүп берилет. Бул учурда насыялык бюронун укук мураскери насыялык маалыматтардын маалымат базасын алган күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде бул жөнүндө насыялык маалымат берүүчүлөргө жана Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү. Мында жалпыга маалымдоо каражаттарына жайгаштырылган кулактандырууларда насыялык бюронун насыялык маалыматтарынын маалымат базасы анын укук мураскерине өткөрүп берилгени көрсөтүлөт. 

4. Эгерде насыялык бюронун укук мураскеринин лицензиясы болбосо, ошондой эле насыялык бюро жоюлган, лицензиянын колдонулушу токтотулган учурларда, насыялык маалыматтарынын маалымат базасы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө акысыз өткөрүлүп берилет. 

12-берене. Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын насыялык бюролордун ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктары 

1. Ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы насыялык бюролорду лицензиялоо, жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп саналат. 

2. Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы: 

1) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде насыялык маалыматтарды алмашууну жөнгө салуу жаатында ченемдик укуктук актыларды кабыл алат; 

2) мыйзамда белгиленген тартипте лицензия берет, анын колдонулушун токтото турат же токтотот же лицензияны кайра жол-жоболоштурат; 

3) насыялык бюролордун Мамлекеттик реестрин жана насыялык маалыматтардын Мамлекеттик реестрин жүргүзөт; 

4) насыялык бюролор үчүн ички аудитти жүргүзүү, жылдык отчетторду түзүү боюнча, ошондой эле насыялык маалыматтарды коргоону камсыз кылуучу программалык-техникалык комплекстин параметрлери жана аны жайгаштыруу боюнча милдеттүү талаптарды белгилейт; 

5) насыялык бюролордун ишине тийиштүү отчетторду жана маалыматтарды алат; 

6) насыялык бюролордун ишин мыйзамда белгиленген тартипте текшерет; 

7) насыялык бюронун жетекчисине жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан тизмеги аныкталган насыялык бюронун кызмат адамдарына, ошондой эле насыялык бюронун акцияларынын жалпысынан 10 жана андан ашык пайызын сатып алууну каалаган адамдарга карата квалификациялык талаптарды белгилейт; 

8) насыялык бюролорго алардын ишинде табылган укук бузууларды четтетүү жөнүндө аткарылышы милдеттүү болгон жазма буйруктарды берет, жазма буйруктар аткарылбаган учурда жоопкерчилик чараларын көрөт; 

9) насыялык бюронун уставдык капиталына карата талаптарды белгилейт; 

10) насыялык бюронун акцияларынын 10 жана андан көп пайызынан ашкан насыялык бюронун акцияларын сатып алуунун тартибин аныктайт. 

(КР 2023-жылдын 29-мартындагы N 74 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

13-берене. Насыялык бюронун укуктары 

Насыялык бюро төмөнкүлөргө укуктуу: 

1) насыялык маалымат алмашуу жөнүндө келишимдерди түзүүгө, ошондой эле мыйзамдарга ылайык башка бүтүмдөрдү жасоого; 

2) насыялык маалымат берүүчүлөрдөн анык, жаңыланган насыялык маалыматты алууга; 

3) насыялык маалыматты пайдалануучуларга насыялык маалымат субъекттеринин насыялык жөндөмдүүлүгүн, финансылык абалын, төлөмдүк жөндөмдүүлүгүн, төлөмдүк тартиптүүлүгүн баалоодо аларга көмөк көрсөтүү максатында консультациялык кызматтарды көрсөтүүгө

4) насыялык маалымат берүүчүлөргө насыялык маалымат берүүгө көмөк көрсөтүүгө

5) насыялык маалымат субъекттеринин рейтингдик баалоону эсептөө усулун иштеп чыгууга жана пайдаланууга; 

6) башка насыялык бюролордон насыялык маалымат сурап алууга. 

