Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2021-жылдын 29-сентябрь жана 30-сентябрь күндөрү шариат окумуштуулары менен коммерциялык банктардын шариат кеңештеринин мүчөлөрүнүн катышуусунда мамлекеттик тилде «Финансылык кызматтар» темасында семинар өткөрүп жатат.
Семинардын максаты – финансылык кызматтар менен өлкөнүн финансы системасы жөнүндө калктын маалымдар болуусун жогорулатуу. Семинардын алкагында финансы институттарынын негизги түрлөрү, финансы рынокторун жөнгө салган мамлекеттик бийлик органдарынын ролу; тобокелдиктер жана финансылык коопсуздук: финансы уюмдарынын ишеничтүүлүгүнө кантип баа берүүгө болот; ислам банк иши: финансылык продукттардын негизги түрлөрү сыяктуу темалар жана башка маселелер каралат.