Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети токтотулду. 

1. 2022-жылдын 20-апрелинен тартып 24-апрелин кошо алгандагы мезгил аралыгына: 

Бишкек шаары, Москва көчөсү 164-үй, 12-кв. дареги боюнча жайгашкан «Байкут и Ко» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2021-жылдын 27-апрелиндеги № 6115 лицензиясы; 

2. 2022-жылдын 20-апрелинен тартып 4-майын кошо алгандагы мезгил аралыгына: 

Бишкек шаары, Манас проспекти 59-үй, 2-кв. дареги боюнча жайгашкан «Ариет финанс» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2020-жылдын 22-июлундагы № 5997 лицензиясы.