14-берене. Насыялык бюронун милдеттери 

1. Насыялык бюро төмөнкүлөргө милдеттүү

1) насыялык маалыматтардын маалымат базасын берилген маалыматтарга ылайык электрондук формада жүргүзүүгө

2) насыялык маалыматты, ал келип түшкөн күндөн тартып кийинки жумушчу күндөн кечиктирбестен насыялык тарыхтын курамына киргизүүгө

3) насыялык маалыматты коргоону жана сактоону камсыз кылууга; 

4) насыялык маалымат алмашууну ушул Мыйзамдын 24-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн максаттарга гана ылайык жүзөгө ашырууга; 

5) насыялык маалыматтагы анык эмес жана бурмаланган маалыматтарды табууда жана оңдоодо насыялык маалымат субъекттерине, насыялык маалымат берүүчүлөргө жана пайдалануучуларга көмөк көрсөтүүгө

6) өзүнүн иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына отчет жана башка маалыматтарды белгиленген мөөнөттөрдө берүүгө

7) насыялык маалыматты сактоону камсыз кылууга: 

- позитивдүү насыялык маалыматты жети жыл бою; 

- негативдүү насыялык маалыматты беш жыл бою; 

- насыялык маалыматтын жоюлган берүүчүсүнүн насыялык маалыматын ушул Мыйзамдын 5-беренесинин 5-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттүн ичинде; 

- өзгөчө кырдаалдын жана (же) өзгөчө абалдын кесепетинен улам келишимдик милдеттенмелер (мөөнөтү өткөн карыз) жана (же) башка милдеттүү төлөмдөр аткарылбагандыгы тууралуу насыялык маалыматты үч жыл бою; 

8) насыялык тарыхка ар бир жолку жетүүнү каттоону жана эсепке алууну жүргүзүүгө

2. Эгерде насыялык отчетто камтылган маалыматтардын анык эместиги жана бурмалангандыгы насыялык маалыматтын субъектинин күнөөсү боюнча эмес болгон учурда, насыялык бюро насыялык маалымат субъектине жана насыялык маалымат пайдалануучуга оңдолгон насыялык отчетту берүүгө милдеттүү

Мында оңдолгон насыялык отчет төмөнкү учурдан тартып он беш жумушчу күндүн ичинде берилет: 

1) насыялык бюро, насыялык маалымат берүүчү же насыялык маалыматты пайдалануучу тарабынан насыялык отчетто камтылган маалыматтардын чындыкка ылайык келбөө предметине карата насыялык маалымат субъектинен арыз алгандан, же болбосо 

2) насыялык отчетто камтылган маалыматтардын анык эместиги же бурмалангандыгы жөнүндө насыялык бюрого белгилүү болгондо. 

3. Эгерде насыялык отчетто камтылган маалыматтардын анык эместиги жана бурмалангандыгы тастыкталбаса же болбосо насыялык маалымат субъектинин күнөөсү боюнча болсо, анда насыялык бюро насыялык маалымат субъектинен тиешелүү арыз алган учурдан тартып он беш жумушчу күндүн ичинде насыялык маалымат субъектине бул жөнүндө жазуу түрүндө кабарлайт. 

4. Насыялык бюро насыялык маалыматты берүүчүдөн алынган насыялык маалыматты бурмалагандыгы үчүн мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат. 

4-1. Насыялык бюро насыялык маалыматты жыйноону, сактоону, иштеп чыгууну жана алмашууну камсыз кылуучу өзүнүн маалыматтык тутумдарын Кыргыз Республикасынын аймагында жайгаштырууга милдеттүү

5. Насыялык бюро мыйзамдарга жана насыялык маалымат алмашуу жөнүндө келишимге ылайык жана башка милдеттерди да алышы мүмкүн. 

(КР 2020-жылдын 22-июлундагы N 85, 2023-жылдын 29-мартындагы N 74 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

15-берене. Насыялык бюронун жылдык отчету 

1. Насыялык бюронун ишинин натыйжалары жөнүндө жылдык отчету отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-майынан кечиктирбестен жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланууга тийиш. 

2. Жылдык отчеттун мазмунуна карата талаптар Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан белгиленет. 

16-берене. Насыялык бюролорго насыялык маалымат берүү 

1. Насыялык маалымат насыялык маалымат берүүчүлөр тарабынан насыялык бюролорго насыялык маалымат алмашуу жөнүндө келишимдин негизинде берилет. 

2. Насыялык маалымат берүүчүлөр - насыялык уюмдар өздөрүндө болгон насыялык маалыматты насыялык маалыматтын Мамлекеттик реестрине жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын лицензиясы бар жана Насыялык бюролордун мамлекеттик реестрине киргизилген, учурда иштеп жаткан насыялык бюролорго берүүгө милдеттүү

Өзгөчө кырдаалдын жана (же) өзгөчө абалдын кесепетинен улам келишимдик милдеттенмелер (мөөнөтү өткөн карыз) жана (же) башка милдеттүү төлөмдөр токсон календардык күндөн ашык аткарылбагандыгы тууралуу маалыматтар, насыялык маалымат субъекти тарабынан арыз берилген шартта, терс насыялык маалыматка киргизилбейт, анда насыялык маалымат субъектинин өз милдеттенмелерин талаптагыдай аткаруусуна таасир эткен өзгөчө кырдаалдын жана (же) өзгөчө абалдын киргизилиши менен байланышкан жагдайлар көрсөтүлүүгө тийиш. 

3. Насыялык маалымат, эреже катары электрондук формада берилет. Насыялык маалыматты кагазда алып жүрүүчүдө берүү насыялык маалымат алмашуу жөнүндө келишимде аныкталат. 

4. Насыялык маалымат берүүчүлөр негативдүү насыялык маалымат берилген учурларды кошпогондо, насыялык маалыматты насыялык бюролорго насыялык маалымат субъектинин макулдугу менен беришет. Насыялык бюролор насыялык маалымат субъектинин макулдугу менен гана насыялык маалыматты өз ара алмаша алышат. 

5. Насыялык маалымат берүүчүлөр жана насыялык бюролор банктык жана коммерциялык сырды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сактоого милдеттүү

(КР 2020-жылдын 22-июлундагы N 85, 2023-жылдын 29-мартындагы N 74 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

17-берене. Насыялык бюрого насыялык маалымат берүүчү органдар жана уюмдар 

1. Насыялык маалымат насыялык бюрого анын суроо-талабы боюнча төмөнкүдөй берилет: 

1) юридикалык жактарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан, - юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) Бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилген маалыматтардын көлөмүндө

2) жеке ишкерлерди мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан, - Салык төлөөчүлөрдүн мамлекеттик реестрине киргизилген купуя эмес маалыматтардын көлөмүндө

3) кыймылсыз мүлккө жана алар менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан, - мыйзамдарда белгиленген тартипте кыймылсыз мүлккө укуктардын Бирдиктүү мамлекеттик реестрине (УБМР) киргизилген маалыматтардын көлөмүндө

4) автотранспорт каражаттарын жана айдоочулардын курамын мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мыйзамдарда белгиленген тартипте; 

5) мамлекеттик салык кызматынын органдары тарабынан - Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык конкреттүү салык төлөөчүнүн салыктык сырын түзбөгөн маалыматтардын көлөмүндө

6) мамлекеттик нотариалдык конторалар тарабынан - бүтүмдүн предмети болуп саналган объектини ажыратууга тыюу салуунун же камакка алуунун жок экени жөнүндө

7) лицензия жана (же) башка уруксаат документтерди берүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан, - бул документтерди берүү, лицензия жана (же) башка уруксат документтердин колдонулушун токтото туруу же токтотуу фактысы жөнүндө, ошондой эле аларды кайра жол-жоболоштуруу тууралуу. 

2. Насыялык маалымат насыялык бюролорго мыйзамдарга ылайык башка органдар жана уюмдар тарабынан берилиши мүмкүн. 

(КР 2019-жылдын 8-июлундагы N 83 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

18-берене. Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө келишим 

1. Насыялык бюро насыялык маалыматты насыялык маалымат берүүчүлөрдөн алат жана насыялык маалымат алмашуу жөнүндө келишимдин негизинде насыялык маалыматты пайдалануучуларга насыялык отчет берет. 

2. Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө келишим насыялык бюро менен насыялык маалымат берүүчүнүн же болбосо пайдалануучунун ортосунда түзүлөт. 

3. Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө келишим төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: 

1) насыялык маалымат берүүнүн жана жаңылоонун түрүн, формасын, тартибин; 

2) тараптардын насыялык маалыматты санкцияланбаган жетүүдөн, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, пайдалануудан же ачыкка чыгаруудан коргоону камсыз кылуу боюнча укуктарын жана милдеттерин; 

3) насыялык маалыматта анык эмес же бурмаланган маалыматтар табылганда жана оңдоодо тараптардын өз ара аракеттенүү тартибин. 

4. Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө келишим мыйзамдарга ылайык жана башка шарттарды да камтышы мүмкүн. 

19-берене. Насыялык маалымат субъектинин насыялык бюрого насыялык отчет берүүгө макулдугу 

1. Насыялык бюро насыялык маалыматты пайдалануучуга насыялык отчетту насыялык маалымат субъектинин макулдугу менен гана берет. 

2. Насыялык маалымат субъектинин өзү жөнүндө насыялык отчет берүүгө макулдугу мыйзамга ылайык датасын, насыялык маалыматты пайдалануучуну жана насыялык отчет берүүнүн максатын көрсөтүү менен жазуу жүзүндө же электрондук документ түрүндө жол-жоболоштурулат. Насыялык отчет насыялык маалымат субъектинин макулдугунда көрсөтүлгөн насыялык маалыматты пайдалануучуга гана берилет. 

3. Насыялык маалымат субъектинин өзү жөнүндө насыялык отчет берүүгө макулдугу насыялык маалыматты пайдалануучуда беш жыл бою сакталууга тийиш. Эгерде насыялык маалымат субъекти менен насыялык маалыматты пайдалануучунун ортосунда насыялык бүтүм түзүлсө, анда насыялык маалымат субъектинин өзү жөнүндө насыялык отчет берүүгө макулдугу насыялык бүтүм аткарылган датадан кийин насыялык маалыматты пайдалануучуда беш жыл бою сакталууга тийиш. Насыялык маалыматты пайдалануучу насыялык бюронун талабы боюнча суроо-талаптын датасынан тартып үч жумушчу күндүн ичинде көрсөтүлгөн макулдукту тааныштыруу үчүн берүүгө милдеттүү

20-берене. Насыялык маалымат берүүчүнүн укуктары жана милдеттери 

1. Насыялык маалымат берүүчү төмөнкүлөргө укуктуу: 

1) насыялык бюродон лицензиянын болушун талап кылууга; 

2) насыялык маалыматты бир нече насыялык бюрого берүүгө

2. Насыялык маалымат берүүчү мыйзамдарга жана насыялык маалымат алмашуу жөнүндө келишимге ылайык жана башка укуктарга ээ болушу мүмкүн. 

3. Насыялык маалымат берүүчү төмөнкүлөргө милдеттүү

1) насыялык бюрого иш жүзүндөгү маалыматтарга негизделген анык жана жаңыланган насыялык маалыматты берүүгө

2) насыялык бюрого насыялык маалыматтагы өзгөрүүлөр жана жаңылоолор жөнүндө өз убагында кабарлоого; 

3) насыялык маалымат субъектинин талабы боюнча насыялык бюрого берилген насыялык маалыматка өзгөртүүлөрдү киргизүүгө

4) насыялык маалымат алмашуу жөнүндө келишимге ылайык насыялык бюрого маалыматтарды берүү тутумунун үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылууга. 

4. Насыялык маалымат берүүчү насыялык бюрого берилүүчү насыялык маалыматтын бурмалангандыгы үчүн мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат. 

5. Насыялык маалымат берүүчү мыйзамдарга жана насыялык маалымат алмашуу жөнүндө келишимге ылайык жана башка милдеттерди алышы мүмкүн. 

21-берене. Насыялык маалыматты пайдалануучунун укуктары жана милдеттери 

1. Насыялык маалыматты пайдалануучу төмөнкүлөргө укуктуу: 

1) бир нече насыялык бюродон насыялык отчетторду алууга; 

2) насыялык бюрого берилген насыялык отчеттун аныктыгы боюнча өзүнүн сын-пикирлерин билдирүүгө

3) насыялык бюролордон насыялык маалымат субъектине рейтингдик баа берүүнү жүргүзүү усулун жана насыялык маалымат субъектине рейтингдик баа берүүгө таасир кылган факторлорду түшүндүрүүнү талап кылууга. 

2. Насыялык маалыматты пайдалануучу мыйзамдарга жана насыялык маалымат алмашуу жөнүндө келишимге ылайык жана башка укуктарга ээ болушу мүмкүн. 

3. Насыялык маалыматты пайдалануучу төмөнкүлөргө милдеттүү

1) насыялык бюродон насыялык маалымат субъекти жөнүндө насыялык отчетту алууга насыялык маалымат субъектинин макулдугун суроого; 

2) насыялык отчеттун купуялуулугун жана сакталышын сактоого жана анда камтылган насыялык маалыматты үчүнчү жактарга жарыя кылбоого; 

3) насыялык отчетту ушул Мыйзамдын 24-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган максаттар үчүн гана пайдаланууга; 

4) насыялык бюронун талабы боюнча тааныштыруу үчүн үч жумушчу күндүн ичинде ага мурда насыялык маалымат субъектинен алынган ал жөнүндө насыялык отчетту берүүгө макулдугун көрсөтүүгө

4. Насыялык маалыматты пайдалануучу насыялык отчетто камтылган маалыматтардын бурмалангандыгы үчүн мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат. 

5. Насыялык маалыматты пайдалануучу мыйзамдарга жана насыялык маалымат алмашуу жөнүндө келишимге ылайык жана башка милдеттерди да алышы мүмкүн. 

22-берене. Насыялык маалымат субъектинин укуктары 

Насыялык маалымат субъекти төмөнкүлөргө укуктуу: 

1) насыялык маалымат берүүчүдөн же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан анын насыялык тарыхы кайсы насыялык бюродо сакталгандыгы жөнүндө маалымат алууга; 

2) насыялык бюродон өзү жөнүндө жылына бир жолу акысыз негизде насыялык отчет алууга; 

3) насыялык маалымат субъектине оңдолгон насыялык отчет берилген учурда, ушул Мыйзамдын 14-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык насыялык бюродон өзү жөнүндө акысыз негизде насыялык отчет алууга; 

4) насыялык бюрого, насыялык маалыматты берүүчүгө же насыялык маалыматты пайдалануучуга насыялык отчетто камтылган маалыматтардын чындыкка ылайык келбөө предметине карата арыз менен кайрылууга; 

5) насыялык бюродон ал жөнүндө жана насыялык отчетту берүүнүн максаты тууралуу жана насыялык отчет берилген насыялык маалыматты пайдалануучулар жөнүндө маалымат алууга; 

6) анык жана жаңыланган маалыматтарды чагылдыруу максатында насыялык маалымат берүүчүлөрдөн насыялык маалыматка өзү жөнүндө өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылууга; 

7) насыялык маалымат берүүчүлөрдөн насыялык бюролорго насыялык маалыматты өз убагында берүүнү талап кылууга; 

8) насыялык бюродон насыялык тарыхка өзү жөнүндө тактоолорду киргизүүнү талап кылууга; 

9) ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык макулдук талап кылынган учурларда насыялык бюрого насыялык маалыматты, өзү жөнүндө насыялык отчетту берүүгө макулдук берүүдөн баш тартууга; 

10) насыялык бюрого өзүнүн кайрылуусун өз убагында кароону талап кылууга; 

11) өзү жөнүндө насыялык бюродогу насыялык маалыматка аны пайдалануу максатына карабастан жетүүгө

(КР 2020-жылдын 22-июлундагы N 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

23-берене. Насыялык маалыматты сактоо жана коргоо 

1. Насыялык бюролор, насыялык маалымат берүүчүлөр жана пайдалануучулар насыялык маалыматты санкцияланбаган жетүүдөн, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, пайдалануудан же ачыкка чыгаруудан сактоону жана коргоону камсыз кылууга тийиш. 

2. Насыялык тарыхтын курамына кирген маалыматка карата жетүүнү ушул Мыйзамга ылайык алган насыялык бюролорго, насыялык маалымат берүүчүлөргө, пайдалануучуларга, алардын жетекчилерине жана башка кызматкерлерине насыялык маалымат алмашуу процессинде алар тарабынан алынган же аларга белгилүү болуп калган маалыматтарды ачыкка чыгарууга тыюу салынат. 

3. Кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу ишенип берилген же белгилүү болгон же болбосо насыялык маалыматты түзүүчү маалыматтар ушул Мыйзамда белгиленген тартипте берилген адамдар бул маалыматтарды эмгек келишими (контракт) токтотулгандан кийин да ачыкка чыгарууга укуксуз. 

4. Көрсөтүлгөн адамдар насыялык маалыматты ачыкка чыгаргандыгы же мыйзамсыз пайдалангандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жоопкерчилик тартышат. 

24-берене. Насыялык маалымат берүү жана алмашуу боюнча чектөөлөр 

1. Насыялык маалымат берүү жана алмашуу насыялык бүтүмдөрдү түзүүдө, өзгөртүүдө жана аткарылышынын мониторингинде тобокелдиктерди баалоо максатында, анын ичинде насыялык маалымат субъекттерин рейтингдик баалоо жолу менен гана жүзөгө ашырылат. 

2. Насыялык маалымат Кыргыз Республикасынын сотуна Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилиши мүмкүн. Насыялык маалымат кайсы болбосун үчүнчү жактарга соттук актынын негизинде гана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилет. 

3. Насыялык маалыматты пайдалануучу болуп саналбаган жактарга насыялык маалыматты, насыялык тарыхты, насыялык отчетторду, ошондой эле башка маалыматты берүүгө жол берилбейт. 

(КР 2020-жылдын 22-июлундагы N 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

25-берене. Талаш-тартыштарды чечүү 

Насыялык маалымат алмашуу жаатындагы талаш-тартыштар мыйзамдарда белгиленген тартипте чечилет. 

26-берене. Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик 

Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө мыйзамдарды бузууда күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат. 

27-берене. Корутунду жоболор 

Ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

1) мамлекеттик башкаруу органдары тарабынан өздөрүнүн ушул Мыйзамга карама-каршы келген ченемдик укуктук актыларынын кайра каралышын жана жоголушун камсыз кылсын. 

2) ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып уч айдын ичинде өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. 

28-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши 

Ушул Мыйзам төмөнкү күндөн тартып күчүнө кирет: 

1) насыялык бюролордун ишин лицензиялоого жаткан иштин түрлөрүнүн тизмегине киргизүүнү караган "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор күчүнө кирген; 

2) ушул Мыйзамга ылайык насыялык маалымат алмашуу укугун караган "Банктык сыр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр күчүнө кирген. 

  

Кыргыз Республикасынын Президенти 

  

А.Атамбаев 

  

  

  

2014-жылдын 23-октябрында 

  

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган